Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене. Ушул Кодексте пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Жарандык, үй-бүлөлүк, бажы жана башка тармактар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ушул Кодексте колдонулуучу институттары, терминдери жана аныктамалары, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, бул тармактардагы мыйзамдарда кандай колдонулса, ошондой мааниде колдонулат.
2. Ушул Кодексте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) агент - жарандык-укуктук келишимдердин, анын ичинде тапшырма, комиссия, транспорттук экспедиция келишимдеринин, агенттик келишимдин же болбосо ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде ишти жүзөгө ашыруучу субъект;
2) администрациялоо - ушул Кодекстин ченемдерин аткарууну камсыздоо боюнча салык жана бажы кызматтарынын органдарынын аракеттери;
3) банк - эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясы же күбөлүгү бар коммерциялык банк, адистештирилген финансылык-кредиттик же кредиттик мекеме же уюм;
4) жакын туугандар - Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мыйзамдарына ылайык никеде турган адамдар, асырап алуучулар жана асырап алынган балдар, камкорчулар жана/же көзөмөлчүлөр, ошондой эле ата-энелер, балдары, толук бир туугандар жана толук эмес бир туугандар, чоң аталар, чоң энелер, таяталар, таенелер, неберелер;
5) бюджет - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети;
6) товарларды убактылуу ташып кирүү/ташып чыгуу - ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден/мүчө мамлекеттерге төмөнкүлөрдү:
а) концерттик-көңүл ачуу, спорттук, көргөзмө-жармаңке иш-чараларын өткөрүү үчүн товарларды жана жабдууларды;
б) ижарага алынган негизги каражаттарды;
в) оңдоо үчүн товарларды, анын ичинде кепилденген оңдоону;
г) аскердик машыгууларды өткөрүү үчүн товарларды;
д) сыноо үчүн негизги каражаттарды, аларды андан ары өзгөрүлбөгөн абалында ташып кирүү/ташып чыгуу шартында жана ташып кирүүдө/ташып чыгууда аларды идентификациялоону камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү менен ташып кирүү/ташып чыгуу;
е) товарларды ташууга, сактоого жана сатууга арналган, кийин өзгөрүлбөгөн абалында ташып кирүү/ташып чыгуу шартында жана ташып кирүүдө/ташып чыгууда аларды идентификациялоону камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү менен кайтарылуучу идиштерди.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды убактылуу ташып кирүү/ташып чыгуу мөөнөтү 24 айдан ашпайт. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге товарларды убактылуу ташып кирүү/ташып чыгуу максаттарына жараша айрым товарлардын категориялары үчүн Министрлер Кабинети 24 айдан кыйла узак мөөнөттү аныктоого укуктуу.
7) (КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги N 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8) түшкөн каражат - салык төлөөчү тарабынан сатылган товарлардан, жумуштардан, кызмат көрсөтүүлөрдөн (анын ичинде бартердик операциялар боюнча) алынган же алынууга тийиш болгон акча каражаттары.
Агент үчүн товарларды сатуудан, жумуштардан же кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражат болуп агенттик сый акы саналат;
9) товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалымат тутуму (мындан ары - "Товарларды маркалоо" МАМТ) - маркалоо коддорун генерациялоону, идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарларды жүгүртүү тууралуу маалыматты чогултууну жана иштетүүнү, сактоону, берүүнү жана жайылтууну жүзөгө ашыруучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка салык мыйзамдары жана ЕАЭБ укуктары менен каралган башка максаттарда колдонулуучу ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму;
10) тутумдук негиздеги иш -төмөнкүдөй иштер:
а) окшош жана/же бир тектүү товарларды сатуу боюнча, эгерде календардык жылдын ичинде эки бирдиктен ашык товар сатылса;
Катталган жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды кошпогондо, ушул пунктча ТЭИ ТН 8703 товардык позициясында классификациялануучу транспорт каражаттарын жана майыптыгы бар адамдар үчүн жеке мобилдүүлүк каражаттарын жеке жактардын сатуусуна 2029-жылдын 1-январына чейин жайылтылбайт;
б) акы төлөнүүчү негизде иштерди аткаруу жана/же кызматтарды көрсөтүү боюнча, эгерде мындай иштер же кызмат көрсөтүүлөр календардык жылдын ичинде эки жолудан ашык аткарылса;
11) товарларды импорттоо - төмөнкүлөрдү ташып кирүү:
а) ЕАЭБ Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарларды;
б) кайра импорттоо бажы жол-жобосуна жайгаштырылган ЕАЭБ товарларын:
- ЕАЭБ Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына;
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын жана эркин кампалардын аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына;
в) ЕАЭБ мүчө башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБ төмөнкүдөй товарларын:
- менчикке сатып алынган;
- финансылык ижара келишими боюнча пайдаланууга алынган;
- иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүүнүн продуктулары болуп саналган;
г) Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын, эркин кампалардын жана бажы кампаларынын аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк товарларды;
д) эгерде чийки затты ташып кирүү күнүнөн тартып 24 айдан ашык өтсө жана кайра иштетүү продуктулары Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташылып чыкпаса, Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетүү үчүн ЕАЭБ мүчө башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына иштетип алма чийки заттарды;
е) Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы аймагына жеке пайдалануу үчүн ташып келинген, жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктары төлөнүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк товарларды;
12) мүлк - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мүлккө кирүүчү объекттер;
13) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) - анын негизинде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн каттоо жана салыктык эсепке алуу жүзөгө ашырылуучу уникалдуу санариптик код;
14) жеке эмгек иши - илимий, педагогикалык (окутуучулук), чыгармачылык чөйрөлөрдө, ошондой эле Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка чөйрөлөрдө өз алдынча жана жалданма эмгекти тартпастан жүзөгө ашырылуучу жеке жактын иши;
15) исламдык каржылоо - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык банктын жана/же лизингдик компаниянын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун, исламдык атайын финансылык компаниянын иши;
16) салык төлөөчүнүн жеке эсеби - салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткаруу менен байланышкан кошуп эсептɵɵлɵрдү жана түшүүлөрдү эсепке алуу максатында салыктык контролдоо инструменти;
17) товарды маркалоо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же ЕАЭБдин мыйзамдарынын талаптарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу идентификациялоо каражаттарын жана/же акциздик жыйымдын маркасын жана/же эсептик-контролдук марканы товарга же анын таңгагына түшүрүү/бекитүү же товарга же анын курамына отун же молекулярдык маркерди жана/же башка каражаттарды кошуу.
Товарды маркалоо каражаты деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана/же ЕАЭБдин мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматтарды камтыган идентификациялоо каражаты, акциздик жыйымдын маркасы жана эсептик-контролдук марка таанылат. Идентификациялоо каражаты деп штрих же башка код түрүндө берилген же радиожыштык белгисине жазылган же өзүнө маалыматты камтыган автоматтык идентификациялоонун башка каражаттарын же технологияларын колдонуу менен берилген машина окуй ала турган формадагы символдордун уникалдуу ырааттуулугу таанылат. Салык салуу максатында маркаланууга тийиш болгон товарлардын тизмеги, киргизүү мөөнөтү, товарларды маркалоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Идентификациялоо каражаттарында камтылууга тийиш болгон маалыматтын форматы жана курамы, айрым товарлардын товарларын маркалоонун эрежелери товарларды маркалоо тартибине ылайык ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет;
18) (КР 2024-жылдын 2-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
19) салык карызы - салык калдыгынын суммасы, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын төлөнбөгөн суммалары;
20) салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы - төмөнкүлөрдүн негизинде кошуп эсептелген салык карызынын төлөнбөгөн суммасы:
а) салык төлөөчүнүн салык отчеттуулугунун;
б) салык кызматынын органынын салык төлөөчү таанышкан жана талашпаган жана талашуу мөөнөтү аяктаган чечиминин;
в) ага карата мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген соттун чечими бар салык кызматынын органынын чечиминин;
г) ага карата салык милдеттемесин аткаруунун жеңилдетилген режими колдонулган салык кызматынын органынын чечиминин;
д) салык карызын таануу жөнүндө салык төлөөчүнүн ага карата арызы бар салык кызматынын органынын чечиминин;
е) салык кызматынын органынын салык органы тарабынан эсептелген мүлк салыгынын суммасын эсептөө жөнүндө билдирүүсүнүн;
21) салыктык жеңилдик - ушул Кодексте каралган салыкты же анын бөлүгүн төлөөдөн бошотуу;
22) кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугу - ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо алынуучу КНС жана акциз салыгы боюнча салык отчеттуулугу;
23) салык органдары - ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функционалдык бөлүмдөрү;
24) жараксыз эсеп-фактура - Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте номери жараксыз деп таанылган эсеп-фактура;
25) өнбөгөн калдык - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана/же мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктын жана/же камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы;
26) товарларды жүгүртүү - товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо/ташып келүү, товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан экспорттоо, товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү, сактоо, ордун которуу жана/же сатуу;
27) маркалоонун жана маркаланган товарларды көзөмөлдөөнүн улуттук тутумунун оператору (мындан ары - Маркалоо оператору) - Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик орган жана/же менчиктин мамлекеттик үлүшү бар уюм;
28) (КР 2025-жылдын 12-февралындагы N 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
29) негизги каражат - Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык негизги каражат болуп саналган мүлк;
30) принципал - ишин жарандык-укуктук келишимдердин, анын ичинде тапшырма келишимдеринин, комиссиянын, агенттик келишимдин, ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде жүзөгө ашыруучу субъект;
31) программалык-талдоо каражаты - салык төлөөчүнүн маалыматтарына ал аркылуу талдоо жана контролдоо жүргүзүлө турган программалык чечим;
32) пайыздык киреше - кандай болбосун түрдөгү карыздык талаптар боюнча киреше, анын ичинде насыялар, облигациялар, баалуу кагаздар, векселдер жана талаптардын башка түрлөрү боюнча киреше, анын ичинде финансылык ижара келишими жана исламдык каржылоо боюнча келишимдери боюнча алынган киреше;
33) пайыздык чыгаша - кандай болбосун түрдөгү карыздык милдеттенмелер боюнча чыгаша, анын ичинде облигациялар, исламдык баалуу кагаздар, векселдер жана милдеттенмелердин башка түрлөрү боюнча чыгаша, анын ичинде финансылык ижаранын келишими жана исламдык каржылоо келишимдер боюнча жүргүзүлгөн чыгаша;
34) калк менен эсептешүүлөр - жеке ишкер болуп эсептелбеген жеке жак менен анын жеке өзүнүн жана/же үй-бүлөлүк керектөөлөрү үчүн сатып алган товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөр;
35) виртуалдык активди сатып өткөрүү - виртуалдык активди улуттук же чет өлкөлүк валютага алмашуу. Бир виртуалдуу активди башка виртуалдуу активге алмаштыруу аны сатып ɵткɵрүү деп таанылбайт;
36) салык кызматынын органынын чечими - эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, ыйгарым укуктуу салык органында же сотто талашылышы мүмкүн болгон, ушул Кодекске ылайык салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынуучу ченемдик эмес акт;
37) субъект - уюштуруу-укуктук формасына, ишинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, мамлекеттик мекеме, обочолонгон бөлүмчө;
38) эсеп - субъекттин акча каражаттары эсепке киргизилиши жана андан сарпталышы мүмкүн болгон банктагы же электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторундагы эсептешүү жана башка эсеби;
39) соода иши - кийин сатуу максатында сатып алынган товарларды сатуу боюнча, анын ичинде электрондук соода аркылуу жүзөгө ашырылуучу иш;
40) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу, салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча иш-милдеттерге жана ыйгарым укуктарга ээ болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;
41) ыйгарым укуктуу салык органы - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы;
42) уюмдун катышуучусу - уюмдун уюмдаштыруучу документтери менен ушул уюмга карата милдеттендирүүчү жана/же буюмдук укуктар берилген субъект;
43) фискалдык программалык камсыздоо - салыктар жана салыктык эмес кирешелер боюнча салык төлөөчүнүн милдеттенмесин аныктоо үчүн колдонулуучу салык төлөөчүнүн активдери, чарбалык жана башка операциялары жөнүндө маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана өткөрүп берүү үчүн салык төлөөчү тарабынан пайдалануучу программалык камсыздоо же аппараттык-программалык каражат;
44) жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо - эгерде ушул Кодекске ылайык жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү орду Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары болсо, салык төлөөчү тарабынан аткарылган жана көрсөтүлгөн жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү;
45) товарларды экспорттоо - Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагына же ЕАЭБ бажы аймагынын чегинен тышкары сатылуучу товарларды ташып чыгуу.
46) оюн-зоок иши - казинодо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү жайларда, электрондук (виртуалдук) казинодо, сервердин жайгашкан жерине карабастан букмекердик контораларда, тотализаторлордо кумар оюндарына жеткиликтүүлүктү уюштуруу, жүргүзүү жана берүү менен байланышкан иш;
47) ставкаларды кабыл алуу пункту (касса) - букмекердик конторанын же тотализатордун кызматкеринин электрондук-эсептөө техникасы жана керектүү байланыш каражаттары менен жабдылган жана ставкаларды кабыл алууга жана утуштарды берүүгө арналган, өзүнчө бөлүнгөн өзгөчө жумуш орду;
48) отунду маркалоо оператору - Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик орган жана/же менчиктин мамлекеттик үлүшү бар уюм;
49) отун маркери - отундун молекулярдык курамына кирген, жуулууга туруктуу молекулярдык маркер, анын болушу атайын приборлор менен текшерилет;
50) жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъект - төмөнкү субъект:
а) аны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү реквизиттерди көрсөтпөстөн же болбосо Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестринде жок болгон же башка салык төлөөчүгө таандык реквизиттерди көрсөтүп, электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактурасын тариздөө менен анын дарегине товарды берүү жүзөгө ашырылган субъект;
б) Министрлер Кабинети бекиткен ККМди пайдалануунун типтүү эрежелерин бузуу менен ККМди колдонуу аркылуу анын дарегине товар сатып өткөрүлгөн субъект;
в) анын дарегине товар сатылган аракетсиз жактын белгилери бар;
г) ишкердик максатта товарларды сатып алган жана жеке ишкер катары Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестринде жок жеке жак болуп саналган;
51) навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарларды ташууларга байкоо жүргүзүү тутумунун улуттук оператору (мындан ары - Навигациялык пломбанын улуттук оператору) - Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу юридикалык жак;
52) навигациялык пломба - пломбалоо элементинен жана электрондук блоктон турган, навигациялык спутник тутумдарынын технологияларынын негизинде иштөөчү жана байкоо жүргүзүү объектисине тиешеси бар маалыматты берүүнү камсыз кылуучу техникалык түзүлүш;
53) Навигациялык пломбанын улуттук операторунун маалымат тутуму - навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарларга байкоо жүргүзүүнүн маалымат тутуму;
54) байкоо жүргүзүү объектиси - товарлар жана транспорт каражаттары;
55) контролдук-кассалык чек - ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграцияланып иштеген контролдук-кассалык машинада же фискалдык программалык камсыздоодо же маалымат тутумунда түзүлүүчү калк менен эсептешүү жүргүзүүдө берилүүчү алгачкы эсепке алуу документи;
56) товарларды эсепке алуу пункту - Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан салык салуу, товарларга байкоо жүргүзүү жана башка функцияларды ишке ашыруу максатында товарларды жүгүртүүнү эсепке алуу үчүн зарыл техникалык каражаттар жана курулмалар менен жабдылган жер;
57) транзакция - чет өлкөлүк субъекттен алынган жана анын тапшырмасы боюнча төмөнкүлөр тарабынан которулган акча каражаттарын кайра жөнөтүү боюнча операция:
а) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган уюм, жеке ишкер, чет өлкөлүк уюмдун филиалы/өкүлчүлүгү; жана/же
б) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана анын эсеби ачылган банктын салыктык катталган жери боюнча салык органында мамлекеттик каттоодон өтпөстөн салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюм.
Акча каражаттарын кайра жөнөтүү деп аларды накталай да, накталай эмес да формада алуу жана өткөрүп берүү, анын ичинде башка салык төлөөчү аркылуу алуу жана өткөрүп берүү учурлары, ошондой эле уюмдун, жеке ишкердин, чет өлкөлүк уюмдун филиалынын/өкүлчүлүгүнүн эсебин же болбосо Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок, эсеп ачылган банктын салыктык катталган жери боюнча мамлекеттик каттоосуз салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасынын банкындагы эсебин пайдалануу таанылат.
58) дистрибьютор - белгилүү бир субъекттин жана/же товарларды өндүрүүчүлөр жана/же импорттоочулар болуп саналган өз ара көз каранды субъекттердин кызыкчылыгы үчүн товарларды сатууну жүзөгө ашыруучу, дистрибьютордук келишим түзгөн жана товарларды илгерилетүү боюнча кошумча милдеттенмелери бар уюм же жеке ишкер. Эгерде келишимде сатуучунун товарларын ички рынокто илгерилетүү боюнча сатып алуучунун кошумча милдеттенмелери камтылса, ал дистрибьютордук келишим деп таанылат. Импорттоочулар дистрибьютордук келишим болгон учурда дистрибьюторлор деп таанылат;
59) бизнести майдалоо - түшкөн каражаттын көлөмүн ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында жана 8-бөлүгүндө каралган ставка боюнча салыкты, ошондой эле салык салынуучу базаны төмөндөтүү жана салыктарды төлөөдөн качуу максатында соода чөйрөсүндөгү патенттин негизинде өзгөчө режимдеги соода зонасынын ишине салыкты төлөөчү бир жана/же бир нече субъекттер тарабынан түзүлгөн өз ара көз каранды бир нече субъекттерге атайылап бөлүштүрүү.
Бизнести майдалоо критерийлерине туура келген субъекттер:
- өз ара көз каранды субъекттердин соода ишин жалпы уюштуруучунун, жетекчинин кызыкчылыгында, анын ичинде жакын туугандарынын жана кызматкерлеринин атынан жүзөгө ашыруучу;
- киреше алуу максатында бир даректе жайгашкан мүлк объекттерин жана/же жайларды биргелешип жана/же өзүнчө пайдаланган өз ара көз каранды ишкердик субъекттеринин ишин жүзөгө ашыруучу;
60) электрондук акчалардын жана төлөм тутумдарынын оператору - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана/же лицензияланган, электрондук акчаларды чыгаруучу, ошондой эле акча каражаттарын, анын ичинде электрондук акчаларды которуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак.
61) эсеп-фактура - товарды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө салык төлөөчү тарабынан салык мыйзамдарына ылайык электрондук же кагаз жүзүндөгү таризделүүчү салык документи;
62) электрондук соода аянтчасындагы соода ишинин алкагындагы эсеп-фактура - электрондук соода аянтчасында соода ишин жүргүзүүчү салык төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге товарларды менчик укугу өтпөстөн ташып чыгарууда таризделүүчү коштомо документ.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Дагы 1 өзгөртүү - документтин толук текстиндеги өзгөртүүлөр тарыхында
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (19)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 125 "Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук…Постановление · 03.03.2023 · № 125
- Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январы № 15/IV-29 "Турак жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2025 · № 15/IV -29
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө…Постановление · 14.04.2022 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды маркалоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.10.2022 · № 570
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2025 · № 385
- Кыргыз Республикасында акциз салыгын санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 359 токтомуна ылайык)Временное положение · 31.12.2021 · № 359
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 136 "Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик)…Постановление · 11.03.2022 · № 136
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25 майы № 369-т («Учкун» ачык акционердик коому Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларды…Распоряжение · 25.05.2026 · № 369-т
- Степное айылдык кеңешинин 2022-жылдын 01-ноябрындагы № 13 "Степное айыл аймагында айыл чарбалык эмес багыттагы жер салыгынын зоналык коэффициентин белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 01.11.2022 · № 13
- Ак-Башат айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 8 "Турак жай имараттары жана жайлар үчүн мүлк салыгынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 14.02.2025 · № 8
- Кант шаардык кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 19/III-29 "Кант шаарынын аймагындагы турак жайларга жана имараттарга салык чендерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2025 · № 19/III-29
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13 мая № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 «Кыргыз Республикасында маркалоонун жана…Постановление · 13.05.2026 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августунун № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасында маркалоонун…Постановление · 01.08.2024 · № 452
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 10 - марты №79"Бишкек шаарынын - Кыргыз Республикасынын борборунун өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 10.03.2008 · № 79 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 284-б (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесин, 2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык…Распоряжение · 20.08.2020 · № 284-р · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 15 марта 2002 года №145 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О реструктуризации задолженности по начисленным налогам, процентам, финансовым…Постановление · 15.03.2002 · № 145 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 01.07.2025-ж., № 385 токтомуПостановление · 01.07.2025 · № 385
- КР Министрлер Кабинетинин 13.05.2026-ж., № 335 токтомуПостановление · 13.05.2026 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 473 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 15.10.2018 · № 473 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.04.2023 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 02.02.2024 · № 31
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 12.02.2025 · № 37
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>