Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
3092-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык эсеп-фактураларды колдонбоо
Күчүндө · 03.04.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында эсеп-фактураны тариздөө же алуу милдеттүү тартипте белгиленген учурларда, эсеп-фактураны колдонбоо, ага тете товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсеп-фактураны тариздебестен жана албастан сатып алуу - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
3) 311-берененин биринчи абзацы "транспорт каражаттарын" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укуктарына ылайык таризделүүгө тийиш болгон" деген сөздөр менен толукталсын;
4) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3111-берене менен толукталсын:
"3111-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында коштомо документтерсиз товарлардын ордун которуу
1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык таризделүүгө тийиш болгон товарлардын Кыргыз Республикасынын аймагында коштомо документтерсиз ордун которуу -
жеке жактарга жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кай-таланып жасалса, -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде бир жолу-дан ашык кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
5) 312-314-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"312-берене. Мурда колдонулган тиешелүү идентификациялоо каражаттарын же акциздик маркаларды кайра колдонуу
Мурда колдонулган тиешелүү идентификациялоо каражаттарын же акциздик маркаларды кайра колдонуу - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
313- берене. Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарларды маркалоо каражаттарын товарга жана/же таңгагына чаптабастан өндүрүү, импорт-тоо жана сатып өткөрүү
Маркаланууга тийиш болгон товарларды акциздик маркаларды же идентификациялоо каражаттарын товарга жана/ же таңгагына чаптабастан өндүрүү, импорттоо, ташып келүү, сактоо жана сатуу, ага тете идентификациялоо каражаттарын пайдалануунун белгиленген тартибин, жана/же эрежелерин бузуу, эгерде мындай укук бузуу кылмыштын белгилерин камтыбаса, - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
314- берене. Товарларды маркалоо каражаттарын жасалмалоо
Пайдалануу максатында акциздик маркаларды же товарларды идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо, ага тете аларды сатуу максатында сактоо же сатуу - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
6) 316-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "316-берене. Товарларды, анын ичинде мунай заттарын жүгүртүү тартибин бузуу
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана/же ЕАЭБдин укуктарында белгиленген товарларды жүгүртүү тартибин, анын ичинде мунай заттарын ташып келүү, сактоо, өндүрүү жана сатуу тартибин бузуу - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
7) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3161-берене менен толукталсын:
"3161-берене. Маркалануучу товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук тутумунун операторуна маалыматтарды бербөөсү жана/же маалыматтарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуусу
Эгерде, көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укуктарына ылайык милдеттүү болуп саналса, маркалануучу товарларды жүгүртүүнүн катышуучусунун маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук тутумунун операторуна маалыматтарды бербөөсү жана/же маалыматтарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуусу - жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
8) 318-беренеде:
а) 1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баян-далсын:
"жеке жактарга жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 41 жана 42-бөлүктөр менен толукталсын:
"41. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалса, - жеке жактарга 5 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
42. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде бир жолудан ашык кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
9) 321-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "321-берене. Бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалануу
1. Бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалануу
- жеке жактарга жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 5 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде бир жолудан ашык кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
10) 324-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 354-берененин аталышында жана биринчи абзацында "жана төлөмдөрдү төлөө" деген сөздөр "жана/же төлөмдөрдү төлөө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 434-беренеде:
а) биринчи абзацында "Ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "1. Ыйгарым укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалса, - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
13) 470-беренеде "308, 309, 311-316, 318-324-беренелер" деген сөздөр "308, 309-3092, 311-3161, 318-323-беренелерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 563-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Ушул Кодекстин 3091, 310, 312-316-беренелерин, 318-берененин 5 жана 6-бөлүктөрүн, 320, 323 жана 325-беренелерди кошпогондо, 34-главасында, 354-беренесинде каралган укук бузуулар үчүн айып пулдар төлөнгөн учурда, айып пул салуу жөнүндө токтом алынган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде айып пулдардын өлчөмдөрү 70 пайызга азайтылат. Ушул бөлүктүн жоболору, эгерде укук бузууну жасаган адамдын айып пул салуу жөнүндө токтом чыгарылган учурга карата салык карызы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча карызы жок болгон учурда гана колдонулат. Эгерде адам календардык жылдын ичинде ушул укук бузууларды жасагандыгы үчүн эки жолудан ашык тартылса, ушул бөлүктө каралган укук бузууларды жасагандыгы үчүн салынган айып пулдарды азайтууга жол берилбейт.".
Берененин тексти 03.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112552/st-3092" title="3092-берене - Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>