КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 3 июня 2013 года № 311 "О вопросах реорганизации Департамента внешней миграции при Министерстве труда, миграции и молодежи Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-06-03.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 311 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 139 Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнүн бекитилгенине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдында Тышкы миграция департаменти түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкү бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин чектелген штаттык саны белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин борбордук аппараты - 18 адам;
- аймактык органдар - 11 адам.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти тышкы миграция маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкө жарандары жана чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандары менен иштөө боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин ведомстволук органы болуп эсептелээри белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
5. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
┌──────────────────────────────┐ │ Кыргыз Республикасынын Эмгек,│ │ миграция жана жаштар │ │ министрлигинин алдындагы │ │ Тышкы миграция департаменти │ └───────────────┬──────────────┘ │ │ ┌─────────┴────────┐ │Борбордук аппарат │ └─────────┬────────┘ │ │ ┌─────────┴───────┐ │Аймактык органдар│ └─────────────────┘
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментин кайра уюштуруу маселелери…Постановление · 03.06.2013 · № 311 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №87 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелериндеги…Постановление · 02.03.2011 · № 87 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)

- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2011 · № 762 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментин кайра уюштуруу маселелери…Постановление · 03.06.2013 · № 311 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.04.2013 · № 212 · Күчүн жоготкон