Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 3-апрели № 78 Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1- берене
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., №6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 96-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча юридикалык жакты жоюу жөнүндө талап мындай талап коюу укугу мыйзамда же ушул Кодексте берилген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан сотко берилиши мүмкүн. Юридикалык жак тарабынан бир жылдын ичинде салык органына отчет берилбеген учурда, салык органы аны мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу. Соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө чечими каттоочу органдын ишти токтотууну каттоо жөнүндө буйругунун чыгарылышы үчүн негиз болуп саналат. Юридикалык жакты жоюу жөнүндө соттун чечими менен анын уюштуруучуларына (катышуучуларына) же болбосо анын уюштуруу документтери менен юридикалык жакты жоюуга ыйгарым укук берилген органга юридикалык жакты жоюуну жүзөгө ашыруу боюнча милдеттер жүктөлүшү мүмкүн. Ушул Кодекстин ушул статьясынын 2 жана 3-пункттарынын жана 97, 98-статьяларынын талаптары банкроттук процессинде юридикалык жактарды жоюуга карата колдонулбайт.";
2) 97-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимди юридикалык жактын үчүнчү жактардын алдында милдеттенмелери, анын ичинде кепилдик милдеттенмелери жок болгон учурда гана кабыл алышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарынын жана (же) Социалдык фондунун органдарынын арыздары боюнча юридикалык жактарды жоюуда жоюу балансын түзүү жана бекитүү талап кылынбайт.".
2- берене
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 46-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 65-пункт менен толукталсын:
"65) өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык;";
2) 47-берененин 11-пункту "мүлкүнө" деген сөздөн кийин ", ЭЭЗнин аймагында жайгашкан мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
3) 48-берененин 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3- берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, №122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 238-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"238-берене. Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо
Жасалма акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын (маркалоо коддорун) сатуу максатында даярдоо, ага тете сатуу максатында сактоо же болбосо жасалма акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын ири өлчөмдө же болбосо алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан сатуу же пайдалануу - 1 000ден 2 000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде ири өлчөм деп беш жүз же андан ашык жасалма акциздик маркалар жана/же идентификациялоо каражаттары таанылат.";
2) 239-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "239-берене. Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркаларсыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз жүгүртүү";
б) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон ири өлчөмдө
жасалган продукцияны акциздик маркаларсыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз өндүрүү, сактоо, импорттоо же сатып өткөрүү, ага тете идентификациялоо каражаттарын кол-донуунун белгиленген тартибин жана/же эрежелерин бузуу -".
3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2401-берене менен то-лукталсын:
"2401-берене. Пломбаны жулуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Евразия эко-номикалык бирлигинин укугунда каралган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, уюмдардын кызматкерле-ри, жеке жактар тарабынан атайын эн тамга коюу каражатта-рынын (пломбаларынын) алып салынышын кошпогондо, то-варларды (жүктү) ташып өтүүдө, анын ичинде товарды (жүктү) импортоодо ыйгарым укуктуу органдар же уюмдар тарабынан белгиленүүчү атайын эн тамга коюунун башка каражаттары-нын контролдук пломбаларын өзү билемдик менен жулуп са-луу же бузуп алуу - 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга алып келет.".
4-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, №122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-беренеде:
а) 3-бөлүктүн биринчи абзацында "Жеке жактарга" деген сөз-дөр "Өлчөмү 5 эсептик көрсөткүчтөн кем болбогон, ушул Кодекстин 318-беренесинде каралган укук бузуулар үчүн салынган айып пулдарды кошпогондо, жеке жактарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "318-беренесинде" деген сөздөр "318 жана 3091-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3091 жана 3092-беренелер менен толукталсын:
"3091-берене. Өзгөчө режимдеги соода зонасынын статусуна ээ болгон соода рынокторуна коюлуучу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу
Өзгөчө режимдеги соода зонасынын статусуна ээ болгон соода рынокторуна коюлуучу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу - юридикалык жактарга 10 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3092-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык эсеп-фактураларды колдонбоо
Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында эсеп-фактураны тариздөө же алуу милдеттүү тартипте белгиленген учурларда, эсеп-фактураны колдонбоо, ага тете товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсеп-фактураны тариздебестен жана албастан сатып алуу - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
3) 311-берененин биринчи абзацы "транспорт каражаттарын" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укуктарына ылайык таризделүүгө тийиш болгон" деген сөздөр менен толукталсын;
4) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3111-берене менен толукталсын:
"3111-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында коштомо документтерсиз товарлардын ордун которуу
1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык таризделүүгө тийиш болгон товарлардын Кыргыз Республикасынын аймагында коштомо документтерсиз ордун которуу -
жеке жактарга жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кай-таланып жасалса, -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде бир жолу-дан ашык кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
5) 312-314-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"312-берене. Мурда колдонулган тиешелүү идентификациялоо каражаттарын же акциздик маркаларды кайра колдонуу
Мурда колдонулган тиешелүү идентификациялоо каражаттарын же акциздик маркаларды кайра колдонуу - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
313- берене. Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарларды маркалоо каражаттарын товарга жана/же таңгагына чаптабастан өндүрүү, импорт-тоо жана сатып өткөрүү
Маркаланууга тийиш болгон товарларды акциздик маркаларды же идентификациялоо каражаттарын товарга жана/ же таңгагына чаптабастан өндүрүү, импорттоо, ташып келүү, сактоо жана сатуу, ага тете идентификациялоо каражаттарын пайдалануунун белгиленген тартибин, жана/же эрежелерин бузуу, эгерде мындай укук бузуу кылмыштын белгилерин камтыбаса, - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
314- берене. Товарларды маркалоо каражаттарын жасалмалоо
Пайдалануу максатында акциздик маркаларды же товарларды идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо, ага тете аларды сатуу максатында сактоо же сатуу - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
6) 316-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "316-берене. Товарларды, анын ичинде мунай заттарын жүгүртүү тартибин бузуу
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана/же ЕАЭБдин укуктарында белгиленген товарларды жүгүртүү тартибин, анын ичинде мунай заттарын ташып келүү, сактоо, өндүрүү жана сатуу тартибин бузуу - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
7) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3161-берене менен толукталсын:
"3161-берене. Маркалануучу товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук тутумунун операторуна маалыматтарды бербөөсү жана/же маалыматтарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуусу
Эгерде, көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укуктарына ылайык милдеттүү болуп саналса, маркалануучу товарларды жүгүртүүнүн катышуучусунун маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук тутумунун операторуна маалыматтарды бербөөсү жана/же маалыматтарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуусу - жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
8) 318-беренеде:
а) 1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баян-далсын:
"жеке жактарга жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 41 жана 42-бөлүктөр менен толукталсын:
"41. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалса, - жеке жактарга 5 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
42. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде бир жолудан ашык кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
9) 321-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "321-берене. Бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалануу
1. Бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалануу
- жеке жактарга жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 5 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде бир жолудан ашык кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
10) 324-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 354-берененин аталышында жана биринчи абзацында "жана төлөмдөрдү төлөө" деген сөздөр "жана/же төлөмдөрдү төлөө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 434-беренеде:
а) биринчи абзацында "Ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "1. Ыйгарым укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалса, - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
13) 470-беренеде "308, 309, 311-316, 318-324-беренелер" деген сөздөр "308, 309-3092, 311-3161, 318-323-беренелерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 563-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Ушул Кодекстин 3091, 310, 312-316-беренелерин, 318-берененин 5 жана 6-бөлүктөрүн, 320, 323 жана 325-беренелерди кошпогондо, 34-главасында, 354-беренесинде каралган укук бузуулар үчүн айып пулдар төлөнгөн учурда, айып пул салуу жөнүндө токтом алынган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде айып пулдардын өлчөмдөрү 70 пайызга азайтылат. Ушул бөлүктүн жоболору, эгерде укук бузууну жасаган адамдын айып пул салуу жөнүндө токтом чыгарылган учурга карата салык карызы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча карызы жок болгон учурда гана колдонулат. Эгерде адам календардык жылдын ичинде ушул укук бузууларды жасагандыгы үчүн эки жолудан ашык тартылса, ушул бөлүктө каралган укук бузууларды жасагандыгы үчүн салынган айып пулдарды азайтууга жол берилбейт.".
Документтин уландысы
Көрсөтүлгөн беренелер: 5 ичинен 2. Калгандары, «5-берене» баштап «461-статья» чейин, өз барактарында ачылат:
Браузерде документтин толук тексти автоматтык түрдө жүктөлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 18 · цитата келтиргендер: 24 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (24)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндөЗакон · 30.06.2022 · № 50
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Ломбарддардын иши жөнүндөЗакон · 22.06.2016 · № 87
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 11.08.2022 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндөЗакон · 06.04.1999 · № 35
- Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 135
- Барпы айылдык кеңешинин 2025-жылынын 24-январындагы №2/3 “Мүлк салыгынын ставкасын бектиүү жөнүндө” токтомуПостановление · 24.01.2025 · № 2/3
- Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин 2023-жылдын 5-июнундагы № 01-3/4 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, 2022-жылдын 18- январында №4…Постановление · 05.06.2023 · № 01-3/4
- Чолпонбай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы № 7 "КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.02.2024 · № 7
- Шекер айылдык аймактык кеңешинин 2023-жылдын 1-июну № 9 "Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2023 · № 9
- Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, 2022-жылдын 18-январында…Постановление · 28.02.2025 · № 27
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери…Закон · 23.12.2019 · № 145
24 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (18)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөЗакон · 06.06.2023 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Ломбарддардын иши жөнүндөЗакон · 22.06.2016 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 135
- Банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 11.08.2022 · № 93
- Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндөЗакон · 30.06.2022 · № 50
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери…Закон · 23.12.2019 · № 145
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине Караштуу Мамлекеттик Салык Кызматынын 2023-жылдын 16-октябрындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу…Приказ · 16.10.2023 · № 277
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндөЗакон · 25.02.2010 · № 36
- Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндөЗакон · 04.12.2020 · № 5