Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине Караштуу Мамлекеттик Салык Кызматынын «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ 2023-жылдын 16-октябры № 277 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы №293 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (мындан ары – тизме) ушул буйрукка тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү;
- ушул буйрук 2023-жылдын 3-мартындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобосунун 16-пунктуна ылайык каттоого алсын;
- ушул буйрукту Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарларына, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерине, аймактык башкармалыктарынын жетекчилерине жеткирсин.
3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүпберилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобосунун 17-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомунун 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жарыяланган датасын белгилөө менен жарыяласын.
4. Өздүк коопсуздук башкармалыгы:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
5. Персонал менен иштөө башкармалыгы кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана коррупциянын келип чыгуу коркунучун азайтуу максатында, мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо планын түзсүн.
6. Төраганын орун басарлары кураторлук кылган түзүмдүк бөлүктөр тарабынан ушул буйруктун аткарылышын контролго алышсын.
7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2020-жылдын 7-февралындагы №45 жана 2020-жылдын 9-июнундагы №165 буйруктары күчүн жоготту деп табылсын.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
9. Ушул буйрук расмий жарыяланган учурдан тартып 7 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А.К.Абдувапов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 78
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
Байланышкан документтер (78)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- КР Граждандык Кодекси II бөлүгүКодекс · 05.01.1998 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 207
- Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды…Закон · 28.02.2023 · № 44
- Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 06.08.2018 · № 88
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.04.2023 · № 78
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө)Закон · 22.05.2015 · № 115
- Майыптык маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 08.06.2017 · № 100
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 27.11.1999 · № 131
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 22.06.2002 · № 109
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз…Закон · 23.07.2016 · № 133
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына…Закон · 04.07.2022 · № 56
- О введении в действие части первой Гражданского кодекса Кыргызской РеспубликиЗакон · 08.05.1996 · № 16
- Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 05.08.2022 · № 81
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар…Закон · 24.03.2021 · № 42
- Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алыиышына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 06.06.2022 · № 41
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 17.07.2009 · № 233
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.08.2013 · № 186
- Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 109
78 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.