Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 3 мая 2013 года № 236 "О вопросах Министерства культуры, информации и туризма Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-05-03.
3-пунктунан тышкары, КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 120 Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүн бекитүүгө байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин укук мурастоочусу экендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти жана Кинематография департаменти түзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн департаменттерди каржылоо боюнча чыгымдарды карасын жана "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
Туризм департаменти жөнүндө жобону; Кинематография департаментинин жобосун жана башкаруу схемасын бекитүүгө берсин;
- ченемдик укуктук актыларды ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттиги жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
| Борбордук аппарат ├─────────> | Коллегия | |||||
|---|---|---|---|---|---|---|
| v v v ┌───────────────────┐ ┌───────────────┐ ┌──────────────────────┐ | Туризм департаменти | Кинематография департаменти | бөлүмдөрү | Шаардык жана райондук маданият башкармалыктары жана |
v └───────────────────┘ └───────────────┘ └──────────────────────┘ v
| Ведомстволук мекемелер: Театрлар, филармониялар, китепканалар, музейлер, маданият үйлөрү, клубдар, маданият жана эс алуу парктары, тарых жана маданият эстеликтери, Кыргыз мамлекеттик цирки, Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча республикалык инспекция, "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо бюросу, Мамлекеттик китеп палатасы, Улуттук маданий борбор, "Манас ордо" улуттук комплекси, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, Достук үйү дирекциясы, "Байчечекей" жана "Кырчын" журналдарынын редакциялары, "Шах Фазил" мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейи └───────────────────────────────────────────┘ | бакчалар | Маданият жана искусство окуу жайлары: жогорку окуу жайлары, кесиптик орто окуу жайлары, М.Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык жатак-мектеби, балдар музыкалык мектептери, балдар көркөм өнөр мектептери, балдар искусство мектептери, квалификация жогорулатуу факультеттери, бала |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (7)
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 11-июну № 487 (Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп бекитүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 11.06.2012 · № 487
- "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 120 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 120
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.05.2013 · № 236 · Күчүн жоготкон
- КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2010 · № 77 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы №267 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 05.11.2010 · № 267 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №330 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги…Постановление · 17.12.2010 · № 330 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-сентябры № 622 "Китепкана иши жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"…Постановление · 17.09.2012 · № 622 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.04.2012 · № 41
- КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2010 · № 77 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2011 · № 762 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы №267 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 05.11.2010 · № 267 · Күчүн жоготкон
- 2011-жылдын 23-декабры №1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2011 · № 1452-V · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.05.2013 · № 236 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №330 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги…Постановление · 17.12.2010 · № 330 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 токтому менен…Положение · 01.02.2016 · № 43
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.