Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
49-берене. Салык төлөөчүнүн укуктары
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262
1. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) салык кызматынын органдарынын кызмат адамынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоону талап кылууга;
2) салыктык укук мамилелеринде жеке өзү же өзүнүн салык өкүлү аркылуу иш алып барууга;
3) тиешелүү мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары жөнүндө маалыматты, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ыйгарым укуктуу салык органы иштеп чыккан эрежелерди, жоболорду жана башка усулдук көрсөтмөлөрдү алууга;
4) салык отчеттуулугунун ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жарыяланбаган формаларын колдонбоого;
5) суроо-талаптын негизинде салык кызматынын органдарындагы өзү тууралуу ар кандай маалыматты, ага кошо көчмө текшерүүнү дайындоо үчүн негиз болгон салыкты туура эмес эсептөө фактылары жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтерди ырастоочу көчүрмөлөрдү акысыз алууга, ошондой эле салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу берилген, салык кызматынын тиешелүү органынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн салык кызматынын органынын документтеринин көчүрмөлөрүн алууга;
6) ашыкча төлөнгөн, ашыкча өндүрүлүп алынган салык суммасын эсепке алууга же кайтарып берүүгө, ошондой эле КНС ашыкча суммасын кайтарып берүүгө жана/же ордун толтурууга;
7) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген негиздер болгондо жана тартипте салык жеңилдиктерин пайдаланууга;
8) салыктык сырды сактоону талап кылууга;
9) ушул Кодексте каралган учурларда салык контролу башталганга чейин жазма буйрук алууга, мындай контролду жүзөгө ашырган салык кызматынын органынын кызмат адамынын ырастамасы менен таанышууга;
10) салык контролун жүзөгө ашыруучу салык кызматынын органынын кызмат адамынан инспектордук текшерүү китепчесине каттоону талап кылууга;
11) салык контролунун натыйжалары боюнча салык кызматынын органдарына түшүндүрмө берүүгө;
12) салык милдеттенмесин аткарууга тиешеси жок маалыматтарды жана документтерди бербөөгө;
13) салык кызматынын органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттанууга;
14) салык кызматынын органынын мыйзамсыз чечиминен, анын кызмат адамынын укукка жат аракетинен же аракетсиздигинен улам келип чыккан чыгымдын жана зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтуртуп алууга;
15) төмөнкүлөрдү камтыган КНС төлөөчүлөр жөнүндө маалыматка эркин жетүүгө:
а) КНС төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН;
б) анык эмес деп таанылган эсеп-фактуранын реквизиттери;
в) төмөнкү салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтар:
- патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде иш жүргүзүүчү, ошондой эле ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 6, 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн;
- электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз боюнча маалыматтык системаларда катталган.
2. Салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга да ээ.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
31.12.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…коштомо кагаз боюнча маалыматтык системаларда катталган.
2. алынып салынды: Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүчү субъекттин жалпы салык режимине ылайык салыктарды төлөө укугун кошпогондо, салык кошулду: Салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген башка … 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 31-июлундагы № алынып салынды: 185 , кошулду: 185, 2025-жылдын 29-октябрындагы № алынып салынды: 243 кошулду: 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Салык аудитин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 196 токтомуна)Положение · 26.03.2026 · № 196
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-49" title="49-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>