7-статья. ВИЧке медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн түрлөрү
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 мая 2017 года № 74
Кыргыз Республикасында медициналык текшерүүнүн төмөнкүдөй түрлөрү каралган:
- ыктыярдуу;
- милдеттүү;
- мажбурлоо.
Ыктыярдуу медициналык текшерүү маалымдалган, аң-сезимдүү негизде текшерүүдөн өтүүчү адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен анонимдүү жана купуя жүргүзүлөт. ВИЧке купуя медициналык текшерүүдөн өтүү фактысы жана анын жыйынтыктары ачык жарыя кылынбайт жана текшерүүдөн өткөн адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка берилбейт. Милдеттүү медициналык текшерүү купуя жүргүзүлөт. ВИЧке мажбурлап текшерүү аны дайындоо жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун токтомунун негизинде соттун чечими боюнча гана жүргүзүлөт. Мындай текшерүүнүн фактысы жана анын жыйынтыктары да мыйзам менен корголо турган купуя мүнөздө болот. ВИЧке ар кандай медициналык текшерүү тестке чейинки жана тесттен кийинки психо-социалдык кеңештерди жүргүзүү менен коштолот. ВИЧке байланыштуу психо-социалдык кеңештерди өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Мажбурлап медициналык текшерүүдөн тышкары, текшерүүдөн өтүп жаткан адам медициналык текшерүүнүн каалаган баскычында андан өтүүдөн баш тартууга укуктуу. (КР 2017-жылдын 4-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 мая 2017 года № 74 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О ВИЧ/СПИДе в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
04.05.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ВИЧке байланыштуу психо-социалдык кеңештерди өткөрүүнүн тартиби алынып салынды: саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган кошулду: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Мажбурлап медициналык текшерүүдөн тышкары, … текшерүүнүн каалаган баскычында андан өтүүдөн баш тартууга укуктуу.
кошулду: (КР 2017-жылдын 4-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 683 "ВИЧке байланыштуу психосоциалдык кеңеш берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.10.2017 · № 683 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1747/st-7" title="7-статья - Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>