Барпы айылдык кеңешинин “Мүлк салыгынын ставкасын бектиүү жөнүндө” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БАРПЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II сессиясынын
2025-жыл 24-январындагы №2/3
Мүлк салыгынын ставкасын бектиүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексин жана Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги №78 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамын жетекчилике алып, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Сузак району боюнча башкармалыгынын 17.01.2025-жыл №01-09/25 сандуу каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги №78 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын редакциясына ылайык, Барпы айыл аймагындагы, турак-жай имраттар үчүн салыктын ставкасы 50 (элүү) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2. Турак-жай имараттар үчүн бекитилген салыктын ставкасы боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана салык жыйноодо мыйзамдын талаптарына ылайык иш алып барууну Барпы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү мыйзамдуулук, этика, укук маселелер жана мамлекеттик бийлик жана ѳз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен ѳз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А.Апсаламовго милдеттендирилсин
Төрага
У.А. Абдыкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.