Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
464-берене. Салыктык милдеттенмени аткаруу жана салыктык отчет
Күчүндө · 03.04.2023 редакциясы
1. Салык боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу ай сайын ар бир айдын 1-күнүнөн кечиктирбестен бирдей үлүштөр менен жүзөгө ашырылат.
2. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.
3. Салыктын суммасын эсептөө боюнча милдет ушул Кодекстин 459-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчүнүн арызынын негизинде өзгөчө режимдеги соода зонасы жайгашкан жери боюнча салык органына жүктөлөт.
4. Эгерде салык төлөөчү ушул Кодекстин 459-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн арызды бербесе, салык органы учурдагы календардык жылдын калган күндөрүнө салыкты ушул Кодекстин 462-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн формула боюнча түшкөн акчанын мурда билдирилген көлөмүнө ылайык салыктын ставкасынан кийинки салыктын ставкасын колдонуу менен эсептөөгө укуктуу.
5. Салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын ушул Кодекстин 106-беренесинде белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
6- берене
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., №7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 26-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2021-жылдын 1-апрелине чейинки отчеттук мезгил үчүн эсептешүү ведомостторунун белгиленген мөөнөтүнө карата календардык жыл ичинде эки жолудан ашык бербегенде (же кечик-тиргенде) - кийин кайра эсептөө менен мурдагы отчеттук мезгилде түзүлгөн төлөмдөрдүн суммасынын 25 пайызы өлчөмүндөгү айып пул;"
7- берене
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., №2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 11-берененин он алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
8- берене
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., №8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Атайын наам Эгерде ушул статьяда башкасы каралбаса, атайын наам - бул Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, жаза аткаруу тутумунун, бажы жана салык кызматтарынын ар бир аттестацияланган кызматкерине анын кызматтык абалына, иш тажрыйбасына, жалпы билимине, кызматынын мөөнөтүнө жана жеке сиңирген эмгегине ылайык жекече ыйгарылуучу наам. Ушул статьянын кызматкерлерди аттестациялоо бөлүгүндөгү ченемдери салык кызматынын органдарынын кызматкерлерине карата колдонулбайт.".
9- берене
"Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., №10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Берененин тексти 03.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112552/st-464" title="464-берене - Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>