Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
426-берене. Салык отчетун берүү. Салык төлөө тартиби жана мөөнөтү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 57-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 185
1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, бирдиктүү салык боюнча отчет эсептик каттоо жери боюнча отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен берилет.
2. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, бирдиктүү салык эсептик каттоо жери боюнча төмөнкүлөрдөн кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш:
1) отчеттук салыктык мезгилден кийинки - чакан ишкердик субъекти тарабынан;
2) отчеттук айдан кийинки - орто жана ири ишкердик субъекттери жана ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъект, ошондой эле лотереялык иштин субъекттери тарабынан.
3. Товарларды ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө бирдиктүү салык ушул Кодекстин 324-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген режимди колдонуучу субъект жана ушул Кодекстин 430-беренесинин 51-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишке карата ЭЭЗдин субъектиси тарабынан бажы жол-жобосуна ылайык чыгарылганга чейинки бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төлөнүүгө тийиш.
4. Эсептик каттоосу жок болгон учурда бирдиктүү салык боюнча отчет учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча берилет жана салык төлөнөт.
5. Ушул Кодекстин 423-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке ишкер бирдиктүү салык боюнча отчет берүүдөн бошотулат.
6. Ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун «а» пунктчасында, 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке ишкер жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ар бир жалданма кызматкерге Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө патент сатып алууга укуктуу.
7. Бирдиктүү салык төлөөчү ушул Кодекстин 106-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 "Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 84
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна…Постановление · 25.03.2025 · № 146
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-426" title="426-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>