Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-01-12.
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 17-августу № 136 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 900-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын;
"мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жугузган балдардын ата-энелерине акчалай компенсацияны төлөөгө;";
2) 11-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле ВИЧ/СПИД жугузган күнгө карата 18 жашка толо элек балдардын ата-энелерине (ата-энелерин алмаштырган адамдарга) мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуккан учурда бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Бир жолку акчалай компенсацияны төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн төмөн болушу мүмкүн эмес.".
2-берене. Ушул Мыйзамдын 1-статьясынын 2-пунктунун жоболору 2005-жылдын 23-августунан тартып ВИЧ/СПИД жугузганы табылган күнгө карата жашы жете элек балдарга карата жайылтылат.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
2020-жылдын 24-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
- Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндөЗакон · 13.08.2005 · № 149 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
- Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндөЗакон · 13.08.2005 · № 149 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.