Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
423-берене. Салыктын ставкалары
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 57-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык төлөөчү иштин түрлөрүнө жараша ставкалар боюнча салыкты төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөйт:
1) төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылуучу соода иши үчүн:
а) өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында иш жүргүзгөн субъектти, импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду, ошондой эле дары каражаттарын, медициналык буюмдарды сатуучу жана ишин Кыргыз Республикасынан аймагынан тышкары жүзөгө ашыруучу субъектти кошпогондо, катары менен келген акыркы 12 ай үчүн түшкөн акчасынын көлөмү 50 000 000 сомго чейин болгон субъект 0,5 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.
Ушул пункт, майлоочу майларды жана башка майларды сатууну кошпогондо, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды сатууга жайылтылбайт;
б) ушул пункттун "а" пунктчасында көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан:
- накталай формада - 4 пайыз;
- накталай эмес формада - 2 пайыз;
- (абзац КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2) айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, товарларды өндүрүү чөйрөлөрү, туроператордук иштер, эсептөө техникалары жаатында программалык камсыз кылууну иштеп чыгуулар, ошондой эле турагенттик иш үчүн:
а) накталай формада - 4 пайыз;
б) накталай эмес формада - 2 пайыз;
3) иштин калган түрлөрү үчүн:
а) накталай формада - 6 пайыз;
б) накталай эмес формада - 4 пайыз.
11. (КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. ЭЭЗдин субъектин кошпогондо, ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъект үчүн салыктын базалык ставкасы 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Товарлардын айрым түрлөрүнө карата салыктын ставкасы Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген базалык ставканын өлчөмүнүн чегинде өзгөрүшү мүмкүн. 2-1) Айыл чарбасындагы даярдоочулар бул ишке карата 0,5 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт. Айыл чарбасындагы сүт даярдоочулар бул ишке карата 0,25 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.
22. ЭЭЗ субъектиси ушул Кодекстин 430-беренесинин 51-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишке карата төмөнкүдөй өлчөмдө салык төлөйт:
а) жарым-жартылай кайра иштетилген товарларды ташып чыгууда - 1 пайыз;
б) товарларды өзгөртүлбөгөн түрдө ташып чыгууда - 3 пайыз.";
3. Төмөнкүдөй субъект 0,25 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт:
1) тигүү жана/же текстиль өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу;
2) зер буюмдарын өндүрүүнү жана/же сатууну жүзөгө ашыруучу.
4. Лотереялык иш жүргүзүүчү жана бильярд кызматын көрсөтүүчү субъект 8 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.
41. Сауна жана мончо кызматтарын көрсөтүүчү субъект 5 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.
42. Кайрадан курулган турак жана турак эмес жайларды сатууну жүзөгө ашыруучу субъект бул ишке карата 4 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.
5. Коомдук тамактануу субъекти бул ишке карата төмөнкүдөй өлчөмдө салык төлөйт:
1) Бишкек жана Ош шаарларында - 5 пайыз;
2) Кыргыз Республикасынын калган аймактарында - 3 пайыз.
6. Креативдүү индустрия паркынын резиденти бул ишке карата төмөнкүдөй өлчөмдө салык төлөйт:
а) 2023 жана 2024-жылдарда - 0,5 пайыз;
б) 2025-жылдын 1-январынан тартып 2026-жылдын 31-июлуна чейин - 1 пайыз;
в) 2026-жылдын 1-августунан тартып 2031-жылдын 31-июлуна чейин - 0 пайыз;
г) 2031-жылдын 1-августунан тартып - 1 пайыз.
61. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүчү субъект бул ишке карата 0,1 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.
7. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 6 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттерди, ошондой эле ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъекттерди кошпогондо, иштин бир нече түрүн жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү иштин тиешелүү түрлөрү үчүн ушул беренеде белгиленген ставкалар боюнча иштин ар бир түрү боюнча салыкты өзүнчө эсептейт жана төлөйт.
8. Ушул берененин 1-6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жана өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында соода ишин жүзөгө ашыруучу, экспорттук-импорттук операцияларды жүзөгө ашырбаган субъектти кошпогондо, калкка товарларды, жумуштарды сатууну, кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу жеке ишкер төмөнкүдөй шарттарды бир учурда сактаганда 0 пайыздык ставка боюнча салык төлөйт:
1) катары менен келген акыркы 12 ай үчүн түшкөн каражаттын өлчөмү 15000000 сомдон ашпаган;
2) ишти төмөнкүдөй жүзөгө ашырган:
а) ККМ колдонуу менен;
б) кызматкерлерди жалдабастан, өз ишин экиден ашпаган жалданма кызматкерлерди тартуу менен жүзөгө ашыруучу соода субъекттерин кошпогондо;
3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талапты аткарган.
Соода ишин жүргүзүүчү жеке ишкер үчүн 0 пайыздык ставканы колдонуунун кошумча шарты болуп бир соода объектинде иш жүргүзүү саналат. Ушул бөлүктүн ченемдери дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, күйүүчү-майлоочу материалдарды саткан, бизнести майдалоо критерийлерине туура келген жеке ишкерге, ошондой эле дистрибьюторго жайылтылбайт.
9. Креативдүү индустриялар паркынын резиденти тарабынан ушул берененин 6-бөлүгүндө белгиленген ставканы колдонуу Креативдүү индустриялар паркынын дирекциясынын адамды Креативдүү индустриялар паркынын резиденти катары каттоо жөнүндө электрондук кабарлоосунун негизинде жүзөгө ашырылат. Кабарлоону дирекция резиденттин салыктык каттоо жери боюнча салык органына жиберет.
Ушул берененин 6-бөлүгүндө белгиленген ставкалар боюнча бирдиктүү салыкты төлөө салык органы дирекциянын кабарлоосун алган айдан кийинки айдын биринен тартып жүзөгө ашырылат.
10. Креативдүү индустриялар паркынын резидентинин креативдүү индустрия жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген фактысы аныкталган учурда ал ушул Кодекске ылайык мындай факт аныкталган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып башка салык режими боюнча салыктарды төлөйт.
11. Ушул берененин 8-бөлүгүндө каралган ставка боюнча салык төлөөчү жеке ишкер түшкөн акчасынын көлөмү катары менен келген акыркы 12 ай ичинде 15000000 сомдон ашканга чейин учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" же "б" пунктчаларында каралган салыктын ставкасын колдонуу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү. Салыкты жаңы тандалган ставка боюнча төлөө арыз берилген айдан кийинки айдын биринен тартып жүргүзүлөт.
Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында жана 8-бөлүгүндө каралган ставка боюнча салык төлөөчү субъект салыктын ставкасын өзгөртүү жөнүндө арызды учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү болсо, бирок аны бербесе же өз убагында бербесе, анда мындай субъект арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1инен тартып ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасында каралган ставка боюнча салык төлөөчү деп таанылат.
12. Ушул берененин 11-бөлүгүндө каралган субъект ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, ошондой эле 8-бөлүгүндө белгиленген бирдиктүү салыктын ставкаларын ушул берененин 11-бөлүгүндө каралган ашып кетүүгө жол берилген жылдан кийинки 2 календардык жылдан эрте эмес кайрадан колдонууга укуктуу.
13. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15. Ушул берененин 1, 2-1, 3, 8-бөлүктөрүндө каралган ставка боюнча салыкты төлөөчү субъект жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттин дарегине товарларды сатууда салыкты 4 пайыздык ставка боюнча төлөйт.
16. Ушул Кодекстин 422-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кирешелер боюнча салык төлөөчү ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда белгиленген ставкалар боюнча салыкты эсептейт жана төлөйт.
17. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу жеке ишкер мамлекеттик бюджеттен каржылануучу каражаттардын суммалары боюнча салыкты 0 пайыз ставка боюнча төлөйт.
18. Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык мамлекеттик муктаждыктар үчүн кыймылсыз мүлктү алмаштырууну жана/же өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу субъект салыкты 0 пайыз ставка боюнча төлөйт.
19. Виртуалдык активди сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган субъект сатып алуу жана сатуу наркынын ортосундагы айырмадан 8 пайыз ставка боюнча салык төлөйт.
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (18)
- "Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө" ЖОБОПоложение · 04.03.2022 · № 106
- КР Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 "Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 84
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 446 "Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын иштешине талаптар жөнүндө жобону…Постановление · 04.09.2023 · № 446
- Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын иштешине талаптар жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 446…Положение · 04.09.2023 · № 446
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 73-т (Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын реестрин бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 28.02.2024 · № 73-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрели № 278 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 23.04.2026 · № 278
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августу № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 28.08.2025 · № 533
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.04.2023 · № 78
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу…Закон · 04.11.2022 · № 101
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн…Закон · 10.05.2024 · № 84
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-марты № 129 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү…Постановление · 25.03.2024 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 221-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы №73-т тескемесине…Распоряжение · 08.05.2024 · № 221-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы N 478-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 73-т тескемесине…Распоряжение · 09.08.2024 · № 478-р
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы…Инструкция · 17.07.2020 · № 385 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 04.09.23 ж. №446 токтомуПостановление · 04.09.2023 · № 446
- КР Министрлер Кабинетинин 28.02.24-ж. № 73 тескемесиРаспоряжение · 28.02.2024 · № 73
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык…Постановление · 18.05.2023 · № 268 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык…Постановление · 24.07.2023 · № 373 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (3)
- Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 185
- Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 06.08.2026 · № 145
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 12.02.2025 · № 37
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-423" title="423-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>