Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
461-статья
Күчүндө · 03.04.2023 редакциясы
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын: "Салыктык талаш-тартыштарды чечүү үчүн бейтарап териштирүү талаш-тартыштын бир тарабы бейтарап териштирүү жөнүндө арыз берген күнгө чейин 60 айдан кем эмес мезгилдин ичинде тараптардын бири дайыма иштөөчү бейтарап сот жүзөгө ашырылат.".
10- берене
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., №5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 21-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы "тарифтери" деген сөздөн кийин "2027-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 6-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Тандалган салык режимине карабастан жеке ишкерлер жана жеке жактар үчүн (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлерден, юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзүүчү, берилген лицензиялардын негизинде иштөөчү, ошондой эле гонорар (сый акы) алуучу же лотоктордо, соода орундарында товарды сатып өткөрүү жолу менен базарларда иш жүргүзүүчү жеке жактарды кошпогондо) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт: Пенсиялык фондго - 89,75 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 па-йыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
б) 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-пунктта:
- биринчи абзац "текстиль жана тигүү өндүрүшүндө алектенген жалданган кызматкерлерин" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8 жана 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлерди" деген сөздөр менен толукталсын.";
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү - жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8 жана 13-бөлүк-төрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери орточо айлык эмгек акынын 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8,75 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.";
3) 71-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "71-статья. Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттеринин кызматкерлери жана жеке жактары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары";
б) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку технологиялар паркынын жана анын дирекциясынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттеринин кызматкерлери, Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери - жеке жактар (имараттарды, орун жайларды, жер участокторун тейлөө-нү жана кайтарууну жүзөгө ашыруучу кызматкерлерден тышкары), пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.";
4) 9-статьянын 6-пунктунда:
а) "а" пунктчасынын биринчи абзацында "6-статьянын 1-пунктуна," деген сөздөр "6-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацы-на," деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) "б" пунктчасынын биринчи абзацында "2" деген цифра "1" деген цифрага алмаштырылсын;
5) 11-статьянын 5-пункту "Жогорку технологиялар паркынын" жана "Жогорку технологиялар паркы" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "жана Креативдүү индустриялар паркынын" жана "жана Креативдүү индустриялар паркы" деген сөздөр менен толукталсын.
6) 13-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул пункттун күчү уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан юридикалык жактар тарабынан жалданган, тизмеги Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган кенже тейлөөчү персоналына, ошондой эле төмөндөгү ишканалар менен уюмдарга жайылтылбайт:";
7) 141-статьяда "2" деген цифра "1" деген цифрага алмаштырылсын.
11- берене
"Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июнундагы №87 Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., №6, 506-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 8-пунктунда "мыйзамдарда белгиленген тартипте салык органында катталган," деген сөздөр "кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдө түзүлүүчү жана берилүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3 жана 4-беренелерде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Күрөө билетинин формасы, аны түзүүнүн жана зайымчыга берүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
4) 15-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12- берене
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 23-декабрындагы №145 Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., №12, 708-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 4-берененин экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
13- берене
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, №4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 4-беренеде:
а) 2-пунктта "(мамлекеттик карызды кайра каржылоо үчүн чы-гарылган)" деген сөздөр алып салынсын;
б) 8-пунктта "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-январына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 10 жана 11-пункттар ме-нен толукталсын:
"10) 2008-жылдын 17-октябрындагы №230 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган тартипте 2021-жылдын 31-декабрына чейин салык төлөөчүгө тапшырылган, салык төлөөчү тарабынан аткарылбаган жана даттанылбаган, салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктык карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө чечим салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын аткарууну камсыз кылуу жөнүндө билдирүү катары таанылат;
11) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга же болбосо ушул салык салуу тутумунан чыгууга ниеттенген салык төлөөчү учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органына 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилде салык салуунун башка режимине өтүү тууралуу арыз берүүгө укуктуу. Тандалган салык режими боюнча салыктарды төлөө салык төлөөчү тарабынан арыз берилген айдан кийинки айдын 1инен тартып жүзөгө ашырылат.
Ушул пунктка ылайык бирдиктүү салык төлөөчү катары эсептен чыгарылган салык төлөөчү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунан өз ыктыяры менен чыккан салык төлөөчү болуп таанылат.".
14- берене
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 5-июлу, №58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин он экинчи абзацында "оюн-зоок жайы" деген сөздөр ", казинодо жайгашкан оюн-зоок орун жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 6-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пунктта "80 000", "40 000" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "100 000", "50 000" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 13-беренеде:
а) 2-бөлүктө "жеке менчик ресторанда, мейманкана комплек-синде" деген сөздөр "рестораны бар мейманкана комплексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө "өзүнчө жайда (имаратта)" деген сөздөр "казинонун өзүнчө жайында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 14-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "отуздан" деген сөз "алтымыштан" деген сөзгө алмаштырылсын.
15- берене
"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, №72-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 67-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда "ыйгарым укуктуу мамлекеттик салык органына" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 68-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте ыйгарым укуктуу салык органына берилүүчү банктык сырды түзүүчү маалыматка жайылтылбайт.".
16- берене
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы №106 Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-ноябры, №100-101) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 711-берене менен толукталсын: "711-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун кароо
1. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кезектеги календардык жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
2. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлоруна кезектеги календардык жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен коомдук талкуулоо жол-жобосу жүргүзүлүүгө жана Министрлер Кабинетинин корутундусу алынууга тийиш.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда пакеттик түрдө каралат.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жана Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда жактырылган мыйзам долбоорлору экинчи окууда бир мыйзам долбооруна бириктирилет, ал андан ары ушул Регламентте жалпы белгиленген тартипте каралат.
5. Салык кодексинин 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык чечим кабыл алынган, ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон, салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон карама-каршылыктарды жоюу же ченемдер жок болгон учурларда иштелип чыккан мыйзам долбоорлору ушул Регламентте жалпы белгиленген тартипте каралат.".
17- берене
2022-жылдын 1-ноябрына карата түзүлгөн салык калдыгынын суммасы, ошондой эле Баткен облусунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан бекитилген Баткен жана Ош облустарын-дагы Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда куралдуу чыр-чатактын натыйжасында жабыр тарткандардын тизмесине киргизилген субъекттердин ушул Мыйзам кабыл алынган датага карата түзүлгөн пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын суммалары эсептен чыгарылсын.
18- берене
1. Ушул Мыйзам, төмөнкүлөрдү кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет:
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 27(3476) жарыяланды
1) ушул Мыйзамдын 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 5-беренесинин 15-пунктунун "б" пунктчасын, 42-пунктун, 71-пунктунун "д" пунктчасын, 77-пунктун, 78-пунк-тунун "в", "д" пунктчаларын, 84-пунктун, 86-88-пункттарын, 90, 91-пункттарын, 104-пунктунун "б" пунктчасын, 108-пунктун, 134-пунктунун он үчүнчү абзацын;
2) ушул Мыйзамдын 2022-жылдын 29-июнунан тартып күчүнө кире турган 5-беренесинин 155, 156-пункттарын;
3) ушул Мыйзамдын 2022-жылдын 21-июлунан тартып күчүнө кире турган 5-беренесинин 159-пунктун;
4) ушул Мыйзамдын 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кире турган 14-беренесинин бешинчи, алтынчы абзацтарын;
5) ушул Мыйзамдын 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 5-беренесинин 137-пунктун жана 149-пунктунун отуз бешинчи абзацын;
6) ушул Мыйзамдын 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 4-беренесинин 4-пунктун;
7) ушул Мыйзамдын 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 5-беренесинин 78-пунктунун "а" пунктчасын;
8) "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 18-пунктунун "а" пунктчасын, 26, 40-пункттарын, 41-пунктунун "б" пунктчасын, 79-пунктунун "б" пунктчасын, 80-пунктунун "б" пунктчасын.
Эскертүү: Ушул Мыйзамга мамлекеттик тилдеги өзгөртүүлөр жана толуктоолор текст боюнча расмий тилден айырмачылыктар бар (18-статьянын 4-пунктунда)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н.Жапаров
2023-жылдын 16-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Берененин тексти 03.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Ломбарддардын иши жөнүндөЗакон · 22.06.2016 · № 87
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери…Закон · 23.12.2019 · № 145
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112552/st-461" title="461-статья - Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>