9-статья. ВИЧке медициналык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 сентября 2021 года № 119
ВИЧке медициналык текшерүү мамлекеттик, муниципалдык же жеке саламаттык сактоо мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү лицензиянын негизинде жүргүзүлөт. 14 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчтөрү боюнча жүргүзүлөт. 14 жаштан 18 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте баланын жазуу жүзүндөгү же оозеки өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Мында баланын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу талап кылынбайт. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жактарды медициналык текшерүү алардын медициналык текшерүү жүргүзүүдө катышууга укугу болгон мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча же жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт. 18 жашка чейинки жактарга психосоциалдык жактан кеңеш берүү баланын макулдугу менен чакырылуучу балдар психологунун, ата-эненин же мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт. ВИЧке медициналык текшерүүнү өткөргөн учурда аны кандайдыр бир мажбурлоо, текшерүүдөн өтүп жаткан адамдын макулдугусуз же ага күч колдонуп, психологиялык жана моралдык жактан кысым көрсөтүп, ошондой эле текшерүүдөн өтүп жаткан адамдын көзкаранды абалынан пайдалануу менен жүргүзүүгө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын талаптары боюнча аларда ВИЧ/СПИДдин бар же жок экендиги жөнүндө ВИЧке медициналык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча расмий медициналык корутундуларды берүү мыйзамда белгиленген тартипте лицензиясы бар жана аккредиттелген саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан жүргүзүлөт. Тигил же бул адамдын иммуножетишсиздик вирусуна чалдыккандыгы же анын ВИЧ-инфекциясы менен ооругандыгы жөнүндө маалыматтар мыйзам менен корголуучу кызматтык сырды түзөт. Кыргыз Республикасынын аймагында дипломатиялык колтийбестиктен жана артыкчылыктардан пайдаланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кыматкерлерин адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуусун текшерүү алар кайрылган учурда гана жүргүзүлүшү мүмкүн. ВИЧке медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн, ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды эсепке алуунун жана медициналык көзөмөлдөөнүн эрежеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. (КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 сентября 2021 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ВИЧ/СПИДе в Кыргызской Республике", "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
15.09.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…белгиленген тартипте берилүүчү лицензиянын негизинде жүргүзүлөт.
алынып салынды: Мыйзам менен кошулду: 14 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчтөрү боюнча жүргүзүлөт. 14 жаштан 18 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте баланын жазуу жүзүндөгү же оозеки өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Мында баланын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу талап кылынбайт. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп алынып салынды: табылган жана 18 жашка чейинки балдарды кошулду: таанылган жактарды медициналык алынып салынды: текшерүүдөн өткөрүү кошулду: текшерүү алардын медициналык алынып салынды: текшерүүдөн өтүшүнө кошулду: текшерүү жүргүзүүдө катышууга алынып салынды: укуктуу кошулду: укугу болгон мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү алынып салынды: өтүнүчтөрү кошулду: өтүнүчү боюнча же жазуу жүзүндөгү макулдугу алынып салынды: боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
кошулду: менен жүргүзүлөт.
18 жашка чейинки алынып салынды: балдарга кошулду: жактарга психосоциалдык жактан кеңеш берүү баланын макулдугу менен чакырылуучу … эрежеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
кошулду: (КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1747/st-9" title="9-статья - Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>