Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, „Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө“, „Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 23-декабры № 145 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене
1-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 21-статья менен толукталсын:
"21-статья. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери
1. Жалданма кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан көбүрөөк болгон тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:
а) иш берүүчүлөр үчүн иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданма кызматкерлердин, анын ичинде I жана II топтогу майып-кызматкерлердин, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 0,85 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,15 пайыз;
б) пенсионер-кызматкерлерди, I жана II топтогу майып-кызматкерлерди кошпогондо, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка жалданган кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 10 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз; ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;
в) пенсионер-кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;
г) I жана II топтогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө Пенсиялык фондго.
2. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
2) 9-статьяда:
а) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктчасы менен толукталсын:
"г) 21-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 0,85 пайыз.";
б) 2-пунктта:
"а" пунктчасынын биринчи абзацында "жана 8-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр ", 8-статьянын 2-пунктуна жана 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын; "б" пунктчасынын биринчи абзацында "4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөр "4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына жана 21-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-пунктунун "а" пунктчасынын биринчи абзацында "жана 8-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр ", 8-статьянын 2-пунктуна жана 2-1-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-пунктунун "а" пунктчасынын биринчи абзацында "жана 8-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр ", 8-статьянын 2-пунктуна жана 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 13-статьясынын 3-пунктунун биринчи абзацы "2," деген цифрадан кийин "21," деген цифралар менен толукталсын.
3-берене. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 26-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "эмгек акынын (кирешенин) суммасы төмөндөтүлгөндө, жашырылганда - төлөмдөрдүн төмөндөтүлгөн, жашырылган суммасынын эки эселенген өлчөмүндө айып акы, ал эми жыл ичинде кайталап бузганда - төрт эселенген өлчөмдө айып акы;".
4-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 107(3070) жарыяланды (Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
2019-жылдын 20-ноябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 23 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (23)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 3260-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-2020-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.09.2019 · № 3260-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 4-сентябрындагы № 3220-VI "2019-жылдын сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2019 · № 3220-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 31-октябрындагы № 3321-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 31-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.10.2019 · № 3321-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2022-жылдын 3-мартындагы № 99-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2022 · № 99-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 23-декабрындагы № 4278-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 23-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2020 · № 4278-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-ноябрындагы № 3355-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.11.2019 · № 3355-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы № 4131-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы жыйынынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.10.2020 · № 4131-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 16-майындагы № 3051-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 16-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2019 · № 3051-VI
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.04.2023 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 16-майындагы № 3054-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык…Постановление · 16.05.2019 · № 3054-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 31-октябрындагы № 3327-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык…Постановление · 31.10.2019 · № 3327-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-ноябрындагы № 3358-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык…Постановление · 20.11.2019 · № 3358-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 3-мартындагы № 106-VII ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык…Постановление · 03.03.2022 · № 106-VII
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 11
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 04-ноябрындагы № 4145-VI «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Мамлекеттик соииалдык…Постановление · 04.11.2020 · № 4145-VI
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы №309-т (2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун…Распоряжение · 03.12.2021 · № 309-р · Күчүн жоготкон
23 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (5)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.04.2023 · № 78
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон