Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН «»Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу», «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» жана «Энергияны үнөмдөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-05-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 15-майы № 295 "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри аталган мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-статьяда:
1) сегизинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "энергетика жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) он төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Энергетика жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - энергетика жаатында саясатты иштеп чыгууну жана мамилелерди жөнгө салууну ишке ашыруучу Өкмөт ыйгарым укук берген аткаруу бийлиги органы;";
3) төмөнкү мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"энергетика жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын иштеп чыгуу, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөнүн техникалык коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжалуулугу жаатында жөнгө салууну ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.".
2. 6-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отун-энергетика комплексиндеги ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү энергетикалык программаны аныктайт жана ушул Мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык ушул программаны ишке ашырууга контролдоону жүзөгө ашырат, отун-энергетикалык комплекси ишканаларынын өндүрүштүк жана чарбалык иштерине түздөн-түз кийлигишпейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отун-энергетикалык комплекс жаатындагы функциялары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- отун-энергетикалык комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- отун-энергетикалык комплексинин продукцияларына жалпы баа саясатын аныктоо;
- экономикалык негизделген жана социалдык жактан алгылыктуу баажана тариф түзүүнүн механизмдерин белгилөө;
- компетенциясынын чегинде отун-энергетикалык комплексиндеги мамилелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
- отун-энергетикалык комплекси жаатында мамилелерди жөнгө салууга багытталган Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын тийиштүү аткарууга контролдоону ишке ашыруу;
- суу, минералдык жана башка энергетикалык ресурстарын пайдаланууга укуктарды жана мүлктүк укуктарды берүү жана өткөрүп берүү.".
3. 8-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"8-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар
Энергетика жаатында саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар энергетикалык ишканалардан көз карандысыз иштешет жана алардын өндүрүштүк жана чарбалык иштерине түздөн-түз кийлигишпейт. Энергетика жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн ишин төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырат:
1. Отун-энергетикалык комплексинде монополиялык иштин терс кесепеттерин болтурбоо үчүн иш жөнүндө макулдашууларды пайдаланат.
2. Атаандаштык мүмкүн болгон тармактарда:
а) энергетика жаатындагы рынокторду өнүктүрүүнү жана атаандаш өндүрүүчүлөрдүн пайда болушун колдойт;
б) атаандаштык үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Энергетика жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- отун-энергетикалык комплексинде инвестицияларды тартуу үчүн зарыл шарттарды түзүү;
- Улуттук энергетикалык программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- энергетика жана жылуулук өнөр жайы жаатында иштин терс таасирлеринен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча программа иштеп чыгуу;
- отун-энергетикалык комплексинин тармактарын монополиядан ажыратуу боюнча программаларды иштеп чыгуу;
- энергияны үнөмдөө боюнча программаларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электр-, жылуулук энергияны жана жаратылыш газын өндүрүү, өткөрүп берүү, бөлүштүрүү жана сатуу укугуна лицензия берүү;
- өндүрүүчүлөрдү монополиядан ажыратуу саясатын жүргүзүү, атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү, электр берүү жана газ менен камсыз кылуу системасынын линияларына бардык атаандаштардын жетүүсүнүн бирдей мүмкүнчүлүктөрүн жана шарттарын камсыз кылуу;
- электр-, жылуулук энергия жана жаратылыш газын, көмүрдү, нефтини, нефтепродуктуларын натыйжалуу пайдаланууга көмөк көрсөтүү;
- кайта жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди бекитүү;
- кардарлардын даттанууларын териштирүү механизмин иштеп чыгуу жана энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана электр энергиясын керектөөчүлөр менен аларды берүүчү ишканалардын ортосундагы, ошондой эле ишканалардын өздөрүнүн ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү;
- башка мамлекеттик органдар менен бирдикте техникалык жардам программаларын координациялоо;
- энергияны үнөмдөө программаларын ишке ашыруу;
- отун-энергетикалык комплексинин тармактарын монополиядан ажыратуу боюнча программаларды ишке ашыруу.
Энергетика жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- отун-энергетикалык комплексинде мамилелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу;
- энергетикалык ресурстарды пайдалануу үчүн контролдоону ишке ашыруу жана аларды кармоо.".
4. 9-статья күчүн жоготту деп табылсын.
5. 10-статьяда "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөр "Энергетика жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 11-статья күчүн жоготту деп табылсын.
7. 12-статьяда "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "энергетика жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 16-статьянын 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "энергетика жаатында саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Too" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статьяда:
1) жыйырма тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Энергетика жаатындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - энергетика тармагындагы мамилелерди жөнгө салууну ишке ашыруучу Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.";
2) төмөнкү мазмундагы отузунчу абзац менен толукталсын:
"Энергетика жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын иштеп чыгуу, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөнүн техникалык коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжалуулугу жаатында функцияларды ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.".
2. 3-статья төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Энергетика жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын иштеп чыгуу, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөнүн техникалык коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжалуулугуна көзөмөлдөө жана контролдоо жүргүзөт.".
3. 3, 6, 12, 13, 15, 18, 21, 25, 32-беренелердеги түрдүү жөндөмөдөгү "энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Энергетика жаатындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 5-статьядагы "энергетика боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктук мамлекеттик органы" деген сөздөр "Энергетика жаатындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 17-статьянын 4-бөлүгүндөгү "энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "энергетика жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 27-статьянын 2-бөлүгүндөгү "энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "энергетика жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 12, 497-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 6 жана 6-1-статьялары төмөнкү редакцияда берилсин:
"6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергияны үнөмдөө боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергияны үнөмдөө жагындагы ыйгарым укуктары төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- энергияны үнөмдөө жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- энергияны үнөмдөө жагындагы саясатты иштеп чыгуу, ошондой эле көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча энергияны үнөмдөөнүн мамлекеттик системасынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын түзүмүн аныктоо;
- "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга ылайык Улуттук энергетикалык программаны ишке ашырууга контролдоо жүргүзүү;
- компетенциясынын чегинде энергияны үнөмдөө жагындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
- энергияны үнөмдөөнүн региондук жана тармактык программаларын бекитүү.
6-1-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
Энергияны үнөмдөө жагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- отунду жана энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында инвестицияларды тартуу үчүн зарыл шарттарды түзүү;
- энергияны үнөмдөө боюнча илимий изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди координациялоо;
- ушул тармактагы натыйжалуу энергия техникасын жана продукцияны, алдыңкы технологияны, башкаруу ыкмаларын жана илимий изилдөөлөрдү ишке киргизүү, энергиянын экинчилик ресурстарын жана калдыктарды утилдештирүү, ошондой эле күндүн, шамалдын, суунун энергиясын жана энергия башка булактарын пайдалануучу технологияларды киргизүү боюнча долбоорлордун жүзөгө ашырылышына көмөк көрсөтүү;
- энергияны эсептөө, контролдоо жана башкаруу приборлорунун, энергиялык жактан натыйжалуу жана экологиялык жактан коопсуз энергетикалык орнотмолордун, курулуш материалдарынын жана буюмдарынын өнөр жайлык базасын өнүктүрүүгө жана аларды чыгарууга көмөктөшүү;
- энергияны үнөмдөө жагындагы ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- энергияны үнөмдөөнүн региондук жана тармактык программаларын иштеп чыгууну координациялоо, аларды андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берүү;
- энергияны үнөмдөөнүн ченемдик укуктук, усулдук жана экономикалык механизмдерин иштеп чыгуу жана кайта жаңылануучу энергетикалык ресурстарды пайдаланууга түрткү берүү;
- энергияны үнөмдөө жагында илимий изилдөөлөрдү уюштуруу;
- эл аралык кызматташууга катышуу.
Энергияны үнөмдөө жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- отун-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн техникалык көзөмөлдү уюштурууну жана жүзөгө ашырууну;
- электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөрдүн энергия менен жабдуучу уюмдардын тармагына кирүүсүн камсыз кылуу жана тармактардын иш режиминин зарыл болгон техникалык жана башка ченемдерин сактоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну.".
2. 7-статьяда:
1) 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органдары энергияны үнөмдөөнүн региондук жана тармактык программаларын ишке ашырууну камсыз кылышат.";
2) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "мамлекеттик жана аймактык" деген сөздөр "региондук жана тармактык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 8-статьяда:
1) 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген энергияны үнөмдөө тармагындагы мамлекеттик орган" деген сөздөр "энергияны үнөмдөө жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4 жана 5-бөлүктөрүндөгү түрдүү жөндөмөдөгү "энергияны үнөмдөө тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "энергияны үнөмдөө жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 9-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик энергетика инспекциясы тарабынан" деген сөздөр "энергияны үнөмдөө жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 11-статьянын 5-бөлүгүндөгү "Энергияны үнөмдөө тармагындагы ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Энергияны үнөмдөө жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 15-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү укук берген орган" деген сөздөр "энергияны үнөмдөө жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Кыргыз Республикасынын "Энергетика жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбооруна
Белгилей кетчү нерсе, аткаруу бийлик бутактары органдарын административдик реформалоо ишинин жүрүшүндө Өкмөт тарабынан мамлекеттик органдардын функцияларын чектей турчу, ошондой эле Өкмөткө баш ийген жаңы административдик ведомстволуктардын структурасын аныктай турчу негизги эки документ (2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 жана 2012-жылдын 12-январындагы № 12) кабыл алынган. Көрсөтүлгөн реформалоо иштери Премьер-министр тарабынан аныкталган мамлекеттин өнүгүүсүндөгү алгылыктуу иш-чараларга байланыштуу өткөрүлүүдө. Ал 2011-жылдын 23-декабрында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип, Өкмөттүн программасында чагылдырылган. Ошентип, административдик реформага карата негизги кадамдардын бири болуп, мамлекеттик органдардын контролдук-көзөмөлдөөчү функцияларын компетенцияларынын чегинде эки мамлекеттик инспекциянын биринин көзөмөлүнө өткөрүп берүү саналат. Өкмөттүн Программасын жүзөгө ашыруу максатында Премьер-министрдин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 буйругу менен аткаруу бийлик системасына карата өткөрүлүп жаткан реформалоо ишинен келип чыга турчу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдоо жана инвентаризациялоо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Аталган жумушчу топтун ишмердүүлүгүн Юстиция министрлиги жетекчиликке алат. Аталган топтун ишмердүүлүгүнүн чегинде Юстиция министрлиги менен биргеликте тиешелүү багыт боюнча айрым бир мамлекеттик органдар тарабынан саясатты аныктоо жана көзөмөлдөөчү функцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктардын бир гана мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүп калышына жол бербөө максатында бир катар мыйзам актыларына оңдоолорду киргизүү боюнча маселе иштелип чыккан. Бул Мыйзам долбоору аркылуу "Энергетика жөнүндө" Мыйзамына бир катар оңдоолор киргизилет. Атап айтсак, долбоордо аткаруу бийлигинин эки органын аныктап чыгуу каралууда. Алардын бири - энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгып, мамилелерди жөнгө салуу ыйгарым укугуна ээ мамлекеттик орган, экинчиси - энергетика тармагындагы көзөмөлдү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган. Ал энергетика тармагындагы техникалык коопсуздукту камсыз кылуу функциясын аткарат. Ошондой эле жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзам долбоорунун бардык тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" аталышы тиешелүү компетенцияларынын чегинде "Энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" жана "Энергетика тармагындагы көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" термини менен алмаштырылуусу караштырылууда. Мындан сырткары, улуттук жана эл аралык мыйзамдарда бекитилген азыркы нормаларга анализ жүргүзүүнүн натыйжасында, бул мыйзам долбоорундагы нормалар иштиктүү ченемдик-укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгын белгилей кетебиз жана жөнгө салуучу таасирин талдоодон өткөрүүнүн кереги жок экендигин белгилейбиз. Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык ушул сунуш кылынган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын сайтында коомдук талкууга коюу үчүн жайгаштырылган. Ошону менен бирге, коомдук талкуунун негизинде мыйзам долбоорунун кандайдыр бир жоболорун жакшыртуу иретинде сунуштар түшкөн жок. Кошумчалай кетчү нерсе, бул мыйзам долбоорун кабыл алуу, мамлекеттик бюджетке кошумча каржылык чыгымдарды жаратпайт.
Министр
А.Шыкмаматов
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Кыргыз Республикасынын "Электр энергетика жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбооруна
Белгилей кетчү нерсе, аткаруу бийлик бутактары органдарын административдик реформалоо ишинин жүрүшүндө Өкмөт тарабынан мамлекеттик органдардын функцияларын чектей турчу, ошондой эле Өкмөткө баш ийген жаңы административдик ведомстволуктардын структурасын аныктай турчу негизги эки документ (2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 жана 2012-жылдын 12-январындагы № 12) кабыл алынган. Көрсөтүлгөн реформалоо иштери Премьер-министр тарабынан аныкталган мамлекеттин өнүгүүсүндөгү алгылыктуу иш-чараларга байланыштуу өткөрүлүүдө. Ал 2011-жылдын 23-декабрында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип, Өкмөттүн программасында чагылдырылган. Ошентип, административдик реформага карата негизги кадамдардын бири болуп, мамлекеттик органдардын контролдук-көзөмөлдөөчү функцияларын компетенцияларынын чегинде эки мамлекеттик инспекциянын биринин көзөмөлүнө өткөрүп берүү саналат. Өкмөттүн Программасын жүзөгө ашыруу максатында Премьер-министрдин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 буйругу менен аткаруу бийлик системасына карата өткөрүлүп жаткан реформалоо ишинен келип чыга турчу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдоо жана инвентаризациялоо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Аталган жумушчу топтун ишмердүүлүгүн Юстиция министрлиги жетекчиликке алат. Бул Мыйзам долбоору аркылуу компетенциясына энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана көзөмөлдүккө алуу иштери кирген эки мамлекеттик органдын функциялары аныкталып, ошондой эле чектелген "Электр энергетика жөнүндө" Мыйзамга тиешелүү оңдоолордун киргизүү караштырылууда. Муну менен бирге электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газын үзгүлтүксүз иштеп чыгуу, берүү, бөлүштүрүү жана керектөө, ошондой эле аларды натыйжалуу пайдалануу, техникалык коопсуздугун камсыз кылуу функциялары энергетика тармагындагы көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилди. Мындан сырткары, улуттук жана эл аралык мыйзамдарда бекитилген азыркы нормаларга анализ жүргүзүүнүн натыйжасында, бул мыйзам долбоорундагы нормалар иштиктүү ченемдик-укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгын белгилей кетебиз жана жөнгө салуучу таасирин талдоодон өткөрүүнүн кереги жок экендигин белгилейбиз. Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык ушул сунуш кылынган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын сайтында коомдук талкууга коюу үчүн жайгаштырылган. Ошону менен бирге, коомдук талкуунун негизинде мыйзам долбоорунун кандайдыр бир жоболорун жакшыртуу иретинде сунуштар түшкөн жок. Кошумчалай кетчү нерсе, бул мыйзам долбоорун кабыл алуу, мамлекеттик бюджетке кошумча каржылык чыгымдарды жаратпайт.
Министр
А.Шыкмаматов
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Кыргыз Республикасынын "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбооруна
Белгилей кетчү нерсе, аткаруу бийлик бутактары органдарын административдик реформалоо ишинин жүрүшүндс Өкмөт тарабынан мамлекеттик органдардын функцияларын чектей турчу, ошондой эле Өкмөткө баш ийген жаңы административдик ведомстволуктардын структурасын аныктай турчу негизги эки документ (2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 жана 2012-жылдын 12-январындагы № 12) кабыл алынган. Көрсөтүлгөн реформалоо иштери Премьер-министр тарабынан аныкталган мамлекеттин өнүгүүсүндөгү алгылыктуу иш-чараларга байланыштуу өткөрүлүүдө. Ал 2011-жылдын 23-декабрында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип, Өкмөттүн программасында чагылдырылган. Ошентип, административдик реформага карата негизги кадамдардын бири болуп, мамлекеттик органдардын контролдук-көзөмөлдөөчү функцияларын компетенцияларынын чегинде эки мамлекеттик инспекциянын биринин көзөмөлүнө өткөрүп берүү саналат. Өкмөттүн Программасын жүзөгө ашыруу максатында Премьер-министрдин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 буйругу менен аткаруу бийлик системасына карата өткөрүлүп жаткан реформалоо ишинен келип чыга турчу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдоо жана инвентаризациялоо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Аталган жумушчу топтун ишмердүүлүгүн Юстиция министрлиги жетекчиликке алат. Аталган топтун ишмердүүлүгүнүн чегинде Юстиция министрлиги менен биргеликте тиешелүү багыт боюнча айрым бир мамлекеттик органдар тарабынан саясатты аныктоо жана көзөмөлдөөчү функцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктардын бир гана мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүп калышына жол бербөө максатында бир катар мыйзам актыларына оңдоолорду киргизүү боюнча маселе иштелип чыккан. Бул Мыйзам долбоору аркылуу "Энергия үнөмдөө жөнүндө" Мыйзамга бир катар оңдоолор киргизилет. Атап айтсак, энергия үнөмдөө тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарымдарын ачыктай турчу жана энергия үнөмдөө тармагындагы саясатты иштеп чыгып, жүзөгө ашыра турчу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аталган тармактагы техникалык коопсуздукту камсыздоо функциясына ээ энергия үнөмдөө тармагындагы көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын чектей турчу 6-1-берене жаңы редакцияда берилет. Мындан сырткары, мамлекеттик органдардын функцияларынын жогорудагыдай чектелишинен сырткары, бүтүндөй текст боюнча энергия үнөмдөө тармагындагы мамлекеттик органдардын аталышы, функцияларына энергия үнөмдөө тармагындагы техникалык коопсуздукту камсыз кылуу мамилелерин жөнгө салуу кире турчу "энергия үнөмдөө тармагындагы саясатты иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" жана "энергия үнөмдөө тармагындагы көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген универсалдуу термин менен алмаштырылат. Ошондой эле, улуттук жана эл аралык мыйзамдарда бекитилген азыркы нормаларга анализ жүргүзүүнүн натыйжасында, бул мыйзам долбоорундагы нормалар иштиктүү ченемдик-укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгын белгилей кетебиз жана жөнгө салуучу таасирин талдоодон өткөрүүнүн кереги жок экендигин белгилейбиз. Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык ушул сунуш кылынган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын сайтында коомдук талкууга коюу үчүн жайгаштырылган. Ошону менен бирге, коомдук талкуунун негизинде мыйзам долбоорунун кандайдыр бир жоболорун жакшыртуу иретинде сунуштар түшкөн жок. Кошумчалай кетчү нерсе, бул мыйзам долбоорун кабыл алуу, мамлекеттик бюджетке кошумча каржылык чыгымдарды жаратпайт.
Министр
А.Шыкмаматов
"Энергетика жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦА
| Иштиктүү таблица | Сунуш кылынган таблица |
|---|---|
| 3-статья. Терминдердин аныктамалары Ушул Мыйзамда төмөндө саналып өткөн терминдер төмөндөгүдөй мааниге ээ болот: жаңыланып туруучу энергетикалык ресурстар - табигый түрдө пайда болгон, жаратылыш тарабынан такай жаңыланып турган жана геотермалдык, күн, суу энергияларына жана шамалдын энергиясына өтүшү мүмкүн болгон ресурстар; кайталанма энергетикалык ресурстар - баштапкы энергетикалык ресурстарды кайра иштетүү учурунда алынган ресурстар, мында кайра иштетүүнүн процессинде баштапкы энергиянын бир бөлүгү жоголот; отун-энергетикалык комплексиндеги иш - энергияны өндүрүү, ташуу, берүү, бөлүштүрүү, сактоо, кайра иштетүү, бир түрдөн экинчи түргө өткөрүү, трансформациялоо, энергетикалык ресурстар жана продуктылар менен соода кылуу же сатуу; отун-энергетикалык комплексинин тармагы - отун-энергетикалык комплексинин курамдык бөлүгү (көмүр, мунайзат, газ, электр энергетикасы жана башкалар); баштапкы энергетикалык ресурстар - отун катарында жана энергиянын башка түрлөрүн (ядролук отун, суу, күн энергиясы, шамалдын жана геотермалдык булактардын энергиясы) алуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон табигый абалдагы ресурстар (мунайзат, табигый газ, күйүүчү сланец, көмүр, чым көң); отун-энергетикалык комплексинин ишканалары - отун-энергетикалык комплексинде бир же бир нече иш жүргүзгөн ишканалар, буга менчигинин түрүнө карабастан, табигый монополисттер кирет; [иш жөнүндө макулдашуу - Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен лицензиянын ээсинин ортосундагы лицензиянын ээсинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча күч аракеттердин боло турган натыйжаларын аныктаган макулдашуу;] отун-энергетикалык комплекси - көмүр, мунайзат, газ, отун жана энергия менен камсыз кылууда иштеген жана керектөө системаларындагы жана аймактык кичи системалардагы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес структураларды камтыган экономиканын өз ара байланышта болгон тармактарынын жыйындысы; энергетикалык продуктылар - отундун ар кандай түрлөрү, мунайзат продуктылары энергетикалык ресурстардын кандай гана болбосун түрлөрүнөн иштелип чыгуучу, электр жана жылуулук энергиясы; энергияны сактоо - энергияны өндүрүүдө бир түрдөн экинчи түргө өткөрүүдө, ташууда жана керектөөдө сарамжал пайдалануу жана коромжулуктарды кыскартуу; энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр - энергия ресурстарын берүү, бөлүштүрүү, сатуу, сактоо (электр жана жылуулук энергияларын сактоодон башка) жана энергия ресурстарын ташуу; электр энергиясы - параметрлерин белгиленген чектерде туруктуу, үзгүлтүксүз жана сапаттуу кармап турууну талап кылган, бир учурда чыгарылуучу жана керектелүүчү товардын өзгөчө түрү; Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - энергетика тармагындагы мамилелердин жөнгө салынышын жана контролдонушун ишке ашыруу үчүн Өкмөт ыйгарым укук берген мамлекеттик орган. | 3-статья. Терминдердин аныктамалары Ушул Мыйзамда төмөндө саналып өткөн терминдер төмөндөгүдөй мааниге ээ болот: жаңыланып туруучу энергетикалык ресурстар - табигый түрдө пайда болгон, жаратылыш тарабынан такай жаңыланып турган жана геотермалдык, күн, суу энергияларына жана шамалдын энергиясына өтүшү мүмкүн болгон ресурстар; кайталанма энергетикалык ресурстар - баштапкы энергетикалык ресурстарды кайра иштетүү учурунда алынган ресурстар, мында кайра иштетүүнүн процессинде баштапкы энергиянын бир бөлүгү жоголот; отун-энергетикалык комплексиндеги иш - энергияны өндүрүү, ташуу, берүү, бөлүштүрүү, сактоо, кайра иштетүү, бир түрдөн экинчи түргө өткөрүү, трансформациялоо, энергетикалык ресурстар жана продуктылар менен соода кылуу же сатуу; отун-энергетикалык комплексинин тармагы - отун-энергетикалык комплексинин курамдык бөлүгү (көмүр, мунайзат, газ, электр энергетикасы жана башкалар); баштапкы энергетикалык ресурстар - отун катарында жана энергиянын башка түрлөрүн (ядролук отун, суу, күн энергиясы, шамалдын жана геотермалдык булактардын энергиясы) алуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон табигый абалдагы ресурстар (мунайзат, табигый газ. күйүүчү сланец, көмүр, чым көң); отун-энергетикалык комплексинин ишканалары - отун-энергетикалык комплексинде бир же бир нече иш жүргүзгөн ишканалар, буга менчигинин түрүнө карабастан, табигый монополисттер кирет; [иш жөнүндө макулдашуу - энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен лицензиянын ээсинин ортосундагы лицензиянын ээсинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча күч аракеттердин боло турган натыйжаларын аныктаган макулдашуу;] отун-энергетикалык комплекси - көмүр, мунайзат, газ, отун жана энергия менен камсыз кылууда иштеген жана керектөө системаларындагы жана аймактык кичи системалардагы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес структураларды камтыган экономиканын өз ара байланышта болгон тармактарынын жыйындысы; энергетикалык продуктылар - отундун ар кандай түрлөрү, мунайзат продуктылары энергетикалык ресурстардын кандай гана болбосун түрлөрүнөн иштелип чыгуучу, электр жана жылуулук энергиясы; энергияны сактоо - энергияны өндүрүүдө бир түрдөн экинчи түргө өткөрүүдө, ташууда жана керектөөдө сарамжал пайдалануу жана коромжулуктарды кыскартуу; энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр - энергия ресурстарын берүү, бөлүштүрүү, сатуу, сактоо (электр жана жылуулук энергияларын сактоодон башка) жана энергия ресурстарын ташуу; электр энергиясы - параметрлерин белгиленген чектерде туруктуу, үзгүлтүксүз жана сапаттуу кармап турууну талап кылган, бир учурда чыгарылуучу жана керектелүүчү товардын өзгөчө түрү; [Энергетика тармагындагы көзөмөл жана контрол жүргүзө турчу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Өкмөт тарабынан ыйгарым укукка ээ болгон аткаруу бийлигинин органы болуп саналат жана энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгып, мамилелерди жөнгө салат."] Энергетика тармагындагы көзөмөл жана контрол жүргүзө турчу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Өкмөт тарабынан ыйгарым укукка эз болгон аткаруу бийлигинин органы болуп саналат жана электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газын үзгүлтүксүз иштеп чыгаруу, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөдөгү техникалык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө жөнгө салуу иштерин алып барат, ошондой эле аны натыйжалуу пайдаланышына чара көрөт. |
| 6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отун-энергетикалык комплексиндеги ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү энергетикалык саясатты аныктайт жана бул саясаттын ушул Мыйзамдын жана кабыл алынган нормативдик актылардын жоболоруна ылайык турмушка ашырылышына контролдукту жүзөгө ашырат жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын өндүрүштүк жана чарбалык ишине тикелей кийлигишпейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отун-энергетикалык комплексиндеги функцияларына: - суу, минералдык жана башка энергетикалык ресурстарды берүү жана мүлктүк укуктарды жана аларды пайдалануу укуктарын берүү; - энергетикалык ресурстардын пайдаланылышына жана алардын күтүлүшүнө контролдукту жүзөгө ашыруу; - отун-энергетикалык комплексине инвестицияларды тартуу үчүн зарыл шарттарды түзүү; - Улуттук энергетикалык программаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; - энергетика жана отун-өнөр жайы жагындагы иштин терс таасиринен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча программаларды иштеп чыгуу; - отун-энергетикалык комплексинин тармактарын монополиядан арылтуу жана менчиктештирүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; - энергияны үнөмдөө боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; - отун-энергетикалык комплексиндеги жалпы баа саясатын жүргүзүү кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн айрым функцияларын мамлекеттик башка органдарга өткөрүп бере алат. | ["6-берене. Өкмөттүн отун-энергетикалык комплексиндеги ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү энергетикалык программаны аныктайт, иштиктүү Мыйзамга, башка ченемдик-укуктук актыларга ылайык бул программанын жүзөгө ашырылышына көзөмөлдүк кылат, отун-энергетикалык комплекси ишканаларынын өндүрүштүк жана чарбачылык ишмердүүлүгүнө түздөн-түз кийлигишпейт." Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отун-энергетикалык комплексиндеги функциялары: - отун-энергетикалык комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү; - отун-энергетикалык комплексинде жалпы баа саясатын аныктоо; - баа жана баа жаратууда экономикалык жактан негиздүү, социалдык жактан алгылыктуу механизмдерди орнотуу; - өз компетенциясынын чегинде отун-энергетикалык комплексиндеги мамилелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу; - өкмөттүн отун-энергетикалык комплексиндеги мамилелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын толук кандуу аткарылышына көзөмөлдүк кылуу; - мүлктүк укук менен бирге суу, минералдык жана башка энергетикалык ресурстарды пайдалануу укугун өткөрүп берүү;] |
| 8-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агентство Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган туруктуу иштеген орган болуп эсептелет, ал ар кандай энергетикалык ишканага көз каранды болбогон жана алардын өндүрүштүк жана чарбалык ишине тикелей кийлигишпеген туруктуу жөнгө салуучу орган катары иш жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн ишин төмөндөгү принциптерге ылайык жүзөгө ашырат: 1. Отун-энергетикалык комплексиндеги монополиялык иштин терс кесепеттерин болтурбай коюу үчүн Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иш жөнүндө макулдашууларды пайдаланат. 2. Атаандаштык мүмкүн болгон жерлерде, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган: а) энергия рынокторун өнүктүрүүнү жана атаандаш өндүрүүчүлөрдүн пайда болушун колдойт; б) атаандаштык үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет. | [8-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика Энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар энергетикалык ишканаларга баш ийбестен иш алып баруу менен алардын өндүрүштүк жана чарбачылык ишмердүүлүгүнө түздөн-түз кийлигишпейт. Энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз ишмердүүлүгүн төмөнкү принциптерге ылайык иш жүзүнө ашырышат: 1. Отун-энергетикалык комплексиндеги монополисттик ишмердүүлүктүн тескери кесепеттерин алдын алуу үчүн ишмердүүлүк жөнүндө макулдашууну пайдаланышат. 2. Атаандаштык мүмкүн болгон облустарда: а) энергия рынокторунун өнүгүүсүн жана атаандаш өндүрүүчүлөрдүн пайда болуусун кубаттайт; б) атаандаштык үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарымдарына төмөнкүлөр кирет: - отун-энергетикалык комплексине инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү; - улуттук энергетикалык программаны иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу; - энергетика жана отун өнөр жайы тармагындагы ишмердүүлүктүн зыяндуу таасирлеринен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча программа иштеп чыгуу; - отун-энергетикалык комплекси тармактарын демонополизациялоо жана менчиктештирүү боюнча программаларды иштеп чыгуу; - энергия үнөмдөө боюнча программалардын иштеп чыгуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электр-, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү укугуна лицензия берүү; - өндүрүүчүлөрдүн демонополизациялоо саясатын өткөрүү, атаандаштыктын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, электр берүү жана газ менен камсыздоо системаларынын линияларына бардык атаандаштар үчүн бирдей мүмкүнчүлүк жана шарттарды түзүү; - электр-, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, көмүр, мунай жана мунай азыктарын натыйжалуу пайдалууга көмөктөшүү; - жылуулук энергиясы менен жаратылыш газына болгон бааларды бекитүү; - кардарлардын арызын териштирүү механизмин жана керектөөчүлөр менен электр энергиясы берип, энергетикалык кызмат көрсөтүүчү ишканалар, ошондой эле ишканалар ортосундагы чыр-чатактарды чечүү; - башка мамлекеттик органдар менен биргеликте техникалык жардам программасын жетекчиликке алуу; - энергия үнөмдөө боюнча программаларды жүзөгө ашыруу; - отун-энергетикалык комплекси тармактарындагы демонополизациялоо жана менчиктештирүү боюнча программаларды жүзөгө ашыруу." Энергетика тармагындагы көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарымдарына төмөнкүлөр кирет: - отун-энергетикалык комплексиндеги мамилелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларды жүзөгө ашыруу; - энергетикалык ресурстарды эксплуатациялоо жана аларды иш абалына көзөмөлдүк кылуу .";] |
| [9-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агентствонун функциялары Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзам тарабынан төмөндөгүдөй ыйгарым укуктарга ээ болот: 1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык энергетикалык ресурстарды өндүрүү, берүү, сактоо, бөлүштүрүү же сатуу укугуна лицензияларды берет; 2) баалардын жана тарифтердин экономикалык жактан негизделген жана социалдык жактан алгылыктуу механизмдерин белгилейт; 3) өндүрүүчүлөрдү монополиядан арылтуу саясатын жүргүзөт, бардык атаандаштарга электр берүүлөрдүн линияларына жана газ менен камсыз кылуу системаларына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды камсыз кылуу менен атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт; 4) атаандаштыкты камсыз кылуу боюнча чаралардын натыйжалуулугу үчүн контролдукту жүзөгө ашырат жана монополияга каршы мыйзамдардын бузулуш фактылары жөнүндө компетенттүү органдарга билдирет; 5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык энергетикалык ресурстарды керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын жана нормативдүү документтерин турмушка ашырат; 6) электр, жылуулук энергиясын жаратылыш газын, көмүрдү, мунайзатты, мунайзат продуктыларын натыйжалуу пайдаланууга көмөк көрсөтөт жана энергияны үнөмдөөнү колдойт; 7) энергиянын жаңылануучу булактарын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт; 8) энергетика жаатында стандарттарды макулдашат; 9) кардарлардын даттанууларын кароонун жана керектөөчүлөр менен энергетикалык кызмат көрсөткөн жана электр энергиясына ишканалардын, ошондой эле ишканалардын өздөрүнүн ортосундагы талаштарды чечүүнүн механизмдерин белгилейт; 10) өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон токтомдорду, эрежелерди, усулдук көрсөтмөлөрдү, нускамаларды жана башка нормативдүү мүнөздөгү актыларды кабыл алат, чыгарат жана алардын талапка ылайык аткарылышын контролдойт; 11) башка мамлекеттик органдар менен биргелешип, отун энергетикалык комплексине техникалык жардам көрсөтүү жана инвестицияларды тартуу программаларын координациялайт; 12) отун-энергетикалык комплексинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берүүчү илимий-техникалык программалардын заказчысы болот жана аларды турмушка ашырат; 13) электр, жылуулук энергиясына жана табигый газ тарифтерди бекитет.] | 9-берене күчүн жоготту деп табылсын |
| 10-статья. Аткаруучу кеңеш Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Аткаруучу кеңеш түзүлөт, анын курамы жана иш-милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. | 10-статья. Аткаруучу кеңеш [Энергетика тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда] Аткаруучу кеңеш түзүлөт, анын курамы жана иш-милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. |
| 11-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агентствону финансылоо Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды күтүүгө кеткен чыгымдар республикалык бюджетте каралат. | 11-берене күчүн жоготту деп табылсын |
| 12-статья. Маалымат алууга мүмкүнчүлүк Өзүнүн функцияларын аткарууну жана милдеттерин жүзөгө ашырууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз ыйгарым укуктарынын чегинде отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын бардык документтерин алууда толук мүмкүнчүлүккө ээ. | 12-статья. Маалымат алууга мүмкүнчүлүк Өзүнүн функцияларын аткарууну жана милдеттерин жүзөгө ашырууну камсыздоо максатында [энергетика тармагындагы көзөмөл жана контрол жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] өз ыйгарым укуктарынын чегинде отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын бардык документтерин алууда толук мүмкүнчүлүккө ээ. |
| 16-статья. Жоопкерчилик Лицензиянын ээси мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп берген менчиктин чегинде жооп берет жана электр энергиясынын сапатын камсыз кылат. Лицензиянын ээси энергетика жагында ишти жүзөгө ашырууда кыймылсыз мүлктүн ээсине же аны пайдалануучуга, энергия ресурстарынын башка керектөөчүлөрүнө, жаратылышты коргоого жана экологияга келтирген зыяндар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү колунда жок граждандарды отун алууга компенсациялык төлөмдөр менен камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын республиканын социалдык-экономикалык абалын начарлаткан чечимдери үчүн жоопкерчилик тартат. | 16-статья. Жоопкерчилик Лицензиянын ээси мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп берген менчиктин чегинде жооп берет жана электр энергиясынын сапатын камсыз кылат. Лицензиянын ээси энергетика жагында ишти жүзөгө ашырууда кыймылсыз мүлктүн ээсине же аны пайдалануучуга, энергия ресурстарынын башка керектөөчүлөрүнө, жаратылышты коргоого жана экологияга келтирген зыяндар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү колунда жок граждандарды отун алууга компенсациялык төлөмдөр менен камсыздоо, ошондой эле [энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу, көзөмөл жана контрол жүргүзүү боюнча ыйгарым мамлекеттик органдын] республиканын социалдык-экономикалык абалын начарлаткан чечимдери үчүн жоопкерчилик тартат. |
"Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦА
| Иштиктүү таблица | Сунуш кылынган таблица |
|---|---|
| 2-статья. Аныктамалар Бул Мыйзамда төмөндө саналып өткөн терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ: Электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу - энергетикалык ресурстардан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү; Электр энергиясын иштеп чыгаруучу ишкана - электр энергиясын өндүрүү жана электр станцияларды эксплуатациялоо боюнча иш жүргүзгөн ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак; Гидроэлектростанция - суунун энергиясын пайдалануу аркылуу электр энергиясын чыгаруучу ар кандай станция жана мындай өндүрүш менен байланышкан гидротехникалык курулуштар, жабдуулар; Ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 30 Мвт жогорку кубаттуулуктагы гидроэлектростанциялар, жылуулук станциялар; Магистралдык электр тармак - электр энергиясын өндүрүүчүдөн жергиликтүү (локалдык) тармакка кошуучу пунктка чейин жеткизүүгө дайындалган электр тармагы; Интеграцияланган ишкана - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу жагынан иштин эки же андан ашык түрүн жүргүзгөн ар кандай мамлекеттик же жеке менчик ишкана; Улуттук электр тармагы - жогорку чыңалуудагы электр энергиясын берүүчү каражаттардын системасы; Улуттук энергосистема - иштөө режиминин жалпылыгы менен байланышкан жана диспетчердик кызмат тарабынан борбордоштурулуп оперативдүү башкаруу жүргүзгөн электростанциялардын, гидроэлектростанциялардын, электр (анын ичинде улуттук электр тармагы) жана жылуулук тармактарынын иштеп жаткан комплекси; Бириккен системалар - бир же андан ашык система аркылуу бириктирилген электр энергиясын берүүчү жана бөлүштүрүүчү бир катар системалар; Өз муктаждыгы үчүн электр энергиясы - мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак өз керектөөсү үчүн иштеп чыгаруучу электр энергиясы; Негизги керектөөчү - тикеден-тике өндүрүүчү ишканадагы жогорку чыңалуудагы тармактан электр энергиясын сатып алуучу; Берүү - жогорку чыңалуудагы электр энергиясын негизги керектөөчүлөргө же бөлүштүрүүчү ишканаларга берүү максатында аны электр тармагы аркылуу өткөрүү; Электр энергиясын берүүчү ишкана - электр энергиясын өндүрүүчү ишкананын берүүчү точкалары менен бөлүштүрүүчү ишкананын же негизги керектөөчүнүн кошулуучу точкасынын ортосунда электр энергиясын берүүчү ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак; Тандоо мүмкүнчүлүгү болбогон керектөөчү - төмөнкү чыңалуудагы электр энергиясы, жылуулук энергиясы бирден-бир бөлүштүрүүчү ишкана тарабынан берилүүчү түпкү керектөөчү; Бөлүштүрүүчү электр тармагы - электр энергиясын бөлүштүрүү жана аны кошуу точкасына берүү максаттары үчүн кызмат кылган конструкцияларды, жабдууларды жана аппаратураларды камтыган электр өткөрүү тармагы; Бөлүштүрүүчү ишкана - айтылган аймакта керектөөчүлөрдү электр жана жылуулук энергиясы менен жабдуучу ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же физикалык жак; Жогорку чыңалуудагы тармактар - чыңалуусу 35 кВ жана андан жогору болгон электр тармактары жана подстанциялар; Электр менен жабдууга типтүү контракт - кызмат көрсөтүүдө же алууда белгилүү шарттарды сактоого өндүрүүчү, берүүчү, электр энергиясын жана бөлүштүрүүчү ишкана менен керектөөчүнүн ортосундагы белгилүү укуктар менен милдеттердин тизмеси көрсөтүлгөн макулдашуу; Кошуу точкасы - электр жана жылуулук энергиясын бөлүштүрүүчү ишкана менен керектөөчүнүн ортосундагы же берүүчү жана бөлүштүрүүчү ишкананын же негизги керектөөчүнүн ортосундагы менчиктин чеги; Берүү точкасы - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчү жана берүүчү ишкананын ортосундагы же берүүчү жана бөлүштүрүүчү ишкананын же негизги керектөөчүнүн ортосундагы менчиктин чеги; Установка - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү милдеттерин чечүүгө багытталып, жабдууларды, курулуштарды, имараттарды жана ага байланыштуу пайдаланылуучу жерди ичине камтыган жай; Энергетикалык кызмат - берүү, бөлүштүрүү, сатуу, сактоо (электр жана жылуулук энергиясын сактоодон башка) жана энергоресурстарды ташуу; Электроэнергия - бир эле мезгилде аны өндүрүү жана керектөө менен мүнөздөлгөн, берилген чектердеги анын параметрлерин ар дайым, үзгүлтүксүз жана сапаттуу сактоону талап кылган өзгөчө түрдөгү товар; Электр энергетикалык тармак - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө же сатууга тартылган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишкананы камтыган структура; Электр станциясы - бардык энергоресурстарды пайдалануу аркылуу электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчү ар кандай станция; Электр жана жылуулук энергиясын берүүчү ишкана - менчигинин формасына карабастан электр же жылуулук энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү, бөлүштүрүүчү же сатуучу ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак; Электр жана жылуулук энергиясын уурдоо - электр жана жылуулук энергиясын тийиштүү уруксат албастан өз алдынча кошуп алуу, керектөө жана берүү; Энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган - энергетика тармагындагы мамилелерди жөнгө салуучу жана контролду ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы. | 2-статья. Аныктамалар Бул Мыйзамда төмөндө саналып өткөн терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ: Электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу - энергетикалык ресурстардан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү; Электр энергиясын иштеп чыгаруучу ишкана - электр энергиясын өндүрүү жана электр станцияларды эксплуатациялоо боюнча иш жүргүзгөн ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак; Гидроэлектростанция - суунун энергиясын пайдалануу аркылуу электр энергиясын чыгаруучу ар кандай станция жана мындай өндүрүш менен байланышкан гидротехникалык курулуштар, жабдуулар; Ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 30 Мвт жогорку кубаттуулуктагы гидроэлектростанциялар, жылуулук станциялар; Магистралдык электр тармак - электр энергиясын өндүрүүчүдөн жергиликтүү (локалдык) тармакка кошуучу пунктка чейин жеткизүүгө дайындалган электр тармагы; Интеграцияланган ишкана - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу жагынан иштин эки же андан ашык түрүн жүргүзгөн ар кандай мамлекеттик же жеке менчик ишкана; Улуттук электр тармагы - жогорку чыңалуудагы электр энергиясын берүүчү каражаттардын системасы; Улуттук энергосистема - иштөө режиминин жалпылыгы менен байланышкан жана диспетчердик кызмат тарабынан борбордоштурулуп оперативдүү башкаруу жүргүзгөн электростанциялардын, гидроэлектростанциялардын, электр (анын ичинде улуттук электр тармагы) жана жылуулук тармактарынын иштеп жаткан комплекси; Бириккен системалар - бир же андан ашык система аркылуу бириктирилген электр энергиясын берүүчү жана бөлүштүрүүчү бир катар системалар; Өз муктаждыгы үчүн электр энергиясы - мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак өз керектөөсү үчүн иштеп чыгаруучу электр энергиясы; Негизги керектөөчү - тикеден-тике өндүрүүчү ишканадагы жогорку чыңалуудагы тармактан электр энергиясын сатып алуучу; Берүү - жогорку чыңалуудагы электр энергиясын негизги керектөөчүлөргө же бөлүштүрүүчү ишканаларга берүү максатында аны электр тармагы аркылуу өткөрүү; Электр энергиясын берүүчү ишкана - электр энергиясын өндүрүүчү ишкананын берүүчү точкалары менен бөлүштүрүүчү ишкананын же негизги керектөөчүнүн кошулуучу точкасынын ортосунда электр энергиясын берүүчү ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак; Тандоо мүмкүнчүлүгү болбогон керектөөчү - төмөнкү чыңалуудагы электр энергиясы, жылуулук энергиясы бирден-бир бөлүштүрүүчү ишкана тарабынан берилүүчү түпкү керектөөчү; Бөлүштүрүүчү электр тармагы - электр энергиясын бөлүштүрүү жана аны кошуу точкасына берүү максаттары үчүн кызмат кылган конструкцияларды, жабдууларды жана аппаратураларды камтыган электр өткөрүү тармагы; Бөлүштүрүүчү ишкана - айтылган аймакта керектөөчүлөрдү электр жана жылуулук энергиясы менен жабдуучу ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же физикалык жак; Жогорку чыңалуудагы тармактар - чыңалуусу 35 кВ жана андан жогору болгон электр тармактары жана подстанциялар; Электр менен жабдууга типтүү контракт - кызмат көрсөтүүдө же алууда белгилүү шарттарды сактоого өндүрүүчү, берүүчү, электр энергиясын жана бөлүштүрүүчү ишкана менен керектөөчүнүн ортосундагы белгилүү укуктар менен милдеттердин тизмеси көрсөтүлгөн макулдашуу; Кошуу точкасы - электр жана жылуулук энергиясын бөлүштүрүүчү ишкана менен керектөөчүнүн ортосундагы же берүүчү жана бөлүштүрүүчү ишкананын же негизги керектөөчүнүн ортосундагы менчиктин чеги; Берүү точкасы - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчү жана берүүчү ишкананын ортосундагы же берүүчү жана бөлүштүрүүчү ишкананын же негизги керектөөчүнүн ортосундагы менчиктин чеги; Установка - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү милдеттерин чечүүгө багытталып, жабдууларды, курулуштарды, имараттарды жана ага байланыштуу пайдаланылуучу жерди ичине камтыган жай; Энергетикалык кызмат - берүү, бөлүштүрүү, сатуу, сактоо (электр жана жылуулук энергиясын сактоодон башка) жана энергоресурстарды ташуу; Электроэнергия - бир эле мезгилде аны өндүрүү жана керектөө менен мүнөздөлгөн, берилген чектердеги анын параметрлерин ар дайым, үзгүлтүксүз жана сапаттуу сактоону талап кылган өзгөчө түрдөгү товар; Электр энергетикалык тармак - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө же сатууга тартылган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишкананы камтыган структура; Электр станциясы - бардык энергоресурстарды пайдалануу аркылуу электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчү ар кандай станция; Электр жана жылуулук энергиясын берүүчү ишкана - менчигинин формасына карабастан электр же жылуулук энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү, бөлүштүрүүчү же сатуучу ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак; Электр жана жылуулук энергиясын уурдоо - электр жана жылуулук энергиясын тийиштүү уруксат албастан өз алдынча кошуп алуу, керектөө жана берүү; [Энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Өкмөт тарабынан ыйгарым укукка ээ болгон аткаруу бийлигинин органы болуп саналат жана энергетика тармагындагы мамилелерди жөнгө салат. Энергетика тармагындагы көзөмөл жана контрол жүргүзө турчу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Өкмөт тарабынан ыйгарым укукка ээ болгон аткаруу бийлигинин органы болуп саналат жана электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газын үзгүлтүксүз иштеп чыгаруу, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөдөгү техникалык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө жөнгө салуу иштерин алып барат, ошондой эле аларды натыйжалуу пайдаланууга чара көрөт.] |
| 3-статья. Милдеттерди бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү электроэнергетика саясатын иштеп чыгат жана бекитилген Улуттук энергетика программасына ылайык аны турмушка ашырат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агентство электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн, электр станциясы курулган региондордо жашаган калктын таламдарынын балансын камсыз кылат. Электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчү, берүүчү, бөлүштүрүүчү же сатуучу мамлекеттик жана мамлекеттик эмес юридикалык жана жеке жактар өз ишканаларын коопсуз, ишенимдүү, натыйжалуу башкаруу үчүн жана өздөрүнүн өндүрүштүк-чарбалык иштери үчүн жооп берүүгө тийиш. | 3-статья. Милдеттерди бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү электроэнергетика саясатын иштеп чыгат жана бекитилген Улуттук энергетика программасына ылайык аны турмушка ашырат. [Энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн, электр станциясы курулган региондордо жашаган калктын таламдарынын балансын камсыз кылат. Электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчү, берүүчү, бөлүштүрүүчү же сатуучу мамлекеттик жана мамлекеттик эмес юридикалык жана жеке жактар өз ишканаларын коопсуз, ишенимдүү, натыйжалуу башкаруу үчүн жана өздөрүнүн өндүрүштүк-чарбалык иштери үчүн жооп берүүгө тийиш. [Энергетика тармагындагы көзөмөл жана контрол жүргүзө турчу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газын үзгүлтүксүз иштеп чыгаруу, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөдөгү техникалык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө жөнгө салуу иштерин алып барат, ошондой эле аны натыйжалуу пайдаланышына чара көрөт."] |
| 5-статья. Лицензиялар тууралу жалпы жоболор Кыргыз Республикасынын энергетика боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органынын лицензиясы берилмейинче, ушул Мыйзамдын 12-статьясынын иш-аракети каралган адамдардан башкаларга, бардык өкмөттүк эмес, менчик юридикалык жана жеке жактарга электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө, жеткирүүгө, бөлүштүрүүгө же сатууга укук берилбейт. Лицензиялардын түрлөрү жана мөөнөттөрү, ошондой эле электр энергетика ишканаларына аларды берүүнүн тартиби жана шарттары "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык аныкталат. | 5-статья. Лицензиялар тууралу жалпы жоболор [Энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын] лицензиясы берилмейинче, ушул Мыйзамдын 12-статьясынын иш-аракети каралган адамдардан башкаларга, бардык өкмөттүк эмес, менчик юридикалык жана жеке жактарга электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө, жеткирүүгө, бөлүштүрүүгө же сатууга укук берилбейт. Лицензиялардын түрлөрү жана мөөнөттөрү, ошондой эле электр энергетика ишканаларына аларды берүүнүн тартиби жана шарттары "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык аныкталат. |
| 6-статья. Лицензиянын шарттарын чакырып алуу, токтото туруу же өзгөртүү Энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган, эгерде лицензиянын ээси: лицензиянын шарттарын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын белгиленген жоболорун бузса; өз ишин адамдардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтиргендей жүргүзсө; курчап турган чөйрөнү коргоо шарттарын бузса, лицензияны чакырып алууга же айып акы салууга укуктуу. Энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган лицензияда айтылган тартипте жана шарттарда ошол орган жөнөтүүчү алдын-ала маалыматты лицензиянын ээсине билдирбестен лицензияда камтылган шарттарды чакырып ала албайт, токтото же өзгөртө албайт. Лицензиянын ээси лицензиянын колдонулушун чакырып алуу, токтото туруу жөнүндө чечимди соттук тартипте даттанууга укуктуу. Лицензияда аныкталган шарттарды лицензиянын ээсинин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө таасир берүүгө жөндөмдүү болгон жагдайлар олуттуу өзгөргөн учурда анын демилгеси боюнча лицензиянын мазмунуна өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. | 6-статья. Лицензиянын шарттарын чакырып алуу, токтото туруу же өзгөртүү [Энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган,] эгерде лицензиянын ээси: лицензиянын шарттарын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын белгиленген жоболорун бузса; өз ишин адамдардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтиргендей жүргүзсө; курчап турган чөйрөнү коргоо шарттарын бузса, лицензияны чакырып алууга же айып акы салууга укуктуу. [Энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] лицензияда айтылган тартипте жана шарттарда ошол орган жөнөтүүчү алдын-ала маалыматты лицензиянын ээсине билдирбестен лицензияда камтылган шарттарды чакырып ала албайт, токтото же өзгөртө албайт. Лицензиянын ээси лицензиянын колдонулушун чакырып алуу, токтото туруу жөнүндө чечимди соттук тартипте даттанууга укуктуу. Лицензияда аныкталган шарттарды лицензиянын ээсинин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө таасир берүүгө жөндөмдүү болгон жагдайлар олуттуу өзгөргөн учурда анын демилгеси боюнча лицензиянын мазмунуна өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. |
| 12-статья. Өз муктаждыгы үчүн электр энергиясын өндүрүү Өз муктаждыгы үчүн электр энергиясын өндүргүсү келген юридикалык жана жеке жактарга өндүрүшкө лицензия алуу талап кылынбайт. 1000 кВтдан ашык кубаттуулукта алар энергетика боюнча ыйгарым укуктуу органдан жана жергиликтүү мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат алууга тийиш. Өз муктаждыктары үчүн электр энергиясын өндүргөн юридикалык жана жеке жактарга улуттук энергетикалык тармакка кошулууга, ошондой эле тийиштүү уруксат албастан үчүнчү жактарга электр энергиясын сатууга тыюу салынат. | 12-статья. Өз муктаждыгы үчүн электр энергиясын өндүрүү Өз муктаждыгы үчүн электр энергиясын өндүргүсү келген юридикалык жана жеке жактарга өндүрүшкө лицензия алуу талап кылынбайт. 1000 кВтдан ашык кубаттуулукта алар [энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан] жана жергиликтүү мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат алууга тийиш. Өз муктаждыктары үчүн электр энергиясын өндүргөн юридикалык жана жеке жактарга улуттук энергетикалык тармакка кошулууга, ошондой эле тийиштүү уруксат албастан үчүнчү жактарга электр энергиясын сатууга тыюу салынат. |
| 13-статья. Электр берүүлөрдүн улуттук тармагын тейлөө жана иштетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агентство электр берүүнүн улуттук тармагы аркылуу электр энергиясын өткөрүүгө лицензия берет, улуттук тармак лицензия колдонулган мөөнөттүн ичинде электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээсинин диспетчердик контроль астында бириккен система катары иштейт. Лицензия берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүгө тийиш. Электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси электр энергиясын иштетүүгө жана анын берилишине жетекчилик кылууга карата мамилесин кошпогондо, секторлорго же географиялык райондорго карата кандайдыр бир монополиялык укукка ээ эмес. Электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси экономикалык натыйжалуу ыкма менен электр энергиясынын өткөрүлүшүн ишке ашырууга, ошондой эле улуттук электр энергетика тармагын жана бириккен энергосистемаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук энергетика программасына ылайык иштетүүгө жана тейлөөгө милдеттүү. Электр берүүнүн улуттук тармагы аркылуу электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси электр берүүлөрүнүн улуттук тармагынан пайдаланууга чектөө киргизүүгө же улуттук тармакты пайдалануучуларга же ага электр энергиясын сатуучуларга негизсиз талаптарды таңуулоого укуксуз. Бирок өзгөчө учурларда электр берүүнүн улуттук тармагы аркылуу электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси адамдардын жана объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, ошондой эле электр менен камсыз кылууну улантуу үчүн зарыл болгон ар кандай аракеттерди көрүүгө укуктуу. | 13-статья. Электр берүүлөрдүн улуттук тармагын тейлөө жана иштетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агентство электр берүүнүн улуттук тармагы аркылуу электр энергиясын өткөрүүгө лицензия берет, улуттук тармак лицензия колдонулган мөөнөттүн ичинде электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээсинин диспетчердик контроль астында бириккен система катары иштейт. Лицензия берүү [энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] тарабынан бекитилүүгө тийиш. Электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси электр энергиясын иштетүүгө жана анын берилишине жетекчилик кылууга карата мамилесин кошпогондо, секторлорго же географиялык райондорго карата кандайдыр бир монополиялык укукка ээ эмес. Электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси экономикалык натыйжалуу ыкма менен электр энергиясынын өткөрүлүшүн ишке ашырууга, ошондой эле улуттук электр энергетика тармагын жана бириккен энергосистемаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук энергетика программасына ылайык иштетүүгө жана тейлөөгө милдеттүү. Электр берүүнүн улуттук тармагы аркылуу электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси электр берүүлөрүнүн улуттук тармагынан пайдаланууга чектөө киргизүүгө же улуттук тармакты пайдалануучуларга же ага электр энергиясын сатуучуларга негизсиз талаптарды таңуулоого укуксуз. Бирок өзгөчө учурларда электр берүүнүн улуттук тармагы аркылуу электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси адамдардын жана объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, ошондой эле электр менен камсыз кылууну улантуу үчүн зарыл болгон ар кандай аракеттерди көрүүгө укуктуу. |
| 15-статья. Электр менен жабдууга типтүү контракт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агентство бөлүштүрүүчү ишканалардын жана керектөөчүлөрдүн укуктарын жана милдеттерин жөнгө салган электр менен жабдууга типтүү контракт түзөт. Контракттын мындай түрүнүн жоболорун эки тараптын бири өзгөртө албайт. Типтүү контракт электр энергиясынын үзгүлтүгүнүн жана/же керектөөчүлөрдү эскертүүсүз өчүрүүнүн натыйжасында топтолгон анык зыянды компенсациялоо боюнча милдеттүү тартипте жөнөтүүчүнүн милдетин камтыш керек. Типтүү контракт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. | 15-статья. Электр менен жабдууга типтүү контракт [Энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] бөлүштүрүүчү ишканалардын жана керектөөчүлөрдүн укуктарын жана милдеттерин жөнгө салган электр менен жабдууга типтүү контракт түзөт. Контракттын мындай түрүнүн жоболорун эки тараптын бири өзгөртө албайт. Типтүү контракт электр энергиясынын үзгүлтүгүнүн жана/же керектөөчүлөрдү эскертүүсүз өчүрүүнүн натыйжасында топтолгон анык зыянды компенсациялоо боюнча милдеттүү тартипте жөнөтүүчүнүн милдетин камтыш керек. Типтүү контракт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. |
| 17-статья. Бөлүштүрүүчү ишканалардын жабдууну үзгүлтүккө учуратуу укугу Эгерде керектөөчү энергияны берүү контрактында айтылган мөөнөттүн ичинде акы төлөбөсө, энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү токтотуу бөлүштүрүүчү ишкана адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна же коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларды кошпогондо энергия менен жабдуу контрактында белгиленген шарттарга жана процедураларга ылайык энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүккө учуратууга укуктуу. Өндүрүштө үзгүлтүксүз процессти электр менен жабдуу энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу продукция чыгаруунун технологиялык циклин аяктоону караган шарттарга жана процедураларга ылайык ишке ашырылат. Эгерде тандап алуу мүмкүнчүлүгү болбогон керектөөчү энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөй албаса, ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык анын эсеби төлөнүшү мүмкүн. Берүүчүнүн күнөөсү менен электр же жылуулук менен жабдуу үзгүлтүккө учураса же анын салаты начарласа керектөөчүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агентствого же сотко даттанууга укуктуу. | 17-статья. Бөлүштүрүүчү ишканалардын жабдууну үзгүлтүккө учуратуу укугу Эгерде керектөөчү энергияны берүү контрактында айтылган мөөнөттүн ичинде акы төлөбөсө, энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү токтотуу бөлүштүрүүчү ишкана адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна же коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларды кошпогондо энергия менен жабдуу контрактында белгиленген шарттарга жана процедураларга ылайык энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүккө учуратууга укуктуу. Өндүрүштө үзгүлтүксүз процессти электр менен жабдуу энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу продукция чыгаруунун технологиялык циклин аяктоону караган шарттарга жана процедураларга ылайык ишке ашырылат. Эгерде тандап алуу мүмкүнчүлүгү болбогон керектөөчү энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөй албаса, ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык анын эсеби төлөнүшү мүмкүн. Берүүчүнүн күнөөсү менен электр же жылуулук менен жабдуу үзгүлтүккө учураса же анын сапаты начарласа керектөөчүлөр [энергетика тармагында көзөмөл жана контрол жүргүзө турчу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга] же сотко даттанууга укуктуу. |
| 18-статья. Электр энергиясын сатуу Электр энергиясын импорттогон, экспорттогон жана саткан ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык жана жеке жактар энергетика боюнча ыйгарым укуктуу органдын лицензиясын алышы зарыл. | 18-статья. Электр энергиясын сатуу Электр энергиясын импорттогон, экспорттогон жана саткан ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык жана жеке жактар [Энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын] лицензиясын алышы зарыл. |
| 21-статья. Тарифтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агентство төмөндөгү принциптерге ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен тарифтерди белгилейт: баалар өндүрүшкө жана техникалык тейлөөгө, капиталдык чыгымдарды толуктоого, инвестицияларды тартууга жана кайтаруунун проценттик ставкасына кеткен чыгымдарды кошкондо жылуулук же электр энергиясын өндүрүүнүн, берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн толук наркын чагылдырууга тийиш; баалардын өзгөрүшү өндүрүүчүлөрдө же керектөөчүлөрдө капыстан экономикалык кыйынчылыктарды пайда кылбоого тийиш; алардын сапатын кошо эсептегенде, энергетикалык кызмат көрсөтүү жана электр энергиясын берүү үчүн тарифтерди белгилөө боюнча дискриминациялоого тыюу салынат; керектөөнүн бирдей мүнөздөмөсүнө ээ болгон, бир бөлүштүрүүчү ишкана тарабынан тейленүүчү бирдей топтогу бардык керектөөчүлөр бирдей тарифтерди алууга жана тейленүүгө тийиш; энергияны керектөөчүлөрдүн ар бир тобу үчүн тарифтер берилген электр энергиясынын жана энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук наркын чагылдырууга тийиш; керектөөчүлөрдүн бир тобунан экинчи бир тобуна субсидияларды берүүгө тыюу алынат; тарифтер жылдын ар кандай мезгилинде жана сутканын ар кандай мезгилинде берилген электр энергиясы жана энергетикалык кызматтардын наркындагы айырманы, ошондой эле керектөөчүлөрдө тандоо мүмкүнчүлүгү болгон учурларда энергетикалык кызматтын түрлөрүнүн жана сапатынын же электр энергиясынын наркындагы айырманы чагылдыргандай белгиленүүгө тийиш. | 21-статья. Тарифтер [Энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] төмөндөгү принциптерге ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен тарифтерди белгилейт: баалар өндүрүшкө жана техникалык тейлөөгө, капиталдык чыгымдарды толуктоого, инвестицияларды тартууга жана кайтаруунун проценттик ставкасына кеткен чыгымдарды кошкондо жылуулук же электр энергиясын өндүрүүнүн, берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн толук наркын чагылдырууга тийиш; баалардын өзгөрүшү өндүрүүчүлөрдө же керектөөчүлөрдө капыстан экономикалык кыйынчылыктарды пайда кылбоого тийиш; алардын сапатын кошо эсептегенде, энергетикалык кызмат көрсөтүү жана электр энергиясын берүү үчүн тарифтерди белгилөө боюнча дискриминациялоого тыюу салынат; керектөөнүн бирдей мүнөздөмөсүнө ээ болгон, бир бөлүштүрүүчү ишкана тарабынан тейленүүчү бирдей топтогу бардык керектөөчүлөр бирдей тарифтерди алууга жана тейленүүгө тийиш; энергияны керектөөчүлөрдүн ар бир тобу үчүн тарифтер берилген электр энергиясынын жана энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук наркын чагылдырууга тийиш; керектөөчүлөрдүн бир тобунан экинчи бир тобуна субсидияларды берүүгө тыюу алынат; тарифтер жылдын ар кандай мезгилинде жана сутканын ар кандай мезгилинде берилген электр энергиясы жана энергетикалык кызматтардын наркындагы айырманы, ошондой эле керектөөчүлөрдө тандоо мүмкүнчүлүгү болгон учурларда энергетикалык кызматтын түрлөрүнүн жана сапатынын же электр энергиясынын наркындагы айырманы чагылдыргандай белгиленүүгө тийиш. |
| 25-статья. Тарифти кароо мөөнөттөрү Ишканалар менен уюмдар бардык зарыл документтерди жана эсеп-кысаптарды тарифтерди кароого бергенден кийин энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган бир айдын ичинде чечим кабыл алууга тийиш. Тарифтерди өзгөртүү боюнча кайталанып сунуш кылынган документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агентство тарабынан алты айдан кийин каралууга тийиш. | 25-статья. Тарифти кароо мөөнөттөрү Ишканалар менен уюмдар бардык зарыл документтерди жана эсеп-кысаптарды тарифтерди кароого бергенден кийин [энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] бир айдын ичинде чечим кабыл алууга тийиш. Тарифтерди өзгөртүү боюнча кайталанып сунуш кылынган документтер [энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] тарабынан алты айдан кийин каралууга тийиш. |
| 27-статья. Бухгалтердик эсептин документтерин өзүнчө жүргүзүү Интеграцияланган ишканалардын лицензияларынын ээлери ишинин ар бир түрү боюнча: өз алдынча юридикалык жак статусуна ээ болгон ишканалар сыяктуу эле электр энергиясын жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү боюнча өзүнчө бухгалтердик эсеп документтерин жүргүзүүгө тийиш. Ишкана (уюм) баланстык отчетун энергетика боюнча ыйгарым укуктуу органга берет. | 27-статья. Бухгалтердик эсептин документтерин өзүнчө жүргүзүү Интеграцияланган ишканалардын лицензияларынын ээлери ишинин ар бир түрү боюнча: өз алдынча юридикалык жак статусуна ээ болгон ишканалар сыяктуу эле электр энергиясын жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү боюнча өзүнчө бухгалтердик эсеп документтерин жүргүзүүгө тийиш. Ишкана (уюм) баланстык отчетун [энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга] берет. |
| 32-статья. Талаштарды чечүү Эки же андан ашык мамлекеттик органдын, ошондой эле электр энергетикасы жагынан иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы чырды чечүү лицензиялардын ээлерине берилген укуктарга жана жеңилдиктерге зыян келтирбөөгө тийиш. Эгерде чет өлкөлүк жана кыргызстандык тараптын ортосундагы талаштар лицензиялардын ээлеринин укуктары менен милдеттерин түшүндүрүү туурасында болсо жана сүйлөшүүлөрдүн жана арачылардын жардамы менен үч айдын ичинде тынышуу жолу менен жөнгө салынбаса, чырга катышкан тараптын бири алдын ала макулдашууга ылайык ишти эл аралык арбитражга берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. [Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агентство] тандоо мүмкүнчүлүгү болбогон кардар менен бөлүштүрүүчү ишкананын ортосунда пайда болгон чырды тез арада чечүүнүн так тартибин белгилөөгө тийиш. | 32-статья. Талаштарды чечүү Эки же андан ашык мамлекеттик органдын, ошондой эле электр энергетикасы жагынан иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы чырды чечүү лицензиялардын ээлерине берилген укуктарга жана жеңилдиктерге зыян келтирбөөгө тийиш. Эгерде чет өлкөлүк жана кыргызстандык тараптын ортосундагы талаштар лицензиялардын ээлеринин укуктары менен милдеттерин түшүндүрүү туурасында болсо жана сүйлөшүүлөрдүн жана арачылардын жардамы менен үч айдын ичинде тынышуу жолу менен жөнгө салынбаса, чырга катышкан тараптын бири алдын ала макулдашууга ылайык ишти эл аралык арбитражга берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. [Энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] тандоо мүмкүнчүлүгү болбогон кардар менен бөлүштүрүүчү ишкананын ортосунда пайда болгон чырды тез арада чечүүнүн так тартибин белгилөөгө тийиш. |
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦА
| Иштиктүү таблица | Сунуш кылынган таблица |
|---|---|
| 6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергияны үнөмдөө боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Энергетика жөнүндө Мыйзамына, дагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Мамлекеттик энергетикалык программаны иштеп чыгат жана ал Программанын ишке ашырылышына контролдук кылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергияны үнөмдөө жагындагы ыйгарым укуктары төмөндөгүлөрдү камтыйт: - энергияны үнөмдөө жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү; - отунду жана энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында инвестицияларды тартуу үчүн зарыл шарттарды түзүү; - энергияны үнөмдөөнүн мамлекеттик тутумунун түзүмүн жана энергияны үнөмдөө тармагында ыйгарым укуктуу органды аныктоо; - энергияны үнөмдөө боюнча программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; - энергияны үнөмдөө боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди координациялоо; - натыйжалуу энергия техникасын жана продукцияны, алдыңкы технологияны, ушул тармактагы алдыңкы технологияны, башкаруу ыкмаларын жана илимий-изилдөөлөрдү, энергиянын калдык ресурстарын жана таштандыларды иштетүүнү, ошондой эле күндүн, шамалдын, суунун энергиясын жана башка энергия булактарын пайдаланган технологияларды киргизүү боюнча долбоорлордун жүзөгө ашырылышына көмөк көрсөтүү; - энергияны эсептөө, контролдоо жана башкаруу приборлорунун энергиялык жактан натыйжалуу жана экологиялык жактан коопсуз энергетикалык орнотмолордун, курулуш материалдарынын жана буюмдардын өнөр жайлык базасын жана аларды чыгарууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү; - энергияны үнөмдөө жагындагы илимий-изилдөө иштерин уюштуруу; - эл аралык кызматташууга катышуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн айрым иш-милдеттерин башка мамлекеттик органдарга өткөрүп бере алат. | [6-берене. Энергия үнөмдөө боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруудагы Өкмөттүн ыйгарым укуктары Өкмөттүн энергияны үнөмдөө тармагындагы ыйгарым укуктарына төмөнкүлөрдү камтыйт: энергияны үнөмдөө тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү; энергияны үнөмдөө тармагында саясатты иштеп чыгуу, көзөмөл жана контрол жүргүзүү боюнча мамлекеттик энергияны үнөмдөө системасынын структурасын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарын аныктоо; "Энергетика жөнүндө" Мыйзамга жана башка кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларга ылайык Улуттук энергетикалык программаларды жүзөгө ашыруу боюнча контролдук кылуу; Берилген ыйгарым укуктарынын чегинде энергияны үнөмдөө тармагы боюнча ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу; Энергияны үнөмдөөнүн регионалдык жана тармактык программаларын бекитүү.] |
| 6-1-статья. Энергияны үнөмдөө тармагында ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы Энергияны үнөмдөө тармагында ыйгарым укуктуу орган: - энергияны үнөмдөө тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзөт: - энергияны үнөмдөөнүн ченемдик укуктук, усулдук жана экономикалык механизмдерин жана кайталанма энергетикалык ресурстардын пайдаланууга түрткү берүүчү себептерин иштеп чыгат; - энергияны үнөмдөөнүн мамлекеттик программасы боюнча тиешелүү кызматтардын, министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын ишине контролдоо менен координациялоону жүзөгө ашырат; - энергияны үнөмдөө боюнча экспертиза жана энергетикалык текшерүү тууралуу жоболордун долбоорлорун иштеп чыгат; - отун-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн мамлекеттик көзөмөлдү уюштурат; - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөрдүн энергия менен жабдуучу уюмдардын тармагына кирүүсүн камсыз кылуу боюнча жана тармактардын иш режиминин зарыл болгон техникалык жана башка ченемдерин сактоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат; - эл аралык кызматташтыкка катышат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат; - энергияны үнөмдөөнүн региондук жана тармактык программаларын иштеп чыгууну координациялайт жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берет. | [6-1-берене. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын укуктары Энергияны үнөмдөө тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын укуктарына төмөнкүлөр кирет: отунду жана энергияны натыйжалуу пайдаланууну жакшыртуу максатында инвестицияларды тартуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү; энергияны үнөмдөө боюнча илимий изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди координациялоо; бул тармактагы энергиялык натыйжалуу техниканы жана продукцияны, алдыңкы технологияны, ушул тармакта башкаруу жана илимий изилдөө ыкмаларын киргизүү, экинчи энергоресурстарын жана таштандыларды утилдештирүү, ошондой эле күн энергиясын, шамал, суу жана башка энергия булактарын пайдалануу боюнча технологияларды киргизүү боюнча долбоорлордун жүзөгө ашышына көмөк көрсөтүү; Өнөр жайдын базасын жана эсеп приборлорун өндүрүүнү өнүктүрүүгө, энергияны контролдоого жана башкарууга, энергиялык натыйжалуу жана экологиялык жактан коопсуз энергетикалык орнотмолорду, курулуш материалдарды жана жасалгаларды пайдаланууга көмөк көрсөтүү; энергияны үнөмдөө тармагындагы ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу; энергияны үнөмдөөнүн регионалдык жана тармактык программалардын долбоорлорун иштеп чыгууну координациялоо жана аны Өкмөттүн бекитүүсүнө жиберүү; энергияны үнөмдөөнүн ченемдик-укуктук, усулдук жана экономикалык механизмдерин иштеп чыгуу жана калыбына келтирүүчү энергетикалык ресурстарды пайдаланууну стимулдаштыруу; энергияны үнөмдөө тармагында илимий изилдөөлөрдү уюштуруу; эл аралык кызматташтыкка катышуу. Энергияны үнөмдөө тармагында көзөмөл жүргүзө турган Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдү камтыйт: отун-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга карата техникалык көзөмөлдү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу; электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөргө энергияны үнөмдөө тармагына кирүүнү камсыз кылуу жана тармактардагы иш режими менен зарыл болгон техникалык нормаларды сактоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу.] |
| 7-статья. Энергияны үнөмдөө тармагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктары [Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары: - энергияны үнөмдөөнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууну камсыз кылышат; - администрациялык аймактык бирдиктин чектеринде энергияны үнөмдөө программасын иштеп чыгышат жана ишке ашырышат, алардын аткарылышын координациялашат.] Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аткаруучу-тескөөчү органдары: - администрациялык аймактык бирдиктин чектеринде мамлекеттик жана аймактык программаларды ишке ашырышат; - алардын карамагында турган имараттарда, анын ичинде жогору натыйжалуу энергия керектөөчү приборлорду жана жабдууларды пайдалануунун эсебинен энергияны керектөөнүн экономикалык иш-тартиби камсыз болушу үчүн жооп беришет; - энергияны үнөмдөө тармагында илимий изилдөөлөрдү уюштурушат; - алардын аймагында жайгашкан жеке жана юридикалык жактардын энергияны үнөмдөөгө карата программалардын аткарылышы боюнча иштерин координациялашат. | 7-статья. Энергияны үнөмдөө тармагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктары [Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары энергияны үнөмдөөнүн регионалдык жана тармактык программаларын жүзөгө ашыруусун камсыз кылат.] Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аткаруучу-тескөөчү органдары: - администрациялык аймактык бирдиктин чектеринде [регионалдык жана тармактык] программаларды ишке ашырышат; - алардын карамагында турган имараттарда, анын ичинде жогору натыйжалуу энергия керектөөчү приборлорду жана жабдууларды пайдалануунун эсебинен энергияны керектөөнүн экономикалык иш-тартиби камсыз болушу үчүн жооп беришет; - энергияны үнөмдөө тармагында илимий изилдөөлөрдү уюштурушат; - алардын аймагында жайгашкан жеке жана юридикалык жактардын энергияны үнөмдөөгө карата программалардын аткарылышы боюнча иштерин координациялашат. |
| 8-статья. Отундун жана энергиянын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл Отундун жана энергиянын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген энергияны үнөмдөө тармагындагы мамлекеттик орган ишке ашырат. Мамлекеттик контролдун жана көзөмөлдүн объектиси Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, отунду жана энергияны алуу, кайра иштетүү, өзгөртүү, ташуу, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу жагындагы бардык уюмдарды камтыган энергетикалык чарба болуп эсептелет. Энергиянын үнөмдөө жагында мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик органдарынын жана республикада отундун жана энергиянын, отун-энергетикалык ресурстардын натыйжалуу пайдаланылышына контролду жана көзөмөлдү ишке ашыруучу энергияны үнөмдөө тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар энергияны үнөмдөө тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган ыйгарым укуктарын аткарылышы үчүн керектүү шарттарды түзүшөт. | 8-статья. Отундун жана энергиянын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл [Отундун жана энергиянын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү Энергияны үнөмдөө тармагындагы көзөмөлдүк жана контролдук жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.] Мамлекеттик контролдун жана көзөмөлдүн объектиси Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, отунду жана энергияны алуу, кайра иштетүү, өзгөртүү, ташуу, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу жагындагы бардык уюмдарды камтыган энергетикалык чарба болуп эсептелет. Энергиянын үнөмдөө жагында мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик органдарынын жана республикада отундун жана энергиянын, отун-энергетикалык ресурстардын натыйжалуу пайдаланылышына контролду жана көзөмөлдү ишке ашыруучу [энергияны үнөмдөө тармагында көзөмөлдүк жана контролдук жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар [энергияны үнөмдөө тармагында көзөмөлдүк жана контролдук жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган ыйгарым укуктарын аткарылышы үчүн керектүү шарттарды түзүшөт. |
| 9-статья. Энергетикалык иликтөөлөр Энергетикалык паспортун жазып-каттап, уюмдарды энергетикалык жактан иликтөө, отундун жана энергиянын натыйжалуу пайдаланылышына баа берүү жана керектөөчүлөрдүн отун менен энергияга кеткен чыгымын азайтуу максатында жүргүзүлөт. Уюмдарды энергетикалык жактан иликтөөлөр милдеттүү түрдө жүргүзүлөт, алардын тартиби жана мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобого ылайык белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик энергетика инспекциясы тарабынан ишке ашырылат. | 9-статья. Энергетикалык иликтөөлөр Энергетикалык паспортун жазып-каттап, уюмдарды энергетикалык жактан иликтөө, отундун жана энергиянын натыйжалуу пайдаланылышына баа берүү жана керектөөчүлөрдүн отун менен энергияга кеткен чыгымын азайтуу максатында жүргүзүлөт. Уюмдарды энергетикалык жактан иликтөөлөр милдеттүү түрдө жүргүзүлөт, алардын тартиби жана мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобого ылайык белгиленет жана [энергияны үнөмдөө тармагында көзөмөлдүк жана контролдук жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] тарабынан ишке ашырылат. |
| 11-статья. Отундун жана энергиянын эсеби Алынуучу, чыгарылуучу, кайра иштетилүүчү, ташылуучу, сакталуучу жана керектелүүчү энергетикалык ресурстардын бардык көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипке ылайык милдеттүү түрдө эсепке алынат. Керектелүүчү энергетикалык ресурстардын эсебин алуу ченөөлөрдүн тактыгынын белгиленген мамлекеттик стандарттарына жана ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат. Энергетикалык ресурстарды өндүрүү жана керектөө жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт. Энергетикалык ресурстардын керектелишинин чен-өлчөмүнө жана структурасына жана алардын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик статистикалык көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте статистика боюнча аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы уюштурат жана жүргүзөт. Энергияны үнөмдөө тармагындагы ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик статистикалык отчет берүүнүн үлгүсүн иштеп чыгат жана мамлекеттик статистика тармагындагы компетенттүү органдар менен макулдашуу боюнча отун-энергетикалык ресурстарды өндүрүүнүн жана керектөөнүн көлөмү менен номенклатурасы жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалар менен уюмдар үчүн аларды пайдалануунун натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү тууралуу мамлекеттик статистикалык отчет берүүнү киргизүүнү камсыз кылат. | 11-статья. Отундун жана энергиянын эсеби Алынуучу, чыгарылуучу, кайра иштетилүүчү, ташылуучу, сакталуучу жана керектелүүчү энергетикалык ресурстардын бардык көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипке ылайык милдеттүү түрдө эсепке алынат. Керектелүүчү энергетикалык ресурстардын эсебин алуу ченөөлөрдүн тактыгынын белгиленген мамлекеттик стандарттарына жана ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат. Энергетикалык ресурстарды өндүрүү жана керектөө жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт. Энергетикалык ресурстардын керектелишинин чен-өлчөмүнө жана структурасына жана алардын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик статистикалык көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте статистика боюнча аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы уюштурат жана жүргүзөт. [Энергияны үнөмдөө тармагындагы саясатты иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] мамлекеттик статистикалык отчет берүүнүн үлгүсүн иштеп чыгат жана мамлекеттик статистика тармагындагы компетенттүү органдар менен макулдашуу боюнча отун-энергетикалык ресурстарды өндүрүүнүн жана керектөөнүн көлөмү менен номенклатурасы жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалар менен уюмдар үчүн аларды пайдалануунун натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү тууралуу мамлекеттик статистикалык отчет берүүнү киргизүүнү камсыз кылат. |
| 15-статья. Энергияны керектөөнүн ченемдери Энергияны керектөөнүн ченемдери техникалык паспортторго, ремонттук жана режимдик карталарга, жабдууларды жана продукцияны пайдалануу боюнча нускамаларга милдеттүү түрдө киргизилет. Энергиянын имараттар менен курулмаларды жылытууга, желдетүүгө жана кондиционерлөөгө кеткен салыштырма чыгымынын ченемдери курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде белгиленет. Энергияны керектөөнүн ченемдиктери алдыңкы технологиялардын жетишкендиктерин эсепке алуу менен 3 жылда бир жолудан кем эмес кайра каралууга жана оңдолуп түзөтүлүүгө тийиш. Энергетикалык ресурстарды керектөөнүн стандарттарынын тутумдары ишке киргизилгенге чейин энергетикалык ресурстарды жумшоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерин менен ченемдиктерин колдонууга жол берилет. Отунду жана энергияны керектөөнүн ченемдеринин сакталышына контролду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү укук берген орган ишке ашырат. | 15-статья. Энергияны керектөөнүн ченемдери Энергияны керектөөнүн ченемдери техникалык паспортторго, ремонттук жана режимдик карталарга, жабдууларды жана продукцияны пайдалануу боюнча нускамаларга милдеттүү түрдө киргизилет. Энергиянын имараттар менен курулмаларды жылытууга, желдетүүгө жана кондиционерлөөгө кеткен салыштырма чыгымынын ченемдери курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде белгиленет. Энергияны керектөөнүн ченемдиктери алдыңкы технологиялардын жетишкендиктерин эсепке алуу менен 3 жылда бир жолудан кем эмес кайра каралууга жана оңдолуп түзөтүлүүгө тийиш. Энергетикалык ресурстарды керектөөнүн стандарттарынын тутумдары ишке киргизилгенге чейин энергетикалык ресурстарды жумшоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерин менен ченемдиктерин колдонууга жол берилет. Отунду жана энергияны керектөөнүн ченемдеринин сакталышына контролду [энергияны үнөмдөө тармагында көзөмөлдүк жана контролдук жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] ишке ашырат. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 18-октябрындагы №2406-V "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 18.10.2012 · № 2406-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 18-октябрындагы №2407-V "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 18.10.2012 · № 2407-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 18-октябрындагы №2408-V "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 18.10.2012 · № 2408-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 16-майындагы № 3071-V "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.05.2013 · № 3071-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 16-майындагы № 3072-V "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 16.05.2013 · № 3072-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 16-майындагы № 3073-V "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.05.2013 · № 3073-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 4-апрелиндеги №2943-V "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.04.2013 · № 2943-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 4-апрелиндеги №2944-V "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 04.04.2013 · № 2944-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 4-апрелиндеги №2945-V "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.04.2013 · № 2945-V
Шилтеме берет (8)
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 (Жумушчу топтор түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 10.01.2012 · № 5
- Энергияны үнөмдөө жөнүндөЗакон · 07.07.1998 · № 88
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2011 · № 762 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон