Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
163-берене. Салыктын суммаларын азайтуу, салык отчетторун бербөө жана КНС мыйзамсыз чегерүү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 19-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе жана көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык отчетунда көрсөтүлгөн салыктын суммасы салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына салыштырмалуу азайтылгандыгы салык органы тарабынан аныкталса, салык төлөөчүгө:
1) салыктын суммасы тиешелүү салыктык мезгилдеги салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата 10 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса - салык төлөөчүгө салык санкциясы колдонулбайт;
2) салыктын суммасы тиешелүү салыктык мезгилдеги салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата 10дон 50 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса - салык төлөөчүгө салыктын азайтылган суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат;
3) салыктын суммасы тиешелүү салыктык мезгилдеги салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата 50 пайыздан жогорку өлчөмдө азайтылса - салык төлөөчүгө салыктын азайтылган суммасынан 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.
1-1. Ушул Кодексте, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарда жана салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда каралган отчетторду жана/же эсептешүүлөрдү белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн салык төлөөчүгө төмөнкүдөй салык санкциясы колдонулат:
1) жеке жактар үчүн 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
2) жеке ишкерлер үчүн 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
3) уюмдар үчүн 70 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.
1-2. Ушул Кодекстин 107-беренесинде каралган декларацияны кошпогондо, белгиленген мөөнөттө бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандыгы үчүн салык төлөөчүгө 70 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат. Ушул берененин 1-1 жана 1-2-бөлүктөрүндө каралган учурларда салык отчету өз убагында берилбеген ар бир факт үчүн санкция колдонулат.
2. Эгерде көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн белгилүү бир салыктык мезгили үчүн салык отчетун бербегендиги аныкталса, ушул салык отчетунда чагылдырылууга тийиш болгон салык милдеттенмесинин бардык суммасы бюджетке өндүрүлөт жана ошол салык төлөөчүгө карата аныкталган салык милдеттенмесинин суммасынан 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.
2-1. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы N 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Эгерде көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органы тарабынан салык төлөөчү жараксыз эсеп-фактуралары боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНС суммасын чегерүүгө болгон укугун пайдаланганы аныкталса, ошол салык төлөөчүгө чегерүүгө кабыл алынган КНС суммасынан 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.
4. Эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык органы тарабынан жалпы салык режиминин негизинде же ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасына, 2-пунктуна жана 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүдө баштапкы эсепке алуу документтери жок сатып алынган жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутумуна киргизилбеген товарлардын болушу белгиленсе, ал салык төлөөчүгө мындай товардын рыноктук наркынан 5 пайыз өлчөмүндө киреше салыгы боюнча салыктык санкция колдонулат.
(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тийиш болгон салыктын суммасына салыштырмалуу азайтылгандыгы салык алынып салынды: кызматынын органы тарабынан аныкталса, салык төлөөчүгө:
1) салыктын суммасы … колдонулат.
2. Эгерде көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык алынып салынды: кызматынын органы тарабынан салык төлөөчүнүн белгилүү бир салыктык мезгили үчүн … күчүн жоготту)
3. Эгерде көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык алынып салынды: кызматынын органы тарабынан салык төлөөчү жараксыз эсеп-фактуралары боюнча сатып … колдонулат.
4. Эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык алынып салынды: кызматынын органы тарабынан жалпы салык режиминин негизинде же ушул Кодекстин … , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № алынып салынды: 262 кошулду: 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- "Салык органдарына патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта берүүнү ТАРТИБИ" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 токтому менен бекитилген)Порядок · 31.07.2018 · № 357 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген "Электрондук форматтагы документ түрүндө (электрондук патент) ыктыярдуу, милдеттүү патент…Порядок · 27.06.2018 · № 304 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 615 "Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.11.2013 · № 615 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (2)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-163" title="163-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>