Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
430-берене. ЭЭЗ субъекттерине салык салуунун өзгөчөлүгү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 58-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262
1. Эгерде ушул главада жана "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача каралбаса, ушул Кодекстин 427-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына жооп берген ЭЭЗ субъекттеринин иши салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулат.
2. ЭЭЗ субъекти болуп эсептелбеген субъект тарабынан өндүрүштө пайдалануу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан ЭЭЗ субъектине берүүдө ушул Кодекстин 254-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген ставка боюнча КНС салынат.
3. Ушул Кодекстин 427-беренесинин жана "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жооп бербеген ЭЭЗ субъекттин ишине жалпы салык режимине ылайык салык салынат.
Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге киргизилген товарларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын калган аймагына берүү үчүн товарларды ЭЭЗ аймагынан алып чыгууда, анын ичинде аларды ЭЭЗ субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына ажыратып алууда товарларга ушул Кодекске ылайык КНС салынат. Товарларды тизмеге киргизүүнүн тартиби жана критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Товарларды ЭЭЗ чек арасы аркылуу алып өтүүдө алынуучу салыктарды башкаруу ЕАЭБ мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ЭЭЗ жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Кыргыз Республикасынын аймагын кошпогондо, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагына берүү максатында ЭЭЗ аймагында өндүрүлгөн товарларды ташып чыгуу КНС жана акциз төлөөдөн бошотулат.
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагына товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө ырасталбаган учурда КНС суммасы төлөнүүгө тийиш.
51. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып чыгууну кошпогондо, келип чыгышы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык каралган Товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелерине ылайык белгиленген товарларды кийин ташып чыгуу менен ЭЭЗ аймагына импорттоодо ушул Кодекстин 423-беренесинде белгиленген ставкалар боюнча бирдиктүү салык төлөнөт.
Товарларды ушул бөлүккө ылайык кийин ташып чыгуу максатында ЭЭЗ аймагына импорттоону жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ субъекти ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонууга милдеттүү.
6. Кыргыз Республикасынын ички рыногунда керектөө үчүн ЭЭЗ субъекттери көрсөткөн кызматтарга, жумуштарга жалпы салык режимине ылайык салык салынат. Кыргыз Республикасынын ички рыногунда керектөө үчүн кызмат көрсөтүүлөр, жумуштар болуп, ЭЭЗ субъекттери болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын субъекттери тарабынан ЭЭЗ аймагында жана Кыргыз Республикасынын калган аймаганда сатып алынуучу кызмат көрсөтүүлөр, жумуштар саналат.
7. Кирешелерди төлөө булагында эсептелүүгө, кармалууга жана төлөнүүгө тийиш болгон кирешелерге ушул Кодекске ылайык салык салынууга тийиш.
8. Эгерде ЭЭЗ субъекти ЭЭЗдин аймагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын калган аймактарында жана анын чегинен тышкары иш жүргүзсө, анда мындай ЭЭЗ субъекти ушул Кодекске ылайык өз-өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү.
9. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
31.12.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…учурда КНС суммасы төлөнүүгө тийиш.
51. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: аймагын кошулду: аймагына ташып чыгууну кошпогондо, келип чыгышы алынып салынды: ЕАЭБ кошулду: Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык каралган Товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелерине ылайык белгиленген товарларды алынып салынды: ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагына кийин ташып чыгуу менен ЭЭЗ аймагына импорттоодо ушул Кодекстин 423-беренесинде белгиленген ставкалар боюнча бирдиктүү салык төлөнөт.
алынып салынды: ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагына товарларды андан ары кошулду: Товарларды ушул бөлүккө ылайык кийин ташып чыгуу максатында ЭЭЗ аймагына импорттоону жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ алынып салынды: субъектиси ушул бөлүккө ылайык кошулду: субъекти ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонууга … № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № алынып салынды: 185 кошулду: 185, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Положение · 22.02.2022 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 430-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 17.01.2025 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зоналардын аймагынан ташып чыгууда…Постановление · 03.06.2025 · № 315
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-марты № 163 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 09.03.2026 · № 163
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
- 61-берене
- 254-берене
- 419-берене
- 422-берене
- 423-берене
- 426-берене. ЭЭЗ субъекттерине салык салуунун өзгөчөлүгү
Беренеде аталган актылар (2)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-430" title="430-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>