Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын реестрин бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 28-февралы № 73-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 221-т, 2024-жылдын 9-августундагы №478-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 13-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Соода ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн 0,1 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы аймагында колдонулуучу Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул тескемени ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Тиркеме
Соода ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн 0,1 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы аймагында колдонулуучу Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын РЕЕСТРИ (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы N 478-т тескемесинин редакциясына ылайык)
№
Базардын жана кичи базардын аталышы, ИСН
Базардын жана кичи базардын жайгашкан дареги
1
"Дордой Дыйкан" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00104201110022
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ден Сяопина көчөсү, 302/1
2
"АЗИЗ азык-түлүк дүң базары" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00107201110169
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү, 201
3
Жеке ишкер Мусоходжоева Чинара Бейшеевна ("Кудайберген" автотетиктер базары) ИСН 11005195610060
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Патрис Лумумба көчөсү, 54 Б
4
"Мадина" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00101199310361
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 7 апрель көчөсү, 223
5
"Бишкек жүк ташуу автотранспорттук ишканасы" Жабык акционердик коому ИСН 02712199110096
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 19
6
"Рынок "Элитстрой" Жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00507201210094
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспектиси, 18/1
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 221-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы №73-т тескемесине…Распоряжение · 08.05.2024 · № 221-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы N 478-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 73-т тескемесине…Распоряжение · 09.08.2024 · № 478-р
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.