Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
191-берене. Киреше салыгы боюнча жеңилдиктер
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 23-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Салык төлөөчүлөрдүн төмөнкү категориялары киреше салыгын төлөөдөн бошотулат:
1) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
2) мамлекеттер аралык макулдашуу боюнча Афганистан жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматкерлери;
3) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар;
4) Баткен окуяларынын катышуучулары;
5) Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюуга катышкан адамдар;
6) Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жесирлери жана жесилдери;
7) "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдар;
Ушул бөлүктө каралган киреше салыгын төлөөдөн бошотуу ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган кирешеге карата колдонулбайт.
2. Социалдык жактан корголбогон салык төлөөчүлөрдүн төмөнкү категорияларынын кирешелерине киреше салыгы салынбайт:
1) майыптардын төмөнкүдөй түрдө алган кирешелери:
а) майыптар үчүн техникалык каражаттарга төлөм;
б) майыптуулуктун алын алуу жана реабилитациялоо үчүн төлөм;
в) майыптар үчүн коштоочу иттерди багууга төлөм;
г) кесиптик бирлик органдарынан алынган сумма же мүлк;
2) кесиптик бирлик органдарынан, коммерциялык эмес уюмдардан акча каражаты жана мүлк түрүндө алган эмгекке жарамсыз жарандардын, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери;
3) социалдык реабилитациялоого же адаптациялоого муктаж болгон төмөнкү жактар мамлекеттен, коммерциялык эмес уюмдардан акысыз алган активдердин, анын ичинде дары-дармектердин, медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн, тамак-аш продуктуларынын, түштөндүрүүлөрдүн, биринчи керектелүүчү жеке гигиена предметтердин наркы:
а) качкындар;
б) катуу оорулуулар;
в) жумушсуздар;
г) жетим балдар;
д) абактан кайтып келген адамдар;
е) кирешеси жашоо деңгээлинен төмөн болгон башка адамдар.
4) 16 жашка чейинки курактагы жеке адамдын эмгек мамилелеринин алкагында алган кирешелери;
5) дайыма багууга жана көзөмөлгө муктаж болгон баланын жана/же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө.
Көңүл буруңуздар! Берилген беренеге КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги N 78 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Салык төлөөчү төмөнкүлөр түрүндө алган кирешелерине киреше салыгы салынбайт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жөлөкпулдар;
1-1) товарларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө максаттуу микрокредиттерди берүү боюнча тутумда кредит алуудан материалдык пайда - 2030-жылдын 1-январына чейин;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стипендиялар жана пенсиялар, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдар тарабынан төлөнүүчү стипендиялар жана Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө окуу үчүн төлөмдөр;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же соттук чечимдерде каралган зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр;
4) Президенттин резервдик фондунан, Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан, Жогорку Кеңештин депутатынын фондунан жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунан төлөмдөр жана алардан төлөнүп кайтарымсыз негизде берилген мүлк;
5) Министрлер Кабинетинин, жергиликтүү кеңештердин, коммерциялык эмес уюмдардын чечими боюнча жеңилгис күч жагдайлары менен байланышкан кайтарымсыз алынган суммалар;
6) бюджеттин эсебинен олимпиада, паралимпиада жана азия оюндарына, дүйнөлүк, Азия чемпионаттарына катышуунун жыйынтыгы боюнча чемпиондорго жана байге ээлерине, ошондой эле башка орундарды ээлегендерге, алардын машыктыруучуларына жана врачтарына төлөнүүчү стипендиялар жана бир жолку акчалай сыйакылар;
7) гуманитардык жардамдар, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды колдоо максатында чет өлкөдөн сатылып алынган атайын товарлар жана тетиктер;
8) наркы 50 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштар, ошондой эле кумар оюндарына, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлүүчү жарандардын акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык чектерди талап кылуусуна дем берүүгө багытталган кызыктыруучу лотереяга/акцияга катышуудан утуштар;
9) эл аралык конкурстарга, фестивалдарга катышуудан алган байгелери;
10) эл аралык уюмдар (фонддор) берген сыйакы;
11) кайтарылуучу камсыздандыруу сыйлыктары жана төлөп берүүчү суммалар, ошондой эле ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган жеке жак менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммалары жана ордун толтуруу;
12) кан тапшыруудан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган донор болуунун башка түрлөрүнөн алынган сумма;
13) профсоюздук органдардан алынган же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамына ылайык жалданма жумушчулардын ден соолугун чыңдоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен санатордук-курорттук мекемелерге, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга, санаторий - профилакторийлерге, балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлорго жолдомолор;
14) аскер кызматчыларынын, улуттук коопсуздук органдарынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, мамлекеттик кызматчылардын өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудагы өлүмү жана/же денесине залал келтирүүгө байланыштуу мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан төлөнгөн компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын суммалары;
15) (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16) анын катышуучулары үчүн кайтарымсыз негизде өткөрүлүүчү семинарды, тренингди, тегерек столду, конференцияны уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде окутуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркы, таратып берме материалдардын, тамак-аштын, жашоосунун жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;
17) Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер участогун жана/же мүлктү сатып алууда алынуучу компенсациялык төлөмдөрдүн суммалары;
18) спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылар;
19) башка салыктардын ордуна белгиленген атайын салык режими боюнча төлөнүүчү салыкты же пайда салыгын төлөгөндөн кийин анын карамагында калган жеке ишкердин пайдасы.
20) ушул Кодекстин 47-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан ссуда берүүдөгү материалдык пайда.
4. Салык төлөөчүнүн эмгек ишинин алкагында алынган төмөнкү кирешелерине киреше салыгы салынбайт:
1) пенсиялар, жөлөкпулдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр, зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрү, бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштегендиги үчүн белгиленген үстөктөр жана райондук коэффициенттер, эгерде бул төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумуш берүүчүнүн милдети болуп эсептелсе;
2) аткаруу органынын кызматкерине, мүчөсүнө, директорлор кеңешинин же байкоочу кеңешинин мүчөсүнө иш сапарына кеткен чыгымдарды, ошондой эле уюмдун башкаруу органынын мүчөлөрү тарабынан өз милдеттерин аткарууда тарткан чыгымдарын компенсациялоо суммалары:
а) дайындалган жерге баруу жана кайра келүү боюнча - берилген документтерге жараша;
б) турак жайды ижаралоо боюнча - берилген документтерге жараша;
в) суткалык - Министрлер Кабинети бекиткен ченемдердин алкагында.
Ушул пункттун "а" жана "б" пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда иш сапарынын чыгымдары боюнча ордун толтуруунун суммасы Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ченемдердин чегинде салык салуудан бошотулууга тийиш;
3) кызматкерлерди милдеттүү медициналык текшерүүнүн жана дарылоо-алдын алуучу тейлөөнүн наркы, анын ичинде жумуш берүүчү тарабынан кызматкерлер үчүн лабораториялык анализдерге жана пандемиялык мүнөзү Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген оорулар боюнча вакциналарга төлөнүүчү наркы;
4) өзүнүн кызматкерлерин милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу сыйакылары, ошондой эле ушундай келишимдер боюнча төлөмдөр;
5) ушул Кодекстин 220-беренесинде каралган кызматкерлерди окутуу наркы;
6) кызматкердин 14 жашка чейинки балдары (багуусундагылар) үчүн ар бир балага 10 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө берилүүчү жаңы жылдык белектердин наркы;
7) атайын кийимдин, атайын бут кийимдин, жеке коргонуу каражаттарынын, самындын, зыянсыздандыруучу каражаттардын наркы; эмгектин зыяндуу же коркунучтуу шарттарындагы иштерде иштеген кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ушундай иштердин тизмегине ылайык жана ченемдер боюнча сүттүн жана башка дарылоо-алын алуучу тамак-аштын наркы;
8) каза болгон кызматкердин жакын туугандары же жакын тууганы өлгөндүгүнө байланыштуу кызматкердин кайтарымсыз алынган суммалары;
9) иш менен камсыз кылуу органдары уюштурган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда алектенген жарандардын эмгегине төлөнгөн акылар;
10) диний уюмдардын кызматчыларына берилүүчү эмгек акы, сыйакы, компенсациялар жана башка компенсациялоо жана дем берүү мүнөзүндөгү төлөмдөр;
11) аскер кызматчыларынын, ички иштер маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлеринин, бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин акчалай үстөк жана азык-түлүк пайкынын ордуна компенсация түрүндөгү кирешелери;
12) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде иштеген, ошондой эле чет өлкөлөрдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүндө же эл аралык уюмдарда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары болгон мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди акчалай күтүү;
13) эмгек мамилелеринин алкагында футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдардын жалданган жумушчулары тарабынан алынган кирешелер, анын ичинде эмгек акы, сый акылар, үстөк акылар, сыйлык, компенсациялар, материалдык жардам, ошондой эле дем берүүчү жана/же компенсациялык мүнөздөгү башка төлөмдөр.
5. Туугандык мамилелерине байланыштуу операциялар боюнча төмөнкүдөй кирешелерге киреше салыгы салынбайт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу алименттер;
2) жубайлардын же мурдагы жубайлардын ортосунда ажырашуунун кесепетинен улам менчикти өткөрүп берүүдөн алынган ар кандай киреше;
3) ишкердик ишти жүргүзүү процессинде жеке адам алган мүлктү, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, мурастоо же белекке берүү тартибинде ошол жеке адам тарабынан жакын туугандарынан алынган мүлктүн, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы.
6. Төмөнкүлөрдү сатуудан алынган кирешеге киреше салыгы салынбайт:
1) автомототранспорт каражаттары - 2029-жылдын 1-январына чейин;
2) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна таандык болгон (курорттук-рекреациялык зоналардын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлктөн тышкары) жана кыймылсыз мүлккө болгон укук катталган датадан тартып кийинки бир жылдан ашык убакытта салык төлөөчүгө менчик укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлк.
Эгерде сатылуучу мүлк салык төлөөчү тарабынан жакын тууганынан мурастоо же белекке берүү тартибинде алынган болсо, анда белгиленген бир жылдык мөөнөт мураска калтыруучунун же белекке берүүчүнүн менчик укуктары катталган датадан тартып эсептелет. 2-1) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органынын маалыматтарына ылайык жана ушул кыймылсыз мүлккө болгон укук катталган датадан тартып бир жылдан ашык салык төлөөчүгө менчик укугунда таандык болгон короонун жанындагы участок;
3) салык төлөөчү тарабынан ага таандык короо-жайынан алынган айыл чарба продукциясы;
4) өз муктаждыктары үчүн сатып алынган жана пайдаланылган кыймылдуу мүлктү, ошондой эле металл сыныктарын, айнекти, айнек идиштерди, айнек камтыган буюмдарды, макулатураны, полипропиленди, полиэтиленди, пластикти жана полиэтилентерефталатты, жүндү, терини, мурда колдонулган аккумуляторлорду.
5) майыптыгы бар адамдар үчүн жеке мобилдүүлүк каражаттары - 2029-жылдын 1-январына чейин.
7. Салык төлөөчүнүн төмөнкүдөй башка иштерден алган кирешелерине киреше салыгы салынбайт:
1) аманат, депозит боюнча пайыздык киреше, ошондой эле салык төлөөчүнүн банктагы эсептешүү, карталык жана башка банктык эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгына эсептелген пайыздык киреше;
2) киреше алуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингинде же Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген чет өлкөлүк биржанын листингинде болгон, баалуу кагаздардын жана/же глобалдык депозитардык тил каттардын ээси тарабынан алынган баалуу кагаздардын жана/же глобалдык депозитардык тил каттардын өсүшүнөн киреше жана пайыздык киреше;
2-1) эгерде мындай баалуу кагаздар же баалуу кагаздардын ушул тибине карата чыгарылган глобалдык депозитардык тил каттар сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингинде же Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген чет өлкөлүк биржанын листингинде болсо, баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган киреше; Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы N 37 Мыйзамы менен берилген берененин 7-бөлүгүнүн 2-1-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөр, "Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
3) исламдык каржылоого ылайык мудараб келишими боюнча киреше;
4) (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-1) жеке жак тарабынан ата мекендик уюмга катышуудан алынган дивиденд:
а) резиденттигине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны;
б) жашап турууга уруксатынын же кайрылман статусунун бар экендигине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын резиденти;
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамынын 6-беренесине ылайык берилген берененин 7-бөлүгүнүн 4-1-пункту 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5) катышуучунун кошкон үлүшүнүн же пайынын өлчөмүндө же үлүштүк баалуу кагаздардын кайтаруу суммасы;
6) жалпы чогулуштун чечими боюнча уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүп, уюмдун катышуучулары тарабынан кошумча алынган акциялардын (үлүштөрдүн) наркы, же алгачкы акцияларынын ордуна алынган жаңы акциялардын номиналдык наркынын жана ушул уюмдун уставдык капиталынын көбөйүшүнө байланыштуу, анын ичинде уюмдун мүлкүнүн эсебинен да уюмдун катышуучуларына акцияларды (үлүштөрдү) бөлүштүрүүдө акционердин алгачкы акцияларынын номиналдык наркынын ортосундагы айырма;
7) (КР 2025-жылдын 12-февралындагы N 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8) шайлоо комиссияларында талапкердин же саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочусунун, ишенимдүү адамынын, өкүлүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырганы, ошондой эле шайлоо өнөктүгүн, референдум өнөктүгүн өткөрүүгө түздөн-түз байланышкан үгүт кызматтарын аткарганы үчүн талапкердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынан жана шайлоо өнөктүгү, референдум өнөктүгү мезгилинде референдум тобунун фондунун каражаттарынан жеке жак алган суммалар;
9) мамлекеттик турак жай программасы боюнча ипотекалык кредит берүүдө материалдык пайда формасында алынган киреше;
10) Кыргыз Республикасынын жараны, ошондой эле жеке жак - резидент тарабынан чет өлкөлүк уюмга катышуудан алынган дивиденд, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жараны чет мамлекеттин аймагында алган кирешелер;
10-1) жашап турууга уруксатынын же кайрылман статусунун бар экендигине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жеке адам - Кыргыз Республикасынын резиденти тарабынан чет өлкөлүк уюмга катышуудан алынган дивиденд.
11) Кыргыз Республикасынын резиденти эмес жеке жак тарабынан ушул Кодекстин 423-беренесинин 6-1-бөлүгүнө ылайык салык салынуучу пайданын бөлүгү түрүндө алынган дивиденд.
(КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Көңүл буруңуздар! Берилген берененин 3-бөлүгүнүн 8-пунктунда "кызыктыруучу лотереяларга/акцияларга" сөздөр жок болгондугуна байланыштуу КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 51 Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр киргизилген жок.
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июня 2022 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам игорной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…төлөгөндөн кийин анын карамагында калган жеке ишкердин пайдасы.
кошулду: 20) ушул Кодекстин 47-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан ссуда берүүдөгү материалдык пайда.
4. Салык төлөөчүнүн эмгек ишинин алкагында алынган төмөнкү … , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № алынып салынды: 262 кошулду: 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Көңүл буруңуздар! Берилген…
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 573 “Баалуу кагаздарды жана глобалдык депозитардык тил каттарды жайгаштыруу үчүн салыктык жеңилдиктер…Постановление · 09.09.2025 · № 573
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 246 Чет элдик инветистициялар общенациональный классификатор - Зеленая таксономияПостановление · 30.04.2025 · № 246
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 457-т (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ашимова, Н.К.Кадырбеков…Распоряжение · 01.09.2022 · № 457-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 12-декабрындагы N 643 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Джумабеков тарабынан…Распоряжение · 12.12.2023 · № 643
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (5)
- Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 29.10.2025 · № 243
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.04.2023 · № 78
- Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 30.06.2022 · № 51
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 12.02.2025 · № 37
- Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.06.2025 · № 126
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-191" title="191-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>