Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-12-28.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 121 Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 252, 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570, 2015-жылдын 24-июну № 406, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин укуктук мураскери , турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелээри белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин Атайын каражаттары жөнүндө жободо:
- аталышында, жана бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги бүткүл текст боюнча "работникам" деген сөз "сотрудникам" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын;
"- кенже техникалык персоналдын кызматтык маянасына үстөк акы белгилөө".
6. "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 429 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана 1-пункттунда ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө жободо:
- аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункттун бешинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктта "Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министри (мындан ары - министр)" деген сөздөр алып салынсын.
(жетинчи пункт КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы №570 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана 1-пункттунда "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Уставында:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттун экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункттун алтынчы абзацында "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана 1-пункттунда ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө жободо:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8-пункт:
- төртүнчү абзацындагы "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он үчүнчү абзацындагы "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он бешинчи абзацындагы "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункттун үчүнчү абзацындагы "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын калкты социалдык "коргоо боюнча министринин макулдугу менен Министрликтин статс-катчысы" деген сөздөр "статс-катчынын сунушу боюнча министр" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-6-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
- 7-пунктта:
экинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын; төртүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 8-13-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570, 2015-жылдын 24-июну № 406 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 18 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (18)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.04.2011 · № 169
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы №517 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2011 · № 517
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №511 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө"…Постановление · 25.08.2011 · № 511
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №429 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору…Постановление · 29.07.2011 · № 429
- КР Өкмөтнүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2015 · № 888
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин атайын каражаттары…Положение · 19.04.2011 · № 169
- "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 121
- "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча" НУСКАМА (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен…Инструкция · 31.05.2017 · № 313
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабры № 317 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү…Постановление · 17.12.2021 · № 317
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы №477 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды…Постановление · 22.08.2011 · № 477 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 15-июлундагы № 347 (Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегия мүчөлөрүн бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 15.07.2013 · № 347 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 401 (Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегия мүчөлөрү бекитүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 17.04.2012 · № 401 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2014-жылдын 21-августундагы № 360 (Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегия мүчөлөрүн бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 21.08.2014 · № 360 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 28 декабрындагы № 888 токтомуПостановление · 28.12.2015 · № 888
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 168 токтомуПостановление · 31.03.2015 · № 168
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №317 токтомуПостановление · 17.12.2021 · № 317
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 252 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери…Постановление · 07.05.2013 · № 252 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (10)
- КР Өкмөтнүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2015 · № 888
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.04.2011 · № 169
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №429 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору…Постановление · 29.07.2011 · № 429
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору…Постановление · 18.10.2013 · № 570
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №511 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө"…Постановление · 25.08.2011 · № 511
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы №517 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2011 · № 517
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2011 · № 762 · Күчүн жоготкон
10 ичинен 8 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2015 · № 168
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.06.2015 · № 347
- 2011-жылдын 23-декабры №1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2011 · № 1452-V · Күчүн жоготкон