Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН «»Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» ТОКТОМУ
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-04-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 30-апрели № 261 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциянын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2002-жылдын 13-марты, № 20) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Төмөнкү мазмундагы 4-1-берене менен толукталсын:
"4-1-берене. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлиги органдарынын тутуму
Өкмөт мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты аныктайт. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу Өкмөт аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Өкмөт тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелериндеги мамилелерди жөнгө салууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Өкмөт тарабынан мамлекеттик мүлктү башкарууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы.".
2. 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
1) ушул Мыйзамда, Менчиктештирүү программасында, башка мыйзамдарда каралган өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну;
2) тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге Менчиктештирүү программасынын долбоорун иштеп чыгууну жана Өкмөткө киргизүүнү;
3) Менчиктештирүү программасынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү; Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй иш жүргүзөт:
1) Менчиктештирүү программасынын аткарылышын уюштурууну;
2) мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун камсыз кылууну;
3) республиканын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргоону;
4) менчиктештирилүүчү объекттерди сатууну;
5) мамлекеттик мүлктүн эсебин алууну уюштурууну жана анын реестрин жүргүзүүнү;
6) чарбачылык шериктештиктердин (коомдордун) уставдык капиталындагы менчиктештирүүгө жаткан мамлекетке таандык акциялардын (үлүштөрдүн) эсебин алууну, ошондой эле мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимдеринде аныкталган кардарлардын эсебин алууну жана милдеттенмелеринин аткарылышын контролдоону;
7) мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө статистикалык жана бухгалтериялык отчетту жүргүзүүнү;
8) тиешелүү ченемдерге ылайык мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттарын алууну жана которууну;
9) Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктүн объекттерине ээ болуу жана пайдалануу укугун жана тиешелүү түрдө башка мамлекеттердин аймагында Кыргыз Республикасынын укугун аныктоого башка мамлекеттер менен келишимди даярдоону;
10) юридикалык жакты түзүүчү болуп чыгуу аркылуу мамлекеттин кызыкчылыктарын көрсөтүүнү;
11) уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялар (үлүштөр) бар чарбалык шериктештердеги (коомдордогу) акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүргүзүү жолу менен мамлекеттин кызыкчылыктарын көрсөтүүнү;
12) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттин атынан акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын аткарган чарбачылык шериктештиктердин уставдык капиталындагы акциялар (үлүштөр) боюнча дивиденддердин жана башка кирешелердин чегерилишин камсыз кылуу боюнча чараларды;
13) мамлекеттик менчикте болгон мүлккө (акциялардын пакетине) карата ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусу болуп чыгуу аркылуу мамлекеттин кызыкчылыгын көрсөтүүнү.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акционердик коомдордун жалпы чогулушунда мамлекеттик менчикте калган акциялардын санына ылайык добуш берүүгө укуктуу. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусунун функцияларын аткарган учурда мамлекеттик менчикте болгон мүлктү же акциялардын пакетин ишенимдүү башкаруучуга өткөрүп берет. Ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктү өз алдынча тескөөгө укуксуз. Мамлекеттик мүлк (акциялардын пакети) ишенимдүү башкарууга конкурстук негизде андан ары ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү аркылуу өткөрүлүп берилет. Мамлекеттик мүлктү (акциялар пакетин) өткөрүп берүү боюнча конкурс өткөрүү тартиби жана көрсөтүлгөн келишимдин шарттарына талаптар Өкмөт тарабынан аныкталат. Ушул беренеде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Мыйзамда аныкталган өздөрүнүн ыйгарым укуктарын башка субъекттерге берүүгө укуксуз.".
3. 8-берене күчүн жоготту деп табылсын.
4. 9-берененин биринчи жана экинчи абзацтарындагы, 11-берененин биринчи абзацындагы, 15-берененин биринчи абзацындагы, 18-берененин биринчи абзацындагы, 21-берененин биринчи жана экинчи абзацтарындагы, 23-берененин биринчи абзацындагы, 24-берененин биринчи жана экинчи абзацтарындагы, 25-берененин бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы, 26-берененин биринчи абзацындагы, 27- жана 28-беренелердеги, 33- жана 34-беренелердеги, 36-берененин биринчи абзацындагы, 37-берененин биринчи абзацындагы "менчиктештирүү жана башкаруу боюнча" деген сөздөр "башкаруу чөйрөсүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 9-берененин үчүнчү абзацындагы "менчиктештирүү жана башкаруу боюнча" деген сөздөр "башкаруу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 21-берененин бешинчи абзацындагы "мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын.
7. 39-берененин биринчи абзацындагы "мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөрүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Бийликтин аткаруу бутагынын органдарын административдик реформалоону өткөрүү үчүн Өкмөт тарабынан негиз болуучу эки (2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 жана 2012-жылдын 12-январындагы № 12) документ кабыл алынып, аларда мамлекеттик органдардын функцияларын чектөө каралган, ошондой эле Өкмөткө баш ийген административдик ведомстволордун жаңы түзүмү аныкталган. Ушул реформа Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 23-декабрындагы токтому менен бекитилген Өкмөттүн Программасында баяндалган Премьер-министр тарабынан аныкталган мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына байланыштуу өткөрүлүүдө. Атап айтканда, административдик реформага жасалган маанилүү кадамдардын бири болуп мамлекеттик органдардын текшерүү-көзөмөлдөө функцияларын эки мамлекеттик органдын бирине алардын компетенциясына ылайык өткөрүп берүү эсептелет. Өкмөттүн Программасын талаптагыдай жүзөгө ашыруу максатында Премьер-министрдин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 буюрмасы менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жана аларга аткаруу бийлигинин тутумун реформалоодон келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жумушчу тобу түзүлгөн. Ушул жумушчу топтун ишин Юстиция министрлиги координацияламакчы. Аталган топтун ишинин алкагында Юстиция министрлиги тарабынан айрым мамлекеттик органдар менен бирге тиешелүү багыттар боюнча бир мамлекеттик орган саясатты аныктоо жана анын аткарылышы үчүн көзөмөлдөө функцияларын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды кошо аткаруусуна жол бербөө максатында бир катар ченемдик укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе иштелип чыккан. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгенине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" Өкмөттүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 токтомуна ылайык мамлекеттик мүлк министрлиги Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонд болуп өзгөртүлүп түзүлгөн жана мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын жүргүзүү функциясы экономика жана антимонополиялык саясат министрлигине өткөрүлүп берилген. Ошондон улам мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын иштеп чыгуу функцияларын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу функцияларын чектөө жана аларды белгилүү мамлекеттик органдарга бекитүү үчүн "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү талап кылынууда. Атап айтканда, сунушталган мыйзам долбоору аркылуу аталган Мыйзамдын 7-беренесинде мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын иштеп чыгуу боюнча жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын чектөө каралууда. Мындан тышкары ушул Мыйзамды мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын иштеп чыгуу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тутуму жана түшүндүрмө аппараты ачылган 4-1-берене менен толуктоо сунуш кылынууда. Жогорудагы жалпыланган атоолор жогоруда аталган органдардын аталышы үчүн колдонулуу менен, мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоодо мамлекеттик органдардын аталыштары кайра өзгөрүшү мүмкүн экендигинен улам мыйзамдарга түзөтүүлөрдү улам-улам киргизүүдөн кутулууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле сунуш кылынган мыйзам долбоорунун иштөө тармагы Экономика жана антимонополиялык саясат Министрлигинин жана Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонддун компетенциясына киргендиктен, ушул долбоор Жогорку Кеңеш тарабынан каралган учурда аталган ведомствонун директорун Өкмөттүн расмий өкүлү катары аныктоону сунуштайбыз. Мындан тышкары улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун натыйжасында ушул мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбейт. Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы каражаттарын талап кылбай тургандыгын кошумча иретинде белгилейбиз.
Министр
А.Шыкмаматов
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөрүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу"
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонулуп жаткан редакциясы | Мыйзам долбоорунун редакциясы |
|---|---|
| 4-1-БЕРЕНЕ. МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА АТКАРУУ БИЙЛИГИ ОРГАНДАРЫНЫН ТУТУМУ ӨКМӨТ МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА САЯСАТТЫ АНЫКТАЙТ. МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ ӨКМӨТ АНЫКТАГАН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН - ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА МАМИЛЕЛЕРДИ ЖӨНГӨ САЛУУГА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН АТКАРУУ БИЙЛИГИ ОРГАНЫ. МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН - ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУГА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН АТКАРУУ БИЙЛИГИ ОРГАНЫ. | |
| [7-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (Биринчи бөлүк КР 2011-жылдын 23-июнундагы № 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган: мамлекеттик менчикти башкаруу жана тескөө жаатында өзүнүн аймактык бөлүктөрүнүн ишин координациялайт; ушул Мыйзамда, Менчиктештирүү программасында, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү процессин жөнгө салуучу башка мыйзамдарда каралган өз компетенциясынын чегинде ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана басып чыгарат; аталган ченемдик укуктук актылардын аткарылышына контролдук жүргүзөт, аларга өзгөртүү жана толуктоо киргизет; тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте Менчиктештирүү программасынын долбоорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет; Менчиктештирүү программасын ишке ашырууну уюштурат жана контролдойт; мамлекеттик мүлктү пайдаланышынын натыйжалуулугун камсыз кылат; республиканын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргойт, башка мамлекеттер менен Кыргыз Республикасында жана ага жараша Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин аймагында мамлекеттик мүлк объекттерин ээлөө жана пайдалануу укугун белгилөөчү келишимдерди даярдайт; мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жүргүзүүнү жетектейт жана контролдойт; өз компетенциясына ылайык мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жүргүзүү жөнүндө чечимди кабыл алат; юридикалык жактарга мамлекеттин атынан уюштуруучу болуп эсептелет; мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча комиссия түзөт; менчиктештирүү объекттерин сатууну ишке ашырат; мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө статистикалык жана бухгалтердик отчетту жүргүзөт; мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттарын белгиленген ченемдиктерге ылайык алат жана которот; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мамлекеттик мүлктүн эсебин алат жана анын реестрин жүргүзүүнү уюштурат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чарбалык шериктештиктердин (коомдордун) уставдык капиталындагы мамлекетке таандык менчиктештирүү акцияларына (үлүштөрүнө) эсеп жүргүзөт, ошондой эле мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленген сатып алуучулардын милдеттенмелерине эсеп жүргүзөт жана аткарылышын контролдойт; уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялары (үлүштөрү) бар чарбалык шериктештиктерде (коомдордо) мамлекеттин атынан акционердин (катышуучунун) ыйгарым укугун жүзөгө ашырат; мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган катары мамлекеттин атынан акционердин (катышуучунун) ыйгарым укугун жүзөгө ашыруучу чарбалык шериктештиктердин (коомдордун) уставдык капиталындагы акциялары (үлүштөрү) боюнча дивиденддерди жана башка кирешелерди которууну камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашырат; мамлекеттин мүлктү турган мүлккө (акциялар пакетине) карата ишенимдик башкаруунун уюштуруучусу катары чыгат. Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган акционердик коомдордун жалпы чогулуштарында мамлекеттин менчигинде калган акцияларынын санына ылайык добуш укугуна ээ болот. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган, ушул Мыйзамда белгиленген өзүнүн ыйгарым укуктарын башка мамлекеттик органдарга, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө укугу жок. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган ишенимдик башкаруунун уюштуруучусунун ишин аткарууда мамлекеттин менчигинде турган мүлктү же акциялар пакетин ишенимдик башкарууга берүүнү ишке ашырат. Ишенимдик башкаруучу мамлекеттик мүлктү өз алдынча тескөөгө укугу жок. Мамлекеттик мүлктү (акциялардын мампакетин) ишенимдик башкарууга берүү андан ары ишенимдик башкаруу келишимин түзүү менен конкурстук негизде жүргүзүлөт. Мамлекеттик мүлктү (акциялардын мампакетин) берүү боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жана аталган келишимдин шарттары боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.] | 7-БЕРЕНЕ. ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН КОМПЕТЕНЦИЯСЫ МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ТӨМӨНКҮДӨЙ ИШ ЖҮРГҮЗӨТ: 1) УШУЛ МЫЙЗАМДА, МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ ПРОГРАММАСЫНДА, БАШКА МЫЙЗАМДАРДА КАРАЛГАН ӨЗ КОМПЕТЕНЦИЯСЫНЫН ЧЕГИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ ПРОЦЕССИН ЖӨНГӨ САЛГАН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫ ИШТЕП ЧЫГАТ; 2) БАШКА ТИЕШЕЛҮҮ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР МЕНЕН БИРГЕ МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН ДОЛБООРУН ИШТЕП ЧЫГАТ ЖАНА ӨКМӨТКӨ КИРГИЗЕТ; 3) МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН АТКАРЫЛЫШЫН МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗӨТ; МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ТӨМӨНКҮДӨЙ ИШ ЖҮРГҮЗӨТ: 1) МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН АТКАРЫЛЫШЫН УЮШТУРАТ; 2) МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ ПАЙДАЛАНУУНУН КАЙТАРЫМДУУЛУГУН КАМСЫЗ КЫЛАТ; 3) РЕСПУБЛИКАНЫН КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫН ЖАНА МҮЛКТҮК УКУКТАРЫН КОРГОЙТ; 4) МЕНЧИКТЕШТИРИЛЕ ТУРГАН ОБЪЕКТТЕРДИ САТАТ; 5) МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮН ЭСЕБИН АЛАТ ЖАНА АНЫН ТИЗМЕСИН ЖҮРГҮЗӨТ; 6) ЧАРБАЧЫЛЫК ШЕРИКТЕШТИКТЕРИНИН (КООМДОРУНУН) УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНДАГЫ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮГӨ ЖАТКАН МАМЛЕКЕТКЕ ТААНДЫК АКЦИЯЛАРДЫН (ҮЛҮШТӨРДҮН) ЭСЕБИН АЛАТ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ САТЫП АЛУУ-САТУУ КЕЛИШИМДЕРИНДЕ АНЫКТАЛГАН КАРДАРЛАРДЫН ЭСЕБИН АЛАТ ЖАНА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИНИН АТКАРЫЛЫШЫН КӨЗӨМӨЛДӨЙТ; 7) МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮНҮН НАТЫЙЖАСЫНДА АЛЫНГАН АКЧА КАРАЖАТТАРЫНЫН КЫЙМЫЛЫ ЖӨНҮНДӨ СТАТИСТИКАЛЫК ЖАНА БУХГАЛТЕРИЯЛЫК ОТЧЕТТУ ЖҮРГҮЗӨТ; 8) ТИЕШЕЛҮҮ ЧЕНЕМДЕРГЕ ЫЛАЙЫК МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮНҮН НАТЫЙЖАСЫНДА АЛЫНГАН АКЧА КАРАЖАТТАРЫН АЛАТ ЖАНА КОТОРОТ; 9) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮН ОБЪЕКТТЕРИНЕ ЭЭ БОЛУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ УКУГУН ЖАНА ТИЕШЕЛҮҮ ТҮРДӨ БАШКА МАМЛЕКЕТТЕРДИН ТЕРРИТОРИЯСЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУГУН АНЫКТООГО БАШКА МАМЛЕКЕТТЕР МЕНЕН КЕЛИШИМДИ ДАЯРДАЙТ; 10) ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТЫ ТҮЗҮҮЧҮ БОЛУП ЧЫГУУ АРКЫЛУУ МАМЛЕКЕТТИН КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫНАН ЧЫГАТ; 11) УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНДА МАМЛЕКЕТКЕ ТААНДЫК АКЦИЯЛАР (ҮЛҮШТӨР) БАР ЧАРБАЛЫК ШЕРИКТЕШТЕРДЕГИ (КООМДОРДОГУ) АКЦИОНЕРДИН (КАТЫШУУЧУНУН) ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ ЖОЛУ МЕНЕН МАМЛЕКЕТТИН КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫНАН ЧЫГАТ; 12) МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА МАМЛЕКЕТТИН АТЫНАН АКЦИОНЕРДИН (КАТЫШУУЧУНУН) ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН АТКАРГАН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ЧАРБАЧЫЛЫК ШЕРИКТЕШТИКТЕРДИН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНДАГЫ АКЦИЯЛАР (ҮЛҮШТӨР) БОЮНЧА ДИВИДЕНДДЕРДИН ЖАНА БАШКА КИРЕШЕЛЕРДИН ЧЕГЕРИЛИШИН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ЧАРАЛАР КӨРӨТ; 13) МАМЛЕКЕТТИК МЕНЧИКТЕ БОЛГОН МҮЛК (АКЦИЯЛАРДЫН ПАКЕТИ) ЖААТЫНДА ИШЕНИМ АРТЫЛГАН БАШКАРУУНУ ТҮЗҮҮЧҮ БОЛУП ЧЫГУУ АРКЫЛУУ МАМЛЕКЕТТИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНАН ЧЫГАТ. МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН АКЦИОНЕРДИК КООМДОРДУН ЖАЛПЫ ЧОГУЛУШУНДА МАМЛЕКЕТТИК МЕНЧИКТЕ КАЛГАН АКЦИЯЛАРДЫН САНЫНА ЫЛАЙЫК ДОБУШ БЕРҮҮГӨ УКУКТУУ. МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ИШЕНИМ АРТЫЛГАН БАШКАРУУНУ ТҮЗҮҮЧҮНҮН ФУНКЦИЯЛАРЫН АТКАРГАН УЧУРДА МАМЛЕКЕТТИК МЕНЧИКТЕ БОЛГОН МҮЛКТҮ ЖЕ АКЦИЯЛАРДЫН ПАКЕТИН ИШЕНИМ АРТЫЛГАН БАШКАРУУЧУГА ӨТКӨРҮП БЕРЕТ. ИШЕНИМ АРТЫЛГАН БАШКАРУУЧУ МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ ӨЗ АЛДЫНЧА УРУНУУГА УКУКСУЗ. МАМЛЕКЕТТИК МҮЛК (АКЦИЯЛАРДЫН ПАКЕТИ) ИШЕНИМ АРТЫЛГАН БАШКАРУУГА КОНКУРСТУК НЕГИЗДЕ АНДАН АРЫ ИШЕНИМ АРТУУ КЕЛИШИМИН ТҮЗҮҮ АРКЫЛУУ ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛЕТ. МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ (АКЦИЯЛАР ПАКЕТИН) ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ БОЮНЧА КОНКУРС ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА КӨРСӨТҮЛГӨН КЕЛИШИМДИН ШАРТТАРЫНА ТАЛАПТАР ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. УШУЛ БЕРЕНЕДЕ КӨРСӨТҮЛГӨН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР УШУЛ МЫЙЗАМДА АНЫКТАЛГАН ӨЗДӨРҮНҮН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН БАШКА СУБЪЕКТТЕРГЕ БЕРҮҮГӨ УКУКСУЗ. |
| [8-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары менен өз ара мамилеси Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын анын компетенциясынын чегинде кабыл алган токтомдору жана башка чечимдери аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү процессинин жүрүшүндө келип чыккан талаш-тартыштар тийиштүү соттор тарабынан белгиленген тартипте чечилет. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органынын компетенциясына кирген маселелер боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аны менен макулдашпай туруп кабыл алган токтомдору менен буйруктары жараксыз болуп эсептелет жана юридикалык жактар менен жарандар тарабынан аткарууга алынбайт.] | 8-БЕРЕНЕ КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН |
| 9-статья. Менчиктин мамлекеттер аралык маселелерин чечүү Мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жерлерде менчик укуктарын коргоого байланышкан маселелерди мамлекеттер аралык келишимдерге (макулдашууларга) ылайык чечет. Кыргыз Республикасынын башка республикалардын (мамлекеттердин) аймагындагы менчигин мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан ошол республикалардын (мамлекеттердин) мыйзамдары боюнча жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын аймагындагы мүлктүк комплекстерге карата башка республикалардын (мамлекеттердин) менчик укуктарын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча мамлекеттер аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө акылуу. | 9-статья. Менчиктин мамлекеттер аралык маселелерин чечүү Мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жерлерде менчик укуктарын коргоого байланышкан маселелерди мамлекеттер аралык келишимдерге (макулдашууларга) ылайык чечет. Кыргыз Республикасынын башка республикалардын (мамлекеттердин) аймагындагы менчигин мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан ошол республикалардын (мамлекеттердин) мыйзамдары боюнча жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын аймагындагы мүлктүк комплекстерге карата башка республикалардын (мамлекеттердин) менчик укуктарын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча мамлекеттер аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө акылуу. |
| 11-статья. Мамлекеттик мүлктү сатуучулар Мамлекеттик мүлктү сатууну мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. Мамлекеттик мүлктү сатуучулардын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. | 11-статья. Мамлекеттик мүлктү сатуучулар Мамлекеттик мүлктү сатууну мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. Мамлекеттик мүлктү сатуучулардын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. |
| 15-статья. Менчиктештирүүнүн усулдарын колдонуу Менчиктештирүүнүн усулун тандоо менчиктештирүү объектисине жараша мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилерин менчиктештирүү усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат. | 15-статья. Менчиктештирүүнүн усулдарын колдонуу Менчиктештирүүнүн усулун тандоо менчиктештирүү объектисине жараша мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилерин менчиктештирүү усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат. |
| 18-статья. Кийин сатып алуу менен башкарууга берүү Кийин сатып алуу менен башкарууга берүү мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү ана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган башкаруучу менен келишим түзүү аркылуу менчиктештирүү объектин башкарууга берүү менчиктештирүү сулу болуп саналат. Келишим башкаруучу өзүнө алуучу милдеттенмелерди жана менчиктештирүү объектин сатып алуунун шарттарын аныктайт. Кийин сатып алуу менен башкарууга берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат. | 18-статья. Кийин сатып алуу менен башкарууга берүү Кийин сатып алуу менен башкарууга берүү мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган башкаруучу менен келишим түзүү аркылуу менчиктештирүү объектин башкарууга берүү менчиктештирүү усулу болуп саналат. Келишим башкаруучу өзүнө алуучу милдеттенмелерди жана менчиктештирүү объектин сатып алуунун шарттарын аныктайт. Кийин сатып алуу менен башкарууга берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат. |
| 21-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө маалымат Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндөгү маалымат мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан көрсөтүлгөн мүлктү сатууну ишке ашырууга чейин 30 күндөн кечиктирбестен массалык маалымат каражаттарында жарыяланууга тийиш. Менчиктештирүү объекттерин сатууда маалыматтык билдирүү формасында милдеттүү түрдө жарыялануучу маалыматтардын тизмесин мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган белгилейт. Мамлекеттик монополияга каршы органдын жана анын аймактык органдарынын сунуштарына ылайык маалыматтык билдирүүгө рынокто үстөмдүк кылуучу абалдагы менчиктештирүү объектинин продукциясынын (ишинин, кызматынын) үлүшү жөнүндөгү маалымат кошулат. Сатып алуучулар менчиктештирүү объекти жөнүндө башка маалыматтар менен белгиленген нерсе маалыматтык кабарда таанышууга укуктуу. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндөгү маалымат аталган бүтүмдөр аяктаган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө жарыяланууга тийиш. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматты жарыялоонун тартибин [мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган] аныктайт. Менчиктештирүү процессинде түзүлгөн ачык акционердик коомдун акцияларын сатуудагы маалыматтык билдирүүгө төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: мындай коомдун кыймылсыз мүлкү жайгашкан жер участкасынын аянты; мындай коомдун кыймылсыз мүлкүнүн мүнөздөмөсү; мындай коомдун акцияларын алып сатууга коюлган көрсөтмөлөр; мындай коомдун баланстык отчету; мындай коомдун продукциясынын (иш, кызмат көрсөтүү) негизги аттары; мындай коомдун кызматкерлеринин саны; Кыргыз Республикасынын резиденттери эместеринин, ошондой эле уюштуруучулар (катышуучулар) жана аффилирленген адамдар катары чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактары бар Кыргыз Республикасынын резиденттеринин катышуусуна карата чектөөлөр; сатып алуучулардын башка маалыматтар менен таанышуу тартиби. | 21-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө маалымат Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндөгү маалымат мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан көрсөтүлгөн мүлктү сатууну ишке ашырууга чейин 30 күндөн кечиктирбестен массалык маалымат каражаттарында жарыяланууга тийиш. Менчиктештирүү объекттерин сатууда маалыматтык билдирүү формасында милдеттүү түрдө жарыялануучу маалыматтардын тизмесин мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган белгилейт. Мамлекеттик монополияга каршы органдын жана анын аймактык органдарынын сунуштарына ылайык маалыматтык билдирүүгө рынокто үстөмдүк кылуучу абалдагы менчиктештирүү объектинин продукциясынын (ишинин, кызматынын) үлүшү жөнүндөгү маалымат кошулат. Сатып алуучулар менчиктештирүү объекти жөнүндө башка маалыматтар менен белгиленген нерсе маалыматтык кабарда таанышууга укуктуу. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндөгү маалымат аталган бүтүмдөр аяктаган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө жарыяланууга тийиш. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматты жарыялоонун тартибин ӨКМӨТҮ аныктайт. Менчиктештирүү процессинде түзүлгөн ачык акционердик коомдун акцияларын сатуудагы маалыматтык билдирүүгө төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: мындай коомдун кыймылсыз мүлкү жайгашкан жер участкасынын аянты; мындай коомдун кыймылсыз мүлкүнүн мүнөздөмөсү; мындай коомдун акцияларын алып сатууга коюлган көрсөтмөлөр; мындай коомдун баланстык отчету; мындай коомдун продукциясынын (иш, кызмат көрсөтүү) негизги аттары; мындай коомдун кызматкерлеринин саны; Кыргыз Республикасынын резиденттери эместеринин, ошондой эле уюштуруучулар (катышуучулар) жана аффилирленген адамдар катары чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактары бар Кыргыз Республикасынын резиденттеринин катышуусуна карата чектөөлөр; сатып алуучулардын башка маалыматтар менен таанышуу тартиби. |
| 23-статья. Өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим Менчиктештирилүүчү мамлекеттик ишкананы акционердик коомго же башка жоопкерчилиги чектелген коомго өзгөртүп түзүү жөнүндөгү чечим мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат. Рынокто үстөмдүк же монополиялык абалды ээлеген мамлекеттик ишканаларды өзгөртүп түзүү мамлекеттик монополияга каршы орган менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат. | 23-статья. Өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим Менчиктештирилүүчү мамлекеттик ишкананы акционердик коомго же башка жоопкерчилиги чектелген коомго өзгөртүп түзүү жөнүндөгү чечим мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат. Рынокто үстөмдүк же монополиялык абалды ээлеген мамлекеттик ишканаларды өзгөртүп түзүү мамлекеттик монополияга каршы орган менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат. |
| 24-статья. Мамлекеттик ишкананы менчиктештирүүгө даярдоо боюнча комиссия Мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган кабыл алынган чечимдин негизинде мамлекеттик ишкананы менчиктештирүүгө даярдоо боюнча комиссия (мындан ары - менчиктештирүү боюнча комиссия) түзөт жана өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартыл 6 айдан кечиктирбестен өзгөртүп түзүү мөөнөтүн белгилейт. Менчиктештирүү боюнча комиссиянын курамына мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын, кызыкчылыктары бар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү кирет. Менчиктештирүү боюнча комиссия аудитордук, консультациялык, баалоочу, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартууга укуктуу, алар өздөрү аткарган иштердин аныктай жана негиздүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. | 24-статья. Мамлекеттик ишкананы менчиктештирүүгө даярдоо боюнча комиссия Мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган кабыл алынган чечимдин негизинде мамлекеттик ишкананы менчиктештирүүгө даярдоо боюнча комиссия (мындан ары - менчиктештирүү боюнча комиссия) түзөт жана өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен өзгөртүп түзүү мөөнөтүн белгилейт. Менчиктештирүү боюнча комиссиянын курамына мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын, кызыкчылыктары бар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү кирет. Менчиктештирүү боюнча комиссия аудитордук, консультациялык, баалоочу, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартууга укуктуу, алар өздөрү аткарган иштердин аныктай жана негиздүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. |
| 25-статья. Акциялаштырууга даярдык Менчиктештирүү боюнча комиссия: мамлекеттик ишкананын мүлкүн инвентаризациялоонун жана финансылык отчетунун документтерине талдоо жүргүзөт; ишкананын финансылык-экономикалык абалына жана ишине талдоо жүргүзөт; мамлекеттик ишкананы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлүүчү акционердик коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн аныктайт. Эгерде мамлекеттик ишкана менчиктештирүү боюнча комиссиянын пикири боюнча аны акциялаштырганга чейин кандайдыр бир өзгөртүп түзүүгө муктаж болсо, менчиктештирүү боюнча комиссия мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүү) боюнча өзүнүн рекомендацияларын иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна киргизет, ал рекомендациялар мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткенден кийин колдонулат. Менчиктештирүү боюнча комиссия жүргүзүлгөн иштин негизинде отчет түзөт жана аны мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет. | 25-статья. Акциялаштырууга даярдык Менчиктештирүү боюнча комиссия; мамлекеттик ишкананын мүлкүн инвентаризациялоонун жана финансылык отчетунун документтерине талдоо жүргүзөт; ишкананын финансылык-экономикалык абалына жана ишине талдоо жүргүзөт; мамлекеттик ишкананы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлүүчү акционердик коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн аныктайт. Эгерде мамлекеттик ишкана менчиктештирүү боюнча комиссиянын пикири боюнча аны акциялаштырганга чейин кандайдыр бир өзгөртүп түзүүгө муктаж болсо, менчиктештирүү боюнча комиссия мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүү) боюнча өзүнүн рекомендацияларын иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна киргизет, ал рекомендациялар мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткенден кийин колдонулат. Менчиктештирүү боюнча комиссия жүргүзүлгөн иштин негизинде отчет түзөт жана аны мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет. |
| 26-статья. Уставдык капиталды түзүү Мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында пайда болгон чарбалык шериктештиктин (коомдун) уставдык капиталынын өлчөмүн аныктоо максатында мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик ишкананын мүлкүн баалоону жүргүзөт. Уставдык капиталды аныктоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен менчиктештирүүнүн өзгөчө режими белгиленген мүлктүн наркы, ошондой эле социалдык-турмуш-тиричилик жана социалдык-маданий багыттагы объекттердин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин менчигинде сактоо жөнүндө чечим кабыл алынган башка объекттердин наркы чыгарылат. | 26-статья. Уставдык капиталды түзүү Мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында пайда болгон чарбалык шериктештиктин (коомдун) уставдык капиталынын өлчөмүн аныктоо максатында мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик ишкананын мүлкүн баалоону жүргүзөт. Уставдык капиталды аныктоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен менчиктештирүүнүн өзгөчө режими белгиленген мүлктүн наркы, ошондой эле социалдык-турмуш-тиричилик жана социалдык-маданий багыттагы объекттердин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин менчигинде сактоо жөнүндө чечим кабыл алынган башка объекттердин наркы чыгарылат. |
| 27-статья. Өзгөртүп түзүүнү аяктоо Документтер бекитилгенден кийин мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасын акционердик же башка келишимдик коомго өзгөртүп түзүүнү ишке ашырат. | 27-статья. Өзгөртүп түзүүнү аяктоо Документтер бекитилгенден кийин мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасын акционердик же башка келишимдик коомго өзгөртүп түзүүнү ишке ашырат. |
| 28-статья. Мүлктү тескөөгө убактылуу чектөөлөр Мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган акционердик коомго (жоопкерчилиги чектелген коомго) өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алган мамлекеттик ишкана, органдын макулдугу жок негизги фонддордун баланстык наркын төмөндөтүүчү мүлккө кандайдыр бир бүтүмдөрдү жасоого укуксуз. | 28-статья. Мүлктү тескөөгө убактылуу чектөөлөр Мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган акционердик коомго (жоопкерчилиги чектелген коомго) өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алган мамлекеттик ишкана, органдын макулдугу жок негизги фонддордун баланстык наркын төмөндөтүүчү мүлккө кандайдыр бир бүтүмдөрдү жасоого укуксуз. |
| 33-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө ага акы төлөө тартиби Сатып алуучу сатып алган мамлекеттик мүлккө акы төлөөнү мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган белгилөөчү жана сатып алуу-сатуу келишимдеринде чагылдырылган ылайыктуу мөөнөттө жүргүзөт. | 33-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө ага акы төлөө тартиби Сатып алуучу сатып алган мамлекеттик мүлккө акы төлөөнү мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган белгилөөчү жана сатып алуу-сатуу келишимдеринде чагылдырылган ылайыктуу мөөнөттө жүргүзөт. |
| 34-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө төлөм каражаттары Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө Кыргыз Республикасынын акча бирдиги улуттук валюта) мыйзамдуу төлөм каражаты деп эсептелет. Мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча менчиктештирүүнүн конкреттүү объекти үчүн башка өлкөлөрдүн акча бирдиктери төлөм каражаты болуп табылышы мүмкүн. Мамлекеттик мүлк үчүн башка өлкөлөрдүн акча бирдиктери менен төлөөдө банктын чыгымдары жана курстук айырма сатып алуучунун эсебинен төлөнөт. | 34-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө төлөм каражаттары Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө Кыргыз Республикасынын акча бирдиги (улуттук валюта) мыйзамдуу төлөм каражаты деп эсептелет. Мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча менчиктештирүүнүн конкреттүү объекти үчүн башка өлкөлөрдүн акча бирдиктери төлөм каражаты болуп табылышы мүмкүн. Мамлекеттик мүлк үчүн башка өлкөлөрдүн акча бирдиктери менен төлөөдө банктын чыгымдары жана курстук айырма сатып алуучунун эсебинен төлөнөт. |
| 36-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн жол-жоболоштуруу Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жана сатып алуучунун ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт. Мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишими милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү: мүлктү сатуучу жана сатып алуучу жөнүндө маалыматтарды; келишимдин предметинин аныктамасын; менчиктештирүү объекти жөнүндө маалыматтарды; мамлекеттик мүлктү сатуу баасын; сатып алынган мүлк үчүн төлөө формасын жана мөөнөтүн; ага ылайык көрсөтүлгөн мүлктү сатып алуучу сатып алган инвестициялык жана (же) социалдык шарттарын; ошондой шарттардын аткарылгандыгын сатып алуучу тарабынан ырастоонун тартибин; сатып алуучу сатуу-сатып алуу келишиминин шарттарын аткарбаганда келишимди бузуунун тартибин; өз ара макулдашуу боюнча мындай келишимдин тараптары белгилеген башка шарттарын камтууга тийиш. Менчиктештирүү объектине карата сатып алуучунун бардык милдеттенмелеринин саны жана аткаруу мөөнөтү болууга тийиш. Мамлекеттик мүлккө менчик укугу мамлекеттик мүлккө сатып алуу-сатуу келишими белгилеген тартипте мамлекеттен аны сатып алуучуларга өтөт. | 36-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн жол-жоболоштуруу Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жана сатып алуучунун ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт. Мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишими милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү: мүлктү сатуучу жана сатып алуучу жөнүндө маалыматтарды; келишимдин предметинин аныктамасын; менчиктештирүү объекти жөнүндө маалыматтарды; мамлекеттик мүлктү сатуу баасын; сатып алынган мүлк үчүн төлөө формасын жана мөөнөтүн; ага ылайык көрсөтүлгөн мүлктү сатып алуучу сатып алган инвестициялык жана (же) социалдык шарттарын; ошондой шарттардын аткарылгандыгын сатып алуучу тарабынан ырастоонун тартибин; сатып алуучу сатуу-сатып алуу келишиминин шарттарын аткарбаганда келишимди бузуунун тартибин; өз ара макулдашуу боюнча мындай келишимдин тараптары белгилеген башка шарттарын камтууга тийиш. Менчиктештирүү объектине карата сатып алуучунун бардык милдеттенмелеринин саны жана аткаруу мөөнөтү болууга тийиш. Мамлекеттик мүлккө менчик укугу мамлекеттик мүлккө сатып алуу-сатуу келишими белгилеген тартипте мамлекеттен аны сатып алуучуларга өтөт. |
| 37-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмүн жокко чыгаруу Эгерде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын жоболорун, ошондой эле мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминин шарттарын бузуу менен ишке ашырылса. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик мүлктү [менчиктештирүү жана башкаруу боюнча] ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган, мүлктүн сатып алуучулары, Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын органдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн бузуу, жоопкерчилик чараларын көрүү, көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жокко чыгаруу, жараксыз бүтүмдү жокко чыгаруунун кесепеттерин жоюу, Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамдарынын бузулушун четтетүү жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу сот тартибинде доо коюуга (иш козгоого) укуктуу. Мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимдеринде анын саны көрсөтүлбөсө, келишим түзүлгөндөн тартып жараксыз деп табылат жана укуктук кесепеттерди пайда кылбайт. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн жараксыз деп табуу жөнүндө талаштар Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө каралат. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү ушул Мыйзамда белгиленген ыкмалардан башка ыкмалар менен ишке ашырууга жол берилбейт, ал эми андай мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрү ал түзүлгөндөн тартып жараксыз деп табылат жана укуктук кесепеттерди пайда кылбайт. | 37-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмүн жокко чыгаруу Эгерде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын жоболорун, ошондой эле мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминин шарттарын бузуу менен ишке ашырылса. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик мүлктү БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган, мүлктүн сатып алуучулары, Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын органдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн бузуу, жоопкерчилик чараларын көрүү, көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жокко чыгаруу, жараксыз бүтүмдү жокко чыгаруунун кесепеттерин жоюу, Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамдарынын бузулушун четтетүү жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу сот тартибинде доо коюуга (иш козгоого) укуктуу. Мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимдеринде анын саны көрсөтүлбөсө, келишим түзүлгөндөн тартып жараксыз деп табылат жана укуктук кесепеттерди пайда кылбайт. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн жараксыз деп табуу жөнүндө талаштар Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө каралат. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү ушул Мыйзамда белгиленген ыкмалардан башка ыкмалар менен ишке ашырууга жол берилбейт, ал эми андай мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрү ал түзүлгөндөн тартып жараксыз деп табылат жана укуктук кесепеттерди пайда кылбайт. |
| 39-статья. Менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жоопкерчилик Ушул Мыйзамды, башка мыйзамдарды жана аларга ылайык кабыл алынган менчиктештирүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузгандык үчүн жеке жана юридикалык жактар, [мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана жазык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартат. Менчиктештирүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген чыгымдар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга тийиш. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча: Кыргыз Республикасынын атынан сотторго чыгууга; жазык иш козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн укук коргоо органдарына, материалдарды жиберүүгө укуктуу. | 39-статья. Менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жоопкерчилик Ушул Мыйзамды, башка мыйзамдарды жана аларга ылайык кабыл алынган менчиктештирүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузгандык үчүн жеке жана юридикалык жактар, МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ САЯСАТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана жазык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартат. Менчиктештирүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген чыгымдар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга тийиш. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча: Кыргыз Республикасынын атынан сотторго чыгууга; жазык иш козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн укук коргоо органдарына материалдарды жиберүүгө укуктуу. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 14-июнундагы № 2023-V "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана…Постановление · 14.06.2012 · № 2023-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 28-июнундагы № 2187-V "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана…Постановление · 28.06.2012 · № 2187-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 4-октябрындагы № 2353-V "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана…Постановление · 04.10.2012 · № 2353-V
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 (Жумушчу топтор түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 10.01.2012 · № 5
- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 23.06.2011 · № 54
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 22.05.2018 · № 52
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2011 · № 762 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон