Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
324-берене. Шарттуу эсептөөдө импортко КНС төлөө тартиби
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 40-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37
1. Товарлардын салык салынуучу импортун жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү ушул беренеде белгиленген тартипте товарлардын импортуна КНС шарттуу эсептөө режимин колдонууга укуктуу.
Ушул берененин максатында импортко КНС шарттуу эсептөө деп КНС төлөө тартиби түшүнүлөт, ага ылайык, эгерде ушул беренеде башкасы белгиленбесе, салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо эсептелген КНС суммасын ушул товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан кийин экспорттоо шарты менен казыналыктын тутумунда ачылган депозиттик эсепке төлөөгө милдеттүү.
2. Товарлардын экспорту импорттолгон товарларды эсепке алууга кабыл алган датадан тартып 180 күндүн ичинде ырасталган учурда, салык төлөөчү депозиттик эсепке төлөгөн импортко КНС суммасы Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген импортко КНС шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартибине жана шарттарына ылайык анын арызы боюнча салык төлөөчүнүн эсебине кайтарылат.
3. Товарлардын экспорту белгиленген мөөнөттө ырасталбаган учурда депозиттик эсепке төлөгөн импортко КНС суммасы бюджетке которулат.
4. Товарлардын салык салынуучу импортун жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү бюджетке импортко КНС төлөө менен товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонууга укуктуу.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө карата:
1) товарлардын экспортун тастыктоо талап кылынбайт;
2) бюджетке төлөнгөн импортко КНСтин суммасын кайтарып берүү жүргүзүлбөйт.
5. Ушул берененин 1 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген режимди колдонгон салык төлөөчү ушул бөлүмгө ылайык жеңилдиктерди жана бошотууларды эске алуу менен бюджетке импортко КНС төлөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында негизги каражаттарды, товарларды жана материалдык эмес активдерди түздөн-түз өзү пайдалануу үчүн сатып алууга жана/же импорттоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
Ушул бөлүккө ылайык алып келинген активдер импорттун датасынан тартып 60 айлык мезгил өткөнгө чейин ээликтен ажыратылган учурда, салык төлөөчү мындай актив ээликтен ажыратылган айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып жалпы салыктык режим боюнча салыктарды эсептөөгө жана төлөөгө өтүүгө милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
12.02.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…төлөнгөн импортко КНСтин суммасын кайтарып берүү жүргүзүлбөйт.
алынып салынды: (Кыргыз кошулду: 5. Ушул берененин 1 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген режимди колдонгон салык төлөөчү ушул бөлүмгө ылайык жеңилдиктерди жана бошотууларды эске алуу менен бюджетке импортко КНС төлөө менен Кыргыз Республикасынын кошулду: аймагында негизги каражаттарды, товарларды жана материалдык эмес активдерди түздөн-түз өзү пайдалануу үчүн сатып алууга жана/же импорттоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
Ушул бөлүккө ылайык алып келинген активдер импорттун датасынан тартып 60 айлык мезгил өткөнгө чейин ээликтен ажыратылган учурда, салык төлөөчү мындай актив ээликтен ажыратылган айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып жалпы салыктык режим боюнча салыктарды эсептөөгө жана төлөөгө өтүүгө милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № алынып салынды: 78 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (29)
- Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Положение · 22.02.2022 · № 93
- "Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө" ЖОБОПоложение · 04.03.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын…Постановление · 22.02.2022 · № 93
- Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын…Инструкция · 13.02.2020 · № 79
- КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 11-февралындагы № 1 "Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды жана…Приказ · 11.02.2022 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 16.12.2022 · № 687
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби…Постановление · 03.12.2024 · № 729
- Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды пробалоо жана эн тамгасын басуу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 05.02.2025 · № 58
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 “Кыргыз…Постановление · 29.05.2023 · № 280
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августу № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 28.08.2025 · № 533
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 "Кыргыз…Постановление · 20.08.2026 · № 565
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрели № 278 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 23.04.2026 · № 278
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 16.12.2022 · № 705
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 10.07.2025 · № 406
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралы № 59 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салыктык башкаруу…Постановление · 04.02.2026 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 20.06.2026 · № 431
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августу № 525 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кыйыр салыктар маселелери боюнча айрым чечимдерине…Постановление · 27.08.2024 · № 525
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябры № 577 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өнөр жай…Постановление · 19.09.2024 · № 577
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу жана…Постановление · 11.01.2025 · № 7
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы №653 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 19.10.2011 · № 653 · Күчүн жоготкон
29 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-324" title="324-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>