Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2006-2010-жылдарга «Манас таалими» Улуттук Программасы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 24 мая 2012 года № 309 "О Национальной программе реформирования здравоохранения Кыргызской Республики "Ден соолук" на 2012-2016 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-05-24.
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 24-майындагы № 309 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 16-февралындагы
№ 100 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун
реформалоонун 2006-2010-жылдарга "Манас таалими"
УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ
Кыскартуулардын тизмеси
1. Киришүү
1.1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун
2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасы жана
анын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын
реформалоо "Манас" улуттук программасын (1996-2006) улантуусу
1.2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун
2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасын
иштеп чыгуу
2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын
реформалоонун "Манас" улуттук программасынан (1996-2006)
алынган сабактар
2.1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын
реформалоонун "Манас" улуттук программасын (1996-2006) ишке
ашыруу
2.2. Саламаттык сактоо реформасынын негизги максаттарга тийгизген
таасирин баалоо
2.3. Чечиле элек проблемалар жана чечиле турган маселелер
2.4. Таалим алуу
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун
2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасынын
максаттары
3.1. Миссиясы
3.2. Максаттары жана милдеттери
3.3. Артыкчылыктуу багыттар
4. Реформалоо планы
4.1. Ден соолукту чыњдоо жана коргоо ишине калктын жана
жамааттардын катышуусу
4.2. Саламаттык сактоону каржылоо
4.3. Саламаттык сактоо кызматын көрсөтүү
4.4. Стратегиялык башкаруу
5. Ишке киргизүү стратегиялары
5.1. Саламаттык сактоо системасынын потенциалын күчөтүү жана андан
ары институттук өнүктүрүү
5.2. Саламаттык сактоо системасынын финансылык туруктуулугун
камсыз кылуу
5.3. МӨМгө жетишүү, саламаттык сактоо көрсөткөн кызматтардын
натыйжалуулугун, сапатын көтөрүү үчүн аларды интеграциялоо
5.4. Саламаттык сактоо саясатын алдыга жылдыруу
5.5. Саламаттык сактоо секторунда сатып алуу процессинин ачыктыгын
камсыз кылуу
6. Ийгиликтин/коркунучтун негизги факторлору
7. Мониторинг жана баалоо
7.1. Мониторинг түзүмү
7.2. Башкаруу панели
7.3. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн маалымат чогултуу
7.4. Баалоо
Кыскартуулардын тизмеси
Кыскартуу Кыскартуулардын аталышы
DFID Улуу Британия эл аралык өнүктүрүү департаменти
DOTS Байкап дарылоонун (кургак учукту) кыскартылган курсу
KfW Немис өнүктүрүү банкы
PAL Өпкө саламаттыгына практикалык мамиле
SWAp Кењири сектордук мамиле
АДБ Амбулатория-диагностикалык бөлүм
АӨБ Азия өнүктүрүү банкы
ББМКО Балага боорукер мамиле кылган оорукана
ДБ Дүйнөлүк банк
ОИИ Оорукана ичиндеги инфекция
ИДП Ички дүњ продукт
ДСУ Дүйнөлүк соода уюму
ДССУ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму
ҮДТ Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу
ГУКВ Саламаттык сактоо реформасын ишке ашыруу жана координа-
циялоо башкы башкармалыгы
МСЭКД Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департа-
менти
ДмККжМТД Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника
департаменти
ДМ Далилдүү медицина
ММК КП ММК кошумча программасы
БОИАБ Балдар ооруларын интеграциялап алып баруу
ЖЖАЖО Жыныстык жол аркылуу жуккан оорулар
КММА Кыргыз мамлекеттик медициналык академия
КМДжКЖМИ Кыргыз мамлекеттик даярдоо жана квалификацияны жогорула-
туу медициналык институту
КДБ Консультациялык-диагностикалык бөлүм
КӨН 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасын комплекстүү
өнүктүрүү негиздери
КР Кыргыз Республикасы
КРСУ Кыргыз-Россия славян университети
КФӨСбП Кыргыз-Финн өпкө саламаттыгы боюнча программа
КШССРКД Кыргыз-Швейцария саламаттык сактоо реформаларын колдоо
долбоору
ДК Дары-дармек каражаттары
ИИМ Ички иштер министрлиги
ЖМА Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
ССМ Саламаттык сактоо министрлиги
КМ Коргоо министрлиги
ЖӨБО Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
ЮМ Юстиция министрлиги
КНС Кошумча нарк салыгы
ИИИ Илим-изилдөө институттары
ӨЭУ Өкмөттүк эмес уюмдар
УСК Улуттук статистика комитети
ККУС Кедейликти кыскартуу улуттук стратегиясы
УБ Улуттук борборлор (илимий борборлор)
УКжТБ Улуттук кардиология жана терапия борбору
ММК Милдеттүү медициналык камсыздандыруу
ОБО Облустук бириктирилген оорукана
БУУ Бириккен Улуттар Уюму
ККРИ Катуу кармаган респиратордук инфекциялар
ОшМУ Ош мамлекеттик университети
СССТД ДССУ/DFID саламаттык сактоо саясатын талдоо долбоору
МГП Мамлекеттик гарантиялар программасы
БМСЖ Баштапкы медициналык-санитардык жардам
ПРООН Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы
РММБ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
Республикалык медициналык маалымат борбору
РДЧБ Республикалык ден соолукту чыњдоо борбору
"СПИД" РБ "СПИД" Республикалык бирикмеси
КМШ Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги
ЖМК Жалпыга маалымдоо каражаттары
ТМЖ Тез медициналык жардам
БОМБ Бюджеттин орто мөөнөттүү болжолу
ПЖНЖК Перинаталдык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатууга
көмөктөшүү
ЖКТО Жүрөк-кан тамыр оорулары
ЖКТС Жүрөк-кан тамыр системасы
АО Аймактык оорукана
ММКФ АБ Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык
башкармалыгы
УЗИ Ультра үн менен текшерүү үчүн аппарат
ФАО Дүйнөлүк азык-түлүк уюму
ФАП Фельдшердик-акушердик пункт
БТФ Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баа-
луу) түрлөрүнүн фонду
ММКФ Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду
ТТФ Техникалык тейлөө фонду
МӨМ Мињжылдыктын өнүктүрүү максаттары
ҮМБ Үй-бүлөлүк медицина борбору
АР Адам ресурстары
ЮНИСЕФ Балдарга жардам берүү БУУ фонду
ЮНФПА БУУнун калк жайгаштыруу фонду
ЮСАИД Америкалык Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттик
1. Киришүү
1.1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун
2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасы жана
анын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын
реформалоо "Манас" улуттук программасын (1996-2006) улантуусу
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин рынок экономикасы ме-
нен демократиялуу мамлекет курууга багыт алган. Совет мезгилинде
түзүлгөн чарбалык байланыштар үзүлүп, өндүрүш көлөмү кескин кыскарган-
дан кийин экономика төмөндөгөн. Саламаттык сактоо, башка секторлор ме-
нен катар, финансы ресурстарынын жетишсиздиги, оорукана секторунун
үстөмдүк кылышы жана саламаттык сактоо кызматтарынын өтө адистештирилип
кеткендиги менен совет мезгилинен мураска калган ири инфраструктураны
кармоого мүмкүн болбогон проблемаларына туш келди.
Советтик саламаттык сактоонун негизги принциптери саламаттык сак-
тоонун коомдук мүнөзү, бардыгына жеткиликтүүлүгү жана акысыз медицина-
лык кызмат болуп эсептелген. Бирок, системага мүнөздүү болгон башкаруу-
нун өтө борбордоштурулушу, бюрократиянын бийик дењгээли, ийкемдүүлүктүн
жоктугу, фрагменттелген жана кайталанган медициналык кызмат көрсөтүү,
каржылоонун натыйжа бербеген методдору, эпсиз инфраструктураны кармоо
зарылдыгы жалпыга жеткиликтүүлүктүн жана акысыздыктын айтылып жүргөн
принциптерин камсыз кылбаган.
Саламаттык сактоо кызматына кеткен чыгашалардын оорчулугу барган
сайын калктын мойнуна жүктөлүп, расмий эмес төлөөлөр дењгээли көтөрүлө
берген. Бул өзүнүн таасирин демографиялык көрсөткүчтөргө, өзгөчө кире-
шеси төмөн үй чарбаларына тийгизди.
Кыргызстандын башка секторлору сыяктуу эле саламаттык сактоо сис-
темасын толук өзгөртүп куруу зарылчылыгы пайда болду. Дүйнөлүк саламат-
тык сактоо уюмунун жардамы менен 1994-1996-жылдары Кыргыз Республикасы-
нын саламаттык сактоо системасын реформалоо "Манас" улуттук программасы
(1996-2006) иштелип чыккан (мындан ары - "Манас" программасы).
Кыргыз Республикасында түзүлүп жаткан саламаттык сактоо моделинин
негизги өзгөчөлүктөрү - көп укладдуулук, финансылык ресурстарга жана
калктын медициналык жардамга муктаж болушуна ылайык инфраструктураны
калыптандыруу, борборлоштуруп башкаруудан баш тартуу, саламаттык сактоо
уюмдарынын башкаруучулук жана финансылык автономиясы. Саламаттык сактоо
сектору медициналык кызмат "көрсөтүүчү" жана "сатып алуучуга" бөлүнгөн.
Баштапкы саламаттык сактоону, үй-бүлөлүк медицинаны өнүктүрүү,
үй-бүлөлүк дарыгерди өз эрки менен тандап алуу, Мамлекеттик гарантиялар
программасынын алкагында медициналык кызмат калкка жеткиликтүү болушун
камсыз кылуу артыкчылыктуу багыттар болуп табылган. Акыркы натыйжага
багытталган каржылоонун жањы методдору жана аткарган иштин сапатына жа-
раша медициналык кызматкерлердин эмгек акысын төлөп берүү киргизиле
баштаган.
Медициналык кызмат көрсөтүүнүн түзүмүн өзгөрткөн механизмдерди иш-
теп чыгуу жана саламаттык сактоону каржылоонун механизмдерин өзгөртүү
үчүн Ысыккөл облусунда 1994-1996-жылдары ЮСАИД каржылаган пилоттук (де-
монстрациялык) долбоор ишке ашырылган. Ошол эле мезгилде "Манас" прог-
раммасынын алкагында так аныкталган саясатка негизделип, Дүйнөлүк банк
каржылай турган 4,5 жылдык саламаттык сактоону реформалоо долбоорунун
дизайны иштелип чыккан. Пилоттук облустарда (Чүй жана Ысыккөл облуста-
ры) төрт компоненттин алкагында баштапкы медициналык-санитардык жардам
көрсөтүүдө түзүмдүк өзгөртүүлөр, дарылоо-алдын алуу мекемелерин реаби-
литациялоо, каржылоо методдорун өзгөртүү жана дары-дармек каражаттарын
башкарууну киргизүү каралган.
Реформаларды андан ары жүргүзүү үчүн 2000-жылы биринчи долбоордун
алкагында пилоттук региондордо башталган өзгөрүүлөрдү республикага жа-
йылтуу жана аны терењдетүүгө багытталган, Дүйнөлүк банк тарабынан кар-
жыланган 2001-2005-жылга саламаттык сактоону реформалоонун экинчи дол-
боорунун дизайны даярдалган.
Саламаттык сактоону реформалоо өлкөбүздүн жетекчилиги тарабынан
саясий колдоого арзыды, ал Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин
Өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздери жана 2003-2005-жылдарга Кыргыз Рес-
публикасында кедейликти кыскартуу улуттук стратегиясы өњдөгөн стратеги-
ялык документтерде чагылдырылды.
Саламаттык сактоо реформасынын он жылдык мөөнөтүнүн жыйынтыктары
татаал экономикалык жагдайга карабастан, мамлекеттин жетекчилиги жана
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Дүйнөлүк банк, Реконструкциялоо жана
өнүктүрүү немис банкы, Азия өнүктүрүү банкы, ЮСАИД, ПРООН, DFID, АКШ,
Япония, Швейцария өлкөлөрүндө эл аралык уюмдары, Кургак учук, безгек
жана ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү Глобалдуу Фондусу, эл аралык өкмөттүк
эмес уюмдардын жардамы менен Кыргызстан саламаттык сактоонун системалуу
кризисин жењип кетүүгө жетишти.
Кыргызстанда түзүлүп жаткан саламаттык сактоо системасы "Саламат-
тык сактоонун кыргыз модели" аталып, Мамлекеттик гарантиялар программа-
сынын алкагында бардык региондордо медициналык кызмат калкка жетки-
ликтүү болушун сактап калып, калктын муктаждыгына оперативдүү жооп бер-
ген рынок экономикасы шартында сектордун иштешине мүмкүнчүлүк берди.
Жүргүзүлгөн өзгөртүүлөрдүн көпчүлүгү бир кыйла мыйзамдарда бекитилип
туруктуу мүнөзгө өттү жана алар мындан аркы институтташтырууга муктаж.
Жетишилген жыйынтыктарды бекемдөө жана системаны туруктуу кылуу
үчүн 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна андан аркы реформалардын стратегиясын
иштеп чыгуу боюнча техникалык жардам сураган. Бул демилге колдоого алы-
нып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
2006-2010-жылдарда саламаттык сактоону реформалоонун жањы программасын
иштеп чыгууга киришкен.
"Манас таалими" деп аталган Кыргыз Республикасынын саламаттык сак-
тоосун реформалоонун улуттук программасы (мындан ары - "Манас таалими"
программасы) саламаттык сактоону реформалоонун "Манас" программасынын
уланмалуулугун негизденген жана коомдун муктаждыгына жооп берген сапат-
туу саламаттык сактоо кызматын көрсөтүүнү камсыз кылууга багытталат.
"Манас таалими" программасынын алкагында коомдук саламаттык сакто-
онун сапаттуу жањы кызматы андан ары өнүктүрүлөт, ал ден соолукту кор-
гоо боюнча иш милдетти көзөмөлдөөдөн жана кызмат көрсөтүү иш милдетте-
ринен ооруларды контролдоонун негизинде ден соолукту чыњдоо жана оору-
ларды алдын алуу боюнча ишмердикти функционалдык бөлүштүрүүгө негиздел-
ген.
Нарын облусунун Жумгал районунда айылдык денсоолук комитеттерин
түзүү тажрыйбасы көрсөткөндөй калктын ден соолугун чыњдоодо олуттуу на-
тыйжаларга жамааттык, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдар менен өнөктөшүп
иштөөнү жана калкты ишке активдүү тартуу, жалпыга маалымдоо каражатта-
ры, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз
кызматташуу аркылуу жетишүүгө болот.
Баштапкы саламаттык сактоонун потенциалын андан ары чыњдоо, айрым
бейтаптардын, үй-бүлөнүн жана жалпы коомдун ролун медициналык-санитар-
дык проблемаларды интеграциялап чечүүдө үй-бүлөлүк медицинанын ролун
көтөрүү пландаштырылууда.
Оорукана секторунда иш-аракетти андан ары оптималдаштыруу керек,
ал медициналык кызмат көрсөтүүдө уланмалуучулук, тике жана горизонтал-
дуу интеграциялоонун негизинде бийик сапаттагы медициналык кызмат
көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.
Илимий мааламаттарга негизделген методикалык материалдарды иштеп
чыгуу, калктын ден соолук индикаторлорун мониторингдөө, саламаттык сак-
тоо уюмдарынын иш-аракетин координациялоодо алдынкы борборлордун жана
институттардын ролун жогорулатып, түзүлүп жаткан жеке жана коомдук кыз-
мат көрсөтүү системасына артыкчылыктуу программаларды андан ары интег-
рациялоого көп көњүл буруу пландалууда.
Азыркы саламаттык сактоонун талаптарына жооп берген саламаттык
сактоо системасынын кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу маани бери-
лет. Мында өзгөчө көњүл кадрдык ресурстарда диспропорцияны кыскартууга,
жер-жерлерде медициналык кадрларды бекемдөөгө, медициналык билим берүү
системасын оптималдаштырууга бурулат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ролу ден
соолукту чыњдоо жана коргоо тармагында мамлекеттик саятты калыптанды-
руу, секторлор аралык аракеттешүүнү күчөтүү, донорлук уюмдардын араке-
тин координациялоо жаатында күчөтүлөт. Натыйжага багытталган жана
өнөктүк өз ара мамилеге негизделген стратегиялык башкаруунун жањы ме-
тоддорун киргизүү, ведомстволук уюмдардын аракетин координациялоо жана
аларга аткаруучулук иш милдетти ыйгаруу пландаштырылууда.
Саламаттык сактоону борборлоштурбай башкаруу финансылык жана баш-
каруучулук автономияны көтөрүп, кызмат көрсөтүүчүлөр өз ишинин жыйынты-
гына жооптуу болушуна алып келет. Саламаттык сактоо уюмдары жасаган
иш-аракеттин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн республикалык дењгээлде
саламаттык сактоо каражаттарын топтоо жана саламаттык сактоонун артык-
чылыктарына жана калктын муктаждыгына багытталган Бирдиктүү төлөөчү
системасында стратегиялык сатып алууларга өтүү пландаштырылууда. Ошону
менен бирге кызмат көрсөтүүчүлөрдүн финансылык туруктуулугун жогорула-
туу, региондордун каржылоо дењгээлин тењдөө механизмдери киргизилет.
Саламаттык сактоо секторунда анын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн
андан аркы өзгөртүп түзүү кењири сектордук мамиле кылуунун негизинде
(SWAр) иш жүргүзүү пландаштырылууда. Дүйнөлүк Банк жана Немис өнүктүрүү
банкы (КfW) менен саламаттык сактоону реформалоо - 3 долбооруна инвес-
тициялар жөнүндө макулдашуу түзүлдү, ал кењири сектордук мамиле кылуу-
нун негизинде "Манас таалими" программасынын алкагында ишке ашырылат.
"Манас таалими" программасынын ишке ашырууда башка эл аралык уюмдардын
активдүү катышуусу күтүлөт.
"Манас таалими" Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун рефор-
малоонун 2006-2010-жылдарга улуттук программасы "Манас" улуттук прог-
раммасынын логикалык уландысы болуп саналат. "Манас таалими" программа-
сынын негизинде өткөн жылдардын ичинде топтолгон жыйынтыктар, проблема-
лар жана тажрыйба терењ талдоо коюлган. Калктын ден соолугун сактоого
жана чыњдоого багытталган Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин
Өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздеринде, Мињжылдыктын өнүктүрүү максатта-
рында, "Манас таалими" программасында айтылган саламаттык сактоо секто-
рунун алдында турган маселелерди ийгиликтүү ишке ашыруу кедейликти кыс-
картууга олуттуу салым кошот.
1.2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун
2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасын
иштеп чыгуу
"Манас таалими" программасы ДССУ/DFIDдин техникалык колдоосунда
иштелип чыкты. Аны иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү адистерден консультант-
тар командасы түзүлгөн, алар программанын ар кандай компоненттерин иш-
теп чыгууну координациялоо милдетин алышкан. Иштеп чыгуу ачык
жүргүзүлүп, ага саламаттык сактоо системасынын негизги катышуучулары
тартылган.
Бардык облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын, республикалык са-
ламаттык сактоо мекемелеринин медициналык коому, Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлигинин аппараты менен өткөрүлгөн жумушчу
кењешмелерде саламаттык сактоону андан ары реформалоого жањы мамилелер
талкууланган. Жалпысынан, андан ары өнүктүрүүнүн сунушталган багыттары
медициналык кызматкерлер тарабынан колдоого алынып, кењешмелердин
жүрүшүндө ишке ашыруу механизмдери тууралуу конструктивдүү сунуштар ай-
тылды.
Кењири сектордук мамиле кылуу, республикалык дењгээлде саламаттык
сактоо каражаттарын топтоого өткөрүү, программалык негизде саламаттык
сактоо бюджетин түзүү алкагында программаны ишке ашыруу механизми Кыр-
гыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин, Кыргыз Рес-
публикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Борбордук казыначы-
лыгынын, ММКФ АБнын финансы-экономикалык кызматкерлери жања фидуциардык
баалоо боюнча эл аралык консультанттар менен жумушчу кењешмелерде жана
тегерек столдордо толук талкууланган.
Программаны иштеп чыгууга донордук уюмдардын өкүлдөрү жана эл ара-
лык консультанттар "Манас таалими" программасынын алкагында стратегия-
ларды, аларды ишке ашыруу механизмдерин талкуулоонун жүрүшүндө чоњ са-
лым кошушту.
"Манас таалими" программасынын айырмаланып турган өзгөчөлүгү аны
кењири сектордук мамиленин алкагында ишке ашыруу мүмкүндүгү, бул Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн, донордук шериктиктердин күч-аракеттерин би-
риктирүүнү билдирет. Республикага донорлордун топтолгон каражаттарынан
саламаттык сактоо бюджетин колдоо мүмкүндүгү берилип жатат, ошондой эле
коюлган максаттарга жана милдеттерге жетүү үчүн жарыш каржылоо түрүндө
жардам берилет.
"Манас таалими" программасын ишке ашыруу боюнча иш план, иш-чара-
лардын наркын эсептеп чыгуу Дүйнөлүк банк, Немис өнүктүрүү банкы, Бри-
таниялык эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиктердин миссиялары учурунда
толук талкууланган.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун
2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасы, аны ишке ашыруу
механизмдери 2005-жылдын 6-октябрында өткөн тегерек столдо берилген,
ага Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиев, Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, донорлук ше-
риктиктер жана медициналык коомчулук катышкан.
Тегерек столдун ишинин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен донорлук шериктик Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун ре-
формалоонун 2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасынын
алкагында кењири сектордук мамиленин негизинде саламаттык сактоо секто-
рун андан ары өнүктүрүүнү жактагандыгы жөнүндө биргелешкен билдирүү жа-
сашкан.
2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо
системасын реформалоонун "Манас" улуттук программасынан
(1996-2006) алынган сабактар
Бул бөлүмдө "Манас" программасынын алкагында 10 жылдык саламаттык
сактоону реформалоонун кыскача баяндамасы келтирилет жана маанилүү же-
тишкендиктери талдоого алынат. Анын элдин ден соолугунун
көрсөткүчтөрүнө, анын ичинде саламаттыкты сактоо жаатында Мињжылдыктын
өнүктүрүү максаттарынын индикаторлоруна, ошондой эле ДССУ аныктаган са-
ламаттык сактоо системасынын башкы максаттарына жетишүүнү чагылдырган
индикаторлорго болгон таасири берилет.
Бул талдоодо ДССУ/DFID (СССТД) саламаттык сактоо саясатын талдоо
долбоору жүргүзгөн изилдөөлөрдүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин Республикалык медициналык-маалымат борборунун
(РММБ), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, ЮСАИДдин "Здравплюс"
долбоорунун маалыматтары колдонулду.
2.1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын
реформалоонун "Манас" улуттук программасын (1996-2006) ишке
ашыруу
ДССУ аныктаган саламаттык сактоо системасынын башкы максаттарына,
атап айтканда:
- ресурстарды бөлүштүрүүдө акыйкаттыкка;
- натыйжалуулукка;
- саламаттык сактоо кызматынын жеткиликтүүлүгүнө;
- системанын элдин муктаждыгына жооп бергендигине;
- жетишүү үчүн "Манас" программасынын алкагында саламаттык сактоо-
ну уюштуруунун, каржылоонун жана башкаруунун комплекстүү түзүмдүк
өзгөртүүлөрү башталган.
Реформанын негизги компоненттери:
- медициналык кызмат көрсөтүү системасынын түзүмдүк өзгөртүүлөрү:
БМСЖды күчөтүү, үй-бүлөлүк медицина институтун калыптандыруу, оорукана
тармагынын түзүмүн өзгөртүү;
- акыркы натыйжага багытталган саламаттык сактоону каржылоонун
жањы методдорун киргизүү;
- көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу;
- коомдук саламаттык сактоонун ролун күчөтүү;
- медициналык уюмдардын автономиясы кењейтилген шартта, саламаттык
сактоо системасында башкаруунун жањы методдорун киргизүү.
2.1.1. Медициналык кызмат көрсөтүү системасынын түзүмдүк
өзгөртүүлөрү: БМСЖны күчөтүү, үй-бүлөлүк медицина
институтун калыптандыруу, оорукана тармагынын түзүмүн
өзгөртүү
Саламаттык сактоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, кымбат баалуу
оорукана жардамына чыгашаларды азайтуу үчүн төмөнкүдөй түзүмдүк
өзгөртүүлөр жүргүзүлгөн:
- баштапкы медициналык-санитардык жардам менен стационардык кызмат
юридикалык жактан бөлүндү. Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жана
Үй-бүлөлүк медицина борборлору түзүлдү. 2005-жылдын башына карата 85
ҮМБ түзүлгөн, алардын курамында 673 ҮДТ иштешет, мындан тышкары өз ал-
дынча юридикалык жак болуп эсептелген 31 ҮДТ бар. Ар бир облуста баш-
тапкы саламаттык сактоонун иш-аракетин координациялаган облустук ҮМБлар
уюшулган. Үй-бүлөлүк медицина боюнча дарыгерлерди жана медициналык
айымдарды даярдоо жана кайра даярдоо жүргүзүлгөн. Үй-бүлөлүк дарыгерлер
топторун өз эрки менен тандап алуу принциби киргизилген, ал үчүн
ҮДТларга калкты каттоо жүргүзүлгөн. Ошону менен бирге медициналык кыз-
маткерлерди көрсөтүлө турган кызматтын сапатын жакшыртууга түрткөн баш-
тапкы дењгээлде каржылоонун киши башына карата ченеминин жањы мотоддору
киргизилген.
- дары-дармектер калкка экономикалык жактан жеткиликтүү болушу
үчүн Амбулаториялык дењгээлде камсыздандырылган жарандарды дары-дармек
менен камсыз кылуу боюнча ММК Кошумча программасы киргизилген (ММК КП).
- баштапкы дењгээлдин саламаттык сактоо уюмдарынын материал-
дык-техникалык базасын чыњдоо боюнча, оњдоону, медициналык жана лабора-
ториялык жабдуулар менен жабдууну кошуп, иш-чаралар өткөрүлгөн.
- баштапкы саламаттык сактоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана
үй-бүлөлүк дарыгердер менен тез жардам кызматынын уланмалуулугун жак-
шыртуу үчүн 2004-жылы тез медициналык жардам бөлүмдөрү станционарлардын
курамынан чыгарылып ҮМБларга берилген.
- 1996-жылы башталган өтө өнүккөн оорукана тармаганын түзүмүн
өзгөртүү жана рационализациялоо реформанын негизги милдеттеринин бири
болуп калды. 2001-2004-жылдары олуттуу өзгөрүүлөр болуп өттү, мисалы,
кызматкерлердин штаттык санын оптималдаштыруу, койка фондун кыскартуу,
ээн калган жана натыйжасыз колдонулган имараттарды жана курулмаларды
бошотуу. Адистештирилген мекемелерди бириктирүү, жалпы профилдеги оору-
каналарды түзүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Республиканын бардык ре-
гиондорунда бириктирилген облустук ооруканалар түзүлдү. Натыйжасыз иш-
теген чакан стационарлар аймактык ооруканалардын түзүмдүк бөлүктөрү бо-
луп калган, же үй-бүлөлүк медицина борборлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер
топторуна айланган. Ошону менен бирге оњдоо иштери да жүргүзүлгөн.
Ресурстарды үнөмдүү колдонуунун натыйжасында койка фонду кыскар-
тылган. Алсак, ооруканалардагы койкалар 14,1%ке, 2001-жылдагы 30313төн
2004-жылы 26040ка чейин кыскарган. Оорукана мекемелердин жалпы саны
44,2%ке, 2001-жылдагы 256дан 2004-жылы 143кө чейин кыскарды.
Ээн аянттарды кыскартып, имараттарды жабуу менен катар натыйжалуу
пландаштыруу жана контролдоо аркылуу, энергия үнөмдөө технологияларын
киргизүүнү кошо алганда, коммуналдык тейлөөгө чыгашаларды азайтуу боюн-
ча аракет жасалган,
2.1.2. Каржылоо методдорун өзгөртүү
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагында реформаларды
жүргүзүү убагында ИДП түзүмүндө 1991-жылдагы 4,0%тен 2002-жылы 1,9%ке
чейин саламаттык сактоону каржылоо үлүшү кыскаргандыгына карабастан са-
ламаттык сактоону каржылоо системасында фундаменталдуу өзгөрүүлөр болуп
өттү.
1996-2004-жылдарда саламаттык сактоону каржылоонун негизги булак-
тары мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктар болгон. 1997-жылы саламаттык
сактоо секторуна каржылоонун кошумча каражаттарын тартуу жана жарандар-
ды социалдык коргоо максатында этап-этабы менен милдеттүү медициналык
камсыздандыруу (ММК) ММК фондун түзүү менен киргизилген, ал төмөнкүлөр
үчүн негиз түздү:
- контракттык стратегияны киргизүүгө;
- саламаттык сактоону каржылоодо кошумча булактардын пайда болушу-
на;
- медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, өзгөчө калк-
тын социалдык жактан аялуу категорияларына (пенсионерлерге, балдарга,
социалдык пособие алган адамдарга);
- медициналык кызматка төлөөнүн прогрессивдүү методдорун апробаци-
ялоого жана киргизүүгө;
- сапат индикаторлору боюнча мониторинг системасын киргизүүгө;
- медициналык кызмат алганда калктын укуктарын коргоо боюнча меха-
низмдерге.
ММК каражаттары саламаттык сактоо секторунун жалпы чыгашалар
түзүмүндө 1997-жылдагы 0,8%тен 2004-жылы 19,6%ке чейин акырындап
көбөйгөн.
ММКнын өнүгүшү саламаттык сактоо реформасынын алкагында
жүргүзүлгөн, республика үчүн каржылоонун прогрессивдүү, жањы методдору
иштелип чыккан - стационарларда бир кишинин дарыланышы боюнча, баштапкы
дењгээлде - киши башына карата ченем боюнча.
1999-2000-жылдары ММК каражаттарынын үлүшү көбөйүшү менен, ММК
системасы саламаттык сактоо мекемелерин жана калкты кењири камтыгандан
кийин ММК боюнча медициналык кызматка төлөп берүү демилгеси менен
(акыркы натыйжа боюнча) статьялык бюджеттик каржылоонун негиздери (ку-
баттуулугу жана штатына жараша) ортосунда карама каршылык сезиле башта-
ды. Медициналык кызмат үчүн төлөп берүүнүн бирдиктүү эрежелерине өтүү
зарылчылыгы жетилип бүттү. 2001-2004-жылдары этап-этабы менен Бирдиктүү
төлөөчү системасы түзүлүп, каржылоонун жањы методдору киргизилген.
Административдик бөлүнүшү боюнча фрагменттелген каржылоо система-
сынан облустук дењгээлде жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын топтоого
өткөрүлдү, буга республикалык бюджеттен категориялык гранттар да түшөт
(1-сүрөт).
1-сүрөт. Бирдиктүү төлөөчү системасында саламаттык сактоо
каражаттарын топтоо
ММК фондунун финансылык агымдарды топтоо, медициналык кызмат
көрсөтүүчүлөргө төлөп берүүнүн жањы системаларын киргизүү боюнча техни-
калык жана институттук мүмкүнчүлүктөрү 2000-2004-жылдары ММКФ жана анын
аймактык башкармалыктары аркылуу саламаттык сактоо мекемелерин акыркы
натыйжа боюнча каржылоого өтүү менен Бирдиктүү төлөөчү системасын түзүү
үчүн колдонулду.
2001-жылдан баштап айрым мыйзамдарга түзөтүүлөр жана толуктоолорду
киргизүү менен жергиликтүү бюджеттин каражаттары облустук дењгээлде
топтоло баштады. Салык потенциалы бар (Чүй, Ош облустары) ар бир район
үчүн саламаттык сактоого чегерүүлөр ченеми түрүндө, же жөнгө салынуучу
салыктардан облустук бюджеттин карамагында калган кирешелерди кайра
бөлүштүрүүнүн эсебинен саламаттык сактоого каражаттарды топтоо меха-
низмдери иштетилип баштаган, Саламаттык сактоого каражаттар келүү вари-
анттарына карабастан бир облустун ичиндеги райондордун ортосунда сала-
маттык сактоого каржылоону тењештирүү мүмкүнчүлүктөрү пайда болду.
Каржылоонун прогрессивдүү методдоруна өтүү менен катар саламаттык
сактоо реформасынын жүрүшүндө Мамлекеттик гарантиялар программасын
(МГП) жана медициналык кызмат үчүн кошумча төлөөнү киргизүү маанилүү
ролду ойногон, ал таламга да, сурамга да таасир тийгизип, саламаттык
сактоо уюмдарын башкаруучулук жана финансылык өз алдынчалыгына өтүүгө
түрткү берди.
МГП саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик социалдык стандарт
болуп эсептелет, ал бюджеттин жана ММК каражаттарынын эсебинен акысыз
жана жењилдетилген шартта калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын
көлөмүн аныктайт. МГПны киргизүү менен катар медициналык жардамдын ай-
рым түрлөрү үчүн калктын кошумча төлөөсү киргизилген, ал саламаттык
сактоодо өтө көп кездешчү мыйзамсыз төлөөлөрдү жана опуза-талаптарды
алмаштырууга багытталган.
Баштапкы дењгээлде камсыздандырылган жарандарды дары-дармек менен
камсыз кылуу боюнча ММК КП калк арасында таанымал болуп калды, ал да-
лилдүү медицинага негизделген саламаттык сактоонун баштапкы кызматынын
сурамдуу болушуна, сапаттуу дары-дармек каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн
жакшыртып, баштапкы дењгээлде жөнгө салынуучу айрым оорулардын өтүшүп
кетишин кыскартууга өбөлгө түздү.
2.1.3. Көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын өркүндөтүү
Саламаттык сактоо кызматынын сапатын өркүндөтүү үчүн саламаттык
сактоо кызматкерлеринин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, сти-
мулдаштыруу механизмдерин киргизүүгө, саламаттык сактоо уюмдарынын ма-
териалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө, дары-дармектердин жетки-
ликтүүлүгүнө, далилдүү медицинанын принциптерин киргизүүгө, көрсөтүлгөн
кызматтын сапатын башкаруунун азыркы методдоруна жана мониторингине ба-
гытталган кыйла иш-чаралар комплекси аткарылган.
Дипломго чейинки жана дипломдон кийинки билим берүү системасын са-
пат жагынан өзгөртүп куруу жүргүзүлгөн, КММАнын факультеттерин өзгөртүп
уюштуруу жана окуу программаларын саламаттык сактоо системасында
жүргүзүлүп жаткан реформаларга ылайык карап чыгуу өткөрүлгөн. Республи-
калык медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди үзгүлтүксүз даярдоо
борбору үйбүлөлүк медицина, дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз билим
берүү боюнча адистерди окутуу үчүн Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жа-
на квалификацияны жогорулатуу медициналык институту болуп өзгөртүлгөн.
Коопсуз, натыйжалуу жана сапаттуу дары-дармектер менен калкты кам-
сыз кылуу максатында Мамлекеттик дары-дармек саясаты иштелип чыгып кир-
гизилүүдө, ал дары-дармек каражаттарын, жашоого маанилүү дары-дармектер
тизмегин кошкондо, сарамжалдуу пайдаланууну көздөйт.
Ооруларды диагностикалоонун, медициналык жардамды, дарылоо ыкмала-
рын стандартташтыруу сапатын көтөрүү үчүн далилдүү медицина принципте-
рине негизделген клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу процесси кирги-
зилген. 200гө жакын клиникалык протоколдор иштелип чыкты, алар клиника-
лык практикада колдонула баштады.
Саламаттык сактоо уюмдары үчүн аккредитациялоо жана лицензиялоо
стандарттары иштелип чыгып киргизилген.
Медициналык уюмдарга жардам берүү жана алардын кызыкчылыктарын
сүрөмөлөө максатында өкмөттүк эмес кесиптик ассоциациялар түзүлгөн.
Медициналык документацияны экспертизалоого, сапат индекаторлорун
талдоого жана мониторинг кылууга, сапатты үзгүлтүксүз башкаруу методдо-
рун киргизүүгө негизделген медициналык кызматтын сапатын башкаруу кон-
цепциясы иштелип чыккан.
Медициналык кызматкерлердин эмгек акысын төлөө жана каржылоонун
жањы методдору медициналык кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууга эконо-
микалык стимул түзүп, эмгек акынын көтөрүлүшү жана стационарлар менен
баштапкы дењгээлде анын тењелип баратышы байкалат.
Саламаттык сактоо кызматынын сапатына мониторинг кылганда ММК фон-
ду жүргүзгөн бейтаптардын канааттануусун билүү жана "ишеним телефондо-
ру" чоњ мааниге ээ, алар бюрократтык тоскоолдуктарды кыскартат, алар
боюнча калк жана медициналык кызматкерлер консультация алышат, дарылоо-
го көмөктөшүү боюнча, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдары тарабынан
алардын укуктары бузулганда кайрылышат.
2.1.4. Коомдук саламаттык сактоонун ролун күчөтүү
2000-жылдан баштап санитардык эпидемиялык кызматтын курамынан чы-
гарылып, өз алдынча түзүм катары ден соолукту коргоо жана чыњдоо кызма-
тын реформалоо башталды.
Ден соолукту коргоо кызматында айрым мекемелерди жана лаборатория-
ларды бириктирүү жолу менен жарым-жартылай түзүмдүк өзгөртүүлөр
жүргүзүлдү. 20 лабораториялардын жабдылышы оњолду, алар мамсанэпидкыз-
маттын айрым мекемелери жана улуттук дењгээлдеги базалык лабораториялар
болуп аныкталды. Бул физика-химиялык жана микробиологиялык
изилдөөлөрдүн номенклатурасын олуттуу кењейтилишине өбөлгө түздү.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда маалымат технологияларын колдо-
нуу менен жугуштуу оорулардын мониторинг системасы киргизилди.
Айрым актуалдуу инфекцияларга эпидемиологиялык көзөмөл системасы
иштелип чыкты. Мамсанэпидкөзөмөл борборлору Бирдиктүү төлөөчү система-
сында каржылоонун жањы методдоруна өттү.
Калктын ден соолугун чыњдоо жана ооруларды алдын алуу, сергек тур-
муш үлгүсүн калыптандыруу боюнча ишти жакшыртуу үчүн 2003-2004-жылдары
облустук ден соолукту чыњдоо борборлору түзүлгөн ((1) эскертүүнү ка-
рањыз), алардын иш-аракетинин негизги максаты ҮМБ курамында ден соолук-
ту чыњдоо кабинеттери аркылуу ҮМБ жана ҮДТларга усулдук жардам көрсөтүү
болуп саналат.
Пилоттук региондордо саламаттык сактоо маселелерин чечүүгө калкты
тартуунун жањы моделдери иштелип чыгууда. Эл аралык донорлук уюмдардын
жардамы менен Нарын, Талас жана Ысыккөл облустарында 250 айылдык ден
соолук комитеттери, 160 демилгелүү топтор жана 9 жамааттык типтеги уюм-
дар түзүлгөн.
Системалуу негизде санитария, гигиена, эпидемиология, ден соолукту
чыњдоо маселелери боюнча адистерди окутуу жүргүзүлдү
2.1.5. Медициналык уюмдардын кењири автоаомия шартында саламаттык
сактоо системасына башкаруунун жањы методдорун киргизүү
Саламаттык сактоо реформасынын жүрүшүндө иш милдетти жергиликтүү
дењгээлге жарым-жартылай өткөрүү менен саламаттык сактоо системасын
борборлоштурбай башкарууга өткөрүү башталган.
Региондук дењгээлде саламаттык сактоо уюмдарынын иш-аракетин коор-
динациялоо үчүн ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында саламаттык
сактоону башкаруу боюнча Координациялык кењештер түзүлгөн.
Калкты дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар
менен камсыз кылуу иш милдети менчиктештирилип, ошондой эле медициналык
кызмат көрсөтүү милдети жарым-жартылай менчиктештирилди.
Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы шартында башкаруунун са-
паттык жактан жањы принциптери иштелип чыкты.
Администрациялык реформанын алкагында 2000-жылы саламаттык сактоо-
нун облустук башкармалыктары жоюлган, ал облустук дењгээлде каражаттар-
ды топтоо менен "бирдиктүү төлөөчү" системасын киргизүүгө өткөрүүнү
тездетип, башкаруунун бюрократиялык звеносунун ортодогу этабын жокко
чыгарды.
Жүргүзүлгөн өзгөртүүлөрдүн мыйзамдык бекитилиши Кыргыз Республика-
сынын төмөнкү мыйзамдарында чагылдырылган: "Кыргыз Республикасында жа-
рандардын ден соолугун коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасында сала-
маттык сактоо уюмдары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында саламаттык
сактоону каржылоонун Бирдиктүү төлөөчү системасы жөнүндө".
2.2. Саламаттык сактоо реформасынын негизги максаттарга тийгизген
таасирин баалоо
Бул бөлүмдө саламаттык сактоонун комплекстүү реформаларынын негиз-
ги максат - ден соолуктун оњолушуна, ошондой эле "Манас" программасынын
саясатынын максаттарына тийгизген таасирс бааланып талдоого алынган,
атап айтканда:
- саламаттык сактоонун акыйкаттуулугу, ал республиканын ар кандай
региондорунда, шаардык жана айылдагы калк ортосунда ден соолук
көрсөткүчтөрдүн айырмасын кыскартууга багытталат;
- медициналык кызмат калкка жеткиликтүү болушун кепилге алуу;
- саламаттык сактоонун натыйжалуулугу жана сапаты;
- элдин муктаждыгына системанын ийкемдүүлүгү;
- калктын жоопкерчиликтүү болушу, ошондой эле бейтаптардын укукта-
рын коргоо жана сыйлоо.
Адам өнүгүшүн мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдүн динамикасы
Калктын ден соолук көрсөткүчтөрүн талдоо адам өнүгүшүн мүнөздөгөн
көрсөткүчтөр 10 жылдын ичинде оњолгонун айгинелейт.
Алсак, өмүр узактыгы 2,3 жылга узарганы (1995-жылы 66,0 жаштан
2004-жылы 68,3 жашка чейин), жалпы өлүмдүүлүк көрсөткүчү 1000 адамга
1995-жылы 8,2ден 2004-жылы 6,7ге чейин) кыскарганы байкалат(2-сүрөт).
2-сүрөт. Адам өнүгүшүнүн индикаторлору: (1) төрөлгөндө өмүрүнүн
күтүлүүчү узактыгы жана (2) жалпы өлүмдүүлүк коэффициенти
Мињжылдыктын өнүктүрүү максаттарынын индикаторлорунун динамикасы
2000-жылдан баштап калктын саны табигый көбөйүп, эне өлүмү азайып
(1995-жылы 100 мињ тирүү төрөлгөндөргө карата 67,4төн 2004-жылы 45ке
чейин), ымыркайлар өлүмү кыскарды (1995-жылы 1000 тирүү төрөлгөндөргө
карата 28,1ден 2003-жылы 20,8ге чейин) (3-сүрөт.). 2004-жылдан баштап
ымыркайлардын өлүмүнүн болжолдуу өсүшү байкалат, ал ДССУ тирүү төрөө
жањы критерийлерине өтүүгө байланыштуу. Жакынкы 2-3 жылдын ичинде бул
көрсөткүчтөрдүн андан аркы өсүшү күтүлөт.
3-сүрөт. Мињжылдыктын өнүктүрүү максаттарынын индикаторлору: (1)
эне өлүмүнүн дењгээли (2) ымыркайлар өлүмүнүн
коэффициенти
Бала өлүмдөрүнүн көрсөткүчү азаюуга туруктуу багыт алышы 1997-жылы
1000 төрөлгөн ымыркайларга 42,1ден 2003-жылы 27,7ге чейин (4-сүрөт) бо-
луп 2004-жылы бул көрсөткүчтүн көбөйүү жагына алмашылды, ал тирүү
төрөөнүн жањы критерийлерине өтүүгө жана ымыркайлар өлүмүнүн (алар бал-
дардын өлүмү көрсөткүчүнүн 60% түзөт) көбөйүшүнө байланыштуу. Ошону ме-
нен бирге балдар өлүмүнүн көрсөткүчүндө кыздар жана балдар ортосунда,
ошондой эле шаар жана айыл жергесинде туруктууу айырмачылык сакталууда
(30-сүрөт). Эркек балдар арасында өлүм дењгээли 25-30%ке жогору. Шаарда
балдар өлүмүнүн көрсөткүчү бийик болгону айрым социалдык-экономикалык
факторлорго байланыштуу, алардын негизгиси кедейлик менен катар ички
миграциянын көбөйүшү болуп эсептелет.
4-сүрөт. Мињжылдыктын өнүктүрүү максаттарынын индикатору. (3) 5
жашка чейинки балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү
Бул индикаторлордун динамикасына талдоо жүргүзүү көрсөткөндөй,
эгерде Кыргызстан эне жана баланын өлүмүн азайтуу боюнча таасирдүү чара
көрбөсө, МӨМгө жетишүү боюнча милдетгенмелер аткарылбай калат.
ВИЧ/СПИД Кыргыз Республикасында 2001-жылдан баштап ВИЧ/СПИДдин та-
ралышы кыйла өсүп кетти, мурдагы жылдарга салыштырмалуу ВИЧ/СПИД оору-
суна чалдыгуу дењгээли 2,8 эсеге көбөйдү. 2005-жылдын 1-январына карата
өлкөбүздө 655 ВИЧ-инфекцияланган адамдар расмий катталган (5-сүрөт),
алардын көпчүлүгү инъекциялык бањги зат колдонгон жаш жигиттер. ВИЧ-ин-
фекцияланган адамдардын 20%тен ашыгы эркинен ажыратылгандардын арасында
катталган. Ооруга чалдыгуу учурлары инъекциялык бањги зат колдонгондор
менен эле чектелбей, жыныстык жол аркылуу тарап калктын кењири катмарын
камтып баратат.
5-сүрөт. Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД инфекциясынын катталган
учурлары
Кургак учук. Кургак учуктан өлүмдүн жана ооруга чалдыгуунун өсүшү-
нө байланыштуу республикада 1996-2000-жылдарга "Кургак учук-I" жана
2000-2005-жылдарга "Кургак учук-II" Улуттук программаларынын алкагында
комплекстүү иш-чаралар кургак учук кызматын баштапкы саламаттык сактоо-
го интеграциялоо, DOTS программасы боюнча ҮДТ дарыгерлерин окутуу менен
өткөрүлгөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 2001-2002-жылдары
кургак учук оорусуна чалдыгууну стабилдештирип, 2003-2004-жылдары кур-
гак учуктан өлүм көрсөткүчүнүн төмөндөө багыты байкалган (6-сүрөт).
6-сүрөт. Кургак учуктан өлүмдүүлүк жана ооруга чалдыгуу
көрсөткүчтөрү (100 мињ калкка), Кыргыз Республикасы
Бруцеллез. Чакан мал чарба фермаларды уюштуруу жана ветеринария
кызматынын начар иштеши менен айыл чарба түзүмүнүн өзгөрүшү Кыргыз Рес-
публикасында бруцеллез оорусуна чалдыгууну 1999-жылы 100 мињ калкка
21,0дөн 2003-жылы 50,3кө чейин кескин өсүп кетишине алып келди. Нарын,
Ысыккөл, Ош, Талас, Баткен облустарынын айрым райондорунда бул
көрсөткүч республикадагы орточо көрсөткүчтөн 3-4 эсе бийик болгон. Мал
төлдөө учурунда жаштарды коопсуздук шарттарын сактабай ишке тартуу
өзгөчө коркунучту туудурат.
Бруцеллезду алдын алуу боюнча калк менен активдүү иш башталган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2004-жылы бруцеллез оорусуна чалдыгуу
учурлары азайганы байкалды (7-сүрөт).
7-сүрөт. Кыргыз Республикасында бруцеллез оорусуна чалдыгуу
Вакцина менен башкарылуучу инфекциялар. Республикада иммундаштыруу
менен камтуу бийик дењгээлде сакталууда (2000-ж. - 95%, 2004-ж. -
98,7%), бул вакцина менен башкарылуучу инфекцияларга чалдыгууну конт-
ролдоого мүмкүндүк берет. Жүргүзүлгөн иш-чаралар комплексинин натыйжа-
сында 2002-жылы республиканын аймагында жапайы полиовирустун жоктугун
далилдеген ДССУнун сертификаты алынган. Кызылча жана кызамыкка каршы
Улуттук иммундаштыруу кампаниясын жүргүзгөндөн кийин ушул ооруларга
чалдыгуу 2001-жылы 100 мињ калкка 47,2ден бирин-серин кездешкен учур-
ларга чейин кыскарды (8-сүрөт).
8-сүрөт. Кыргыз Республикасында кызамык оорусуна чалдыгуу
Республиканын ар кандай региондорунда, шаардык жана айылдагы калк
ортосунда ден соолук көрсөткүчтөрүнүн айырмасын кыскартууга
багытталган саламаттык сактоонун акыйкаттуулугу
Саламаттык сактоонун акыйкаттуулук принциби биринчи кезекте сала-
маттык сактоо ресурстарын өлкөбүздүн региондору боюнча акыйкаттуу
бөлүштүрүү, ошондой эле киреше дењгээлине карабай жарандардын медицина-
лык жардам аауу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Өзгөчө көњүл кедейлер жана
калктын социалдык аялуу катмары үчүн жењилдиктерд берүү системасына бу-
рулат.
Мамлекеттик гарантиялар программасы (мындан ары - МГП) жана анын
алкагында кызмат көрсөтүүгө төлөп берүү методдору калктын аз корголгон
катмары да медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүгү болгондой кылып
түзүлгөн. Бул акысыз тейлөө топтому, кошумча төлөөнүн дењгээлдерге
бөлүнүшү, ошондой эле медициналык уюмдар түзгөн резервдик фонддун кара-
жаттарын жакыр бейтаптар үчүн колдонуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылы-
нат. ДССУ изилдөөлөрү боюнча 2003-жылы 2000-жылга салыштырмалуу амбула-
ториялык жана стационардык жардамга кайрылуулардын жалпы кыскарышы ме-
нен саламаттык сактоо кызматын колунда бар адамдар жана кедейлер амбу-
латориялык дењгээлде да, стационарларда да тењ пайдаланышкан. Бул сала-
маттык сактоо ресурстары кедей бейтаптарга мурдагыдан азыр көбүрөөк
сарптала баштаганы тууралуу айтып турат.
9-сүрөт. Кыргыз Республикасынын калкы үчүн 2000- жана 2003-жылдары
амбулаториялык (1) жана стационардык (2) медициналык
кызматтардын жеткиликтүү болушу
Региондорду бирдей эмес каржылоо сакталууда (10-сүрөт), бул реги-
ондордун ар кандай салыктык потенциалына, республикалык бюджеттин чек-
телүү болушуна жана жергиликтүү бюджеттерди региондор арасында кайра
бөлүштүрүүгө мүмкүн эмес болушуна байланыштуу.
10-сүрөт. Кыргыз Республикасынын региондору боюнча бирдей эмес
каржылоо, %
Кепилге алынган медициналык кызматтын жеткиликтүү болушун камсыз
кылуу
Кепилге алынган медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн Мамлекеттик
гарантиялар программасы (МГП) камсыз кылат, ал акысыз жана жењилдетил-
ген шартта көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын түрлөрүн, көлөмүн жана
шарттарын аныктайт.
МГП расмий эмес төлөөлөрдү алмаштыра турган кошумча төлөө менен
бир мезгилде 2001-жылдан тартып этап-этабы менен киргизиле баштаган.
Кошумча төлөөнүн белгиленген өлчөмү бейтаптардын дарылоого канча
чыгаша кетээрин тактоого жана мыйзамсыз төлөөлөрдү кыскартууга өбөлгө
түздү. Каржылоонун жањы методдорун жана кошумча төлөөнү киргизүү да-
ры-дармек менен камсыз кылуунун олуттуу оњолушу жана кызматкерлердин
эмгек акысынын көтөрүлүшү менен коштолду. Бул МГП эртерээк киргизилген
облустарда расмий эмес төлөөлөрдү кыскартууга өбөлгө түзгөн, ошол эле
учурда МГП кийинчирээк киргизилген облустарда расмий эмес төлөөлөрдүн
өсүшү байкалган (11-сүрөт).
11-сүрөт. 2000- жана 2003-жылдарда Кыргыз Республикасынын
стационарларында расмий эмес төлөөлөр дењгээлинин
өзгөрүшү
МГП киргизүү жана бейтаптардын дарылоого кете турган чыгашалары
жөнүндө маалымдуу болушун жогорулатуу расмий эмес чыгашаларды кыскарту-
уга жардам берди.
Стационарларда бейтаптарды жашырын анкеталоо дары-дармекке
(12-сүрөт) кошумча чыгашалардын жана медицина кызматкерлерине расмий
эмес төлөөлөрдүн кыскарышын тастыктады (13-сүрөт). Талас облусунун ста-
ционарларында бейтаптарды дарылоого кеткен чыгашалардын көбөйүшү жыл
ичинде саламаттык сактоого республикалык бюджеттен тењештирүүчү грант-
тардын каражаттары бирдей түшпөгөндүгүнө байланыштуу, Ысыккөл облусунда
- саламаттык сактоо уюмдарында начар менеджменттин айынан. Ошентип, ма-
алыматтар көрсөткөндөй, дарылоо процессин уюштурууда жана каржылоодо
болгон проблемалар дароо эле калктын мойнуна кошумча финансылык оорчу-
лук болуп калат, тиешелүү түрдө медициналык жардамдын жеткиликтүү болу-
шуна терс таасирин калтырат.
12-сүрөт. Кыргыз Республикасынын стационарларында дарыланууда
бейтаптардын кошумча чыгашаларынын өзгөрүшү
13-сүрөт. Кыргыз Республикасынын стационарларында медициналык
кызматкерлерге расмий эмес төлөөлөр дењгээлинин өзгөрүшү
Маалымдуулуктун жогорулашы жана калктын социалдык аялуу катмарынын
дарылануусуна финансылык оорчулуктун жењилдеши саламаттык сактоо кызма-
ты алар үчүн жеткиликтүү болушун өркүндөтүүгө өбөлгө түздү 2000-жылдан
2004-жылга чейин 2,4 эсеге калктын эњ бир аялуу катмары - социалдык по-
собие алган адамдар, алардын ичинде көбүнесе бала чагынан майыптар үчүн
жеткиликтүүлүк жакшырган.
МГП алкагында бардык калк үчүн ҮДТда акысыз базалык медициналык
кызмат кепилге алынган, ушуга байланыштуу баштапкы саламаттык сактоону
күчөтүү жана каржылоону баштапкы дењгээлге жылдыруу боюнча максаттуу иш
жүргүзүлгөн. Мисалы, БМСЖны орто эсеп менен республика боюнча каржылоо
дењгээли 2000-жылы 16%тен 2004-жылы 29%ке чейин көбөйтүлдү (14-сүрөт).
14-сүрөт. Кыргыз Республикасында БМСЖны каржылоо үлүшүнүн
2001-2004-жылдардагы өзгөрүшү, %
Көрсөтүлгөн маалыматтар медициналык жардамдын жеткиликтүү болушу,
өзгөчө социалдык жактан корголбогон адамдар үчүн бир аз оњолгону
жөнүндө айтып турат. Тилекке каршы мамлекеттик каржылоонун жетишсизди-
гинен кошумча төлөө дењгээли адамдар жана үй чарбалар үчүн жогору бой-
дон калууда. Мындан тышкары, расмий эмес төлөөлөр улантылууда, мындай
кырдаал медициналык кызматка калктын жетишине чек коет.
Саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн
динамикасы
Медициналык кызмат көрсөтүү системасынын түзүмүн өзгөртүү боюнча
жүргүзүлгөн иш-чаралар, саламаттык сактоону каржылоонун жањы методдорун
киргизүү саламаттык сактоо уюмдарынын натыйжалуу иштешине өбөлгө түздү.
Бул койка фондунун натыйжалуу пайдаланышына таасир тийгизди (кой-
када жатуунун орто узактыгына, койка алмашып туруусунда жана койканын
иштешинде) (15-сүрөт).
15-сүрөт. Кыргыз Республикасында койка фондун пайдалануунун
натыйжалуулугу
Саламаттык сактоо уюмдарынын натыйжасыз пайдаланылган аянттарын
жана коммуналдык чыгашаларын кыскартууга байланыштуу саламаттык сактоо
системасында олуттуу натыйжа болгону байкалууда.
Ошону менен бирге энергияны үнөмдөө, сууну, электрэнергиясын, жы-
луулук энергиясын натыйжалуу пайдалануу боюнча иш жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөр менен 8 стационарларда түзүм өзгөртүүнүн таасири
иликтөөгө алынган. Акыркы 4 жылда 8 изилдөө жүргүзүлгөн стационарларда
коммуналдык чыгашалар 40%ке кыскарган (16-сүрөт).
16-сүрөт. Изилдөө жүргүзүлгөн 8 ооруканада түзүм өзгөртпөгөн жана
түзүм өзгөрткөндөн кийин коммуналдык чыгашалардын
салыштырмасы
Түзүмдүк өзгөртүүлөрдү жүргүзүү, каржылоонун жањы методдорун кир-
гизүү, саламаттык сактоо уюмдарында менеджменттин оњолушу менен бейтап-
тардын дарыланышына түз чыгашалар эки эсеге көбөйдү (17-сүрөт).
17-сүрөт. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген Кыргыз
Республикасынын стационарларында бейтаптарга жумшалуучу
чыгашалардын көбөйүшү
Ошентип, түзүм өзгөртүү каржылоонун жањы методдору менен айкалыш-
канда бар ресуртардын натыйжалуулугун көтөрүүгө, аларды кыйла сарамжал-
дуу пайдаланууга, медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга (дары-дар-
мектердин, медициналык багыттагы буюмдардын жеткиликтүү болушуна, оору-
канада жатуу шартын оњдоого), жана кызматкерлердин эмгек акысынын
көбөйүшүнө таасир тийгизип, расмий эмес төлөөлөрдүн азайышына өбөлгө
түздү.
Медициналык кызматтын сапаты
Акыркы жылдары үй-бүлөлүк дарыгерлердин тейлөө диапазону жана анын
мазмуну кыйла кењейтилген, алардын иш милдетине ден соолукту чыњдоо бо-
юнча иш милдет да кошулду. Калктын айрым категорияларына кызмат
көрсөтүүдөн катталган калктын ден соолугун чыњдоо жана ооруларды алдын
алууга басым кылып үй-бүлөлүк практика принциби боюнча кызмат
көрсөтүүтө өткөрүү саламаттык сактоо кызматынын сапатын көтөргөнгө жар-
дам берди.
2000-жылдан тартып медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу үчүн
дарыгердик практикага далилдүү медицина принциптерине негизделген кли-
никалык протоколдор киргизиле баштады.
2000-2003-жылдары республиканын бардык региондорунда амбулатория-
лык дењгээлде жарандарды дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча Мил-
деттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы киргизилген,
анын алкагында ММК фонду менен келишим боюнча иштеген дарыканаларда бе-
рилген дары-дармектердин наркынын бир бөлүгү ММК каражаттарынын эсеби-
нен кайтарылып берилет. ММК КП боюнча кайтарылып берилчү тизмеге баш-
тапкы дењгээлде ооруларды дарылоо үчүн дары-дармек каражаттарын камтуу
баа түзүүгө кыйыр таасир тийгизип, дары-дармектердин жеткиликтүү болу-
шуна кыйла жардам берди жана баштапкы дењгээлде бейтаптардын дарыланышы
үчүн түрткү болду.
Клиникалык практикага далилдүү медицина принциптерин киргизүүнүн
натыйжасында (18-сүрөт) баштапкы дењгээлде жөнгө салынуучу ооруларда
(баштапкы эссенциалдык гипертензия, бронхтук астма, ашказандын жана 12
эли ичегинин жара оорусу) ооруканага жатуу дењгээлинин төмөндөгөнү,
ошондой эле ошол оорулардын күчөп кетиши менен ооруканага жаткандардын
саны азайды (19-сүрөт).
18-сүрөт. Кан басымы жогорулаган ооруну дарылоонун клиникалык
протоколдорго ылайык келиши
19-сүрөт. Чүй облусунда геморрагиялык инсульт оорусун болжолдуу
алдын алуу учурлары
Элдин муктаждыгына саламаттык сактоо системасынын ийкемдүүлүгү
Ийкемдүүлүктү саламаттык сактоо системасы максат катары билгени
ошол системанын элге кызмат өтөөгө милдеттүү экендиги тууралуу түшүнүк
берет жана адамдын аброюн сыйлоону, клиентке багытталышы жөнүндө билди-
рет.
Бейтаптардын укуктарын сыйлоо жана коргоо, ошондой эле калктын
өзүнүн ден соолугуна болгон жоопкерчилиги "Манас" программасынын саяса-
тынын принциптеринин бири болуп эсептелет.
Ушул принциптерди ишке ашыруу үчүн "Кыргыз Республикасында жаран-
дардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ме-
нен ден соолукту коргоо тармагында жарандардын жана медициналык-сани-
тардык жардам көрсөткөндө бейтаптардын укуктарын, милдеттерин жана жо-
опкерчилигин жөнгө салган нормалар аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги "Кыргыз Рес-
публикасынын медициналык кызматкеринин кесиптик этика кодексин" кабыл
алган, ал кесиптик этиканы бузгандык үчүн жоопкерчилик даражасын анык-
тайт.
Медициналык тейлөөнүн сапаты жөнүндө бейтаптардын пикирин билүү
үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги баштапкы
дењгээлде жана стационарларда жашырын анкеталоону туруктуу өткөрүп ту-
рат. Анкеталоонун жыйынтыктары баштапкы дењгээлде медициналык тейлөөнүн
сапатына, ошондой эле стационарларда дарылоонун сапатына (20-сүрөт)
бейтаптардын канааттануусу жогорулаганы жөнүндө айтып турат (21-сүрөт).
20-сүрөт. ҮДТда медициналык тейлөөнүн сапаты жөнүндө бейтаптардын
пикири
21-сүрөт. Стационарларда дарылоонун сапатына бейтаптардын
канааттануусу
Стационарларда жатуу шарты жана стаицонарларда медициналык кызмат-
керлердин бейтаптарга болгон мамилеси жөнүндө бейтаптардын пикири жал-
пысынан жогору баа бергени менен ар кайсы региондо ар кандай
(22-сүрөт).
22-сүрөт. Стационарларда кызматкерлердин оорулууларга кылган
мамилеси жөнүндө бейтаптардын пикири
Ошентип, ДССУ/DFID СССТД изилдөөлөрү, ошондой эле РММБ, ММК фонду-
нун, МСЭКД, "СПИД" РБ маалыматnарын талдоо көрсөткөндөй 2000-жылдан
баштап интенсивдүү жүргүзүлө баштаган саламаттык сактоонун комплекстүү
түзүмдүк реформасы ден соолуктун айрым көрсөткүчтөрүнүн оњолушуна жана
саламаттык сактоо системасынын калктын муктаждыгына ийкемдүү, жетки-
ликтүү, акыйкаттуу жана айкын болушуна алып келди. Ошону менен бирге,
кыска тарыхый мөөнөттө олуттуу натыйжаларды талап кылуу кыйын.
Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй реформалар улана бериши, жањы пай-
да болгон проблемаларга оперативдүү кийлигишүү үчүн туруктуу мониторинг
менен коштолушу керек (1-таблица).
1-таблица
Саламаттык сактоо реформасынын жүрүшүндөгү
негизги жетишкендиктер жана андан аркы чечимди
талап кылган маселелер
| Негизги жетишкендиктер | Чечимди талап кылган маселелер |
| Адам өнүгүшүн мүнөздөгөн | Мињжылдыктын өнүгүү максаттарына |
| көрсөткүчтөрдүн жагымдуу | жетишүү |
| динамикасы | |
| Вакцина менен башкарылуучу | Вакциналык көз карандысыздыкты |
| инфекцияларга чалдыгууну | камсыз кылуу |
| контролдоо | |
| Кедейлерге медициналык кызмат | Саламаттык сактоону каржылоонун |
| жеткиликтүү болушу начарлаган жок | мамлекеттик үлүшүнүн көбөйүшү |
| Кедейлер алган кызматка төлөп | Региондор ортосунда каржылоонун |
| берилүүчү мамлекеттик каражаттын | тењелиши, медициналык кызматты |
| үлүшү көбөйдү | керектегенде шаар менен айыл |
| ортосунда айырмачылыкты кыскартуу | |
| Милдеттүү медициналык | Саламаттык сактоого кеткен |
| камсыздандырууну киргизүү | чыгашаларда ММК каражаттарынын |
| үлүшүн көбөйтүү | |
| Акыркы натыйжага багытталган | Саламаттык сактоого каражаттарды |
| каржылоонун прогрессивдүү методдор | чогултуу жана топтоо механизмдерин |
| системасын жана | өркүндөтүү |
| Бирдиктүү төлөөчү системасын | Калктын жыныстык-курак курамын |
| киргизүү | жана саламаттык сактоо уюмдарынын |
| администрациялык борборлордон | |
| алыстыгын эске алып бюджеттик | |
| каржылоонун минималдуу | |
| стандарттарын киргизүү | |
| Каржылоо методдорун өркүндөтүү | |
| Мамлекеттик гарантиялар | Мамлекеттик гарантиялар |
| программасын киргизүү | программасын финансылык жактан |
| камсыз кылуу менен мамлекеттик | |
| милдеттердин баланстуу болушу | |
| Расмий эмес төлөөлөрдү токтотуу, | Кошумча төлөө өлчөмү боюнча |
| расмий эмес төлөөлөрдү расмий | рационалдуу саясат жүргүзүү, |
| кошумча төлөөгө алмаштыруу | калкка түшкөн финансылык |
| оорчулукту азайтуу | |
| Баштапкы саламаттык сактоону | ФАП, ҮДТ, МЖС потенциалдарын |
| каржылоо үлүшүн көбөйтүү | көтөрүү |
| Оорукана секторунда ашыкча | Оорукана секторун оптималдаштыруу, |
| кубаттуулукту кыскартуу жана | стационарлардын финансылык |
| түзүмүн өзгөртүү, бейтапка болгон | туруктуулугуна жетишүү |
| түз чыгашалардын үлүшүн көбөйтүү | |
| Көрсөтүлүүчү кызматтын сапатынын | Медициналык жардам көрсөтүүнүн |
| оњолушу жана далилдүү медицинага | бардык дењгээлинде далилдүү |
| негизделген клиникалык | медицинаны андан ары киргизүү |
| протоколдорду киргизүү | |
| ММКнын Кошумча программасынын | Дары-дармек каражаттарынын |
| алкагында баштапкы дењгээлде | жеткиликтүү болушун өркүндөтүү, |
| камсыздандырылган калктын бардык | ММК Кошумча программасын андан ары |
| категорияларына дары-дармектердин | кењейтүү |
| жеткиликтүү болушу | |
| Саламаттык сактоо системасынын | Саламаттык сактоо системасынын |
| калктын муктаждыгына багытталышы | ийкемдүүлүгүн көтөрүү |
2.3. Чечиле элек проблемалар жана чечиле турган маселелер
А). Саламаттык сактоо секторунун иштөө жөндөмдүүлүгүнө коркунуч
келтирген Кыргыз Республикасында 2000-2003-жылдардагы мамлекеттик чыга-
шалардын өтө төмөн дењгээли
Топтолгон каражат булактарынан каржылоо дењгээли саламаттык сакто-
онун алдында турган көп маселелерди чечүү үчүн кризистик дењгээлде ту-
рат. Белгилеп кетчү нерсе, реформанын алкагында киргизеле турган бардык
иш-чаралар 2000-жылдагы дењгээлде саламаттык сактоого мамлекеттик чыга-
шалардын белгиленген үлүшүн эсепке алган. Бирок, мамлекеттик бюджеттин
түзүмүндө да (1996-ж. 13,5%тен 2004-ж. 7,2%ке чейин), ИДП түзүмүндө да
(1996-ж. 3,7%тен 2004-ж. 2,12%ке чейин) саламаттык сактоого чыгашалар
үлүшүнүн иш жүзүндө азайышы байкалууда. Жыл сайын биринчи кезекте сала-
маттык сактоону камтыган мамлекеттик бюджетти секвестирлөө практикасы
бар.
Натыйжада МГПнын көп жоболору кагаз жүзүндө калды. Калк кошумча
төлөгөндөн кийин жетишсиз дары-дармектерди өзү сатып алууга аргасыз,
бул саламаттык сактоодо жүргүзүлүп жаткан реформаларды дискредитация-
лайт.
Мамлекеттик каржылоо көлөмүн кыскартканда жарандарга жана үй чар-
баларга финансылык түйшүк көбөйөт, өзгөчө жакыр жашаган калкка, сала-
маттык сактоо кызматы бардыгына тењ жеткиликтүү болушуна, саламаттык
сактоо кызматынын сапатына залакасы тийет.
Саламаттык сактоонун кыргыз модели маалыматтык технологияларга не-
гизделген натыйжалуулукту, сапатты жана тењдикти өркүндөтүүгө колдонула
турган аракеттердин кењири түрү менен каражаттарды топтоонун жана меди-
циналык кызматты сатып алуунун жакшы иштелип чыккан системасы менен
айырмаланат. Бирок, шайкеш каржылоо жана ресурстарды акыйкаттуу
бөлүштүрүү болбосо жакшы түзүлгөн система да финансылык жактан олуттуу
корголууну жана саламаттык сактоо кызматынын сапатын камсыз кылып бере
албайт.
Б) Амбулаториялык же стационардык дењгээлде саламаттык сактоо
кызматын пайдаланган үй чарбалар үчүн улантылып жаткан расмий
эмес төлөөлөрдөн жана кошумча төлөөнүн жогору дењгээлинен болуп
жаткан финансылык чоњ оорчулук
Финансылык оорчулук болуп жаткан кирешеси төмөн үй чарбалары үчүн
өтө жогору бойдон калууда. Жалпысынан алганда дарылоого кеткен чыгаша-
лар кедей үй чарбалар үчүн колунда барларга салыштырмалуу кыйла төмөн
болгону менен 2003-жылы жылдык кирешенин 7%ке чейин кедейлерди дарылоо-
го чыгашалар үлүшү өстү, ал эми бай үй чарбалар үчүн бир аз төмөндөп
жылдык кирешенин 4,5%ин түздү. Бирдиктүү төлөөчү системасын, каржылоо-
нун жањы методдорун жана кошумча төлөө саясатын киргизүү стационарларда
расмий эмес төлөөлөрдүн өсүшүнө жол бербей турат. Саламаттык сактоо ре-
формасына эртерээк кирген региондордо расмий эмес төлөөлөр башка реги-
ондорго салыштырмалуу жай өстү.
Мамлекеттик каржылоону көбөйтүү, медициналык кызмат көрсөтүүнүн
айкындыгы жана кошумча төлөө өлчөмүн азайтуу жарандар жана үй чарбалары
үчүн финансылык оорчулуктун олуттуу жењилдешине алып келет.
Медициналык кызматкерлер тарабынан расмий эмес опуза талаптар ме-
нен күрөшүү боюнча кыйла иш-чаралар комплексин иштеп чыгуу зарыл, бул
багытта чечкиндүү кадамдардын бири медициналык кызматкерлердин эмгек
акысын кыйла көтөрүү. Белгилеп кетчү нерсе, системанын ички
мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен бирге бул маселени чечүүдө мамлекет-
тин катышуусу керек.
В) Калктын ден соолугун оњдоо үчүн саламаттык сактоо системасынын
бардык дењгээлинде сапатты андан ары өркүндөтүү зарылдыгы
Саламаттык сактоо кызматын көрсөтүү системасынын бардык дењгээлин-
де далилдүү медицинаны андан ары жылдыруу, баштапкы дењгээлде жөнгө са-
лынчу мониторинг кылына турган оорулар тизмегин кењейтүү, коркунуч фак-
торлорду азайтуу, ден соолук маданиятын калыптандыруу менен катар са-
рамжалдуу фармацевттик менеджмент жана ички ооруканадагы инфекцияларды
контролдоо менен ишти күчөтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө
түзөт. Медициналык кызматкерлердин кесиптик компетенция дењгээли чоњ
мааниге ээ, ушуга байланыштуу дипломго чейинки жана дипломдон кийинки
окутуу жана үзгүлтүксүз билим берүү системасын андан ары өркүндөтүү та-
лап кылынат.
Г) Калктын ден соолугун жакшыртуу үчүн калктын өзүн, жергиликтүү
жамааттарды, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдарды активдүү
тартуу зарылдыгы
Калктын ден соолугун коргоо жана чыњдоо иш-аракетине коомду тартуу
калктын ден соолугуна коомдук мамиле кылуу ийгилигинин чечкиндүү эле-
менттеринин бири, ал калктын түшүнүүсүнө жана колдоосуна жараша болот,
анткени чыныгы жыйынтык анын активдүү катышуусунда гана болушу мүмкүн.
Мамлекеттик башкаруу реформасы жүрүп жатканда ӨЭУларга ден соолукту
чыњдоо, ден соолукту коргоо маселелери боюнча жарандардын укуктарын
коргоо тармагында мамлекеттик милдеттин жана ыйгарым укуктарынын бир
бөлүгү берилиши мүмкүн. ӨЭУ ресурстары жана мүмкүнчүлүктөрү, алардын
ийкемдүү чечимди тез кабыл алуу жөндөмү саламаттык сактоонун мамлекет-
тик уюмдарынын аракетин толуктап чоњ мааниге ээ.
Д) Сектордун туруктуу алдыга карай иш жүргүзүүсүн камсыз кылууга
жөндөмдүү саламаттык сактоо секторунун потенциалын өнүктүрүү
Саламаттык сактоо секторунун потенциалын өнүктүрүү саламаттык сак-
тоонун өнүгүшүнүн чечкиндүү факторлорунун бири болуп саналат. Саламат-
тык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлгөндүгүнө карабай анын
орточо дењгээли өлкөбүз боюнча орто эмгек акынын 75%инен ашпайт жана
минимумдук керектөөчү бюджетке жетпейт, бул кесиптин аброю төмөн болу-
шунун негизги себептеринин бири. Бул кадрлык камсыз кылууда дисбаланс-
ка, медициналык кызматтын сапатынын жетишсиз дењгээлине, бейтаптардын
расмий эмес төлөөлөрү уланып жатканына алып келет. Ушуга байланыштуу
саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын кыйла көтөрүү зарыл.
Саламаттык сактоо секторунун потенциалын көтөрүү жана анын натыйжалуу
иштеши үчүн адам ресурстарын натыйжалуу башкаруу, саламаттык сактоонун
материалдык-техникалык базасынын чыњдоо, маалымат-коммуникациялык тех-
нологияларды өркүндөтүү керек.
Е) Мињжылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетишүү үчүн энени жана
баланы коргоо маселелерине жакшылап көњүл буруу зарылдыгы
МӨМгө жетишүүгө саламаттык сактоого көз каранды эмес айрым фактор-
лор тоскоол болуп турат, мисалы, кедейлик, ички миграция, калктын төмөн
дењгээлде маалымдуу болушу. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлиги тарабынан энени жана баланы коргоо тармагында улуттук жана
мамлекеттик программалардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган
иш-чаралар комплексин, башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу менен ошол
программаларды ишке ашыруунун дайыма мониторингин жүргүзүү керек.
Ж) Саламаттык сактоо системасын андан ары институтташтыруу
Негизги түзүмдүк өзгөртүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин саламаттык сак-
тоо саясатынын чечкиндүү багыты жањы функционалдык мүнөздөмөлөр, иш
милдеттердин кайталоосун болтурбоо, аларды так бөлүштүрүп, саламаттык
сактоо кызматтарын интеграциялоо, башкаруучулук потенциалды сактоо жана
бекемдөө, мыйзамдарды шайкеш жана эриш-аркак келтирүүнүн негизинде сис-
теманы андан ары институтташтырууга багыт алуу болуп калды.
2.4. Таалим алуу
Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо секторунун реформасынын
ийгилиги - айрым механизмдерде жана инструментте эмес ар тараптан
мамиле жасоого көњүл токтоонун натыйжасы
Саламаттык сактоо секторундагы өзгөртүүлөр бир багытта өз алдынча
болбой, комплекстүү жүргүзүүгө аракет жасалган жана ал каржылоо меха-
низмдеринин өзгөрүшүнө негизделген саламаттык сактоо кызматын
көрсөтүүчүлөр үчүн да, калк үчүн да сыйлоо жана турукташтыруу механизм-
дердин түзүмдөлгөн системасын камтыган. Акыркы натыйжа боюнча прогрес-
сивдүү каржылоо методдорун киргизүүгө системалуу мамиле кылуу саламат-
тык сактоонун жалпы реформасынын контекстинде милдеттүү медициналык
камсыздандырууну киргизүү менен коштолгон. Кызмат көрсөтүү системасынын
түзүмүн өзгөртүү, БМСЖды күчөтүү, саламаттык сактоо уюмдарын борборлош-
турбай башкаруу боюнча макулдашылган иш-чаралар кадрлык потенциалдын
күчөтүлүшү, материалдык-техникалык базанын оњолушу жана саламаттык сак-
тоонун бирдиктүү маалымат системасын түзүү менен коштолду. Саламаттык
сактоого каражат чогултуунун жањы механизмдери, калктын кошумча
төлөөсүн, топтоону, стратегиялык сатып алууларды кошуп, акысыз жана
жењилдетилген шартта саламаттык сактоо кызматын көрсөтүү шартын,
көлөмүн жана түрлөрүн аныктоо менен МГПны киргизүүгө жардам берди. Мын-
да калктын социалдык жактан аялуу катмарын финансылык оорчулуктан кор-
гоо механизмдери каралган. Саламаттык сактоодогу жүргүзүлгөн
өзгөртүүлөр мыйзамдык жактан да бекемделди.
"Манас таалими" программасы "Манас" улуттук программасынын жолун
улап, саламаттык сактоонун андан аркы реформасына системалуу мамиле кы-
лууга, кедейликти кыскартуу жана МӨМгө жетишүү маселелеринин чечүүгө
көњүл бурат.
Саламаттык сактоого мамлекеттик чыгашалардын кескин кыскарышында
түзүм өзгөртүү калк үчүн саламаттык сактоо кызматынын жеткиликтүү
болушун сактап калуу жолдорунун бири болгон
Өзүнүн кармалып турушуна көп финансы каражаттарын талап кылган өтө
өнүккөн инфраструктура саламаттык сактоого каржылоонун кескин кыскары-
шында жетиштүү дењгээлде саламаттык сактоо кызматынын жеткиликтүүлүгүн
сактап кала албаган. Өз убагында жүргүзүлгөн түзүм өзгөртүү саламаттык
сактоо кызматынын жеткиликтүүлүгүн гана сактап калбай, ошол чектелген
ресурстарды сарамжалдуу колдонуп, бошогон каражаттарды бейтаптарга жи-
берүүтө жардам берди.
Жањы механизмдерди пилоттук региондордо иштеп чыгуу менен
реформаларды этап-этабы менен жүргүзүү ички сектордук жана
секторлор ортосундагы өз ара аракеттин натыйжалуу механизмдерин
республиканын бардык аймагында андан ары таркатуу үчүн аныктоого
жардам берди
Пилоттук региондордо жањы механизмдерди максаттуу иштеп чыгуу
күтүлбөгөн проблемаларды өз убагында аныктоого, аларды чечүү жолдорун
табууга, республиканын бардык аймагында киргизүү үчүн адаптациялоо жана
институтташтыруу механизмдерин иштеп чыгууга жардам берди.
Өзгөртүүлөрдү этап-этабы менен киргизүү саламаттык сактоо секторунда
мамлекеттик башкаруунун айкындыгын жана натыйжалуулугун оњдоодо олутт-
туу ийгиликтерге жетишүүгө, саламаттык сактоо кызматын көрсөтүүчүлөрдүн
автономиясын көтөрүүгө өбөлгө түздү. "Манас таалими" программасында ич-
ки сектордук өз ара аракетти өркүндөтүүгө жана секторлор аралык кызмат-
ташууну бардык жактан өнүктүрүүгө көп көњүл бөлүнөт.
Донордук жардамды координациялоо
Саламаттык сактоо реформасынын жүрүшүндө донорлорду координациялоо
боюнча чоњ жумуш аткарылды, бул инвестициялардын үзүрдүүлүгүн
көтөрүүүгө жана кайталоолорду болтурбоого шарт түздү. Ошону менен бир-
ге, социалдык чөйрөдө башка министрликтер ишке ашырып жаткан айрым дол-
боорлордун алкагында аларды ишке ашырууда толук координациялоо болгон
эмес. Донордук жардамды жана ишке ашырылып жаткан долбоорлорду коорди-
нациялоо шимердиктердин кайталанбашы үчүн, натыйжалуулукту көтөрүү жана
саясаттын карамакаршылык багыттары пайда болбошу үчүн өтө маанилүү.
Саясий колдоо
Саясий дењгээлде да, секторлор аралык дењгээлдеги жетекчилердин
арасында да реформаларды колдоо чоњ мааниге ээ. 2000-2004-жылдары сая-
сий абалдын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасында саламаттык
сактоо реформасы бир нече ирет артка кетүү коркунучунан кризистик жаг-
дайга кабылып турду, бул реформалардын жүрүшүнө өзүнүн терс таасирин
тийгизбей койгон жок. Жалпы мамлекеттик реформалардын контекстинде
жүргүзүлгөн саламаттык сактоо реформасынын максаттарын жана маселелерин
түшүндүрүү боюнча далилдерге негизделген салмактуу чечимдерди кабыл
алуу менен чоњ иш аткаруу керек. Мында СССТД/ДССУ/DFID жүргүзгөн мони-
торинг жана изилдөөлөр чоњ жардам берди.
Медициналык кызматкерлерди колдоо
Саламаттык сактоо реформасынын жүрүшүндө медициналык коомчулуктун
айрымдары жањылыктарды түшүнбөй, адат болгон көнүмүштөрүнөн айрылгысы
келбей, ошондой эле кээ бир саламаттык сактоо уюмдары жана региондор
реформанын жүрүшү тууралуу маалымдуулугу жетишсиз болгондуктан реформа-
нын ишке ашырылышы басањдап калган. Бул ошол региондордун социал-
дык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө таасир калтырды. Стратегияларды натый-
жалуу ишке ашыруу үчүн медициналык кызматкерлер тарабынан - реформанын
түздөн-түз аткаруучуларынан колдоо, биргелик жана реформанын максатта-
рын жактоочулук жана оњ "кризистик масса" болушу керек, ал башкаруунун
жањы методдоруна дайыма окутуу, саламаттык сактоодо болгон өзгөрүүлөр
жөнүндө маалымдоо процессинде калыптанган.
Калк тарабынан колдоо жана түшүнүү
Өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдарды, жергиликтүү жамааттарды, жал-
пыга маалымдоо каражаттарын активдүү тартуу, саламаттык сактоо секто-
рунда жүрүп жаткан процесстерди түшүнүү жана аларды колдоо калктын
укуктук сабаттуулугун, саламаттык сактоо кызматкерлерине болгон талап-
туулугун көтөрөт, калктын муктаждыгына багытталган туура чечимди өз
убагында кабыл алууга жардам берет.
Мамлекеттик милдеттенмелердин финансылык камсыз болушу менен
баланстуулугу
МГП киргизүү менен саламаттык сактоону каржылоо дењгээли жана ка-
газ түрүндө калган көп мамлекеттик жењилдиктердин ортосунда баланска
жетишүү татаал болуп калды. Шайкеш каржылоону камсыз кылбай калк үчүн
жењилдиктерди кењейтүүнү талап кылган саясатчылардан чоњ басым
көрсөтүлүп, жүргүзүлүп жаткан реформалардын басмырланышына алып келди.
Ошондуктан мамлекеттик милдеттенмелер менен алардын финансылык камсыз-
далышынын ортосундагы баланстуулук өтө маанилүү.
Жүргүзүп жаткан реформалар үчүн саламаттык сактоо системасын
жазалоого болбойт
Калктын расмий эмес төлөөлөрүн кыскартуу жана колдонулган ресурс-
тардын айкындуулугун көтөрүү үчүн медициналык кызматка кошумча төлөө
киргизилген. Саламаттык сактоо бюджетин пландаштырууда жана бекитүүдө
айрым жергиликтүү мамлекеттик администрациялар мамлекеттик чыгашаларды
кыскартууга кызыкдар болушат, алардын жүйөөсү - саламаттык сактоо сек-
торунда кошумча төлөө түрүндө кошумча финансы каражаттары бар дешет.
Өтө жетишсиз болуп турганда саламаттык сактоого мамлекеттик чыгашаларды
кыскартуу медициналык кызматкерлердин жана калктын жүрүп жаткан рефор-
мага ишенимин кетирет.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун
реформалоонун 2006-2010-жылдарга
"Манас таалими" улуттук программасынын максаттары
3.1. Миссиясы
Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин Өнүктүрүүнүн комплекстүү не-
гиздеринде, Кыргыз Республикасында Кедейликти кыскартуунун улуттук
программасында, Мињжылдыктын өнүктүрүү максаттарында коюлган максаттар-
га жетүү, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "XXI кылымда бардыгыбызга ден
соолук" жана "XXI кылымда Кыргызстандын саламаттык сактоосу" программа-
ларында айтылган милдеттерди аткаруу, жашоо сапатына жана кедейлик
дењгээлине таасир тийгизген Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын ден
соолукка болгон укугун ишке ашыруу ар бир медициналык кызматкердин, же-
текчинин, саламаттык сактоо менеджеринин, мамлекеттик башкаруу жана өз
алдынча башкаруу органдарынын, ӨЭУлардын, жарандык коомдун, ар бир жа-
рандын активдүү максаттуу аракетинде гана болушу мүмкүн.
Саламаттык сактоо реформасынын саясий багытынын тууралыгын моюнга
алып, өткөн жолубуздагы топтогон сабактарга баа берип, "Манас таалими"
программанынын миссиясы коомдун кењири катмарын процесске активдүү тар-
тууну камсыз кылуу менен "Манас" Кыргыз Республикасынын саламаттык сак-
тоосун реформалоонун улуттук программасынын (1996-2006) алкагында жети-
шилген өзгөртүүлөрдү бекемдөөгө жана күчөтүүгө багытталган Кыргыз Рес-
публикасынын саламаттык сактоо секторунда реформаларды андан ары
жүргүзүү болуп саналат.
Саламаттык сактоону реформалоо саясатынын негизги принциптери
төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- "Манас" Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоо-
нун улуттук программасынан (1996-2006) таалим алуу менен анын жолун
улантуучулук;
- реформалоо планын алкагында жасалган иш-чаралардын комп-
лекстүүлүгү жана ырааттуулугу;
- кедейликтин санын кыскартууга, саламаттык сактоо кызматын ке-
ректөөдө шаар жана айыл ортосунда айырманы азайтуута стратегиялардын
багытталышы;
- чечим кабыл алуу процессинин айкындыгы, ачыктыгы жана ден соо-
лукту коргоо жана чыњдоо маселелеринде бардык жарандардын, коомдун,
мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык
катышуусу;
- саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик милдеттенмелердин фи-
нансылык камсыз болушу менен шайкештиги;
- саламаттык сактоону реформалоого кењири сектордук мамиле кылуу.
3.2. Максаттары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун
2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасынын негизги мак-
саты саламаттык сактоонун жеке жана коомдун кызматын көрсөтүүнүн ий-
кемдүү, натыйжалуу, комплекстүү, интеграцияланган системасын түзүү, ар
бир жарандын, үй-бүлөнүн, коомдун, мамлекеттик бийлик жана башкаруу ор-
гандарынын ар бир адам жана бүтүндөй коомдун ден соолугу үчүн жоопкер-
чилигин көтөрүү менен калктын ден соолугун жакшыртуу болуп саналат.
Саламаттык сактоо реформасы саясатынын максаты болуп төмөнкүлөр
эсептелет:
- саламаттык сактоо кызматынын жеткиликтүүлүгүнө жана акыйкаттуу-
лугуна жетишүү;
- калк үчүн финансылык оорчулукту азайтуу;
- саламаттык сактоо кызматын көрсөтүүнүн натыйжалуулугун көтөрүү;
- медициналык кызматтын сапатын оњдоо;
- саламаттык сактоо системасынын ийкемдүүлүгүн жана айкындыгын жо-
горулатуу.
Милдеттер
1. Калктын жана коомдун муктаждыгына жооп берген саламаттык сактоо
кызматын көрсөтүүнүн комплекстүү интеграцияланган системасын калыптан-
дыруу аркылуу саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун жана ий-
кемдүүлүгүн көтөрүү.
2. Саламаттык сактоону туруктуу каржылоо, саламаттык сактоонун са-
паттуу кызматы калкка, өзгөчө анын социалдык жактан аялуу категорияла-
рына жеткиликтүү болушун өркүндөтүүгө багытталган ресурстарды акыйкат-
туу бөлүштүрүү, Мамлекеттик гарантиялар программасынын жана башка ар-
тыкчылыктуу программалардын алкагында мамлекеттик милдеттенмелердин ба-
ланстуулугунун негизинде калк үчүн финансылык оорчулукту азайтуу.
3. Саламаттык сактоо секторунун потенциалын андан ары өнүктүрүү,
адам ресурстарын натыйжалуу башкаруу, саламаттык сактоо секторунун ма-
териалдык-техникалык базасын жакшыртуу, маалыматтыккоммуникациялык тех-
нологияларды андан ары өркүндөтүү, саламаттык сактоо уюмдарынын араке-
тин оптималдаштыруу жана ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун
көтөрүүнүн негизинде саламаттык сактоо секторунун сапатын жакшыртуу.
4. Ден соолукту чыњдоо жана коргоонун артыкчылыктуу маселелерин
чечүү, калктын, өкмөттүк эмес жана жамааттык уюмдардын, жергиликтүү жа-
мааттардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, мамлекеттик башкаруу жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын активдүү катышуусунда сек-
торлор аралык өз ара аракетти күчөтүүнүн негизинде Мињжылдыктын
өнүктүрүү максаттарына жетишүү жана калктын ден соолугун жакшыртуу.
3.3. Артыкчылыктуу багыттар
- ФАП жана МПСлардын потенциалын күчөтүүгө өзгөчө басым жасоо ме-
нен баштапкы саламаттык сактоонун натыйжалуулугун көтөрүү.
- Адистештирилген жардам көрсөтүүнү оптималдаштыруу жана медицина-
лык жардамдын жеткиликтүүлүгүн, анын ичинде медициналык жардамдын жо-
горку технологиялуу түрлөрүн жөнгө салуу.
- Натыйжалуу мекеме ичиндеги менеджмент механизмдерин киргизүү,
далилдүү медицина, сарамжалдуу фармацевттик менеджмент принциптерин иш-
ке киргизүү, лабораториялык кызматтын, оорукана ичиндеги инфекцияларды
жана медициналык таштандыларды башкаруу менен саламаттык сактоо кызма-
тынын сапатын жакшыртуу.
- Мињжылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө саламаттык сактоо-
ну багыттоо, коомдук саламаттык сактоонун ролун күчөтүү, жамааттарды,
өкмөттүк эмес уюмдарды, ЖМКларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандарын активдүү тартуу менен ден соолук маданиятын калыптандыруу.
- Дипломго чейинки жана дипломдон кийинки билим берүү жана
үзгүлтүксүз даярдоо сапатын окуу жайларга жана программаларга аккреди-
тациялык талаптарды көтөрүү аркылуу жакшыртуу жана медициналык кадрлар-
ды, өзгөчө айыл жергесинде калтыруу механизмдерин киргизүү.
4. Реформалоо планы
4.1. Ден соолукту чыњдоо жана коргоо ишине калктын жана
жамааттардын катышуусу
Кыргыз Республикасында "Манас" программасынын алкагында калкты ден
соолукту чыњдоо жана коргоо маселелерине тартуу боюнча иш-чаралар баш-
талган. Калк менен иш жүргүзүү жањы мамилелерди түзүүгө - жөн гана маа-
лыматтарды жана билимди берүүдөн өнөктүк өз ара мамилелерге өтүү, жалпы
коомдун, айрым коомчолордун, калк топторунун, ар бир адамдын проблема-
ларын чечүүгө багытталган артыкчылыктарды аныктоого негизделген. Ден
соолукту коргоо тармагында калктын укуктары жана милдеттери Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясында, "Кыргыз Республикасында жарандардын ден
соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана башка
мыйзамдарда бекемделген.
Мамлекеттик башкарууну реформалоо шартында ӨЭУларга ден соолукту
чыњдоо, жарандардын укуктарын жана ден соолукту коргоо тармагында айрым
милдеттер жана мамлекеттик ыйгарым укуктар тапшырылышы мүмкүн. ӨЭУнүн
мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары чоњ мааниге ээ, алар ийкемдүү чечимдер-
ди тез кабыл алып, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын аракетин
толуктоого жөндөмдүү.
Жергиликтүү жамааттарды жана ӨЭУларды саламаттык сактоо программа-
ларын, медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча аракеттин страте-
гиялык багыттарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга тартуу практикасы
өзүнүн жогорку натыйжалуулугун көрсөтө алды. Алсак, йод жетишсиздигинин
алдын алуу боюнча Нарын облусундагы ден соолук комитеттеринин иш-араке-
ти жана жергиликтүү жамааттардан алып келинген тамак-аш тузунун сапатын
контролдоонун натыйжасында йоддолгон тузду тамак-аш даярдаганда колдон-
гон үй чарбалардын үлүшү 25%ке көбөйүп, 2003-жылы 92%ти түздү, ошол эле
учурда башка региондордо йоддолгон тузду пайдалануу дењгээли 70%тен аш-
пайт (23- сүрөт).
23-сүрөт. 2002-2003-жылдары үй чарбалардын йоддолгон тузду
пайдаланышы
Азыркы учурда республикада ар кандай оорулары бар бейтаптар ошол
оорулары боюнча биригип коомдук уюмдарды түзүшкөн, алар - гипертониктер
клубу, Астма-борбор, "Диабет" ассоциациясы, калкты социалдык жактан
коргоо коомдук уюмдары, ден соолук комитеттери. Бул ӨЭУлар мамлекеттик
саламаттык сактоо сектору, донорлук уюмдар менен тыгыз кызматташып, өз
уюмдарынын жањы мүчөлөрүн өзүнө өзү жана бирине бир жардам берүү метод-
доруна, ооруларды алдын алуу жана контролдоо, санитардык-гигиеналык
көндүмдөргө үйрөтүп жатышат.
Социалдык маргиналдаштыруу, жумушсуздук жана кедейлик депрессиялык
абалга, жүрүм-турум көнүмүштөрүнүн өзгөрүшүнө алып келчү маанилүү пси-
хологиялык факторлор болуп саналат. Ушуга байланыштуу калктын дене жа-
гынан эле эмес, психикалык саламаттыгын чыњдоо боюнча иш-чаралар план-
даштырылууда.
Максат
Калк менен иш жүргүзүүдө жањы мамилелерди түзүү, жөн гана маалы-
маттарды жана билимди берүүдөн өнөктүк мамилелерге өтүү, жалпы коомдун
да, айрым коомчолордун, калктын топторунун, ар бир адамдын да проблема-
ларын чечүүгө багытталган артыкчылыктарды аныктоо.
Милдеттер
1. Калктын дене жагынан жана психикалык ден соолугун чыњдоо, оору-
ларды алдын алуу боюнча ишке калкты тартуу механизмдерин өркүндөтүү.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарын ден соолукту чыњдоо жана коргоо,
саламаттык сактоо реформаларынын жүрүшү жөнүндө калктын маалымдуулугун
көтөрүү маселелери боюнча коомчулук менен активдүү иш алып барууга тар-
туу.
4.1.1. Калктын дене жагынан жана психикалык ден соолугун чыњдоо,
ооруларды алдын алуу боюнча ишке калкты тартуу
механизмдерин өркүндөтүү
Бул милдеттин алкагында иш-аракет ден соолукту чыњдоо жана коргоо
маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттарды тартуунун ар кандай модел-
дерин иштеп чыгууга жана киргизүүгө, Кыргыз-Швейцар саламаттык сактоо
реформасын колдоо долбоорунун алкагында иштелип чыккан Нарын облусунда-
гы Жумгал моделинин негизинде айылдык ден соолук комитеттеринин ишин
күчөтүүгө багытталат. Бул жамааттарга саламаттык сактоонун артыкчылык-
туу маселелерин аныктап, ошондой эле ден соолуктун негизги детерминант-
тарын контролдоо жана коркунучтарды азайтуу боюнча чара көрүүгө жардам
берет.
Бейтаптардын ар кандай ассоциацияларын уюштурууга жана өнүктүрүүгө
багытталган ишти андан ары да улантуу пландаштырылууда. ҮДТ, ҮМБ менен
өз ара аракетти кењейтүү үчүн коомдук кењештерди түзүү каралууда. Бир-
гелешкен иш медициналык кызматкерлердин аракетине же аракет кылбаганды-
гына даттанууларды текшерүү, мекеменин ишин уюштуруу, жалпы пландарды
иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана башка иш-чараларда өнөктүк мамиле кы-
лууга негизделет.
Калкты ММК системасына тартуу, медициналык кызматка кайрылганда
жарандар өздөрүнүн укуктары жөнүндө маалымдуу болушун жогорулатуу сала-
маттык сактоо уюмдарынын аракеттеринин ачыктыгын камсыз кылып, медици-
налык кызматтын жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына саламаттык сактоо уюм-
дарынын жоопкерчилигин көтөрүүгө жардам берет.
Негизги багыттар
А. Ден соолукту чыњдоо жана ооруларды алдын алуу маселелери боюнча
калк менен өз аракеттешүү стратегиясын иштеп чыгуу.
В. Дене жагынан жана психикалык саламаттыкты чыњдоо жана коргоо
маселелерин чечүүгө жергиликтүү жамааттарды тартуунун ар кандай модел-
дерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
С. Калк менен иш жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин ишин өркүндөтүү.
4.1.2. Жалпыга маалымдоо каражаттарын ден соолукту чыњдоо
жана коргоо, саламаттык сактоо реформаларынын жүрүшү
жөнүндө калктын маалымдуулугун көтөрүү маселелери боюнча
коомчулук менен активдүү иш алып барууга тартуу
Жалпыга маалымдоо маалымат каражаттарында ооруларды алдын алуу,
Ден соолукту чыњдоо, санитардык-гигиеналык көнүмдөрдү жана ден соолукка
байланыштуу башка маселелерди, ошондой эле саламаттык сактоонун актуал-
дуу проблемаларын кењири чагылдыруу ден соолук маданиятын калыптандыру-
уга жана ден соолукту оњдоого багытталган иш-чараларга калктын жана жа-
мааттардын активдүү катышуусуна өбөлгө түзөт. Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз-борборун күчөтүүгө, анын
жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык түрлөрү, өкмөттүк эмес уюмдар
менен өз ара аракетине өзгөчө көњүл бурулат.
Негизги багыттар
А. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин басма
сөз-борборунун иш-аракетин өркүндөтүү.
В. Ден соолукту жакшыртуу жана коомдук контролдоонун туруктуу сис-
темасын түзүү боюнча калктын жана жамааттардын иштерин чагылдырууга
жалпыга маалымдоо каражаттарын кењири тартуу.
4.2. Саламаттык сактоону каржылоо
Саламаттык сактоо системасынын туруктуулугу каржылоонун натыйжалуу
системасына көбүнесе байланыштуу, ал саламаттык сактоого жиберилген
шайкеш дењгээлдеги каражаттарды акыйкаттуу бөлүштүрүү жана сарамжалдуу
пайдаланууну болжолдойт.
Саламаттык сактоону реформалоонун биринчи фазасында саламаттык
сактоо сектору медициналык кызматтарды "сатып алуучуларга" жана "кызмат
көрсөтүүчүлөргө" бөлүштүрүлүп, институттук өзгөртүүлөр болуп өттү, Бир-
диктүү төлөөчү системасы киргизилди, натыйжага багытталган МГП боюнча
көрсөтүлүүчү медициналык кызматты каржылоонун прогрессивдүү методдору-
нун негизи түптөлгөн, саламаттык сактоонун маалымат системасы түзүлгөн,
Саламаттык сактоо секторунда жүргүзүлгөн түзүмдүк өзгөртүүлөр
2003-2005-жылдарда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
бекемделген.
Мыйзамдык негизди түзүү, медициналык кызмат көрсөтүүнүн жалпы сис-
темасына артыкчылыктуу (вертикалдуу) айрым программаларды интеграциялоо
жеке медициналык кызмат менен бардык коомго көрсөтрүүчү саламаттык сак-
тоо кызматын бөлүштүрүүгө негизделген каржылоо системасын түзүүгө жар-
дам берет (а) жана саламаттык сактоонун каржылоо системасынын бардык
субъекттеринин милдетин жана ролун, финансылык агымдарды так аныктап,
саламаттык сактоону каржылоо тармагында реформаны өнүктүрүүгө жардам
берет (б).
Максат
Ресурстарды акыйкаттуу, тењ бөлүштүрүүнү камсыз кылган каржылоо
көлөмүн көбөйтүүнүн негизинде саламаттык сактоону каржылоонун туруктуу,
натыйжалуу интеграцияланган системасын түзүү, Мамлекеттик гарантиялар
программасынын жана башка артыкчылыктуу программалардын алкагында мам-
лекеттик милдеттенмелердин баланстуулугу, калк үчүн, өзгөчө кедейлер
үчүн финансылык оорчулукту азайтуу, саламаттык сактоо кызматынын калкка
жеткиликтүү болушун жакшыртуу, саламаттык сактоо ресурстарын натыйжалуу
жана үнөмдүү пайдалануу.
Коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү маселелер коюлду;
1. Саламаттык сактоону мамлекеттик каржылоо үлүшүнүн көбөйтүү жана
саламаттык сактоого каражаттарды чогултууну өркүндөтүү.
2. Саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик милдеттенмелердин са-
ламаттык сактоого жиберилүүчү финансы ресурстары менен баланстуулугун
камсыз кылуу.
3. Саламаттык сактоону каржылоо дењгээлин региондор боюнча ба-
ра-бара тењештирүү.
4. МГП боюнча медициналык кызматты, ошондой эле калктын ке-
ректөөсүнө жооп берген саламаттык сактоо аракетин камсыз кылууга багыт-
талган материалдык ресурстарды, сатып алуулар процессин өркүндөтүү.
5. Саламаттык сактоо каражаттарын бөлүштүрүү жана пайдаланууда ай-
кындыкты камсыз кылуу.
4.2.1. Саламаттык сактоо кызматын каржылоо
Саламаттык сактоо кызматын көрсөтүүнү табияты боюнча төмөнкүлөргө
бөлүүгө болот:
- МГП жана кошумча программалар боюнча көрсөтүлүүчү жеке медицина-
лык кызматтар;
- жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) медициналык кызматтар;
- бардык калкка көрсөтүлүүчү саламаттык сактоо кызматтары.
МГП жана кошумча программалар боюнча көрсөтүлүүчү жеке
медициналык кызматтар
Ар бир жаранга түз көрсөтүлүүчү жеке медициналык кызматтарды мам-
лекеттик, ведомстволук, ошондой эле саламаттык сактоонун жеке уюмдары
көрсөтө алат жана алар жеке жарандын керектөөсүн канааттандырууга ба-
гытталат. Мында бул кызматтарды каржылоо атайын ушул максаттарга карал-
ган ар кандай булактардан жүргүзүлүшү мүмкүн:
- МГП боюнча көрсөтүлүүчү жеке медициналык кызматтар МГПга карал-
ган ММК каражаттарынан жана мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан ММК
фонду аркылуу каржыланат;
- "Баштапкы дењгээлде камсыздандырылган жарандарды дары-дармек ме-
нен камсыз кылуу" ММК КП жана башка кошумча ММК программалары боюнча
көрсөтүлүүчү жеке медициналык кызматтарды ММК каражаттарынан ММК фонду
каржылайт.
Жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) медициналык кызматтар
Жогорку технологияларды колдонуу менен көрсөтүлүүчү медициналык
кызматтар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу
медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрү
фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Бардык калкка көрсөтүлүүчү саламаттык сактоо кызматтары
Бардык калкка көрсөтүлүүчү саламаттык сактоо кызматтары коомдун
муктаждыгына негизделип төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- коомдук саламаттык сактоо кызматтары;
- калктын муктаждыгын канааттандырууга багытталган керектүү мате-
риалдык ресурстар менен (дары-дармек каражаттары медициналык жабдуу)
саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарын борборлоштуруп камсыз кылуу.
2-таблица
Саламаттык сактоо кызматын каржылоо
| Саламаттык сактоо | Каржылаган | Каржылоо | Саламаттык сактоо кызматын |
| кызматтарынын түрү | уюм | булагы | алуучулар |
| МГП боюнча жеке | ММК фонду | Мамлекеттик | Кыргыз Республикасынын |
| медициналык | бюджет | жарандары. | |
| кызматтар | ММК | Калктын белгилүү топтору | |
| каражаттары | үчүн мыйзамдарда | ||
| белгиленген жењилдиктер. | |||
| Камсыздандырылган жарандар | |||
| үчүн ҮДТ дарыгеринин | |||
| жолдомосуболгондо | |||
| артыкчылыктар (кошумча | |||
| төлөө өлчөмүн азайтуу) | |||
| ММК КП боюнча | ММК фонду | ММК | Камсыздандырылган жарандар |
| жеке медициналык | каражаттары | ||
| кызматтар | |||
| Жогорку | Кыргыз | Республика- | Кыргыз Республикасынын |
| технологиялуу | Республи- | лык бюджет | жарандары |
| медициналык | сынын | ||
| кызматтар | Саламаттык | ||
| сактоо | |||
| министрлиг | |||
| Коомдук саламаттык | Региондук | Мамлекеттик | Кыргыз Республикасынын |
| сактоо кызматтары | дењгээлде | бюджет | жарандары |
| - ММКФ АБ, | |||
| республи- | |||
| калык | |||
| дењгээлде | |||
| - Саламат- | |||
| тык сактоо | |||
| министрли- | |||
| ги | |||
| Пландалуу- | |||
| да - рес- | |||
| публикалык | |||
| дењгээлде | |||
| каражат- | |||
| тарды | |||
| топтоо |
4.2.2. Саламаттык сактоону каржылоо үчүн каражаттарды топтоо
Саламаттык сактоо системасын каржылоо булактары болуп мамлекеттик
бюджеттин каражаттары (республикалык жана жергиликтүү) жана ММК кара-
жаттары эсептелет. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары иш-
теген жарандардан Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду чогулткан ММК
төгүмдөрүнөн, ошондой эле калктын аялуу категорияларына республикалык
бюджеттен түшкөн төгүмдөрүнөн түзүлөт.
Саламаттык сактоо системасы каражаттарды өзү топтобойт, республи-
калык жана жергиликтүү бюджеттерден бөлүнгөн акча каражатынан, ошондой
эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан ММК төгүмдөрүн өз убагын-
да өткөрүп берүүдөн тике көз каранды болот.
1996-2005-жылдары саламаттык сактоону каржылоо номиналдуу туюнту-
лушта эки эсеге көбөйгөнү менен саламаттык сактоого чыгашалар үлүшү
мамлекеттик бюджеттин түзүмүндө да (1996-ж. 14%тен 2004-ж. 10,9%ке че-
йин), ИДП түзүмүндө да (1996 3,2%тен 2004-ж.2,2%ке чейин) төмөндөгөн.
Каржылоонун негизги булагы болуп жергиликтүү бюджеттер эсептелген, са-
ламаттык сактоого кеткен мамлекеттик чыгашалардын түзүмүндө алардын
үлүшү 1996-ж. 71,7%тен 2002-ж. 80,6%ке чейин көбөйгөн, бирок 2004-жылга
76,7%ке чейин, ал эми ИДП түзүмүндө - 2,21%тен 1,27%ке чейин кыскарган.
Саламаттык сактоого кеткен мамлекеттик бюджеттин чыгашалар үлүшүндө
ИДПга проценттик жактан алганда 0,87%тен 0,39%ке чейин кыскарган.
1997-ж. республикада милдеттүү медициналык камсыздандыруу кирги-
зилген, ММК каражаттарынын үлүшү ИДПга карата 1997-ж. 0,03%тен 2004-ж.
0,46%ке чейин көбөйдү. 2001-ж. МГПны киргизүү менен саламаттык сактоо
жетишсиз каржылангандыктан жана калктын мыйзамсыз чыгашаларын кыскартуу
үчүн кошумча төлөө киргизилген анын көлөмү 2001-ж. 29,0 млн. сомдон
(ИДПга 0,04%) 2004-ж. 206,3 млн. сомго чейин (ИДПга 0 22%) көбөйдү
(24-сүрөт)
24-сүрөт. Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоо
булактары, ИДПга каратак % менен
Саламаттык сактоого каржылоонун кыскарышы менен жыл сайын бюджетти
секвестирлөө жана секторду региондор боюнча бирдей эмес каржылоо орун
алган. Жетишсиз каржылоо проблемасы мамлекеттик бюджеттин каражаттары-
нан жыл ичинде саламаттык сактоону каржылоого каражаттардын келиши
үзгүлтүк болуп, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан жана респуб-
ликалык бюлжеттен ММКга каражаттардын түшүүсүнүн туруктуу механизми жок
болушу абалды курчутууда.
Саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жак-
шыртууга жана медициналык кадрларды калтырууга жергиликтүү бийлик ор-
гандарынын кызыкчылыгын жок.
Саламаттык сактоону мамлекеттик каржылоо үлүшүн көбөйтүү жана са-
ламаттык сактоого каражаттарды топтоону өркүндөтүү үчүн негизги багыт-
тар пландаштырылууда:
А. 2006-2008-жылдарга БОМБ, ӨКН жана ККУС индикаторлоруна ылайык
ИДП түзүмүндө саламаттык сактоонун мамлекеттик каржылоо үлүшүн
көбөйтүү, каражаттардын чогултулушун жакшыртуу.
В. Саламаттык сактоо бюджетин түзүү механизмдерин өркүндөтүү.
С. Ден соолукту коргоо жана чыњдоо боюнча иш-чараларды кошумча
каржылоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу.
А. 2006-2008-жылдарга БОМБ, ӨКН жана ККУС индикаторлоруна ылайык
ИДП түзүмүндө саламаттык сактоонун мамлекеттик каржылоо үлүшүн
көбөйтүү, каражаттардын чогултулушун жакшыртуу
1996-жылдан баштап мамлекеттик чыгашалар түзүмүндө саламаттык сак-
тоону каржылоо үлүшүнүн кыскарышы, балдарга ММК трансфертин 26%ке гана
жана пенсионерлердин ММКга 50%ин гана бюджеттен камсыз кылуу
мүмкүнчүлүгү мамлекеттик бюджеттин каражаттарын бөлүштүрүүдө саламаттык
сактоо тармагынын артыкчылыгынын төмөндүгүн көрсөтүп турат.
2003-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан иштеген жа-
рандар үчүн ММК каражаттарынын түшүүсү жакшырганына карабай каражаттар-
ды бөлүү механизмдери туруксуз бойдон калып, коркунучка дуушар болууда.
Калкка медициналык кызмат көрсөтүү системасынын туруктуулугу, ден
соолукту коргоо, чыњдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча иш-чараларды
өткөрүү саламаттык сактоо тармагынын ресурстук камсыз болуусуна көз ка-
ранды. 2006-2008-жылдарга ӨКН жана ККУС, БОМБ максаттуу параметрлерине
ылайык саламаттык сактоого каражаттардын түшүүсүнүн көбөйүшү саламаттык
сактоону каржылоо өз убагында болушун, калк үчүн финансылык оорчулукту
азайтууну, коркунучтарды башкарууда натыйжалуулукту көтөрүүнү, медици-
налык кызматтын сапатын жана алардын калкка жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу
боюнча чараларды пландаштырууну камсыз кылууга жардам берет.
Негизги иш-чаралар
- 2006-2008-жылдарга КӨН жана ККУС, БОМБ индикаторлоруна ылайык
саламаттык сактоонун мамлекеттик каржылоо үлүшүн көбөйтүү жагын кароо;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун каржылоону реформа-
лоо концепциясына ылайык ММК төгүмүнүн (анын ичинде иштегендердин эсе-
бинен да) тарифтерин көбөйтүү;
- иштебеген жарандар үчүн ММКга республикалык бюджеттен (камсыз-
дандыруу төгүмдөрүн) трансферттерди көбөйтүп, "Кыргыз Республикасында
жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамында каралган ченемдерге чейин жеткирүү;
- эмгек келишимдеринде турбаган жарандарды ММК менен камтылышын
кењейтүү;
- иштеген жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
топтогон ММК каражаттарын банктык дењгээлде ММК фондунун эсебине авто-
маттык чегерүү механизмдерин киргизүү жана өркүндөтүү.
В. Саламаттык сактоо бюджетин түзүү механизмдерин өркүндөтүү
Саламаттык сактоо секторуна каражаттардын түшүүсүн жана бюджетти
түзүү боюнча жөнгө салуучу так механизмдердин болушу айкындыкты камсыз
кылып, региондорду каржылоодогу тењсиздиктин азайышына, ресурстарды
пайдалануунун натыйжалуулугун көтөрүүгө, калк үчүн финансылык оорчулук-
тун азайышына жардам берет.
Негизги иш-чаралар
- региондор боюнча каржылоонун бирдей эместигин бара-бара азайтуу
үчүн саламаттык сактоонун каржылоо параметрлерин иштеп чыгуу;
- калктын жыныстык-курактык курамын, климаттык өзгөчөлүктөрдү, ад-
министрациялык борборлордон алыстыгын жана башка факторлорду эсепке ал-
ган түзөтүү коэффициенттерди киргизүүгө кошумча акча каражат бөлүп
берүү зарылдыгын эске алып бюджетти түзүү;
- саламаттык сактоонун бюджетин анын артыкчылыктарын жана калктын
муктаждыктарын эске алып, бюджеттик каржылоонун минимум стандарттарынын
негизинде түзүү;
- МГПны калктын социалдык жактан аялуу категорияларына жењилдик
берүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын эске алып түзүү;
- саламаттык сактоо бюджетин түзүүдө саламаттык сактоо уюмдарынын
түзүм өзгөртүү жана анын иш-аракетин оптималдаштыруу процессинде
үнөмдөлгөн каражаттарды реинвестициялоо.
С. Ден соолукту коргоо жана чыњдоо иш-чараларын кошумча каржылоого
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу
Мамлекеттик борборлоштурбай башкаруу процесстери, өз алдынча баш-
каруу органдарынын ролун көтөрүү жергиликтүү жамааттардын ден соолугун
коргоо жана чыњдоо маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттардын, өз ал-
дынча башкаруу, жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын катышуусу
менен ажырагыс байланышкан. Акыркы жылдары өз алдынча башкаруу, жерги-
ликтүү мамлекеттик башкаруу органдары өзүлөрүнүн бюджеттеринде саламат-
тык сактоого каражаттары болбогондуктан (Бишкек жана Ош шаарларын кош-
погондо) өз калкынын ден соолугун коргоо жана чыњдоого активдүү катыш-
кан эмес.
Саламаттык сактоо чөйрөсүндө өз алдынча башкаруу, жергиликтүү мам-
лекеттик башкаруу органдарынын милдеттерин так бөлүштүрүү, саламаттык
сактоо объекттерин кармоо үчүн жергиликтүү жамааттардын кошумча киреше-
леринин болушу, калкты социалдык жактан коргоо жана медициналык кадр-
ларды калтыруу менен ажырагыс байланышта.
Жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү бюджеттин каражаттарын калкка
кошумча жардам берүү жана саламаттык сактоо объекттерин өнүктүрүү ишине
жумшоо укугун берүү алардын ролун көтөрүп, ден соолукту коргоо, медици-
налык кадрларды калтыруу маселелерин чечүүгө жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарын тартуу механизмдерин түзөт.
Негизги иш-чаралар
- муниципалдык билим берүү дењгээлинде калктын ден соолугун чыњдоо
жана коргоо тармагында жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдарынын артыкчылыктарын аныктоо жана жергиликтүү
социалдык программаларды ишке ашыруу үчүн кошумча каржылоо булактарын
табуу;
- капиталдык инвестицияларда саламаттык сактоонун муниципалдык
объекттеринин муктаждыгын аныктоо, саламаттык сактоого жергиликтүү бюд-
жеттен кошумча каражат бөлүп берүү;
- каржылоо булактарын аныктоо жана муниципалдык дењгээлде саламат-
тык сактоо кызматкерлерин колдоо үчүн социалдык, финансылык жана мате-
риалдык стимулдарды киргизүү.
4.2.3. Саламаттык сактоо каражаттарын топтоо
ЖӨБО реформасынын алкагында бюджеттик процессте олуттуу
өзгөртүүлөр жана эки дењгээлдик бюджеттик системага өтүү пландаштырылу-
уда. Азыркы мезгилде Бирдиктүү төлөөчү системасында саламаттык сактоого
каржылоо каражаттары облустук дењгээлде топтолот.
Саламаттык сактоо каражаттарын чакан пулдарга фрагменттөө (жерги-
ликтүү бюджеттер) региондорду каржылоодо тењсиздикти кескин күчөтүп,
бар ресурстардын натыйжалуу пайдаланылышына тоскоол болот, калк үчүн
оорчулук көбөйүп, анын кесепетинен саламаттык сактоо кызматынын жетки-
ликтүүлүгү начарлайт, ошондуктан республикалык дењгээлде саламаттык
сактоо каражаттарын топтоо оптималдуу болуп саналат. Бул калктын киши
башына саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү ченеминин негизинде
региондор боюнча финансы ресурстарын акыйкаттуу бөлүштүрүүгө, ошондой
эле акыркы натыйжага багытталган саламаттык сактоо кызматына калктын
муктаж болушунун негизинде медициналык кызматты сатып алууга жардам бе-
рет.
Тобокелдерди топтоонун жана ар кандай социалдык топтор көрсөтүүчү
медициналык кызматты туш-туштан субсидиялоонун эсебинен бюджетти
түзүүнүн айкындыгын камсыз кылып, региондордун географиялык
өзгөчөлүктөрүнө карабай бирдиктүү эрежелер боюнча медициналык кызматтын
ар кандай түрлөрүнө калктын муктаж болуусунун негизинде (өзгөчө сала-
маттык сактоо артыкчылыктарын эске алуу менен) саламаттык сактоо ре-
сурстарын пландаштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Ушуга байланыштуу өз алдынча пулдарды түзүү менен (25-сүрөт) рес-
публикалык дењгээлде саламаттык сактоо каражаттарын топтоо пландаштыры-
лууда, мында:
- ММК фонду МГП жана ММКнын кошумча программалары боюнча
көрсөтүлүүчү жеке медициналык кызматты каржылоого жооптуу болот;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кымбат баа-
луу (жогорсу технологиялуу) медициналык кызматты, ошондой эле бардык
калкка көрсөтүлүүчү саламаттык сактоо кызматына, анын ичинде дары-дар-
мектерди, вакциналарды, бактериялык препараттарды, кымбат баалуу меди-
циналык жабдуулар жана башка капиталдык инвестицияларды, МГП боюнча
кызмат көрсөтпөгөн республикалык бюджеттеги саламаттык сактоо уюмдарын
каржылоого жооптуу болот.
25-сүрөт. Саламаттык сактоо каражаттарын топтоо
| Саламаттык сактоо министрлиги | ММК фонду | |
---v--- ---------------v----------------
| БТФ | Борбордоштурулган иш-чаралар | |
-------------v------------------------ ------------v------------------
| Республкалык бюджетте турган | Мамлекеттик гарантиялар | |
| жана МГП боюнча иштебеген | программалар жана ММК кошумча | |
| саламаттык сактоо уюмдарын, илимий | программалары боюнча | |
| коштомолору, билим берүүнү жана | көрсөтүлүүчү жеке медициналык | |
| саламаттык сактоонун коомдук | кызматты каржылоо | |
| кызматтарын каржылоо |
4.2.4. Саламаттык сактоо кызматын сатып алуу
Медициналык кызмат рыногунун ассиметриясы керектөөчөлөрдүн ыксыз
жүрүм-туруму менен айкалышканда чыгашалуу механизм түзүлүшү күтүлүп,
саламаттык сактоодо түзүмдүк диспропорциялардын пайда болушуна алып ке-
лет. Мамлекет калкка медициналык, алдын алуучу жардамдын кыйла бөлүгүн
каржылоону өзүнө алгандыктан ресурстарды акыйкаттуу бөлүштүрүү,
түзүмдүк натыйжасыздыкты азайтуу үчүн 1997-жылдан баштап республикада
медициналык кызмат көрсөтүүчүлөр менен контракттык стратегияны ишке
ашыруу башталды.
МГП боюнча медициналык жардамды каржылоого өткөндөн кийин келишим-
дерде көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын көлөмү чагылдырылды. Ошону ме-
нен бирге, стационарларда бир кишинин дарыланышына төлөп берүү методдо-
рунда салынган терс стимулдар ооруканага жатуулардын өсүшүнө, стацио-
нарларда бейтаптардын жаткан орточо узактыгынын кыскарышына, стационар-
лардын амбулатория-диагностикалык бөлүмдөрүнүн (АДБ) адистери жана
ҮМБ/ҮДТ дарыгерлери ооруканага жаткырууга негизсиз жолдомо беришине
алып келет.
Айрым кызмат көрсөтүүчүлөрдүн финансылык туруксуздугунан, комму-
налдык тейлөө боюнча чоњ кредитордук карыздын пайда болушунан (жерги-
ликтүү бюджеттерден жетишсиз каржылагандыктан), саламаттык сактоо уюм-
дарынын аракетин оптималдаштыруу жана түзүмүн өзгөртүү процесстеринин
бүтө электигинен, коммуналдык тейлөө боюнча өз ара эсептешүүнү жерги-
ликтүү бюджеттерден өткөргөндүктөн реинвестиция механизмдери толук кан-
дуу иштеп кеткен жок.
Инфраструктураны кармоого тарыхый жактан түзүлүп калган шайкешсиз
бюджет, региондорду каржылоодо ачык көрүнүп турган тењсиздик, саламат-
тык сактоо секторун мамлекеттик каржылоонун артыкчылыгынын төмөндүгү
МГП боюнча жеке жана коомдук медициналык кызматтардын көлөмүн жана
түрүн кыскартууга, калкка берилүүчү жењилдиктерди кыскартууга, ошондой
эле калктын расмий эмес чыгашаларынын өсүшүнө алып келет.
Түзүлгөн шартта мамлекеттик милдеттердин финансылык ресурстарга
баланстуулугун камсыз кылуу төмөнкү учурларда гана мүмкүн:
- медициналык жардам көрсөтүү түзүмүн жана көлөмүн башкаруунун на-
тыйжалуулугун көтөргөндө;
- калкка берилүүчү жењилдиктердин көлөмүн жөнгө салганда;
- кошумча төлөө өлчөмүн жөнгө салганда;
- келишимдик процессти жана сатып алуулар методдорун
өркүндөткөндө.
Сатып алууларды кайталоону четтетүү жана артыкчылыктуу программа-
ларды каржылоонун интеграциясы үчүн саламаттык сактоо кызматын сатып
апуу жеке медициналык кызматты сатып алууга жана бардык калкка
көрсөтүлүүчү саламаттык сактоо кызматын сатып алууга бөлүнгөн. Мында
сатып алуучу тарап катары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлиги жана ММК фонду чыгат.
4.2.4.1. Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча ММК фондунун
жеке медициналык кызматты сатып алуусу
МГП акысыз жана жењилдетилген шартта медициналык-санитардык жардам
көрсөтүү шартын, көлөмүн жана түрлөрүн аныктайт. Бирдиктүү төлөөчү сис-
темасында көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын ар кандай
түрлөрүн каржылоо методдору мыйзам жагынан аныкталган. Каржылоонун
прогрессивдүү методдорун киргизүү менен көњүл баштапкы саламаттык сак-
тоо тарапка бурула баштады, аны каржылоо үлүшү 2000-жылдагы 16%тен
2004-ж. 30% ке чейин көбөйдү.
МГПны жана кошумча төлөөнү 2001-2004-жылдары этап-этабы менен кир-
гизүү, 2003-жылы клиникалык-сарптоо топторун реклассификациялоо жана
рекалибрлөө, МКБ-10 боюнча бир кишинин дарыланышын классификациялоого
өтүү келишимде жазылган көлөмдөн көбүрөөк киши дарыланышы үчүн төлөп
берүү маселелерин чечүүгө терењ талдоону талап кылды (26-сүрөт).
26-сүрөт. Келишимдерде жазылгандарга салыштырмалуу 2004-жылы
ооруканага жатуу саны өөдө-төмөн болушу, %
Баштапкы саламаттык сактоонун калктын ден соолугуна жоопкерчиликти
өзүнө толугу менен алууга даяр эместиги, медициналык жардам көрсөтүүнүн
жогору турган дењгээлине жолдомолордун көп болушу баштапкы саламаттык
сактоонун натыйжалуу иштеши үчүн экономикалык стимулдардын жетишсизди-
гин ачыкка чыгарды.
Жеке медициналык кызматтарды сатып алуулардын натыйжалуулугун
көтөрүү үчүн төмөнкү негизги багыттар сунушталат:
А. БМСЖ медициналык кызматын өркүндөтүү.
В. Амбулаториялык дењгээлде көрсөтүлүүчү адистештирилген медицина-
лык жардамды сатып алууну өркүндөтүү.
С. Стационарлардын медициналык кызматын сатып алууну өркүндөтүү.
D. Медициналык кызмат сатып алганда контракттардын (келишимдердин)
ролун күчөтүү.
А. БМСЖ медициналык кызматын сатып алуу
Реформанын биринчи фазасында Бирдиктүү төлөөчү системасын киргизүү
менен киши башына карата ченемдин негизинде БМСЖ каржылоонун жањы ме-
тоддору биринчи кезекте ММК каражаттары, андан кийин бюджеттик каражат-
тар боюнча киргизилди. Киши башына карата ченемди акырындап көбөйтүү
БМСЖ чыгашаларын да, саламаттык сактоонун чыгашалар түзүмүндө алардын
үлүшүн да көбөйтүүгө, эмгек акы төлөөнүн жањы методдорун киргизүүгө
өбөлгө түздү.
2004-жылы медициналык тез жардам кызматын Үй-бүлөлүк медицина бор-
борлоруна өткөрүп берүү үй-бүлөлүк дарыгерлердин натыйжалуу иштешине
жана медициналык тейлөө сапатын өркүндөтүү үчүн кошумча стимул берди.
Ошону менен бирге медициналык тез жардам кызматына арналган үнөмдөлгөн
каражаттарды кайра бөлүштүрүү болгон жок, анткени медициналык тез жар-
дам кызматын каржылоо түзүлгөн каржылоо көлөмүнөн 1 бригаданы кармоого
ченем боюнча жүргүзүлөт. Мындан тышкары ҮДТ жана ҮМБда көрсөтүлүүчү
атайын кызмат үчүн бөлүштүрүлгөн киши башына карата ченемдер бир жагы-
нан ҮДТ чыгашаларын коргойт, экинчи жагынан ҮДТда бейтаптарды адистерге
жолдомо берүү стимулу калат. Ошол эле мезгилде ҮМБга катуу чектөөлөр
болгондуктан жеке адистер боюнча штаттык түзүмдү оптималдаштырып, амбу-
латориялык шартта адистештирилген жардам көрсөтүүгө арналган каражат-
тарды сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жок.
Үй-бүлөлүк дарыгерлердин кесиптик компетенциясынын жогорулашы,
ҮМБлардын материалдык-техникалык жабдылышы оњолуп, БМСЖ
көрсөтүүчүлөрдүн башкаруучулук жана финансылык автономиясы көбөйүшү ме-
нен баштапкы саламаттык сактоонун натыйжалуулугун көтөрүү жана сапаттуу
дарылоого экономикалык стимулдарды түзүү үчүн маалымат технологияларын
пайдалануунун негизинде ички мекемелик менеджментти жакшыртуу пландаш-
тырылууда. Медициналык кызматты стратегиялык пландаштырууну киргизүү
зарыл. БМСЖ көрсөтүүчүлөрдүн даярдыгына жараша стационарлардын АДБла-
рында да, ҮМБларда да амбулаториялык дењгээлде көрсөтүлүүчү медициналык
кызматка төлөп берүү үчүн каражаттарды үнөмдүү пайдалануу механизмдерин
этап-этабы менен киргизүү мүмкүн.
Негизги иш-чаралар
- БМСЖ көрсөтүүчүлөрдүн башкаруучулук жана финансылык автономиясын
жогорулатуу, финансылык менеджменттин ролун күчөтүү;
- киши башына карата ченем боюнча төлөп берүү методдорун
өркүндөтүү;
- ҮДТларга калкты каттоону аяктоо;
- БМСЖларды маалыматтык технологияларга өткөрүү;
- БМСЖ ишинин натыйжалуулугун көтөрүү үчүн түзөтүүчү коэффициент-
терди киргизүү;
- МГП боюнча акысыз керсөтүлүүчү лабораториялык-диагностикалык,
медициналык кызматтардын түрлөрүн жана көлөмүн, ошондой эле кошумча
төлөөнү стратегиялык пландаштыруу;
- Медициналык тейлөөнүн сапатын өркүндөткөн стимулдарды иштеп чы-
гуу жана киргизүү;
- медициналык жардам көрсөтүү, калктын ден соолугун чыњдоо жана
ооруларды алдын алуу иш-чараларын өткөрүү боюнча жањы иш милдеттердин
негизинде иштелип чыккан медициналык кызматкерлердин милдет нормасын
аныктоо;
- объективдүү индикаторлордун негизинде (сапаты үчүн сыйлоо) калк-
тын ден соолугун чыњдоодо жетишкен жакшы көрсөткүчтөр үчүн жыл жыйынты-
гы боюнча БМСЖ уюмдарын сыйлоо механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке кир-
гизүү;
- төмөнкүгө жиберилчү каражаттарды натыйжалуу пайдалануу механизм-
дерин иштеп чыгуу:
- МГП боюнча дары-дармек менен жењилдетилген шартта камсыз кылуу-
га;
- ММК КП боюнча камсыздандырылган жарандарды дары-дармек менен
камсыз кылууга;
- саламаттык сактоонун башка уюмдарында ҮМБ/ҮДТ жолдомосу боюнча
лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана консультаци-
яларга төлөп берүүгө;
- саламаттык сактоонун башка уюмдары борборлоштуруп жүргүзгөн ла-
бораториялык жана диагностикалык изилдөөлөргө төлөп берүүгө;
- баштапкы медициналык-санитардык жардам дењгээлинде (ТМЖ,
ҮМБ/ҮДТ) калкты тейлөө үчүн интеграцияланган киши башына карата ченемди
киргизүү.
В. Амбулаториялык шартта адистештирилген медициналык кызматты
сатып алуу
Кызмат көрсөтүү системасынын түзүмүн өзгөртүү процессинде баштапкы
медициналык жардам жана стационардык жардам көрсөтүүчүлөр болуп
бөлүштүрүлгөн, ушуга байланыштуу стационарларда ҮМБлар жана амбулатори-
ялык-диагностикалык бөлүмдөр уюшулган. Мында амбулаториялык дењгээлде
адистештирилген жардам көрсөтүү кайталанбашы керек деген максат коюл-
ган. Бирок, жабдуулар менен бирдей жабдылбагандыгы, стационарларда ква-
лификациялуу адистердин үстөмдүк болушу биротоло түзүм өзгөртүү жана
оптималдаштырууга чейин өтмө мезгилде стационарлардын ҮМБ жана АДБла-
рында киши башына карата ченемдин негизинде медициналык жардамдын адис-
тештирилген түрлөрүнө төлөп берүү киргизилген.
Натыйжада көпчүлүк стационарлардын АДБлары ҮМБ ишин кайталап бей-
тапканадагыдай иштей башташты. ҮМБларда керектүү жабдуулардын жана ре-
активдердин жоктугу стационарлардын АДБ адистерине жолдомо берүүгө жана
түз эле өзү кайрылышына кошумча стимул болуп калды. Стационарлардын
АДБлары бейтаптарды стационарга жолдомо берүү укугун билип стационардык
дарыланууга бейтаптардын агымын көбөйтгү, ошол эле учурда ал бейтаптар-
дын кыйласын амбулаториялык дењгээлде дарылоого мүмкүн болчу.
Түзүлгөн жагдайда амбулаториялык шартта адистештирилген жардам
көрсөтүүгө уюштуруучулук мамилени өзгөртүү менен медициналык кызмат
көрсөтүүдө кайталоону жок кылууга жана стационарлардын АДБ жана ҮМБлар-
дын ишинин натыйжалуулугун көтөрүүгө жардам берген экономикалык стимул-
дарды түзүүгө багытталган стратегиялар сунушталат.
Негизги иш-чаралар
- стационарды алмаштыруучу технологияларга төлөп берүү механизм-
дерди иштеп чыгуу;
- АДБларга төлөп берүү методдорун өзгөртүү - киши башына карата
ченемден кечиктирилгис жардам көрсөтүүдө медициналык кызмат көлөмүн
пландаштыруунун негизинде стратегиялык сатып алууларга өтүү;
- АДБлардын лабораториялык-диагностикалык жана консультациялык
жардамына төлөп берүү үчүн кызмат көрсөтүүчүлөр ортосунда (ҮМБ жана
стационар) келишимдик мамилени киргизүү, анын чегинде ҮДТ/ҮМБ жолдомо-
лору боюнча көрсөтүлгөн кызматка ҮМБ төлөп берет.
С. Стационарлардын медициналык кызматын сатып алуу
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген стационарларда бир кишинин
дарыланышы үчүн төлөп берүү методун киргизүү стационарлардын аракетинин
натыйжалуулугун көтөрүүгө, бейтаптардын жаткан убактысынын орточо узак-
тыгынын кыскарышына, бейтаптарды дарылоого жиберилүүчү чыгашаларды оп-
тамалдаштырууга стимул түздү.
Маалымат технологияларды колдонуу менен клиникалык-сарптоо топто-
рунун негизинде бир кишини дарылоо үчүн стационарларга төлөп берүү
калктын ар кандай категорияларына көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын
көлөмүнө жана түзүмүнө терењ талдоо жүргүзүүгө, каражаттарды натыйжалуу
жана үнөмдүү пайдалануу боюнча мониторинг кылуунун негизинде чара
көрүүгө жардам берет.
Төлөп берүү системасындагы өзгөртүүлөргө сезимтал мамиле жасаган
оорукана тармаганын бейтаптарды тартуу үчүн жетиштүү ийкемдүүлүгү бар.
Натыйжада 2001-2004-жылдары гана ооруканага жатуулардын саны 17,3%ке
көбөйдү. Кишилерди дарылоо саны боюнча келишимдердин шартынан четтеп
кетүүлөр орун алган, айрым стационарларда мындай четтеп кетүүлөр
50-80%ке жетет. Баштапкы дењгээлде жөнгө салынчу ооруларда ооруканага
жаткыруу дењгээли өтө жогору.
Жетишсиз жана бирдей эмес каржылоо бейтаптардын дарылоого кеткен
чыгашаларын жаппайт. Каржылоо көлөмүнүн жана МГП боюнча мамлекеттик
милдеттенмелердин баланстуу болбогондугунан, коммуналдык кызмат боюнча
өз ара эсептешүү жүргүзүү практикасынан стационардык жардамдын
көлөмүндө жана түрлөрүндө түзүмдүк диспропорция сакталууда, кызмат
көрсөтүүчүлөрдүн чыгашаларды оптималдаштырууга жана алардын түзүмүн
өзгөртүүтө кызыкканы төмөн. Айтсак, үчүнчү дењгээлдеги стационарлар же-
тиштүү каржылоо албай, түзүлгөн шартта өз камын көрүп бейтаптарды тар-
тышат, ал бейтаптар медициналык жардам көрсөтүүнүн төмөөн дењгээлинде
дарыланышы мүмкүн эле.
Кыйын жагдай Чаткал, Чоњалай райондорунун стационарларында, алыскы
жерде жайгашкан, кышында транспорт коммуникациясы болбогон айрым айыл-
дык участкалык ооруканаларда түзүлдү. Алардын иштерине жүргүзүлгөн мо-
ниторинги көрсөткөндөй, ушундай стационарлар үчүн көрсөтүлүүчү медици-
налык кызматка төлөөнүн жекече шарты талап кылынат.
Стационарлардын финансылык жана башкаруучулук автономиясын көтөрүү
үчүн келишимдик мамиленин натыйжалуулугун жана келишимди аткарууга жо-
опкерчиликти көтөрүү менен катар каржылоону барган сайын тењештирүү ме-
нен төмөнкү иш-чаралар сунушталат:
Негизги иш-чаралар
- актуалдык талдоонун негизинде стационардык жардамдын көлөмүн жа-
на түзүмүн стратегиялык пландаштыруу;
- башкаруучулук жана финансылык автономияны жогорулатуу, финансы-
лык менеджменттин ролун күчөтүү;
- жүргүзүлгөн чыгашаларга жана көрсөтүлүүчү медициналык жардамга
кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жана ролун көтөрүү;
- медициналык кызматтын көлөмүнө, түзүмүнө жана сапатына монито-
ринг жүргүзүүнүн негизинде бир кишини дарылоо үчүн төлөп берүү методдо-
рун өркүндөтүү;
- ооруканага аз жатканда, стационарга негизи болуп узак жатканда,
ошондой эле келишимде белгиленген көлөмдөн тышкары ооруканага жатуу
учурлары үчүн төлөп берүү механизмдерин иштеп чыгуу;
- алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан стационарларды
жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын тартуу менен каржылаганда каржы-
лоонун интеграцияланган методдорун иштеп чыгуу;
- аккредитациялоо натыйжаларын, далилдүү медицина методдорун дары-
лоонун жогорку технологиялуу жана кымбат баалуу методдорун колдонуу ме-
нен дарылоо учурларына төлөп бергенде колдонуу.
D. Медициналык кызматты сатып алганда контракттардын
(келишимдердин) ролун күчөтүү
Кызмат көрсөтүүчүлөр жана сатып алуучулар ортосунда келишим түзүү
каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун, көрсөтүлүүчү кызматтын са-
патын көтөрүүгө түрткү берет. Өз ара милдеттенмелерди жана медициналык
кызматка төлөп берүү параметрлерин аныктоо каражаттарды бөлүштүрүүдө
жана пайдаланууда айкындыкты көтөрөт, чыгашаларды пландаштырып, аларды
натыйжалуу башкарууга жардам берет.
Саламаттык сактоо реформасынын биринчи фазасында мамлекеттик мил-
деттенмелердин баланстуу болбой калышы, саламаттык сактоо уюмдарынын
жергиликтүү бюджеттин каражаттары боюнча кредитордук карызынын болушу
келишимдик процесстин толук кандуу өнүгүшүнө тоскоол болуп, стационар-
ларда дарыланган бейтаптардын саны келишимдерде көрсөтүлгөн ооруканага
жатуулардын саны ашып кетчү.
Медициналык-санитардык жардамдын ар кандай түрлөрүнүн көлөмүн жана
түзүмүн (стратегиялык сатып алуулар) пландаштыруу жана талдоонун неги-
зинде келишимдик процессти жана сатып алууларды башкаруу, консолидация-
ланган бюджетке өтүү келишимдик процесстердин мониторинг жүргүзүү ро-
лун, келишимдик милдеттерди аткаруу боюнча тараптардын жоопкерчилигин
көтөрөт.
Негизги иш-чаралар
- эсепти жөн гана төлөп берүүдөн стратегиялык сатып алууларга
өтүү;
- контракттардын шартын аткаргандыгы үчүн кызмат көрсөтүүчүлөр жа-
на төлөөчүлөрдүн жоопкерчилигин көтөрүү.
4.2.4.2. Калк үчүн жењилдиктер жана кошумча төлөө
А. Калк үчүн жењилдик берүү механизмдерин өркүндөтүү
МГПны ишке ашыруу процессинде медициналык кызматты акысыз алуу
укуктары бар, же минималдуу кошумча төлөгөн (2001-ж. - 29 категория,
2004-ж. - 52) адамдардын категориялары өтө көбөйүп кетти. Ошону менен
бирге, эгерде стационарларда медициналык кызматты акысыз алууга укуктуу
адамдар 2001-2002-жылдары орто эсеп менен 10%ти түзсө, 2004-ж. стацио-
нарларда дарылангандардын ичинен социалдык жењилдиктерге укуктуу адам-
дар 2003-ж. 8,8%тен 2004-ж. 24,1%ке чейин өстү. Ошентип, 2004-ж. стаци-
онарларда акысыз 33,3% дарыланган, минималдуу кошумча төлөө менен -
11,1%, ал жалпысынан дарыланган бейтаптардын 44,4%ин түзөт.
Жењилдиктерди кењейтүү кошумча каражаттардын табылышы менен тыгыз
байланышта. Мамлекеттик милдеттенмелердин МГП каржылоо көлөмү менен ба-
ланстуулукта болушу үчүн калкка жењилдиктерди берүүнү жөнгө салган мый-
замдык базаны инвентаризациялоо, калктын ошол категорияларынын медици-
налык жардамдын көлөмүнө жана түрлөрүнө муктаждыгын билүү, жењилдиктер-
ди камсыз кылууга кошумча каражат булактарын аныктоо жана көлөмүн эсеп-
теп чыгаруу.
Медициналык жардамды саламаттык сактоо уюмунун резервдик фондусу-
нун эсебинен алган жана жењилдиктерге укуктары жок жакыр жарандарга
акысыз медициналык жардам көрсөтүү механизми үй чарбалардын кирешесин
эсепке алып, даректүү жењилдик берүүгө негизделип өркүндөтүлүшү керек.
Негизги иш-чаралар
- жењилдиктерге укуктары бар калктын категорияларынын тизмесин
аныктоо;
- медициналык жардам көрсөтүүнүн ар кандай дењгээлдеринде жењил-
диктерге укуктары бар адамдар үчүн медициналык кызматты каржылоо булак-
тарын жана көлөмүн аныктоо;
- калктын тиешелүү социалдык жактан аялуу топтору медициналык кыз-
матты керектөө болжолунун негизинде жењилдиктерге укуктары бар адамдар
үчүн медициналык кызматты каржылоо булактарын жана көлөмүн аныктоо;
- жакыр жарандарга медициналык кызматты даректүү көрсөтүү меха-
низмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү.
В. Кошумча төлөө саясатын өркүндөтүү
Кошумча төлөө 2001-2004-жылдары саламаттык сактоону жетишсиз кар-
жылоодон жана дарылоого калктын расмий эмес берген төлөөлөрүнүн жогорку
дењгээлинен жана медициналык кызматты негизсиз керектөөнү токтотуу ме-
ханизмдердин бири катары киргизилген.
"Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамында МГП каржылоо көлөмүнөн тышкары меди-
циналык кызматка төлөөгө калктын катышаары регламенттелген.
Кошумча төлөө өлчөмүн аныктоо калктын дарылоого расмий эмес
төлөөлөрүн иликтөөгө негизделген, мында социалдык жактан аялуу калктын
категорияларына кошумча төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотуу
жењилдиги берилген. Кошумча төлөө өлчөмү калк үчүн жеткиликтүү болушу
керек, ошол эле учурда медициналык кызматты жөнү жок керектөөсүн токто-
туу үчүн өтө төмөн болбошу зарыл. Белгилеп кетчү нерсе, кошумча төлөгөн
бир адамга орто эсеп менен анын өлчөмү 2001-жылдагы орточо бир айлык
акынын 20,8%нен (302 сом) 2004-жылы 30,8%ке (679 сомго) чейин көбөйдү.
Кошумча төлөөнүн номиналдуу өлчөмдөрү региондор боюнча олуттуу айырма-
ланып турат жана алар оорунун профили, социалдык статуска жана оорука-
нага жаткыруу жолдомосуна жараша болот.
Ошону менен бирге, кошумча төлөө мамлекеттик бюджеттен каржылоону
алмаштырбайт, ушуга байланыштуу саламаттык сактоого чыгашалардын өсүшүн
эске алып, кошумча төлөө өлчөмүн аныктоо саясатын иштеп чыгуу керек.
Мамлекеттик бюджеттен саламаттык сактоого каржылоо көлөмү көбөйгөн са-
йын кошумча төлөө өлчөмү төмөндөшү керек, ошону менен үй чарбаларга
түшкөн чыгашалар жүгү жењилдетилет.
Негизги иш-чаралар
- калктын дарылоого кеткен расмий эмес чыгашалар дењгээлин, сала-
маттык сактоону мамлекеттик каржылоонун дењгээлин жана калктын киреше-
лер дењгээлин мезгил-мезгили менен изилдөөнүн негизинде келечектүү
мөөнөткө кошумча төлөө саясатын иштеп чыгуу.
- дарылоого кеткен ар кандай чыгашалар дењгээлинде кошумча төлөө
өлчөмүнө жиктеп (дифференциациялуу) мамиле кылуунун негизинде калктын
ар кандай категорияларына медициналык кызматтын ар кандай түрлөрүндө
кошумча төлөөнүн чектүү дењгээлин аныктоо.
4.2.4.3. "Баштапкы дењгээлде камсыздандырылган жарандарды
дары-дармек менен камсыз кылуу" ММК Кошумча программасы
боюнча ММК фонду кызматтарды сатып алуусу
Баштапкы дењгээлде дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча ММК КП
республиканын бардык аймагында жайылышы дары-дармек каражаттарынын жет-
киликтүү болушуна, далилдүү медицина принциптерин киргизүүгө кыйла жар-
дам берди. Бул баштапкы дењгээлде жөнгө салынчу мониторингтелген айрым
оорулар боюнча, атап айтсак кан басымьгаын жогорулашында, ашказандын
жана 12 эли ичегинин жара оорусунда, бронхтук астмада, оорулардын күчөп
кетишин алдын алууда, башкача айтканда акыркы натыйжада ачык билинет.
Бул программаны каржылоо ММК каражаттарынан жүргүзүлөт жана ал ки-
ши башына карата ченем менен чектелет, мында айрым ҮМБлар калктын мук-
таждыгына жооп берип киши башына карата ченем менен коюлган лимиттерден
ашып кетишет, ошол эле учурда башка ҮМБларда бул программаны ишке ашы-
рууга каралган каражаттар толугу менен колдонулбай калат. 2004-жылы
жалпысынан бюджетте каралган лимит колдонулбай калганын эске алып,
калктын муктаждыгына жараша ММК КП боюнча каражаттарды кайра бөлүштүрүү
башталган, бул виртуалдуу фонд кармоонун элементи болуп саналат, анда
фармацевттик кызмат көрсөтүүчүлөргө каражат кайтарып берүү ММК рецепт-
тери боюнча фактылык берилген дары-дармектерге жүргүзүлөт.
ММК КПнын клиникалык жана экономикалык олуттуу натыйжасын эске
алып, өзгөчө баштапкы дењгээлде жөнгө салынчу ооруларда, "Манас таали-
ми" программасынын алкагында калктын муктаждыгын жана жарандардын жа-
шоо-турмушунун сапатына берген таасирин эске алып ошол программаны ан-
дан ары өркүндөтүү пландаштырылууда.
Негизги иш-чаралар
- ММК КПга дары-дармектерди киргизүү үчүн артыкчылыктарды аныктоо;
- ММК КП боюнча кайтарып берүү үчүн базистик бааларды эсептөө ме-
ханизмдерин өркүндөтүү;
- ММК КП каржылоодо муктаждыктарды аныктоо;
- ММК КП боюнча дары-дармектерди колдонууда жөнгө салуучу меха-
низмдерди иштеп чыгуу.
4.2.4.4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
саламаттык сактоо кызматтарын сатып алуусу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги МГП боюнча
медициналык кызмат көрсөтпөгөн республикалык бюджетте турган саламаттык
сактоо уюмдарын каржылайт, алардын ичине коомдук медициналык кызмат
көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдары менен катар артыкчылыктуу жана вер-
тикалдуу программалардын алкагында калкка жеке кызмат көрсөткөн үчүнчү
дењгээлдеги мекемелер кирет.
Республикалык дењгээлде саламаттык сактоо бюджетин топтоо шартында
жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзгөн са-
ламаттык сактоо кызматын сатып алуунун натыйжалуулугун көтөрүү үчүн
төмөнкү негизги багыттар сунушталат:
А. Жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) медициналык кызматты са-
тып алууну өркүндөтүү.
В. Капиталдык инвестициялардын максаттуу багытталышын жана баланс-
туулугун камсыз кылуу.
С. Коомдук саламаттык сактоо кызматын каржылоону өркүндөтүү.
D. Артыкчылыктуу программалардын алкагында борборлоштурулган сатып
алуулардын натыйжалуулугун көтөрүү.
Е. Билим берүү жана изилдөө ишин каржылоо механизмдерин
өркүндөтүү.
А. Жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) медициналык кызматты
сатып алууну өркүндөтүү
2002-жылдан тартып жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) медицина-
лык кызмат көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарынын чыгашаларын жабуу
үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык
жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун (БТФ)
түзгөн. Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу)
түрлөрүнүн фонду республикалык бюджеттин, гуманитардык жардамдын кара-
жаттарынан, юридикалык жана жеке жактардын, демөөрчүлөрдүн, коомдук,
коммерциялык, диний жана башка уюмдардын төгүмдөрүнөн, эл аралык коом-
дук фонддордун, чет өлкөлүк өкмөттүк эмес жана өкмөттүк уюмдардын
гранттарынан түзүлөт. БТФны каржылоо 2004-жылы 2002-жылга салыштырмалуу
3,5 эсеге көбөйүп, 14,3 млн. сомду же республикалык бюджеттин 3,9%ин
түздү.
2004-ж. БТФ каражаттарынын эсебинен медициналык жабдуулар жана
сарпталуучу материалдар 10,2 млн. сом суммасына сатып алынган, медици-
налык кызмат көрсөтүүгө 3,1 млн. сом жөнөтүлгөн. Бирок бул каражаттар
чыгашаларды жабууга жетишсиз, ошондуктан чыгашалардын көп бөлүгү бей-
таптардын оорчулугу болуп калууда.
Региондордун тургундарына жогорку технологиялуу дарылоо методдору
жеткиликтүү болушу өтө төмөн дењгээлде сакталууда. Мисалы, Бишкек шаа-
рынын тургундары БТФ каражаттарын 54,7% колдонушкан, Чүй облусу -
17,0%, Ысыккөл облусу - 8,4%, Жалалабат облусу - 7,5%, Ош облусу -
5,9%, Баткен облусу - 2,4%, Нарын облусу - 2,3%, Талас облусу -1,1%
(27-сүрөт).
27-сүрөт. 2004-жылы БТФ каражаттарынан медициналык кызматты
каржылоо.
Негизги иш-чаралар
- БТФти каржылоону бара-бара көбөйтүү;
- БТФтен көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын көлөмүн аныктоо;
- БТФ каражаттарын пайдаланууда региондор үчүн квоталарды аныктоо;
- кымбат баалуу медициналык жабдууну кармоого жыл сайын каржылоо
муктаждыгын аныктоо.
В. Капиталдык инвестициялардын максаттуу багытталышын жана
баланстуулугун камсыз кылуу
Саламаттык сактоо реформасында кыйла маанилүү болуп медициналык
кызматтын сапатын көтөрүү, саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарынын
инфраструктурасын, алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу,
натыйжалуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн алардын технологиялык жаб-
дылуусун көтөрүү саналат. Кыргыз Республикасында реформа өткөрүү жылда-
рында саламаттык сактоонун материалдык-техникалык базасы кыйла оњолду.
Донордук уюмдар каражылаган ар кандай программалар жана долбоорлордун
алкагында саламаттык сактоо объекттерин оњдоо жүргүзүлгөн, аларды за-
манбап медициналык жабдуулар, санитардык автотранспорт менен жабдуу
жүргүзүлгөн (ДБ, АӨБ, АКШ, ГФР, Швейцария, Япония Өкмөттөрү).
2003-2004-жылдары мамлекеттик каражаттардын эсебинен санитардык
автотранспорт, жогорку технологиялуу заманбап медициналык жабдууларды
сатып алуу башталган. Ошону менен бирге капиталдык инвестицияга жибе-
рилген бюджеттин каражаттарынын үлүшү 1995-2004-жылдардын ичинде сала-
маттык сактоого кеткен жалпы мамлекеттик чыгашалардын 5%нен ашпайт, са-
ламаттык сактоонун айрым объектилери (ооруканалар, ҮМБ, ҮДТ, ФАПтар)
оњдоого жана жабдылууга муктаж.
Учурдагы чыгашалар жана инвестициялар, ошондой эле ар кандай ин-
вестициялардын түрлөрүнүн ортосундагы дисбаланс финансылык ресурстар
менен камсыз болбогон учурдагы чыгашаларды көбөйтүүгө алып келиши
мүмкүн. Жањы инвестицияларды каржылоо жөнүндө чечим кабыл алуу каржылоо
зарылдыгын жана тиешелүү учурдагы чыгашаларды эске алып жүргүзүлүшү ке-
рек.
Келечектүү мезгилге саламаттык сактоо секторунун алдында капитал-
дык инвестициялардын баланстуулугун жана максаттуу багытталышын камсыз
кылуу жана болгон ресурстарды эске алуу менен артыкчылыктарды аныктоо
маселеси турат.
Негизги иш-чаралар
- процесстин айкындык жана ачыктык негизинде инвестициялар үчүн
артыкчылыктарды аныктоо;
- келечектүү мезгилге капиталдык каражаттарга муктаждыкты аныктоо;
- капиталдык чыгашаларды каржылоо булактарын аныктоо;
- технологиялуу жабдуу менен камсыз кылуу;
- техникалык тейлөө фондунун (ТТФ) каражаттарын колдонуунун натый-
жалуулугун жана максаттуу багытталышын көтөрүү.
С. Коомдук саламаттык сактоо кызматын каржылоону өркүндөтүү
Коомдук саламаттык сактоо уюмдары калктын ден соолугун чыњдоого
жана коргоого багытталган алдын алуучу стратегияларды өз иш-аракетинде
колдонууга багытталат. 2001-2004-жылдары санитардык-эпидемиологиялык
көзөмөл кызматын реформалоо башталган, тарыхый жактан түзүлгөн бюджет-
тин негизинде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматында киши башы-
на карата ченем боюнча төлөп берүү киргизилген. Региондор ортосунда
каржылоонун диспропорциясы, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызма-
тынын мамлекеттик көзөмөл милдетинин каралып жаткан көлөмү, көзөмөл
милдетин кызмат көрсөтүү милдетинен бөлүү зарылдыгы, санитардык-эпиде-
миологиялык жана ден соолукту чыњдоо кызматтардын баштапкы саламаттык
сактоо менен интеграциясы коомдук саламаттык сактоонун ар кандай милде-
тине төлөө үчүн жиктеп (дифференциацияланган) мамиле кылууну талап кы-
лат.
Коомдук саламаттык сактоонун ар кандай иш милдетин, ошондой эле
ПРООН/DFID сунуштарын эске алып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баш-
каруу органдарынын жана ДБ миссиясынын функционалдуу талдоосунун жыйын-
тыгы боюнча келечектүү мезгилге коомдук саламаттык сактоо кызматын кар-
жылоого жиктеп (дифференциациялап) мамиле кылуу төмөнкү стратегиялардын
негизинде пландаштырылууда:
С1. Республикалык дењгээлде коомдук саламаттык сактоо кызматын
каржылоо үчүн каражаттарды топтоо жана Кыргыз Республикасынын Саламат-
тык сактоо министрлиги аркылуу каржылоо.
С2. Көзөмөлдүк иш милдетин жана кызмат көрсөтүү иш милдетин каржы-
лоого жиктеп (дифференциациялап) мамиле кылуу.
С3. Ден соолукту чыњдоо жана ооруларды контролдоо боюнча иш-чара-
ларды интеграциялап каржылоо.
С1. Республикалык дењгээлде коомдук саламаттык сактоо кызматын
каржылоо үчүн каражаттарды топтоо жана Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо мннистрлиги аркылуу каржылоо
Аймактык дењгээлде коомдук саламаттык сактоо кызматын каржылоонун
бирдей эместигин эске алып, республикалык дењгээлде коомдук кызматтарды
каржылоого саламаттык сактоо каражаттарынын топтолушун саламаттык сак-
тоо бюджетине үлүштүк катышта жүргүзүү аткарган милдеттерге ылайык ре-
сурстарды натыйжалуу пландаштырууга жардам берет.
С2. Көзөмөлдүк иш милдетин жана кызмат көрсөтүү иш милдетин
каржылоого жиктеп (дифференциациялап) мамиле кылуу
Коомдук саламаттык сактоонун иш милдеттерин жиктеп (дифференциаци-
ялап) каржылоо айлана чөйрөнүн объекттеринин санитардык-эпидемиология-
лык коопсуздугун контролдоо боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун, ишка-
налардын жана уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекет-
тик башкаруу органдарынын санитардык нормалар жана эрежелерди сактоого
жоопкерчилигин көтөрөт. Ушул милдеттерди аткаруу айкындуулугун мамле-
кеттик органдар үчүн да, көзөмөл объектилер үчүн да камсыз кылат, кыз-
маттын кызыкчылыктарынын кагылуушусун четтетет.
Негизги иш-чаралар
- айлана-чөйрө объекттердин санитардык-эпидемиологиялык коопсузду-
гун көзөмөлдөө боюнча ишмердикти мамлекеттик заказдын негизинде белги-
ленген бюджетке которуу;
- белгиленген прейскурант боюнча көзөмөл объекттери кызматка төлөө
менен келишимдердин негизинде санитардык көзөмөл объектилерин биргеле-
шип өндүрүштүк контролдоо ишмердик жүргүзүү, ошол эле мезгилде эки та-
раптын жоопкерчилигин көтөрүү менен көзөмөл объектилердин ишинин сапа-
тын жана натыйжалуулугун арттыруу;
- биргелешкен өндүрүштүк контролдоону жүргүзүү үчүн мамлекеттик
социалдык объектилерге субсидия кароо;
- коомдук саламаттык сактоо кызматынын ченемдерин иштеп чыгуу жана
илимий коштоо боюнча ишмердикке мамлекеттик заказ кылуунун негизинде
белгиленген бюджетке которуу.
С3. Ден соолукту чыњдоо жана оорулардын контролдоо боюнча
иш-чараларды интеграциялап каржылоо
Калктын ден соолугун чыњдоо жана ооруларды контролдоо, иммунопро-
филактика жүргүзүү боюнча ишмердик БМСЖ менен интеграцияланат, мында
иммунопрофилактика МГП алкагында жүргүзүлөт, ал эми вакциналарды, сыво-
роткаларды, иммунопрепараттарды, диагностикалык каражаттарды сатып алуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан борбор-
лоштурулган иш-чаралардын чегинде жүргүзүлөт.
Негизги иш-чаралар
- 2006-2010-жылдары ден соолукту чыњдоо боюнча иш-чараларды каржы-
лоо колдонулуудагы тартипте аймактык бюджеттерди акырындап тењештирүү
менен жүргүзүлөт, алардын түзүлүшү региондун калкынын санына жараша ки-
ши башына карата ченемдин негизинде жүргүзүлөт;
- колдонулуудагы тартипте ооруларды контролдоо боюнча иш-чараларды
каржылоону улантуу;
- эл аралык донор уюмдарынын каражаттарынын эсебинен СПИД/ЖЖАЖО
менен күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн кошумча булактарды тар-
туу;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбор-
лоштурулган иш-чараларынын алкагында иммунопрофилкатика, вакцина жана
сыворотка, бактериялык препараттарды, диагностикалык каражаттарды,
азыктандыруучу чөйрөлөр үчүн каражаттарды сатып алуу.
D. Артыкчылыктуу программалардын алкагында борборлоштуруп сатып
алуулардын натыйжалуулугун көтөрүү
Артыкчылыктуу программалардын алкагында кызмат көрсөтүү ар кандай
даражада саламаттык сактоо кызматын көрсөтүүнүн жалпы системасына ин-
теграцияланган. Жеке медициналык кызматты сатып алуу стационарларда бир
кишинин дарыланышы, баштапкы дењгээлде киши башына карата ченемдин не-
гизинде саламаттык сактоонун бардык дењгээлдеринде МГП боюнча
жүргүзүлөт. Жеке медициналык кызмат көрсөткөн жана республикалык бюд-
жетте турган айрым саламаттык сактоо мекемелерин каржылоо Кыргыз Рес-
публикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бюджеттик класси-
фикациянын статьялары боюнча жүргүзүлөт. Белгилеп кетчү нерсе, артыкчы-
лыктуу программалар боюнча медициналык кызмат көрсөтүү үчүн дары-дар-
мектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууну Кыргыз Рес-
публикасынын Саламаттык сактоо министрлиги борборлоштуруп жүргүзөт
(кантты төмөндөтүүчү, психотроптук препараттар, иммунопрофилактика үчүн
препараттар ж.б.), республикалык бюджетте алардын үлүшү 12-14%ти түзөт.
"Кургак учук", "Репродуктивдик ден соолук", ВИЧ/СПИД/ЖЖАЖО алдын
алуу программалары боюнча дары-дармектерди жана медициналык багыттагы
буюмдарды сатып алууну гранттык негизде эл аралык донор уюмдар
жүргүзөт.
Ошентип, жеке медициналык кызматты интеграциялап каржылоо да-
ры-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар менен борборлоштуруп
камсыз кылуу жүргүзүлөт.
Негизги иш-чаралар
- МГП менен интеграцияланган артыкчылыктуу программалардын алка-
гында дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу-
ну каржылоодо муктаждыкты аныктоо;
- конкреттүү натыйжаларга жетишүүнүн негизинде дары-дармектерди
жана медициналык багыттагы буюмдарды бөлүштүрүү жана мониторинг кылуу
механизмдерин өркүндөтүү;
- артыкчылыктуу программаларды ведомстволор аралык каржылоо меха-
низмин аныктоо, алардын аткарылышына мамлекеттик органдардын жоопкерчи-
лигин аныктоо жана иш милдеттерин бөлүштүрүү.
Е. Билим берүү жана изилдөө ишмердиктерин каржылоо механизмдерин
өркүндөтүү
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги республикалык
бюджеттен КММА жана КМДжКЖМИнин ишин каржылоону, анын ичинде эмгек акы-
ны төлөө, коммуналдык тейлөөнү жана стипендияларды төлөөнү жүргүзөт.
Медициналык билим берүүнүн республикалык бюджет түзүмүндө каржылоо
үлүшү туруксуз жана ал 2000-ж. 5,3%тен 2002-ж. 7,4%ке чейин,
2004-ж.5,2%ке чейин өзгөргөн.
Изилдөө иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуал-
дык менчик боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу каржыланат жана иш
жүзүндө эмгек акы төлөө менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна
чегерүүгө гана жетет. Натыйжада бейтаптарга медициналык кызмат
көрсөтүүгө каралган каражаттар көбүнесе илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө
колдонулат, ал эми лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү
жүргүзүү бейтаптардын өзүлөрүнүн эсебинен кетет.
Орто медициналык кызматкерлерди даярдоого жооптуу медициналык окуу
жайлар жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан каржыланат.
Сектордогу кадрдык дисбаланс, орто жана жогорку медициналык билим
берүүнү экономикалык жөнгө салуу механизмдеринин жоктугу, саламаттык
сактоо реформасын илимий жактан коштоо зарылдыгы, клиникалык практикага
далилдүү медицина методдорун киргизүү уюштуруучулук мамиленин да
өзгөрүшүн, билим берүү жана изилдөө аракетин каржылоого мамиленин да
өзгөрүшүн талап кылат.
Негизги иш-чаралар
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жолдомосу боюнча
тиешелүү жергиликтүү бюджеттерден окуу үчүн төлөп берүү менен окууга
кабыл алуу;
- мамлекеттик заказ түрүндө конкурстук гранттык негизде изилдөө
ишин каржылоону киргизүү;
- медициналык окуу жайларды тиешелүү бюджеттерди өткөрүп берүү ме-
нен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу каржы-
лоого өткөрүү;
- саламаттык сактоо тармагында илимий жана изилдөөчү иштерди тие-
шелүү бюджеттерди өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлиги аркылуу каржылоого которуу.
4.2.4.5. Кызмат көрсөтүүчүлөр жана төлөөчүлөрдүн потенциалын
көтөрүү
Медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн потенциалын өнүктүрүү жана
алардын финансылык туруктуулугу саламаттык сактоо реформасынын чеч-
киндүү компоненттеринин бири болуп саналат. Статьяларга бөлбөй консоли-
дацияланган бюджеттин прогрессивдүү методдоруна өтүү, кызмат
көрсөтүүчүлөрдүн башкаруучулук жана финансылык автономиясын көтөрүү ме-
нен калкка көрсөтүлүүчү кызматтын сапатына жана көлөмүнө алардын жооп-
керчилиги көбөйтөт. Мониторинг көрсөткөндөй айрым кызмат көрсөтүүчүлөр
штаттарды жана түзүмдү оптималдаштыргандан кийин азыркы бирдиктүү че-
немдер боюнча каржылоодо финансылык туруктуулукка ээ болушпайт.
Сатып алууларды жана келишимдик процессти башкаруу, саламаттык
сактоо уюмдарынын бюджеттерин, саламаттык сактоонун аймактык бюджетте-
рин пландаштыруу республикалык дењгээлде саламаттык сактоо каражаттарын
топтоо шартында кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жана төлөөчүлөрдүн кесиптик жа-
на башкаруучулук сапаттарын жана көнүмдөрүн өркүндөтүүнү, маалымат тех-
нологияларды андан ары өркүндөтүүнү талап кылат.
Саламаттык сактоо бюджетинин каражаттарын республикалык дењгээлде
топтоо менен финансы-экономикалык кызматкерлерге жана маалымат система-
ларынын адистерине жүк кыйла көбөйөт. Алардын алдында мамлекеттик мил-
деттенмелердин баланстуулугун жана сектордун финансылык камсыз болушун
талап кылган саламаттык сактоону каржылоо артыкчылыктарын жана муктаж-
дыктарын жыл сайын (орто мөөнөттүү келечектин алкагында) аныктоо масе-
леси турат. Ишке ашырылуучу программалардын натыйжалуулугунун монито-
ринги, саламаттык сактоонун күнүнкү чыгашаларынын көбөйүшүнө капиталдуу
инвестициялардын таасирин талдоо жана саламаттык сактоо кызматынын нар-
кы көтөрүлгөнү финансы-экономикалык кызматкерлерден кесиптик компетен-
циясын жогорулатуу үстүндө дайыма иштешин, өзгөрүлүп жаткан шарттарга
ченемдик укуктук базанын адаптациясын талап кылат.
Саламаттык сактоо секторун фидуциардуу эл аралык баалоонун сунуш-
тарына ылайык мүмкүн болгон фидуциардык коркунучтарды азайтуу жана са-
ламаттык сактоонун финансы системасынын айкын болушун көтөрүү үчүн фи-
нансылык менеджмент жана сатып алуулар тармагында саламаттык сактоо
секторунун потенциалын күчөтүү керек. Бул сатып алуулар системасын,
бухгалтердик зсеп жана отчеттуулукту, ички контролдукту жана аудитти,
финансылык отчеттуулукту, маалымат менен камсыз кылуу системаларын эл
аралык талаптарга жана процедураларга ылайык өркүндөтүүнү болжолдойт.
Сатып алуулар тармагында тышкы аудиттин натыйжалуулугун жогорулатуу
үчүн Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудиторлорунун жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана мате-
риалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлеринин по-
тенциалын көтөрүү пландаштырылууда.
Негизги иш-чаралар
А. Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн потенциалын көтөрүү
- финансылык менеджментке окутуу;
- ТТФ каражаттарын түзүү жана пайдалануу механизмдерин өркүндөтүү;
- маалымат системаларын андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү;
- келишимдик процессти башкарууга окутуу;
- актуалдык талдоо методдоруна окутуу.
В. Кызматка төлөөчүлөрдүн потенциалын көтөрүү
- саламаттык сактоодо бухгалтердик эсеп жана каржылоо маселелери
боюнча окутуучу программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү;
- маалымат системаларын андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү;
- аналитикалык программаларды жана модулдарды иштеп чыгуу жана иш-
ке киргизүү;
- медициналык-санитардык жардамдын ар кандай түрлөрүн каржылоодо
оптималдуу параметрлердин эсептөөсүн автоматташтыруу;
- келишимдик процессти башкарууга окутуу;
- актуалдык талдоо методдоруна окутуу.
С. Финансылык менеджмент жана сатып алуулар тармагында саламаттык
сактоо секторунун потенциалын көтөрүү
- бухгалтердик эсеп боюнча адистерди финансылык менеджменттин за-
манбап методдоруна окутуу;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрилигинин
жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бухгалтер-
дик эсеп жана отчеттуулук системаларын, анын ичинде бухгалтердик эсеп
тармагындагы саясатты жана жол-жоболорду бирдиктүү форматка келтирүү;
- саламаттык сактоо секторуна финансылык жана бухгалтердик отчет-
туулукту топтоонун ишенимдүү системасын киргизүү, ал (а) бухгалтердик
эсеп тармагында бардык чечкиндүү контролдук иш милдеттерди камсыз кылу-
уга, (б) саламаттык сактоонун бардык чыгашаларын консолидациялоого жана
(в) чечим кабыл алуу үчүн негизги башкаруучулук маалыматты көрсөтүүгө
жөндөмдүү болушу керек;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана ММК
фондунун адистерин ички аудит методдоруна окутуу жана Кыргыз Республи-
касынын Саламаттык сактоо министрлиги менен ММК Фондунун ички аудит
секторлорунун милдетин алар каржылаган саламаттык сактоо уюмдарында ау-
дит жүргүзүү үчүн кењейтүү;
- Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын жана Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык ре-
зервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин адистерин сатып алуу жол-жоболо-
рунун аудитин жүргүзүүгө окутуу;
- саламаттык сактоо уюмдарында сатып алуулар боюнча түзүмдүк
бөлүктөрдү түзүү (эгерде алар жок болсо), техникалык колдоону жана оку-
тууну камсыз кылуу;
- саламаттык сактоо уюмдарында сатып алуулар боюнча адистерге
практикалык жана консультациялык-методикалык жардам көрсөтүүгө
жөндөмдүү сатып алуулар боюнча жогорку квалификациялуу адистер тобун
даярдоо.
4.2.4.6. Саламаттык сактоо кызматтарын сатып алуу үчүн маалыматтык
камсыз кылуу системаларын өркүндөтүү
Саламаттык сактоону реформалоонун мезгилинде саламаттык сактоонун
үч дењгээлден турган маалымат системасын түзүүгө кыйла инвестициялар
жасалган, ҮДТга калкты каттоо, амбулаториялык дењгээлде медицина-
лык-статистикалык маалыматты иштеп чыгуу, бир кишини дарылынышы үчүн
стационарлар кызматына төлөп берүү, ММК КП боюнча дары-дармектер наркын
кайтарып берүү боюнча программалык продуктулар иштелип чыккан, ошол
программалык продуктулардын интеграциясы башталды.
Жеке медициналык кызматтарды сатып алуунун натыйжалуулугун көтөрүү
үчүн төмөнкү негизги багыттар пландаштырылууда:
А. Саламаттык сактоонун маалымат системасынын инфраструктурасын
жана коммуникацияларды андан ары өнүктүрүү жана маалымат системаларын
өркүндөтүү.
В. Бирдиктүү маалыматтар базасына калк боюнча маалыматтар базала-
рын интеграциялоо.
С. Медициналык кызматтын ар кандай түрлөрү боюнча программалык
продуктуларды иштеп чыгуу, интеграциялоо жана киргизүү.
А. Саламаттык сактоонун маалымат системасынын инфраструктурасын
жана коммуникацияларды андан ары өнүктүрүү, маалымат
системаларын өркүндөтүү
ДБ каржылаган саламаттык сактоо реформасы боюнча долбоорлорду ишке
ашыруу процессинде саламаттык сактоодо уникалдуу маалымат системасы
түзүлгөн, аны актуалдуу абалда кармоо жана андан ары өнүктүрүү талап
кылынат. Саламаттык сактоо уюмдарын медициналык кызматка маалымат тех-
нологияларын колдонуп төлөөгө которуу, башкаруучулук жана финансылык
менеджментти жакшыртуу кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жана кызматка
төлөөчүлөрдүн маалыматты иштеп чыгуу жана талдоо муктаждыктарын артты-
рат.
Ошону менен бирге, чектелүү финансы ресурстары, компьютердик тех-
никанын барган сайын эскириши, экстремалдуу шартта иштөө (электрэнерги-
ясын өчүрүү, токтун төмөнкү күч чыњалуусу, жылыбаган бөлмөлөр) эрте эс-
кирүүгө алып келип, натыйжалуу корголушун талап кылат. Операторлордун,
малымат системалары боюнча адистердин аз эмгек акысы, жањы программалык
продуктуларды, аналитикалык модулдарды пайдаланууга үйрөтүү, маалымат
системаларын колдоо жана программалык продуктуларды коштоо маалымат
системаларын каржылоодо мамилени өзгөртүүнү талап кылат.
Негизги иш-чаралар
- саламаттык сактоо уюмдарын компьютердик жана коммуникациялык
жабдуулар менен жабдуу;
- кызмат көрсөтүүчүлөр менен кызматка төлөп берүүчүлөрдүн маалымат
системалары боюнча адистеринин потенциалын көтөрүү;
- маалымат технологиялары боюнча адистерди калтыруу механизмдерин
иштеп чыгуу;
- маалымат технологияларын колдоо фондун түзүү.
В. Бирдиктүү маалыматтар базасына калк боюнча маалыматтар
базаларын интеграциялоо
1997-жылдан тартып республикада акырындап калк боюнча ар кандай
маалымат базалары түзүлө баштады, алар төмөнкү маселелердин алкагында
түзүлгөн:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен маалымат алмашуунун
негизинде камсыздандырылган жарандарды жекече эсепке алуу боюнча;
- Ысыккөл, Чүй облустарында, Бишкек шаарында катталган калк боюн-
ча;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда катталбаган адамдар
үчүн ММК полистери боюнча (аскер кызматчылары, качкын статусу бар адам-
дар жана баш калка издеп жүргөн адамдар).
Маалымат алмашуу үчүн стандарттарды иштеп чыгуу улантылууда, бирок
республика боюнча калктын персонификациялоо, ҮДТ дарыгерлерине каттоо
аяктабагандыктан, бир дагы база толук болбойт жана актуалдаштырып кар-
моо боюнча кыйла аракеттерди талап кылат.
Негизги иш-чаралар
- республиканын бардык аймагында калкты каттоону улантуу (Ош шаа-
ры, Ош, Баткен, Нарын жана Талас облустары);
- калкты жекече эсепке алуу боюнча маалымат базаларын катталган
калк боюнча маалымат базалары менен интеграциялоо;
- ҮДТга калкты каттоо маалымат базасында калктын айрым категория-
лары боюнча регистрлерди түзүү (диабет, кургак учук менен ооругандардын
регистри, медициналык-дозиметриялык регистр ж.б.).
С. Медициналык кызматтын ар кандай түрлөрү боюнча программалык
продуктуларды иштеп чыгуу, интеграциялоо жана киргизүү
1997-жылдан баштап стационарларда бир кишинин дарыланышы үчүн жеке
медициналык кызматка төлөө методдорун, 1998-жылдан ҮДТда киши башына
карата ченем боюнча, 2000-жылдан - ММК КП боюнча дары-дармектерге
төлөөнү киргизүү, ошондой эле Ысыккөл облусунун ҮМБ/ҮДТларында жана
Бишкеке шаарынын пилоттук ҮМБларында клиникалык-маалыматтык формаларды
амбулаториялык-поликлиникалык негизде ҮМБ аракетин талдоо боюнча прог-
раммалык продуктуларды киргизүү жана аларды пилоттук ҮМБларда катталган
калк боюнча маалымат базасы менен интеграциялоо эксперимент режиминде
бир жарандын медициналык кызматты керектешине талдоо жүргүзүүгө жардам
берет.
Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн башкаруучулук жана финансылык автономиясын
көтөрүү, күнүнкү иштерди талдоо зарылдыгы маалымат технологияларын ан-
дан ары киргизүү керектигин жана күнүнкү практикада колдонулушун анык-
тайт.
Негизги иш-чаралар
- маалымат системаларынын коопсуздугун жана маалыматтардын жашыру-
ундугун камсыз кылуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу жана киргизүү;
- эл аралык медициналык маалымат стандарттарын киргизүү жана адап-
тациялоо;
- медицина-статистикалык, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулукту ма-
алымат технологияларына которуу;
- электрондук медициналык документтерди киргизүү;
- дары-дармектерди эсепке алууну маалымат технологияларына кото-
руу;
- ҮМБ/ҮДТларда амбулаториялык кызматты эсепке алуу боюнча маалымат
технологияларын андан ары киргизүү;
- медициналык-санитардык жардамдын ар кандай түрлөрүн каржылоонун
оптималдуу параметрлерин эсепке алууну автоматташтыруу;
- лабораториялык изилдөөлөрдү автоматташтыруу системаларын иштеп
чыгуу жана ишке киргизүү;
- ден соолукту коргоо жана саламаттык сактоо боюнча статистикалык
маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо боюнча программалык
продуктуларды андан ары киргизүү.
- администрациялык-чарбалык кызматтардын иштерин автоматташтыруу.
4.3. Саламаттык сактоо кызматын көрсөтүү
Саламаттык сактоо системасынын түзүмдүк өзгөртүү процессинде баш-
тапкы саламаттык сактоону жана үй-бүлөлүк медицинаны артыкчылыктуу
өнүктүрүү менен медициналык кызмат көрсөтүүнүн интеграцияланган систе-
масы калыптанып, клиникалык практикага илимий (далилдүү) медицина прин-
циптери киргизилет.
Энени жана баланы коргоо, кургак учукту алдын алуу, репродуктивдик
ден соолук боюнча артыкчылыктуу программалардын алкагында көрсөтүлүүчү
айрым медициналык кызматтарды, ошондой эле жеке медициналык кызмат
көрсөтүү системасы менен коомдук саламаттык сактоо кызматтарын интегра-
циялоо башталды.
4.3.1. Жеке медициналык кызматтар
Саламаттык сактоо реформасынын биринчи фазасында жүргүзүлгөн
өзгөртүүлөргө, саламаттык сактоонун баштапкы дењгээлине багытталууга
(2-бөлүмдү карагыла) карабай медициналык кызмат көрсөтүү жаатында
түзүмдүк диспропорциялар сакталууда. Үй-бүлөлүк медицинанын андан аркы
өнүгүшүнө бир адистиктеги дарыгерлерге түз кайрылып калктын көнүп калы-
шы, саламаттык сактоонун баштапкы дењгээлиндеги уюмдардын (ҮМБ,
ҮДТ/ФАП) техникалык жактан жетишсиз жабдылышы терс таасирин тийгизбей
койбойт. Медициналык кызматтын сапаты жетишсиз дењгээлде калууда.
Көрсөтүлүүчү жеке медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу үчүн
инфраструктураны андан ары жакшыртуу, фельдшер-акушердик пункттарды жа-
на медициналык тез жардам кызматын күчөтүүгө басым жасоо менен БМСЖдын
кадрдык потенциалын өнүктүрүү зарыл пландалууда.
Токтотмо механизмдерине карабастан стационар шартында көрсөтүлүүчү
медициналык кызматтар калктын айрым өкүлдөрүнө ыњгайлуу бойдон калууда.
Натыйжада стационарлар жеке медициналык жана сервистик кызматты кењей-
тип жатышат, баштапкы дењгээлде жөнгө салына турган оорулар менен бей-
таптарды ооруканага жаткыруу саны жогору бойдон турат.
Баштапкы саламаттык сактоону күчөтүп, стационардык жардамдын сапа-
тын көтөрүүгө жардам берген факторлордун бири сапаттуу жана коопсуз да-
ры-дармектер калкка жеткиликтүү болушу. Бул фармацевттик сектордун ан-
дан ары өнүгүшү, дары-дармектердин сапатын башкаруу жана дары-дармек-
тердин айланышынын жөнгө салуучу так механизмдерине негизделген фарма-
цевттик менеджменттин өркүндөтүлүшү менен байланыштуу.
Медициналык кызматтын сапатына канааттанууда маанилүү ролду ошол
үчүн түзүлгөн шарттар ойнойт. Стационардык жардамдын натыйжалуулугун
жана сапатын көтөрүү үчүн медициналык жабдуулар паркын жањыртуу, лабо-
раториялык кызматты күчөтүү, оорукана ичиндеги инфекциялар менен
күрөшүү боюнча заманбап технологияларды киргизүү, медициналык таштанды-
ларды утилизациялоо зарылдыгы бышып жетилди.
Оорукана секторун андан ары оптималдаштыруунун жүрүшүндө өзгөчө
көњүл жана жекече мамиле каржылоонун жањы методдорун киргизүү шартында
"иштеп кете албаган" стационарларга бурулат. Оптималдаштыруунун жана
түзүм өзгөртүүнүн пландарын андан ары иштеп чыгууда стационарлардын
экономикалык абалына гана эмес, социалдык, географиялык жана башка фак-
торлорго көњүл бурулат.
Медициналык жардам көрсөтүүнүн ар кандай дењгээлдеринде улантуучу-
лук жана кайтарылма байланышты өркүндөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмда-
рынын арасында өз ара аракеттин натыйжалуу механизмдерин түзүү пландаш-
тырылууда.
Максат
Жеке медициналык кызмат көрсөтүү системасын андан ары өркүндөтүү,
баштапкы медициналык-санитардык жардамдын алдынкы ролу жана стационар-
дык жардамдын натыйжалуу колдоосу менен медициналык кызмат көрсөтүүнүн
интеграцияланган системасынын бардык дењгээлинде калкка көрсөтүлүүчү
сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу.
Милдеттер
1. Фельдшер-акушердик пункттардын, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору-
нун жана медициналык тез жардам кызматынын аракетин күчөтүүгө басым жа-
соо менен баштапкы медициналык-санитардык жардамды андан ары өнүктүрүү.
2. Амбулаториялык шартта адистештирилген медициналык кызматтын
түрлөрүн көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарынын жана ҮМБ, АДБ стацио-
нарлардын ишин оптималдаштыруу.
3. Калктын муктаждыгына ийкемдүү болгон ооруканалар тармагын
түзүүгө багытталган стационардык жардамды андан ары оптималдаштыруу жа-
на түзүмүн өзгөртүү.
4. Медициналык жардамдын кымбат баалуу жана жогорку адистештирил-
ген түрлөрү жеткиликтүү болушун жакшыртууга багытталган саламаттык сак-
тоонун үчүнчү дењгээлиндеги уюмдардын аракетин оптималдаштыруу.
5. Башкаруучулук жана финансылык автономияны андан ары көтөрүү
шартында көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жана ишинин натый-
жалуулугун көтөрүүгө багытталган жеке медициналык кызмат көрсөткөн са-
ламаттык сактоо уюмдарында башкаруу формаларын өркүндөтүү.
6. Жеке медициналык кызмат көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарынын
өз ара аракет жана интеграциялоонун натыйжалуу механизмдерин түзүү,
алардын кайтарылма байланышын жана уланмалуулугун камсыз кылуу.
7. Жеке медициналык кызмат көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарын
медициналык жана лабораториялык жабдуулардын азыркы түрлөрү менен кам-
сыз кылуу жана физикалык инфраструктураны жакшыртуу.
8. Медициналык жардам көрсөтүүнүн ар кандай дењгээлинде калкка са-
ламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн медициналык кызматтын сапатын жакшыр-
туу.
4.3.1.1. Фельдшер-акушердик пункттардын, үй-бүлөлүк дарыгерлер
топторунун жана медициналык тез жардам кызматынын ишин
күчөтүүгө өзгөчө басым жасоо менен баштапкы медициналык-
санитардык жардамды андан ары өнүктүрүү
ФАПтар тейлеген аймактарда айыл калкынын 24,4%и жашайт, бир ФАП
500дөн 2,5 мињге чейинки калкты тейлейт. ФАП кызматкерлери көрсөткөн
медициналык кызмат дарыгерге чейинки медициналык жардамдын эњ жетки-
ликтүү түрү болуп саналат. Коомдук саламаттык сактоо медициналык кызмат
көрсөтүүнүн баштапкы дењгээли менен интеграциялоонун жүрүшүндө сергек
турмуш үлгүсүн калыптандыруу, санитариялык-гигиеналык көндүмдөргө
үйрөтүү маселелери боюнча калк, жергиликтүү жамааттар, ӨЭУ менен өз ара
аракеттешип, ден соолукту чыњдоо боюнча алдын алуучу иш-чараларды
жүргүзүүдө ФАП кызматкерлеринин ролу жана жоопкерчилиги кыйла
көтөрүлөт.
Ошол эле мезгилде 30-60дан 1000ге чейинки калкы бар республиканын
400дөн ашуун айылдарында ФАПтар жок. Көчмө мал чарба өнүккөн Кыргыз
Республикасында жайкы айларда көп үй-бүлөлөр иш жүзүндө медициналык
жардамсыз калышат.
Коммуникациялардын, байланыш каражаттарынын жоктугунан, медицина-
лык тез жардам пункттарынын ыњгайсыз жайгашкандыгынан, начар техникалык
жабдылуудан, санитардык автотранспорттун жоктугунан, болсо да аны кар-
моого каражаттардын жоктугунан, аз эмгек акыдан, кадрлардын тез алмашу-
усу менен катар медициналык тез жардам кызматынын төмөн дењгээли байка-
лат.
Фармацевттик секторду менчиктештирүүнүн натыйжасында айылдагы калк
коопсуз жана сапаттуу дары-дармекке жетиши чектелүү болуп, көйгөйлүү
маселеге айланган.
БМСЖны андан ары өнүктүрүү ФАП, ҮДТ, МЖС инфраструктурасын жана
материалдык-техникалык жабдылуусун өркүндөтүүгө, аларды ыњгайлуу жай-
гаштырып, байланыш каражаттары менен камсыз кылып, кадрлык потенциалды
өнүктүрүп жана күчөтүүгө, медициналык кадрларды калтыруу үчүн социал-
дык-экономикалык стимулдарды киргизүүгө багытталат.
Айылдык саламаттык сактоонун инфраструктурасын өнүктүрүүдө социал-
дык маркетинг чоњ ролду ойнойт, ал саламаттык сактоонун артыкчылыктуу
багыттарынын алкагында натыйжалуу кийлигишүүлөрдү жүргүзүү үчүн сала-
маттык сактоо кызматтарына, ошондой эле дары-дармектерге жана медицина-
лык багыттагы буюмдарга конкреттүү жамааттардын муктаждыгына багытталат
(4.3.4-бөлүктү карагыла).
Негизги багыттар
А. Инфраструктураны жакшыртуу, базалык медициналык жана лаборато-
риялык жабдуулар, компьютердик техника менен жабдуу, үй-бүлөлүк медици-
на боюнча дарыгерлерди жана медициналык айымдарды үзгүлтүксүз даярдоону
жүргүзүү менен ҮДТда көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жана
натыйжалуулугун көтөрүү.
В. ФАПтардын материалдык-техникалык жабдылышын күчөтүү, анын ичин-
де байланыш каражаттары, кадрлык потенциал менен камсыз кылуу жана
алардын квалификациясын жогорулатуу, социалдык-экономикалык стимулдарды
күчөтүү.
С. Айылда жашаган, ФАПы жок айыл калкына медициналык жардамдын
жеткиликтүү болушун жакшыртуу. Ал үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары менен жањы ФАПтарды кайсы жерде ачуу керектигин, ошол айыл
пункттарынын тизмегин аныктап, макулдашып, ошол ФАПтарды кадрлар менен
жана каржылоо менен камсыз кылуу маселесин чечүү керек.
D. МЖС кызматы бардык калкка жеткиликтүү болушун камсыз кылуу мак-
сатында МЖС пункттарын ыњгайлуу жайгаштыруу.
Е. Кызматкерлерди окутуу, клиникалык протоколдорду киргизүү, меди-
циналык жардам көрсөткөндө ҮДТ дарыгерлери жана саламаттык сактоонун
башка уюмдары менен функционалдуу өз ара аракеттенүүнү күчөтүү аркылуу
МЖС көрсөткөн медициналык шзматтын сапатын көтөрүү. Санитардык автот-
ранспорт, байланыш каражаттары, медициналык жабдуулар менен камсыз кы-
луу аркылуу МЖСтин
аймагындагы стационарлардын.
В. Натыйжасыз иштеген ооруканалардын түзүмдүк бөлүктөрүн санитар-
дык автотранспорт жана байланыш каражаттары менен күчөтүлгөн БМСЖ кылып
уюштурууда, же Ден соолук борборлору кылып трансформациялап, сапаттуу
стационардык кызматтын алыскы жана тоолуу жерде жашаган калкка жетки-
ликтүү болушун жакшыртуу.
С. Социалдык жана географиялык шарттарга байланыштуу жоюлбай тур-
ган алыскы жана тоолуу жерде жайгашкан стационарлардын иштөө механизм-
дерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
4.3.1.4. Медициналык жардамдын кымбат баалуу жана жогорку
адистештирилген түрлөрү жеткиликтүү болушун жакшыртууга
багытталган саламаттык сактоонун үчүнчү дењгээлиндеги
уюмдардын ишин оптималдаштыруу
Үчүнчү дењгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн стационар-
дык жардам (республикалык мекемелер, ИИИ, УБ) медициналык жардамдын эњ
кымбат түрлөрүнө кирет. Көп бейтаптар дарылоо мекемесин тандап алуу
укугун билип, балансталбаган кайта жолдомолоо системанын шартында түз
эле ушул мекемелерге кайрылышат. Натыйжада үчүнчү дењгээлдеги стацио-
нарларда 45-60%ке чейин, айрым учурда 95%ке чейин бейтаптар - Бишкек
шаарынын тургундары, ошол эле убакта региондордогу тургундар үчүн
үчүнчү дењгээлдеги жардам жакшы жеткиликтүү болбой калды.
Үчүнчү дењгээлдеги кызмат калкка жеткиликтүү болушун жөнгө салуу
менен бирге, бир жактан, дарылоонун кымбат баалуу (жогорку технология-
луу) түрлөрү региондордон келген бейтаптарга жеткиликтүү болушуна жар-
дам берип, экинчи жактан, консультациялык жардам көрсөткөндөн кийин
бейтаптарды медициналык кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү дењгээлдерине жи-
берүүгө жана дарылоонун кымбат баалуу (жогорку технологиялуу) түрлөрүнө
муктаж региондордон келген бейтаптарга дарылоо каражаттарынын көлөмүн
көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
Жогорку квалификациялуу адистештирилген медициналык жардамды алыс-
кы жана жетүүгө кыйын калктуу пункттарда жашаган калкка жеткиликтүү кы-
луу механизмдердин бири тиешелүү саламаттык сактоо багыттары боюнча
алардын региондорго консультациялык-методикалык жардам берүү, көчмө
бригадаларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн кењейтүү менен жер-жерлерде калкка
жана медициналык кызматкерлерге практикалык жардам көрсөтүү
мүмкүнчүлүктөрүн кењейтүү менен үчүнчү дењгээлдеги саламаттык сактоо
уюмдарынын жоопкерчилигин жана координациялаган ролун көтөрүү болуп
эсептелет.
Негизги багыттар
А. Профилдүү багыттар боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын ишин ко-
ординациялоодо үчүнчү дењгээлдеги уюмдардын ролун көтөрүү, үчүнчү
дењгээлдеги уюмдар үчүн аккредитация стандарттарын жана критерийлерди
киргизүү, мамлекеттик заказ жана саламаттык сактоо артыкчылыктарынын
негизинде илимий жана методикалык иштеп чыгууларды жүргүзүү.
В. Кымбат баалуу жана жогорку технологиялуу дарылоо методдору бей-
таптарга жеткиликтүү болушун жөнгө салуу.
4.3.1.5. Башкаруучулук жана финансылык автономияны андан ары
көтөрүү шартында көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын
сапатын жана ишинин натыйжалуулугун көтөрүүгө багытталган
жеке медициналык кызмат көрсөткөн саламаттык сактоо
уюмдарында башкаруу формаларын өркүндөтүү
Саламаттык сактоо уюмдарын тењ каржылоо учурунда ооруларга карата
медициналык кызмат көрсөтүүдө, аларды көрсөтүү шарттарында, сылык-сыпаа
мамиле жасоодо айырмачылыктар бар, бул медициналык жардам көрсөтүү са-
патына жана бейтаптардын канааттануусуна таасир калтырат.
Башкаруучулук жана финансылык автономияны жогорулатуу шарттарында
саламаттык сактоо уюмдарынын жасаган иш-аракетине жана анын жыйынтыкта-
рына жоопкерчилиги жана ролу көтөрүлөт, бул дарылоо-диагностикалык про-
цесстерди оптималдаштырууга, коммуналдык тейлөөгө чыгашалардын кыскары-
шына багытталган мекеме ичиндеги менеджментти жакшыртууну талап кылат.
Айрым саламаттык сактоо уюмдары билим берүү мекемелер үчүн клини-
калык база болуп эсептелет. Саламаттык сактоо уюмдарынын ишин оптимал-
даштыруу шартында билим берүүчү жана дарылоо алдын алуучу уюмдардын өз
ара мамилелерин, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын консультация-
лык кызматка, лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр ж.б үчүн төлөп
берүүлөрдү тартипке келтирүү керек.
Негизги багыттар
А. Калктын муктаждыгына негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын
ишин стратегиялуу пландаштыруу, санитардык-эпидемиологиялык жагдайга
жана калктын ден соолук абалына ийкемдүү жооп берүү.
В. Консультацияларды, лабораториялык жана диагностикалык
изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн коомдук саламаттык сактоо кызматтары, сала-
маттык сактоонун башка уюмдары, ошондой билим берүү мекемелери менен
келишимдик өз ара мамилелерди киргизүү жана өркүндөтүү.
С. Калктын, коомдун өзүнүн иши жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу-
га багытталган иш-чараларды саламаттык сактоо уюмдары тарабынан
жүргүзүү.
4.3.1.6. Жеке медициналык кытмат корсөтүүчү. алардын кайтарылма
байланышын жана уланмалуулугун камсыз кылуучу
саламаттык сактоо уюмдарынын өз ара аракеттенүү жана
интеграциялоонун натыйжалуу механизмдерин түзүү
Көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапаты жана натыйжалуулугу ар
кандай дењгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын аракетине жараша болот.
Медициналык жардам көрсөтүүнүн ар кандай дењгээлдеринде бейтапты
үзгүлтүксүз байкоону камсыз кылууда, дарылоо-диагностикалык процесстин
натыйжалуулугун, көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатына медицина-
лык кызматкерлердин жоопкерчилигин көтөрүүдө жана медициналык кызматтын
айрым түрлөрүн көрсөткөндө жөнү жок чыгашаларды кыскартууда саламаттык
сактоо уюмдарынын ортосундагы уланмалуулук принциби чоњ мааниге ээ.
Саламаттык сактоо уюмдары автономдуу болгондон кийин медициналык
жардам көрсөтүүнүн ар кандай дењгээлдеринде кызмат көрсөтүүчүлөр
көрсөткөн медициналык кызматтын фрагменттелип калуу коркунучу пайда бо-
лот. Эгерде медициналык жардам көрсөтүүнүн ар кандай дењгээлдери жана
жолдомо берүү системанын ортосунда так интеграциялык саясат кабыл алын-
баса, мындай фрагменттелүүдөн натыйжалуулук жагынан да, адистерге жи-
берүү системасынын акыйкаттуулугу жактан да жагымсыз натыйжалар болушу
мүмкүн.
МГПда үй-бүлөлүк дарыгерден жолдомо алуу үчүн финансылык стимул-
дар: бир багыттагы адистердин консультациясы үчүн кошумча төлөөдөн бо-
шотуу, лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана стационарга жатуу
үчүн кошумча төлөө өлчөмүн азайтуу аныкталса да, баары бир ҮДТ дарыгер-
лерине барбай ҮМБ жана АДБнын бир багыттагы адистерине түз өз алдынча
кайрылуулардын дењгээли өтө жогору бойдон калууда, бул саламаттык сак-
тоо кызматына кеткен калктын чыгашалары көбөйүшүнө алып келет.
Бейтаптарды медициналык жардам көрсөтүүнүн жогору дењгээлдерине
жолдомо берүүнүн так жөнгө салуучу механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгы
бышып жетти. Ал натыйжасыз колдонулган ресурстарды кыскартып, медицина-
лык жардам көрсөтүүнүн башка дењгээлдеринде камсыз кылууга мүмкүн эмес
бейтаптарга адистештирилген жардамдын жеткиликтүү болушун көтөрөт, ал
эми үчүнчүлүк дењгээлде медициналык кызматтын жогорку технологиялуу жа-
на кымбат баалуу түрлөрүнүн жеткиликтүү болушун жакшыртат.
Стационарлардан баштапкы саламаттык сактоого, саламаттык сактоонун
адистештирилген уюмдарынан, медициналык тез жардамдан - үй-бүлөлүк да-
рыгерге кайтарылма байланыштын механизмдерин түзүү өтө маанилүү болуп
саналат.
Республикада травматизм, табигый жана техногендик кырсыктардан,
локалдуу куралдуу жана жарандык кагылышуулардан, террордук актылардан
чыккан өзгөчө кырдаалдар көбөйүп кетти. Сапаттуу медициналык-санитардык
жардам көрсөтүүнүн натыйжалуулугу, өзгөчө кырдаалдарда адам жоготуулар-
ды кыскартып, табигый кырсыктарды, аварияларды, эпидемияларды азайтуу
саламаттык сактоо кызматтарынын, биринчи кезекте БМСЖдын өз убагында
билдирүүсүнө, материалдык-техникалык жабдылуусуна, тез жооп берүүсүнө,
саламаттык сактоо уюмдарынын шашылыш медициналык жардам көрсөтүүгө даяр
болушуна байланыштуу болот. Шашылыш медициналык-санитардык жардам
көрсөтүү боюнча функционалдык бөлүктөрдүн, жабыркагандарга медициналык
жардам көрсөткөн саламаттык сактоонун негизги уюмдарынын, кан алуу кыз-
матын кошкондо, материалдык-техникалык базасын күчөтүү пландаштырылуу-
да.
Негизги багыттар
А. Медициналык жардам көрсөтүүнүн ар кандай дењгээлине бейтаптарга
жолдомо берүүнүн бирдиктүү эрежелерин (механизмдерин) иштеп чыгуу жана
киргизүү, саламаттык сактоо уюмдары арасында өз ара аракетти жана кай-
тарылма байланыш механизмдерин жана уланмалуулукту күчөтүү.
В. Травмаларда, өзгөчө кырдаалда натыйжалуу шашылыш медицина-
лык-санитардык жардам көрсөтүү системасын уюштуруу.
С. Шашылыш медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча функцио-
налдуу бөлүктөрдү заманбап байланыш каражаттары, санитардык автотранс-
порт, дары-дармектердин зарыл көрөњгөсү, кан препараттары, медициналык
багыттагы буюмдар менен жабдуу.
4.3.1.7. Жеке медициналык кызмат көрсөткөн саламаттык сактоо
уюмдарын медициналык жана лабораториялык жабдуулардын
заманбап түрлөрү менен камсыз кылуу жана физикалык
инфраструктураны жакшыртуу
Бейтаптардын медициналык кызматка жана анын сапатына канааттануу-
суна ошол кызмат көрсөтүлгөн шарттар олуттуу ролду ойнойт. Имараттардын
жана бөлмөлөрдүн абалы, медициналык жана лабораториялык жабдуулар менен
камсыз болушу, тийиштүү квалификациялуу медициналык кадрлардын болушу
сапаттуу медициналык кызматты камсыз кылууда негизги шарттар болуп са-
налат.
ДБ, АӨБ, Швейцария өкмөтү каржылаган саламаттык сактоону реформа-
лоо боюнча долбоорлордун алкагында айрым ооруканаларды, ҮМБ, ҮДТ, ФАП-
тарды реабилитациялоо жана медициналык жабдуулар менен жабдуу
жүргүзүлгөн. ГФР жана Япония өкмөттөрү каржылаган артыкчылыктуу прог-
раммалардын алкагында медициналык жабдуулар, санитардык автотранспорт
берилген. Ошону менен бирге реабилитациялануучу объекттердин тизмесине
кирбеген саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасы ке-
ректүү медициналык жана лабораториялык жабдуу менен жабдылууга жана
оњдоого муктаж. Үчүнчүлүк дењгээлдеги мекемелер да материалдык-техника-
лык базаны өркүндөтүүгө жана технологиялуу жабдуу менен жабдылууга мук-
таж, Ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга түрткү болгон маанилүү фактор-
дун бири энергия үнөмдөөчү иш-чараларды жүргүзүү болуп эсептелет. ЮСАИД
каржылаган Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым ооруканаларында
энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча пилоттук долбоор
көрсөткөндөй коммуналдык чыгашалар боюнча үнөмдөлүшү энергия булактары-
на тарифтердин жогорулашын эсепке алуу менен 30%ти түздү.
Негизги багыттар
А. Саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын ан-
дан ары өркүндөтүү: саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарын жана
бөлмөлөрүн оњдоо, энергия үнөмдөөчү иш-чараларды жүргүзүү, медициналык,
лабораториялык жана технологиялык жабдуулар менен муктаждыкка жана жаб-
дылуу табелине жараша жана алардын иштешинин шартына карата жабдуу.
4.3.1.8. Медициналык кызмат көрсөтүүнүн ар кандай дењгээлинде
саламаттык сактоо уюмдары калкка көрсөткөн медициналык
кызматтын сапатын жакшыртуу
Көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу медициналык
жардам көрсөтүү системасынын негизги стратегиялуу маселелердин бири бо-
луп эсептелет.
Саламаттык сактоону реформалоонун "Манас" улуттук программасынын
алкагында медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн үй-бүлөлүк меди-
цина боюнча дарыгерлерди жана медициналык айымдарды даярдоо жана кайра
даярдоо жүргүзүлдү, далилдүү медицина принциптерине негизделген клини-
калык протоколдор киргизилүүдө, мамлекеттик дары-дармек саясаты ишке
ашырылууда, иштелип чыккан стандарттардын негизинде аккредитациялоо жа-
на лицензиялоо жүргүзүлөт, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатына
экспертиза кылынат, бейтаптардын канааттануусу иликтенип турат. Топтол-
гон тажрыйбанын негизинде саламаттык сактоо кызматынын сапатын башкаруу
системасын институттук жактан бекемдөө үчүн 2004-жылы "Кыргыз Республи-
касында 2004-2008-жылдарда медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу кон-
цепциясы" бекитилген, анда медициналык кызматкерлердин мотивациясын жа-
на кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган негизги страте-
гиялар, ресурстар жана маалыматтардын жеткиликтүүлүгү, сапатты
үзгүлтүксүз жакшыртуу методдорун андын ары киргизүү, жөнгө салуучу ме-
ханизмдерди өркүндөтүү аныкталган.
Ошону менен бирге, медициналык кароо сапатын жакшыртууга багыттал-
ган иш-чараларды өткөрүү, клиникалык фармакологияны жана сарамжалдуу
фармацевттик менеджментти, ооруларды алдын алууну жана оорукана ичинде-
ги инфекцияларды контролдоону өнүктүрүү, медициналык таштандыларды на-
тыйжалуу жана коопсуз башкаруу саламаттык сактоо системасынын ийкемдүү
кылып, ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун көтөрүүгө жана оору-
лардын кыйындап кетишин азайтууга өбөлгө түзөт.
Ушуга байланыштуу медайымдык кароону уюштуруу жана бейтаптарды ба-
гуу, мекеме ичиндеги менеджментти жакшыртуу жаатында орто жана кенже
медициналык кызматкерлердин ролун жана жоопкерчилигин көтөрүү пландаш-
тырылууда.
Клиникалык фармакологияны өнүктүрүү ресурстарды колдонуунун натый-
жалуулугун жана дарылоонун сапатын көтөрүүгө, полипрагмазияны, инъекци-
ялык нормаларды, витаминдерди, антибиотиктерди, илимий маалыматтар ме-
нен таасири далилденбеген препараттарды, дары-дармектердин бири бирине
таасирин билбей айкалыштырып берүүлөрдү кыскартууга жардам берет.
Полипрагмазия жана дары-дармектерди туура эмес пайдалануу менен
катар антибактериялык препараттарды өтө көп пайдалануу байкалат. Миса-
лы, 2003-жылы антибактериялык препараттарды дайындоо дењгээли 35,7%,
айрым региондордо (Ысыккөл жана Ош облустарында) 45-53%ти түзгөн. Анти-
бактериялык препараттарды кењири пайдалануу, аларды туура эмес пайдала-
нуу жана амбулаториялык да, стационардык да шартта рецептисиз сатылышы
микроорганизмдердин резистенттик штаммдарынын көбөйүшүнө жана таркалы-
шына алып келет. Антибиотикке резистенттиктин өсүшү глобалдуу проблема
болуп калды жана коомдук ден соолукка коркунуч туудурат, ал дарылоо на-
тыйжалуулугун төмөндөтүп, ооруга чалдыгуулардын өсүшүнө жана каза табу-
уларга, ошондой эле дарылоонун наркы жана мөөнөтү көбөйүшүнө алып ке-
лет. Антибиотиктерди туура пайдалануунун мамлекеттик саясатын алардын
дайындалышын жана берилишин контролдоо менен иштеп чыгуу зарылдыгы же-
тилди, ал мыйзам актыларына толуктоо киргизүүнү талап кылат.
Медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу оорукана ичиндеги инфекци-
яны (ОИИ) контролдоого жана медициналык таштандыларды башкарууга байла-
ныштуу. ОИИни жашырбай каттоо, ооруларды алдын алуу жана аларды азайтуу
боюнча механизмдерди максаттуу киргизүү ар бир саламаттык сактоо уюмда-
рында инфекциялык контролдоо программаларын киргизүү жолу менен гана
мүмкүн болот.
Инфекциянын булактарынын бири саламаттык сактоо уюмдарында
жүргүзүлгөн медициналык таштандылар болуп эсептелет. Саламаттык сактоо
уюмунун аймагынан медициналык таштандыларды үзгүлтүксүз жок кылуунун
жана туура колдонуунун болбогондугунан инфекциялардын потенциалдуу тар-
калуу коркунучу көбөйөт. Медициналык таштандыларды коопсуз жана натый-
жалуу башкаруу максатында ар кандай типтеги медициналык таштандыларды
айлана-чөйрөгө да, кызматкерлер үчүн да коопсуздугун эске алып, алардын
көлөмүнө жараша шайкеш чыгашаларды эске алып утилизация технологияларын
иштеп чыгуу пландаштырылууда.
Негизги багыттар
А. ФАП, ҮДТ жана МЖС медициналык кызматкерлеринин потенциалын
көтөрүү.
В. Мекеме ичиндеги менеджмент, медайымдык кароо жана бейтаптарды
багуу тармагында орто медициналык кызматкерлердин ролун жана жоопкерчи-
лигин көтөрүү.
С. Саламаттык сактоонун бардык уюмдарында сапатты үзгүлтүксүз жак-
шыртуу методдорун киргизүү.
D. Клиникалык фармакологиянын өнүгүшүнө басым кылып рационалдуу
фармацевттик менеджментти андан ары киргизүү.
Е. Антабиотиктерди туура пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты
иштеп чыгуу жана киргизүү.
F. Саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык контролдоо программа-
ларын андан ары киргизүү жана өркүндөтүү, инфекциялык контролдоо боюнча
адистерди даярдоо.
G. Саламаттык сактоо уюмдарынын аймактык жайгашуусун жана таштан-
дылардын түрлөрүн, көлөмүн эске алып ФАП, ҮДТ, стационарлар ж.б. үчүн
медициналык таштандыларды коопсуз утилизациялоо боюнча экономикалык
жактан үнөмдүү түрлөрүн иштеп чыгуу.
4.3.2. Коомдук саламаттык сактоо кызматы
Кыргыз Республикасында коомдук саламаттык сактоо ооруларды алдын
алуучу эки өз алдынча кызматтан турат - санитардык-эпидемиологиялык
кызматтан жана ден соолукту чыњдоо кызматынан, алардын иши калктын ден
соолугун чыњдоого жана коргоого багытталат.
Саламаттык сактоону реформалоонун жүрүшүндө коомдук саламаттык
сактоону калктын муктаждыгына багыттоо негиздери салынды, материал-
дык-техникалык базаны жакшыртуу, жөнгө салуучу механизмдерди
өркүндөтүү, гигиена, санитария, эпидемиология жана ден соолукту чыњдоо-
нун актуалдуу маселелери боюнча адистерди окутуу, калк жана жамааттар
менен иштөөнүн азыркы моделдерин киргизүү боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда компьютердик маалымат технологияла-
рын колдонуу менен жугуштуу оорулардын мониторинг системасы киргизил-
ген.
2001-жылы Республикалык ден соолукту чыњдоо борбору (РДЧБ) уюшту-
рулган, ал калк менен иштөөнүн жањы принциптерин киргизип, башка сек-
торлор менен өз ара аракеттин негизинде коомдук саламаттык сактоону
чыњдоо саясатында айрым жылыштарга жетишти. РДЧБны түзүү ҮМБ түзүмүндө
ден соолукту чыњдоо боюнча кабинеттерди түзүү менен ҮДТ/ФАП дењгээлинде
ден соолукту чыњдоо боюнча милдеттерди интеграциялоону баштап, БМСЖ ме-
нен өнөктүк мамилелерди түзүүгө жардам берди.
Коомдук саламаттык сактоонун ишин ден соолук маданиятын калыптан-
дырууга андан ары багыттоо, ден соолукка байланыштуу көп кездешчү проб-
лемалар боюнча агартуу жана жагымсыз социалдык жана аны жүрүм-турумдук
факторлорду азайтууга багытталган методдорго үйрөтүү, көзөмөл жана жаг-
дайдын өзгөрүшүнө натыйжалуу жооп берүү пландаштырылууда.
Микронутриенттик жетишсиздикти төмөндөтүү, жугуштуу ооруларга,
анын ичинде кургак учукка, безгекке, гельминтоздорго, бруцеллезго чал-
дыгуу дењгээлин стабилдештирүү, ВИЧ/СПИД, иммундаштыруу каражаттары ме-
нен башкарылуучу инфекциялардын таркалышын чектөө маселелерине өзгөчө
көњүл бурулат. Экологиялык социалдык-экономикалык коркунучтарды башка-
руу азык-түлүктү, ичүүчү сууну, эмгектенүү, тиричилик жана айлана-чөйрө
шарттарынын коопсуздугун контролдоо тармагындагы иштер улантылат.
Контролдо турган объекттерди көзөмөлдөө боюнча иш улантылат.
Көзөмөлдүн максаты ден соолукка кооптуу продукциянын чыгарылышына бөгөт
коюу боюнча белгиленген нормалардын жана эрежелердин талаптарын аткары-
лышын, уруксат берилбеген технологияларды колдонууну, кесиптик зыяндар-
дын таасири тийип жаткан шартта эмгектин дурус шартын камсыз кылууну,
жашоо, окуу, тиричилик шарттарынын начарлап кетишине жолтоо болууну
текшерүү.
Ооруларды контролдоого өтө чоњ маани берилет, ал сунуштарды чогул-
тууну, талдоону, болжолдоону жана иштеп чыгууну, инфекциялардын пайда
болушун алдын алууну, калктын ооруларга чалдыгуу себептерин жана булак-
тарын аныктоону камтыйт.
Коомдук саламаттык сактоо кызматынын натыйжалуулугун көтөрүүгө үч
жумушчу багытты камсыз кылганда жетишүүгө мүмкүн:
- кењири маанидеги эпидемиологиялык көзөмөл, ал инфекциялык жана
актуалдуу инфекциялык эмес ооруларды контролдоону камтыйт;
- мамлекеттик жөнгө салууну күчөтүү;
- ден соолукту чыњдоо, ал сергек турмуш үлгүсүн жандандырууну, ден
соолуктун негизги аспекттери жөнүндө калктын билим дењгээлин көтөрүүнү,
далилдүү методдордун негизинде ден соолуктун негизги детерминанттарын
контролдоо үчүн секторлор аралык ишке дем берүү.
Бул багыттарда интеграциялап аракет кылуу каралууда.
Коомдук саламаттык сактоо кызматын өзгөртүп түзүү мыйзамдарды
өзгөртүү, физикалык жана технологиялык инфраструктураны чыњдоо, маалы-
мат технологияларын жакшыртууну камтып, кадрлык потенциалдын өнүгүшү,
кызматтын сапатын көтөрүү менен коштолот.
Калктын ден соолугун олуттуу оњдоо үчүн төмөнкүлөр пландаштырылуу-
да:
- коркунуч факторлорун минималдаштыруу, калктын жүрүм-турумдук
стереотиптерин өзгөртүү үчүн максаттуу иш жүргүзүү;
- жагдайды баалоо, рационалдуу пландаштыруу, коомчулук менен бай-
ланышты кењейтүүнүн негизинде конкреттүү региондун да, саламаттык сак-
тоо системасынын да муктаждыгына багытталуу;
- коомдук катышууну жана коопсуздукту башкарууну колдоо механизм-
дерин, кењири секторлор аралык кызматташууну түзүү.
Максаты
Калктын муктаждыгына багытталган, ден соолукту чыњдоо жана коргоо
программаларын интеграциялоого, ден соолукту чыњдоо жана коргоо маселе-
лерине коомдун активдүү катышуусу жана секторлор аралык кењири өз ара
аракетке негизделген коомдук саламаттык сактоонун туруктуу кызматын
түзүү.
Милдеттер
1. Эпидемиологиялык көзөмөлдүн натыйжалуулугун көтөрүү, коомдук
саламаттык сактоонун интеграцияланган туруктуу кызматын түзүү жолу ме-
нен мамлекеттик жөнгө салуу жана ден соолукту чыњдоо дењгээлин жогору-
латуу.
2. Кызматтын натыйжалуу ишине дем берген жана ден соолукту чыњдоо
жана коргоо талаптарын ыктыярдуу аткаруу үчүн шарттарды камсыз кылган
ченемдик укуктук чөйрө түзүү.
3. Секторлор аралык кызматташууну андан ары кењейтүү жана
өнүктүрүү, иш-аракеттин айкындыгын көтөрүү.
4. Коомдук саламаттык сактоо кызматынын ишин саламаттык сактоонун
артыкчылыктарына багыттоо.
4.3.2.1. Эпидемиологиялык көзөмөлдүн натыйжалуулугун көтөрүү,
коомдук саламаттык сактоонун интеграцияланган туруктуу
кызматын түзүү жолу менен мамлекеттик жөнгө салуу жана
ден соолукту чыњдоо
Азыркы системанын алсыздыгы башка ведомстволордун жана кызматтын
ичиндеги айрым милдеттердин кайталанышына алып келген коомдук саламат-
тык сактоо уюмдарынын өтө жайылып кеткен бири-бири менен байланышы жок
тармактын болушунда.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде коомдук
саламаттык сактоо кызматынын ишин координациялаган жана санитардык-эпи-
демиологиялык нормалоо жүргүзгөн ден соолукту чыњдоо жана коргоо тарма-
гында саясатты түзгөн тиешелүү түзүмдүн жоктугу ошол иш милдеттерди
МСЭКДга берүүгө алып келген. Шайкештиктин ар кандай баалоосун жүргүзүү,
лицензиялык жана уруксат берүү системалардын документациясын берүү, акы
төлөнүүчү кызмат көрсөтүү боюнча иштер кызыкдар тараптардын өтө билин-
ген кагылышуусуна алып келди. Түзүлгөн жагдай Дүйнөлүк соода уюмунун
талаптарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келет,
ушуга байланыштуу саясий иш милдеттерди Кыргыз Республикасынын Саламат-
тык сактоо министрлигине өткөрүп берүү пландаштырылууда.
Калкты ден соолукту оњдоо маселелерине анын муктаждыгына жараша
активдүү тартууга багытталган жана БМСЖге таянган коомдук саламаттык
сактоонун интеграцияланган туруктуу кызматын түзүү үчүн ар бир коомдук
саламаттык сактоо уюмунун милдетин карап чыгуудан кийин түзүмдүк
өзгөрүүлөр киргизилет. Өзгөчө көњүл милдеттердин кайталанышын четтетүү
маселелерине бурулат.
Азыркы Мамсанэпидкөзөмөл борборлорунун базасында мамлекеттик жөнгө
салууну күчөтүү максатында көзөмөл жүргүзүлүүчү объекттерде санитардык
мыйзамдардын аткарылышын мамлекеттик көзөмөлдөө үчүн санитардык инспек-
цияларды түзүү максатка ылайык. Тиешелүү өзгөрүүлөрдү мыйзамдарга кир-
гизүү менен кызмат көрсөткөн көзөмөлдөөчү иш милдеттерди толук карап
чыгуу, аларды азыркы чектелүү ресурстарга адаптациялоо, иштин көлөмүн
оптималдаштыруу, айрым иш милдеттерди рационалдаштыруу, аларды башка
министрликтерге, ведомстволорго жарым-жартылай өткөрүп берүү жөнүндө
чечимди кабыл алуу, көзөмөл боюнча иштерди жакшыртат.
Тейлөө радиусуна, көзөмөл жүргүзүлүүчү объекттердин санына, кадр-
дык потенциалдын болушуна жана вертикалдуу баш ийүүчүлүккө жараша сани-
тардык инспекциялардын тизмеси жана дислокациясы жөнүндө маселени чечүү
керек. Санитардык инспекция кызматкерлерине мамлекеттик кызматчы стату-
сун ыйгаруу милдеттүү шарт болуп саналат, ал адистерди калтырууга жар-
дам берип, иштин натыйжалуулугун камсыз кылат.
Азыркы жогорку технологиялуу санитардык-эпидемиологиялык эксперти-
за жүргүзүүнү талап кылган калкка көрсөтүлүүчү товарлардын, иштердин
жана кызматтардын рыногу кыйла кењейген, ал товарлардын, продукциянын
белгилүү талаптарга шайкеш болушуп баалоо, уруксат берүүчү, лицензиялык
системанын документациясын тариздөө, потенциалдуу уулуу химиялык зат-
тарды каттоону жана башка акы төлөнүүчү негизде аткарыла турган иштерди
камтыйт. Иштердин келечектүү түрү ишкерлик объекттери менен келишимдик
негизде аткарыла турган өндүрүштүк контролдоону киргизүү. Көзөмөл
жүргүзүлүүчү объекттерде кризистик контролдук чектерди аныктоо коопсуз-
дук талаптарына шайкеш эмес продукциянын чыгарылышын өз убагында токто-
туп, иштеп жаткандардын эмгек шартына жагымсыз таасирди четтетүүгө
өбөлгө түзөт. Бул багыттагы иш ишкерлик субъекттери менен өнөктүк мами-
лелештикти өнүктүрүү үчүн шарт түзөт. Коомдук саламаттык сактоо кызма-
тында республикалык жана региондук дењгээлде тиешелүү түзүмдөрдү бөлүү
максатка ылайык.
Ден соолук детерминанттарын контролдоого калкты активдүү тартуу
менен ден соолукту чыњдоо боюнча иштин өркүндөтүлүшүн талап кылат. Са-
ламаттык сактоо артыкчылыктарына өзгөчө көњүл бурулат. Ошону менен бир-
ге маанилүү жумуш багыты болуп инфекциялык жана инфекциялык эмес оору-
ларды контролдоону камтыган эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу,
жагдайдын өзгөрүшүнө сунуш берүү жана аны талдоо, инфекциялар очогун
болжолдоо жана алдын алуу, ооруга чалдыгууну азайтуу кала берет. Азыркы
эпидемиологиялык көзөмөл өркүндөтүлүп, жањы системалар иштелип чыгат.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда киргизилген жугуштуу оорулардын мо-
ниторинг системасын маалымат технологияларды колдонуу менен республика-
нын бардык аймагында таркатуу пландаштырылууда. Мониторингтелген инфек-
циялардын тизмесин кайра карап чыгуу жана инфекциялык эмес оорулардын
тизмесин аныктоо эпидемиологиялык жагдайды эске алуу менен дайыма
жүргүзүлүп турушу керек. Ден соолукту чыњдоо кызматы үчүн калк менен
иштөө боюнча оорулуулуктун көрсөткүчтөрү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу
процессин жөнгө салуу керек.
Калктын муктаждыгын, инфекциялык жана актуалдуу инфекциялык эмес
ооруларды талдоого негизделген ден соолукту чыњдоо тармагында артыкчы-
лыктуу багыттарды аныктоо, ошондой эле декреттелген контингенттин курс-
тук даярдоо программаларын актуалдаштыруу жана кайра карап чыгуу калк,
жамааттар, уюшулган жамааттар менен биргелешкен иш-аракетти активдеш-
тирүүгө жана кењейтүүгө өбөлгө түзөт. ДССУнун жардамы менен калктын ден
соолугун чыњдоо стратегиясын жана секторлор аралык кызматташуу меха-
низмдерин иштеп чыгуу башталган. Стратегия ден соолукту чыњдоого жардам
берген мамлекеттик саясаттын системалуу, туруктуу жана далилдүү процес-
син түзүүнүн негизги каражаты болуп калат.
Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл жана ден соо-
лукту чыњдоого тиешелүү маселелер боюнча өз ара аракет калктын декрет-
телген топторуна методикалык материалдарды, колдонмолорду жана програм-
маларды иштеп чыгууга, ошондой эле көзөмөлгө алынган объекттердин ишине
байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык жагдайдын начарлаган шартында
кийлигишүүлөрдү жүргүзүүгө негизделет.
Көзөмөл жүргүзүлүүчү объекттерде санитардык мыйзамдын талаптары
аткарылгандыгын ырастоо тиешелүү лабораториялык сыноолор жана мамлекет-
тик заказдын чегинде шайкештигин баалоо менен коштолот.
Кызмат тармагынын материалдык-техникалык базасын андан ары олуттуу
жакшыртуу, мекемелерди заманбап жогорку технологиялуу жабдуулар менен
жабдуу, автотранспорт паркын жањылоо жана толуктоо, мекемелерди заман-
бап маалыматтык жана коммуникациялык каражаттар менен камсыз кылуу,
оњдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда. Уюштуруу түзүмүн, кадрдык по-
тенциалды жана материалдык-техникалык базанын абалын эске алуу менен
уюмдардын иштерин баалоо, натыйжасыз звенолорду четтетүү, бир катар
уюмдарды жоюу же бириктирүү максатка ылайык.
Илимий ишмердикти коомдук практикалык саламаттык сактоонун муктаж-
дыгына багыттоо болжолдонууда, ал үчүн илимий-изилдөө базасын модерни-
зациялоо керек, ал азыркы мезгилде кызматтын муктаждыгын камсыз кыл-
байт. Айлана-чөйрөнүн факторлорунун таасири тийген калктын ден соолугун
билүү, гигиеналык ченемдерди илимий негиздөө мүмкүндүгү, жањы техноло-
гияларды иштеп чыгуу жана аларды баалоо, ден соолук көрсөткүчтөрүнүн
начарлашына жол бербеген сунуштарды иштеп чыгуу андан аркы жүргүзүлө
турган иш-аракет үчүн өтө зарыл.
Негизги иш милдеттерди аткаруу үчүн кадрдык потенциалды чыњдоо жа-
на түзүүгө өзгөчө көњүл бурулушу керек. Ден соолукту чыњдоо жана коргоо
боюнча билим берүүчү программалардын аспекттерин кењейтүү жана
өркүндөтүү иштердин сапатын жана натыйжалуулугун көтөрүүгө жардам бе-
рет. Коомдук саламаттык сактоо адистерин окутуунун туруктуу механизмде-
рин иштеп чыгуу талапка коюлат.
Негизги жумушчу багыттардын макулдашылган өз ара аракети, саламат-
тык сактоонун жеке кызматтары менен тыгыз кызматташуусу шартында кыз-
маттын натыйжалуулугу кыйла көтөрүлөт.
Негизги багыттар
А. Коомдук саламаттык сактоо кызматында ден соолукту чыњдоо, оору-
ларды контролдоо жана мамлекеттик жөнгө салуу тармагында түзүмдук
өзгөрүүлөрдү жүргүзүү.
B. Коомдук саламаттык сактоо кызматынын потенциалын жогорулатуу.
С. Коомдук саламаттык сактоо кызматынын ишин өркүндөтүү, аны коом-
дук саламаттык сактоо кызматынын сапатын көтөрүү жолу менен коомдун
муктаждыгына, саламаттык сактоо артыкчылыктарына жана конкреттүү жыйын-
тыктарга жетишүүгө багыттоо.
D. БМСЖ, жамааттар жана калк менен ооруларды контролдоо жана ден
соолукту чыњдоо боюнча иштерди интеграциялоо.
Е. Коомдук саламаттык сактоо кызматынын ишин илимий жактан коштоо.
4.3.2.2. Кызматтын натыйжалуу ишине дем берген жана ден соолукту
чыњдоо жана коргоо талаптарын ыктыярдуу аткаруу үчүн
шарттарды камсыз кылган ченемдик укуктук чөйрө түзүү
Директивдүү мүнөздү басањдатууга багытталган кыйла либералдуу иш-
тердин негиздерин иштеп чыгуу максатында азыркы мыйзамдарды кайрадан
карап чыгуу керек. Ырааттуу, так, жетиштүү дењгээлде катуу, ошону менен
бирге аткарууга реалдуу жана социалдык-экономикалык өнүгүү максаттары
менен балансталган талаптарды иштеп чыгуу, аларды эл аралык стандарт-
тарга шайкеш келтирүү (ДСУ, ФАО/ДССУ, Соdex Аlimentary макулдашуулары)
кызматтын ишмердигин жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Мыйзамга негизделген актыларды интеграциялап кыскартуу жана кайра
карап чыгуу, белгиленген талаптарды өз ыктыярдуу сактоо үчүн жагымдуу
шарт түзүүгө алып келет, мамлекеттик жөнгө салуу жол-жоболорун жана ма-
миле кылууну бөлүштүрүүгө жардам берип, ден соолукту чыњдоо жана коргоо
тармагында параллелизмди четке кагууга жардам берет.
Колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды карап чыгуу зарылдыгы ДСУ
талаптары, "Техникалык жөнгө салуу негиздери жөнүндө" Кыргыз Республи-
касыныны Мыйзамы менен кызматтын ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусу
болгондугуна байланыштуу аныкталат.
ЖМКда ден соолукту чыњдоо жана коргоо маселелерин акысыз чагылды-
рууну, социалдык жарнаманын жеткиликтүү болушун мыйзам жактан бекитүү.
Административдик таасирди азайтуу механизмдерин иштеп чыгуу, санитардык
мыйзамдардын талаптарын сактабагандарга жооп кайтаруу чаралар система-
сын карап чыгуу жана алардын оордугу укук бузгандыгына жараша болушун
камсыз кылуу белгиленген талаптарды өз ыктыяры менен сактоого жардам
берет. Ооруларды алдын алууну саламаттык сактоонун артыкчылыктуу багыты
катары камсыз кылган жана аныктаган мыйзамга негизделген актыларды иш-
теп чыгуу керек.
Негизги багыттар
А. Колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо.
В. Коомдук саламаттык сактоо кызматын келечектүү өнүктүрүүнү кам-
сыз кылуу.
С. Эл аралык стандарттардын талаптарына шайкеш келген жалпы жана
атайын техникалык регламенттерди иштеп чыгуу.
D. Кызматтын натыйжалуу иштешин камсыз кылган мыйзам актыларына
толуктоо жана өзгөртүү киргизүү.
4.3.2.3. Секторлор аралык кызматташууну андан ары кењейтүү жана
өнүктүрүү, ишмердиктин айкындыгын көтөрүү
Секторлор аралык кызматташуу алкагында республикада азык продукту-
ларын йод, темир, витаминдер менен байытуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп
жатат, сергек турмуш үлгүсү боюнча программалар кыймылга келүүдө, "дени
сак мектеп", "дени сак шаар" демонстрациялык долбоорлор киргизилди,
бруцеллез, безгек менен күрөшүү, суу менен камсыз болушун жакшыртуу,
калктын гигиеналык көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп
жатат.
Кесиптик, экологиялык, социалдык коркунучтарды азайтууга багыттал-
ган ден соолукту чыњдоо жана коргоо тармагында секторлор аралык кызмат-
ташуунун натыйжалуулугун көтөрүү, жүрүм-турумдук көнүмүштөрдү өзгөртүү,
эмгек жана тиричилик шартын жакшыртуу калктын турмуш сапатын көтөрүүгө
алып келет.
Республикада социалдык-экономикалык жана экологиялык жагдайды
оњдоого, ар кандай секторлордо азык-түлүк саясатын түзүүгө багытталган
ар кандай программалар жана долбоорлор ишке ашырылууда. Саламаттык сак-
тоо секторунун ушул программалар менен өз ара аракетти калктын ден соо-
лугун чыњдоо маселелерин чечүүдө кыйла жылыштарга алып келет. Айла-
на-чөйрөнүн абалы жана анын ден соолукка болгон таасири боюнча маалымат
алмашуу механизмин, маалымат базасын жана бирдиктүү ведомстволор аралык
мониторинг системасын түзүү, коркунучтарды азайтуу боюнча биргелешкен
аракеттер планын иштеп чыгуу, өз убагында чечим кабыл алуу, жагдайды
болжолдоо үчүн негиз болуп берет. Координациялуу аракеттер кайталоону
четке кагып, алардын максатка жетишүү боюнча натыйжалуулугун көтөрөт,
өнөктүк мамилелерди жана аракетке тартылган кызматтардын ишинин айкын-
дыгын камсыз кылат. Ушул максат менен социалдык-гигиеналык мониторинг
системасын иштеп чыгып киргизүү, бир түргө келтирилген индикаторлорду
тандоо боюнча даярдык иштер башталды. Социалдык-гигиеналык мониторинг
ден соолукту коргоо жаатында түрдүү министрликтер менен ведомстволордун
өз ара аракетинин иштиктүү каражаты болуп калат.
Ички жана тышкы ресурстарды тартуу менен социалдык мобилизация бо-
юнча жергиликтүү бийлик органдары менен өнөктүк программаларды, долбо-
орлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, калк, жаштар, уюшулган жама-
ат, декреттелген контингент менен өз ара аракет механизмдерин кир-
гизүүгө көњүл буруу керек.
Коомдук саламаттык сактоо кызматынын иши, тамактануу продуктулар-
дын, эл керектеген товарлардын, ичүүчү суунун коопсуздук абалы, ар кан-
дай ооруларды алдын алуу жөнүндө калктын маалымдуу болушун көтөрүү ко-
омдук саламаттык сактоо кызматы калктын муктаждыгына жана жагдайдын
өзгөрүшүнө шайкеш жана өз убагында жооп беришине жардам берет. Азыркы
талаптар жана алардын өзгөрүшү жөнүндө ишкерлик жана жөнгө салуу субъ-
екттерине активдүү маалымдоо үчүн шарт түзүү кызматтын ишине тиешелүү,
ошондой эле калктын жана ишкерлик субъекттеринин кызыкчылыктарын камтып
иштелип чыккан документтерди талкуулоого кызыккан адамдардын катышуусун
кењейтет. ЖМК менен өз ара байланыштарды күчөтүү келечектүү жана зарыл.
Коомдук саламаттык сактоо кызматынын ролун көтөрүү социалдык моби-
лизациясыз мүмкүн эмес. Бул иш туруктуу негизде жүргүзүлүп жана андан
ары өркүндөтүүнү талап кылат. Республиканын бардык регионунда калк ме-
нен иштөөнүн туруктуу моделдерин андан ары киргизүү пландаштырылууда.
"Ден соолук маселеси боюнча жергиликтүү жамааттардын аракети" Жумгал
модели үлгү катары кабыл алынышы мүмкүн. Киргизилип жаткан моделдер
айылдагы калктын кызыгуусун туудурду. Бул багыттагы иштин жыйынтыгы
айылдык ден соолук комитеттерин уюштуруу, демилгелүү топторду, жамаат-
тык типтеги уюмдарды түзүү болуп калды. Республикадагы колдонулуп жат-
кан мыйзамдар калктын жана жамааттардын саламаттык сактоо проблемаларын
чечүүдө ыйгарым укуктарын кыйла кењейтти жана социалдык-маданий, тири-
чилик жана чарбалык багыттагы объектилерди пландаштыруу, куруу жана
жайлаштыруу маселелери боюнча мамлекеттик администрациялардын ишине ка-
тышууга шарт түздү. Аталган мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу ден соо-
лук детерминанттарын контролдоону жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт жана
алардын жагымсыз таасирине жол бербейт.
Жүрүм-турум көнүмүштөрүн өзгөртүүгө, ооруларды алдын алууга, ден
соолукту чыњдоого жана ден соолук маданиятын көтөрүүгө багытталган со-
циалдык жарнамага мамлекеттик колдоо көрсөтүү дени сак болуунун бийик
аброюн ањ-сезимде калыптандырууда чечкиндүү кадамдардын бири. ЖМК менен
туура жүргүзүлгөн биргелешкен иш ден соолук проблемасына эле токтолбой
калктын, коомдун, уюушулган жамааттын жүрүм-турум көнүмүштөрү ийги-
ликтүү өзгөрүүсүн чагылдырышы керек.
Негизги багыттар
А. Ден соолукту чыњдоо жана коргоонун артыкчылыктуу багыттары бо-
юнча ведомстволор аралык өз ара аракетти күчөтүү.
В. Социалдык-гигиеналык мониторинг системасын иштеп чыгуу жана
киргизүү.
С. Коомдук саламаттык сактоо кызматынын ишинин айкындыгын камсыз
кылуу.
D. Өзүнүн ден соолугун чыњдоо жана коргоо боюнча көндүмдөрдү, терс
жүрүм-турум көнүмүштөрүнө каршылык көрсөткөндү билүүгө, сергек турмуш
үлгүсүн тандап алууга калкты, коомду үйрөтүү.
4.3.2.4. Коомдук саламаттык сактоо кызматынын ишин саламаттык
сактоонун артыкчылыктарына багыттоо
Калктын жүрүм-турумдук көнүмүштөрүн өзгөртүү, конкреттүү регион-
дордун калкынын муктаждыгына жана саламаттык сактоо артыкчылыктарына
саламаттык сактоо системасын багыттоо, кесиптик, экологиялык жана соци-
алдык коркунучтарды азайтуу, дене жана психикалык ден соолукту чыњдоо
жана коргоо аркылуу эмгек шартын жакшыртуу артыкчылыктарды ордуна коюу-
ну жана функционалдык координацияны талап кылат. Кабыл алынган артыкчы-
лыктарды толук талкуулоо жана ар бир регионго өз алдынча чечим кабыл
алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатка ылайык. Эпидемиологиялык жагдайды
талдоо, иммундаштыруу каражаттары менен башкарылуучу инфекцияларды
азайтуу, ВИЧ/СПИД, аракечтик жана бањгилик менен күрөшүү, гельминтоз-
дордун, безгектин жайылышын төмөндөтүү, микронутриенттик жетишсиздикти
алдын алуу, айлана-чөйрөнүн гигиенасы жана балдардын ден соолугу боюнча
Европалык аракеттер планын ишке ашыруу жана радиациялык коопсуздуктун,
өзгөчө радон менен себептелген, начарлашына бөгөт коюу, Дүйнөлүк сала-
маттык сактоо уюмунун Рамкалык конвенциясын жана тамеки тартууга каршы
күрөшүү боюнча Европа стратегиясын ишке ашыруу сыяктуу Кыргыз Республи-
касы үчүн жалпы артыкчылыктуу багыттарды билүүгө жардам берет.
Негизги багыттар
А. Актуалдуу социалдык инфекциялык жана мите оорулары менен
күрөшүү боюнча иштерди күчөтүү.
В. Айлана-чөйрөнүн гигиенасы жана балдардын ден соолугу боюнча Ев-
ропалык аракеттер планын ишке ашыруу.
С. Микронутриенттик жетишсиздикти алдын алуу боюнча иш-чараларды
жандандыруу.
D. Радиациялык коопсуздук боюнча иш-чараларды күчөтүү.
4.3.3. Медициналык практиканын мазмуну
Далилдүү медицина (мындан ары - ДМ) концепциясынын пайда болушу
илимий медициналык басылмалардын өтө көп болгондугуна байланыштуу мый-
зам ченемдик көрүнүш, анткени практика жүргүзүүгө дарыгер, башкасын
айтпайлы, өзүнүн адистиги боюнча адабияттын бардыгын байкап окууга ку-
дурети жетпейт. Ошол эле мезгилде медицина жогорку технологияларды кол-
донуунун, демек, кымбат баалуу жабдуулар жана препараттардын тармагы
болуп калды. Экономикалык жактан күчтүү өлкөлөрдө да оптималдуу медици-
налык кийлигишүүлөрдү алардын натыйжалуулугу (бейтап үчүн) жана наркы
(саламаттык сактоо системасы үчүн) менен катышын тандап алуу маселелери
пайда болду. Ушуга байланыштуу көптөгөн дарылоо, алдын алуу жана диаг-
ностикалоо методдорун изилдөөлөрдүн натыйжаларынын далилдүүлүк крите-
рийлери иштелип чыккан.
Далилдүү медицинаны дарыгерлердин да, ар кандай дењгээлдеги сала-
маттык сактоо уюштуруучуларынын да практикасына киргизүү саламаттык
сактоонун чектелүү ресурстарын кыйла натыйжалуу бөлүштүрүүнү камсыз кы-
лат.
2001-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
алдында клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча
координациялык кењеш түзүлгөн, анын курамына саламаттык сактоо уюмдары-
нын ММК фондунун, ГУКВ, ДмККжМТД, МСЭКД, ошондой эле медициналык билим
берүү мекемелеринин негизги адистери киргизилген. Бул багытта иш сала-
маттык сактоонун бардык дењгээлин камтып активдүү улантылууда.
Максаты
Саламаттык сактоо практикасына жана билим берүү процессине да-
лилдүү медицинаны киргизүүнүн негизинде саламаттык сактоо системасынын
бардык дењгээлинде көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жакшыр-
туу.
Милдеттер
1. Далилдүү медицинага негизделген клиникалык протоколорду/колдон-
молорду иштеп чыгуу процессин институтташтыруу.
2. Далилдүү медицинанын саламаттык сактоо практикасына жана билим
берүү процессине андан ары киргизүү.
4.3.3.1. Далилдүү медицинага негизделген клиникалык протоколорду/
колдонмолорду иштеп чыгуу процессин институтташтыруу
Клиникалык протоколдорду жана колдонмолорду иштеп чыгуу көп эмгек-
ти, азыркы медициналык адабиятка, илимий изилдөөлөрдүн жањы маалыматына
жетүүнү, системалуу көз жүгүртүүнү талап кылган процесс. Мындай адаби-
яттын көбү азыр оn-line режиминде жеткиликтүү. Далилденген так илимий
фактыларга негизделип медициналык практиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү
үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Далилдүү
медицина борборун жана ресурстук борборлор/филиалдар тармагын түзүү
пландаштырылууда, алар аркылуу практикалык дарыгерлер, студенттер, кли-
никалык протоколдорду жана колдонмолорду иштеп чыгууга катышкан негизги
дарыгерлердин керектүү ресурстарга жетишүүсү өркүндөтүлөт.
Негизги багыттар
А. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Да-
лилдүү медицина борборун жана ресурстук борборлор/филиалдар тармагын
түзүү.
В. ДМны киргизүү үчүн потенциал түзүү (далилдүү медицина боюнча
адистерди, анын ичинде Далилдүү медицина борборлорунун кызматкерлерин
окутуу, ДМ адистеринин коомдорун/ассоциацияларын түзүү).
С. Далилдүү медицина боюнча маалымат базасын түзүү жана кармоо,
кызыккан адамдар арасында маалымат жайылтуу жана клиникалык прото-
кол/колдонмолорду иштеп чыккан адистерди, ошондой эле илимий-медицина-
лык изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн маалымат менен камсыз кылуу.
D. ДМ боюнча башка борборлор жана жамааттар менен эл аралык кыз-
матташууну кењейтүү
4.3.3.2. Далилдүү медицинанын саламаттык сактоо практикасына жана
билим берүү процессине андан ары киргизүү
Клиникалык протоколдорду жана колдонмолорду иштеп чыгуу жана
жањыртуу, аларды клиникалык практикага киргизүү бул туруктуу процесс,
ага саламаттык сактоо секторунун негизги адистери тартылат. Андан ары
клиникалык протоколдорду иштеп чыгууну жана даярдоону кесиптик медици-
налык ассоциациялар, УБ, ИИИ жана республикалык уюмдар өзүнө алышат,
ушуга байланыштуу аларды иштеп чыгуу методологиясын өркүндөтүү пландаш-
тырылууда. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги клини-
калык протоколдорду киргизүүнү координациялап турат. Клиникалык прото-
колдорду киргизүүнүн маанилүү механизми болуп аларды дипломдон кийинки
жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү программасына киргизүү сана-
лат. Андан кийин медициналык окуу программалары толугу менен ДМга не-
гизделиши керек Ошону менен бирге клиникалык протоколдорду жана колдон-
молорду клиникалык практикага жана билим берүү процессине киргизүү мо-
ниторингин андан ары жүргүзүү пландаштырылууда.
Негизги багыттар
А. Ушул стратегияда аныкталган артыкчылыктуу программаларга басым
жасап медициналык практикага практикалык колдонмолорду иштеп чыгууну
жана киргизүүнү улантуу.
В. Колдонмолорду даярдоо процессин өркүндөтүү, ошол иш-аракетке,
ошондой эле клиникалык колдонмолорду жана протоколдорду киргизүү мони-
торингине катышууга адистер үчүн стимул киргизүү.
С. Медициналык билим берүүнүн бардык дењгээлинде окуу пландарга
далилдүү медицина негиздерин киргизүү, медициналык билим берүүнүн бар-
дык дењгээлинде окуу процессте клиникалык протоколдорду пайдалануу жана
окутуу сапатынын мониторинги.
D. Өтө маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесин жана Негизги
дары каражаттарынын формуларын кайра карап чыгуу.
Е. Клиникалык протоколдорду жана колдонмолорду киргизүү мониторин-
ги.
4.3.4. Артыкчылыктуу программалардын алкагында саламаттык
сактоонун жеке меднциналык жана коомдук кызматтарын
көрсөтүү
2000-жылдын сентябрында 191 өлкө, анын ичинде Кыргызстан, БУУнун
53 Ассамблеясында Мињжылдык декларациясын кабыл алышкан, ал дүйнөлүк
коомчулуктун тынчтык, коопсуздук, өнүгүү, айлана-чөйрө, адам укугу,
башкаруу проблемаларына болгон көз карашын чагылдырды. Мињжылдык декла-
рациясында бардык өлкөлөр үчүн актуалдуу 2015-жыш адамзат жетише турган
саны белгилүү конкреттүү өнүгүү багыттарын тактаган өнүгүү максаттары
белгиленген. Мындан тышкары, Европа жана Борбордук Азия региондорунун
өлкөлөрүнө МӨМгө жетишүү үчүн кошумча багыттар кабыл алынган.
Саламаттык сактоону реформалоонун "Манас" улуттук программасынын
алкагында (1996-2006) бир нече артыкчылыктар аныкталган, алар боюнча
эненин жана баланын ден соолугун коргоого, репродуктивдүү ден соолукту
жакшыртууга, кургак учук жана башка жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө
багытталган улуттук жана мамлекеттик программалар кабыл алынган, алар
эл аралык донор уюмдары тарабынан колдоого алынган. Бирок ошол програм-
маларды талдоо көрсөткөндөй негизги көрсөткүчтөр агрегацияланган түрдө,
региондор боюнча жана калктын кедей жашаган өкүлдөрүнүн арасында оњолу-
шуна карабай, көп көрсөткүчтөр ар түрдүү болуп келген. Алсак, ден соо-
лук көрсөткүчтөрү, медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгү кедей регион-
дордо жана калктын кедей категорияларынын арасында өтө начар.
Түзүлгөн эпидемиологиялык жагдайды жана медициналык-демографиялык
көрсөткүчтөрдү талдоо, ошондой эле МӨМгө жетүү боюнча өзүбүзгө алган
милдеттер Кыргызстан үчүн жакынкы беш жылга "Манас таалими" программа-
сынын төмөнкү артыкчылыктуу багыттарын аныктады.
- энени жана баланы коргоо;
- кургак учукту контролдоо жана респиратордук ооруларды алдын
алуу;
- жүрөк-кан тамыр ооруларын жана аларды коштогон оорулардын алдын
алуу;
- ВИЧ/СПИДдин таралышына бөгөт коюу.
Эне жана баланы коргоо
Баланын ден соолугу. 5 жашка чейинки балдардын өлүмү 1990-жылы
41,3/1000ден 2004-жылы 31,2/1000ге чейин, ал эми 1 жашка чейинки бал-
дардын өлүмү 1990-жылы 30/1000ден 2004-жылы 25,7/1000ге чейин азайышына
карабастан, МӨМгө жетишүү үчүн мындай жылыштар жетишсиз. Стационарда 1
жашка чейинки ымыркайлардын бир күнгө жетпей чарчап калуу көрсөткүчтөрү
(2000-ж. 19,8%, 2004-ж. 17,1%) жана эки жашка чейинки балдардын үйдө
чарчап калуу көрсөткүчтөрү (2001-ж. 48,6%, 2004-ж. 47,1%) оњолгон эмес.
Жалпыланган маалыматтар облустар, шаар жана айылдар, кедейлер жана
бай жашаган адамдар арасында айырманы жашырып салат. Мисалы, айрым об-
лустарда 5 жашка чейинки балдардын жана ымыркайларды чарчап калуу
көрсөткүчтөрү ынандыруучу жакшы багыт алган, ошол эле учурда Ош шаарын-
да жана Баткен облусунда ошол эле көрсөткүчтөр тез арада кийли-
гишүүлөрдүн зарылдыгын көрсөтүп турат (28, 33-сүрөттөр).
Шаарда балдардын өлүм көрсөткүчүнүн бийик болушу көњүлдү бурат
(29-сүрөт), бул баштапкы саламаттык сактоо дењгээлинде оорулардын кы-
йындап кетишин кеч билип, бейтаптарды шайкеш эмес дарылоо жөнүндө
күбөлөндүрүп турат, ал экинчилик дењгээлде шаардагы бейтаптардын көп
болушуна алып келет, экинчилик дењгээлде иштеген медициналык кызматкер-
лердин реанимациялык жардам көрсөтүүдө жетиштүү квалификациясы жок
(30-сүрөт).
28-сүрөт. Кыргыз Республикасында ымыркайлар өлүмүнүн көрсөткүчү
29-сүрөт. Кыргыз Республикасында балдар өлүмүнүн көрсөткүчү
30-сүрөт. Шаарда жана айылдарда 5 жашка чейинки балдардын жана
ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү, Кыргыз Республикасы,
(1000 тирүү төрөлгөндөргө).
Эгерде шаарда ымыркайлар өлүмүнүн себептер түзүмүндө перинаталдуу
себептер үстөмдүк кылса, айыл жергесинде - дем алуу органдарынын оору-
лары жана жугуштуу оорулар үстөмдүк кылат. Мисалы, катуу кармаган рес-
пиратордук инфекциядан (ККРИ) Баткен облусунда Бишкек шаарына салыштыр-
малуу (2003-ж.) өлүмдүүлүк 4 эсе жогору (31-сүрөт).
Үй чарбаларын текшерүү маалыматы боюнча балдардын өлүм дењгээли
кедей үй чарбаларында кыйла камсыз болгондорго салыштырмалуу 2 эсеге
жогору. 6 айдан 36 айга чейинки куракта чарчаган 50% балдарда анемиясы
белгиленген, 5 жашка чейинки балдардын 33%инде А витамин жетишпеген.
Ушуга байланыштуу эрте жаштагы балдардын өлүмүн алдын алууда микронут-
риенттик жетишсиздикти жоюу чоњ ролду ойнойт.
31-сүрөт. Кыргыз Республикасында балдардын өлүм себебинин түзүмү,
2004-ж.
Тирүү төрөлүү жањы критерийлерди киргизүү менен балдардын өлүм
түзүмүндө 28 күнгө чейинки куракта чарчап калган балдардын үлүшү
көбөйүп баратат (32-сүрөт). Бул мезгилде чарчап калуу кош бойлуулук
учурунда такталбаган проблемаларга, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын
анте- жана интранаталдык пакеттеринин жетишсиздигине, төрөткө катышкан
медициналык кызматкерлердин жетишсиз квалификациясына жана ымыркайларга
реанимациялык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу болот. Кыр-
даалдын тањгалдырганы, Кыргыз Республикасында неонаталдык өлүмдүүлүктү
алдын алуу медициналык кызматкерлердин катышуусу менен төрөттү камсыз
кылууга багытталбай, медициналык кызматкерлердин квалификациясын
көтөрүүгө багытталышы керектигинде (33-сүрөт).
32-сүрөт. Кыргыз Республикасында балдар өлүмдүүлүгүнүн негизги
тенденциялары
33-сүрөт. Квалификациялуу адистердин катышуусу менен жүргүзүлгөн
төрөттөрдө неонаталдуу мезгилде (төрөлгөндүгүнө 28 күн
болгондо) балдар өлүмдүүлүгү боюнча маалыматтардын
тањгалыштуу айырмачылыгы
Эненин ден соолугу. 1.2-бөлүмдө айтылгандай эне өлүмүнүн
көрсөткүчү 100000 тирүү төрөлгөндөргө 1990-жылы 62,9дан 2004-жылы
46,4кө чейин төмөндөгөн. Ошону менен бирге, бала өлүмү сыяктуу эле, бул
жерде да облустар боюнча эне өлүмүнүн кыйла айырмаланышы байкалат
(34-сүрөт).
34-сүрөт. Кыргыз Республикасында 1997-2004-жылдарда эне өлүмүнүн
дењгээли
2003-жылдан баштап эне өлүмүнүн түзүмүндө гестоздор, 2004-жылы -
акушердик кан агуулар үстөмдүк кылышы тынчсызданууну туудурат
(35-сүрөт). Бул баштапкы саламаттык сактоо кызматкерлеринин кош бойлуу-
лукка көз салуу, эски оорулардын козголушун эрте байкоо боюнча жетишсиз
квалификациясына, экинчи звенодогу акушер-гинекологдордун реанимациялык
жардам көрсөтүү жана төрөттү коопсуз алып баруу боюнча жетишсиз квали-
фикациясына жана саламаттык сактоо кызматынын жеткиликтүүлүгүнө байла-
ныштуу болот
35-сүрөт. Кыргыз Республикасында эне өлүмүнүн себептер түзүмү,
2003-2004-жылдар
Кургак учукту контролдоо жана респиратордук оорулардын алдын алуу
2.2-бөлүмдө айтылгандай, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо-
сун реформалоонун "Манас" улуттук программасынын (1996-2006) алкагында
республикада DОТS стратегиясы киргизилген, ал 1998-жылдан баштап кургак
учукка кабылуунун өсүшү жайлай баштаган, кургак учуктан каза табуу
дењгээли азаюуга багыт алган, башкача айтканда республикада кургак учук
боюнча эпидемиялык жагдай жарым-жартылай контролго алынган. Бирок кур-
гак учукка кабылуунун жалпы дењгээли, өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй облу-
сунда жогору бойдон калууда (36-сүрөт), бул жерде кургак учуктун негиз-
ги булагы болуп саналган пенитенциардык мекемелердин 75%и топтолгон.
36-сүрөт. Кыргыз Республикасында кургак учуктан каза табуу жана
ооруга чалдыгуу дењгээли
Кыргыз Республикасында ден алуу органдарынын оорулары кургак учук-
тун эпидемиологиялык жагдайы жогору болуп турган шартында жагымсыз жаг-
дайды түзүп, ооруга чалдыгуу түзүмүндө үстөмдүк кылышын эске алсак
(37-сүрөт), 2003-жылдан баштап Кыргыз-Финн өлкө ден соолугу боюнча
программасы пилоттук региондордо (Бишкек шаары жана Жалалабат облусунун
Токтогул району) РАL стратегиясын - өпкө ден соолугуна практикалык ма-
миле кылууну киргизүүнү баштады. Бул стратегия DОТS стратегиясы кирги-
зилген жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын инфраструктурасы
бар өлкөлөр үчүн ДССУ тарабынан иштелип чыккан. РАL стратегиясы кургак
учуктун аныкталышын жакшыртууга, эрте диагностикалоого жана башка рес-
пиратордук инфекцияларды, бронхтук астманы туура дарылоого, өпкөнүн
өнөкөт обструктивдүү ооруларынын пайда болуу коркунуч факторлорун азай-
тууга жана эрте диагностикалоого басым кылат.
ДССУнун Европалык региондук бюросунун маалыматы боюнча Кыргызстан-
да жана Тажикстанда дем алуу органдарынын ооруларынан эњ жогору өлүм
дењгээли катталууда РАL стратегиясы респиратордук инфекцияларды эрте
аныктоону өркүндөтүүгө багытталып, өнөкөт жана катуу кармаган өпкө оо-
рулары бар бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү сапатын жакшыртууга
жардам берет, ошону менен кыйла социалдык-экономикалык жоготууларды
азайтат.
37-сүрөт. Кыргыз Республикасында 2004-жылы ооруларга чалдыгуу
түзүмү
Жүрөк-кан тамыр ооруларын жана алардын күчөп кетишии алдын алуу
Кыргыз Республикасында жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКТО) жыл сайын
болгон өлүмдөрдүн дээрлик жарымын түзүп (2004-ж. 46,4%) жалпы
өлүмдөрдүн түзүмүндө биринчи орунду ээлейт. Өзгөчө тынчсызданууну жаш
жана эмгекке жарамдуу адамдар арасында ЖКТОдон өлгөндөр көбөйүп барат-
каны туудурат (3-таблица), ЖКТОдон болгон өлүмдөргө негизги салымды
(80%) артериялык гипертензия, жүрөктүн коронардык оорусу жана церебро-
васкулярдык оорулар кошот. Тандалма изилдөөлөрдүн жыйынтыктары ошол оо-
рулардын жана алардын өнүгүшүнүн коркунуч факторлорунун өтө жайылып ке-
тишин айтып турат, Бирок азыркы учурга чейин республикада ЖКТОну эрте
аныктоо (калктын скринингинин негизинде жана адекваттуу кийлигишүү) бо-
юнча иш-чаралар жүргүзүлгөн эмес. Бул өтүшүп кеткен оорулардын
өнүгүшүнө жана алардан өлгөндөрдүн саны көбөйүп кетишине алып келет.
ДССУнун Европалык регионалдык бюросунун маалыматтарына ылайык Кыр-
гыз Республикасы мээ инсультунан өлүмдүн стандартташкан көрсөткүчү бо-
юнча 100 мињ адамга 60,67 катталган учурду түздү (акыркы 10 жылдагы
көрсөткүч), бул Евразия регионунда, демек, дүйнөдө да биринчи орунду
ээлейт (38-сүрөт).
Жогоруда аталган жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары Кыргызстан-
дын калкынын негизги өлүмүн эле аныктабастан эрте эмгекке жарамсыздык-
тын жана адамдардын майыптыгынын себеби болуп саналат. 2000-2004-жылда-
ры ЖКТОдон Кыргыз Республикасынын калкынын алгачкы майыптыкка чыгуу
көрсөткүчүнүн өсүшү 13,4%ти түздү.
3-таблица
Кыргыз Республикасында жүрөк-кан тамыр ооруларынан
өлгөндөр (100 мињ калкка)
| Курак-жаш топтору (жаш) | 1990-ж. | 2003-ж. | өсүү%и |
| 30-39 | 47,4 | 56,7 | 19,6% |
| 40-49 | 168,3 | 189,5 | 12,6% |
| 50-59 | 457,9 | 533,0 | 16,4% |
38-сүрөт. Мээ инсультунан курак боюнча стандартташкан (0-64 жаш)
өлүм көрсөткүчү (100 мињ тургунга).
2000-жылдан баштап артериялык гипертензияны дарылоонун далилдүү
методдорун киргизүү жана ММК КП боюнча дары-дармектердин жетки-
ликтүүлүгүнүн жакшырышы өтүшүп кетүүчү оорулардын азайышына алып келди.
Мисалы, Чүй облусунда геморрагиялык инсульттан ооруканага жатуу дењгээ-
ли 1999-жылы 1000 бейтапка 14,4төн 2004-ж. 3,3кө чейин кыскарды
(19-сүрөт).
ВИЧ/СПИДдин таркалышын чектөө
Кыргызстанда 2001-2004-жылдары катталган ВИЧ-инфекциянын саны кый-
ла көбөйгөнү байкалууда. 1987-жылдан (ВИЧ-инфекция биринчи катталган
жыл) 2004-жылга чейин өлкөбүздө 655 ооруган адам катталган, анын ичинде
572 Кыргызстандын жараны. Жалпы ВИЧ-позитивдүүлөрдүн катталган санынан
- 533 бањги затты сайынып керектегендер. ВИЧ-инфекция бањги зат колдо-
нуучулардын чөйрөсүнөн жалпы популяцияга өтүү тенденциясы байкалууда
(39-сүрөт). 35 адамдан СПИД оорусу аныкталган, алардын 26сы каза тапты.
2003-2004-жылдары аялдар арасында ВИЧ инфекциялануу көбөйүү багы-
тын алган. ВИЧ-инфекция алгачкы катталган учурдан ВИЧ-позитивдүү аял-
дардын саны 34 эсе көбөйгөн (3 адамдан 102ге чейин). 1996-2004-жылдары
ВИЧ-инфекцияланган аялдардан тогуз бала төрөлдү.
39-сүрөт. Кыргыз Республикасында эркектер жана аялдар арасында
ВИЧ-инфекциянын катталган саны (1) жана аларды жуктуруу
жолдору (2).
Кыргыз Республикасынын түзөтүү мекемелеринде ВИЧ-инфекциянын тез
тарап кетүү коркунучу орун алган. 2005-жылдын башында пенитенциардык
мекемелерде 128 ВИЧ-инфекциялангандар аныкталган.
Чектелүү бөлүнгөн акча каражаттары "Кыргыз Республикасынын
ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ВИЧ-инфек-
циялангандарга квалификациялуу жана адистештерилген медициналык жардам-
дын бардык түрүн акысыз көрсөтүү, анын ичинде дары-дармектер менен акы-
сыз камсыз кылууну жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылууда.
Максаты
Артыкчылыктуу программалардын алкагында (энени жана баланы коргоо,
кургак учукту контролдоо жана респиратордук ооруларды алдын алуу,
жүрөк-кан тамыр ооруларын жана алардын өтүшүп кетишинин алдын алуу,
ВИЧ/СПИДдин таралышын чектөө) калктын ооруга чалдыгуусун, майыптуулугун
жана эрте болгон өлүмдөрдү азайтууга, ден соолукту коргоо тармагында
Мињжылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө багытталган коомдук сала-
маттык сактоо кызматын жана жеке медициналык кызмат көрсөтүү натыйжалу-
улугун көтөрүү.
Милдеттер
1. Далилдүү негизи бар медициналык кызмат менен камтууну көбөйтүп,
эне жана бала өлүмдөрүнүн көрсөткүчүн төмөндөтүү.
2. DОТS жана РАL стратегияларын натыйжалуу киргизүү аркылуу кургак
учуктан жана респиратордук оорулардан өлүмдөрдү жана ооруга чалдыгууну
азайтуу.
3. Калктын негизги майыптуулук жана өлүм себебин аныктаган
жүрөк-кан тамыр системасынын социалдык жактан маанилүү жана кењири та-
раган ооруларын алдын алуу.
4. ВИЧ-инфекция/СПИД, ЖЖАЖО жана бањгиликтин таралышын чектөө.
4.3.4.1. Далилдүү негизи бар медициналык кызмат менен камтууну
көбөйтүп, эне жана бала өлүмдөрүнүн көрсөткүчүн
төмөндөтүү
Эне жана баланын ден соолугун олуттуу жакшыртуу, демек, Мињжылдык-
тын 4 жана 5-өнүктүрүү максаттарына жетишүү (МӨМ) үчүн мамлекет тарабы-
нан тез жана натыйжалуу кийлигишүү керек. Болбосо азыркы тенденциялар
жана социалдык-экономикалык шарттар менен Кыргызстан саламаттык сактоо
тармагында өзүнө алган милдеттерди аткара албайт.
Далилдүү базасы бар натыйжалуу кийлигишүүлөрдүн тизмесин киргизүү
бала өмүрүнүн алгачкы 5 жашында болгон өлүмдөрдүн үчтөн эки бөлүгүн ал-
дын алып, МӨМдө коюлган максатка жеткирет. Ошол кийлигишүүлөрдүн 90%и
БМСЖ жана коомдук саламаттык сактоо кызматынын эсебинен аткарылган.
Ошол кийлигишүүлөр бала өлүмдөрүнүн түзүмүндө алдыњкы катарда турган
ооруларга чалдыгуу жакындыган натыйжалуу төмөндөтүүгө жөндөмдүүлүгүн
алдын алуучу мамилеге жана Кыргыз Республикасында аткарыла турган жана
далилденген медициналык кийлигишүүлөргө негизделген.
2000-2004-жылдары республикада донорлордун жардамы менен "Перина-
талдык жардамдын натыйжалуулугун көтөрүүгө көмөктөшүү" (ЮНИСЕФ/ДССУ),
"Баланын ооруларын интеграциялап дарылоо" (ЮНИСЕФ/ДССУ), "Эмчек
эмизүүгө кызыктыруу жана аны колдоо" (ЮНИСЕФ), "Кош бойлуулуктардын те-
мир жетишсиздик анемиясын алдын алуу" (ЮНИСЕФ), "Энени жана баланы кор-
гоо" (КfW), "Эне болуу коопсуздугу" (ЮНИСЕФ/ДССУ), "Тирүү төрөө жањы
критерийлерин киргизүү" (ДССУ/СDС) программаларын, кечиктирилгис аку-
шердик жардам, ымыркайларга кечиктирилгис жардам, коопсуз бойдон
түшүрүү, социалдык патронаж ж.б. ушундай кийлигишүүлөрдүн элементтери
киргизилген. Бирок, сапаттуу тандап изилдөөлөрдүн натыйжалары иммуноп-
рофилактиканы, А витамини менен саплементациялоону жана оралдык регид-
ратондук каражаттарды пайдаланууну кошпогондо ушул кийлигишүүлөрдүн
калкты камтуусу 20-30%тен ашпаганын көрсөтөт.
Бир нече кийлигишүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында ушул күнгө
чейин апробацияланган эмес. Ошондуктан далилдүү кийлигишүүлөр менен
камтуу жана тизмесин кењейтүү ишенимдүү резерв катары каралат, аны кол-
донуу саламаттык сактоо жаатында МӨМдө коюлган максаттарга жетишүүгө
жардам берет. Ушуга байланыштуу республиканын бардык аймагында апроба-
цияланган программаларды таркатуу, аларды институтташтыруу, туруктуу
механизмдерди жана МГПга этап этабы менен киргизүү каралууда.
Кийлигишүүлөрдү институтташтыруу кош бойлууларга, төрөгөндөргө,
ымыркайларга жана бир жашка чейинки ымыркайларга стандарттуу анте-,
интра- жана постнаталдуу кызматтар пакетине аларды киргизүү аркылуу
пландаштырылууда, аларды каржылоо баштапкы этапта МГПга акырындап кир-
гизүү менен донордук жардамдардын эсебинен болушу болжолдонууда.
Баштапкы звенодогу медициналык кызматкерлерди, акушер-гинеколог-
дорду, неонатологдорду, реаниматологдорду окутуу - МӨМгө жетишүүнүн
пайдубалы. Бул окутууда биринчи жана экинчи звенодогу медициналык кыз-
маткерлер үчүн ар кандай акценттер коюлат. Баштапкы звенодогу медицина-
лык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу дени сак жана оорулуу
баланы кароо жана багуу, үй-бүлөнү пландаштыруу, кош бойлууларды кароо,
өтүшкөн ооруларды өз убагында таанууга жана кайра жолдомо берүү маселе-
лери боюнча талап коюлат (БОИАБ, эмчек эмизүү, тамактантуу, баланы ка-
роо, эне болуу коопсуздугу, тирүү төрөөнүн жањы критерийлери, энеден
балага ВИЧ трансмиссияны алдын алуу ж.б.), экинчи звеного - төрөтүү жа-
на далилдүү негизи бар принциптерге таянып балдарга жана төрөгөн эне-
лерге кечиктирилгис жардам көрсөтүү, ал эми үчүнчү звеного - методоло-
гиялык жана консультациялык жардам көрсөтүү, ишке ашырылып жаткан прог-
раммалардын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын
аракетин координациялоо талап кылынат.
Иш-чараларды макулдашып жүргүзүү үчүн, энени жана баланы коргоо
проблемаларын чечүүгө катышкан саламаттык сактоо уюмдары үчүн иш-ара-
кеттеринин багытын жана артыкчылыктарын аныктоого бир нече стратегия-
ларды ("Калктын репродуктивдик ден соолугун коргоо", "Балдардын жана
өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо") жана программаларды ("Балдарга пе-
ринаталдык жардамды өркүндөтүү", "Репродуктивдүү курактагы аялдардын
жана балдардын тамактануусу") иштеп чыгуу керек, кызматтардын эл аралык
нормаларга, аныктамаларга жана жоболорго ылайык келишин жана улантуучу-
лук принциптерди камсыз кылган ченемдик укуктук документтерди басып чы-
гаруу жана мыйзамдарды жылдыруу зарыл.
МӨМгө жетишүү үчүн ишенимдүү көрсөткүчтөрү бар зарыл иш-чаралар
комплексинде негизги багыттардын бири болуп иммунопрофилактика саналат.
Кыргыз Республикасында иммундаштыруу менен камтуу 98-99%ке жетет. Вак-
циналык препараттарды өз убагында сатып алууну камсыз кылууда финансы-
лык көз карандысыздык, Улуттук эмдөө календарын кењейтүү, БМСЖ адисте-
рин сапаттуу жана өз убагында вакцинация жүргүзүүгө үйрөтүү өтө маа-
нилүү болуп эсептелет.
Микронутриенттик жетишсиздикти азайтуу жана алдын алуу боюнча ишти
улантуу жањы инновациялык мамиле иштеп чыгууну, өзүн актаган иш-чара-
ларды колдоону жана туруктуулук, финансылык көз карандысыздык механизм-
дерин иштеп чыгууну талап кылат.
Үй-бүлөлүк медицина институтунун калыптануусунун өтмө учурунда
вертикалдуу адистештирилген программаларды медициналык кызмат
көрсөтүүнүн жалпы системасына андан ары интеграциялоону энени жана ба-
ланы коргоо тармагында программалардын натыйжалуугуна өз убагында жооп
берген мониторинг системасын өркүндөтүү менен жүргүзүү керек. Мында ири
талдоо, оперативдүү маалыматтардын негизинде болуп өткөн иш-чаралардын
натыйжалуулугуна жана киргизүүсүнө мониторинг кылуу, сапаттуу
изилдөөлөрдү жүргүзүү керек.
Эненин жана баланын төрөт учурунда төрөлүү жана өлүм фактыларын
ишенимдүү каттоо маанилүү болгондуктан каттоонун ишенимдүүлүгүн жана
жеткиликтүүлүгүн жакшыртуучу стимул берүүчү механизмдерди иштеп чыгуу
зарыл. Төрөлүү жана өлүм учурларын өз убагында каттоо, бейтаптардын
укуктарын коргоо, иммундаштыруу, саплементациялоо жана репродуктивдик
курактагы аялдардын жана балдардын ден соолугуна, тамактануусуна байла-
ныштуу маселелерди коомчулук колдоп беришине багытталган иш-чараларды
жүргүзүү боюнча проблемаларды жана маселелерди чечүү үчүн калкты ак-
тивдүү тартуу пландаштырылууда.
Бир жашка чейинки ымыркайлардын өлүм себептерин верификациялоо
өлүм себептерин четке кагууга, медициналык кызмат көрсөтүү сапатын жак-
шыртууга багытталган кийлигишүүлөрдү иштеп чыгуу үчүн негиз болуп сана-
лат, ушуга байланыштуу патолого-анатомиялык изилдөөлөрдүн сапатын
көтөрүү боюнча иш-чаралар пландаштырылууда.
Далилдүү кийлигишүүлөрдү киргизүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу
үчүн сергек турмуш үлгүсүнө үйрөтүү, дени сак жана оорулуу баланы раци-
оналдуу кароо, үй-бүлөнү пландаштыруу, репродуктивдик тандоосу жана эне
болуу коопсуздугу, кооптуу белгилерди билүү, алар пайда болгон учурда
биринчи жардам жана медицииалык кызматкерге өз убагында кайрылуу масе-
лелери боюнча калктын маалымдуу болушу жана аны окутуу пландаштырылуу-
да.
Репродуктивдүү курактагы аялдарга жана балдарга, өзгөчө алыскы жа-
на жетүүгө кыйын айылдарда жашагандарга дары-дармектердин экономикалык
жана накталай жеткиликтүү болушун камсыз кылуу өтө маанилүү болуп эсеп-
телет.
Беш жашка чейинки балдарды, кош бойлууларды, төрөп жаткан жана
төрөгөн аялдарды ММК КП боюнча максаттуу топторго киргизүү аларга да-
ры-дармектердин жеткиликтүү болушун жана туура колдонушун кыйла
көбөйтөт. Алыскы региондордогу калкка дары-дармектердин жеткиликтүүлүгү
чектелүү болушу социалдык маркетингдин негизинде дары-дармек менен кам-
сыз кылуунун инновациялык методдорун иштеп чыгууну талап кылат.
Негизги багыттар
А. Беш жашка чейинки балдарга, кош бойлууларга, төрөп жаткан жана
төрөгөн аялдарга МГП алкагында медициналык кызматтын түрлөрүн этап-эта-
бы менен кењейтүү.
В. Эненин жана баланын ден соолугун жакшыртуу үчүн натыйжалуу кий-
лигишүүлөр менен кењири камтылышын камсыз кылуу.
С. Мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, максаттуу
программаларды иштеп чыгуу.
D. Микронутриенттик жетишсиздикти жоюу боюнча программалар жана
иммунопрофилактика менен сапаттуу камтылышын шайкештүү дењгээлде кол-
доо.
Е. Адистештирилген жардамды жеке медициналык кызмат көрсөтүүнүн
жана систесасына уланмалуулукту жакшыртуунун үчүнчү дењгээлдеги сала-
маттык сактоо уюмдарына консультациялык жана методикалык жардамды кам-
сыз кылуунун негизинде андан ары ингерациялоо.
Е. Изилдөөлөр жана мониторинг.
F. Баланын төрөлүшүн жана өлүмүн каттоо системасын жетки-
ликтүүлүктү, чындыкты жана оперативдүүлүктү камсыз кылуу менен оптимал-
даштыруу.
G. Медициналык кызматкерлердин жана калктын баланы жана кош бойлуу
аялды кароо маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатуу (эмчек эмизүү,
тамактануу, кооптуу белгилер, ден сак жана ооруп калган ымыркайларды
кароо жана багуу).
Н. Кош бойлууларды, төрөп жаткан аялдарды жана ымыркайларды меди-
циналык жардам көрсөтүүнүн бардык дењгээлинде дары-дармектер менен кам-
сыз кылуу.
4.3.4.2. DОТS жана РАL стратегияларын натыйжалуу ишке киргизүү
аркылуу кургак учуктан жана респиратордук оорулардан
өлүмдөрдү жана ооруга чалдыгууну азайтуу
DОТS стратегиясын баштапкы саламаттык сактоого киргизүү, оорукана
секторунун түзүмүн өзгөртүү натыйжасында кургак учукка каршы кызматтын
жалпы дарылоо тармагы менен жарым-жартылай интеграциялоосу жүргүзүлдү.
РАL стратегиясын республиканын бардык аймагында киргизүү кургак учукту
жакшы аныктоого, катуу кармаган респиратордук жана өпкөнүн өнөкөт оору-
ларын алдын алууга жана кургак учукка каршы кызмат менен пульмонология-
лык кызматтын акырындап интеграцияланышына жардам берет. Мындан тышка-
ры, РАL стратегиясы дарылоо методдорун стандартташтырууга, медициналык
жардамдын сапатын жогорулатууга, калк арасында алдын алуу ишин
күчөтүүгө багытталат.
Кыргыз Республикасы кургак учук боюнча жагымсыз эпидемиологиялык
жагдайы бар мамлекеттердин ичинде болгондуктан, кургак учук инфекциясы-
нын, анын ичинде анын мультирезистенттик формаларынын резервуары болуп
саналган пенитенциардык мекемелерде жыл сайын мунапыска кургак учук ме-
нен ооругандар чыгарылат, ошондуктан DОТS жана DОТS+ стратегияларын пе-
нитенциардык системада киргизүү, абактан бошотконго чейин кургак учук
менен ооруган бейтаптарды реабилитациялоо механизмдерин иштеп чыгуу,
ошондой эле ведомстволор аралык аракеттешүүнү өркүндөтүү боюнча иш-ча-
ралар (ЮМ, ИИМ, ССМ) пландаштырылууда.
Негизги багыттар
А. Баштапкы саламаттык сактоо мекемелеринин респиратордук оорулар-
ды жана кургак учукту дарылоодо жана алдын алууда ролун күчөтүү.
В. DОТS жана РАL стратегиясын республиканын бардык аймагында кур-
гак учукка каршы жана пульмонология кызматтарын акырындап интеграцияло-
онун негизинде андан ары киргизүү.
С. Респиратордук оорулар жана кургак учук менен күрөшүү боюнча
иш-чараларды координациялоо жана башкарууну оптималдаштыруу.
D. Респиратордук ооруларды жана кургак учукту алгачкы жана экинчи
ирет алдын алуу боюнча иш-чараларын колдоо жана артыкчылыгын күчөтүү.
Е. Респиратордук ооруларды жана кургак учукту контролдоо боюнча
далилдүү медицина принциптерине негизделген натыйжалуу технологияларды
киргизүү, анын ичинде балдар арасында иммундук калкан түзүү (кургак
учукка каршы вакциндештирүү жана ревакциндештирүү).
F. Бактериологиялык кызматтын өнүгүшү жана аны координациялоо,
микроскоптук изилдөөлөрдүн сапатын көтөрүү.
G. DОТS стратегиясын пенитенциардык системага, анын мекемелеринин
материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, абактан бошогонго чейин кур-
гак учук менен ооругандарды реабилитациялоо механизмдерин иштеп чыгуу
менен киргизүү.
Н. Кургак учуктун мультирезистенттик формаларын дарылоо жана анык-
талышын кењейтүү.
4.3.4.3. Калктын негизги майыптуулук жана өлүмдөр себебин
аныктаган жүрөк-кан тамыр системасынын социалдык жактан
маанилүү жана кењири тараган ооруларын алдын алуу
Жүрөк-кан тамыр системасынын кењири тараган жана социалдык жактан
маанилүү ооруларын эрте аныктоо жана аларды өз убагында шайкеш түзөтүү,
ошол оорулардын өрчүп кетүү коркунучунун модификацияланган факторлору-
нун таралышын натыйжалуу азайтуу максатында калк менен алдын алуучу иш
жүргүзүүнү арбытуу, анын скринингин жүргүзүп жана ЖКТО өнүгүшүн жана
алардын коштогон ооруларды алдын алуу көндүмдөрүнө жана негизги прин-
циптерине окутуу. Дарылоо жана алдын алуучу тактикаларды үй-бүлөнүн
градациясына жараша аныктоо жана киргизүү (дени сак, салыштырмалуу дени
сак - коркунуч факторлору бар, жүрөк-кан тамыр оорулары аныкталган жана
оорунун күчөп кетишинде коркунуч факторлорунун болушу) медициналык кыз-
мат көрсөтүүнүн сапатын кыйла көтөрөт. Мында баштапкы саламаттык сакто-
онун медициналык кызматкерлерин материалдык демилге берүү методдорун
иштеп чыгуу жана ишке киргизүү максатка ылайык.
Медициналык кызматтын сапатын көтөрүү үчүн, биринчи кезекте, ЖКТО
тармагында медициналык кызматкерлердин шайкеш билим дењгээлин жана
практикалык көндүмдөрүн кармоо керек. Даректүү үзгүлтүксүз окутуу прог-
раммаларын иштеп чыгып киргизүү социалдык маанилүү ЖКТОну алгачкы жана
экинчи ирет алдын алуу боюнча, далилдүү медицина принциптерине негиз-
делген үй-бүлөлүк дењгээлде дарылоо-алдын алуу кийлигишүүлөр стратегия-
сын жана ошол ооруларды эрте аныктоо методдоруна дарыгерлерди жана ме-
дициналык айымдарды даярдоо жана кайра даярдоо максатында улантуу ке-
рек. Медициналык кызматкерлерди натыйжалуу аралыктан билим берүү метод-
дору менен окутуу максатка ылайык. Телекоммуникациялык технологияларды
пайдалануу алыскы региондордун тургундарына квалификациялуу медициналык
жардамды, күнү-түнү оперативдүү консультацияларды жана шайкеш сунуштар-
ды берүү менен камсыз кылууга жардам берет.
Кардиологиялык кызматтын уюштурулушун өркүндөтүү жана анын матери-
алдык-техникалык базасын чыњдоо өтө маанилүү. Кардиологиялык профилдеги
түзүмдүк бөлүктөрдү заманбап медициналык жабдуулар жана аппаратура ме-
нен жабдуу, УКжТБ жүрөк-кан тамыр патологиясы тармагында саламаттык
сактоонун үчүнчү звеносундагы мекеме катары материалдык-техникалык ба-
засын күчөтүү, аны жогорку технологиялуу медициналык жана лаборатория-
лык жабдуулардын түрлөрү менен жабдуу, ЖКТО дарылоо жана алдын алуу,
диагностикалоонун заманбап жана натыйжалуу технологияларын киргизүү ка-
ралып жатат.
ЖКТОнун социалдык жактан маанилүү ооруларын диагностикалоо, дары-
лоо жана алдын алуунун жањы технологияларын түзүү боюнча илимизилдөө
иштерди кењейтүү жана терендетүү, ошондой эле алардын андан аркы стан-
дартташтыруусун медициналык илим жана практиканын заманбап жетишкендик-
терине негизделген дарылоо, текшерүү жана алдын алуу клиникалык прото-
колдорун иштеп чыгуу жана киргизүү пландаштырылууда. Медициналык прак-
тикага жүрөк-кан тамыр ооруларында заманбап дары-дармексиз, фармаколо-
гиялык, эндоваскулярдык, хирургиялык жана башка кийлигишүүлөрдүн не-
гиздүү методдорун киргизүү пландалууда.
Кардиологиялык медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык (кечиктирил-
гис, баштапкы, экинчи жана үчүнчү) дењгээлдери ортосунда өз ара аракет-
ти бейтаптарга натыйжалуу жолдомо берүү процессин кайтарымдуу байланыш-
ты камсыз кылуу жолу менен күчөтүү, ошондой эле ЖКТО коштомо оорулары
бар бейтаптарга реабилитациялык иш-чараларды уюштуруу жана аны
өркүндөтүү чоњ мааниге ээ.
ЖКТО абалына мониторинг жүргүзүү жана медициналык-статистикалык
отчеттуулук системасын өркүндөтүү керек.
Коомдук саламаттык сактоо кызматынын ролун калкты, жамааттарды,
жергиликтүү өз алдынча башкаруу, өкмөттүк эмес уюмдарды активдүү тартуу
менен күчөтүүгө чоњ маани берилет. Жер-жерлерде түзүлүп жаткан Ден соо-
лук комитеттерине, "Артериялык гипертония клубдарына", "Коронардык-ли-
пиддик клубдарга" бейтаптарды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн коркунуч фак-
торлорун (дененин ашык салмагы, балансталбаган тамактануу, физикалык
гиподинамия, стресстерге кабылуучулук, артериялык гипертония, гиперли-
пидемия) азайтууга багытталган жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу ча-
ралары жөнүндө калк үчүн түзүлгөн окутуу программалары боюнча үйрөтүүдө
чоњ роль ойношот. Ушул максатка ЖМКларды кењири колдонуу керек, ошондой
эле жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу жана алар менен күрөшүү иш-ча-
ралары жөнүндө калк үчүн массалык тираж менен басылган эскерткичтерди,
популярдык брошюраларды таркатуу.
ЖКТО коркунуч факторлору менен күрөшүү боюнча мыйзам актыларын,
туура жана коопсуз тамактануунун мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу, орто
жана жогорку билим берүү системасында сергек турмуш үлгүсү боюнча бир-
диктүү билим берүүчү программаларды киргизүү өтө маанилүү.
Негизги багыттар
А. Кардиология тармагында адистештирилген саламаттык сактоо уюмда-
рын жеке медициналык жана коомдук саламаттык сактоо кызмат көрсөтүү
жалпы системасына андан ары интеграциялоо.
В. УКжТБ жүрөк-кан тамыр патологиясы тармагында саламаттык сактоо-
нун үчүнчү звеносундагы мекеме катары, координациялаган референс-лабо-
ратория болуп УКжТБ алдындагы МБ ИИИни кошуп, координациялаган ролун
күчөтүү.
С. Баштапкы жана экинчилик дењгээлдеги саламаттык сактоо кызмат-
керлеринин жүрөк-кан тамыр системасынын социалдык жактан маанилүү жана
кењири тараган ооруларын алдын алуу боюнча потенциалын иш милдет жана
ресурстук камсыз кылууну кењейтүү менен жогорулатуу.
D. Калкты, жамааттарды, ЖӨБО, ӨЭУларды активдүү тартуу менен на-
тыйжалуу алдын алуучу иш-чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү, ден соо-
лук маданиятын көтөрүү.
Е. Жүрөк-кан тамыр системасынын социалдык жактан маанилүү жана
кењири тараган ооруларын алдын алуу боюнча далилдүү медицина принципте-
рине негизделген натыйжалуу технологияларды киргизүү.
F. Мамлекеттик дары-дармек саясатын андан ары өркүндөтүү; амбула-
ториялык дењгээлде дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча ММК КПны
кењейтүү.
G. Саламаттык сактоонун бардык дењгээлиндеги медициналык кызмат-
керлерди ЖКТО алгачкы жана экинчилик алдын алуучу негизги принциптерине
натыйжалуу окутуу методдорун киргизүү.
Н. Донордук жардамды координациялоо.
I. Жүрөк-кан тамыр ооруларына мониторинг жүргүзүү индикаторлорун
азыркы медициналык-статистикалык отчеттуулук системасына интеграциялоо.
4.3.4.4. ВИЧ-инфекция/СПИД, ЖЖАЖО жана бањгиликтин таралышын
чектөө
ВИЧ/СПИД, ЖЖАЖО пенитенциардык мекемелерде, калктын максаттуу топ-
торунда таралышын чектөө боюнча багыттуу иш-аракеттерди жүргүзүү, меди-
циналык процедуралардын коопсуздугу боюнча натыйжалуу иш-чараларды кир-
гизүү, ВИЧ/СПИД, ЖЖАЖО алдын алуу, сексуалдык жүрүм-турумду өзгөртүү
боюнча калк менен маалыматтык-билим берүүчү иш жүргүзүү, ошондой эле
ВИЧ/СПИД, ЖЖАЖО таралышына, анын ичинде энеден балага жугушуна, бөгөт
коюуга багытталган азыркы натыйжалуу кийлигишүүлөрдү киргизүү пландаш-
тырылууда.
Мындан тышкары, кургак учук негизги оппортунисттик инфекция болу-
шун жана ВИЧ-инфекцияланган адамдардын өлүмүнүн негизги себептеринин
бири болуп саналганын эске алып, ВИЧ/СПИД жана кургак учук боюнча прог-
раммалардын өз ара аракеттенүү иш-чаралары пландалган.
Негизги багыттар
А. Кыргыз Республикасында бањгиликти жана ВИЧ/СПИД, ЖЖАЖО алдын
алуу боюнча улуттук саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун көтөрүү.
В. Медициналык процедуралардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча
иш-чараларды жүргүзүү.
С. ВИЧ-инфекция бањги затты сайынып колдонгондордун арасында, анын
ичинде пенитенциардык системанын мекемелеринде, таралышын чектөө боюнча
чара көрүү.
D. ЖЖАЖОдо медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу,
анын ичинде пенитенциардык системанын мекемелеринде, ЖЖАЖОну натыйжалуу
дарылоо методдорун киргизүү.
Е. Кыска мөөнөттүү анти-ретровирустук алдын алуучу дарылоону, ба-
ланы эмизүү жана ВИЧ-позитивдүү энелер үчүн баланы коопсуз эмизүү ме-
тоддорун колдонуу боюнча консультацияларды киргизүү.
F. ВИЧ/СПИД, ЖЖАЖО жана бањгиликти алдын алуу боюнча маалымат-
тык-билим берүүчү программаларды көп сектордун мамиле кылуунун негизин-
де андан ары ишке ашыруу.
G. ВИЧ/СПИД менен жашаган жана ВИЧ/СПИДден жабыркаган адамдарга
медициналык жана социалдык жардам берүү чараларды көрүү.
Н. Сексуалдык жүрүм-турумду өзгөртүү, ошондой эле өз ыктыярлуу
консультациялар жана тестирлөө жүргүзүү боюнча программаларды киргизүү.
4.3.5. Адам ресурстарына инвестициялоо
Саламаттык сактоонун күчтүү кадрдык потенциалы - саламаттык сактоо
реформасынын ийгилигинин ажырагыс бөлүгү. Кадрдык потенциалдын сапаттуу
курамынан, кадрлардын даярдык дењгээли, саламаттык сактоонун ролун
көтөрүү, кызмат көрсөтүү системанын ийкемдүүлүгүнүн жогорулашы, геогра-
фиялык дисбалансты жоюу, кадрдык түзүмдүк диспропорцияны жок кылуу
кадрдык ресурстарды стратегиялык пландаштырууну талап кылат.
Кадрдык ресурстарды стратегиялык пландаштырууну киргизүү (а) Кыр-
гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин потенциалын
көтөрүүсү, (б) кадрларды даярдоо, бөлүштүрүүдө Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлигинин ыйгарым укуктарын кењейткен жана са-
паттык курамга жана квалификациялык мүнөздөмөлөргө талаптарды көтөргөн
жањы жөнгө салуучу механизмдерди киргизүү менен тыгыз байланыштуу.
Негизги багыттар
А. Адам ресурстарын стратегиялык пландаштыруу тармагында Кыргыз
Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин потенциалын күчөтүү.
В. Кадрдык ресурстарды башкаруунун натыйжалуулугун көтөрүү үчүн
маалымат технологияларды өркүндөтүү.
4.3.5.2. Саламаттык сактоо кызматын көрсөтүүнүн комплекстүү
интеграцияланган системасы алкагында саламаттык сактоонун
муктаждыгына багытталган жана баштапкы саламаттык
сактоонун күчөлүшүн камсыз кылган медициналык билим берүү
системасын өркүндөтүү
Республикада ЖОЖдордун медициналык факультеттери көбөйүп баратат.
Адистерди чыгаруу медициналык кадрларга муктаждыкты эсепке албай
жүргүзүлөт. Билим берүү процессине рынок механизмдерин киргизүүдөн,
мамлекеттик билим берүүчү стандарттардын жоктугунан, медициналык билим
берүүчү мекемелердин начар материалдык-техникалык базасынан билим берүү
сапаты начарлайт, медициналык кадрлар шаарларда талап кылынбай, айыл
жергесинде жетишсиз болушу күчөп баратат.
Контракттык; негизде окуган студенттердин саны жыл сайын өсүшү
байкалууда, алардын эсебинен белгилүү дењгээзде бюджеттик негизде оку-
туу камсыз кылынат. Бир студентти даярдаганга бюджеттен жылына 5000 сом
бөлүнөт, бул чыныгы чыгашаларга шайкеш эмес. Мындан тышкары, окуу прог-
раммаларынын мазмуну бар түргө келтирилбеген жана саламаттык сактоодо
жүргүзүлгөн реформалардан артта калган, бүтүрүүчүлөрдүн билими практи-
калык саламаттык сактоонун талаптарына жооп бербейт.
Үй-бүлөлүк дарыгерлердин дипломдон кийинки даярдыгын КММА жана
КМДжКЖМИ бюджеттик негизде жүргүзөт. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин бюджеттик
негизде дипломдон кийинки даярдыгынын сапатын жакшыртуу максатында
аларды даярдоо КММА жана КМДжКЖМИде калтыруу керек, ал эми кайра даяр-
доо, квалификацияны жогорулатуу жана үзгүлтүксүз билим берүүнү эл ара-
лык стандарттарга ылайык аккредитациядан өткөндөн кийин КМДжКЖМИ
жүргүзүшү керек.
Клиникалык ординаторлорду даярдоо Бишкек жана Ош шаарларынын кли-
никалык базаларында топтолушу окуучулардын тиешелүү практикалык
көндүмдөрдү алуу мүмкүнчүлүгүнөн арылтат жана ал даярдоо сапатына терс
таасир тийгизет.
Клиникалык ординатурага болгон мамилени өзгөртүү максатка ылайык,
ал үчүн окуунун экинчи жылында ординаторлорду көп профилдүү клиникалар-
дын (БОО, АО) жана облустук, шаардык жана райондук дењгээлдеги ҮМБ ба-
заларына жарым-жартылай бөлүштүрүү каралышы керек. Бул окуу программа-
ларды кайра карап чыгууну, клиникалык базалардын критерийлерин аныктоо-
ну, дарыгер-стажер штаттык кызматтарды киргизүүнү талап кылат. Бул ыкма
жаш адистерди калтыруунун кошумча механизми болушу керек.
Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз билим берүүнү башка бардык
адистиктер боюнча УБ, ИИИ, аккредитациялык талаптарга жооп берген билим
берүүчү мекемелерде конкурстук негизде жүргүзүү пландаштырылууда. Мын-
дай мамиле окуучуларга тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып, окуу програм-
маларды жакшыртууга түрткү болот.
Медициналык окуу жайларды каржылоону жергиликтүү бюджеттерден Кыр-
гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү масе-
леси чечилгенде орто медициналык кызматкерлерди көп профилдүү ири ста-
ционарлардын жана ҮМБ базасында аларды даярдоо сапатын жогорулатуу мак-
сатында даярдалышын кароо мүмкүн.
Негизги багыттар
4.3.3.2.1. Дипломго чейинки жана дипломдон кийинки медициналык
билим берүү системасын реформалоо
А. Медициналык билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө мамле-
кеттик жана муниципалдык заказдардын (бюджеттик бөлүмдөр) негизинде ка-
был алуу механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү, контракттык
бөлүмдөргө кабыл алууну квоталоо.
В. Медициналык билим берүү системасын эл аралык стандарттарга ыла-
йык өркүндөтүү.
С. Азыркы окуу программаларын карап чыгуу жана аккредитациялоо,
дипломго чейинки, дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз даярдоо жањы мак-
саттуу программаларын дарыгерлердин, фельдшерлердин, медициналык айым-
дардын артыкчылыктуу багыттар боюнча практикалык көндүмдөрүн бекемдөөгө
басым кылып иштеп чыгуу.
D. Медициналык билим берүү сапатын жогорку жана орто медициналык
билим берүү мекемелерин эл аралык стандарттарга ылайык аккредитациялоо
критерийлерин карап чыгуу жолу менен көтөрүү жана профессордук-окутуу-
чулук курамдын сапатын көтөрүү механизмдерин киргизүү.
Е. Республиканын бардык аймагында саламаттык сактоо уюмдарында
практикалык көндүм алууга багытталган адистерди дипломдон кийинки даяр-
доо системасын өркүндөтүү.
4.3.5.2.2. Үзгүлтүксүз медициналык билим берүү системасын
жакшыртуу
А. БМСЖ медициналык кызматкерлерин даярдоо боюнча программаларды
өркүндөтүү, артыкчылыктуу багыттар боюнча модулдарды киргизүү.
В. Дарыгерлердин, фельдшерлердин, медициналык айымдардын дипломдон
кийинки жана үзгүлтүксүз окутуу үчүн дистанттык окутуу методдорун
өнүктүрүү.
С. Саламаттык сактоо системасына кадрларды даярдоо процессине тар-
тылган кызыккан тараптардын мамилелештигин жөнгө салган ченемдик укук-
тук базаны иштеп чыгуу.
4.3.5.3. Саламаттык сактоо кадрларын башкаруунун туруктуу жана
натыйжалуу жөнгө салуучу механизмдерин киргизүү
"Кыргыз Республикасында элдин ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамында бюджеттик бөлүмдөрдү бүтүргөн медициналык
окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлигинин жолдомосу боюнча эки жылдык милдеттүү иштөөсү; каттоо
жана аттестациялоо; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
жер-жерлерде жаш адистерди калтыруу үчүн шарт түзүүгө жоопкерчилиги ка-
ралган. Бирок жумушка кабыл алуу, карьералык өсүшү, сыйлоо жана демилге
берүү системасын жөнгө салуу так механизмдердин жоктугунан адистерди
калтыруу, медициналык кызматкерлер менен камсыз болуунун баланстуулугу
проблемалары сакталып келүүдө.
Кадрдык саясаттын стабилдүүлүгү жана натыйжалуулугу пландаштыруу
милдетин (келечектүү жана оперативдүү пландаштыруу), башкаруу милдетин
(аттестация, каттоо, бөлүштүрүү) так бөлүштүрүүгө, саламаттык сактоо
кызматкерлеринин жањы иш милдетин жана ролун саламаттык сактоо кызматын
көрсөтүү системасында түзүмдүк өзгөрүүлөргө ылайык иштеп чыгууну жана
ишке ашырууну камсыз кылууга көз каранды.
Негизги багыттар
А. Саламаттык сактоо кызматын көрсөтүү системасында түзүмдүк
өзгөрүүлөргө ылайык саламаттык сактоо кызматкерлеринин жањы иш милдетин
жана ролун киргизүү.
В. Адам ресурстарын башкаруу боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын
потенциалын күчөтүү.
С. Каттоо жана аттестациялоонун негизинде практикалык иш-аракет
жүргүзүүгө медициналык кызматкерлерге уруксат берүү механизмин кир-
гизүү.
D. Кызматкерлерге демилге берүүнүн туруктуу системасын түзүү.
Е. Саламаттык сактоо менеджерлерин жана жогорку билими бар медици-
налык айымдарды даярдоо системасын өзгөртүү.
4.4. Стратегиялык башкаруу
Саламаттык сактоо системасынан эл көптү күткөн жана анын чектелүү
финансы ресурстарынын шарттарында мамлекет саламаттык сактоо системасы-
нын өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарды аныктоо зарылдыгына туш болот.
Жалпысынан саламаттык сактоо системасынын төрт негизги милдети
бар:
1) стратегиялык башкаруу;
2) ресурстар менен камсыз кылуу (инвестициялоо жана кадрларды да-
ярдоо);
3) каржылоо (чогултуу, топтоо, сатып алуу).
4) саламаттык сактоонун негизги максатына жетишүүгө багытталган
кызматтарды көрсөтүү - калктын күтүүсүнө жана муктаждыгына системанын
ийкемдүүлүгү жана акыйкаттуу төгүмдөргө жетишүү аркылуу калктын ден со-
олугун жакшыртуу.
Стратегиялык башкаруу өзгөчө орунду ээлейт, анткени саламаттык
сактоо системасынын бардык функциясын ишке ашырууга таасир кылат. Стра-
тегиялык башкаруу саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик саясатты ка-
пыптандырууну, өнүктүрүү багыттарын жана максаттарын даана көрүүнү, са-
ламаттык сактоо системасынын бардык субъекттеринин, кызыкдар система-
лардын жана түзүмдөрдүн, эл аралык донор уюмдардын иш-аракетин коорди-
нациялоону, саламаттык сактоо субъекттеринин иш-аракетин жана процесс-
терин жөнгө салууну камтыйт.
"Манас таалими" программасынын алкагында буйрукчул-администрация-
лык башкаруу системасынан системанын катышуучулары менен өнөктүк мами-
лелештикти өнүктүрүүгө, милдеттерди так бөлүштүрүүгө, натыйжага багыт-
талган далилдүү менеджменттин негизинде саламаттык сактоону башкаруу
методдорун киргизүүгө, ачыктык чөйрөсүн жана кайтарылма байланышты
түзүүгө негизделген башкаруу системасына өтүү ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо саясатын жањы шартта ка-
лыптандыруу экономикалык жагдайды эске алып социалдык чөйрөдө мамлекет-
тик саясаттын негизги багыттарына ылайык келиши керек, уланмалуулук
принциптерине, калктын ден соолук индикаторлорунун жана ден соолукту
чыњдоо жана коргоо боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын иш-аракетинин
туруктуу мониторингине негизделиши керек.
Максаты
Саламаттык сактоонун негизги максаты - калктын ден сооолугун жак-
шыртуу жана саламаттык сактоо системасынын иш-аракетин өркүндөтүү үчүн
жетишүүгө багытталган тармактык саясаттын туруктуу курсун жана
өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын түзүү жана камсыз кылуу.
Бул максатка жетишүү өнүктүрүү артыкчылыктарын туура аныктап,
төмөнкү маселелерди чечүү менен жетүүгө болот:
1. Даана көз карашка, уланмалуулук, мыйзамдык негиздерди камсыз
кылууга, секторлор аралык өз ара аракетти жакшыртуу жана донорлордун
аракетин координациялоого негизделген саламаттык сактоо тармагында сая-
сатты калыптандыруу.
2. Жањы функционалдык мүнөздөмөлөргө жана натыйжалуу жөнгө салуучу
механизмдерге негизделген башкаруунун жањы методдоруна өтүү.
3. Саламаттык сактоо секторун андын ары институтташтыруу.
4. Оперативдүү жана шайкеш чечимдерди кабыл алууну камсыз кылган
мониторинг, маалымат чогултуу процесстерин өркүндөтүү механизмдерин
жакшыртуу.
4.4.1. Даана көз карашка, уланмалуулукка, мыйзамдык негиздерди
камсыз кылууга, секторлор аралык өз ара аракетти жакшыртуу
жана донорлордун аракетин координациялоого негизделген
саламаттык сактоо тармагындагы саясатты калыптандыруу
Тармактык саясаттын курсу жана өнүктүрүү артыкчылыктары туруктуу
болуусу өлкөнүн саясий жетекчилигинин колдоосу менен гана мүмкүн.
Жүргүзүлүп жаткан реформаларды өкмөт жана парламент, кызыкдар чектеш
системалар жана түзүмдөр тарабынан оперативдүү даярдоо жана мыйзамдык,
ченемдик чечимдерди кабыл алуу үчүн колдоп берүүсү өтө маанилүү.
Саясат бардык коомдун ден соолугун чыњдоого жана коргоого багыт-
талган максаттарды көрүүгө бардык күчүн жумшап, калктын, өзгөчө анын
кедей жана социалдык жактан алсыз катмарынын муктаждыгына багытталышы
керек.
Сапаттуу мамлекеттик башкарууну камсыз кылуу "Кыргыз Республикасын
2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздери" узак мөөнөттүү
стратегиясында жана "Кедейликти кыскартуу улуттук стратегия" орто
мөөнөттүү программада белгиленген негизги артыкчылыктардын бири болуп
саналат.
"Манас" программасынын алкагында медициналык кызматтын жетки-
ликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылууга, саламаттык сактоону каржылоо-
нун жањы методдорун киргизүүгө жана аны бекемдөөгө багытталган түзүмдүк
өзгөрүүлөр жүргүзүлгөн. Бул программаны ишке ашыруу борборлоштурбай
башкарууну киргизип (көбүнесе деконцентрациялоо жүргүзүлгөн), саламат-
тык сактоо секторунда аракеттин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мый-
замдык негиздерди түзүү менен медициналык кызмат "көрсөтүүчүлөрдүн"
башкаруучулук жана финансылык автономиясын өнүктүрө баштаганга алып
келди.
Саламаттык сактоо системасын борборлоштурбай башкаруу процесси
стихиялуу өтпөй, мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун жалпы
процесси менен даана байланышып турушу керек. Борборлоштурбай башкаруу
чечим кабыл алууга жана анын натыйжасына жоопкерчиликти өткөрүп берүү
менен коштолушу керек. Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз региондорундагы
калктын ден соолук абалына жоопкерчиликтерин күчөтүү керек, ал үчүн ден
соолукту чыњдоо жана коргоо тармагында мамлекеттик ыйгарым укуктарды
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бөлүштүрүү керек.
Саламаттык сактоонун алдында турган элдин ден соолугун оњдоо мак-
сатына жетишүү ден соолукту чыњдоо жана коргоо ишине көмөктөшкөн турук-
туу чөйрөнү түзүү боюнча бардык секторлордун максаттуу иш-аракеттерине
негизделген натыйжалуу ведомство ичиндеги жана ведомстволор аралык ара-
кеттенүүтө тыгыз байланыштуу.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги башка сектор-
лорго, ЖӨБ органдарына, МЭУ, жамааттык топторго жана башка катышуучу-
ларга ден соолуктун маанилүү детерминанттарына багытталган чара көрүшү
боюнча таасир кылуу жоопкерчилигин өзүнө алат жана башка министрликтер-
дин, ведомстволордун медициналык кызматтарынын саламаттык сактоонун ар-
тыкчылыктуу багыттары боюнча аракеттерин координациялашы керек.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ролун жана
потенциалын ден соолукту коргоо жана чыњдоо тармагында мамлекеттик сая-
сатты калыптандырууда, андан ары өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын,
комплекстүү өнүктүрүү жана саламаттык сактоонун мамлекеттик жана жеке
секторлорунун өз ара аракет механизмдерин аныктоодо күчөтүү керек.
Калктын ден соолугун чыњдоо жана коомдук саламаттык сактоонун ро-
лун күчөтүү, ар бир жарандын, үй-бүлөнүн, коомдун, мамлекеттик бийлик
органдарынын жана башкаруунун жалпы коом жана ар бир адам ден соолугуна
болгон ролдорун күчөтүү зарылдыгы бар.
Ден соолукту чыњдоо жана коргоо тармагындагы саясатты андан ары
өнүктүрүү мамлекеттик борборлоштурбай башкаруунун жана бюджеттик про-
цесстин реформасынын алкагында мурда жүргүзүлгөн саламаттык сактоо ре-
формасынын жолун жолдоо принциптерине негизделиши керек.
Жарандык коомду, ЖӨБдү саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн стратегия-
лык багыттарын иштеп чыгууга тартуу аракеттин натыйжалуулугун көтөрүп,
чечим кабыл алуунун ачыктыгын камсыз кылат.
Жањы шартта саламаттык сактоонун натыйжалуу иштеши үчүн мыйзамдар-
ды шайкеш келтирүү жана эриш-аркак кылуу керек. Атап айтсак, мамлекет-
тик саламаттык сактоо уюмдарынын жањы уюштуруу-укуктук формаларына өтүү
жана саламаттык сактоодо атаандаштыкты өнүктүрүү, медициналык кызматтын
наркын арзандатуу, саламаттык сактоо кызматынын сапатын жана жетки-
ликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн медициналык кызматка жана саламаттык сактоо
уюмдары үчүн сатып алынган негизги каражаттарга КНСти алып салуу масе-
лесин чечүү зарыл.
"Манас" программанын алкагында саламаттык сактоону реформалоо Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн эл аралык донор уюмдар жана аткаруучу
агенттиктер менен тыгыз кызматташуусу менен коштолуп келген. Донордук
жардамды координациялоо, кайталабаган бирин бири кошумчалаган инвести-
циялар кењири сектордук мамиленин негизинде саламаттык сактоо секторун-
да андан аркы өзгөртүүлөр үчүн негиз түздү. (SWAp)
Негизги багыттар
А. Саясий жана экономикалык коркунучтардан саламаттык сактоо сис-
темасын коргоо механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү.
В. Ден соолукту чыњдоо жана коргоо тармагында борбордук мамлекет-
тик башкаруу органдары менен ЖӨБО ортосунда мамлекеттик ыйгарым укук-
тарды бөлүштүрүү.
С. Кењири сектордук мамиленин негизинде донордук жардамды коорди-
нациялоонун натыйжалуулугун көтөрүү (SWАр).
D. Секторлор аралык өз ара аракеттин натыйжалуулугун жана башкаруу
органдарынын жоопкерчилигин көтөрүү.
Е. Мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана эриш-аркак кылуу.
F. Саламаттык сактоо саясатын жана реформаларды алдыга жылдыруу.
4.4.2. Жањы функционалдык мүнөздөмөлөргө жана натыйжалуу жөнгө
салуучу механизмдерге негизделген башкаруунун жањы
методдоруна өтүү
Саламаттык сактоо секторун "кызмат көрсөтүүчүлөргө" жана "сатып
алуучуларга" бөлүштүрүү менен командалык-администрациялык башкаруу сис-
темасынан өнөктүк мамилелештикти өнүктүрүүгө, саламаттык сактоо систе-
масынын бардык катышуучулары өз милдеттерин кынтыксыз аткарууга жана
аны так бөлүштүрүүгө негизделген башкаруу системасына өткөнгө бардык
шарттар түзүлдү.
Саламаттык сактоо уюмдарынын аракетин кызмат көрсөтүүнүн комп-
лекстүү интеграцияланган системасы шартында жөнгө салуу аракети натый-
жалуу жөнгө салуучу механизмдер болгондо гана мүмкүн, алар лицензиялоо,
аттестациялоо, стандарттар, ченемдер ж.б. болуп эсептелет. Кыргыз Рес-
публикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ыйгарым укуктарынын бир
бөлүгү кесиптик ассоциацияларга, ӨЭУларга берилиши мүмкүн. "Кыргыз Рес-
публикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын кабыл алуу менен саламаттык сактоо уюмун түзүүчү катары ар
кандай мамлекеттик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лар жана ЖӨБ органдары чыгышы мүмкүн. Мындай учурда лицензиялоону
жүргүзүү талап кылынат. Ошол эле учурда "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы бул жол-жобону жеке кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн
гана регламенттелген. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
медициналык-санитардык жардам көрсөтүү сапатын жогорулатуу үчүн лицен-
зиялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясын күчөтүү алардын жоопкер-
чилигин жогорулатууну талап кылат, ошондой эле региондук дењгээлде
алардын иш-аракетин натыйжалуу координациялоо керек. Облустук мамлекет-
тик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына караштуу
координациялык комиссиялардын аракетти жандандыруу керек. Бишкек жана
Ош шаарларынын өзгөчө статусун эске алып, ушул шаарлардын мэрияларында
саламаттык сактоо боюнча секторду тиешелүү ыйгарым укуктары менен түзүү
пландаштырылууда, ал саламаттык сактоо уюмдарынын аракетин координация-
лап, координациялык комиссиялардын иштешине жооп берет. Бул саламаттык
сактоо кызмат көрсөтүүчүнүн жана сатып алуучунун милдеттерин
бөлүштүрүүгө жардам берет, ал милдетти азыркы учурда ММК фондунун Биш-
кек аймактык башкармалыгы аткарып жатат.
Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин тандоо жана жайгаштыруу
жүргүзүлүп жаткан реформалардын ийгилигинин маанилүү курамдык бөлүгү
болуп саналат, анткени пландарды, долбоорлорду, программаларды ийкемдүү
киргизүү жетекчилердин кесиптик дењгээлине, башкаруучулук жана адми-
нистрациялык көндүмдөрүнө, алардын моралдык сапаттарына байланыштуу бо-
лот.
Ошондуктан, жетекчилерди тандоо, жайгаштыруу, тике жана түз рота-
циялоо механизмдерин иштеп чыгуу зарыл. Жетекчилерди дайындоо конкурс-
тук контракттык негизде өтүп, окуудан, аттестациядан жана "саламаттык
сактоону башкаруу" адистиги боюнча каттоодон өткөн, аброю кынтыксыз
адамдар болушу керек. Дайындоо мөөнөтсүз болбошу керек. Саламаттык сак-
тоо уюмунда жетекчинин иштөө мөөнөтү аныкталат. Контракттагы мөөнөтү
бүткөндөн кийин жетекчинин отчету көрсөтүлөт жана контрактты узартуу
маселесин чечүү үчүн жетекчинин ишине баа берилиши керек. Бир эле уюмда
жетекчи удаа эки мөөнөттөн ашык иштебейт.
Республикалык дењгээлде саламаттык сактоо каражаттарын топтоо шар-
тында ресурстарды натыйжалуу жана акыйкат бөлүштүрүүнүн жөнгө салуучу
механизмдеринин бири Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-
рлиги коомдук саламаттык сактоо кызматы жана Бирдиктүү төлөөчү система-
сы аркылуу МГП боюнча көрсөтүлүүчү жеке медициналык кызматты каржылоо
милдетин бөлүштүрүү менен саламаттык сактоону каржылоодо артыкчылыктар-
ды биринчи орунга коюп каржылоо болуп саналат.
ДССУ изилдөөлөрүнүн маалыматы боюнча калктын кыйла чыгашалары ам-
булаториялык дењгээлде сатып алынчу дары-дармектерге кетет экен. Калк-
тын мойнуна түшкөн финансылык оорчулукту жењилдетүү үчүн дары-дармек-
тердин айланышынын жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү жана бааны мам-
лекеттик жөнгө салууну киргизүү зарылдыгы бышып жетилди.
Негизги багыттар
А. Жөнгө салуучу механизмдерди өркүндөтүү.
В. Жетекчи кадрларды дайындоонун жана бошотуунун бирдиктүү жол-жо-
босун киргизүү.
С. Секторлор аралык өз ара аракетти күчөтүү.
D. Саламаттык сактоону башкаруу, каржылоо жана адимнистрациялоо
тармагында кызмат көрсөтүүчүлөрдүн потенциалын көтөрүү.
4.4.3. Саламаттык сактоо секторун андын ары институтташтыруу
Негизги түзүмдүк өзгөрүүлөр жүргүзүлүп бүткөн шартта саламаттык
сактоонун негизги багыты болуп системаны андан ары институтташтыруу,
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана ведомство-
лук түзүмдөрдүн да, саламаттык сактоо уюмдарынын да башкаруучулук по-
тенциалын бекемдөө саналат.
Борборлоштурбай башкаруу жана Бирдиктүү төлөөчү системасын кир-
гизүү саламаттык сактоо уюмдарынын башкаруучулук жана финансылык авто-
номиясын күчөтүүгө багытталган, алар саламаттык сактоо уюмдарынын уюш-
туруучу-укуктук формасы өзгөрүлгөндөн кийин толук кандуу иштеп кетет.
Саламаттык сактоонун облустук жана аймактык уюмдарынын түзүүчүлөрүн
аныктоо керек, аларды түзүүчүлөрдүн бири Кыргыз Республикасынын Сала-
маттык сактоо министрлиги болушу мүмкүн.
DFIDдин колдоосунда ПРООН жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Сала-
маттык сактоо министрлигинин аймактык түзүмдөрүн функционалдуу талдоо
көрсөткөндөй саламаттык сактоо уюмунун аракетин координациялоо милдетин
аткарала турган, ошондой эле аймактагы калктын ден соолугуна баа берип,
мониторингине жооп берген региондун башкы мекемесин аныктоо зарылдыгы
бар. Мындай башкы уюм катары курамында медициналык-маалымат бөлүмү бар
ҮМБ болушу мүмкүн. ҮМБда социалдык патронаж, үй-бүлөнү пландаштыруу
ж.б. кызматтар интеграцияланат.
Коомдук саламаттык сактоонун ролун көтөрүү жањы функционалдык
мүнөздөмөлөрдүн негизинде, милдеттерди кайталоону болтурбай, аларды так
бөлүштүрүп жана саламаттык сактоо кызматтарын интеграциялоо жана инсти-
туттук өзгөртүүлөр менен коштолот.
Ден соолукту чыњдоо жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтар
көзөмөлдөөчү милдеттерден калктын ден соолукту чыњдоо жана кызмат
көрсөтүү милдетин арылтуунун негизинде кайра уюштурулат. Баштапкы
дењгээлде ден соолукту чыњдоо жана ооруларга чалдыгууну контролдоо кыз-
маты баштапкы саламаттык сактоо менен интеграцияланат жана саламаттык
сактоо артыкчылыктары менен калктын муктаждыгына багытталат. Системаны
жалпысынан, ошондой эле айрым түзүмдөрдү жањы функционалдык
мүнөздөмөлөрдүн негизинде так институтташтыруу керек.
Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жогорку медициналык же
экономикалык билими бар, "саламаттык сактоону башкаруу" адистиги боюнча
аттестациядан жана каттоодон өткөн адамдар болушу керектигин эске алып,
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ГУКВ базасында
төрт жылдын ичинде саламаттык сактоону башкаруу боюнча курстарда сала-
маттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин саламаттык сактоону башкаруунун
прогрессивдүү методдоруна окутуу өткөрүлгөн. Топтолгон тажрыйба
2004-жылы саламаттык сактоонун менеджменти боюнча биринчи флагмандык
курстарды КМШ өлкөлөрдүн катышуусу менен өткөрүүгө жардам берди.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-
рлигинин ГУКВ саламаттык сактоону башкаруу боюнча курстары институтташ-
тырууга муктаж.
Стратегиялык башкаруунун негизги иш милдеттери болуп далилдүү не-
гизде чечим кабыл алуу үчүн мониторинг жана саясатты талдоо саналган-
дыктан Саламаттык сактоо саясатын талдоо долбоорун (ДССУ/DFID) инсти-
тутташтыруу жана Далилдүү медицина борборун түзүү талап кылынат.
Негизги багыттар
А. Жањы функционалдык мүнөздөмөлөрдүн негизинде институттук
өзгөрүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигинин түзүмүн өркүндөтүү.
В. Борборлоштурбай башкарууда саламаттык сактоо уюмдарынын жооп-
керчилигин жогорулатуу үчүн адаптациялык механизмдерди иштеп чыгуу жана
ишке киргизүү менен саламаттык сактоо уюмдарынын башкаруучулук жана фи-
нансылык автономиясын көтөрүү.
С. Жањы функционалдык мүнөздөмөлөрдүн негизинде республикалык жана
регионалдык дењгээлде институттук өзгөрүүлөрдү жүргүзүүү.
D. Кесиптик ассоциацияларга, ӨЭУларга мамлекеттик ыйгарым укуктар-
ды берүү.
Е. Саламаттык сактоо саясатын алдыга жылдыруу боюнча саламаттык
сактоо системасынын потенциалын көтөрүү.
4.4.4. Оперативдүү жана шайкеш чечимдерди кабыл алууну камсыз
кылган мониторинг, маалымат чогултуу процесстерин
өркүндөтүү механизмдерин жакшыртуу
Ички ведомстволук өз ара аракеттин натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн
мамлекеттик корпорациялык тармак менен интеграцияланган бирдиктүү үч
дењгээлдүү маалымат системасы түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Саламат-
тык сактоо министрлигинин почта түйүнү түзүлгөн, корпорациялык портал
иштелип чыгууда, электрондук саламаттык сактоонун алкагында төмөнкү
сайттар түзүлүп иштеп жатат: http://mеd.kg, http//forms.mеd.kg,
httр://рharm.mеd.kg, httр://hрар.mеd.kg, http//emb.med.kg.
Коммуникацияларды натыйжалуу колдонуу, ДБ жардам берген саламаттык
сактоону реформалоо долбоорунун алкагында милдеттерди кайталоону бол-
турбоо максатында ММКФ жана РММБ, ММКФ АБ жана облустук медициналык ма-
алымат бөлүмдөрү бир имараттарда жайгаштырылган (Баткен жана Чүй облус-
тарын кошпогондо).
Инфраструктураны, коммуникацияларды андан ары өнүктүрүү, жањы
программалык продуктуларды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, аларды интегра-
циялоо, заманбап келечектүү технологияларды киргизүү, электрондук сала-
маттык сактоо алкагында кызмат көрсөтүүчүлөргө жана калкка маалыматтын
жеткиликтүү болушун жакшыртуу пландаштырылууда, булар ресурстарды кол-
донуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун көтөрүп, саламаттык сактоо сек-
торунун ичинде жана калк менен коммуникациялык өз ара аракетти
өркүндөтөт.
Саламаттык сактоо системасын стратегиялык башкаруу системалуу мо-
ниторингге жана анын аракетин баалоого инфраструктураны, максаттарды,
милдеттерди жана натыйжаларды камтуу менен таянышы керек.
Азыркы мезгилде мониторинг, талдоо жана баалоо боюнча иш-аракет
СССТД тарабынан координацияланат. Саламаттык сактоо саясатына монито-
ринг жана баалоо жүргүзгөндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлигинин да, секторлор аралык кызматташууга кызыкдар бардык та-
раптардын да потенциалын күчөтүү керек.
Маалыматты чогултуунун жакшы системасы селекциялуу жана шайкеш че-
чимдерди кабыл алууга жардам бере турган болушу керек. Медициналык-ста-
тистикалык маалыматты чогултууну РММБ отчеттук маалыматтардын негизинде
жүргүзөт, ошол эле мезгилде оперативдүү маалыматтарды чогултууну ар
кандай түзүмдүк бөлүктөр жүргүзөт, алар биринин ишин бири кайталап,
оперативдүү маалыматтарды чогултуунун натыйжасыздыгы жана бийик чыгаша-
луулугу байкалат. Ушуга байланыштуу маалымат чогултуу боюнча азыркы
системаны жана стимулдарды кайра карап чыгуу талапка коюлган.
Маалымат алуу булактарын жана ошол маалыматты саламаттык сактоо
уюмдары мезгил-мезгили менен көрсөтүүсүн аныктоого негизделген монито-
рингдин натыйжалуу системасын түзүү, жагдайга өз убагында баа берүүнү
жана туура эмес саясий жана администрациялык чечимдерди кабыл алгандык-
тан мүмкүн болгон терс кесепеттерди алдын алууну камсыз кылат. Мындан
тышкары, мониторинг, талдоо жана баалоо системасы жалпы реформаны кир-
гизүүнүн натыйжалуулугун жана ресурстарды үнөмдүү колдонууга, иш-чара-
лардын үзүрдүүлүгүн баалоого жардам берет. Бул күнүнкү жүргүзгөн сая-
сатка өз убагында түзөтүү киргизип, реформаны ишке ашыруунун натыйжалу-
улугун көтөрөт.
Негизги багыттар
А. Саламаттык сактоонун интеграцияланган маалымат-талдоо система-
сын түзүү менен максаттуу индикаторлордун негизинде саламаттык сактоо
секторунун иш-аракетин баалоо, талдоо жана мониторинг жүргүзүүнүн ролун
көтөрүү.
В. Коммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү жана саламаттык сак-
тоонун корпорациялык маалымат тармагын түзүү.
С. Программалык продуктуларды иштеп чыгуу, ченемдик-маалымдоо
идентификаторлорду түзүү жана программалык каражаттарды стандартташты-
руу.
5. Ишке киргизүү стратегиялары
Бул бөлүмдө "Манас таалими" программасынын "Реформалоо планы" де-
ген 4-бөлүмдө айтылган негизги багыттарды жана иш-чараларды ишке ашыруу
стратегиялары берилет. Төмөнкү ишке ашыруу стратегиялары каралган:
1. Саламаттык сактоо системасынын потенциалын күчөтүү жана андан
ары институттук өнүктүрүү.
2. Саламаттык сактоо секторунун финансылык туруктуулугун камсыз
кылуу.
3. Мињжжылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетишүү, көрсөтүлүүчү са-
ламаттык сактоо кызматтардын натыйжалуулугун, сапатын көтөрүү үчүн
аларды интеграциялоо.
4. Саламаттык сактоо саясатын алдыга жылдыруу.
5. Саламаттык сактоо секторунда сатып алуу процессинин ачыктыгын
камсыз кылуу.
5.1. Саламаттык сактоо системасынын потенциалын күчөтүү жана андан
ары институттук өнүктүрүү
"Манас" программасынын алкагында түзүмдүк өзгөрүүлөр жүргүзүлүп,
саламаттык сактоо секторун институтташтыруу процесси башталган. Мурдагы
бейтапканаларды стационарлардан толугу менен ажыратып ҮМБлар түзүлгөн.
Шаардык жана райондук ооруканалардын базасында АО түзүлгөн, облустук
стационарлар ОБОго бириктирилген.
Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин жана саламаттык сактоо
менеджерлерин даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигинин ГУКВ базасында улуттук медициналык китепкананын инфраст-
руктурасы түзүлгөн, практикалык саламаттык сактоого далилдүү медицина
принциптерин киргизүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Реформаларды улантуу жана андан ары институттук өнүктүрүү үчүн
мыйзамдык база негизинен түзүлдү. Саламаттык сактоо системасынын сунуш-
талган андан аркы институттук өнүктүрүү стратегиясы Кыргыз Республика-
сынын администрациялык-аймактык түзүлүшүндөгү боло турган өзгөртүүлөрдү
эске алган.
"Манас таалими" программасынын алкагында борбордук жана региондук
дењгээлдерде боло турган өзгөрүүлөрдү жүргүзүү каралган, алар
төмөнкүлөргө багытталат (а) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлигинин ролун ден соолукту чыњдоо жана коргоо тармагында мамле-
кеттик саясатты түзүүдө, андан аркы өнүгүүнүн стратегиялык багыттарын,
саламаттык сактоонун мамлекеттик жана жеке секторлорунун өз ара аракет-
тенүү механизмдерин аныктоодо көтөрүү; (б) мамлекеттик башкаруунун бор-
бордук органдары менен региондук түзүмдөр, ЖӨБ органдары ортосунда ый-
гарым укуктарды бөлүштүрүү; (в) саясий, жөнгө салуучу жана контролдоо
милдеттерин бир колдо топтоого байланыштуу кызыкчылыктардын кагылышуу-
сун болтурбоо; (г) баштапкы саламаттык сактоону андан ары өнүктүрүүгө,
стационарлардын ийкемдүү тармагын түзүүгө басым кылып жеке медициналык
кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу жана түзүмүн өзгөртүүнү
улантуу; (д) көзөмөл, ден соолукту чыњдоо жана коргооо, кызмат көрсөтүү
милдеттерин бөлүштүрүүнүн негизинде коомдук саламаттык сактоо кызматын
көрсөтүү системасын өзгөртүп куруу; (е) саламаттык сактоо кызмат
көрсөтүүнүн жалпы системасына акырындап интеграциялоо менен адистешти-
рилген саламаттык сактоо уюмдарынын түзүмүн өзгөртүү; (ж) жарандык коом
менен өнөктүк мамиле куруу.
Институттук өзгөрүүлөрдү жүргүзүү борбордук жана региондук дењгэ-
элдерде бардык кызыкдар тараптар менен кењири талкуулоону талап кылат.
Өзгөрүүлөр тиешелүү мамлекеттик, өкмөттүк же ведомстволук ченемдик
укуктук актыларды кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат.
А. Институттук өнүктүрүү
I. Борбордук дењгээлде институтташтыруу
а. Саламаттык сактоо министрлиги
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттык
санын 1991-жылдагы 62ден 2005-жылы 45ке чейин механикалуу түрдө кыс-
карткандыктан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кес-
кин начарлады, бул мыйзамда белгиленген өзүнүн милдеттерин аткаралбай
калууга алып келди. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлиги саламаттык сактоо саясатын калыптандыруу боюнча өзүнүн маа-
нилцү милдеттерин ведомстволук уюмдарына (ДмККжМТД, МСЭКД, ГУКВ) тап-
шырган, бул кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келди. Мындай жагдай
саламаттык сактоо уюмдарынын, эл аралык донор уюмдарынын, жакын минист-
рликтердин жана ведомстволордун аракетин координациялоону начарлатты.
"Манас таалими" программасын кењири сектордук мамиленин алкагында
ишке ашыруу, аткаруучу агент болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлиги саналганда, анын ролун ден соолукту чыњдоо жана кор-
гоо тармагында мамлекеттик саясатты калыптандырууда, секторлор аралык
өз ара аракет, донорлук уюмдардын аракетин координациялоо маселелеринде
күчөтүүнү талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин потенциа-
лын күчөтүү жана иш-аракетинин натыйжалуулугун көтөрүү үчүн анын
түзүмүн өзгөртүү керек, ал төмөнкүлөргө багытталат:
- саясатты калыптандыруу боюнча потенциалды көтөрүү;
- натыйжалуу жөнгө салуучу механизмдерди иштеп чыгуу жана ишке
киргизүү боюнча потенциалды күчөтүү;
- ички жана секторлор аралык өз ара аракетти координациялоону жак-
шыртуу.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-
рлигинин түзүмүндө тиешелүү кызмат орундарды түзүү пландаштырылууда,
алар төмөнкүлөргө жооп берет:
- саламаттык сактоо саясатын калыптандыруу, өнүктүрүү артыкчылык-
тарын аныктоо, донордук жардамды координациялоо;
- саламаттык сактоонун коомдук жана жеке кызматын көрсөтүүнү уюш-
туруу;
- саламаттык сактоо кызматын лицензиялоо (медициналык практика жа-
на фармацевттик иш-аракет ж.б.);
- саламаттык сактоо секторунда адам ресурстарын башкаруу;
- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштебеген саламаттык сактоо уюм-
дарын каржылоо.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин саламаттык
сактоо саясаты боюнча кењешинин иш-аракети жанданат.
б. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу
түзүмдөр
ГУКВ жоюлат, анын базасында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сак-
тоо министрлигинин Саламаттык сактоону өнүктүрүү борборун түзүү план-
даштырылууда, анын курамына республикалык медициналык китепкана жана
жањы түзүлүп жаткан далилдүү медицина борбору, саламаттык сактоо ме-
неджментинин окуу борбору кирет, бул саламаттык сактоону башкаруу курс-
тарын жана СССТДны институтташтырууга жардам берет. Донорлордун ишин
координациялоо жана реформаларды ишке ашыруу милдети Кыргыз Республика-
сынын Саламаттык сактоо министрлигине берилет.
ДмККжМТД өзгөртүп уюштурулат, дары-дармек саясатын түзүү жана фар-
мацевттик ишти лицензиялоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигине берилет.
ММК фонду Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоону каржылоодо
Бирдиктүү төлөөчү милдетин аткаруусуна ылайык күчөтүлөт. Саламаттык
сактоо ресурстарын борборлоштуруу шартында ММК фондунун түзүмү кайрадан
каралып чыгышы керек, мында финансы-экономикалык кызматы кыйла
күчөтүлүшү керек. ММК фондунун жана анын аймактык башкармалыктарынын
жетекчилерине квалификациялык талаптар кошумча финансы-экономикалык би-
лими болушун карайт. Мындан ары Бирдиктүү төлөөчүнүн туруктуу система-
сын түзгөндө ММК фондун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз ал-
дынча түзүм кылып бөлүп чыгаруу маселеси каралышы мүмкүн.
Саламаттык сактоонун маалымат системаларын институтташтыруу Сала-
маттык сактоонун маалымат технологиялар борборун түзүү аркылуу аларды
корпорациялык башкарууга өткөрүү жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
МСЭКД жањы функционалдык мүнөздөмөлөрдүн негизинде азыркы кызыкчы-
лыктардын кагылышуусун жана милдеттерди кайталоону жоюу менен
өзгөртүлүп түзүлөт. Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик тармагында
саясатты калыптандыруу боюнча милдет Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигине берилет, Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарт-
тар жана метрология институту менен тамак-аш азыктарынын жана ичүүчү
суунун коопсуздугун баалоо боюнча ыйгарым укуктар бөлүштүрүлөт. Коомдук
саламаттык сактоо кызматынын төмөнкү негизги функционалдык багыттарга
ылайык түзүмү өзгөртүлөт: ден соолукту чыњдоо; эпидемиологиялык
көзөмөлдүн негизинде ооруларды контролдоо; санитардык мыйзамдардын ат-
карылышына көзөмөлдөө (санитардык инспекция). Санитардык инспекция
адистерине мамлекеттик кызматкер статусу берилип, вертикалдуу башийүүсү
жана борбордук каржылоосу болушу керек.
КМДжКЖМИ милдети саламаттык сактоо менеджментинин окуу борборунун
милдети менен так бөлүштүрүлөт. Мында КМДжКЖМИ адистерди дипломдон
кйинки жана үзгүлтүксүз даярдоого көњүл бурат, ал эми Саламаттык сактоо
менеджментинин борбору - саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин да-
ярдоо менен алек болот.
УБ жана республикалык мекемелердин ролу артыкчылыктуу программа-
ларды ишке ашырууда иш-чараларды координациялоо боюнча күчөтүлөт, сая-
сатты иштеп чыгуу милдети Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигине өткөрүлүп берилет.
II. Региондук дењгээлде мамилелештик жана институттук өзгөртүүлөр
а. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары
- Мэриялардын социалдык бөлүмдөрүнүн курамында саламаттык сактоо
боюнча секторлорду түзүү пландаштырылууда, алар Саламаттык сактоону
башкаруу боюнча координациялык комиссиялардын натыйжалуу ишин жана Кыр-
гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен алардын өз ара
аракетин күчөтүүнү камсыз кылат;
- ММК фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын милдети кайра кара-
лып чыгат.
б. Региондук дењгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары
Пландаштырылууда:
- милдеттерди кайталоону болтурбоо, облустук дењгээлде натыйжалуу
башкаруу, саламаттык сактоонун ар кандай дењгээлдеги кызмат
көрсөтүүлөрүнүн ортосунда уланмалуулукту өркүндөтүү жана интеграциялоо
максатында саламаттык сактоонун облустук уюмдарын өзгөртүп түзүү жана
милдеттерин кайра карап чыгуу;
- белгилүү аймактагы калктын ден соолук абалына жооп берген жана
тиешелүү маалымат-талдоо базасы бар саламаттык сактоо уюму катары реги-
ондук дењгээлде саламаттык сактоо уюмдарынын аракетин координациялоо
боюнча милдетти ҮМБга берүү.
в. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик башкаруу
органдары
Саламаттык сактоо уюмдарынын уюштуруу-укуктук формасын өзгөртүү
пландаштырылууда. Мында саламаттык сактоону өнүктүрүүгө, МГПдан тышкары
саламаттык сактоо кызматын кењейтүүтө, ошондой социалдык программаларга
багытталган мүмкүн боло турган кошумча каржылоо механизмдерин иштеп чы-
гуу зарыл.
III. ӨЭУ, жамааттык уюмдар жана ЖМКлар менен өз ара аракет
ӨЭУ жана жамааттык уюмдар менен өз ара аракеттин ар кандай модел-
дерин киргизүү пландаштырылууда.
ЖМК менен ден соолукту чыњдоо жана коргоо, саламаттык сактоо ре-
формалары, жарандардын укуктары жана саламаттык сактоо кызматтарынын
жеткиликтүүлүк шарттары, ден соолукту сактоого жоопкерчилик тууралуу
маселелер боюнча иш күчөтүлөт.
Кесиптик медициналык ассоциацияларга Кыргыз Республикасынын Сала-
маттык сактоо министрлигинин айрым ыйгарым укуктарын берүү болжолдонуу-
да (адистерди аттестациялоо, жарандардын кайрылуулары менен иш алып ба-
руу). Мында ошол кызмат көрсөткөн ассоциацияларга акы төлөө механизмде-
ри иштелип чыгышы керек.
IV. Донордук жардамды координациялоо
Донордук жардамды координациялоону кењири сектордук мамиленин ал-
кагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзөт.
Саламаттык сактоону реформалоо процесси саламаттык сактоо боюнча
саммиттерде донорлордун катышуусу менен жылына 2 жолу талкууланат.
В. Саламаттык сактоо системасынын потенциалын күчөтүү
Азыркы саламаттык сактоо системасынын потенциалын сактоо жана аны
андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлөт. Кыргыз Республикасынын Са-
ламаттык сактоо министрлигинин штаттык санын көбөйтүү, анын материал-
дык-техникалык базасын жакшыртуу, пландаштырылган институттук
өзгөрүүлөргө ылайык шайкеш ресурстар менен камсыз кылуу пландаштырылуу-
да.
Саламаттык сактоо уюмдарынын иш-аракетин жакшыртуу, саламаттык
сактоо кызматынын стратегиялык сатып алууларын камсыз кылуу үчүн кызмат
көрсөтүүчүлөрдүн жана кызмат сатып алуучулардын кызматкерлерин страте-
гиялык пландаштыруу жана стратегиялык сатып алуу методдоруна окутуу ке-
рек.
Стратегиялык сатып алууларда маалымат системаларынын туруктуу
үзгүлтүксүз иштеши, чыгашаларды автоматташтырып эсепке алуу, иш-аракет-
ти талдоо чоњ мааниге ээ.
Ушуга байланыштуу төмөнкүлөр пландаштырылууда:
а. Материалдык-техникалык базаны жакшыртуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин чоњ аянты
бар имаратка көчүрүү, ал имаратта бардык түзүмдүк бөлүктөрү жыйнактуу
жайгаштырылат;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин саламаттык
сактоо секторун стратегиялык башкаруу боюнча жүктөлгөн милдеттерди ат-
каруу үчүн бардык зарыл коммуникациялар, оргтехника менен камсыз кылуу;
- SWАр алкагында тартылган каражаттардын эсебинен маалымат-комму-
никациялык технологияларды колдоону корпорациялык башкаруунун негизинде
камсыз кылуу менен маалымат системалардын иштешине жардам берүү;
- чыгашаларды автоматташып эсепке алуу, саламаттык сактоо сектору-
нун аракетин талдоо, МӨМгө жетишүүнүн үстүнөн мониторинг кылуу үчүн
программалык продуктуларды иштеп чыгуу.
б. Кадрдык потенциалды көтөрүү
- башкаруучу кызматкерлерге жањы квалификациялык мүнөздөмө кир-
гизүү, кадрларды конкурстук негизде тандап алуу;
- саламаттык сактоонун артыкчылыктары жана муктаждыгына ылайык
башкаруучу кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү;
- кесиптик өсүү жана саламаттык сактоо кызматкерлерин калтыруу
үчүн мотивациялар системасын киргизүү (карьералык өсүшү, ротация, эмгек
акыны жогорулатуу, социалдык коргоо механизмдери);
- ченемдик укуктук актыларды, клиникалык протоколдорду, талдоо жа-
на башка маалыматтарды таркатуунун натыйжалуу механизмдерин киргизүү.
5.2. Саламаттык сактоо системасынын финансылык туруктуулугун
камсыз кылуу
Саламаттык сактоо системасынын финансылык туруктуулугун жогорула-
туу үчүн саясий жана финансылык-экономикалык каражаттарды колдонуп
жүргүзүү пландаштырылууда, аларды ишке ашыруу "Манас таалими" програм-
масында пландаштырылган реформалар стратегиясын аткарууга жана саламат-
тык сактоону каржылоонун туруктуулугун камсыз кылат.
Саясий каражаттар
- долбоорлорду жана программаларды киргизүүдө Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү тарабынан (а) бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттарын
жана инфляцияга түзөтүүнү колдонуу менен программалык негизде түзүлгөн
орто мөөнөттүк бюджеттин болжолунун алкагында саламаттык сактоо секто-
рун толук көлөмдө милдеттүү каржылоо боюнча милдетин кабыл алуу; (б)
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык республикалык бюджеттен балдар-
га, пенсионерлерге, студенттерге, жумушсуздарга ж.б. социалдык жактан
аялуу калктын катмарына ММК трансфертин көбөйтүү; (в) жыл ичинде сала-
маттык сактоого финансы каражаттарынын бир калыпта келиши;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын кабыл алынган
МГП алкагында жарандардын кепилге алынган жењилдиктерин финансы ресурс-
тары менен шайкеш камсыз кылуу, финансы ресурстары менен камсыз кылын-
баган милдеттерди кабыл албоо;
- иштеген жарандар үчүн ММК төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын Со-
циалдык фонду тарабынан толук көлөмдө милдеттүү түрдө которуу жана мур-
дагы жылдарда топтолгон карыздарды жабуу;
- региондор боюнча ресурстарды акыйкаттуу бөлүштүрүүнү камсыз кы-
луу үчүн 2006-жылдан баштап республикалык дењгээлде саламаттык сактоо
каражаттарын топтоону киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењеши тарабынан мамлекеттик бюджетти түзүп бекиткенде саламаттык
сактоо секторунун артыкчылыгын билүү жана колдоп беришин күчөтүү үчүн
ЖМКда, жумушчу кењешмелерде реформанын жүрүшү жөнүндө, саламаттык сак-
тоонун көйгөйлүү маселелери тууралуу кењ масштабдуу түшүндүрмө ишин
жүргүзүү;
- капиталдуу инвестициялар жана социалдык программалар үчүн сала-
маттык сактоого кошумча каржылоону камсыз кылуу менен мамлекеттик баш-
каруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү
дењгээлде саламаттык сактоо уюмдарына жардам берүү;
- ӨЭУ жана коомдук уюмдардын катышуусу менен саламаттык сактоо
бюджетин түзүү жана аткаруу процессин ЖМКда кењири чагылдыруу.
Финансылык-экономикалык каражаттар
- калктын жыныстык-курактык курамын, бийик тоолуу коэффициентти
жана администрациялык борборлордон алыстыгын эске алып региондорду кар-
жылоону тењештирүү;
- консолидацияланган бюджеттин алкагында саламаттык сактоо уюмда-
рын (кызмат көрсөтүүчүлөрдү) статьясыз каржылоого өткөрүү;
- калктын муктаждыгын эске алып саламаттык сактоо кызматын,
көлөмүн жана түзүмүн талдоонун негизинде стратегиялык сатып алуулар жа-
на медициналык кызматка төлөп берүүнүн бирдей эрежелерин киргизүү;
- алыскы жана жетүүгө кыйын региондордо жайгашкан жана жоюлууга
мүмкүн эмес саламаттык сактоо уюмдары үчүн жергиликтүү бюджеттин кара-
жаттарын тартуу менен финансылык жардам берүү жана отималдаштыруунун
жекече программасын киргизүү;
- ресурстарды колдонуу боюнча бардык саламаттык сактоо субъектте-
ринин отчеттуулугун өркүндөтүү;
- баштапкы жана экинчилик дењгээлде дарылоонун стандарттарын (кли-
никалык протоколдорду) бардык жерде киргизүү.
5.3. МӨМгө жетишүү, саламаттык сактоо көрсөткөн кызматтардын
натыйжалуулугун, сапатын көтөрүү үчүн аларды интеграциялоо
Саламаттык сактоо системасын андан ары реформалоо маселесинин бири
калктын жана коомдун муктаждыгына жооп берген, азыркы башкаруу методдо-
рунун негизинде ресурстарды натыйжалуу колдонууну камсыз кылган сала-
маттык сактоо кызматын көрсөтүүнүн комплекстүү интеграцияланган систе-
масын калыптандыруу болуп саналат.
Кызмат көрсөтүү системасы бардык калкка көрсөтүлүүчү саламаттык
сактоо кызматына жана жеке медициналык кызматка негизделген. Арада ар-
тыкчылыктуу (вертикалдуу) программалардын алкагында көрсөтүлүүчү кыз-
маттар орун алган (40-сүрөт). Реформанын биринчи фазасында баштапкы са-
ламаттык сактоого артыкчылыктуу (вертикалдуу) программалардын алкагында
көрсөтүлүүчү саламаттык сактоо кызматын интеграциялоо процесси баштал-
ган.
Саламаттык сактоону каржылоо реформасында артыкчылыктуу (вертикал-
дуу) программаларды кошо каржылоо каралган эмес, ушуга байланыштуу са-
ламаттык сактоонун баштапкы дењгээлине түшкөн жүк кыйла күчөйт. Медици-
налык жардам көрсөтүүнүн жогорку дењгээлин жеткиликтүүлүгүн жөнгө салуу
алардын калк күткөн жогорку сапаттагы медициналык кызмат көрсөтүүдө ро-
лун көтөрөт.
40-сүрөт. Саламаттык сактоо кызматын көрсөтүү системасы
А. Саламаттык сактоо кызматын көрсөтүү системасын интеграциялоо
1. Артыкчылыктуу программаларды коомдук саламаттык сактоо жана
жеке медициналык кызмат көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдары
менен интеграциялоо
Артыкчылыктуу (вертикалдуу) программаларды интеграциялоо
төмөнкүлөрдү карайт:
- ооруларды контролдоо жана саламаттык сактоонун артыкчылыктарына
багыттоонун негизинде калктын ден соолугун чыњдоо жаатында коомдук са-
ламаттык сактоонун ролун көтөрүү. Ал үчүн калкты, ӨЭУ, коомдук уюмдарды
жана жамааттарды ден соолуктун детерминанттары үстүнөн контролдоо сис-
темасына, өнөктүк программаларды ишке ашыруу, калк менен иштөөнүн ар
кандай моделдерин киргизүү, ЖМКларды активдүү тартуу жолу менен ден со-
олук маданиятын жана сергек турмуш үлгүсүн калыптандырууга активдүү
тартуу механизмдери каралууда;
- кењейтилген билим берүүнүн негизинде калктын ден соолугун
чыњдоо, ооруларды алдын алуу боюнча баштапкы звенонун (ФАП/ҮДТ) милдет-
терин кењейтүү. ФАП жана ҮДТлардын материалдык-техникалык базасын жак-
шыртуу, аларды алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүү үчүн керектүү стан-
дарттуу жана өзгөчө жабдуулар, дары-дармектер менен камсыз кылуу план-
даштырылууда. Артыкчылыктуу программалардын алкагында пландаштырылган
натыйжалуу кийлигишүүлөрдү жүргүзүү үчүн медициналык кызматкерлерди
(ФАП/ҮДТ) окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле диплом-
дон кийинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү программаларына ти-
йиштүү модулдарды киргизүү каралууда;
- көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жана натыйжалуулугун көтөрүү үчүн
институттук жана функционалдык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү, алар функционал-
дык талдоо, медициналык коомчулук менен талкуулоонун негизинде саламат-
тык сактоо артыкчылыктарын жана калктын муктаждыгын эске алып
жүргүзүлөт.
Мында төмөнкүлөр пландаштырылууда:
- онкологиялык кызматты жана үй-бүлөнү пландаштыруу кызматын
Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна интеграциялоо, социалдык патронаж кыз-
матын ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү;
- кургак учукка каршы жана пульмонология кызматтарын акырындап ин-
теграциялоо жана аларды толугу менен баштапкы саламаттык сактоого ин-
теграциялоо менен РАL/ДССУ стратегиясынын алкагында кургак учукту конт-
ролдоону жана өпкө саламаттыгына практикалык мамиле кылууну киргизүү;
- ооруга чалдыгууну контролдоо жана наркологиялык кызмат менен
дермато-венерологиялык кызматтардын тыгыз өз ара аракетинин негизинде
ВИЧ/СПИД кызматын ден соолукту чыњдоо кызматы менен интеграциялоо;
- психиатриялык жана наркологиялык жардамды калкка жакындатуу жана
аларды саламаттык сактоонун жалпы тармагына кризистик койкаларды, жалпы
профилдеги стационарларда чакан форматтуу бөлүмдөрдү ачуу менен андан
ары интеграциялоо.
2. Жеке сектор жана ведомстволук саламаттык сактоо уюмдары менен
координациялоо
Ведомстволук саламаттык сактоо уюмдары жана жеке менчиктеги кызмат
көрсөтүүчүлөр көрсөткөн медициналык кызматтын сапатын көтөрүү, МӨМгө
жетишүү жана статистикалык маалыматтын туура болушу үчүн саламаттык
сактоонун артыкчылыктуу багыттары боюнча ишти координациялоо керек.
Ушуга байланыштуу төмөнкүлөр пландаштырылууда:
- жеке медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ассоциациясын уюштуруу-
га көмөктөшүү;
- жеке кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн статистикалык отчеттуулук форма-
сын иштеп чыгуу;
- жеке медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдү МГП, ММК программалары
боюнча кызмат көрсөтүүгө тартуу;
- ведомстволук саламаттык сактоо уюмдарын жана жеке менчиктеги ме-
дициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдү аккредитациялоо;
- ведомстволук жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын ли-
цензиялоосун киргизүү;
- салык мыйзамдарына өзгөрүүлөрдү киргизүү менен (медициналык кыз-
маттан КНСти алып салуу) саламаттык сактоодо жеке кызмат көрсөтүү рыно-
гун кењейтүү;
- саламаттык сактоонун артыкчылыктуу багыттары боюнча биргелешкен
аракеттер планын иштеп чыгуу үчүн кењешмелерди, тегерек столдорду
өткөрүү.
3. Саламаттык сактоо кызматын көрсөтүүнүн ар кандай дењгээлдери
ортосунда уланмалуулукту өркүндөтүү
Саламаттык сактоо кызматын көрсөтүүнүн ар кандай дењгээлдери орто-
сунда уланмалуулукту өркүндөтүү үчүн төмөнкүлөр пландаштырылууда:
- медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн ар кандай дењгээли
жеткиликтүү болушу үчүн жөнгө салуучу механизмдерди иштеп чыгуу (жолдо-
мо жана кайра жолдомо берүү системасы);
- маалымат-коммуникациялык технологияларды өркүндөтүүнүн негизинде
медициналык жардам көрсөтүүнүн ар кандай дењгээлдери ортосунда уланма-
луулук жана кайтарылма байланыш механизмдерин киргизүү;
- милдеттерди бөлүштүрүү жана келишимдик мамилелерди өркүндөтүүнүн
негизинде саламаттык сактоо уюмдары ортосундагы өз ара аракетти жакшыр-
туу.
Б. Ден соолукту коргоо тармагында МӨМгө жетишүү
Адам өнүгүшүнүн негизги индикаторлору болуп саналган МӨМгө жетишүү
жана калктын ден соолугун олуттуу жакшыртуу үчүн төмөнкүлөр пландашты-
рылууда:
- МӨМгө, өзгөчө ден соолук көрсөткүчтөрү өтө начар калктын социал-
дык жактан аялуу катмары арасында жетишүүгө багытгалган саламаттык сак-
тоо секторундагы иш чараларга мамлекеттик каражаттарды көбөйтүү жана
кайра бөлүштүрүү;
- калктын муктаждыгына, ооруларды алдын алууга багытталган коомдук
саламаттык сактоонун ролун көтөрүү жана калктын социалдык жактан кор-
голбогон жана аялуу катмарына өзгөчө басым кылып МӨМгө жетишүүгө таасир
берген тобокел факторлорун төмөндөтүү боюнча популяциялык дењгээлде иш-
ти күчөтүү;
- муктаждыкты аныктоо жана артыкчылыктуулук, географиялык тењ
укуктуулук негизинде материалдык-техникалык базаны сарамжалдуу жањыртуу
менен саламаттык сактоонун ресурстарын натыйжалуу колдонууну жогорула-
туу;
- далилдүү негизи бар натыйжалуу медициналык кызматты киргизүүгө
негизделген программаларга окутуунун негизинде медициналык кызматкер-
лердин квалификациясын жогорулатуу;
- тиешелүү багыттар боюнча үчүнчүлүк дењгээлдеги саламаттык сактоо
уюмдарынын координациялоочу ролун көтөрүү;
- МӨМгө жетишүү үчүн донордук жардамды тартуу жана координациялоо;
- МӨМгө жетишүүгө коомчулукту, жеке медициналык уюмдарды, мамле-
кеттик башкаруу жана ЖӨБ органдарьш тартуу;
- МӨМгө жетишүү боюнча секторлор аралык кызматташууну күчөтүү;
- МӨМгө жетишүүгө багытталган программаларга мониторинг
жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.
МӨМ 4: Бала өлүмүн кыскартуу
5-милдет: 2015-жылга карата 5 жашка чейинки балдардын арасында
өлүмдөрдү үчтөн экиге чейин кыскартуу
Кыргыз Республикасында 2004-жылдан баштап ДССУнун тирүү төрөлүү
критерийлерин киргизүү башталган, натыйжада 2-3 жылдын ичинде ымыркай-
лардын, демек балдардын өлүмүнүн өсүшү мүмкүн, анын себеби тирүү
төрөлүү жањы критерийлерди киргизүүнүн эсебинен жана төрөлүү менен өлүм
фактыларын каттоону жакшыртуу боюнча ишчаралардын эсебинен.
Шаарда ымыркайлардын чарчап калышынын себептер түзүмүндө перина-
талдык себептер, ал эми айылда - дем алуу аргандарынын оорулары жана
жугуштуу оорулар үстөмдүк кылганын эске алсак, мындан тышкары тубаса
аномалиялардан ымыркайлардын чарчашы көбөйгөнү белгиленип, "Манас таа-
лими" программасы менен төрөткө жардам берүүчү мекемелердин потенциалын
көтөрүүгө, МГП боюнча көрсөтүлүүчү 5 жашка чейинки балдарга жана кош
бойлуу аялдарга медициналык кызматтын түрүн кењейтүү жана жеткиликтүү
болушуна багытталган иш чараларды жүргүзүү пландалган, ушуга байланыш-
туу төмөнкүлөр пландаштырылууда:
- МГП боюнча көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын түрүн кењейтүү жа-
на амбулаториялык дењгээлде жана стационарда 5 жашка чейинки балдарга
кошумча төлөөнү алып салуу;
- 5 жашка чейинки балдарга натыйжалуу медициналык кийлигишүүлөрдү
киргизүү: иммунопрофилактиканын түрүн кењейтүү, микронутриенттер - те-
мир, витамин А, фолий кычкылы (12 жумага чейинки кош бойлуу аялдарга)
балдарды жана кош бойлуу аялдарды саплементациялоо, ошондой эле респуб-
ликанын бардык аймагында "Эмчек эмизүү", "Баланы кароо", пилоттук реги-
ондордо апробацияланган балдардын тамактануусу боюнча программаларды
ж.б. таркатуу;
- төрөткө жардам берүүнүн бардык дењгээлинде ымыркайларга медици-
налык жардам көрсөтүү жана төрөткө катышкан медициналык кызматкерлердин
квалификациясын жогорулатуу;
- 5 жашка чейинки балдардын төрөлүшүн, ден соолугун жана өлүмүн
каттоо оперативдүүлүгүн жана тууралыгын камсыз кылган механизмдерди
өркүндөтүү. Бала өлүмүнүн жогорку көрсөткүчтөрү үчүн жазалоо чаралардан
ошол көрсөткүчтү төмөндөтүүгө максаттуу (өлүмдөр себеби боюнча) методи-
калык, практикалык жана финансылык жардам көрсөтүүгө өтүү;
- балдар өлүмүнүн себептерин жана жүргүзүлгөн ишчаралардын натый-
жалуулугун талдоо жана мониторинг жүргүзүүгө жардам берген маалы-
мат-талдоо системасын өнүктүрүү;
- демилгелерди колдоо жана маалымдуу болушун жогорулатуунун неги-
зинде баланын ден соолугун коргоо проблемасына үй-бүлөнү жана коомду
тартуу.
МӨМ 5: Эненин корголушун жакшыртуу
6-милдет: 2015-жылга карата эне өлүмүнүн коэффициентин төрттөн
үчкө азайтуу
Эне өлүмүнүн коэффициентин азайтуу үчүн дары-дармектер жана да-
ры-дармексиз кийлигишүүлөрдү киргизүү пландаштырылууда, алардын натый-
жалуулугун дүйнөлүк практика далилдеп турат, баштапкы дењгээлде антена-
талдык кызматтын түрүн кењейтүү, төрөткө жардам берүүчү мекемелердин
медициналык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, республиканын
бардык аймагында натыйжалуу программаларды таркатуу. Кыйла натыйжалуу
иш-чараларга төмөнкүлөр кирет:
- антенаталдык кызматтын толук комплексин алууга кош бойлуу аял-
дарды кызыктыруу (кош бойлуулугу боюнча каттоого эрте туруу, клиникалык
протоколдорго ылайык медициналык кызматты өз убагында камсыз кылуу).
- МГП боюнча аялдарга көрсөтүлүүчү антенаталдык медициналык кыз-
маттын түрүнө төмөнкүлөрдү киргизүү: күнөмдүн органдарынын жана систе-
маларынын тубаса кемтиктерин аныктоо үчүн УЗИден милдеттүү түрдө
өткөрүү, артериялык кан басымын, боюн, салмагын үзгүлтүксүз ченөө, бак-
териоурияга, белокко, йодго зааранын скрининги, анемияга скрининг; 12
жумага чейинки кош бойлуу аялдарды фолий кычкылына саплементациялоо;
- интранаталдык кызматтар комплексин оптималдаштыруу (а) (окуп
үйрөнгөн медициналык кызматкердин катышуусу менен төрөткө жардамдашуу,
күнөмдү коргоо, эрте таап билүү, өтүшкөн оорусу пайда болгондо клиника-
лык кароо жана кайра жолдомо берүү, суу эрте агып кеткенде антибиотико-
терпия кылуу, эрте төрөттөрдү алдын алуу үчүн стероиддерди колдонуу,
ымыркайдын реанимациясы), (б) постнаталдык кароо (патронаж, эмчек
эмизүүнү колдоо, кошумча тамактандыруу, жылуу гигиеналык режим, ымыр-
кайлардын реанимациясы, инфекцияларда антибиотиктер, үйдө төрөгөндө ты-
рышмага каршы сыворотка, ооруларды эрте диагностикалоо жана баланы туу-
ра кароо, Улуттук эмдөө календарынын алкагында өз убагында жана сапат-
туу иммунопрофилактика жана А витамини менен төрөгөнүнө 8 жума боло
элек аялдарды жана ымыркайларды саплементациялоо);
- үй-бүлөнү пландаштыруу, кош бойлууларды кароо, өтүшкөн ооруларды
өз убагында билүү жана жолдомо берүү маселелери боюнча баштапкы звено-
нун медицина кызматкерлеринин квалификациясын көтөрүү, экинчи звено -
төрөткө жардам берүү жана далилдүү негизи бар принциптердин негизинде
кечиктирилгис жардам көрсөтүү, үчүнчү звено - методологиялык, консуль-
тациялык жардам көрсөтүү боюнча медицина кызматкерлеринин квалификация-
сын жогорулатуу;
- үй-бүлөнү пландаштыруу, репродуктивдүү тандоо жана эне болуу ко-
опсуздугу маселелери боюнча калктын маалымдуу болушун көтөрүү.
МӨМ 6. ВИЧ/СПИД, безгек жана башка оорулар менен күрөшүү
7-милдет: 2015-жылга карата ВИЧ/СПИДдин таралышын токтотуу жана
ооруга чалдыгууларды кыскарта баштоо
Республикада акыркы жылдары ВИЧ-инфекцияны инъекциялык жуктуруу
менен катар жыныс жолу аркылуу таралышы орун алгандыгын эске алсак,
калктын жана максаттуу топтордун алдын алуу чаралар жөнүндө маалымдуу-
лугун жогорулатуу боюнча максаттуу иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле
коркунучу жогорку топтордо инъекциялык жана жыныс жолу аркылуу
ВИЧ/СПИДдин таралышын чектөө боюнча программаларды киргизүү пландашты-
рылууда. Ушуга байланыштуу секторлор аралык иш-чараларды жүргүзүү
төмөнкүлөр боюнча пландаштырылууда:
- медициналык процедуралардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- бањги заттарды инъекциялык пайдаланган адамдардын арасында, анын
ичинде пенитенциардык системанын мекемелеринде, ВИЧ-инфекциянын таралы-
шын чектөө (бањгилерге шприцтерди алмаштыруу пункттарын ачуу, бањгилер
арасында презервативдерди акысыз таркатуу, метадон менен алмаштыруучу
терапия боюнча программаларды кењейтүү);
- ЖЖАЖОдо медициналык жардамды камсыз кылуу, анын ичинде пенитен-
циардык системанын мекемелеринде;
- Кењири сектордук мамиленин негизинде ВИЧ/СПИД/ЖЖАЖО жана бањги-
ликти алдын алуу боюнча маалымат-билим берүүчү программаларды андан ары
ишке ашыруу;
- ВИЧ/СПИД менен жашаган жана ВИЧ/СПИДден жабыркаган адамдарга ме-
дициналык жана социалдык жардам берүүнү камсыз кылуу;
- ВИЧ/СПИДди алдын алуу боюнча иштеген эл аралык программаларды
жана долбоорлорду натыйжалуу координациялоо.
8-милдет: Безгекти жана башка жугуштуу оорулардын таралышын
токтотуу
8а-милдет. 2015-жылга карата кургак учуктун таралышын токтотуу
жана ушул ооруга чалдыгууларды кыскартууга багыт алуу
DOTS жана РАL стратегияларын Кыргыз Республикасынын бардык айма-
гында андан ары киргизүү пландаштырылууда жана ошол программалардын си-
нэргизми кургак учук оорусуна чалдыгууну кыскартуу боюнча МӨМгө же-
тишүүгө жардам берет:
- республиканын бардык аймагында өпкө саламаттыгына (РАL) практи-
калык мамиле кылуу стратегиясын ишке ашыруунун негизинде кургак учук
менен ооруган бейтаптарды аныктоону жакшыртуу, кургак учук кызматын
жалпы дарылоо тармагына андан ары интеграциялоо, медициналык кызматкер-
лерди окутуу (респиратордук ооруларды жана кургак учукту диагностика-
лоо, дарылоо жана алдын алуу), респиратордук ооруларды шайкеш кароо
үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын базистик жабдуулар менен жабдылышын
жакшыртуу, респиратордук оорулар жана кургак учук менен ооруган бейтап-
тарга жолдомо берүү системасын иштеп чыгуу (жолдомо берүү, кайра жолдо-
мо берүү жана саламаттык сактоонун ар кандай дењгээлдери менен кайта-
рылма байланышы критерийлери);
- DOTS стратегиясын пенитенциардык системада киргизүү, пенитенци-
ардык мекемелердин материалдык-техникалык базасын оњдоо, эркинен ажыра-
тылган жерден бошогонго чейин кургак учук менен ооруган бейтаптарды ре-
абилитациялоо механизмдерин иштеп чыгуу жана саламаттык сактоонун жа-
рандык сектору менен өз ара аракеттин өркүндөтүү;
- мультирезистенттик кургак учук формаларына DOTS+стратегиясын
этап-этабы менен киргизүү;
- кургак учук препараттары менен муктаж бардык кургак учук менен
ооруган бейтаптарды, анын ичинде өпкө формасынан башка түрлөрүндө кам-
сыз кылуу;
- респиратордук оорулары бар бейтаптардын медициналык жардамга
кайрылышын жогорулатууга багытталган калк арасында түшүндүрүүчү ишти
жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү;
- балдар арасында иммундук корголгондордун чөйрөсүн түзүү;
- саламаттык сактоонун бардык кызматтарын, анын ичинде кургак учук
маселелери боюнча ведомстволор аралык кызматтарын координациялоо жана
мониторинг жүргүзүү.
8б-милдет. 2015-жылга карата бруцеллездун таралышын токтотуу жана
бул ооруга чалдыгууларды кыскартууга багыт алуу
Чакан мал чарба фермаларын уюштуруу менен айыл чарба түзүмүн
өзгөртүү жана ветеринария кызматынын начар иштеши бруцеллез оорусуна
чалдыгууларды өтө көбөйтүп кетти. Өзгөчө коркунучтуусу мал төлдөгөн
учурда жаштарды коопсуздук шарттарды сактабай жумушка тартуу болуп ту-
рат. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2004-жылы бруцеллезго чалдыгуу
көрсөткүчү бир аз төмөндөгөн, бирок көрсөткүч дагы эле жогору бойдон
калууда, бул секторлор аралык натыйжалуу ишчараларды жүргүзүүнү, калк
арасында түшүндүрүү иштерин жандандырууну талап кылат, ушуга байланыш-
туу төмөнкүлөр пландаштырылууда:
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги менен натыйжалуулугун тиешелүү далилдүү методдор анык-
таган вакцина менен мүйүздүү малды бирин калтырбай вакциндөө маселелери
боюнча секторлор аралык өз ара аракетти күчөтүү;
- малды өз убагында вакциндөөгө мал ээлеринин жоопкерчилигин
көтөрүү;
- бруцеллезду алдын алуу боюнча калк менен маалымдаматүшүндүрмө
ишти күчөтүү;
- далилдүү медицинанын негизинде дарылоонун натыйжалуу методдорун
киргизүү.
8в-милдет. 2015-жылга карата жүрөк-кан тамыр ооруларынан болгон
өлүмдөрдү Европа регионунун дењгээлине чейин төмөндөтүү
(Европа жана Борбордук Азия региондорунун өлкөлөрү
үчүн)
Жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдөрдүн көп болушу, өзгөчө жаш эм-
гекке жарамдуу куракта ошол эмгекке жарамдуулугунан эрте ажырап калуу
үй-бүлөгө да, өлкөнүн экономикасына да олуттуу экономикалык зыян келти-
рет. Популяциялык дењгээлде активдүү алдын алуучу ишти жүргүзүү, алдын
алуунун, диагностикалоонун, дарылоонун заманбап натыйжалуу технология-
ларын киргизүү жана жүрөк-кан тамыр системасынын социалдык жактан маа-
нилүү жана кењири таркаган оорулары менен ооруган бейтаптарды реабили-
тациялоо жаш жана эмгекке жарамдуу курактагы адамдар арасында жүрөк-кан
тамыр ооруларынан болгон өлүмдөрдү азайтууга, цереброваскулярдык оору-
лар менен ооруган бейтаптардын турмуш сапатын оњоп, ал оорунун өнүгүшүн
төмөн дењгээлге жеткирүүгө жардам берет. Ушуга байланыштуу төмөнкү иш-
чаралар пландаштырылууда:
- сергек турмуш үлгүсүн калыптандырууга, жүрөк-кан тамыр ооруларын
алдын алууга жана алардын өнүгүшүнүн коркунуч факторлорун азайтууга ба-
гытталган активдүү алдын алуучу ишти калк менен жүргүзүү (калктын скри-
нингинин негизинде ЖКТОну жана анын өнүгүшүнүн коркунуч факторлорун эр-
те аныктоо боюнча иш-чаралар; үйбүлөнүн градациясына жараша: дени сак,
салыштырмалуу дени сак, коркунуч факторлору бар, жүрөк-кан тамыр оору-
лары жана коркунуч факторлору аныкталган, оорусу башка оору менен кош-
толуп кетиши - ушул градацияларга жараша алдын алуучу кийлигишүү жана
дарылоо тактикасын аныктап киргизүү, коркунуч факторлорун азайтууга ба-
гытталган жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу чаралары жөнүндө калк
үчүн окутуучу программаларды иштеп чыгып киргизүү);
- ЖКТОну алдын алуу жана аны менен күрөшүү чаралары жөнүндө калк
үчүн популярдык китепчелерди массалык тираж менен басып чыгаруу.
- бейтаптарды жана алардын үй-бүлөсүн үйрөтүү үчүн амбулаториялык
"Артериялык гипертония клубдарын", "Коронардыклипиддик клубдарды"
жер-жерлерде түзүүгө көмөктөшүү;
- жүрөк-кан тамыр системасынын социалдык жактан маанилүү жана
кењири таркаган оорулары менен ооруган бейтаптарды реабилитациялоонун,
алдын алуунун, диагностикалоонун, дарылоонун азыркы натыйжалуу техноло-
гияларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- кардиология жана ЖКТОнун алдын алуу тармагында медициналык кадр-
ларды, өзгөчө баштапкы саламаттык сактоонун медициналык кызматкерлерин
даярдоону өркүндөтүү (Социалдык жактан маанилүү ЖКТОну алгачкы жана
экинчилик алдын алуу боюнча даректүү үзгүлтүксүз окутуучу программалар-
ды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, медициналык кызматкерлерди аралыктан
окутуу методун киргизүү);
- кардиологиялык профилдеги медициналык мекемелердин материал-
дык-техникалык базасын чыњдоо, аларды заманбап медициналык жана лабора-
ториялык жабдуулар менен жабдуу.
5.4. Саламаттык сактоо саясатын алдыга жылдыруу
Ден соолукту чыњдоо жана коргоого тиешелүү маселелерди чечүүгө са-
ясатчыларды, мамлекеттик башкаруу органдарын, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарын, ОЭУ жана жамааттык уюмдарды тартуу менен коомдун
кызыкчылыгынын корголушун камсыз кылууга болот.
Жогорку мамлекеттик жана секторлор аралык дењгээлдерде саламаттык
сактоо саясатын алдыга жылдыруу үчүн саламаттык сактоо секторунда болуп
жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө кызыкдар тараптарды дайыма маалымдап туруу
зарыл, ошол тараптарды көйгөйлүү маселелерди чечүүгө тартуу, жогорку
мамлекеттик дењгээлде колдоо талап кылынат. Бул реформалоо процессин
Кыргыз Реепубликасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши,
саламаттык сактоо кызматкерлери жана калк тарабынан түшүнүү жана колдоп
берүүгө өбөлгө түзөт.
Ушуга байланыштуу төмөнкүлөр пландаштырылууда:
- саламаттык сактоонун актуалдуу маселелерин, сектордогу реформа
киргизүү процессин талкуулоо боюнча саламаттык сактоо адистери менен
тегерек столдорду (кењешмелерди) үзгүлтүксүз өткөрүү, саясатчылар, Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча
башкаруу органдарынын, ӨЭУ жана коомчулуктун өкүлдөрү менен реформалоо
процессине керектүү учурда түзөтүү киргизүү;
- бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү жана жарандык коомдун
өкүлдөрүнүн кењири катышуусу менен саламаттык сактоо реформасынын
жүрүшү жөнүндө коомдук угууларды үзгүлтүксүз өткөрүү;
- саламаттык сактоо секторунда жасалган иш-аракеттин натыйжалуулу-
гун, реформалардын жүрүшүн, МӨМгө жетишүүгө багытталган кийли-
гишүүлөрдүн натыйжалуулугун баалаган чечкиндүү индикаторлорду киргизүү
менен саламаттык сактоо секторунун иши тууралуу жыйынтыктоочу отчеттор-
ду талкуулоо жана басып чыгаруу.
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин басма
сөз-борборунун ишин жакшыртуу жана саламаттык сактоону реформалоо про-
цессин ЖМКда үзгүлтүксүз чагылдыруу, бейтаптардын укуктары, МГП алка-
гында саламаттык сактоо кызматынын жеткиликтүүлүгү, көнүмүштөрдү
өзгөртүү, сергек турмуш үлгүсүн калыптандыруу, ден соолук маданиятына
тиешелүү маселелер тууралуу материалдарды жарыялоо;
- саламаттык сактоо тармагында байкоочу жана координациялоочу
кењештердин, комиссиялардын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү.
5.5. Саламаттык сактоо секторунда сатып алуу процессинин
ачыктыгын камсыз кылуу
Саламаттык сактоону шайкеш каржылоо үчүн финансы каражаттарын же-
тишсиз болгондо мамлекеттик милдеттенмелердин баланстуулугу жана алар-
дын финансылык камсыз болушу өтө маанилүү, ошондой эле медициналык кыз-
матты, саламаттык сактоо секторунун туруктуу иштешин камсыз кылган то-
варларды жана кызматтарды сатып алуу системасын натыйжалуу башкаруу чоњ
ролду ойнойт.
Саламаттык сактоону реформалоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу
мурда тиешелүү эл аралык институттардын долбоорлорду ишке ашыруу
бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлгөн. Саламаттык сактоону андан ары реформалоо
кењири сектордук мамиленин (SWAр) жана саясий, жөнгө салуучу милдеттер-
ди кызмат көрсөтүү милдеттерден так бөлүштүрүүнүн негизинде жүргүзүү
пландаштырылгандан кийин сатып алуулар Кыргыз Республикасынын Саламат-
тык сактоо министрлигинин тиешелүү түзүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт, мында
финансылык менеджмент жана сатып алуулар тармагында Кыргыз Республика-
сынын Саламаттык сактоо министрлигинин потенциалы күчөтүлөт.
Айкындык жана тендердик жол-жоболор механизмин өркүндөтүү, кон-
курстук соодада саламаттык сактоо сектору үчүн товар жана бардык кызмат
көрсөтүүчүлөрдүн акыйкаттуу жана тењ укуктуу катышуусу, соода жол-жобо-
лорун коомдук контролдоо мүмкүндүгү, корпорациялык башкаруу механизмде-
рин киргизүү жана борбордук дењгээлде да, саламаттык сактоо кызматын
көрсөтүүчүлөрүнүн дењгээлинде да бөлүштүрүү процессин өркүндөтүүнүн не-
гизинде сатып алуулар процессинин айкындыгы камсыз кылынат.
Ушуга байланыштуу төмөнкүлөр пландаштырылууда:
- медициналык кызматка төлөөнүн бирдей эрежелерин киргизүү жана
калктын муктаждыгын эске алып кызмат көрсөтүү түрлөрүн, көлөмүн жана
түзүмүн талдоону камтыган стратегиялык сатып алууларга өткөрүү жолу ме-
нен саламаттык сактоо кызматынын сатып алуулар системасын өркүндөтүү;
- ДБ жүргүзгөн фидуциардык талдоонун сунуштарынын негизинде сала-
маттык сактоо сектору үчүн товарларды жана кызматтарды сатып алуу сис-
темасын өркүндөтүү;
- товар жана кызмат көрсөтүүчүлөргө коддоо киргизүү аркылуу тен-
дердик табыштамаларды баалоо этабында объективдүүлүктү камсыз кылуу жа-
на сатып алуу процессинин жүргүзүлүшүн бөлүү жолу менен сатып алуу
жол-жоболорун өзгөртүү;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин финансы-
лык менеджмент системасын эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү, ми-
нистрликтин финансы-экономикалык кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү,
финансылык менеджмент каражаттарына үйрөтүү, эсепке алуу, отчеттуулук
жана аудит системасын өркүндөтүү, финансылык болжолдоо жана талдоо,
фандрейзинг функцияларын өнүктүрүү.
6. Ийгиликтин/коркунучтун
негизги факторлору
Саламаттык сактоо секторунда андан ары реформа жүргүзүүнүн ийгили-
гине таасир берчү объективдүү жана субъективдүү факторлор бар. Корку-
нучтарды азайтуу жана "Манас таалими" программасынын алкагында страте-
гияларды ийгиликтүү ишке ашыруу мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн 4-табли-
цада чагылдырган иш-чараларды жана аракеттерди көрүү керек.
4-таблица
Ийгиликтин/коркунучтун
негизги факторлору
| N | Ийгиликтии/коркунучтун негизги | Коркунучтуу азайтуу/ийгиликти |
| факторлору | көбөйтүү жана бекемдөө үчүн | |
| эмне кылуу керек | ||
| 1 | Туруктуу саясий кырдаал, жогорку | Саясый диалог, тегерек |
| мамлекеттик дењгээлде жана КР | столдорду өткөрүү, коомдук | |
| Жогорку Кењеши тарабынан саясий | угуулар, саламаттык сактоо | |
| колдоо, жагымдуу укуктуу чөйрө | реформасынын жүрүшү жана | |
| стратегиясын ЖМКда кењири | ||
| чагылдыруу, донорлордун | ||
| катышуусу менен жыл сайын | ||
| саммит өткөрүү | ||
| 2 | Кедейликти кыскартууга жана | Мамлекеттик финансылык саясатты |
| туруктуу экономикалык өсүүгө жардам | чагылдырган орто мөөнөттүү | |
| берген артыкчылыктуу тармак катары | бюджеттин болжолу (ОМББ) | |
| саламаттык сактоо секторун шайкеш | ОМББга ылайык жылдык бюджетти | |
| жана туруктуу мамлекеттик каржылоо | саламаттык сактоонун | |
| артыкчылыктуулугун эске алып | ||
| түзүү | ||
| Бюджеттин аткарылышын жакшыртуу | ||
| (көлөмү боюнча жана өз | ||
| убагында) | ||
| 3 | Ден соолукту чындоо жана коргоо | Чечкиндүү милдеттерди ойдогудай |
| тармагында саясатты калыптандырууга | аткаруу үчүн Кыргыз | |
| багытталган Кыргыз Республикасынын | Республикасынын Саламаттык | |
| Саламаттык сактоо министрлигинин | сактоо министрлигинин түзүмүн | |
| натыйжалуу иштеши, далилдерге | оптималдаштыруу жана | |
| негизделген чечимдерди кабыл алуу | рационалдаштыруу | |
| Кыргыз Республикасынын | ||
| Саламаттык сактоо | ||
| министрлигинин потенциалын | ||
| көтөрүү | ||
| Мотивация системасын жакшыртуу | ||
| 4 | Башка министрликтердин жана | Башка министрликтер жана |
| ведомстволордун, жергиликтүү | ведомстволор, ЖӨБ жана ЖМА | |
| мамлекеттик администрациялардын | органдары менен саясий жана | |
| жана ЖӨБ органдарынын Кыргыз | аткаруучулук дењгээлде туруктуу | |
| Республикасынын Саламаттык сактоо | байланыштарды өнүктүрүү | |
| министрлиги менен саламаттык сактоо | Маалымат алмашуу | |
| реформаларын колдоо жаатында | Өз ара пайдалуу кызматташуу | |
| кызматташуусу | ||
| 5 | Калк, ӨЭУ жана жамааттар саламаттык | Ар кандай методдорду колдонуу |
| сактоо реформаларын түшүнүшү жана | менен кењири маалыматтык | |
| колдоп бериши, калк өзүнүн ден | компания | |
| соолугун сактоо жана чыњдоого | Жергиликтүү жамааттарды жана | |
| кызыккандыгын арттыруу | калкты тартуунун ар кандай | |
| моделдерин иштеп чыгуу жана | ||
| киргизүү | ||
| 6 | Эл аралык донор уюмдарынын жардамы | Саламаттык сактоо реформасын |
| жана колдоосу | иштеп чыгуу, киргизүү жана | |
| мониторинг жүргүзүүнүн бардык | ||
| этаптарына донордук уюмдарды | ||
| тартуу | ||
| Донорлордун аракетин жана | ||
| донордук жардамды | ||
| координациялоону жакшыртуу | ||
| 7 | Саламаттык сактоо секторунун | Реформанын стратегиясын |
| потенциалын андан ары өнүктүрүү | калыптандыруу процессине | |
| жана сактоо, саламаттык сактоо | медициналык кызматкерлерди | |
| реформасынын максаттарын | тартуу | |
| медициналык кызматкерлер тарабынан | Медициналык кызматкерлерди | |
| жактыруу жана саламаттык сактоонун | окутуу | |
| жањы ролду аткарууга даярдыгы | Медициналык кызматкерлердин | |
| статусун көтөрүү | ||
| Саламаттык сактоо | ||
| кызматкерлеринин эмгек акысын | ||
| олуттуу жогорулатуу | ||
| 8 | Коомдук саламаттык сактоо | Менчиктештирилбей турган |
| объекттерине мамлекеттик менчикти | саламаттык сактоо | |
| сактоо (саламаттык сактоонун жеке | объектилеринин тизмесин | |
| жана коомдук кызмат көрсөтүү | аныктоо жана аны мыйзам | |
| системасын рационалдаштыруунун | тартибинде бекитүү | |
| алкагында жүргүзүлгөн | ||
| лабораториялык, диагностикалык | ||
| жабдууларды топтоо менен | ||
| потенциалды көтөрүү жана | ||
| натыйжалуу иштөө үчүн саламаттык | ||
| сактоонун ушул объектилерин | ||
| менчиктештирүү коркунучу пайда | ||
| болот) |
7. Мониторинг жана баалоо
Бул бөлүмдө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформало-
онун 2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасынын монито-
рингинин жана баалоонун негизги принциптери тууралуу айтылат, алар
стратегияларды ишке ашыруу натыйжалуулугун арттыруу боюнча чечимдерди
оперативдүү кабыл алуу үчүн конкреттүү иш-чараларды талдоого жана алар-
ды баалоого багытталат.
7.1. Мониторинг түзүмү
Концептуалдуу түрдө мониторинг түзүмү "Манас таалими" программасы-
нын төрт милдетин ишке ашырууда динамикалуу байкоого жардам берген про-
цесстин индикаторлорун жана жыйынтыктардын индикаторлорун чогултууга
негизделет (3.2-бөлүм), алар бардыгы биригип бир максатка жетишүүгө
алып келет - калктын ден соолугун жакшыртуу.
Мониторинг (41-сүрөт) Реформалоо планында (4-бөлүм) айтылган стра-
тегияларды ишке ашыруунун жылышын чагылдырган индикаторлорго негиздел-
ген, (а) алар стратегиянын ишке ашыруу процессин баштапкы этапта, ишке
киргизүү этабында жана киргизүү процессинде алынган жыйынтыктарды про-
цесстин индикаторлорунун негизинде талдоо жүргүзүүгө жардам берет; (б)
таасир берүү/натыйжа индикаторлорунун негизинде "Манас таалими" Улуттук
программасынын максаттарына жетишүү. Индикаторлор төмөнкү өзгөртүүлөрдү
чагылдырат:
- калктын ден соолук абалын;
- саламаттык сактоо кызматынын жеткиликтүүлүгү жана акыйкаттуулу-
гу;
- калкты финансылык оөрчулуктан коргоо;
- саламаттык сактоо кызматын көрсөтүү системасынын натыйжалуулугу;
- саламаттык сактоо кызматынын сапаты;
- саламаттык сактоо системасынын ийкемдүүлүгү/айкындыгы.
41-сүрөт. Мониторинг түзүмү
Өтө маанилүү глобалдуу индикаторлор өз алдынча бөлүнөт, алар про-
цесс индикаторлоруна да, таасир берүү/натыйжа индикаторлоруна да кирип,
саясатчыларга саламаттык сактоодогу жагдайга жалпысынан баа берүүгө жа-
на зарыл чечимдерди кабыл алууга жардам берет - башкаруу панели.
7.2. Башкаруу панели
А. Ден соолук абалынын негизги көрсөткүчтөрү жана МӨМ
Бардык индикаторлор гендердик бөлүү, ошондой эле шаар жана айыл
шартында жашагандыгынын негизинде региондорго карата республика боюнча
орто көрсөткүчтөрдү чагылдырат.
- жашоонун күтүлгөн орточо узактыгы;
- калктын табигый өсүшү;
- 5 жашка чейинки балдардын өлүмдөрүнүн коэффициенти;
- балдар өлүмдөрүнүн коэффициенти;
- эне өлүмдөрүнүн коэффициенти;
- кургак учуктан болгон өлүмдөр жана ал ооруга чалдыгуу коэффици-
енти;
- ВИЧ/СПИД жањы аныкталган адамдардын саны;
- Жүрөк-кан тамыр ооруларынын 30-39 жана 40-59 жаштагы топтордо
өлүмдөрдүн коэффициенти.
Б. Саламаттык сактоо кьиматынын жеткиликтүүлүгу жана
акыйкаттуулугу
- каражат жогунан же медициналык мекеменин алыстыгынан зарыл меди-
циналык жардамга кайрылбаган калктын проценти;
- бир тургунга карата ҮДТ дарыгерлерине кайрылуулардын саны;
- бир дарыгер 2000ден ашык калкты тейлеген айыл жергесинде жайгаш-
кан ҮДТлардын проценти;
- 1000 адамга карата ооруканага жаткыруу дењгээли;
- ҮДТ бар, бирок ММК Кошумча программасы боюнча иштеген дарыкана
пункттары жок айылдардын саны;
- 1000 адамга тейленген медициналык тез жардамды чакыруу саны.
В. Калкты оор финансылык оорчулуктан коргоо
- өтө кедей квантилдерде үй чарбаларынын жалпы чыгаша үлүшү катары
саламаттык сактоого калктын чыгашалары;
- орто эмгек акыга карата кошумча төлөө дењгээли;
- региондор боюнча бир камсыздандырылган тургунга республика боюн-
ча орточо эсептен саламаттык сактоого чыгашалардын бөлүп берүү айырма-
сы.
Г. Саламаттык сактоо кызматын көрсөтүү системасынын натыйжалуулугу
- стационарлардын жалпы чыгашасында бейтапка (дары-дармегине, та-
мактануусуна) түз чыгашалар үлүшү;
- саламаттык сактоонун жалпы чыгашаларында баштапкы саламаттык
сактоого чыгашалар үлүшү.
Д. Саламаттык сактоо кызматынын сапаты
- төрөгөндөн кийин антенаталдуу кызматты толугу менен алган аял-
дардын үлүшү;
- анемиясы менен төрөткө келген аялдардын проценти;
- бир жашка чейинки ымыркайлардын иммундаштыруу дењгээли (дифте-
рия, көк жөтөл, тырышма, кызамык, гепатит В, полиомиелит, кызамыктуу
кызылча, эпидемиологиялык паротит).
Е. Саламаттык сактоо системасынын ийкемдүүлүгү/айкындыгы
- стационарларда дарыланууда бейтаптардын расмий эмес чыгашалар
дењгээли;
- мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча медициналык кызмат
алганда калк өзүнүн укуктары жөнүндө маалымдуулугунун дењгээли;
- дарылоо сапатына бейтаптардын канааттануусу.
Ж. Саламаттык сактоону каржылоо.
Индикаторлор саламаттык сактоого мамлекеттик чыгашаларынын динами-
касын чагылдырат.
- мамлекеттик чыгашалар түзүмүндө саламаттык сактоого мамлекеттик
чыгашалар үлүшү;
- каржылоо булактары боюнча саламаттык сактоо бюджетин аткаруу.
Башкаруу панелине киргизилген индикаторлорунун тизмеси "Манас таа-
лими" программасын ишке ашырууда толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн.
7.3. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн маалымат чогултуу
ДБ каржылаган "Саламаттык сактоону реформалоо-2" долбоорун ишке
ашырууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги СССТД ме-
нен биргеликте иштеп чыккан индикаторлор негиз болуп берет.
Индикаторлор РММБ чогулткан медициналык-статистикалык маалыматтар-
га негизделет. Саламаттык сактоону каржылоо боюнча индикаторлор ММК
фондунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин фи-
нансылык отчеттуулук жана маалымат базасынын негизинде түзүлөт, анын
ичинде тышкы финансылык жардам жөнүндө маалымат камтылат.
7.4. Баалоо
Индикаторлорду талдоо жана баалоо Саламаттык сактоону өнүктүрүү
борборунда жүргүзүлөт, ал жерде СССТДнын иши институтташтырылат. Жалпы-
ланган маалымат өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине, ошондой эле саламаттык сактоо
боюнча саммиттерди өткөрүү учурунда донорлорго берилет.
Калкка реформалардын таасирин баалоо үчүн көп изилдөөлөрдү
жүргүзүү керек, алардын кыйласы эки жылда бир жолу УСК жүргүзгөн үй
чарбаларды текшерүүдө саламаттык сактоо боюнча өз алдынча модуль болуп
киргизилиши мүмкүн.
"Манас таалими" программасын ишке ашырууну баалоо үчүн кошумча
изилдөөлөр саламаттык сактоо реформасынын жүрүшүндө жүргүзүлүшү мүмкүн,
изилдөөлөрдүн темасы саламаттык сактоо боюнча саммиттерде аныкталат.
Эскертүү:
(1) БМСЖны жана ден соолукту чыњдоо кыэматын облустук дењгээлде
интеграциялоо болгон, Чүй облусун кошпогондо.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 10
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2006-жылдын 16-февралындагы №100 Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасы…Постановление · 16.02.2006 · № 100
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндөЗакон · 13.08.2005 · № 149 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 116 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 24-майындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук…Постановление · 24.05.2012 · № 309 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (10)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы №184 токтому менен бекитилген "Саламаттык сактоонун бюджетин программалык негизде түзүү жана аткаруу" ТартибиПравила · 21.05.2012 · № 184
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 3-февралындагы №82 "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган…Постановление · 03.02.2012 · № 82
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 2-сентябры № 489 ("Объекттерди Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчиктерине өткөрүп берүү…Постановление · 02.09.2008 · № 489
- Национальная Программа "Иммунопрофилактика" на 2006-2010 годы (Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 22 мая 2006 года № 369)Программа · 22.05.2006 · № 369 · Күчүн жоготкон
- КР Окмотунун токтому 2008-жылдын 13-июну № 300 " Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө".Постановление · 13.06.2008 · № 300 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга карата АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча Мамлекеттик Программа" (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 867…Программа · 29.12.2012 · № 867 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар…Постановление · 24.08.2007 · № 363 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-январындагы № 11 " Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга Мамлекеттик дары-дармек саясаты жөнүндө"токтомуПостановление · 12.01.2007 · № 11 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги №192 " Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик…Постановление · 29.04.2008 · № 192 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы №184 "Саламаттык сактоону программалык негизде каржылоо жөнүндө" токтомуПостановление · 21.05.2007 · № 184 · Күчүн жоготкон