КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН «»Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Озон катмарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 5 августа 2014 года № 448 "Об отзыве некоторых проектов законов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-08-05.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 448 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2012-жылдын 24-майы № 314 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган Мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду
жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1999-жылдын 7-июлу, № 54-55) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-берене төмөнкү мазмундагы отуз бешинчи жана отуз алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салууну ишке ашырууга Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы; айлана-чөйрөнү коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - айлана-чөйрөнү коргоо жаатында көзөмөлдөө-контролдоо функцияларын ишке ашырууга Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы;".
2. 7-берененин 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдери - зыяндуу таасирлердин жол берилүүчү чектелген ченемдери, ошондой эле аларды аныктоонун ыкмалары Өкмөт тарабынан бекитилет.".
3. 13-берененин 2-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекетгик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 14-беренеде:
1) 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүктөгү "атайын" деген сөз алып салынсын.
5. 16-берененин 4-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Экологиялык экспертизага байланыштуу мамилелер экологиялык экспертиза жөнүндө мыйзам менен жөнгө салынат.".
6. 23-беренеде:
1) 3-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Калдыктарды бир жерге чогултуу жана көмүү айлана-чөйрөнү коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу жана саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен аныкталган жерлерде жүргүзүлөт.";
2) 5-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын;
"Өтө коркунучтуу, өзгөчө уулуу жана радиоактивдүү калдыктарды көмүү же башкача жайгаштыруу атайын жабдылган полигондордо айлана-чөйрөнү коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы боюнча саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.".
7. 25-беренеде:
1) 1-бөлүктүн алтынчы абзацындагы "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарынын" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 28-беренеде "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
9. 31-берененин 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Айлана-чөйрөнү коргоонун абалына жана жаратылыш ресурстарынын пайдаланышына мамлекеттик контролду айлана-чөйрөнү коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүзөгө ашырат. Айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылыш ресурстарын пайдалануунун абалына мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруунун тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жаратылышты коргоого тиешелүү чечими бардык мамлекеттик органдар, жарандар, чарбакер жана башка субъекттер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.".
10. 32-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"32-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын укук коргоо, бажы, салык жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракети
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда укук коргоо, бажы, салык жана башка органдар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери менен Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жана башталыштарда өз ара аракеттенет.".
11. 40 жана 41-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40-берене. Өкмөттүн айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы компетенциясы
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында Өкмөттүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- айлана-чөйрөнү коргоо жаатында мамлекеттик саясатты аныктоо;
- өз компетенциясынын чегинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатында ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышына контроль жүргүзүү, анын ичинен:
айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү; айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык, региондор аралык, мамлекеттер аралык программаларды жана пландарды бекитүү; экологиялык коопсуздуктун ченемдерин, жаратылышты пайдалануунун лимиттерин жана ченемдерин бекитүү; жаратылышты коргоо Мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин жана өлчөмдөрүн бекитүү; жаратылыш ресурстарын пайдаланууну жана айлана-чөйрөнү булгануудан жана башка зыяндуу таасирлерден коргоону жөнгө салуу боюнча эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, ченемдерди жана стандарттарды бекитүү; айлана-чөйрөнү коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитүү;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, объекттерин уюштуруу жана аларды Кыргыз Республикасынын табигый-корук фондусуна киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- экологиялык камсыздандыруу жана экологиялык камсыздандыруу фондун пайдалануу тартибин бекитүү;
- эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу.
41-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана комплекстүү башкарууну жүргүзүү, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин координациялоо;
- министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ишин башкарууну жана координациялоону жүзөгө ашыруу;
- айлана-чөйрөнүн мониторингин жана республиканын аймагындагы жаратылыш ресурстарын пайдаланууну уюштуруу;
- утилдештирилбеген уулуу, ошондой эле радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу жана көмүү боюнча полигондорду жайгаштыруучу жерлерди аныктоо;
- жарандарга экологиялык билим берүүнү жана тарбиялоону камсыз кылуу;
- жаратылыш ресурстарын пайдаланууну жана айлана-чөйрөнү коргоону жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- айлана-чөйрөнүн экологиясын коргоо боюнча республикалык, региондор аралык, мамлекеттер аралык программалардын жана иш пландардын концепцияларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык уулуу материалдардын жана заттардын калдыктарын, анын ичинде радиоактивдүү калдыктарды утилдештирүүгө, жайгаштырууга, жок кылууга жана көмүүгө лицензияларды, жаратылыш ресурстарын пайдаланууга алып келүүгө, алып чыгууга жана сатууга сертификаттарды берүү;
- жаратылыш ресурстарын эсепке алууну жана баалоону уюштуруу, жаратылыш ресурстарынын мамлекеттик кадастарын жүргүзүү;
- айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылышты пайдаланууну башкаруунун экономикалык механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы алуу жана анын өлчөмдөрүнө оңдоо киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын табигый-корук фондусун башкаруу, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин жүргүзүү, табигый-корук ишин уюштуруу;
- айлана-чөйрөнү коргоо, продуктунун жана технологиялык процесстердин экологиялык коопсуздугун жүзөгө ашыруу, эл аралык тажрыйбаны иликтөө, жалпылоо жана жайылтуу жаатындагы эл аралык макулдашууларды ишке ашыруу, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык макулдашууларга ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу.
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- жерлерди, жер казынасын, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды, атмосфералык абаны, токойлорду жана башка өсүмдүктөрдү, жаныбарлар дүйнөсүн пайдаланууга жана коргоого, ошондой эле экологиялык коопсуздуктун ченемдеринин сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзүү;
- айлана-чөйрөнүн объектилерин, жаратылыш ресурстарын, продуктунун, материалдардын жана сырьелордун, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга жана айлана-чөйрөгө келтирилүүчү зыянды болтурбай коюуга багытталган технологиялык процесстерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү экологиялык сертификациялоону жүргүзүү, экологиялык сертификаттарды берүү, экологиялык сертификаттоо боюнча органдарды, айлана-чөйрөнү коргоонун башкаруу тутумун, экоаналитикалык лабораторияларды аккредиттөө;
- эгерде аларды жүзөгө ашыруу айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашына алып келсе, өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүнүн жана жайгаштыруунун, мелиорациянын, химиялаштыруунун жана башка чечимдердин мурда кабыл алынган схемаларын, программаларын токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- жаратылыш ресурстарын пайдалануу укугун токтотуу, экологиялык зыяндуу ишти чектөө, токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- эгерде аларды пайдалануу жаратылышты коргоо Мыйзамдарын бузуу менен же булгоочу заттарды бүркүп чыгаруунун жана агызып чыгаруунун лимиттеринен ашык жүзөгө ашырылып жатса, ишканалардын жана башка объекттердин ишин чектөө, токтото туруу же токтотуу;
- жаратылышты коргоо Мыйзамдарынын, айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин талаптарынын сакталышын, жаратылышты коргоо боюнча иш-чаралардын, тазалоочу курулмалардын жана башка жаратылышты коргоочу жабдуулардын, аларды контролдоочу каражаттардын ишин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте текшерүү;
- мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусунун аткарылышына контролдукту камсыз кылуу;
- табылган кемчиликтерди четтетүүнү талап кылуу, объекттерди долбоорлоого, курууга, кайра конструкциялоого, пайдаланууга берүүгө жана объектилерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча көрсөтмөлөрдү же корутундуларды берүү.".
12. 43-берене күчүн жоготту деп табылсын.
13. 44-беренеде:
1) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"44-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери";
2) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары аларга жүктөлгөн функцияларды аткарууну камсыз кылууга милдеттүү жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:";
3) 1-бөлүктүн төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
4) 1-бөлүктүн алтынчы абзацындагы ", объектилерди долбоорлоого, курууга, кайра конструкциялоого, пайдаланууга киргизүүгө жана пайдаланууга уруксат берүү боюнча көрсөтмөлөрдү же корутундуларды берүүгө" деген сөздөр алып салынсын.
14. 56-берененин 1-бөлүгүндөгү "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айлана-чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органдары" деген сөздөр "мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 58-берене күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Белгилүү болгондой, аткаруу бийлик бутактарындагы Өткөрүлүп жаткан административдик реформалардын жүрүшүнө негиз болуучу, мамлекеттик органдардын функцияларын чектөө, ошондой эле Өкмөткө баш ийген административдик мекемелердин жаңы түзүмүн аныктоону камтыган Өкмөттүн (2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 жана 2012-жылдын 12-январындагы № 12) эки документи кабыл алынгандыгы болду. Көрсөтүлгөн реформалоо Жогорку Кеңеште 2011-жылдын 23-декабрында бекитилген өкмөттүн программасында баяндалган токтомунда Премьер-министрдин мамлекеттин өнүгүшүнө артыкчылыктуу багыттары аныкталганга байланыштуу жүргүзүлөт. Административдик реформанын абдан маанилүү кадамдарынан болуп мамлекеттик органдардын көзөмөл-текшерүү функцияларын мамлекеттик инспекциянын бирөөсүнүн карамагына компетенциясынын алкагында өткөрүп берүү. Премьер-министрдин Өкмөттүн Программасын тиешелүү түрдө ишке ашыруу максатында, Премьер-министрдин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 буйругунун негизинде, аткаруу бийлик тутумунда реформалоону жүргүзүүдөн келип чыккан, Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу актыларын инвентаризациялоо, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдоо боюнча жумушчу тобу түзүлгөн. Юстиция Министрлиги айтылган жумушчу топтун иш аракеттерин координациялоону ишке ашырат. Бир Мамлекеттик органда бир убакта бирдикте саясатты аныктоо жана аны ишке ашырууну көзөмөл функцияларын биргеликте аткарууну болтурбоо максатында, аталган топтун иш аракетинин алкагында Юстиция Министрлиги ар бир мамлекеттик органдар менен биргеликте, шайкеш келген иш багыттары боюнча бир катар Мыйзам чыгаруу актыларына оңдоолорду киргизүү маселеси иштелип чыкты. Белгилүү болгондой, Өкмөттүн 2012-жылдын 12-январында № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекция түзүлдү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине тийиштүү өнөр жай экологиясы жаатында көзөмөл жана текшерүү функциялары ушул инспекциянын карамагына өткөрүп берүү белгиленген. Юстиция Министрлиги аталган орган менен бирдикте Мыйзамдардын тизмегин аныктаган, анын ичинде "Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамын жогорудагы көрсөтүлгөн иш аракеттердин алкагында кайрадан карап чыгуу зарылчылыгы аныкталган. Демек, кароого сунушталган Мыйзам долбоору саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында көзөмөл жана текшерүү жүргүзүүдө мамлекеттик органдарда ыйгарым укуктарды чектөө каралган. Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунда "Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ишеним берилген мамлекеттик орган" жана "курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында көзөмөл жана текшерүү боюнча ишеним берилген мамлекеттик орган" деп аталган терминдердин түшүнүгүн жана алардын ыйгарым укуктары тууралуу аныктама берүү сунушталат. Жогорудагы көрсөтүлгөн бирдейлештирилген терминдер, аталган органдарда аларды пайдаланууда белгилениши, Мыйзамдарга улам оңдоолорду киргизе берүү зарылчылыгын болтурбоо, мамлекеттик башкаруу тутумундагы реформаларды иш жүзүнө ашырууда, мамлекеттик органдардын конкреттүү аталыштары өзгөрүүлөрдө эске алынышы керек. Ошону менен бирге, сунушталган Мыйзам долбоорунун иш аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин компетенциясына киргендиктен, көрсөтүлгөн мекеменин директорун өкмөттүн официалдуу өкүлү катары аныкталып, Жогорку Кеңеште аталган долбоорду кароодо сунушталат. Мындан тышкары, белгилей кетсек, күчүндөгү улуттук жана эл аралык Мыйзам чыгаруу нормалары өткөрүлгөн анализдин жыйынтыгы боюнча такталган, сунушталган Мыйзам долбоору күчүндөгү нормативдик укуктук актыларга каршы келбейт. Кошумча иретинде белгилей кетүүчү жагдай , ушул Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы чыгымдарды талап кылбайт.
Министр
А.Шыкмаматов
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| 2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөндөгү негизги түшүнүктөр пайдаланылат: жаратылыш ресурстарын арбытып өндүрүү - жаратылыш ресурстарынын ордун толтурууга жана көбөйтүүгө же жаратылыш объектилеринин пайдалуу касиеттерин жогорулатууга багытталган илимий, уюштуруучулук, экономикалык жана техникалык чаралардын жыйындысы; жаратылыш ресурстарын калыбына келтирүү - жаратылыштын антропогенндик таасиринин же табигый күчтөрүнүн натыйжасында жок болуп кеткен жаратылыш ресурстарын толуктоо же жаратылыш объектилеринин пайдалуу касиеттерин күчөтүү боюнча уюштуруу-техникалык экономикалык жана башка чаралар; айлана-чөйрөгө келтирилген зыян - айлана-чөйрөнүн абалындагы адамдын ишинен улам, чөйрөнүн булганышынын, жаратылыш ресурстарынын кунарсызданышынын, жаратылыштын экологиялык тутумдарынын бузулушунун, бүлүнүшүнүн натыйжасында келип чыккан, адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө, материалдык баалуулуктарга айкын коркунуч келтирген терс өзгөрүүлөр; зыяндуу заттардын абага чыгарылышы, агызып чыгарылышы - кандайдыр бир булгоочу булактардан тышкы чөйрөгө (атмосфералык абага, суу объектилерине, жерге) булгоочу заттардын чыгарылышы; жаныбарлар дүйнөсү - табигый эркин абалда болгон, экологиялык, экономикалык жана маданий-ден соолукту чыңдоочу милдеттерди аткаруучу курт-кумурскаларды, сойлоп жүрүүчүлөрдү, жырткычтарды, канаттууларды, балыктарды жана башка жаныбарларды камтыган Мыйзам тарабынан корголуучу жаратылыш объектиси (ресурсу); коргоо зоналары (айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы) - чарбалык иштин терс таасирин же жаратылыштын табигый күчтөрүнүн зыяндуу таасирин болтурбай коюу максатында Мыйзам боюнча өзгөчө корголуучу режимдеги табигый мейкиндиктин (жер, суу, кен) бир бөлүгү; жашыл зоналар - адам жашаган чөйрөгө чарбалык иштин терс таасир тийгизишин болтурбай коюу максатында Мыйзам боюнча өзгөчө корголуучу режим белгиленген шаарлардын, өнөр жай борборлорунун айланасында жайгашкан, токой, калкалап турган жашылдандыруучу өсүмдүктөр өскөн коргоо зоналарынын бир түрү, жер мейкиндигинин бир бөлүгү; курорттук зоналар - курортко тиешелүү санитардык-гигиеналык ден соолукту чыңдоочу, рекреациялык шарттарды камсыз кылуу максатында Мыйзам боюнча өзгөчө корголуучу режим белгиленген курорттун, анын санитардык коргоо чөлкөмдөрүн камтыган коргоо зоналарынын бир түрү, жер суу мейкиндигинин бир бөлүгү; дарылоочу - ден соолукту чыңдоочу зоналар - караңыз: коргоочу, курорттук, жашыл, рекрациялык зоналар; корголуучу зоналар (айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы) - корук объектилерин кайтаруу максатында жаратылышты пайдаланууга белгилүү бир чектөөлөрдү киргизүү аркылуу коруктардын, улуттук жаратылыш парктарынын аймактарын коргоо үчүн Мыйзамда белгиленген тартипте түзүлгөн коргоо зоналарынын бир түрү, мейкиндиктин бир бөлүгү; санитардык коргоо зоналары - атмосферанын жерге жакын жайгашкан катмарында булгоочу заттардын болушунун талап кылынган гигиеналык ченемдерин камсыз кылуу, ишканалардын, транспорт коммуникацияларынын, электр берүү линияларынын, калктын айланасындагы жеке таасир берүүчү факторлордун - ызы-чуунун, термелүүнүн деңгээлинин жогорулашынын, инфра үндүн, электрмагниттик толкундардын жана статикалык электрлештирүүнүн терс таасирин азайтуу үчүн арналган аймактар; рекреациялык зоналар - эс алуу жана туризм үчүн пайдаланылуучу айлана-чөйрөнүн мейкиндигинин бир бөлүгү, анын ичинде жашыл, курорттук, дарылоочу - ден соолукту чыңдоочу зоналар; өзгөчө экологиялык кырдаалдар зоналары - адамдын ооруга чалдыгышы жана өлүмү орточо көрсөткүчтөрдөн алда канча жогору болуп, кескин күчөгөнү аныкталган, жаратылыштын экологиялык тутумдарынын бузулуш, айлана-чөйрөнү булганыш, суу, жер, өсүмдүктөр жана жаныбарлар ресурстарынын азайыш процессинин белгилери так белгилүү болгон, мамлекет тарабынан расмий түрдө жарыяланган аймактын бир бөлүгү (шаар, область, регион); экологиялык кырсык зоналары - жаратылыштын экологиялык тутумдарынын толук бузулганынын, атмосфералык абанын, көлмөлөрдүн, кыртыштын булганганынын, суунун, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын ресурстарынын кедери толук кеткенинин белгилери белгилүү болгон жана калктын ооруга чалдыгышы жана өлүмү жогорку деңгээлде экени аныкталган, мамлекет тарабынан расмий түрдө жарыяланган аймактын бир бөлүгү (шаар, область, регион); айлана-чөйрө тууралу маалымат - суунун, абанын, кыртыштын, кен-байлыктарынын абалы, алардын абалына таасир тийгизе турган иш тууралу маалымат; жаратылыш ресурстарынын кадастры - жаратылыш ресурстарынын сандык жана сапаттык абалы, аларды экологиялык, экономикалык (анын ичинде дарылоочу - ден соолукту чыңдоочу) жагынан баалоо тууралу маалыматтардын жыйындысы. Кадастрдын: жер, суу, токой, пайдалуу кен чыккан жерлер, жаныбарлар дүйнөсүнүн (балыктар менен жер үстүндөгү жаныбарлар боюнча өзүнчө), табигый, корук объектилеринин, дарылоочу - ден соолукту чыңдоочу жаратылыш ресурстарынын кадастрлары сыяктуу түрлөрү бар. Алардын структурасы жана жүргүзүү тартиби (кадастрлардын) мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленет; Кызыл китеп - өзгөчө коргоо режимин киргизүү жана аны андан ары арбытып көбөйтүү максатында Мыйзамда белгиленген тартипте бекитилүүчү, жоголуп бараткан же тукум курут болуу коркунучунда турган өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрү тууралу маалыматтардын жыйындысы (Эл аралык Кызыл китеп, Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби); лимит (айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы) - жаратылыш ресурсун алуунун, керектөөнүн, зыяндуу заттарды абага чыгаруунун, агызып чыгаруунун чектелген саны. Жаратылышты коргоо, анын ресурстарын сарамжал пайдалануу ага карата зыяндуу таасирлерди болтурбай коюу үчүн белгиленет; айлана-чөйрөнүн мониторинги - айлана-чөйрөнүн чен-өлчөмдөрүнө байкоо жүргүзүү, анын абалына баа берүү, күтүлүүчү өзгөрүүлөрдү болжолдоо; айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү - айлана-чөйрөнүн сапаттык көрсөткүчтөрүнүн тутумун белгилөө; айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирлердин жол берилүүчү чектелген ченемдери - айлана-чөйрөнүн корголушун, жаратылыш ресурстарынын сарамжал пайдаланылышын, коомдун экологиялык коопсуздугун жана адамдын ден соолугун камсыз кылуучу чарбалык, рекреациялык жана башка иштин айлана-чөйрөнүн абалына таасир тийгизишинин жол берилүүчү чектелген ченемдеринин көрсөткүчтөрү; айлана-чөйрөнүн сапаттык ченемдери - айлана-чөйрөнүн сапаттык абалын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр: зыяндуу заттардын, алардын абага чыгарылышынын, агызып чыгарылышынын жол берилүүчү чектелген концентрациясы (ЖБЧКсы), радиациялык таасирдин, ызы-чуунун деңгээлинин, термелүүнүн, магнит талааларынын жол берилүүчү чектелген деңгээли (ЖБЧДсы), айыл чарбасында колдонулуучу химиялык заттардын химиялык заттардын жол берилүүчү чектелген ченемдери (ХЗЖЧсы), тамак-аш азыктарындагы химиялык заттардын калдыктарынын жол берилүүчү чектелген саны, антропогенндик иштин айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин жол берилүүчү чектелген ченемдери; айлана-чөйрөнү он абалга келтирүү - чарбалык иштин зыяндуу экологиялык кесепеттерин болтурбай коюуга жана аларды четтетүүгө, адамды курчап турган чөйрөнүн сапатын жакшыртууга багытталган санитардык-гигиеналык, экономикалык-укуктук чаралардын жыйындысы; озон катмары - тирүү организмдер үчүн зыяндуу таасири бар, космостон чыккан ультрафиолеттик нурланууну сиңирип алуучу, озондун молекулалары өтө көп топтолгон, уюлдарда 7-8 км бийиктиктеги, планетанын үстүнкү бетиндеги экватордо 17-18 км бийиктикте жайгашкан атмосфера катмары; айлана-чөйрө - адам жашаган чөйрө, адамдын жана башка жандуу организмдердин жашоосунун шарты, каражаты жана орду катары кызмат кылуучу биологиялык чөйрө, ал табигый экологиялык тутум катары жаратылышты жана адамдын аткарган ишинин натыйжасында кайра жаралган жаратылыш чөйрөсүнүн бир бөлүгүн камтып турат; өзгөчө корголо турган табигый аймактар - алар үчүн коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгилене турган жаратылыш комплекстерин же жаратылыштын айрым объектилерин камтыган жер, суу участоктору (акваторий). Өзгөчө корголо турган табигый аймактарга табигый же жасалма түрдө түзүлгөн өзгөчө экологиялык, жаратылышты коргоочу, илимий, тарыхый-маданий, эстетикалык, ден соолукту чыңдоочу мааниге ээ болгон табигый комплекстер жана жаратылыштын объектилери; таштандылар - сырьелордун, материалдардын, жарым фабрикаттардын, чарбалык иштин жүрүшүндө түзүлгөн башка буюмдардын жана продуктылардын калдыктары; айлана-чөйрөнү коргоо - жаратылыш байлыктарын сактоонун жана арбытып өндүрүүнүн, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануунун, адамды курчап турган жашоо чөйрөсүнүн сапатын жакшыртуунун негизинде коом менен жаратылыштын шайкеш өз ара аракетин камсыз кылууга багытталган мамлекеттик жана коомдук чаралардын тутуму; айлана-чөйрөгө тийген таасирге баа берүү (АЧТТББ) - белгиленип жаткан чарбалык жана башка иштин болжолдуу таасирин, ал тарабынан айлана-чөйрөдө пайда боло турган өзгөрүүлөрдү аныктоо, талдоо, баа берүү жана долбоордук чечимдерде эсепке алуу; жаратылыш ресурстары - адамдын жаратылышты керектөөсүнүн табигый булактары (жер, суу, токой ресурстары, пайдалуу кендер, минералдык сырьенун корлору, радиоактивдүү материалдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, алардын компоненттери жана башка табигый жыргалчылыктар); жаратылышты пайдалануу - табигый-ресурстук потенциалды пайдалануунун жана аны сактоо боюнча чаралардын бардык формаларынын жыйындысы; жаратылышты коргоо Мыйзамдары - экономикалык таламдарды илимий негизде айкалыштырууну жана айлана чөйрөнүн оптималдуу сапатына жетишүүнү камсыз кылуу максатында жаратылышты коргоонун, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануунун тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын жыйындысы; жаратылышты атайылап пайдалануу - аларды айлана-чөйрөдөн алып коюу аркылуу (казып алуу, жыйноо, иргөө жана башкалар) жүзөгө ашырылуучу жаратылыш ресурстарын пайдалануунун бардык түрлөрү; айлана-чөйрөгө зыян келтирүү - коомдун айлана-чөйрөнү өзгөртүүнүн, аны булгоонун натыйжасында келип чыгуучу экономикалык жана акчалай түрдө эсептеле турган экономикадан тышкаркы жоготуулары; жаратылышты коргоо фондусу - жаратылышты коргоо милдеттерин чечүү, коромжулуктарды калыбына келтирүү жана айлана-чөйрөнү жакшы абалга келтирүү үчүн жаратылышты пайдалануу үчүн акылардын, жазапулдук санкциялардын, ыктыярдуу мүчөлүк акылардын, башка булактардын эсебинен түзүлүүчү фондулар; экологиялык аудит - мурдагы жана азыркы проблемалуу маселелерди, потенциалдуу экологиялык тобокелчиликти жана жоопкерчиликти аныктоо максатында ишкананын, мүлктүн же иштин экологиялык абалына обзор берүү (текшерүү, баа берүү); экологиялык коопсуздук - антропогендик жана табигый таасирлердин натыйжасында келип чыккан коркунучтардан адамдын жана коомдун жашоосунун корголгондугунун шарты жана каражаттары катарында инсандын, коомдук турмуштук маанилүү таламдарынын, айлана-чөйрөнүн корголгондугунун абалы; экологиялык сертификат - экологиялык сертификациялоо тутумунун талаптарына ылайык иштелип чыккан, сертификациялана турган объектилердин экологиялык коопсуздук даражасын ырастай турган, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аккредиттелген органдар тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү расмий документ; экологиялык сертификация - сертификациялануучу объектинин белгиленген экологиялык талаптарга ылайык келишин ырастоо боюнча иш; экологиялык сертификат - экологиялык сертификациялоо тутумунун талаптарына ылайык иштелип чыккан, сертификациялана турган объектилердин экологиялык коопсуздук даражасын ырастай турган, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилүүчү расмий документ; экологиялык тутумдар - заттардын жана энергиянын алмашуу процессин жүзөгө ашыруучу айлана-чөйрөнүн табигый компоненттеринин бирдиктүү, туруктуу, өз ара байланыштуу, өз алдынча өнүккөн, өз алдынча жөнгө салынган жыйындылары. Табигый (алгачкы түзүлгөн), модификацияланган (өзгөртүлгөн), трансформацияланган (кайра түзүлгөн) экологиялык тутумдар деп айырмалашат; экологиялык контролдук - ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жарандардын айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча экологиялык талаптарды сакташын текшерүү; экологиялык укук бузуу - жаратылышты коргоо Мыйзамдарын бузган жана айлана-чөйрө менен адамдын ден соолугуна зыян келтирген күнөөлүү, укукка жат жосун; экологиялык кылмыштар - белгиленген экологиялык укук тартибине, коомдун экологиялык коопсуздугуна шек келтирген, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна зыян келтирген коомдук коркунучтуу күнөөлүү жосун. | 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөндөгү негизги түшүнүктөр пайдаланылат: жаратылыш ресурстарын арбытып өндүрүү - жаратылыш ресурстарынын ордун толтурууга жана көбөйтүүгө же жаратылыш объектилеринин пайдалуу касиеттерин жогорулатууга багытталган илимий, уюштуруучулук, экономикалык жана техникалык чаралардын жыйындысы; жаратылыш ресурстарын калыбына келтирүү - жаратылыштын антропогенндик таасиринин же табигый күчтөрүнүн натыйжасында жок болуп кеткен жаратылыш ресурстарын толуктоо же жаратылыш объектилеринин пайдалуу касиеттерин күчөтүү боюнча уюштуруу-техникалык экономикалык жана башка чаралар; айлана-чөйрөгө келтирилген зыян - айлана-чөйрөнүн абалындагы адамдын ишинен улам, чөйрөнүн булганышынын, жаратылыш ресурстарынын кунарсызданышынын, жаратылыштын экологиялык тутумдарынын бузулушунун, бүлүнүшүнүн натыйжасында келип чыккан, адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө, материалдык баалуулуктарга айкын коркунуч келтирген терс өзгөрүүлөр; зыяндуу заттардын абага чыгарылышы, агызып чыгарылышы - кандайдыр бир булгоочу булактардан тышкы чөйрөгө (атмосфералык абага, суу объектилерине, жерге) булгоочу заттардын чыгарылышы; жаныбарлар дүйнөсү - табигый эркин абалда болгон, экологиялык, экономикалык жана маданий-ден соолукту чыңдоочу милдеттерди аткаруучу курт-кумурскаларды, сойлоп жүрүүчүлөрдү, жырткычтарды, канаттууларды, балыктарды жана башка жаныбарларды камтыган Мыйзам тарабынан корголуучу жаратылыш объектиси (ресурсу); коргоо зоналары (айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы) - чарбалык иштин терс таасирин же жаратылыштын табигый күчтөрүнүн зыяндуу таасирин болтурбай коюу максатында Мыйзам боюнча өзгөчө корголуучу режимдеги табигый мейкиндиктин (жер, суу, кен) бир бөлүгү; жашыл зоналар - адам жашаган чөйрөгө чарбалык иштин терс таасир тийгизишин болтурбай коюу максатында Мыйзам боюнча өзгөчө корголуучу режим белгиленген шаарлардын, өнөр жай борборлорунун айланасында жайгашкан, токой, калкалап турган жашылдандыруучу өсүмдүктөр өскөн коргоо зоналарынын бир түрү, жер мейкиндигинин бир бөлүгү; курорттук зоналар - курортко тиешелүү санитардык-гигиеналык ден соолукту чыңдоочу, рекреациялык шарттарды камсыз кылуу максатында Мыйзам боюнча өзгөчө корголуучу режим белгиленген курорттун, анын санитардык коргоо чөлкөмдөрүн камтыган коргоо зоналарынын бир түрү, жер суу мейкиндигинин бир бөлүгү; дарылоочу - ден соолукту чыңдоочу зоналар - караңыз: коргоочу, курорттук, жашыл, рекрациялык зоналар; корголуучу зоналар (айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы) - корук объектилерин кайтаруу максатында жаратылышты пайдаланууга белгилүү бир чектөөлөрдү киргизүү аркылуу коруктардын, улуттук жаратылыш парктарынын аймактарын коргоо үчүн Мыйзамда белгиленген тартипте түзүлгөн коргоо зоналарынын бир түрү, мейкиндиктин бир бөлүгү; санитардык коргоо зоналары - атмосферанын жерге жакын жайгашкан катмарында булгоочу заттардын болушунун талап кылынган гигиеналык ченемдерин камсыз кылуу, ишканалардын, транспорт коммуникацияларынын, электр берүү линияларынын, калктын айланасындагы жеке таасир берүүчү факторлордун - ызы-чуунун, термелүүнүн деңгээлинин жогорулашынын, инфра үндүн, электрмагниттик толкундардын жана статикалык электрлештирүүнүн терс таасирин азайтуу үчүн арналган аймактар; рекреациялык зоналар - эс алуу жана туризм үчүн пайдаланылуучу айлана-чөйрөнүн мейкиндигинин бир бөлүгү, анын ичинде жашыл, курорттук, дарылоочу - ден соолукту чыңдоочу зоналар; өзгөчө экологиялык кырдаалдар зоналары - адамдын ооруга чалдыгышы жана өлүмү орточо көрсөткүчтөрдөн алда канча жогору болуп, кескин күчөгөнү аныкталган, жаратылыштын экологиялык тутумдарынын бузулуш, айлана-чөйрөнү булганыш, суу, жер, өсүмдүктөр жана жаныбарлар ресурстарынын азайыш процессинин белгилери так белгилүү болгон, мамлекет тарабынан расмий түрдө жарыяланган аймактын бир бөлүгү (шаар, область, регион); экологиялык кырсык зоналары - жаратылыштын экологиялык тутумдарынын толук бузулганынын, атмосфералык абанын, көлмөлөрдүн, кыртыштын булганганынын, суунун, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын ресурстарынын кедери толук кеткенинин белгилери белгилүү болгон жана калктын ооруга чалдыгышы жана өлүмү жогорку деңгээлде экени аныкталган, мамлекет тарабынан расмий түрдө жарыяланган аймактын бир бөлүгү (шаар, область, регион); айлана-чөйрө тууралу маалымат - суунун, абанын, кыртыштын, кен-байлыктарынын абалы, алардын абалына таасир тийгизе турган иш тууралу маалымат; жаратылыш ресурстарынын кадастры - жаратылыш ресурстарынын сандык жана сапаттык абалы, аларды экологиялык, экономикалык (анын ичинде дарылоочу - ден соолукту чыңдоочу) жагынан баалоо тууралу маалыматтардын жыйындысы. Кадастрдын: жер, суу, токой, пайдалуу кен чыккан жерлер, жаныбарлар дүйнөсүнүн (балыктар менен жер үстүндөгү жаныбарлар боюнча өзүнчө), табигый, корук объектилеринин, дарылоочу - ден соолукту чыңдоочу жаратылыш ресурстарынын кадастрлары сыяктуу түрлөрү бар. Алардын структурасы жана жүргүзүү тартиби (кадастрлардын) мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленет; Кызыл китеп - өзгөчө коргоо режимин киргизүү жана аны андан ары арбытып көбөйтүү максатында Мыйзамда белгиленген тартипте бекитилүүчү, жоголуп бараткан же тукум курут болуу коркунучунда турган өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрү тууралу маалыматтардын жыйындысы (Эл аралык Кызыл китеп, Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби); лимит (айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы) - жаратылыш ресурсун алуунун, керектөөнүн, зыяндуу заттарды абага чыгаруунун, агызып чыгаруунун чектелген саны. Жаратылышты коргоо, анын ресурстарын сарамжал пайдалануу ага карата зыяндуу таасирлерди болтурбай коюу үчүн белгиленет; айлана-чөйрөнүн мониторинги - айлана-чөйрөнүн чен-өлчөмдөрүнө байкоо жүргүзүү, анын абалына баа берүү, күтүлүүчү өзгөрүүлөрдү болжолдоо; айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү - айлана-чөйрөнүн сапаттык көрсөткүчтөрүнүн тутумун белгилөө; айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирлердин жол берилүүчү чектелген ченемдери - айлана-чөйрөнүн корголушун, жаратылыш ресурстарынын сарамжал пайдаланылышын, коомдун экологиялык коопсуздугун жана адамдын ден соолугун камсыз кылуучу чарбалык, рекреациялык жана башка иштин айлана-чөйрөнүн абалына таасир тийгизишинин жол берилүүчү чектелген ченемдеринин көрсөткүчтөрү; айлана-чөйрөнүн сапаттык ченемдери - айлана-чөйрөнүн сапаттык абалын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр: зыяндуу заттардын, алардын абага чыгарылышынын, агызып чыгарылышынын жол берилүүчү чектелген концентрациясы (ЖБЧКсы), радиациялык таасирдин, ызы-чуунун деңгээлинин, термелүүнүн, магнит талааларынын жол берилүүчү чектелген деңгээли (ЖБЧДсы), айыл чарбасында колдонулуучу химиялык заттардын химиялык заттардын жол берилүүчү чектелген ченемдери (ХЗЖЧсы), тамак-аш азыктарындагы химиялык заттардын калдыктарынын жол берилүүчү чектелген саны, антропогенндик иштин айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин жол берилүүчү чектелген ченемдери; айлана-чөйрөнү он абалга келтирүү - чарбалык иштин зыяндуу экологиялык кесепеттерин болтурбай коюуга жана аларды четтетүүгө, адамды курчап турган чөйрөнүн сапатын жакшыртууга багытталган санитардык-гигиеналык, экономикалык-укуктук чаралардын жыйындысы; озон катмары - тирүү организмдер үчүн зыяндуу таасири бар, космостон чыккан ультрафиолеттик нурланууну сиңирип алуучу, озондун молекулалары өтө көп топтолгон, уюлдарда 7-8 км бийиктиктеги, планетанын үстүнкү бетиндеги экватордо 17-18 км бийиктикте жайгашкан атмосфера катмары; айлана-чөйрө - адам жашаган чөйрө, адамдын жана башка жандуу организмдердин жашоосунун шарты, каражаты жана орду катары кызмат кылуучу биологиялык чөйрө, ал табигый экологиялык тутум катары жаратылышты жана адамдын аткарган ишинин натыйжасында кайра жаралган жаратылыш чөйрөсүнүн бир бөлүгүн камтып турат; өзгөчө корголо турган табигый аймактар - алар үчүн коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгилене турган жаратылыш комплекстерин же жаратылыштын айрым объектилерин камтыган жер, суу участоктору (акваторий). Өзгөчө корголо турган табигый аймактарга табигый же жасалма түрдө түзүлгөн өзгөчө экологиялык, жаратылышты коргоочу, илимий, тарыхый-маданий, эстетикалык, ден соолукту чыңдоочу мааниге ээ болгон табигый комплекстер жана жаратылыштын объектилери; таштандылар - сырьелордун, материалдардын, жарым фабрикаттардын, чарбалык иштин жүрүшүндө түзүлгөн башка буюмдардын жана продуктылардын калдыктары; айлана-чөйрөнү коргоо - жаратылыш байлыктарын сактоонун жана арбытып өндүрүүнүн, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануунун, адамды курчап турган жашоо чөйрөсүнүн сапатын жакшыртуунун негизинде коом менен жаратылыштын шайкеш өз ара аракетин камсыз кылууга багытталган мамлекеттик жана коомдук чаралардын тутуму; айлана-чөйрөгө тийген таасирге баа берүү (АЧТТББ) - белгиленип жаткан чарбалык жана башка иштин болжолдуу таасирин, ал тарабынан айлана-чөйрөдө пайда боло турган өзгөрүүлөрдү аныктоо, талдоо, баа берүү жана долбоордук чечимдерде эсепке алуу; жаратылыш ресурстары - адамдын жаратылышты керектөөсүнүн табигый булактары (жер, суу, токой ресурстары, пайдалуу кендер, минералдык сырьенун корлору, радиоактивдүү материалдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, алардын компоненттери жана башка табигый жыргалчылыктар); жаратылышты пайдалануу - табигый-ресурстук потенциалды пайдалануунун жана аны сактоо боюнча чаралардын бардык формаларынын жыйындысы; жаратылышты коргоо Мыйзамдары - экономикалык таламдарды илимий негизде айкалыштырууну жана айлана чөйрөнүн оптималдуу сапатына жетишүүнү камсыз кылуу максатында жаратылышты коргоонун, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануунун тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын жыйындысы; жаратылышты атайылап пайдалануу - аларды айлана-чөйрөдөн алып коюу аркылуу (казып алуу, жыйноо, иргөө жана башкалар) жүзөгө ашырылуучу жаратылыш ресурстарын пайдалануунун бардык түрлөрү; "АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН - АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДАГЫ МАМИЛЕЛЕРДИ ЖӨНГӨ САЛУУНУ ИШКЕ АШЫРУУГА ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН АТКАРУУ БИЙЛИГИ ОРГАНЫ; АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН - АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ-КОНТРОЛДОО ФУНКЦИЯЛАРЫН ИШКЕ АШЫРУУГА ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН АТКАРУУ БИЙЛИГИ ОРГАНЫ;"; айлана-чөйрөгө зыян келтирүү - коомдун айлана-чөйрөнү өзгөртүүнүн, аны булгоонун натыйжасында келип чыгуучу экономикалык жана акчалай түрдө эсептеле турган экономикадан тышкаркы жоготуулары; жаратылышты коргоо фондусу - жаратылышты коргоо милдеттерин чечүү, коромжулуктарды калыбына келтирүү жана айлана-чөйрөнү жакшы абалга келтирүү үчүн жаратылышты пайдалануу үчүн акылардын, жазапулдук санкциялардын, ыктыярдуу мүчөлүк акылардын, башка булактардын эсебинен түзүлүүчү фондулар; экологиялык аудит - мурдагы жана азыркы проблемалуу маселелерди, потенциалдуу экологиялык тобокелчиликти жана жоопкерчиликти аныктоо максатында ишкананын, мүлктүн же иштин экологиялык абалына обзор берүү (текшерүү, баа берүү); экологиялык коопсуздук - антропогендик жана табигый таасирлердин натыйжасында келип чыккан коркунучтардан адамдын жана коомдун жашоосунун корголгондугунун шарты жана каражаттары катарында инсандын, коомдук турмуштук маанилүү таламдарынын, айлана-чөйрөнүн корголгондугунун абалы; экологиялык сертификат - экологиялык сертификациялоо тутумунун талаптарына ылайык иштелип чыккан, сертификациялана турган объектилердин экологиялык коопсуздук даражасын ырастай турган, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аккредиттелген органдар тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү расмий документ; экологиялык сертификация - сертификациялануучу объектинин белгиленген экологиялык талаптарга ылайык келишин ырастоо боюнча иш; экологиялык сертификат - экологиялык сертификациялоо тутумунун талаптарына ылайык иштелип чыккан, сертификациялана турган объектилердин экологиялык коопсуздук даражасын ырастай турган, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилүүчү расмий документ; экологиялык тутумдар - заттардын жана энергиянын алмашуу процессин жүзөгө ашыруучу айлана-чөйрөнүн табигый компоненттеринин бирдиктүү, туруктуу, өз ара байланыштуу, өз алдынча өнүккөн, өз алдынча жөнгө салынган жыйындылары. Табигый (алгачкы түзүлгөн), модификацияланган (өзгөртүлгөн), трансформацияланган (кайра түзүлгөн) экологиялык тутумдар деп айырмалашат; экологиялык контролдук - ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жарандардын айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча экологиялык талаптарды сакташын текшерүү; экологиялык укук бузуу - жаратылышты коргоо Мыйзамдарын бузган жана айлана-чөйрө менен адамдын ден соолугуна зыян келтирген күнөөлүү, укукка жат жосун; экологиялык кылмыштар - белгиленген экологиялык укук тартибине, коомдун экологиялык коопсуздугуна шек келтирген, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна зыян келтирген коомдук коркунучтуу күнөөлүү жосун. |
| 7-статья. Айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү Айлана-чөйрөгө таасирдин жол берилүүчү чектелген ченемдерин белгилөө максатында айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү жүргүзүлөт. Айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү илимдин жаңы жетишкендиктерин эске алуу менен эл аралык конвенциялардын жана макулдашуулардын негизинде иштелип чыккан айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин жана стандарттарынын тутумун билдирет. [Айлана-чөйрөнүн сапатынын, зыяндуу таасирлердин жол берилүүчү чектелген ченемдери, ошондой эле аларды аныктоонун ыкмалары айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо органдары тарабынан башка атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен алардын компетенциясына ылайык макулдашуу боюнча бекитилет.] | 7-берене. Айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү Айлана-чөйрөгө таасирдин жол берилүүчү чектелген ченемдерин белгилөө максатында айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү жүргүзүлөт. Айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү илимдин жаңы жетишкендиктерин эске алуу менен эл аралык конвенциялардын жана макулдашуулардын негизинде иштелип чыккан айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин жана стандарттарынын тутумун билдирет. АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН САПАТЫНЫН ЧЕНЕМДЕРИ - ЗЫЯНДУУ ТААСИРЛЕРДИН ЖОЛ БЕРИЛҮҮЧҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЧЕНЕМДЕРИ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ АЛАРДЫ АНЫКТООНУН ЫКМАЛАРЫ ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛЕТ. |
| 13-статья. Жаратылышты пайдаланууну лимиттештирүү Жаратылышты атайын пайдалануу белгиленген лимиттердин чектеринде жүзөгө ашырылат. Жаратылышты пайдаланууга лимиттер жаратылышты пайдалануучулар үчүн [айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар] тарабынан, жаратылыш ресурстарын пайдалануунун, (алып коюунун) ченемдик көлөмдөрүнө, зыяндуу заттардын айлана-чөйрөдөгү абага чыгарылышынын жана агызып чыгарылышынын жол берилүүчү чектерине жана өндүрүштүн калдыктарын региондогу экологиялык жагдайды эске алуу менен жайгаштыруунун ченемдик көлөмдөрүнө негизденүү менен белгиленет. Лимиттештирүү: - жаратылыш ресурстарын айлана-чөйрөдөн алып коюунун жол берилүүчү чектелген ченемдери; - зыяндуу заттардын айлана-чөйрөдөгү абага чыгарылышынын, агызып чыгарылышынын таштандылардын жайгаштырылышынын жол берилүүчү чектелген ченемдери болуп бөлүнөт. | 13-берене. Жаратылышты пайдаланууну лимиттештирүү Жаратылышты атайын пайдалануу белгиленген лимиттердин чектеринде жүзөгө ашырылат. Жаратылышты пайдаланууга лимиттер жаратылышты пайдалануучулар үчүн АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН тарабынан, жаратылыш ресурстарын пайдалануунун, (алып коюунун) ченемдик көлөмдөрүнө, зыяндуу заттардын айлана-чөйрөдөгү абага чыгарылышынын жана агызып чыгарылышынын жол берилүүчү чектерине жана өндүрүштүн калдыктарын региондогу экологиялык жагдайды эске алуу менен жайгаштыруунун ченемдик көлөмдөрүнө негизденүү менен белгиленет. Лимиттештирүү: - жаратылыш ресурстарын айлана-чөйрөдөн алып коюунун жол берилүүчү чектелген ченемдери; - зыяндуу заттардын айлана-чөйрөдөгү абага чыгарылышынын, агызып чыгарылышынын таштандылардын жайгаштырылышынын жол берилүүчү чектелген ченемдери болуп бөлүнөт. |
| 14-статья. Жаратылыш ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу жана социалдык-экономикалык баа берүү [Айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы] мамлекеттик статистиканын органдары, башка атайын ыйгарым укуктуу органдар, жаратылышты пайдалануучулар менен биргелешип, жаратылыш ресурстарын жана кайталанма сырьену эсепке алууну жүргүзөт, алардын социалдык-экономикалык маанисин аныктайт. [Атайын] ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга мамлекеттик жер, суу, токой кадастрларын, жер казынасынын жаныбарлар дүйнөсүнүн, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана объектилердин, ошондой эле өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарынын кадастрларын жүргүзүү жүктөлөт. | 14-берене. Жаратылыш ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу жана социалдык-экономикалык баа берүү АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН мамлекеттик статистиканын органдары, башка атайын ыйгарым укуктуу органдар, жаратылышты пайдалануучулар менен биргелешип, жаратылыш ресурстарын жана кайталанма сырьену эсепке алууну жүргүзөт, алардын социалдык-экономикалык маанисин аныктайт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга мамлекеттик жер, суу, токой кадастрларын, жер казынасынын жаныбарлар дүйнөсүнүн, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана объектилердин, ошондой эле өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарынын кадастрларын жүргүзүү жүктөлөт. |
| 16-статья. Экологиялык экспертиза Экологиялык экспертиза белгиленип жаткан чарбалык жана башка иштин айлана-чөйрөгө тийгизе турган мүмкүн болуучу жагымсыз таасирин болтурбай коюу максатында жүргүзүлөт. Экологиялык экспертиза чарбалык чечим кабыл алынганга чейин милдеттүү түрдө өткөрүүнүн, негиздүүлүктүн, көз карандысыздыктын, объективдүүлүктүн, анын тыянактарынын мыйзамдуулугунун жана маалымдуулугунун принциптеринде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик экологиялык экспертизаны оң корутундусу болбогон учурда жаратылышты пайдаланууга байланыштуу долбоорлорду каржылоого жана ишке ашырууга тыюу салынат. [Экологиялык экспертизага байланыштуу мамилелер "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан жөнгө салынат.] | 16-берене. Экологиялык экспертиза Экологиялык экспертиза белгиленип жаткан чарбалык жана башка иштин айлана-чөйрөгө тийгизе турган мүмкүн болуучу жагымсыз таасирин болтурбай коюу максатында жүргүзүлөт. Экологиялык экспертиза чарбалык чечим кабыл алынганга чейин милдеттүү түрдө өткөрүүнүн, негиздүүлүктүн, көз карандысыздыктын, объективдүүлүктүн, анын тыянактарынын мыйзамдуулугунун жана маалымдуулугунун принциптеринде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик экологиялык экспертизаны оң корутундусу болбогон учурда жаратылышты пайдаланууга байланыштуу долбоорлорду каржылоого жана ишке ашырууга тыюу салынат. ЭКОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРТИЗАГА БАЙЛАНЫШТУУ МАМИЛЕЛЕР ЭКОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРТИЗА ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ МЕНЕН ЖӨНГӨ САЛЫНАТ. |
| 23-статья. Айлана-чөйрөнү өндүрүштүк, турмуш-тиричиликтин жана башка калдыктардан коргоо Өндүрүштүк жана башка калдыктарды белгиленген тартипте агызып чыгаруу атайын бөлүнгөн жерлерге гана уруксат берилет. Калдыктарды жана канализациялык агындыларды жалпы пайдалануудагы көлмөлөргө, жер астындагы суу жаткан катмарларга агызууга тыюу салынат. Юридикалык жана жеке жактар өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик калдыктарын зыянсыздандыруу, кайра иштетүү, утилдештирүү, бир жерге топтоо же көмүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө, колдонуудагы экологиялык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы ченемдерди жана эрежелерди сактоого милдеттүү. [Калдыктарды бир жерге чогултуу жана көмүү Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен аныкталган жерлерде жүргүзүлөт.] Калдыктарды бир жерге топтоо жана көмүү Мыйзамдарда каралган тартипте жүргүзүлөт. [Өтө эле коркунучтуу, абдан уулуу жана радиоактивдүү калдыктарды көмүү же башкача жайгаштыруу, атайын жабдылган полигондордо Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын лицензиясы боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо боюнча республикалык мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.] Уулуу калдыктарды, анын ичинде атом өнөр жай өндүрүшүнүн калдыктарын шаарлардын жана башка калк жашаган пункттардын аймагында жана ага жакын жерлерге, токойлорго, токой, бак-дарак өскөн, курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, рекреациялык зоналарга жана калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөнүн абалына коркунуч түзүлүшү мүмкүн болгон башка жерлерге жайгаштырууга тыюу салынат. | 23-берене. Айлана-чөйрөнү өндүрүштүк, турмуш-тиричиликтин жана башка калдыктардан коргоо Өндүрүштүк жана башка калдыктарды белгиленген тартипте агызып чыгаруу атайын бөлүнгөн жерлерге гана уруксат берилет. Калдыктарды жана канализациялык агындыларды жалпы пайдалануудагы көлмөлөргө, жер астындагы суу жаткан катмарларга агызууга тыюу салынат. Юридикалык жана жеке жактар өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик калдыктарын зыянсыздандыруу, кайра иштетүү, утилдештирүү, бир жерге топтоо же көмүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө, колдонуудагы экологиялык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы ченемдерди жана эрежелерди сактоого милдеттүү. КАЛДЫКТАРДЫ БИР ЖЕРГЕ ЧОГУЛТУУ ЖАНА КӨМҮҮ АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА САЛАМАТТЫК САКТОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР МЕНЕН МАКУЛДАШУУ БОЮНЧА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ЧЕЧИМИ МЕНЕН АНЫКТАЛГАН ЖЕРЛЕРДЕ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ."; Калдыктарды бир жерге топтоо жана көмүү Мыйзамдарда каралган тартипте жүргүзүлөт. ӨТӨ КОРКУНУЧТУУ, ӨЗГӨЧӨ УУЛУУ ЖАНА РАДИОАКТИВДҮҮ КАЛДЫКТАРДЫ КӨМҮҮ ЖЕ БАШКАЧА ЖАЙГАШТЫРУУ АТАЙЫН ЖАБДЫЛГАН ПОЛИГОНДОРДО АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫ БОЮНЧА САЛАМАТТЫК САКТОО, ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН МЕНЕН МАКУЛДАШУУ БОЮНЧА ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. Уулуу калдыктарды, анын ичинде атом өнөр жай өндүрүшүнүн калдыктарын шаарлардын жана башка калк жашаган пункттардын аймагында жана ага жакын жерлерге, токойлорго, токой, бак-дарак өскөн, курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, рекреациалык зоналарга жана калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөнүн абалына коркунуч түзүлүшү мүмкүн болгон башка жерлерге жайгаштырууга тыюу салынат. |
| 25-статья. Климатты жана атмосферанын озондук катмарын коргоо Айлана-чөйрөнү климаттын экологиялык коркунучтуу өзгөрүүлөрүнөн, атмосферанын озондук катмарын коргоо: - чарбалык жана башка иштин жана башка процесстердин таасири астында климаттын, озондук катмардын абалынын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүүнү, эсепке алууну жана контролдоону уюштуруу; - озонду бузуучу заттарды керектөө боюнча маалыматтарды жыйноону жана эсепке алууну уюштуруу; - климаттын жана озондук катмардын абалына таасир тийгизүүчү зыяндуу заттардын абага чыгарылышынын жол берилүүчү чектелген ченемдерин белгилөө жана сактоо; - өндүрүштө жана турмуш-тиричиликте озондук катмарды бузуучу заттарды жөнгө салуу; - аталган талаптарды бузгандык үчүн, жоопкерчилик чараларын колдонуу, анын ичинде [Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарынын] чечими менен зыяндуу ишти токтото туруу же ага тыюу салуу аркылуу камсыз кылынат. [Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларына] ылайык министрликтер менен ведомостволор, ишканалар, мекемелер, уюмдар озондук катмарга зыяндуу таасир тийгизүүчү химиялык заттарды керектөөнү кыскартууга жана кийин толук токтотууга милдеттүү. Атмосферанын озон катмарынын абалына зыяндуу таасир тийгизген химиялык заттардын жана өндүрүштүк калдыктардын тизмеси [Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы] тарабынан бекитилет жана мамлекеттик бийлик жана башкаруунун бардык органдарына, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга кабарланат. | 25-берене. Климатты жана атмосферанын озондук катмарын коргоо Айлана-чөйрөнү климаттын экологиялык коркунучтуу өзгөрүүлөрүнөн, атмосферанын озондук катмарын коргоо: - чарбалык жана башка иштин жана башка процесстердин таасири астында климаттын, озондук катмардын абалынын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүүнү, эсеп алууну жана контролдоону уюштуруу; - озонду бузуучу заттарды керектөө боюнча маалыматтарды жыйноону жана эсепке алууну уюштуруу; - климаттын жана озондук катмардын абалына таасир тийгизүүчү зыяндуу заттардын абага чыгарылышынын жол берилүүчү чектелген ченемдерин белгилөө жана сактоо; - өндүрүштө жана турмуш-тиричиликте озондук катмарды бузуучу заттарды жөнгө салуу; - аталган талаптарды бузгандык үчүн, жоопкерчилик чараларын колдонуу, анын ичинде АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН чечими менен зыяндуу ишти токтото туруу же ага тыюу салуу аркылуу камсыз кылынат. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРГЕ ылайык министрликтер менен ведомостволор, ишканалар, мекемелер, уюмдар озондук катмарга зыяндуу таасир тийгизүүчү химиялык заттарды керектөөнү кыскартууга жана кийин толук токтотууга милдеттүү. Атмосферанын озон катмарынын абалына зыяндуу таасир тийгизген химиялык заттардын жана өндүрүштүк калдыктардын тизмеси АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН тарабынан бекитилет жана мамлекеттик бийлик жана башкаруунун бардык органдарына, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга кабарланат. |
| 28-статья. Экологиялык аудит Экологиялык аудит [Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы] тарабынан белгиленген тартипте көз карандысыз эксперттер тарабынан жаратылышты коргоо Мыйзамдарын бузууларды болтурбай коюу жана жоюу жана ишкананын мурдагы иши менен булгоонун өтө жогорку тобокелчилигин аныктоо максатында жүргүзүлөт. Экологиялык аудит аны өткөрүүгө таламдаш болгон юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын же тартылган каражаттардын эсебинен Мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. | 28-берене. Экологиялык аудит Экологиялык аудит ӨКМӨТ тарабынан белгиленген тартипте көз карандысыз эксперттер тарабынан жаратылышты коргоо Мыйзамдарын бузууларды болтурбай коюу жана жоюу жана ишкананын мурдагы иши менен булгоонун өтө жогорку тобокелчилигин аныктоо максатында жүргүзүлөт. Экологиялык аудит аны өткөрүүгө таламдаш болгон юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын же тартылган каражаттардын эсебинен Мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. |
| 31-статья. Айлана-чөйрөнүн абалына контролдукту жүзөгө ашыруучу субъектилер Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүчү чарба жүргүзүүчү жана башка субъектилер тиешелүү аймактарда жана объектилерде айлана-чөйрөнүн абалына контролдукту жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын министрликтери менен администрациялык ведомстволору айлана-чөйрөнүн абалына өздөрүнө баш ийген объектилерде жаратылышты коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, арбытып өндүрүү, айлана-чөйрөнү жакшы абалга келтирүү жана жаратылышты коргоо Мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча иш чаралардын аткарылышын текшерүү максатында жүзөгө ашырат. [Айлана-чөйрөнү коргоонун абалына жана жаратылыш ресурстарынын пайдаланылышына мамлекеттик, ведомстволордун үстүнөн контролдук жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык жана аймактык мамлекеттик органдары жүзөгө ашырат. Айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылыш ресурстарын пайдалануунун абалына мамлекеттик контролдукту жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын жаратылышты коргоого тиешелүү чечими бардык министрликтер, администрациялык ведомстволор, жарандар, чарба жүргүзүүчү башка субъектилер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.] Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жагында коомдук контролдукту жүргүзүүнүн тартиби коомдук бирикмелер жөнүндө Мыйзамдар, ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген алар жөнүндө уставдар жана жоболор тарабынан жөнгө салынат. | 31-статья. Айлана-чөйрөнүн абалына контролдукту жүзөгө ашыруучу субъектилер Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүчү чарба жүргүзүүчү жана башка субъектилер тиешелүү аймактарда жана объектилерде айлана-чөйрөнүн абалына контролдукту жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын министрликтери менен администрациялык ведомстволору айлана-чөйрөнүн абалына өздөрүнө баш ийген объектилерде жаратылышты коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, арбытып өндүрүү, айлана-чөйрөнү жакшы абалга келтирүү жана жаратылышты коргоо Мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча иш чаралардын аткарылышын текшерүү максатында жүзөгө ашырат. АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН АБАЛЫНА ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫНЫН ПАЙДАЛАНЫЛЫШЫНА МАМЛЕКЕТТИК КОНТРОЛДУ АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ЖҮЗӨГӨ АШЫРАТ. АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН ПАЙДАЛАНУУНУН АБАЛЫНА МАМЛЕКЕТТИК КОНТРОЛДУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГООГО ТИЕШЕЛҮҮ ЧЕЧИМИ БАРДЫК МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, ЖАРАНДАР, ЧАРБАКЕР ЖАНА БАШКА СУБЪЕКТТЕР ТАРАБЫНАН МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ АТКАРЫЛАТ.". Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жагында коомдук контролдукту жүргүзүүнүн тартиби коомдук бирикмелер жөнүндө Мыйзамдар, ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген алар жөнүндө уставдар жана жоболор тарабынан жөнгө салынат. |
| [32-статья. Айлана-чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органдарынын Кыргыз Республикасынын укук коргоо, бажы, салык жана башка мамлекеттик органдары менен өз ара аракети Айлана-чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын укук коргоо, бажы, салык жана башка мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын чек ара аскерлери менен Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталган жана анын негизинде кабыл алынган ведомстволор аралык өз ара аракеттердин биргелешкен актыларынын негизинде кабыл алынган тартипте жана башталыштарда өз ара аракеттенет.] | 32-БЕРЕНЕ. АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ, КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУК КОРГОО, БАЖЫ, САЛЫК ЖАНА БАШКА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТИ АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ, КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ӨЗ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУДА УКУК КОРГОО, БАЖЫ, САЛЫК ЖАНА БАШКА ОРГАНДАР, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК КООПСУЗДУК КОМИТЕТИНИН ЧЕК АРА АСКЕРЛЕРИ МЕНЕН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ ЖАНА БАШТАЛЫШТАРДА ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНЕТ. |
| [40-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы компетенциясы Айлана-чөйрөнү коргоо жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына: - министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын ишин башкарууну, координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашыруу; - республиканын аймагында жаратылыш ресурстарына мониторинг киргизүүгө жана алардын пайдаланылышын жөнгө салууга контролдук жүргүзүү; - айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы төлөөнү аныктоонун усулун бекитүүнү; - айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык, региондор аралык, мамлекеттер аралык программаларды жана пландарды жүзөгө ашыруунун концепцияларын иштеп чыгууну, бекитүүнү, каржылоону, ишке ашырууну жана контролдоону уюштуруу; - жаратылыш ресурстарынын кадастрларын жүргүзүүнү уюштуруу; - экологиялык коопсуздуктун ченемдерин, жаратылышты пайдалануунун лимиттерин жана ченемдерин бекитүү; - жаратылышты коргоо Мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруунун тартибин жана өлчөмдөрүн бекитүү; - Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик контролдугу жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик экологиялык экспертиза жөнүндө жоболорду бекитүү; - айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитүү; - эгерде аларды жүзөгө ашыруу айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашына алып келсе, өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүнүн жана жайгаштыруунун, мелиорация химиялаштыруунун жана башка чечимдердин мурда кабыл алынган схемаларын токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу; - утилдештирилбеген уулуу, ошондой эле радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу жана көмүү боюнча полигондорду жайгаштыруучу жерлерди аныктоо; - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, объектилер жөнүндө жана аларды Кыргыз Республикасынын табигый-корук фондусуна киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу; - экологиялык камсыздандыруу жана экологиялык камсыздандыруу фондусуна пайдалануу тартибин бекитүү; - жарандарга экологиялык билим берүүнү жана тарбиялоону камсыз кылуу.] | 40-БЕРЕНЕ. ӨКМӨТТҮН АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДАГЫ КОМПЕТЕНЦИЯСЫ АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА ӨКМӨТТҮН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫНА ТӨМӨНКҮЛӨР КИРЕТ: - АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТТЫ АНЫКТОО; - ӨЗ КОМПЕТЕНЦИЯСЫНЫН ЧЕГИНДЕ АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ АЛАРДЫН САКТАЛЫШЫНА КОНТРОЛЬ ЖҮРГҮЗҮҮ, АНЫН ИЧИНЕН: АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ БУЛГАГАНДЫГЫ ҮЧҮН ТӨЛӨМДҮ АНЫКТОО МЕТОДИКАСЫН БЕКИТҮҮ; АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК, РЕГИОНДОР АРАЛЫК, МАМЛЕКЕТТЕР АРАЛЫК ПРОГРАММАЛАРДЫ ЖАНА ПЛАНДАРДЫ БЕКИТҮҮ; ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУКТУН ЧЕНЕМДЕРИН, ЖАРАТЫЛЫШТЫ ПАЙДАЛАНУУНУН ЛИМИТТЕРИН ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИН БЕКИТҮҮ; ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОО МЫЙЗАМДАРЫН БУЗУУНУН НАТЫЙЖАСЫНДА КЕЛТИРИЛГЕН ЗЫЯНДЫН ОРДУН ТОЛТУРУУ ТАРТИБИН ЖАНА ӨЛЧӨМДӨРҮН БЕКИТҮҮ; ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН ПАЙДАЛАНУУНУ ЖАНА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ БУЛГАНУУДАН ЖАНА БАШКА ЗЫЯНДУУ ТААСИРЛЕРДЕН КОРГООНУ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА ЭРЕЖЕЛЕРДИ, ЖОБОЛОРДУ, НУСКАМАЛАРДЫ, ЧЕНЕМДЕРДИ ЖАНА СТАНДАРТТАРДЫ БЕКИТҮҮ; АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ЖӨНҮНДӨ ЖОБОЛОРДУ БЕКИТҮҮ; - ӨЗГӨЧӨ КОРГОЛУУЧУ ЖАРАТЫЛЫШ АЙМАКТАРЫ, ОБЪЕКТТЕРИН УЮШТУРУУ ЖАНА АЛАРДЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТАБИГЫЙ-КОРУК ФОНДУСУНА КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ; - ЭКОЛОГИЯЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЖАНА ЭКОЛОГИЯЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ФОНДУН ПАЙДАЛАНУУ ТАРТИБИН БЕКИТҮҮ; - ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ. |
| [41-статья. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын компетенциясы Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ишине контролдукту жүзөгө ашырат. Төмөндөгүлөр: - айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана комплекстүү башкарууну жүргүзүү, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ушул жааттагы ишин координациялоо; - жерлерди, жер казынасын, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды, атмосфералык абаны, токойлорду жана башка өсүмдүктөрдү, жаныбарлар дүйнөсүн пайдаланууга жана коргоого, ошондой эле экологиялык коопсуздуктун ченемдеринин сакталышына мамлекеттик контролдук; - айлана-чөйрөнүн мониторингин уюштуруу; - жаратылыш ресурстарын пайдаланууну жана айлана-чөйрөнү булгануудан жана башка зыяндуу таасирлерден коргоону жөнгө салуу боюнча эрежелерди, жоболорду, усулдарды, ченемдерди жана стандарттарды иштеп чыгууну уюштуруу, иштеп чыгуу жана бекитүү; - экологиялык сертификациялоо жаатында иш жүргүзүүгө укуктуу мамлекеттик башкаруунун органын уюштуруу айлана-чөйрөнүн объектилерин, жаратылыш ресурстарын продукциялардын, материалдардын жана сырьелордун, өндүрүштүн жана керектөөнүн, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга жана айлана-чөйрөгө келтирилүүчү зыянды болтурбай коюуга багытталган технологиялык процесстерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү экологиялык сертификациялоону жүргүзүү, экологиялык сертификаттарды берүү экологиялык сертификаттоо боюнча органдарды, айлана-чөйрөнү коргоонун башкаруу тутумун, экоаналитикалык лабораторияларды аккредиттөө; - мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүзөгө ашыруу; - министрликтерден, администрациялык ведомстволордон, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан экологиялык мүнөздөгү маалыматтарды акысыз алуу; - жаратылыш ресурстарын пайдалануу укугун токтотуу, экологиялык зыяндуу ишти чектөө, токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу; - Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык уулу материалдарды жана заттардын калдыктарын утилдештирүүгө, жайгаштырууга, жок кылууга жана көмүүгө, анын ичинде радиоактивдүү, жаратылыш ресурстарын алып келүүгө, алып кетүүгө жана сатууга сертификаттарды пайдаланууга лицензияларды берүү; - эгерде аларды пайдалануу жаратылышты коргоо Мыйзамдарын бузуу менен же булгоочу заттарды абага чыгаруунун жана агызып чыгаруунун лимиттеринен ашык жүзөгө ашырылып жатса, ишканалардын жана башка объектилердин ишин чектөө, токтото туруу же токтотуу; - региондук, мамлекеттик, мамлекеттер аралык экологиялык программаларды иштеп чыгуу; - жаратылыш ресурстарын эсепке алууну жана баа берүүнү уюштуруу, жаратылыш ресурстарынын мамлекеттик кадастарын жүргүзүү; - айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылышты пайдаланууну башкаруунун экономикалык механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы алуу жана анын өлчөмдөрүн түзөтүү; - Кыргыз Республикасынын табигый-корук фондусун башкаруу, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин жүргүзүү; - табигый-корук ишин уюштуруу; - айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча атайын ыйгарым укуктуу башка мамлекеттик органдардын ишин координациялоо; - жарандарды жалпыга бирдей тынымсыз экологиялык тарбиялоо жана билим берүү тутумун уюштурууга катыштыруу; - айлана-чөйрөнү коргоо, продукциялардын жана технологиялык процесстердин экологиялык коопсуздугун жүзөгө ашыруу, эл аралык тажрыйбаны иликтөө, жалпылоо жана жайылтуу, Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык макулдашууларга ылайык милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын компетенциясына таандык кылынат. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык жана аймактык мамлекеттик органдарынын өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган маселелери боюнча чечимдери бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.] | 41-БЕРЕНЕ. ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН КОМПЕТЕНЦИЯСЫ АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КОМПЕТЕНЦИЯСЫНА ТӨМӨНКҮЛӨР КИРЕТ: - АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН ПАЙДАЛАНУУ ЖААТЫНДА БИРДИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТТЫ ЖАНА КОМПЛЕКСТҮҮ БАШКАРУУНУ ЖҮРГҮЗҮҮ, МИНИСТРЛИКТЕРДИН, АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ВЕДОМСТВОЛОРДУН, ИШКАНАЛАРДЫН, МЕКЕМЕЛЕРДИН ЖАНА УЮМДАРДЫН ИШИН КООРДИНАЦИЯЛОО; - МИНИСТРЛИКТЕРДИН, АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ВЕДОМСТВОЛОРДУН, БИРИКМЕЛЕРДИН, ИШКАНАЛАРДЫН, МЕКЕМЕЛЕРДИН, УЮМДАРДЫН АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДАГЫ ИШИН БАШКАРУУНУ ЖАНА КООРДИНАЦИЯЛООНУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ; - АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН МОНИТОРИНГИН ЖАНА РЕСПУБЛИКАНЫН АЙМАГЫНДАГЫ ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН ПАЙДАЛАНУУНУ УЮШТУРУУ; - УТИЛДЕШТИРИЛБЕГЕН УУЛУУ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ РАДИОАКТИВДҮҮ КАЛДЫКТАРДЫ ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРУУ ЖАНА КӨМҮҮ БОЮНЧА ПОЛИГОНДОРДУ ЖАЙГАШТЫРУУЧУ ЖЕРЛЕРДИ АНЫКТОО; - ЖАРАНДАРГА ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАНА ТАРБИЯЛООНУ КАМСЫЗ КЫЛУУ; - ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН ПАЙДАЛАНУУНУ ЖАНА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУ ЖӨНГӨ САЛУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН ДОЛБООРЛОРУН ИШТЕП ЧЫГУУ; - АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН ЭКОЛОГИЯСЫН КОРГОО БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК, РЕГИОНДОР АРАЛЫК, МАМЛЕКЕТТЕР АРАЛЫК ПРОГРАММАЛАРДЫН ЖАНА ИШ ПЛАНДАРДЫН КОНЦЕПЦИЯЛАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА ИШКЕ АШЫРУУ; - МАМЛЕКЕТТИК ЭКОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРТИЗАНЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ; - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫК УУЛУУ МАТЕРИАЛДАРДЫН ЖАНА ЗАТТАРДЫН КАЛДЫКТАРЫН, АНЫН ИЧИНДЕ РАДИОАКТИВДҮҮ КАЛДЫКТАРДЫ УТИЛДЕШТИРҮҮГӨ, ЖАЙГАШТЫРУУГА, ЖОК КЫЛУУГА ЖАНА КӨМҮҮГӨ ЛИЦЕНЗИЯЛАРДЫ, ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН ПАЙДАЛАНУУГА АЛЫП КЕЛҮҮГӨ, АЛЫП ЧЫГУУГА ЖАНА САТУУГА СЕРТИФИКАТТАРДЫ БЕРҮҮ; - ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН ЭСЕПКЕ АЛУУНУ ЖАНА БААЛООНУ УЮШТУРУУ, ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК КАДАСТРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ; - АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШТЫ ПАЙДАЛАНУУНУ БАШКАРУУНУН ЭКОНОМИКАЛЫК МЕХАНИЗМИН ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА ИШКЕ АШЫРУУ, ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН ПАЙДАЛАНГАНДЫГЫ ҮЧҮН АКЫ АЛУУ ЖАНА АНЫН ӨЛЧӨМДӨРҮНӨ ОҢДОО КИРГИЗҮҮ; - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТАБИГЫЙ-КОРУК ФОНДУСУН БАШКАРУУ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЗЫЛ КИТЕБИН ЖҮРГҮЗҮҮ, ТАБИГЫЙ-КОРУК ИШИН УЮШТУРУУ; - АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО, ПРОДУКТУНУН ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ПРОЦЕССТЕРДИН ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУГУН ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ, ЭЛ АРАЛЫК ТАЖРЫЙБАНЫ ИЛИКТӨӨ, ЖАЛПЫЛОО ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ ЖААТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК МАКУЛДАШУУЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ, АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК МАКУЛДАШУУЛАРГА ЫЛАЙЫК КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИНИН АТКАРЫЛЫШЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ. АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КОМПЕТЕНЦИЯСЫНА ТӨМӨНКҮЛӨР КИРЕТ: - ЖЕРЛЕРДИ, ЖЕР КАЗЫНАСЫН, ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ ЖАНА ЖЕР АСТЫНДАГЫ СУУЛАРДЫ, АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ, ТОКОЙЛОРДУ ЖАНА БАШКА ӨСҮМДҮКТӨРДҮ, ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮН ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА КОРГООГО, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУКТУН ЧЕНЕМДЕРИНИН САКТАЛЫШЫНА МАМЛЕКЕТТИК КОНТРОЛЬ ЖҮРГҮЗҮҮ; - АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН ОБЪЕКТИЛЕРИН, ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН, ПРОДУКТУНУН, МАТЕРИАЛДАРДЫН ЖАНА СЫРЬЕЛОРДУН, ӨНДҮРҮШТҮН ЖАНА КЕРЕКТӨӨНҮН КАЛДЫКТАРЫН, ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУГА ЖАНА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ КЕЛТИРИЛҮҮЧҮ ЗЫЯНДЫ БОЛТУРБАЙ КОЮУГА БАГЫТТАЛГАН ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ПРОЦЕССТЕРДИ ЖАНА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ ЭКОЛОГИЯЛЫК СЕРТИФИКАЦИЯЛООНУ ЖҮРГҮЗҮҮ, ЭКОЛОГИЯЛЫК СЕРТИФИКАТТАРДЫ БЕРҮҮ, ЭКОЛОГИЯЛЫК СЕРТИФИКАТТОО БОЮНЧА ОРГАНДАРДЫ, АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН БАШКАРУУ ТУТУМУН, ЭКОАНАЛИТИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯЛАРДЫ АККРЕДИТТӨӨ; - ЭГЕРДЕ АЛАРДЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН АБАЛЫНЫН НАЧАРЛАШЫНА АЛЫП КЕЛСЕ, ӨНДҮРГҮЧ КҮЧТӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАНА ЖАЙГАШТЫРУУНУН, МЕЛИОРАЦИЯНЫН, ХИМИЯЛАШТЫРУУНУН ЖАНА БАШКА ЧЕЧИМДЕРДИН МУРДА КАБЫЛ АЛЫНГАН СХЕМАЛАРЫН, ПРОГРАММАЛАРЫН ТОКТОТО ТУРУУ ЖЕ ТОКТОТУУ ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУ; - ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН ПАЙДАЛАНУУ УКУГУН ТОКТОТУУ, ЭКОЛОГИЯЛЫК ЗЫЯНДУУ ИШТИ ЧЕКТӨӨ, ТОКТОТО ТУРУУ, ТОКТОТУУ ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ; - ЭГЕРДЕ АЛАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОО МЫЙЗАМДАРЫН БУЗУУ МЕНЕН ЖЕ БУЛГООЧУ ЗАТТАРДЫ БҮРКҮП ЧЫГАРУУНУН ЖАНА АГЫЗЫП ЧЫГАРУУНУН ЛИМИТТЕРИНЕН АШЫК ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛЫП ЖАТСА, ИШКАНАЛАРДЫН ЖАНА БАШКА ОБЪЕКТТЕРДИН ИШИН ЧЕКТӨӨ, ТОКТОТО ТУРУУ ЖЕ ТОКТОТУУ; - ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОО МЫЙЗАМДАРЫНЫН, АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН САПАТЫНЫН ЧЕНЕМДЕРИНИН ТАЛАПТАРЫНЫН САКТАЛЫШЫН, ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОО БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАРДЫН, ТАЗАЛООЧУ КУРУЛМАЛАРДЫН ЖАНА БАШКА ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГООЧУ ЖАБДУУЛАРДЫН, АЛАРДЫ КОНТРОЛДООЧУ КАРАЖАТТАРДЫН ИШИН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ ТЕКШЕРҮҮ; - МАМЛЕКЕТТИК ЭКОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРТИЗАНЫН КОРУТУНДУСУНУН АТКАРЫЛЫШЫНА КОНТРОЛДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ; - ТАБЫЛГАН КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЧЕТТЕТҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛУУ, ОБЬЕКТТЕРДИ ДОЛБООРЛООГО, КУРУУГА, КАЙРА КОНСТРУКЦИЯЛООГО, ПАЙДАЛАНУУГА БЕРҮҮГӨ ЖАНА ОБЪЕКТИЛЕРДИ ПАЙДАЛАНУУГА УРУКСАТ БЕРҮҮ БОЮНЧА КӨРСӨТМӨЛӨРДҮ ЖЕ КОРУТУНДУЛАРДЫ БЕРҮҮ.". |
| [43-статья. Айлана чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы Айлана чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жоболор менен аныкталат.] | КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. |
| 44-статья. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык жана аймактык мамлекеттик органдарынын жана башка атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары белгиленген тартипте өздөрүнө жүктөлгөн функцияларды аткарууну камсыз кылууга милдеттүү жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык төмөндөгүлөргө: - Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, рынокторго (базарларга) аскер бөлүктөрүнө, атайын объектилерге жана аскердик кичи бөлүктөрдүн кызматтарына жана ички иштер жана коопсуздук органдары тоскоолдуксуз барууга, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон документтер, талдоолордун натыйжалары, башка материалдар менен таанышууга; - жаратылышты коргоо мыйзамдарынын, айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин талаптарынын сакталышын, жаратылышты коргоо боюнча иш-чаралардын, тазалоочу курулуштардын жана башка жаратылышты коргоочу жабдуулардын, аларда контролдоочу каражаттардын ишин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте текшерүүгө; [- булгоо булактарынын зыяндуу заттарды айлана-чөйрөдөгү абага чыгарышынын жана агызып чыгарышынын ченемдерин белгилөөгө; - мамлекеттик экологиялык экспертизаны дайындоого, анын корутундусунун аткарылышына контролдукту камсыз кылууга;] - табылган кемчиликтерди четтетүүнү талап кылууга, [объектилерди долбоорлоого, курууга, кайра контрукциялоого, пайдаланууга берүүгө жана объектилерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча көрсөтмөлөрдү же корутундуларды берүүгө;] - жеке карап чыгуу жана буюмдарын карап чыгуу менен укук бузуучуларды кармоону жүзөгө ашырууга, укук бузууларды жасоонун нерселерин жана куралдарын (анын ичинде жаратылыштын Мыйзамсыз алынган объектилерин алып коюуга), транспорт каражаттарын текшерүүнү жүзөгө ашырууга; - айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого, күнөөлүүлөргө жазапулдарды салууга жана башка администрациялык чараларды көрүүгө, зарыл болгондо күнөөлүү адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө, айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доо менен кайрылууга; - кызматтык милдеттерин аткарууда Мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматтык ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды сактоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык айырмалоочу белгиси бар формалуу кийимди кийүүгө жана колдонууга; - жаратылышты коргоо Мыйзамда жаратылышты коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча стандарттарды, ченемдерди жана эрежелерди бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча жумуштарды жана иштин башка түрлөрүн жүргүзүүдө курулушка, кайра конструкциялоого, технологиясын өзгөртүүгө тыюу салууга; - менчигинин түрүнө карабастан айлана чөйрөгө жеке жана башка таасир кылып жаткан бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, айрым цехтердин, участоктордун жабдуулардын жана башка объектилердин жаратылыш ресурстарын коргоонун жана пайдалануунун, жаратылышты коргоо багытындагы жабдуулар менен курулуштарды пайдалануунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин одоно же такай бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан жумуштарына жана жаратылыш ресурстарын пайдалануусуна тыюу салууга, токтото турууга, агызып чыгарууларын жана абага чыгарууларын, айлана-чөйрөгө жеке жана башка таасирин чектөөгө; - аларды колдонуу айлана чөйрөнү булгоого же бүлгүнгө учуратууга алып келсе, адамдардын ден соолугуна зыян келтирсе продукцияларды, заттарды жана материалдарды өндүрүүгө, алып келүүгө тыюу салууга; - зыяндуу заттарды белгиленген ченемдерден ашык абага чыгарган транспорт каражаттарын жана башка жүрүүчү жабдуулар менен объектилерди пайдаланууну токтото турууга же ага тыюу салууга; - республиканын аймагында жашаган (өсүп-өнүгүп жаткан) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине зыян келтириши мүмкүн болгон жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алып келүүгө, алып кетүүгө, чыгарууга, көчүрүп келүүгө жана акклиматизациялоого тыюу салууга; - ушул Мыйзамды жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча башка ченемдик актыларды аткарууга багытталган башка чараларды көрүүгө укуктуу. | 44-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери"; 2) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫ АЛАРГА ЖҮКТӨЛГӨН ФУНКЦИЯЛАРДЫ АТКАРУУНУ КАМСЫЗ КЫЛУУГА МИЛДЕТТҮҮ ЖАНА ӨЗДӨРҮНҮН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫНА ЫЛАЙЫК ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ УКУКТУУ:"; 3) 1-БӨЛҮКТҮН ТӨРТҮНЧҮ ЖАНА БЕШИНЧИ АБЗАЦТАРЫ КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН; 4) 1-БӨЛҮКТҮН АЛТЫНЧЫ АБЗАЦЫНДАГЫ ", ОБЪЕКТИЛЕРДИ ДОЛБООРЛООГО, КУРУУГА, КАЙРА КОНСТРУКЦИЯЛООГО, ПАЙДАЛАНУУГА КИРГИЗҮҮГӨ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУГА УРУКСАТ БЕРҮҮ БОЮНЧА КӨРСӨТМӨЛӨРДҮ ЖЕ КОРУТУНДУЛАРДЫ БЕРҮҮГӨ" ДЕГЕН СӨЗДӨР АЛЫП САЛЫНСЫН. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ЭСЕПТЕЛСИН - табылган кемчиликтерди четтетүүнү талап кылууга; - жеке карап чыгуу жана буюмдарын карап чыгуу менен укук бузуучуларды кармоону жүзөгө ашырууга, укук бузууларды жасоонун нерселерин жана куралдарын (анын ичинде жаратылыштын Мыйзамсыз алынган объектилерин алып коюуга), транспорт каражаттарын текшерүүнү жүзөгө ашырууга; - айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого, күнөөлүүлөргө жазапулдарды салууга жана башка администрациялык чараларды көрүүгө, зарыл болгондо күнөөлүү адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө, айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доо менен кайрылууга; - кызматтык милдеттерин аткарууда Мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматтык ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды сактоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык айырмалоочу белгиси бар формалуу кийимди кийүүгө жана колдонууга; - жаратылышты коргоо Мыйзамда жаратылышты коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча стандарттарды, ченемдерди жана эрежелерди бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча жумуштарды жана иштин башка түрлөрүн жүргүзүүдө курулушка, кайра конструкциялоого, технологиясын өзгөртүүгө тыюу салууга; - менчигинин түрүнө карабастан айлана чөйрөгө жеке жана башка таасир кылып жаткан бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, айрым цехтердин, участоктордун жабдуулардын жана башка объектилердин жаратылыш ресурстарын коргоонун жана пайдалануунун, жаратылышты коргоо багытындагы жабдуулар менен курулуштарды пайдалануунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин одоно же такай бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан жумуштарына жана жаратылыш ресурстарын пайдалануусуна тыюу салууга, токтото турууга, агызып чыгарууларын жана абага чыгарууларын, айлана-чөйрөгө жеке жана башка таасирин чектөөгө; - аларды колдонуу айлана чөйрөнү булгоого же бүлгүнгө учуратууга алып келсе, адамдардын ден соолугуна зыян келтирсе продукцияларды, заттарды жана материалдарды өндүрүүгө, алып келүүгө тыюу салууга; - зыяндуу заттарды белгиленген ченемдерден ашык абага чыгарган транспорт каражаттарын жана башка жүрүүчү жабдуулар менен объектилерди пайдаланууну токтото турууга же ага тыюу салууга; - республиканын аймагында жашаган (өсүп-өнүгүп жаткан) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине зыян келтириши мүмкүн болгон жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алып келүүгө, алып кетүүгө, чыгарууга, көчүрүп келүүгө жана акклиматизациялоого тыюу салууга; - ушул Мыйзамды жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча башка ченемдик актыларды аткарууга багытталган башка чараларды көрүүгө укуктуу. |
| 56-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы талаштарды чечүүнүн тартиби Ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана жарандардын ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы талаштары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте [жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айлана-чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органдары] тарабынан чечилет. Алардын компетенциясына кирбей турган талаштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, болбосо сот тарабынан чечилет. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттер аралык талаштар эл аралык укуктун ченемдерине ылайык чечилет. | 56-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы талаштарды чечүүнүн тартиби Ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана жарандардын ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы талаштары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ тарабынан чечилет. Алардын компетенциясына кирбей турган талаштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, болбосо сот тарабынан чечилет. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттер аралык талаштар эл аралык укуктун ченемдерине ылайык чечилет. |
| [58-статья. Айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык келишимдер Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Мыйзамдарында камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.] | КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Озон катмарын коргоо жөнүндө" ("Эркин Тоо" гезити, 2007-жылдын 9-январы, № 1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкү мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Озон катмарын коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Өкмөт тарабынан озон катмарын коргоо жаатында мамилелерди жөнгө салууну ишке ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы; озон катмарын коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Өкмөт тарабынан озон катмарын коргоону көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын ишке ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы.".
2. 3-берене:
1) 1-бөлүктөгү "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "озон катмарын коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген озон катмарын коргоо жөнүндө эл аралык келишимдерди аткарууну укуктук, экономикалык, уюштуруу жана техникалык жактан камсыз кылуу;".
3. 4-берененин 1-бөлүгүндө:
1) үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"озон катмарын коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аныктайт;";
2) төртүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 5-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы
Озон катмарын коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чегинде: озон катмарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгууну уюштурат жана координациялайт; озон катмарын коргоо боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын ишине жетекчилик кылат; Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, Мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык озон бузуучу заттарды пайдаланууга чектөөлөрдү белгилейт; озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү же анын чегинен тышкары жакка ташып чыгуу лицензиясын алууну, колдонулушун токтотууну жокко чыгарууну жана кайра алууну макулдашат; юридикалык жана жеке жактардын озон бузуучу заттарды пайдалануунун эсебин алуусунун жана алар озон бузуучу заттар менен иштөө боюнча отчетту жүзөгө ашыруусунун тартибин иштеп чыгат; озон бузуучу заттарды жүгүртүүдөн биротоло чыгарып салганга чейин алардын Кыргыз Республикасындагы калдык санынын эсебин жүргүзөт; озон катмарын коргоо жаатында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат. Озон катмарын коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чегинде: озон катмарын коргоого, анын ичинде озон бузуучу заттардын колдонулушуна мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырат; озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталган бузууларды жоюу боюнча юридикалык жана жеке жактарга милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйруктарды берет; эгерде айрым өндүрүштөрдү, цехтерди жана башка объекттерди пайдалануу озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузуу менен жүзөгө ашырылып жатса, аларды пайдаланууну чектөө же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат; озон бузуучу заттардын калдыктарынын жылчыксыз идиште калган өлчөмүн рециркуляциялоо жана утилдештирүү максатында өз убагында топтоо жана сактоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана аткарылышына дайыма контролдук жүргүзөт; озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары же лицензияда көрсөтүлгөн шарттар бузулган учурда, озон бузуучу заттарды жана (же) аларды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү же анын чегинен тышкары ташып чыгууга лицензиянын колдонулушун токтотуу, жокко чыгаруу жана аларды кайра алуу жөнүндө өтүнүч кат берет; эгерде юридикалык жана жеке жактар ишин озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бир нече жолу же одоно бузуу менен жүргүзүлүп жатса алардын ишин токтотуу, айрым өндүрүштөрдү, цехтерди жана башка объекттерди пайдаланууну токтотуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды жана (же) сотко доо жиберет.".
5. 6-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
6. 11-беренеде:
1) 1-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Озон катмарын коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 12-берененин 1-бөлүгүндө "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Озон катмарын коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 13-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Озон катмарын коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 15-берене күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Аткаруу бийлик бутактарындагы административдик реформалардын жүргүзүлүшүндө, мамлекеттик органдардагы функцияларды чектөөдө, ошондой эле, административдик мекемелердин өкмөткө баш ийген жаңы түзүмүн аныктоодо негиз болуучу Өкмөттүн (2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 жана 2012-жылдын 12-январындагы № 12) эки документи кабыл алынгандыгын белгилей кетүү керек. Көрсөтүлгөн реформалоо Премьер-министрдин мамлекеттин өнүгүүсүнүн аныкталган артыкчылыктары баяндалган 2011-жылдын 23-декабрында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген Өкмөттүн Программасынын аткарылышы менен жүргүзүлөт. Административдик реформанын эң маанилүү кадамдарынан бири болуп, мамлекеттик органдардагы көзөмөл-текшерүү функцияларды компетенциясынын алкагында эки мамлекеттик инспекциянын бирөөсүнүн карамагына өткөрүп берүүсү саналат. Өкмөттүн Программасын тиешелүү түрдө ишке ашыруу максатында, аткаруу бийлик тутумунда реформалоону жүргүзүүдөн келип чыккан Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу актыларын инвентаризациялоо, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдоо боюнча Премьер-министрдин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 буйругу менен жумушчу тобу түзүлгөн. Аталган жумушчу топтун иш аракеттерин координациялоону Юстиция Министрлиги ишке ашырат. Юстиция Министрлигинде айтылган топтун иш аракетинин алкагында бир эле мамлекеттик органда саясатты аныктоону жана аны ишке ашыруунун көзөмөл функцияларын аткаруудагы ыйгарым укуктарды бириктирүүнү болтурбоо максатында, ар бир мамлекеттик органдар менен биргеликте, шайкеш келген иш багыттары боюнча бир катар Мыйзам чыгаруу актыларына оңдоолорду киргизүү маселеси иштелип чыкты. Өкмөттүн 2012-жылдын 12-январында № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекция түзүлдү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине тийиштүү өнөр жай экологиясы жаатында көзөмөл жана текшерүү функциялары ушул инспекциянын карамагына өткөрүп берүү каралгандыгын белгилей кетүү керек. Юстиция Министрлиги аталган орган менен бирдикте Мыйзамдардын тизмегин аныктаган, анын ичинде "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Мыйзамын карап, жогорудагы көрсөтүлгөн иш аракеттердин алкагында жоболорду кайрадан карап чыгуу зарылчылыгы аныкталган. Демек, кароого сунушталган Мыйзам долбоору мамлекеттик органда саясатты иштеп чыгуу, озон катмарын коргоо жаатында көзөмөл жана текшерүү жүргүзүүдө ыйгарым укуктарды чектөө каралган. Жогорудагы көрсөтүлгөн бирдейлештирилген терминдер, аталган органдарда аларды пайдалануудагы белгилениши, Мыйзамдарга улам оңдоолорду киргизе берүү зарылчылыгын болтурбоо, мамлекеттик башкаруу тутумундагы реформаларды иш жүзүнө ашырууда, мамлекеттик органдардын конкреттүү аталыштары өзгөрүлөөрдө эске алынышы керек. Ошону менен бирге, сунушталган Мыйзам долбоорунун иш аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин компетенциясына киргендиктен, көрсөтүлгөн мекеменин директору Жогорку Кеңеште аталган долбоорду кароодо өкмөттүн официалдуу өкүлү катары аныкталат.
Министр А.Шыкмаматов
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| 1-берене. Негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жан алардын аныктамалары колдонулат: озон катмары - биологиялык коркунучтуу ультракызгылт күн шоолаларын сиңирип алуучу стратосферада жайгашкан атмосфералык озон катмары; озон катмарын коргоо - адамдын денсоолугун жана курчап турган чөйрөнү озон катмарынын бузулушунан келтирилген жагымсыз кесепеттерден коргоо максатында, озон катмарынын бузулушун четтетүү жана аны кайра калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар жүзөгө ашырып жаткан чаралардын тутуму; озонду бузуучу зат - озон катмарын коргоо жөнүндө 1985-жылдын 22-мартындагы Вена конвенциясынын (мындан ары - Вена конвенциясы) 1-тиркемесинде жана озон катмарын бузуучу заттар боюнча 1987-жылдын 16-сентябрындагы Монреаль протоколунун (мындан ары - Монреаль протоколу) А, В, С, Е тиркемелериндеги заттардын тизмесинде көрсөтүлгөн өз алдынча же аралашма түрүндөгү ар кандай химиялык зат; озон үчүн коопсуз зат - озон катмарына жагымсыз таасирди азайткан, жойгон же анын алдын алган ар кандай химиялык зат; озон үчүн коопсуз технологиялар - колдонуусу озон бузуучу заттардын абага чыгарылышын азайтууга же таптакыр болтурбоого мүмкүндүк бере турган технологиялар; рециркуляция - озон бузуучу заттарды кайталап пайдалануу максатында иштетүү; озон бузуучу заттар менен иштөө - өндүрүү, сатып алуу (сатуу), ташуу, сактоо, импорттоо, экспорттоо, утилдештирүү (зыянсыздандыруу), рециркуляция жана озон бузуучу заттарды пайдалануу менен байланышкан иштин башка түрлөрү; озон бузуучу заттарды керектөө - Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана башка мамлекеттерден импорттолгон, башка мамлекеттерге экспорттолгон озон бузуучу заттардан тышкаркы озон бузуучу заттардын, жалпы саны; озон катмарынын мониторинги - озон катмарынын абалына байкоо жүргүзүү системасы, ошондой эле анын өзгөрүүлөрүнө баа берүү жана болжолдоо; озон бузуучу заттардын калдык саны - Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык озон бузуучу заттарды керектөөгө тыюу салынгандан кийинки алардын Кыргыз Республикасында болгон жалпы саны. | 1-берене. Негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жан алардын аныктамалары колдонулат: озон катмары - биологиялык коркунучтуу ультракызгылт күн шоолаларын сиңирип алуучу стратосферада жайгашкан атмосфералык озон катмары; озон катмарын коргоо - адамдын денсоолугун жана курчап турган чөйрөнү озон катмарынын бузулушунан келтирилген жагымсыз кесепеттерден коргоо максатында, озон катмарынын бузулушун четтетүү жана аны кайра калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар жүзөгө ашырып жаткан чаралардын тутуму; озонду бузуучу зат - озон катмарын коргоо жөнүндө 1985-жылдын 22-мартындагы Вена конвенциясынын (мындан ары - Вена конвенциясы) 1-тиркемесинде жана озон катмарын бузуучу заттар боюнча 1987-жылдын 16-сентябрындагы Монреаль протоколунун (мындан ары - Монреаль протоколу) А, В, С, Е тиркемелериндеги заттардын тизмесинде көрсөтүлгөн өз алдынча же аралашма түрүндөгү ар кандай химиялык зат; озон үчүн коопсуз зат - озон катмарына жагымсыз таасирди азайткан, жойгон же анын алдын алган ар кандай химиялык зат; озон үчүн коопсуз технологиялар - колдонуусу озон бузуучу заттардын абага чыгарылышын азайтууга же таптакыр болтурбоого мүмкүндүк бере турган технологиялар; рециркуляция - озон бузуучу заттарды кайталап пайдалануу максатында иштетүү; озон бузуучу заттар менен иштөө - өндүрүү, сатып алуу (сатуу), ташуу, сактоо, импорттоо, экспорттоо, утилдештирүү (зыянсыздандыруу), рециркуляция жана озон бузуучу заттарды пайдалануу менен байланышкан иштин башка түрлөрү; озон бузуучу заттарды керектөө - Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана башка мамлекеттерден импорттолгон, башка мамлекеттерге экспорттолгон озон бузуучу заттардан тышкаркы озон бузуучу заттардын, жалпы саны; озон катмарынын мониторинги - озон катмарынын абалына байкоо жүргүзүү системасы, ошондой эле анын өзгөрүүлөрүнө баа берүү жана болжолдоо; озон бузуучу заттардын калдык саны - Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык озон бузуучу заттарды керектөөгө тыюу салынгандан кийинки алардын Кыргыз Республикасында болгон жалпы саны. "ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН - ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО ЖААТЫНДА МАМИЛЕЛЕРДИ ЖӨНГӨ САЛУУНУ ИШКЕ АШЫРУУГА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН АТКАРУУ БИЙЛИГИ ОРГАНЫ; ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН - ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН ОЗОН КАТМАРЫН КОРГООНУ КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО ФУНКЦИЯЛАРЫН ИШКЕ АШЫРУУГА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН АТКАРУУ БИЙЛИГИ ОРГАНЫ.". |
| 3-берене. Озон катмарын коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери Озон катмарын коргоо жаатындагы ишти мамлекеттик жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, [айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган,] жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталган өз компетенцияларынын чектеринде жүзөгө ашырат. Озон катмарын коргоо жаатындагы ишти мамлекеттик жөнгө салуунун негизги милдеттери жана багыттары төмөнкүлөр: [озон катмарын коргоо жөнүндө Вена конвенциясын, Монреаль протоколун жана Кыргыз Республикасынын башка эларалык келишимдерин аткарууну укуктук, экономикалык, уюштуруу жана техникалык жактан камсыз кылуу;] Монреаль протоколунун тараптары кабыл алган жана Кыргыз Республикасы ратификациялаган өзгөрүүлөргө ылайык озон бузуучу заттардын жана озон бузуучу заттарды камтыган продукциялардын тизмесин тактоо; озон бузуучу заттар менен иштөөгө чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүү; Кыргыз Республикасында озон бузуучу заттар менен иштөө тартибин аныктоо; озон бузуучу заттар менен иштөөгө байланышкан ишти лицензиялоо; озон катмарын коргоо боюнча ишчараларды каржылоону жана материалдык - техникалык жактан камсыз кылууну уюштуруу; мамлекеттик органдардын, юридикалык жана жеке жактардын озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоосуна көзөмөлдү камсыз кылуу; озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чарасын (санкциясын) колдонуу; маалымат алмашуу, макулдашылган ишчараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максаттарында озон катмарын коргоого багытталган эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу; Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык озон бузуучу заттар менен иштөө жаатында маалыматты эркин алып турууну камсыз кылуу. | 3-берене. Озон катмарын коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери Озон катмарын коргоо жаатындагы ишти мамлекеттик жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ, КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталган өз компетенцияларынын чектеринде жүзөгө ашырат. Озон катмарын коргоо жаатындагы ишти мамлекеттик жөнгө салуунун негизги милдеттери жана багыттары төмөнкүлөр: "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО ЖӨНүНДӨ ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИ АТКАРУУНУ УКУКТУК, ЭКОНОМИКАЛЫК, УЮШТУРУУ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ЖАКТАН КАМСЫЗ КЫЛУУ;"; Монреаль протоколунун тараптары кабыл алган жана Кыргыз Республикасы ратификациялаган өзгөрүүлөргө ылайык озон бузуучу заттардын жана озон бузуучу заттарды камтыган продукциялардын тизмесин тактоо; озон бузуучу заттар менен иштөөгө чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүү; Кыргыз Республикасында озон бузуучу заттар менен иштөө тартибин аныктоо; озон бузуучу заттар менен иштөөгө байланышкан ишти лицензиялоо; озон катмарын коргоо боюнча ишчараларды каржылоону жана материалдык - техникалык жактан камсыз кылууну уюштуруу; мамлекеттик органдардын, юридикалык жана жеке жактардын озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоосуна көзөмөлдү камсыз кылуу; озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чарасын (санкциясын) колдонуу; маалымат алмашуу, макулдашылган ишчараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максаттарында озон катмарын коргоого багытталган эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу; Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык озон бузуучу заттар менен иштөө жаатында маалыматты эркин алып турууну камсыз кылуу. |
| 4-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн озон катмарын коргоо жаатындагы компетенциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз компетенциясынын чектеринде: озон катмарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды кабыл алат; [озон катмарын коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын аныктайт;] Кыргыз Республикасында керектөө үчүн чектелген же тыюу салынган озон бузуучу заттардын Тизмесин бекитет, [Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык] алардын санын жана аларды керектөөнү кыскартуу (токтотуу) мөөнөттөрүн аныктайт; озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны экспорттоо жана импорттоо тартибин аныктайт; озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны экспорттоого жана импорттоого лицензия үчүн төлөмдүн өлчөмүн белгилейт; Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык озон катмарын коргоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. | 4-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн озон катмарын коргоо жаатындагы компетенциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз компетенциясынын чектеринде: озон катмарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды кабыл алат; ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ, КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР АНЫКТАЙТ;"; Кыргыз Республикасында керектөө үчүн чектелген же тыюу салынган озон бузуучу заттардын Тизмесин бекитет, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРГЕ алардын санын жана аларды керектөөнү кыскартуу (токтотуу) мөөнөттөрүн аныктайт; озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны экспорттоо жана импорттоо тартибин аныктайт; озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны экспорттоого жана импорттоого лицензия үчүн төлөмдүн өлчөмүн белгилейт; Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык озон катмарын коргоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. |
| [5-берене. Озон катмарын коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын компетенциясы Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өзүнүн компетенциясынын чектеринде: озон катмарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгууну жана аткарууну уюштурат жана координациялайт; озон боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын ишине жетекчилик кылат; Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык озон бузуучу заттарды керектөөгө чектөөлөрдү белгилейт; озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү же анын чегинен тышкары жакка ташып чыгуу лицензиясын макулдашат, озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын же лицензияда көрсөтүлгөн шарттар бузулган учурда уруксаттардын (лицензиялардын) колдонулушун убактылуу токтотот, жоет жана (же) аларды кайра чакырып алат; озон катмарын коргоого, анын ичинде озон бузуучу заттардын керектелишине мамлекеттик көзөмөлдү, ошондой эле рециркуляциялоо же утилдештирүү максатында озон бузуучу заттардын калдык санын бекем жабык идишке өз учурунда жыйноо жана сактоо боюнча ишчараларды иштеп чыгууга жана аткарууга такай көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашырат; озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузууларды жоюу боюнча юридикалык жана жеке жактарга милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон милдеттендирүүлөрдү берет; эгерде айрым өндүрүштөрдү, цехтерди жана башка обьекттерди пайдалануу озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузуу менен жүзөгө ашырып жатса, аларды пайдаланууну чектөө же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат; эгерде юридикалык жана жеке жактар ишин озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бир нече жолу же одоно бузуу менен жүзөгө ашырып жатса, аларды жоюу жана ишин токтотуу, айрым өндүрүштөрдү, цехтерди жана башка объекттерди пайдаланууну токтотуу жөнүндө жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына сунуштарды жана (же) доолорду сотко жөнөтөт; юридикалык жана жеке жактардын озон бузуучу заттардын эсебин алуусунун жана алар озон бузуучу заттар менен иштөө боюнча отчеттуулукту жүзөгө ашыруусунун тартибин аныктайт; озон бузуучу заттар жүгүртүүдөн биротоло чыгарылып салганга чейин алардын Кыргыз Республикасындагы калдык санынын эсебин жүргүзөт; озон катмарын коргоо жаатында эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашырат; озон катмарын коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.] | 5-БЕРЕНЕ. ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН КОМПЕТЕНЦИЯСЫ ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН өЗ КОМПЕТЕНЦИЯСЫНЫН ЧЕГИНДЕ: ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК МАКСАТТУУ ПРОГРАММАЛАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУНУ УЮШТУРАТ ЖАНА КООРДИНАЦИЯЛАЙТ; ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО БОЮНЧА ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК КООРДИНАЦИЯЛЫК КОМИССИЯНЫН ИШИНЕ ЖЕТЕКЧИЛИК КЫЛАТ; КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН, МЫЙЗАМДАРДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРГЕ ЫЛАЙЫК ОЗОН БУЗУУЧУ ЗАТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУГА ЧЕКТӨӨЛӨРДҮ БЕЛГИЛЕЙТ; ОЗОН БУЗУУЧУ ЗАТТАРДЫ ЖАНА (ЖЕ) ОЗОН БУЗУУЧУ ЗАТТАРДЫ КАМТЫГАН ПРОДУКЦИЯНЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНА ТАШЫП КЕЛҮҮ ЖЕ АНЫН ЧЕГИНЕН ТЫШКАРЫ ЖАККА ТАШЫП ЧЫГУУ ЛИЦЕНЗИЯСЫН АЛУУНУ, КОЛДОНУЛУШУН ТОКТОТУУНУ ЖОККО ЧЫГАРУУНУ ЖАНА КАЙРА АЛУУНУ МАКУЛДАШАТ; ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ЖЕКЕ ЖАКТАРДЫН ОЗОН БУЗУУЧУ ЗАТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУНУН ЭСЕБИН АЛУУСУНУН ЖАНА АЛАР ОЗОН БУЗУУЧУ ЗАТТАР МЕНЕН ИШТӨӨ БОЮНЧА ОТЧЕТТУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУСУНУН ТАРТИБИН ИШТЕП ЧЫГАТ; ОЗОН БУЗУУЧУ ЗАТТАРДЫ ЖҮГҮРТҮҮДӨН БИРОТОЛО ЧЫГАРЫП САЛГАНГА ЧЕЙИН АЛАРДЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ КАЛДЫК САНЫНЫН ЭСЕБИН ЖҮРГҮЗӨТ; ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО ЖААТЫНДА ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРАТ. ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ӨЗ КОМПЕТЕНЦИЯСЫНЫН ЧЕГИНДЕ: ОЗОН КАТМАРЫН КОРГООГО, АНЫН ИЧИНДЕ ОЗОН БУЗУУЧУ ЗАТТАРДЫН КОЛДОНУЛУШУНА МАМЛЕКЕТТИК КОНТРОЛДООНУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРАТ; ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА АНЫКТАЛГАН БУЗУУЛАРДЫ ЖОЮУ БОЮНЧА ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ЖЕКЕ ЖАКТАРГА МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ АТКАРЫЛУУГА ТИЙИШ БОЛГОН ЖАЗМА БУЙРУКТАРДЫ БЕРЕТ; ЭГЕРДЕ АЙРЫМ ӨНДҮРҮШТӨРДҮ, ЦЕХТЕРДИ ЖАНА БАШКА ОБЪЕКТТЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫН БУЗУУ МЕНЕН ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛЫП ЖАТСА, АЛАРДЫ ПАЙДАЛАНУУНУ ЧЕКТӨӨ ЖЕ ТОКТОТУУ ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛАТ; ОЗОН БУЗУУЧУ ЗАТТАРДЫН КАЛДЫКТАРЫНЫН ЖЫЛЧЫКСЫЗ ИДИШТЕ КАЛГАН ӨЛЧӨМҮН РЕЦИРКУЛЯЦИЯЛОО ЖАНА УТИЛДЕШТИРҮҮ МАКСАТЫНДА ӨЗ УБАГЫНДА ТОПТОО ЖАНА САКТОО БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУГА ЖАНА АТКАРЫЛЫШЫНА ДАЙЫМА КОНТРОЛДУК ЖҮРГҮЗӨТ; ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫ ЖЕ ЛИЦЕНЗИЯДА КӨРСӨТҮЛГӨН ШАРТТАР БУЗУЛГАН УЧУРДА, ОЗОН БУЗУУЧУ ЗАТТАРДЫ ЖАНА (ЖЕ) АЛАРДЫ КАМТЫГАН ПРОДУКЦИЯНЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНА ТАШЫП КЕЛҮҮ ЖЕ АНЫН ЧЕГИНЕН ТЫШКАРЫ ТАШЫП ЧЫГУУГА ЛИЦЕНЗИЯНЫН КОЛДОНУЛУШУН ТОКТОТУУ, ЖОККО ЧЫГАРУУ ЖАНА АЛАРДЫ КАЙРА АЛУУ ЖӨНҮНДӨ ӨТҮНҮЧ КАТ БЕРЕТ; ЭГЕРДЕ ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ЖЕКЕ ЖАКТАР ИШИН ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫН БИР НЕЧЕ ЖОЛУ ЖЕ ОДОНО БУЗУУ МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТСА АЛАРДЫН ИШИН ТОКТОТУУ, АЙРЫМ ӨНДҮРҮШТӨРДҮ, ЦЕХТЕРДИ ЖАНА БАШКА ОБЪЕКТТЕРДИ ПАЙДАЛАНУУНУ ТОКТОТУУ ЖӨНҮНДӨ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНА СУНУШТАРДЫ ЖАНА (ЖЕ) СОТКО ДОО ЖИБЕРЕТ."; |
| 6-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын озон катмарын коргоо жаатындагы компетенциясы Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чектеринде озон катмарын коргоо жаатында: озон катмарын коргоо боюнча жергиликтүү программаларды жана ишчараларды иштеп чыгууну уюштурат, бекитет жана алардын аткарылышын координациялайт; озон катмарын коргоо жана озон бузуучу заттар менен иштөө маселелери боюнча тиешелүү жергиликтүү аткаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат; [юридикалык жана жеке жактар озон катмарын коргоо боюнча, анын ичинде рециркуляциялоо же утилдештирүү максатында озон бузуучу заттарды өз учурунда чогултуу жана аларды жылчыксыз идиште сактоо боюнча ишчараларды иштеп чыгышына жана аткарылышына көзөмөлдүктү ишке ашырат;] озон катмарын коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. | 6-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын озон катмарын коргоо жаатындагы компетенциясы Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чектеринде озон катмарын коргоо жаатында: озон катмарын коргоо боюнча жергиликтүү программаларды жана ишчараларды иштеп чыгууну уюштурат, бекитет жана алардын аткарылышын координациялайт; озон катмарын коргоо жана озон бузуучу заттар менен иштөө маселелери боюнча тиешелүү жергиликтүү аткаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат; КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН озон катмарын коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. |
| 11-берене. Озон бузуучу заттарды керектөөнү эсепке алуу жана маалымат берүү Озон бузуучу заттар менен иштөөгө байланышкан ишти жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар [Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] белгилеген тартипте озон бузуучу заттарды керектөөнүн эсебин жүргүзөт жана алар менен иштөө боюнча отчеттуулукту жүзөгө ашырат. [Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органы] өндүрүлгөн, импорттолгон жана экспорттолгон озон бузуучу заттардын, анын ичинде продукцияда камтылган заттардын түрлөрү жана саны жөнүндө маалыматтарды жалпылайт, ар жылдык отчетту даярдайт жана Монреаль протоколунун Озон Катчылыгына жана Көп тараптуу фондуна берет. | 11-берене. Озон бузуучу заттарды керектөөнү эсепке алуу жана маалымат берүү Озон бузуучу заттар менен иштөөгө байланышкан ишти жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар ӨКМӨТҮ белгилеген тартипте озон бузуучу заттарды керектөөнүн эсебин жүргүзөт жана алар менен иштөө боюнча отчеттуулукту жүзөгө ашырат. ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН өндүрүлгөн, импорттолгон жана экспорттолгон озон бузуучу заттардын, анын ичинде продукцияда камтылган заттардын түрлөрү жана саны жөнүндө маалыматтарды жалпылайт, ар жылдык отчетту даярдайт жана Монреаль протоколунун Озон Катчылыгына жана Көп тараптуу фондуна берет. |
| 12-берене. Озон катмарынын мониторинги Кыргыз Республикасынын аймагынын үстүндөгү озон катмарынын абалына дайыма байкоо жүргүзүүнү, анын өзгөрүүлөрүн баалоону жана болжолдоону илимий-изилдөө институттарын тартуу менен [айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган] ишке ашырат. Мониторингдин илим-изилдөө станцияларынын негизги милдеттери төмөнкүлөр: Кыргыз Республикасынын аймагынын үстүндөгү озон катмарынын абалын жана жерге жакын ультракызгылт күн нурларынын деңгээлин өлчөө, баалоо жана болжолдоо; озон катмарынын абалы жөнүндө маалымат банкын түзүү жана бул маалыматты кызыкдар мамлекеттик органдарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана башка кызыкдар жактарга берүү; озон катмарынын абалы жөнүндө маалыматты башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана эларалык уюмдар менен алмашуу; озон катмарынын мониторинги жагынан адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу. | 12-берене. Озон катмарынын мониторинги Кыргыз Республикасынын аймагынын үстүндөгү озон катмарынын абалына дайыма байкоо жүргүзүүнү, анын өзгөрүүлөрүн баалоону жана болжолдоону илимий-изилдөө институттарын тартуу менен ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ишке ашырат. Мониторингдин илим-изилдөө станцияларынын негизги милдеттери төмөнкүлөр: Кыргыз Республикасынын аймагынын үстүндөгү озон катмарынын абалын жана жерге жакын ультракызгылт күн нурларынын деңгээлин өлчөө, баалоо жана болжолдоо; озон катмарынын абалы жөнүндө маалымат банкын түзүү жана бул маалыматты кызыкдар мамлекеттик органдарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана башка кызыкдар жактарга берүү; озон катмарынын абалы жөнүндө маалыматты башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана эларалык уюмдар менен алмашуу; озон катмарынын мониторинги жагынан адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу. |
| 13-берене. Озон катмарын коргоого көзөмөл жүргүзүү Озон катмарын коргоого мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнү [Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары өз компетенцияларынын чектеринде, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. Озон катмарын коргоо жагынан ведомстволук көзөмөлдү жогору турган уюмдар өздөрүнө караштуу уюмдар озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, озон катмарын коргоо боюнча программаларды жана ишчараларды аткарышын камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырат. Озон катмарын коргоо жагынан өндүрүштүк көзөмөлдү юридикалык жана жеке жактар жүзөгө ашырат. Коомчулуктун демилгеси менен озон катмарын коргоо тармагында коомдук көзөмөл ишке ашырылышы мүмкүн. | 13-берене. Озон катмарын коргоого көзөмөл жүргүзүү Озон катмарын коргоого мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнү ОЗОН КАТМАРЫН КОРГОО ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары өз компетенцияларынын чектеринде, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. Озон катмарын коргоо жагынан ведомстволук көзөмөлдү жогору турган уюмдар өздөрүнө караштуу уюмдар озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, озон катмарын коргоо боюнча программаларды жана ишчараларды аткарышын камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырат. Озон катмарын коргоо жагынан өндүрүштүк көзөмөлдү юридикалык жана жеке жактар жүзөгө ашырат. Коомчулуктун демилгеси менен озон катмарын коргоо тармагында коомдук көзөмөл ишке ашырылышы мүмкүн. |
| [15-статья. Озон катмарын коргоо жаатындагы эларалык келишимдер Эгерде Кыргыз Республикасынын ратификацияланган эларалык макулдашууда же келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка талаптар каралса, анда эларалык келишимдин эрежелери колдонулат.] | КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 11, 450-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкү мазмундагы он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Өкмөт тарабынан атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында мамилелерди жөнгө салууну ишке ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы; Атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Өкмөт тарабынан атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында көзөмөлдөө-контролдоо функцияларын ишке ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы.".
2. 6-берененин 1-бөлүгүндөгү "чектеген тартипте иштелип чыгат жана" деген сөздөр "тарабынан" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 7-беренеде:
1) 2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо республикалык мамлекеттик органдары" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 3-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органдары" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 4-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Пайдалануу атмосфералык абага терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон отун жана нефть продуктуларына, чийки зат жана башка продукциялардын бардык түрлөрүнүн сапатына коюлчу стандарттар стандартташтыруу жана метрология жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан бекитилет.".
4. 10-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Булгоочу заттардын атмосфералык абага чектик жол берилген чыгарылышынын жана физикалык таасирлердин ченемдерин белгилөө тартиби
Кыймылдуу булактар үчүн булгоочу заттардын чыгарылышынын ченемдери Өкмөт тарабынан белгиленет. Туруктуу булактар үчүн булгоочу заттардын атмосфераны булгоочу чектик жол берилген чыгарууларынын ченемдери Өкмөт тарабынан бекитилет. Туруктуу жана кыймылдуу булактар үчүн атмосфералык абага табигый зыяндуу таасирлердин чектик жол берилүүчү ченемдери Өкмөт тарабынан бекитилет.".
5. 11-берененин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органдары" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
6. 14-1 жана 17-беренелерде "айлана-чөйрөнү коргоочу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 15 жана 16-беренелерде түрдүү жөндөмөдөгү "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 19-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөр "атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 21-беренеде:
1) 1-бөлүктөгү "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүктөгү "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөр "атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 28-берененин 5-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 29-берененин 1-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 31-берененин 2-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 32-беренедеги "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдар" деген сөздөр "атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 34-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө же анын чегинен тышкары ташып чыгууга лицензияны алуу, колдонулушун токтотуу, жокко чыгаруу кайра алуу атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат. Озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана лицензияда көрсөтүлгөн шарттар бузулган учурда, озон бузуучу заттарды жана (же) аларды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө же анын чегинен тышкары ташып чыгууга лицензияны колдонууну токтотуу, жокко чыгаруу жана кайра алуу жөнүндө атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнүч кат берүү укугуна ээ;
15. 37-берененин 2-бөлүгүндө "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 39-беренедеги "өзгөчө кырдаалдар жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга" деген сөздөр "атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. 42-беренеде "атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
18. 43-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"43-берене. Атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында аткаруу бийлиги органдарынын системасы
1. Атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатындагы мамлекеттик башкаруу Өкмөт тарабынан жүргүзүлөт.
2. Атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча саясатты иштеп чыгуу Өкмөт аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырышат.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдери бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн аткарууга милдеттүү жана соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.".
19. 47-берене күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
Аткаруу бийлик бутактарындагы административдик реформалардын жүргүзүлүшүндө, мамлекеттик органдардагы функцияларды чектөөдө, ошондой эле, административдик мекемелердин өкмөткө баш ийген жаңы түзүмүн аныктоодо негиз болуучу Өкмөттүн (2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 жана 2012-жылдын 12-январындагы № 12) эки документи кабыл алынгандыгын белгилей кетүү керек. Көрсөтүлгөн реформалоо Премьер-министрдин мамлекеттин өнүгүүсүнүн аныкталган артыкчылыктары баяндалган 2011-жылдын 23-декабрында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген Өкмөттүн Программасынын аткарылышы менен жүргүзүлөт. Административдик реформанын эң маанилүү кадамдарынан бири болуп, мамлекеттик органдардагы көзөмөл-текшерүү функцияларды компетенциясынын алкагында эки мамлекеттик инспекциянын бирөөсүнүн карамагына өткөрүп берүүсү саналат. Өкмөттүн Программасын тиешелүү түрдө ишке ашыруу максатында, аткаруу бийлик тутумунда реформалоону жүргүзүүдөн келип чыккан Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу актыларын инвентаризациялоо, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдоо боюнча Премьер-министрдин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 буйругу менен жумушчу тобу түзүлгөн. Аталган жумушчу топтун иш аракеттерин координациялоону Юстиция Министрлиги ишке ашырат. Юстиция Министрлигинде айтылган топтун иш аракетинин алкагында бир эле мамлекеттик органда саясатты аныктоону жана аны ишке ашыруунун көзөмөл функцияларын аткаруудагы ыйгарым укуктарды бириктирүүнү болтурбоо максатында, ар бир мамлекеттик органдар менен биргеликте, шайкеш келген иш багыттары боюнча бир катар Мыйзам чыгаруу актыларына оңдоолорду киргизүү маселеси иштелип чыкты. Өкмөттүн 2012-жылдын 12-январында № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекция түзүлдү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине тийиштүү өнөр жай экологиясы жаатында көзөмөл жана текшерүү функциялары ушул инспекциянын карамагына өткөрүп берүү каралгандыгын белгилей кетүү керек. Юстиция Министрлиги аталган орган менен бирдикте Мыйзамдардын тизмегин аныктаган, анын ичинде "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Мыйзамын карап, жогорудагы көрсөтүлгөн иш аракеттердин алкагында жоболорду кайрадан карап чыгуу зарылчылыгы аныкталган. Демек, кароого сунушталган Мыйзам долбоору мамлекеттик органда саясатты иштеп чыгуу, атмосфералык абаны коргоо жана пайдалануу жаатында көзөмөл жана текшерүү жүргүзүүдө ыйгарым укуктарды чектөө каралган. Жогорудагы көрсөтүлгөн бирдейлештирилген терминдер, аталган органдарда аларды пайдалануудагы белгилениши, Мыйзамдарга улам оңдоолорду киргизе берүү зарылчылыгын болтурбоо, мамлекеттик башкаруу тутумундагы реформаларды иш жүзүнө ашырууда, мамлекеттик органдардын конкреттүү аталыштары өзгөрүлөөрдө эске алынышы керек. Ошону менен бирге, сунушталган Мыйзам долбоорунун иш аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин компетенциясына киргендиктен, көрсөтүлгөн мекеменин директору Жогорку Кеңеште аталган долбоорду кароодо Өкмөттүн официалдуу өкүлү катары аныкталат.
Министр
А.Шыкмаматов
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| 1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Атмосфералык аба (атмосфера) - ар кандай газдардын, суу бууларынын жана чаңдардын аралашмасынан турган жердин газ сымал кыртышы. Зыяндуу табигый таасир - айлана-чөйрөнү (анын компонеттерин), айрыкча жылуулук, акустикалык, электромагниттик, дагы башка нурланууларды өзүнө камтыган атмосфералык абаны булгоочу негизги формалардын бири. Булгоочу заттардын чыгаруулары - булгоочу булактардан булганган заттардын атмосфералык абага чыгарылышы. Атмосферанын булганышы - чарбалык же башка иштердин адамдын ден-соолугуна, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн абалына, материалдык баалуулуктарга коркунуч туудурушунун натыйжасында атмосфералык абанын сапатынын өзгөрүшү; Атмосфераны булгоо булагы - атмосферага булгоочу заттарды жайуучу объект. Атмосферанын сапаты - адамга, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнө, жалпы эле айлана-чөйрөгө ар кандай күчтөр жана биологиялык факторлор аркылуу таасир этүү даражасын аныктоочу атмосфера параметрлеринин туундусу. Атмосферанын булганышына контроль - атмосфераны булгоочу заттардын белгиленген талаптарга ылайык келишин текшерүү. Мониторинг - атмосфералык абанын параметрлерине байкоо жүргүзүү, алардын абалына баа берүү жана боло турган өзгөрүштөрдү алдын ала божомолдоо. Абанын сапатын ченемге салуу - абанын табигый касиеттеринин өзгөрүшүнө жол берилүүчү чектерди белгилөө. Салыштырмалуу уулуу химиялык зат - өндүрүштө колдонуу, ташуу, ошондой эле тиричиликте пайдалануу шарттарында адамдын ден соолугуна жана чөйрөгө жагымсыз таасир тийгизүүчү зат. Атмосферадагы жол берүүчү чектелген кошундулардын аралашмасы (АЖКА) - мезгили менен таасир берүүчү адамга жана аны айлана - чөйрөгө же ал жашап турган мезгилде зыяндуу таасир бербеген ар кандай кошундулардын эң ири аралашмасы. Жол берүүчү чектелген чыгаруулар (ЖЧЧ) - абанын жер бетине жакынкы катмарындагы булгоочу булактан же алардын кошундусунан чыккан заттардын тутуму же адам, айбанаттар жана өсүмдүктөр дүйнөсү керектөөчү абанын сапатынын чектелген ченемдеринен ашпаган шарттарга ылайыкталган ченем. Жол берилүүчү чектелген деңгээл (ЖЧД) - мезгил-мезгили менен же өмүр бою адамга таасир этсе да, ага жана жалпы эле айлана-чөйрөгө зыяны жок таасирлер. Атмосфералык абаны атайын пайдалануу - өндүрүш муктаждыктары үчүн жаратылыш ресурстарын, айрыкча атмосфералык абаны пайдалануунун бир түрү. Булгануу деңгээли - абадагы белгилүү бир нокоттогу же зонадагы булгоочу заттардын аралашмасы, системалуу түрдө өлчөө жүргүзүү, белгилүү чен өлчөмдөр (фондук булгануу, адамдын ден-соолугуна жана (же) айлана-чөйрөгө таасир этүүгө жол берилген концентрация) менен анализ жасоо аркылуу чектелип көрсөтүлөт. | 1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Атмосфералык аба (атмосфера) - ар кандай газдардын, суу бууларынын жана чаңдардын аралашмасынан турган жердин газ сымал кыртышы. Зыяндуу табигый таасир - айлана-чөйрөнү (анын компонеттерин), айрыкча жылуулук, акустикалык, электромагниттик, дагы башка нурланууларды өзүнө камтыган атмосфералык абаны булгоочу негизги формалардын бири. Булгоочу заттардын чыгаруулары - булгоочу булактардан булганган заттардын атмосфералык абага чыгарылышы. Атмосферанын булганышы - чарбалык же башка иштердин адамдын ден-соолугуна, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн абалына, материалдык баалуулуктарга коркунуч туудурушунун натыйжасында атмосфералык абанын сапатынын өзгөрүшү; Атмосфераны булгоо булагы - атмосферага булгоочу заттарды жайуучу объект. Атмосферанын сапаты - адамга, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнө, жалпы эле айлана-чөйрөгө ар кандай күчтөр жана биологиялык факторлор аркылуу таасир этүү даражасын аныктоочу атмосфера параметрлеринин туундусу. Атмосферанын булганышына контроль - атмосфераны булгоочу заттардын белгиленген талаптарга ылайык келишин текшерүү. Мониторинг - атмосфералык абанын параметрлерине байкоо жүргүзүү, алардын абалына баа берүү жана боло турган өзгөрүштөрдү алдын ала божомолдоо. Абанын сапатын ченемге салуу - абанын табигый касиеттеринин өзгөрүшүнө жол берилүүчү чектерди белгилөө. Салыштырмалуу уулуу химиялык зат - өндүрүштө колдонуу, ташуу, ошондой эле тиричиликте пайдалануу шарттарында адамдын ден соолугуна жана чөйрөгө жагымсыз таасир тийгизүүчү зат. Атмосферадагы жол берүүчү чектелген кошундулардын аралашмасы (АЖКА) - мезгили менен таасир берүүчү адамга жана аны айлана - чөйрөгө же ал жашап турган мезгилде зыяндуу таасир бербеген ар кандай кошундулардын эң ири аралашмасы. Жол берүүчү чектелген чыгаруулар (ЖЧЧ) - абанын жер бетине жакынкы катмарындагы булгоочу булактан же алардын кошундусунан чыккан заттардын тутуму же адам, айбанаттар жана өсүмдүктөр дүйнөсү керектөөчү абанын сапатынын чектелген ченемдеринен ашпаган шарттарга ылайыкталган ченем. Жол берилүүчү чектелген деңгээл (ЖЧД) - мезгил-мезгили менен же өмүр бою адамга таасир этсе да, ага жана жалпы эле айлана-чөйрөгө зыяны жок таасирлер. Атмосфералык абаны атайын пайдалануу - өндүрүш муктаждыктары үчүн жаратылыш ресурстарын, айрыкча атмосфералык абаны пайдалануунун бир түрү. Булгануу деңгээли - абадагы белгилүү бир нокоттогу же зонадагы булгоочу заттардын аралашмасы, системалуу түрдө өлчөө жүргүзүү, белгилүү чен өлчөмдөр (фондук булгануу, адамдын ден-соолугуна жана (же) айлана-чөйрөгө таасир этүүгө жол берилген концентрация) менен анализ жасоо аркылуу чектелип көрсөтүлөт. АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО САЯСАТТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН - БУЛ АТКАРУУ БИЙЛИКТИН ОРГАНЫ, ӨКМӨТҮН ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО ЖААТЫНДА МАМИЛЕЛЕРДИН ТЕСКЕЛЕШИНИН ИШКЕ АШЫРУУЧУ ОРГАН; АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛ-ТЕКШЕРҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН - БУЛ АТКАРУУ БИЙЛИКТИН ОРГАНЫ, ӨКМӨТТҮН ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫН ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛ-ТЕКШЕРҮҮ ФУНКЦИЯЛАРЫН ИШКЕ АШЫРУУЧУ ОРГАН. |
| 6-берене. Атмосфералык абанын сапатына ченем коюунун тартиби Атмосфералык абанын сапатына коюлчу ченемдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү [чектеген тартипте иштелип чыгат жана] бекитилет. Атмосфералык абанын сапатына коюлчу ченемдер Кыргыз Республикасынын бардык аймагы үчүн бирдей болуп эсептелет. Зарыл учурларда айрым аймактар үчүн атайын ченемдер белгиленет. | 6-берене. Атмосфералык абанын сапатына ченем коюунун тартиби Атмосфералык абанын сапатына коюлчу ченемдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү МЕНЕН бекитилет. Атмосфералык абанын сапатына коюлчу ченемдер Кыргыз Республикасынын бардык аймагы үчүн бирдей болуп эсептелет. Зарыл учурларда айрым аймактар үчүн атайын ченемдер белгиленет. |
| 7-берене. Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы стандарттар Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы стандарттар атмосфералык абаны коргоо режимин, анын абалын контролдоо усулдарын аныктайт, атмосфералык абаны коргоо боюнча дагы башка талаптарды белгилейт. Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы адамга тиешелүү стандарттар (санитардык ченемдер) [Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо республикалык мамлекеттик органдары] тарабынан бекитилет. Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы айлана-чөйрө объекттери үчүн климатты жана озон катмарын сактоого тиешелүү стандарттар [Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органдары] тарабынан бекитилет. [Пайдаланышы атмосфералык абага терс таасир тийгизүү отун, нефть продуктуларын, чийки зат жана башка продукциялардын сапатына коюлчу стандарттар Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылып бекитилет.] | 7-берене. Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы стандарттар Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы стандарттар атмосфералык абаны коргоо режимин, анын абалын контролдоо усулдарын аныктайт, атмосфералык абаны коргоо боюнча дагы башка талаптарды белгилейт. Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы адамга тиешелүү стандарттар (санитардык ченемдер) ӨКМӨТ тарабынан бекитилет. Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы айлана-чөйрө объекттери үчүн климатты жана озон катмарын сактоого тиешелүү стандарттар ӨКМӨТ тарабынан бекитилет. ПАЙДАЛАНЫШЫ АТМОСФЕРАЛЫК АБАГА ТЕРС ТААСИР ТИЙГИЗҮҮ ОТУН, НЕФТЬ ПРОДУКТУЛАРЫН, ЧИЙКИ ЗАТ ЖАНА БАШКА ПРОДУКЦИЯЛАРДЫН САПАТЫНА КОЮЛЧУ СТАНДАРТТАР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СТАНДАРТТАШТЫРУУ ЖАНА МЕТРОЛОГИЯ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ ТАРАБЫНАН ИШТЕЛИП ЧЫГАТ ЖАНА САЯСАТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН МЕНЕН МАКУЛДАШЫЛЫП ӨКМӨТҮ МЕНЕН БЕКИТИЛЕТ. |
| 10-берене. Булгоочу заттардын атмосфералык абага чыгарылышынын жана ага зыяндуу таасирлердин ченемдерин белгилөөнүн тартиби Булгоочу заттардын атмосфераны булгоочу көчмө булактарынын булгоочу чыгарууларынын ченемдери Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан белгиленет. Булгоочу заттардын атмосфераны булгоочу туруктуу булактар үчүн зыяндуу чыгарууларынын ченемдери Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органдары тарабынан бекитилген усулдар боюнча иштелип чыгып, аймактын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан бекитилет. Туруктуу жана көчмө булактар үчүн тийгизилген табигый зыяндуу таасирлердин жол берилүүчү ченемдери Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо республикалык мамлекеттик органдары тарабынан бекитилет. | 10-БЕРЕНЕ. БУЛГООЧУ ЗАТТАРДЫН АТМОСФЕРАЛЫК АБАГА ЧЫГАРЫЛЫШЫНЫН ЖАНА АГА ЗЫЯНДУУ ТААСИРЛЕРДИН ЧЕНЕМДЕРИН БЕЛГИЛӨӨНҮН ТАРТИБИ БУЛГООЧУ ЗАТТАРДЫН АТМОСФЕРАНЫ БУЛГООЧУ КӨЧМӨ БУЛАКТАРЫНЫН БУЛГООЧУ ЧЫГАРУУЛАРЫНЫН ЧЕНЕМДЕРИ ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. БУЛГООЧУ ЗАТТАРДЫН АТМОСФЕРАНЫ БУЛГООЧУ ТУРУКТУУ БУЛАКТАР ҮЧҮН ЗЫЯНДУУ ЧЫГАРУУЛАРЫНЫН ЧЕНЕМДЕРИ ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. БУЛГООЧУ ЗАТТАРДЫН АТМОСФЕРАНЫ БУЛГООЧУ ТУРУКТУУ БУЛАКТАР ҮЧҮН ЗЫЯНДУУ ЧЫГАРУУЛАРЫНЫН ЧЕНЕМДЕРИ ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. |
| 11-берене. Атмосфералык абаны керектөө ченемдери Өндүрүштүк муктаждыктар үчүн атмосфералык абаны керектөө ченемдери анын табигый абалы өзгөрүлбөгөндөй деңгээлде белгиленет. Атмосфералык абаны керектөөнүн усулдары, иштеп чыгуу тартиби жана ченемдери [Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органдары] тарабынан белгиленет. | 11-берене. Атмосфералык абаны керектөө ченемдери Өндүрүштүк муктаждыктар үчүн атмосфералык абаны керектөө ченемдери анын табигый абалы өзгөрүлбөгөндөй деңгээлде белгиленет. Атмосфералык абаны керектөөнүн усулдары, иштеп чыгуу тартиби жана ченемдери ӨКМӨТҮ тарабынан белгиленет. |
| 14-1-берене. Булгоочу заттардын атмосферага туруктуу булактардан чыгарылышын жөнгө салуу. Булгоочу заттардын атмосферага туруктуу булактардан чыгарылышынан [айлана-чөйрөнү коргоочу мамлекеттик органдар] Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталган тартипте берүүчү уруксаттын негизинде жол берилет. Булгоочу заттарды атмосферага чыгарууга берилген уруксат булгоочу заттарды чыгаруунун бекитилген жол берилүүчү чектик ченемдерине ылайык, аларды чыгаруунун чектик көлөмүн (санын) аныктайт (белгилейт) жана атмосфералык абаны коргоону камсыз кылуучу башка шаарларды жана талаптарды белгилейт. | 14-1-берене. Булгоочу заттардын атмосферага туруктуу булактардан чыгарылышын жөнгө салуу. Булгоочу заттардын атмосферага туруктуу булактардан чыгарылышынан АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО САЯСАТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталган тартипте берүүчү уруксаттын негизинде жол берилет. Булгоочу заттарды атмосферага чыгарууга берилген уруксат булгоочу заттарды чыгаруунун бекитилген жол берилүүчү чектик ченемдерине ылайык, аларды чыгаруунун чектик көлөмүн (санын) аныктайт (белгилейт) жана атмосфералык абаны коргоону камсыз кылуучу башка шаарларды жана талаптарды белгилейт. |
| 15-берене. Авария учурунда атмосферага булгоочу заттардын чыгышын туруктуу орнотмолор менен жөнгө салуу Атмосферага булгоочу заттардын белгиленген чекте чыгарылышына жол берүү менен ченемдерди бузган авария болсо, аны юридикалык жана жеке жактар [айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга] дароо билдирип, анын себептерин жана кесепеттерин жоюу боюнча чара көрүүгө тийиш. | 15-берене. Авария учурунда атмосферага булгоочу заттардын чыгышын туруктуу орнотмолор менен жөнгө салуу Атмосферага булгоочу заттардын белгиленген чекте чыгарылышына жол берүү менен ченемдерди бузган авария болсо, аны юридикалык жана жеке жактар АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО САЯСАТТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН дароо билдирип, анын себептерин жана кесепеттерин жоюу боюнча чара көрүүгө тийиш. |
| 16-берене. Ыңгайсыз метеорологиялык шарттарда булгоочу заттардын атмосферага чыгарууларын жөнгө салуу Ыңгайсыз метеорологиялык шарттарга байланыштуу атмосфералык абада булгоочу заттардын аралашмасынын көбөйүү мүмкүндүгү жөнүндө эскертүү алганда, чарбакер субъекттер [айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар] менен макулдашуу боюнча иштелип чыккан мындай заттардын атмосферага чыгарууларын азайтууга кызмат кылчу иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү. | 16-берене. Ыңгайсыз метеорологиялык шарттарда булгоочу заттардын атмосферага чыгарууларын жөнгө салуу Ыңгайсыз метеорологиялык шарттарга байланыштуу атмосфералык абада булгоочу заттардын аралашмасынын көбөйүү мүмкүндүгү жөнүндө эскертүү алганда, чарбакер субъекттер АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО САЯСАТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН менен макулдашуу боюнча иштелип чыккан мындай заттардын атмосферага чыгарууларын азайтууга кызмат кылчу иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү. |
| 17-берене. Ченемдер жок учурда атмосферага тийгизүүчү зыяндуу таасирлерди жөнгө салуу Зыяндуу заттардын жана башка зыяндуу таасирлердин атмосферага чыгарууларына, тиешелүү ченемдер коюлбаганда, [айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар] тарабынан берилчү лицензиялар боюнча өзгөчө учурда, белгилүү бир мөөнөткө гана жол берилиши мүмкүн. | 17-берене. Ченемдер жок учурда атмосферага тийгизүүчү зыяндуу таасирлерди жөнгө салуу Зыяндуу заттардын жана башка зыяндуу таасирлердин атмосферага чыгарууларына, тиешелүү ченемдер коюлбаганда, АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО САЯСАТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН тарабынан берилчү лицензиялар боюнча өзгөчө учурда, белгилүү бир мөөнөткө гана жол берилиши мүмкүн. |
| 19-берене. Транспорт каражаттарынын жана башка көчмө орнотмолордун жана атмосферага тийгизүүчү зыяндуу таасирин азайтуу боюнча чаралар Атмосфералык абаны көчмө каражаттардын жана орнотмолордун чыгарган зыяндуу заттары менен булгабай коргоо, калктуу конуштардагы шуулдак деңгээлин азайтуу, ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында [айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын] көрсөтмөсү же макулдугу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүдөй: - калк жыш жайгашкан кварталдардан автотранспорт ишканаларын жана автомобиль майбекеттерин алып чыгуу; - жол кыймылын жөнгө салуучу автоматташкан тутумдарды ишке киргизүү; - эс алуу, туризм, турак-жай конуштарынын белгилүү зоналарына автомобиль транспортунун жана башка көчмө каражаттардын киришине чектөө коюу; - калктуу конуштарда жана андан тышкаркы жерлерде, автомобиль, темир жолдорунун бойлоруна, аэропорттордун, темир жол жана авто жол вокзалдардын, автобекет жана автоконуштардын тегерегине жашыл зоналарды түзүү; - көчмө каражаттардан чыккан иштелген газдарды жоюу жана тазалоо иштерин жүзөгө ашыруучу атайын жабдууларды куруу, аларды экологиялык жактан отундар менен иштетүүгө өткөрүү; - көчмө каражаттардын жана жабдуулардын атмосфералык абага тийгизүүчү зыяндуу таасирлерин азайтуу боюнча жана башка чараларды жүзөгө ашырат. | 19-берене. Транспорт каражаттарынын жана башка көчмө орнотмолордун жана атмосферага тийгизүүчү зыяндуу таасирин азайтуу боюнча чаралар Атмосфералык абаны көчмө каражаттардын жана орнотмолордун чыгарган зыяндуу заттары менен булгабай коргоо, калктуу конуштардагы шуулдак деңгээлин азайтуу, ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛ-ТЕКШЕРҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН көрсөтмөсү же макулдугу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүдөй: - калк жыш жайгашкан кварталдардан автотранспорт ишканаларын жана автомобиль майбекеттерин алып чыгуу; - жол кыймылын жөнгө салуучу автоматташкан тутумдарды ишке киргизүү; - эс алуу, туризм, турак-жай конуштарынын белгилүү зоналарына автомобиль транспортунун жана башка көчмө каражаттардын киришине чектөө коюу; - калктуу конуштарда жана андан тышкаркы жерлерде, автомобиль, темир жолдорунун бойлоруна, аэропорттордун, темир жол жана авто жол вокзалдардын, автобекет жана автоконуштардын тегерегине жашыл зоналарды түзүү; - көчмө каражаттардан чыккан иштелген газдарды жоюу жана тазалоо иштерин жүзөгө ашыруучу атайын жабдууларды куруу, аларды экологиялык жактан отундар менен иштетүүгө өткөрүү; - көчмө каражаттардын жана жабдуулардын атмосфералык абага тийгизүүчү зыяндуу таасирлерин азайтуу боюнча жана башка чараларды жүзөгө ашырат. |
| 21-берене. Атмосфералык абага тийгизилчү табигый зыяндуу таасирлерге чек коюу, токтотуу же тыюу салуу Атмосфералык абага тийгизилчү табигый зыяндуу таасирлердин айрым түрлөрүнө [айлана-жаратылыштын чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар] берген уруксатта белгиленгендей, зыяндуу заттардын жол берилүүчү чектелген деңгээлдери жана башка талаптары сакталган шарттарда гана жол берилиши мүмкүн. Айрым өнөр жай жана башка орнотмолордун, цехтердин, ишканалардын, уюмдардын ж.б. чарбакер субъекттердин тиешелүү иши уруксат кагаздарында каралган талаптар бузулса, бул талаптардын бузулушуна алып келген себептер четтелмейинче, [айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын] чечими менен токтотулушу, чек коюлушу же тыюу салынышы мүмкүн. | 21-берене. Атмосфералык абага тийгизилчү табигый зыяндуу таасирлерге чек коюу, токтотуу же тыюу салуу Атмосфералык абага тийгизилчү табигый зыяндуу таасирлердин айрым түрлөрүнө АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО САЯСАТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН берген уруксатта белгиленгендей, зыяндуу заттардын жол берилүүчү чектелген деңгээлдери жана башка талаптары сакталган шарттарда гана жол берилиши мүмкүн. Айрым өнөр жай жана башка орнотмолордун, цехтердин, ишканалардын, уюмдардын ж.б. чарбакер субъекттердин тиешелүү иши уруксат кагаздарында каралган талаптар бузулса, бул талаптардын бузулушуна алып келген себептер четтелмейинче, АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛ-ТЕКШЕРҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН чечими менен токтотулушу, чек коюлушу же тыюу салынышы мүмкүн. |
| 28-берене. Химиялык өтө уулуу заттарды чыгаруу, пайдалануу, зыянсыздандыруу жана сактоо Каттоодон өткөрүлбөгөн же пайдаланууга тыюу салынган химиялык өтө уулуу заттарды чыгарууга, чет өлкөлөрдөн алууга, пайдаланууга, сактоого тыюу салынат. Чарбалык иште жана тиричиликте колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган жана чет өлкөдөн сатылып алынган химиялык өтө уулуу заттар мамлекеттик каттоодон өткөрүлүшү керек. Химиялык өтө уулуу заттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү ишин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо боюнча республикалык мамлекеттик органдары жүргүзөт. Химиялык өтө уулуу заттарды өндүрүүчү же пайдалануучу ишканалар менен уюмдар: - химиялык уулуу заттардын стандарттарга жана сертификаттарга ылайык келишине кепилдик берүүгө; - атмосфералык абада заттардын жол берилүүчү топтомунун иштеп чыгууну жана алар жок учурларды контролдоочу каржылоону камсыз кылууга милдеттүү. Тыюу салынган жана жараксыз болуп калган химиялык өтө уулуу заттарды зыянсыздандыруу [айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар] берген уруксат кагазынын негизинде жүргүзүлөт. Химиялык өтө уулуу заттарды өсүмдүктөрдү коргоо каражаты, аларды өстүрүүгө өбөлгө, минералдык жер семирткич катары жана башка препараттар катары колдонуу жер үстүндө жүргүзүлүүчү ыкмалар аркылуу жүргүзүлөт. | 28-берене. Химиялык өтө уулуу заттарды чыгаруу, пайдалануу, зыянсыздандыруу жана сактоо Каттоодон өткөрүлбөгөн же пайдаланууга тыюу салынган химиялык өтө уулуу заттарды чыгарууга, чет өлкөлөрдөн алууга, пайдаланууга, сактоого тыюу салынат. Чарбалык иште жана тиричиликте колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган жана чет өлкөдөн сатылып алынган химиялык өтө уулуу заттар мамлекеттик каттоодон өткөрүлүшү керек. Химиялык өтө уулуу заттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү ишин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо боюнча республикалык мамлекеттик органдары жүргүзөт. Химиялык өтө уулуу заттарды өндүрүүчү же пайдалануучу ишканалар менен уюмдар: - химиялык уулуу заттардын стандарттарга жана сертификаттарга ылайык келишине кепилдик берүүгө; - атмосфералык абада заттардын жол берилүүчү топтомунун иштеп чыгууну жана алар жок учурларды контролдоочу каржылоону камсыз кылууга милдеттүү. Тыюу салынган жана жараксыз болуп калган химиялык өтө уулуу заттарды зыянсыздандыруу АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО САЯСАТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН берген уруксат кагазынын негизинде жүргүзүлөт. Химиялык өтө уулуу заттарды өсүмдүктөрдү коргоо каражаты, аларды өстүрүүгө өбөлгө, минералдык жер семирткич катары жана башка препараттар катары колдонуу жер үстүндө жүргүзүлүүчү ыкмалар аркылуу жүргүзүлөт. |
| 29-берене. Айыл чарбасында колдонууга уруксат берилген препараттардын тизмесин жана аларды колдонуу ыкмаларын макулдашуу Айыл чарбасында колдонулууга уруксат берилген өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттардын, алардын өсүү өбөлгөлөрүнүн, жер семирткичтердин жана башка препараттардын тизмеси, ошондой эле аларды колдонуу ыкмалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте [айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар] менен макулдашууга тийиш. Көрсөтүлгөн максаттар үчүн колдонулуучу жаңы препараттарды жасоодо жол берилүүчү топтолуунун ченемдери жана ушул препараттардын атмосфералык абада калган калдыктарын аныктоонун усулдары иштелип чыгууга тийиш. | 29-берене. Айыл чарбасында колдонууга уруксат берилген препараттардын тизмесин жана аларды колдонуу ыкмаларын макулдашуу Айыл чарбасында колдонулууга уруксат берилген өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттардын, алардын өсүү өбөлгөлөрүнүн, жер семирткичтердин жана башка препараттардын тизмеси, ошондой эле аларды колдонуу ыкмалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛ-ТЕКШЕРҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН менен макулдашууга тийиш. Көрсөтүлгөн максаттар үчүн колдонулуучу жаңы препараттарды жасоодо жол берилүүчү топтолуунун ченемдери жана ушул препараттардын атмосфералык абада калган калдыктарын аныктоонун усулдары иштелип чыгууга тийиш. |
| 31-берене. Өндүрүштөн жана керектөөдөн чыккан таштандыларды жайгаштырууга же көмүүгө талаптар Калктуу конуштар жайгашкан аймакта же аларга жакын жерлерде атмосфераны булгаган же ага башкача таасир тийгизген өндүрүштөн жана керектөөдөн чыккан өз билгениндей жайгаштырууга, ошондой эле ишкана, мекеме, уюм жана калктуу конуштардын аймагында аларды өрттөөгө тыюу салынат. Атмосфералык абаны булгай турган өндүрүштөн жана керектөөдөн чыккан таштандылардын жок кылынышы, кайра иштетилиши, тазаланышы, жыты кетирилиши, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык [айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар] жана башка компетенттүү органдар берген уруксат боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан атайын уруксат берилген атайын полигондордо жүргүзүлөт, болбосо өзүнчө бөлүнгөн жерлерде жыйналып коюлат. | 31-берене. Өндүрүштөн жана керектөөдөн чыккан таштандыларды жайгаштырууга же көмүүгө талаптар Калктуу конуштар жайгашкан аймакта же аларга жакын жерлерде атмосфераны булгаган же ага башкача таасир тийгизген өндүрүштөн жана керектөөдөн чыккан өз билгениндей жайгаштырууга, ошондой эле ишкана, мекеме, уюм жана калктуу конуштардын аймагында аларды өрттөөгө тыюу салынат. Атмосфералык абаны булгай турган өндүрүштөн жана керектөөдөн чыккан таштандылардын жок кылынышы, кайра иштетилиши, тазаланышы, жыты кетирилиши, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО САЯСАТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН жана башка компетенттүү органдар берген уруксат боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан атайын уруксат берилген атайын полигондордо жүргүзүлөт, болбосо өзүнчө бөлүнгөн жерлерде жыйналып коюлат. |
| 32-берене. Пайдалуу кендерди казуу жана кайра иштетүү учурунда атмосфералык абаны коргоо ишине талаптар Пайдалуу кендерди казуу, аларды кайра иштетүү, жардыруу(*) менен макулдашылып, атмосфералык абаны коргоо ыкмаларын колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. | 32-берене. Пайдалуу кендерди казуу жана кайра иштетүү учурунда атмосфералык абаны коргоо ишине талаптар Пайдалуу кендерди казуу, аларды кайра иштетүү, жардыруу(*) АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО САЯСАТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН менен макулдашылып, атмосфералык абаны коргоо ыкмаларын колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. |
| 34-берене. Озон катмарына тийчү зыяндуу таасирлерди четтетүү боюнча чаралар Озонду буза турган заттары бар муздаткыч техниканы, кондиционерлерди, өрт өчүргүч каражаттарды жана башка продукцияны ремонттоочу жана (же) пайдалануучу юридикалык жактар аларды эсепке алууну камсыз кылуу менен атмосферага зыяндуу таасирлерди четтетүү боюнча иш-чараларды аткарууга милдеттүү. Озонду бузуучу заттар бар продукцияны ташып келүүгө, өндүрүүгө жана колдонууга айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан макулдук алынгандан кийин гана уруксат берилет. | 34-берене. Озон катмарына тийчү зыяндуу таасирлерди четтетүү боюнча чаралар Озонду буза турган заттары бар муздаткыч техниканы, кондиционерлерди, өрт өчүргүч каражаттарды жана башка продукцияны ремонтоочу жана (же) пайдалануучу юридикалык жактар аларды эсепке алууну камсыз кылуу менен атмосферага зыяндуу таасирлерди четтетүү боюнча иш-чараларды аткарууга милдеттүү. Озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү же анын чегинен тышкары жакка таптып чыгуу лицензиясын колдонулушун убактылуу токтотот, жоет жана (же) аларды кайра чакырып алганга АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО САЯСАТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН менен макулдашат. Озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү же анын чегинен тышкары жакка ташып чыгуу лицензиясын колдонулушун убактылуу токтотконго, жоюуга жана (же) аларды кайра чакырып алганга АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО САЯСАТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН бөгөт койот. |
| 37-берене. Атмосфералык абанын мониторинги Атмосфералык абага байкоо жүргүзүү, ал боюнча маалымат жыйноо, аны жалпылоо, талдоо, атмосфералык абанын абалын болжолдоо Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары белгиленген тартипте айлана-чөйрөнүн мамлекеттик мониторинг тутуму аркылуу ишке ашырылат. (*) жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, экономиканын тармактарын жана республиканын калкын атмосфералык абанын так жана болжолдуу абалы жөнүндө маалымат, анын ичинде абанын булганышынын коркунучтуу деңгээлдери тууралу шашылыш маалымат менен камсыз кылат. | 37-берене. Атмосфералык абанын мониторинги Атмосфералык абага байкоо жүргүзүү, ал боюнча маалымат жыйноо, аны жалпылоо, талдоо, атмосфералык абанын абалын болжолдоо Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары белгиленген тартипте айлана-чөйрөнүн мамлекеттик мониторинг тутуму аркылуу ишке ашырылат. (*) жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, экономиканын тармактарын жана республиканын калкын атмосфералык абанын так жана болжолдуу абалы жөнүндө маалымат, анын ичинде абанын булганышынын коркунучтуу деңгээлдери тууралу шашылыш маалымат менен камсыз кылат. |
| 39-берене. Атмосфералык аба адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирген абалда айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээлине байкоо жүргүзүүчү мамлекеттик кызматтардын милдеттери Эгерде жагымсыз метеорологиялык факторлор менен коштолуп, атмосферага булгоочу заттардын чыгаруулары жана башка зыяндуу таасирлер атмосфералык абага жасалса, ошондон айрым райондордо адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч туулса, айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээлине байкоо жүргүзүүчү мамлекеттик органдар бул тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, өзгөчө кырдаалдар жана [айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга] дароо кабар берүүгө милдеттүү. | 39-берене. Атмосфералык аба адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирген абалда айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээлине байкоо жүргүзүүчү мамлекеттик кызматтардын милдеттери Эгерде жагымсыз метеорологиялык факторлор менен коштолуп, атмосферага булгоочу заттардын чыгаруулары жана башка зыяндуу таасирлер атмосфералык абага жасалса, ошондон айрым райондордо адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч туулса, айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээлине байкоо жүргүзүүчү мамлекеттик органдар бул тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, өзгөчө кырдаалдар жана АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО САЯСАТЫН ИШТЕП ЖААТЫНДА ЖАНА КӨЗӨМӨЛ-ТЕКШЕРҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР дароо кабар берүүгө милдеттүү. |
| 42-берене. Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын компетенциясы Атмосфералык абаны коргоо ишин мамлекеттик жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде [атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар,] жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат. | 42-берене. Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын компетенциясы Атмосфералык абаны коргоо ишин мамлекеттик жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО САЯСАТЫН ИШТЕП ЖААТЫНДА ЖАНА КӨЗӨМӨЛ-ТЕКШЕРҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат. |
| 43-берене. Атмосфералык абаны коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (*) Өз компетенциясына ылайык атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдери бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн аткарууга милдеттүү жана ал чечимге карата сот тартибинде даттанууга болот. | 43-берене. Аткаруу бийликтин органы атмосфералык абаны коргоо жаатында мамилелердин тескелешинин ишке ашыруучу Мамлекеттик атмосфералык абаны коргоо жаатында мамилелердин тескелешинин Өкмөт жүзөгө ашырат. (*) |
| 47-берене. Эл аралык келишимдер Эгерде эл аралык келишимдерде же макулдашууларда, Кыргыз Республикасынын атмосфералык абаны, климатты, озон катмарын коргоо жөнүндөгү Мыйзамдарында каралгандан башка талаптар коюлса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат. | КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ЭСЕПТЕЛСИН. |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө" ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 15-майы, № 36-37) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 2-берененин 1-бөлүгүндө:
1) экинчи абзацтагы "тиешелүү мамлекеттик органдар" деген сөздөр алып салынсын;
2) он жетинчи абзацтагы "айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы атайын ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр "экологиялык коопсуздук жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 8-берененин 1-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "экологиялык коопсуздук жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3. 9-берененин 3-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 10-беренеде:
1) 4-бөлүктөгү "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "экологиялык коопсуздук жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 6-бөлүктөгү "айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр "экологиялык коопсуздук жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 14-беренеде:
1) 4-бөлүктөгү "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "экологиялык коопсуздук жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-бөлүктөгү "мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөрдөн кийин "экологиялык коопсуздук жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 18-берененин 3-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "экологиялык коопсуздук жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7. 19-беренеде:
1) 1-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Чарбалык жана башка иш объекттеринин экологиялык коопсуздук талаптарына шайкеш келишин мамлекеттик экологиялык контролдоо чарбалык жана башка иш процессине карата ушул техникалык регламентте белгиленген экологиялык коопсуздук талаптарын аткарышын текшерүү боюнча чарбалык жана башка иш объекттери тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чаралар формасында жүзөгө ашырылат.".
2) 3-бөлүктөгү "айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр алып салынсын;
8. 2-тиркеменин 2-пунктундагы түрдүү жөндөмөдөгү "айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "экологиялык коопсуздук жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Белгилүү болгондой, аткаруу бийлик бутактарындагы өткөрүлүп жаткан административдик реформалардын жүрүшүнө негиз болуучу, мамлекеттик органдардын функцияларын чектөө, ошондой эле Өкмөткө баш ийген административдик мекемелердин жаңы түзүмүн аныктоону камтыган Өкмөттүн (2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 жана 2012-жылдын 12-январындагы № 12) эки документи кабыл алынгандыгы болду. Көрсөтүлгөн реформалоо Жогорку Кеңеште 2011-жылдын 23-декабрында бекитилген өкмөттүн программасында баяндалган токтомунда Премьер-министрдин мамлекеттин өнүгүшүнө артыкчылыктуу багыттары аныкталганга байланыштуу жүргүзүлөт. Административдик реформанын абдан маанилүү кадамдарынан болуп мамлекеттик органдардын көзөмөл-текшерүү функцияларын мамлекеттик инспекциянын бирөөсүнүн карамагына компетенциясынын алкагында өткөрүп берүү. Премьер-министрдин Өкмөттүн Программасын тиешелүү түрдө ишке ашыруу максатында, Премьер-министрдин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 буйругунун негизинде, аткаруу бийлик тутумунда реформалоону жүргүзүүдөн келип чыккан, Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу актыларын инвентаризациялоо, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдоо боюнча жумушчу тобу түзүлгөн. Юстиция Министрлиги айтылган жумушчу топтун иш аракеттерин координациялоону ишке ашырат. Бир Мамлекеттик органда бир убакта бирдикте саясатты аныктоо жана аны ишке ашырууну көзөмөл функцияларын биргеликте аткарууну болтурбоо максатында, аталган топтун иш аракетинин алкагында Юстиция Министрлиги ар бир мамлекеттик органдар менен биргеликте, шайкеш келген иш багыттары боюнча бир катар Мыйзам чыгаруу актыларына оңдоолорду киргизүү маселеси иштелип чыкты. Белгилүү болгондой, Өкмөттүн 2012-жылдын 12-январында № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекция түзүлдү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине тийиштүү өнөр жай экологиясы жаатында көзөмөл жана текшерүү функциялары ушул инспекциянын карамагына өткөрүп берүү белгиленген. Юстиция Министрлиги аталган орган менен бирдикте Мыйзамдардын тизмегин аныктаган, анын ичинде "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө" Мыйзамын жогорудагы көрсөтүлгөн иш аракеттердин алкагында кайрадан карап чыгуу зарылчылыгы аныкталган. Демек, кароого сунушталган Мыйзам долбоору саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында көзөмөл жана текшерүү жүргүзүүдө мамлекеттик органдарда ыйгарым укуктарды чектөө каралган. Жогорудагы көрсөтүлгөн бирдейлештирилген терминдер, аталган органдарда аларды пайдаланууда белгилениши, Мыйзамдарга улам оңдоолорду киргизе берүү зарылчылыгын болтурбоо, мамлекеттик башкаруу тутумундагы реформаларды иш жүзүнө ашырууда, мамлекеттик органдардын конкреттүү аталыштары өзгөрүлөөрдө эске алынышы керек. Ошону менен бирге, сунушталган Мыйзам долбоорунун иш аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин компетенциясына киргендиктен, көрсөтүлгөн мекеменин директорун өкмөттүн официалдуу өкүлү катары аныкталып, Жогорку Кеңеште аталган долбоорду кароодо сунушталат.
Министр
А.Шыкмаматов
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| 2-берене. Негизги түшүнүктөр Ушул жалпы техникалык регламенттин максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: мамлекеттик экологиялык контроль - изилдөө, [өлчөө жана тиешелүү мамлекеттик органдар] тарабынын жыйынтыктарын жол-жоболоштуруунун жардамы менен жүзөгө ашырылуучу экологиялык коопсуздуктун талаптарына шайкештикти баалоо формасы; булгоочу зат - белгилүү концентрацияда айлана-чөйрөгө тараса адамдын ден соолугуна, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн абалына, материалдык жана маданий баалуулуктарга коркунуч келтирүүчү зат; чарбалык жана башка иштин объектинин таасир этүү зонасы - жер жана/же суу бетинин, ошондой эле атмосферанын, ошонун чектеринде айлана-чөйрөнүн жана/же анын компоненттеринин чарбалык же башка иштин обьектинин ишинин сапаттык нормативдери өзгөргөнү байкалган участогу; коркунучтун категориясы - чарбалык жана башка иштин натыйжасында айлана-чөйрөнүн абалына терс таасирдин даражасынын рангдарга бөлүнгөн баа берилиши; табигый чөйрөнүн компоненттери - жер, жер казынасы, кыртыш, жер үстүндөгү жана жер алдындагы суулар, атмосфералык аба, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү жана башка жандуу организмдер, ошондой эле атмосферанын озон катмары жана баары чогуусу менен Жерде жашоонун болушуна ыңгайлуу шарттарды камсыздоочу жерге жакын космостук мейкиндик; айлана-чөйрөгө терс таасир - чарбалык жана башка иштин айлана-чөйрөнүн булганышына, табигый экосистемалардын деградацияланышына, жаратылыштык ресурстардын азайышына алып келүүчү таасири; экологиялык коопсуздукту камсыздоо - айлана-чөйрөгө. жарандардын ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирүү тобокелчилигин четтетүүгө арналган иш-чаралардын жана иштердин системасы; чарбалык жана башка иштин объекти - продукция жасоо, сактоо, ташуу, продукцияны, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын утилдештирүү боюнча иштин бир же бир нече түрү жүргүзүлүүчү, ошол объектте жүргүзүлүүчү иш менен техникалык жактан бириктирилген техникалык объект; айлана-чөйрө - адамдан жана башка жандуу организмдин жашоосунун шарты, каражаты жана орду болуп саналган адам байырлаган чөйрө, биосфера; жаратылышты табигый экологиялык системалардын системасы катары жана адамдын ишинин натыйжасында кайра жаралган табигый чөйрөнүн ошол бөлүгүн камтыйт; табигый ландшафт - чарбалык жана башка иштин натыйжасында өзгөрбөгөн жана аймактагы жер бетинин, жер кыртышынын, өсүмдүктөрдүн бирдей климаттык шартта калыптанган рельефинин тийиштүү түрлөрүнүн айкалышуусу менен мүнөздөлгөн аймак; табигый ресурстар - чарбалык жана башка иштин процессинде пайдаланылган же пайдаланылышы мүмкүн болгон табигый чөйрөнүн компоненттери, жаратылыштык объекттер жана жаратылыштык-антропогендик объекттер; чарбалык жана башка иштин субъекти - обьекти эксплуатациялаган же башкарган жеке адам же юридикалык жак, же объекттин техникалык иштеши жактан чечүүчү экономикалык ыйгарым укуктар өткөрүп берилген жак; экологиялык коопсуздуктун талаптары - чарбалык же башка иштин процессинде болуучу тобокелчиликтен сактануу максатында белгиленүүчү, аткарууга милдеттүү талаптар, ошондой эле айлана-чөйрөгө же адамдын ден соолугуна зыянды болтурбоо максатында белгиленүүчү, аткарылышы милдеттүү талаптар жана жол-жоболор. технология - даяр продукцияны алуу үчүн өндүрүштүк процессте колдонулуучу, сырьену, материалдарды же полуфабрикаттарды иштетүү, жасоо, касиеттерин өзгөртүү ыкмаларынын жыйындысы; чарбалык жана башка иш - жасоо, сактоо, ташуу, реализациялоо, эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстери, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр; экологиялык көзөмөл - [-айлана- чөйрөнү коргоо тармагындагы атайын ыйгарым укуктуу органдын] экологиялык коопсуздук жаатындагы техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча иши; экологиялык натыйжалар - чарбалык же башка иштин натыйжасында айлана-чөйрөнүн абалынын же адамдын ден соолугунун өзгөрүшү; экологиялык система - жандуу организмдердин жансыз айлана-чөйрө менен өз ара таасир этишүүсүнүн жана өз ара байланышынын системасы. | 2-берене. Негизги түшүнүктөр Ушул жалпы техникалык регламенттин максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: мамлекеттик экологиялык контроль - изилдөө, өлчөө жана ТИЕШЕЛҮҮ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР тарабынын жыйынтыктарын жол-жоболоштуруунун жардамы менен жүзөгө ашырылуучу экологиялык коопсуздуктун талаптарына шайкештикти баалоо формасы; булгоочу зат - белгилүү концентрацияда айлана-чөйрөгө тараса адамдын ден соолугуна, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн абалына, материалдык жана маданий баалуулуктарга коркунуч келтирүүчү зат; чарбалык жана башка иштин объектинин таасир этүү зонасы - жер жана/же суу бетинин, ошондой эле атмосферанын, ошонун чектеринде айлана-чөйрөнүн жана/же анын компоненттеринин чарбалык же башка иштин обьектинин ишинин сапаттык нормативдери өзгөргөнү байкалган участогу; коркунучтун категориясы - чарбалык жана башка иштин натыйжасында айлана-чөйрөнүн абалына терс таасирдин даражасынын рангдарга бөлүнгөн баа берилиши; табигый чөйрөнүн компоненттери - жер, жер казынасы, кыртыш, жер үстүндөгү жана жер алдындагы суулар, атмосфералык аба, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү жана башка жандуу организмдер, ошондой эле атмосферанын озон катмары жана баары чогуусу менен Жерде жашоонун болушуна ыңгайлуу шарттарды камсыздоочу жерге жакын космостук мейкиндик; айлана-чөйрөгө терс таасир - чарбалык жана башка иштин айлана-чөйрөнүн булганышына, табигый экосистемалардын деградацияланышына, жаратылыштык ресурстардын азайышына алып келүүчү таасири; экологиялык коопсуздукту камсыздоо - айлана-чөйрөгө. жарандардын ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирүү тобокелчилигин четтетүүгө арналган иш-чаралардын жана иштердин системасы; чарбалык жана башка иштин объекти - продукция жасоо, сактоо, ташуу, продукцияны, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын утилдештирүү боюнча иштин бир же бир нече түрү жүргүзүлүүчү, ошол объектте жүргүзүлүүчү иш менен техникалык жактан бириктирилген техникалык объект; айлана-чөйрө - адамдан жана башка жандуу организмдин жашоосунун шарты, каражаты жана орду болуп саналган адам байырлаган чөйрө, биосфера; жаратылышты табигый экологиялык системалардын системасы катары жана адамдын ишинин натыйжасында кайра жаралган табигый чөйрөнүн ошол бөлүгүн камтыйт; табигый ландшафт - чарбалык жана башка иштин натыйжасында өзгөрбөгөн жана аймактагы жер бетинин, жер кыртышынын, өсүмдүктөрдүн бирдей климаттык шартта калыптанган рельефинин тийиштүү түрлөрүнүн айкалышуусу менен мүнөздөлгөн аймак; табигый ресурстар - чарбалык жана башка иштин процессинде пайдаланылган же пайдаланылышы мүмкүн болгон табигый чөйрөнүн компоненттери, жаратылыштык объекттер жана жаратылыштык-антропогендик объекттер; чарбалык жана башка иштин субъекти - обьекти эксплуатациялаган же башкарган жеке адам же юридикалык жак, же объекттин техникалык иштеши жактан чечүүчү экономикалык ыйгарым укуктар өткөрүп берилген жак; экологиялык коопсуздуктун талаптары - чарбалык же башка иштин процессинде болуучу тобокелчиликтен сактануу максатында белгиленүүчү, аткарууга милдеттүү талаптар, ошондой эле айлана-чөйрөгө же адамдын ден соолугуна зыянды болтурбоо максатында белгиленүүчү, аткарылышы милдеттүү талаптар жана жол-жоболор. технология - даяр продукцияны алуу үчүн өндүрүштүк процессте колдонулуучу, сырьену, материалдарды же полуфабрикаттарды иштетүү, жасоо, касиеттерин өзгөртүү ыкмаларынын жыйындысы; чарбалык жана башка иш - жасоо, сактоо, ташуу, реализациялоо, эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстери, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр; экологиялык көзөмөл - ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН экологиялык коопсуздук жаатындагы техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча иши; экологиялык натыйжалар - чарбалык же башка иштин натыйжасында айлана-чөйрөнүн абалынын же адамдын ден соолугунун өзгөрүшү; экологиялык система - жандуу организмдердин жансыз айлана-чөйрө менен өз ара таасир этишүүсүнүн жана өз ара байланышынын системасы. |
| 8-берене. Чарбалык жана башка иштин экологиялык коопсуздугун камсыздоо ыкмалары 1. Чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздуктун талаптарын аткарышы айлана-чөйрөнү жана калкты көрсөтүлгөн ишти жүргүзүүдө болуучу терс таасирден коргоонун зарыл ыкмаларынын баарын колдонуу жолу менен жетишилет, ал ыкмаларды чарбалык жана башка иштин субъекти [айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу орган] менен макулдашуу боюнча аныктайт. 2. Чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздугу төмөнкүдөй камсыздалат: 1) экологиялык коопсуздуктун талаптарына ылайыктуу имараттарды, курулмаларды, өндүрүштүк аянттарды жана башка чечимдерди жайгаштыруучу орунду тандоо менен; 2) технологиялык жана жаратылышты коргоочу жабдуулардын эксплуатациялык документтерде белгиленген иштөө режимин аткаруу менен; 3) опурталдуу сырьену, материалдарды жана аларды камтыган продукцияны чыгарууда (иштетүүдө) айлана-чөйрөнүн корголушун камсыздоочу талаптарды аткаруу менен; 4) сырьенун, материалдардын, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарынын опурталдуу түрлөрүн коопсуз сактоонун, ташуунун алар айлана-чөйрөгө уруксатсыз чыгарылышын болтурбоочу шарттарын камсыздоо менен; 5) айлана-чөйрөгө терс таасир этүүгө байланыштуу процесстер менен операцияларды андай таасир эң аз болуучу жана терс таасирдин уруксат берилген деңгээлдеринен ашпоочу процесстерге жана операцияларга алмаштыруу менен; 6) калдыгы аз технологияларды жана өндүрүштүк цикл жабылуучу технологияларды колдонуу, эгер ал мүмкүн болбосо өндүрүштүн айлана-чөйрөгө терс таасирдин булагы болуучу калдыктарын өз убагында утилдештирүүчү (жок кылуучу, зыянсыздандыруучу; көмүүчү ж.б.) технологияларды колдонуу менен; суунун айланма камсыздоочу системаларын пайдалануу; пайдаланууга мүмкүн болгон мыкты технологияларды эске алып экологиялык коопсуздуктун талаптарын аткаруунун башка чараларын жана ыкмаларын колдонуу менен; 7) айлана-чөйрөгө терс таасирин минималдаштыруу максатында технологиялык процесстерди жана операцияларды өркүндөтүү менен; 8) ишенимдүү иштөөчү жана такай текшерилип туруучу контролдоочу-өлчөөчү приборлорду, авариядан сактануучу түзүлүштөрдү, маалыматты алуунун, иштетүүнүн жана берүүнүн каражаттарын пайдалануу менен. | 8-берене. Чарбалык жана башка иштин экологиялык коопсуздугун камсыздоо ыкмалары 1. Чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздуктун талаптарын аткарышы айлана-чөйрөнү жана калкты көрсөтүлгөн ишти жүргүзүүдө болуучу терс таасирден коргоонун зарыл ыкмаларынын баарын колдонуу жолу менен жетишилет, ал ыкмаларды чарбалык жана башка иштин субъекти ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН менен макулдашуу боюнча аныктайт. 2. Чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздугу төмөнкүдөй камсыздалат: 1) экологиялык коопсуздуктун талаптарына ылайыктуу имараттарды, курулмаларды, өндүрүштүк аянттарды жана башка чечимдерди жайгаштыруучу орунду тандоо менен; 2) технологиялык жана жаратылышты коргоочу жабдуулардын эксплуатациялык документтерде белгиленген иштөө режимин аткаруу менен; 3) опурталдуу сырьену, материалдарды жана аларды камтыган продукцияны чыгарууда (иштетүүдө) айлана-чөйрөнүн корголушун камсыздоочу талаптарды аткаруу менен; 4) сырьенун, материалдардын, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарынын опурталдуу түрлөрүн коопсуз сактоонун, ташуунун алар айлана-чөйрөгө уруксатсыз чыгарылышын болтурбоочу шарттарын камсыздоо менен; 5) айлана-чөйрөгө терс таасир этүүгө байланыштуу процесстер менен операцияларды андай таасир эң аз болуучу жана терс таасирдин уруксат берилген деңгээлдеринен ашпоочу процесстерге жана операцияларга алмаштыруу менен; 6) калдыгы аз технологияларды жана өндүрүштүк цикл жабылуучу технологияларды колдонуу, эгер ал мүмкүн болбосо өндүрүштүн айлана-чөйрөгө терс таасирдин булагы болуучу калдыктарын өз убагында утилдештирүүчү (жок кылуучу, зыянсыздандыруучу; көмүүчү ж.б.) технологияларды колдонуу менен; суунун айланма камсыздоочу системаларын пайдалануу; пайдаланууга мүмкүн болгон мыкты технологияларды эске алып экологиялык коопсуздуктун талаптарын аткаруунун башка чараларын жана ыкмаларын колдонуу менен; 7) айлана-чөйрөгө терс таасирин минималдаштыруу максатында технологиялык процесстерди жана операцияларды өркүндөтүү менен; 8) ишенимдүү иштөөчү жана такай текшерилип туруучу контролдоочу-өлчөөчү приборлорду, авариядан сактануучу түзүлүштөрдү, маалыматты алуунун, иштетүүнүн жана берүүнүн каражаттарын пайдалануу менен. |
| 9-берене. Ишке ашырылуучу жана пландалуучу чарбалык жана башка иштин экологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча жалпы талаптар 1. Айлана-чөйрөнүн абалын турукташтырууга жана жакшыртууга айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизип жаткан чарбалык жана башка иштин объекттери терс таасирдин деңгээлин этаптуу азайтуунун талаптарын аткарышы менен жетишилет. 2. Өндүрүштүн жайгаштырылуучу калдыктарынын көлөмү (калдыктарды жайгаштырууга лимиттер) кайрадан иштетилүүчү, сатылуучу же башка ишканаларга утилдештирүү үчүн өткөрүп берилүүчү калдыктарды уюшкандыкта жайгаштыруу объекттеринин ведомствого таандык аймактарындагы кубаттуулуктан ашпоого тийиш. 3. Чарбалык жана башка иштен иштеп жаткан жана пландалган объекттеринин айлана-чөйрөгө уруксат берилген терс таасиринин деңгээлин аныктоо [айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] Мыйзамдарда белгиленген тартипте аныктоочу тартипте жүзөгө ашырылат. 4. Чарбалык жана башка иштин объекттери өз иштерин айлана-чөйрөгө терс таасирдин көрсөткүчтөрүн чагылдыруучу бекитилген уруксаттарга, зарыл учурда терс таасирдин көлөмүн азайтуунун сандык көрсөткүчтөрү жана саркындылардын, булгоочу заттардын чыгарылуу жана калдыктардын жаралуу көлөмдөрүн азайтуу боюнча пландаштырылып жаткан иш-чаралардын баяндамасы берилген терс таасирди азайтуу планына ылайык жүргүзүшөт. 5. Уруксат берилген терс таасирдин деңгээлин (жол берилген саркындылар, булгоочу заттардын жол берилген чыгарылышы, калдыктарды жайгаштыруу лимиттери) аныктоо жол-жобосу Мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат. 6. Чарбалык жана башка иштин объекттери жыл сайын саркындылардын, булгоочу заттарды чыгаруунун, калдыктар боюнча иштөөнүн курамы жана иш жүзүндөгү көлөмдөрү жөнүндө мамлекеттик статистика органдарына, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана мамлекеттик администрацияларга айлана-чөйрөгө терс таасирдин эсебин алуу үчүн отчет беришет. 7. Чарбалык жана башка иштин объекттери субъекттин жетекчилиги бекиткен регламентке ылайык өндүрүштүк, ведомстволук экологиялык контроль жүргүзүшөт. 8. Булгоочу заттар айлана-чөйрөгө терс таасирдин уруксат берилген деңгээлинен ашык, анын ичинде авариянын натыйжасында чыгарылган учурда чарбалык жана башка иштин субъект айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна келтирилген зыянды Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык компенсациялоого милдеттүү. 9. Пландалып жаткан, айлана-чөйрөгө түз же кыйыр таасир этиши мүмкүн болгон чарбалык жана башка иш боюнча мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүлөт. Милдеттүү мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүлүүчү экономикалык иштин түрлөрү ушул Мыйзамдын № 1 тиркемесинде берилди. | 9-берене. Ишке ашырылуучу жана пландалуучу чарбалык жана башка иштин экологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча жалпы талаптар 1. Айлана-чөйрөнүн абалын турукташтырууга жана жакшыртууга айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизип жаткан чарбалык жана башка иштин объекттери терс таасирдин деңгээлин этаптуу азайтуунун талаптарын аткарышы менен жетишилет. 2. Өндүрүштүн жайгаштырылуучу калдыктарынын көлөмү (калдыктарды жайгаштырууга лимиттер) кайрадан иштетилүүчү, сатылуучу же башка ишканаларга утилдештирүү үчүн өткөрүп берилүүчү калдыктарды уюшкандыкта жайгаштыруу объекттеринин ведомствого таандык аймактарындагы кубаттуулуктан ашпоого тийиш. 3. Чарбалык жана башка иштен иштеп жаткан жана пландалган объекттеринин айлана-чөйрөгө уруксат берилген терс таасиринин деңгээлин аныктоо ӨКМӨТ Мыйзамдарда белгиленген тартипте аныктоочу тартипте жүзөгө ашырылат. 4. Чарбалык жана башка иштин объекттери өз иштерин айлана-чөйрөгө терс таасирдин көрсөткүчтөрүн чагылдыруучу бекитилген уруксаттарга, зарыл учурда терс таасирдин көлөмүн азайтуунун сандык көрсөткүчтөрү жана саркындылардын, булгоочу заттардын чыгарылуу жана калдыктардын жаралуу көлөмдөрүн азайтуу боюнча пландаштырылып жаткан иш-чаралардын баяндамасы берилген терс таасирди азайтуу планына ылайык жүргүзүшөт. 5. Уруксат берилген терс таасирдин деңгээлин (жол берилген саркындылар, булгоочу заттардын жол берилген чыгарылышы, калдыктарды жайгаштыруу лимиттери) аныктоо жол-жобосу Мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат. 6. Чарбалык жана башка иштин объекттери жыл сайын саркындылардын, булгоочу заттарды чыгаруунун, калдыктар боюнча иштөөнүн курамы жана иш жүзүндөгү көлөмдөрү жөнүндө мамлекеттик статистика органдарына, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана мамлекеттик администрацияларга айлана-чөйрөгө терс таасирдин эсебин алуу үчүн отчет беришет. 7. Чарбалык жана башка иштин объекттери субъекттин жетекчилиги бекиткен регламентке ылайык өндүрүштүк, ведомстволук экологиялык контроль жүргүзүшөт. 8. Булгоочу заттар айлана-чөйрөгө терс таасирдин уруксат берилген деңгээлинен ашык, анын ичинде авариянын натыйжасында чыгарылган учурда чарбалык жана башка иштин субъект айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна келтирилген зыянды Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык компенсациялоого милдеттүү. 9. Пландалып жаткан, айлана-чөйрөгө түз же кыйыр таасир этиши мүмкүн болгон чарбалык жана башка иш боюнча мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүлөт. Милдеттүү мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүлүүчү экономикалык иштин түрлөрү ушул Мыйзамдын № 1 тиркемесинде берилди. |
| 10-берене. Атмосфералык абанын корголушун камсыздоочу экологиялык коопсуздуктун талаптары 1. Атмосфералык абаны коргоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат: 1) саркындыларды тазалоочу жана контролдоочу каражаттар менен жабдылбаган, ошондой эле аз калдыктуу технологияларды пайдаланбагандыктын натыйжасында атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаруунун нормативдери аткарылбоочу чарбалык жана башка иштин станционардык объекттерин пайдаланууга жана эксплуатацияга киргизүүгө; 2) атмосферага булгоочу заттарды чыгарышынын курамы жана көлөмү жана үнүнүн деңгээли боюнча атайын техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген автотранспорт каражаттарды эксплуатациялоого; 3) чарбакер субъекттердин жана калктуу конуштардын аймактарында өндүрүштүн жана керектөөнүн айлана-чөйрөнү булгоочу калдыктарын көмүүгө, зыянсыздандырууга жана өрттөөгө. 2. Стационардык жана көчмө булактардагы булгоочу заттардын көлөмү атайын техникалык регламенттерде белгиленүүчү талаптарга ылайык чектелет. 3. Чарбалык жана башка иштин объекттеринин санитардык-коргоочу зоналары белгиленет жана алардын режими сакталат. 4. Жердин озон катмарын сактоо максатында [айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] озонду бузуучу заттарды жана алар камтылган продукцияны өндүрүүнү жана керектөөнү, алып келүүнү жана алып чыгууну мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырат. 5. Объектиде атмосферага булгоочу заттарды жана парник газдарды чыгаруучу стационардык жана көчмө булактары бар чарбакер субъекттер: 1) булгоочу заттарды атмосферага чыгаруунун жол берилүүчү белгиленген нормативдери сакталышын жана булгоочу заттарды чыгаруунун белгиленген лимиттерин азайтуу боюнча пландалган иш-чаралардын ишке ашырылышын камсыздашат; 2) өндүрүштүк экологиялык контролдун маалыматтарынын негизинде булгоочу заттарга, парник газдарга жана озонду бузуучу заттарга ар бир булак боюнча инвентаризация жана эсеп жүргүзүшөт; 3) саркындыларды, парник газдарды жана озонду бузуучу заттарды тазалоого жана атмосфералык абага чыгарылышын контролдоого арналган жабдууларды жана курулмаларды эксплуатациялоо эрежелерин жана режимдерин сакташат. 6. Бардык булактардан саркындылардын, парник газдардын жана озонду бузуучу заттардын чыгарылышын мамлекеттик контролдоо менчиктин формасына карабастан [айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу орган] тарабынан жүзөгө ашырылат. | 10-берене. Атмосфералык абанын корголушун камсыздоочу экологиялык коопсуздуктун талаптары 1. Атмосфералык абаны коргоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат: 1) саркындыларды тазалоочу жана контролдоочу каражаттар менен жабдылбаган, ошондой эле аз калдыктуу технологияларды пайдаланбагандыктын натыйжасында атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаруунун нормативдери аткарылбоочу чарбалык жана башка иштин станционардык объекттерин пайдаланууга жана эксплуатацияга киргизүүгө; 2) атмосферага булгоочу заттарды чыгарышынын курамы жана көлөмү жана үнүнүн деңгээли боюнча атайын техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген автотранспорт каражаттарды эксплуатациялоого; 3) чарбакер субъекттердин жана калктуу конуштардын аймактарында өндүрүштүн жана керектөөнүн айлана-чөйрөнү булгоочу калдыктарын көмүүгө, зыянсыздандырууга жана өрттөөгө. 2. Стационардык жана көчмө булактардагы булгоочу заттардын көлөмү атайын техникалык регламенттерде белгиленүүчү талаптарга ылайык чектелет. 3. Чарбалык жана башка иштин объекттеринин санитардык-коргоочу зоналары белгиленет жана алардын режими сакталат. 4. Жердин озон катмарын сактоо максатында ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУКТУ ЖААТЫНДА САЯСАТЫН ИШТЕН ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН озонду бузуучу заттарды жана алар камтылган продукцияны өндүрүүнү жана керектөөнү, алып келүүнү жана алып чыгууну мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырат. 5. Объектиде атмосферага булгоочу заттарды жана парник газдарды чыгаруучу стационардык жана көчмө булактары бар чарбакер субъекттер: 1) булгоочу заттарды атмосферага чыгаруунун жол берилүүчү белгиленген нормативдери сакталышын жана булгоочу заттарды чыгаруунун белгиленген лимиттерин азайтуу боюнча пландалган иш-чаралардын ишке ашырылышын камсыздашат; 2) өндүрүштүк экологиялык контролдун маалыматтарынын негизинде булгоочу заттарга, парник газдарга жана озонду бузуучу заттарга ар бир булак боюнча инвентаризация жана эсеп жүргүзүшөт; 3) саркындыларды, парник газдарды жана озонду бузуучу заттарды тазалоого жана атмосфералык абага чыгарылышын контролдоого арналган жабдууларды жана курулмаларды эксплуатациялоо эрежелерин жана режимдерин сакташат. 6. Бардык булактардан саркындылардын, парник газдардын жана озонду бузуучу заттардын чыгарылышын мамлекеттик контролдоо менчиктин формасына карабастан ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУКТУ ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН тарабынан жүзөгө ашырылат. |
| 14-берене. Өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө жаатындагы экологиялык коопсуздуктун талаптары 1. Өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө жаатындагы экологиялык коопсуздуктун талаптарын сактоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат: 1) ушул техникалык регламентте жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык техникалык каражаттар менен жабдылбаган жана технологиялык жактан зыянсыздандырылбаган, өндүрүш жана керектөө калдыктарын коопсуз жайгаштырбаган чарбалык жана башка иштин объекттерин колдонууга киргизүүгө; 2) курчап турган жаратылыш чөйрө үчүн кооптуулуктун аныкталбаган классындагы калдыктарды өндүрүүгө жана колдонууга; 3) калдыктарды көмүү жана зыянсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө; 4) өндүрүш жана керектөө калдыктарын калк жашаган аймактарга, токойлуу паркка, курорттук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана суу коргоо зоналарына, чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык-тиричилик суу колдонуу максатында пайдаланылган жер алдындагы суу объекттеринин суу топтоочу аянттарында көмүүгө; 5) калдыктарды айлана-чөйрөгө өз алдынча жайгаштырууга; 6) калдыктарды өз алдынча өрттөөгө; 7) көмүлгөн таштандыларды уруксатсыз казууга. 2. Айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна тийгизүүчү терс таасирине жараша өндүрүш жана керектөө калдыктары курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө жана адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасиринин даражасына жараша ушул чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык кооптуулук класстарына бөлүнөт. 3. Калдыктарды жайгаштыруу объекттери айлана-чөйрөгө терс таасир этүүчү объекттерди мамлекеттик эсепке алуунун бөлүгү болуп саналуучу калдыктарды жайгаштыруу объекттеринин Мамлекеттик реестрине киргизилет. [4. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] белгилеген форма боюнча коркунучтуу калдыктарга паспорт түзүшү керек. Коркунучтуу калдыктардын паспорту алардын составы жана түзүлүшү жөнүндө маалыматтардын, алардын коркунучтуулугуна баа берүүнүн негизинде түзүлөт. Паспорттоштуруу тартиби айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. 5. Калдыктарды (сырье) колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү Мыйзамдарда белгиленген тартипте берилген уруксаттын негизинде жүргүзүлөт. Калдыктарды трансчегаралык ташууда аларды жөнгө салууга тийиш болгон тартип, эреже жана тизмек эл аралык талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат. 6. Чарбалык жана башка иштин объекттерин долбоорлоодо, курууда, пайдаланууга берүүдө, реконструкциялоодо, консервациялоодо жана жоюуда атайын техникалык регламентте белгиленген талаптарга ылайык жабдылган, калдыктарды чогултуу жана/же топтоо үчүн аянтчалар каралууга тийиш. 7. Коркунучтуу калдыктарды топтоочу жерлерге ташуу, сактоо, утилдештирүү, көмүү жана/же жок кылуу төмөнкүдөй шарттарды аткарган учурда жүргүзүлөт: 1) коркунучтуу калдыктардын паспорту болгондо; 2) атайын жабдылган жана атайын белгилер коюлган транспорт каражаттары болгондо; 3) ташылуучу коркунучтуу калдыктардын санын, аларды ташуу максатын жана бара турган жерин көрсөтүү менен коркунучтуу калдыктарды ташуу жана берүү үчүн документтер болгондо. 8. Калдыктарды жайгаштыруу объекттеринде калдыктарды сактоодо (көмүүдө) аларды кийин иштетүү, жүктөө, ташуу, түшүрүү, утилдештирүү жана жок кылуу максатында өзүнчө жана ресурсту үнөмдөп кармоо талаптары камсыз кылынууга тийиш. 9. Терс таасиринин деңгээлине ылайык чарбалык жана башка иштин объекттери төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) колдонулуучу сырьелор менен материалдардын составын эске алуучу калдыктардын чогулушунун нормативдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана бекитүүгө; 2) топтолгон, колдонулган, зыянсыздандырылган, башка адамдарга берилген же башка адамдардан алынган, ошондой эле жайгаштырылуучу калдыктардын эсебин алууга; 3) калдыктарды жана аларды жайгаштыруу объекттерин инвентаризация жүргүзүүгө; 4) калдыктарды жайгаштыруу объекттеринин аймактарында айлана-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүүгө; 5) бузулган жерлерди тийиштүү түрдө максаттуу пайдалануу абалына чейин калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө; 6) калдыктарды жайгаштырууга жана аларды кыскартуу боюнча пландаштырылган иш-чараларды жүзөгө ашырууга белгиленген лимиттерди сактоону камсыз кылууга. | 14-берене. Өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө жаатындагы экологиялык коопсуздуктун талаптары 1. Өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө жаатындагы экологиялык коопсуздуктун талаптарын сактоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат: 1) ушул техникалык регламентте жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык техникалык каражаттар менен жабдылбаган жана технологиялык жактан зыянсыздандырылбаган, өндүрүш жана керектөө калдыктарын коопсуз жайгаштырбаган чарбалык жана башка иштин объекттерин колдонууга киргизүүгө; 2) курчап турган жаратылыш чөйрө үчүн кооптуулуктун аныкталбаган классындагы калдыктарды өндүрүүгө жана колдонууга; 3) калдыктарды көмүү жана зыянсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө; 4) өндүрүш жана керектөө калдыктарын калк жашаган аймактарга, токойлуу паркка, курорттук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана суу коргоо зоналарына, чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык-тиричилик суу колдонуу максатында пайдаланылган жер алдындагы суу объекттеринин суу топтоочу аянттарында көмүүгө; 5) калдыктарды айлана-чөйрөгө өз алдынча жайгаштырууга; 6) калдыктарды өз алдынча өрттөөгө; 7) көмүлгөн таштандыларды уруксатсыз казууга. 2. Айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна тийгизүүчү терс таасирине жараша өндүрүш жана керектөө калдыктары курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө жана адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасиринин даражасына жараша ушул чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык кооптуулук класстарына бөлүнөт. 3. Калдыктарды жайгаштыруу объекттери айлана-чөйрөгө терс таасир этүүчү объекттерди мамлекеттик эсепке алуунун бөлүгү болуп саналуучу калдыктарды жайгаштыруу объекттеринин Мамлекеттик реестрине киргизилет. 4. ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУКТУ ЖААТЫНДА САЯСАТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН белгилеген форма боюнча коркунучтуу калдыктарга паспорт түзүшү керек. Коркунучтуу калдыктардын паспорту алардын составы жана түзүлүшү жөнүндө маалыматтардын, алардын коркунучтуулугуна баа берүүнүн негизинде түзүлөт. Паспорттоштуруу тартиби айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. 5. Калдыктарды (сырье) колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү мыйзамдарда белгиленген тартипте ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУКТУ ЖААТЫНДА САЯСАТЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ТАРАБЫНАН берилген уруксаттын негизинде жүргүзүлөт. Калдыктарды трансчегаралык ташууда аларды жөнгө салууга тийиш болгон тартип, эреже жана тизмек эл аралык талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат. 6. Чарбалык жана башка иштин объекттерин долбоорлоодо, курууда, пайдаланууга берүүдө, реконструкциялоодо, консервациялоодо жана жоюуда атайын техникалык регламентте белгиленген талаптарга ылайык жабдылган, калдыктарды чогултуу жана/же топтоо үчүн аянтчалар каралууга тийиш. 7. Коркунучтуу калдыктарды топтоочу жерлерге ташуу, сактоо, утилдештирүү, көмүү жана/же жок кылуу төмөнкүдөй шарттарды аткарган учурда жүргүзүлөт: 1) коркунучтуу калдыктардын паспорту болгондо; 2) атайын жабдылган жана атайын белгилер коюлган транспорт каражаттары болгондо; 3) ташылуучу коркунучтуу калдыктардын санын, аларды ташуу максатын жана бара турган жерин көрсөтүү менен коркунучтуу калдыктарды ташуу жана берүү үчүн документтер болгондо. 8. Калдыктарды жайгаштыруу объекттеринде калдыктарды сактоодо (көмүүдө) аларды кийин иштетүү, жүктөө, ташуу, түшүрүү, утилдештирүү жана жок кылуу максатында өзүнчө жана ресурсту үнөмдөп кармоо талаптары камсыз кылынууга тийиш. 9. Терс таасиринин деңгээлине ылайык чарбалык жана башка иштин объекттери төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) колдонулуучу сырьелор менен материалдардын составын эске алуучу калдыктардын чогулушунун нормативдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана бекитүүгө; 2) топтолгон, колдонулган, зыянсыздандырылган, башка адамдарга берилген же башка адамдардан алынган, ошондой эле жайгаштырылуучу калдыктардын эсебин алууга; 3) калдыктарды жана аларды жайгаштыруу объекттерин инвентаризация жүргүзүүгө; 4) калдыктарды жайгаштыруу объекттеринин аймактарында айлана-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүүгө; 5) бузулган жерлерди тийиштүү түрдө максаттуу пайдалануу абалына чейин калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө; 6) калдыктарды жайгаштырууга жана аларды кыскартуу боюнча пландаштырылган иш-чараларды жүзөгө ашырууга белгиленген лимиттерди сактоону камсыз кылууга. |
| 18-берене. Ылайык келүүнү баалоо жана ылайык келүүгө баа берүү формалары 1. Чарбалык жана башка иш процесстеринин ылайык келишин баалоо продукцияларды өндүрүү, ташуу, сактоо жана утилдештирүү боюнча пландаштырылуучу жана жүргүзүлүүчү иштердин ушул техникалык регламенттин талаптарына ылайык келишин аныктоо максатында белгиленет. 2. Чарбалык жана башка иш процесстеринин ылайык келишине баа берүү мамлекеттик экологиялык көзөмөлдөө формасында ишке ашырылат. 3. Мамлекеттик экологиялык көзөмөл [айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] тарабынан жүзөгө ашырылат. 4. Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык коопсуздук талаптарына ылайык келүүгө баа берүү ушул Мыйзамга карата 1-тиркемеге ылайык чарбалык жана башка иштердин пландаштырылган объекттери үчүн жана ушул Мыйзамга карата 2-тиркемеге ылайык кооптуулук категориясы бар чарбалык жана башка иштин колдонуудагы объекттери үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ. 5. Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык коопсуздук талаптарына ылайык келишин тастыктоо ыктыярдуу мүнөзгө ээ. 6. Мамлекеттик экологиялык көзөмөл колдонуудагы объекттер үчүн мамлекеттик экологиялык контроль формасында, пландаштырылуучу объекттер үчүн мамлекеттик экологиялык экспертиза формасында жүзөгө ашырылат. | 18-берене. Ылайык келүүнү баалоо жана ылайык келүүгө баа берүү формалары 1. Чарбалык жана башка иш процесстеринин ылайык келишин баалоо продукцияларды өндүрүү, ташуу, сактоо жана утилдештирүү боюнча пландаштырылуучу жана жүргүзүлүүчү иштердин ушул техникалык регламенттин талаптарына ылайык келишин аныктоо максатында белгиленет. 2. Чарбалык жана башка иш процесстеринин ылайык келишине баа берүү мамлекеттик экологиялык көзөмөлдөө формасында ишке ашырылат. 3. Мамлекеттик экологиялык көзөмөл ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК ЖААТЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕН ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН тарабынан жүзөгө ашырылат. 4. Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык коопсуздук талаптарына ылайык келүүгө баа берүү ушул Мыйзамга карата 1-тиркемеге ылайык чарбалык жана башка иштердин пландаштырылган объекттери үчүн жана ушул Мыйзамга карата 2-тиркемеге ылайык кооптуулук категориясы бар чарбалык жана башка иштин колдонуудагы объекттери үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ. 5. Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык коопсуздук талаптарына ылайык келишин тастыктоо ыктыярдуу мүнөзгө ээ. 6. Мамлекеттик экологиялык көзөмөл колдонуудагы объекттер үчүн мамлекеттик экологиялык контроль формасында, пландаштырылуучу объекттер үчүн мамлекеттик экологиялык экспертиза формасында жүзөгө ашырылат. |
| 19-берене. Мамлекеттик экологиялык контроль 1. Чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздук талаптарына шайкеш келишин мамлекеттик экологиялык контролдоо чарбалык жана башка иштин объекттери чарбалык жана башка иштин процессине карата ушул техникалык регламентте белгиленген экологиялык коопсуздук талаптарын аткарышын текшерүү боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чаралар формасында жүзөгө ашырылат. 2. Ушул техникалык регламент жана башка техникалык регламенттер тарабынан коюлган экологиялык коопсуздук талаптарын аткарууну мамлекеттик экологиялык контроль жүргүзүүдө изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн эрежелери менен методдору, ошондой эле изилдөөлөр менен өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн Мыйзам тартибинде белгиленген, ушул техникалык регламентти колдонуу үчүн зарыл болгон башка техникалык регламенттердин үлгүлөрүн тандоо эрежеси колдонулат. 3. Чарбалык жана башка иштин объектиси ушул техникалык регламентте коюлган экологиялык коопсуздук талаптарын аткарышын текшерүү боюнча иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча [айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] тарабынан төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат: 1) текшерүүнүн жыйынтыктарын жол-жоболоштуруу; 2) текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү. 4. Ушул техникалык регламент менен экологиялык коопсуздук талаптарына объекттердин ылайыктыгын жөнгө салууну контролдоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат: 1) визуалдуу контроль; 2) инструменталдык контроль; 3) документтердин болушуна контроль. Визиалдуу контроль - продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин экологиялык коопсуздуктун ушул техникалык регламент менен коюлуучу талаптарын юридикалык же жеке жактардын аткарышын текшерүү боюнча атайын жабдууларды (приборлорду) колдонбостон көрүү органдарынын жардамы менен жүргүзүлүүчү иш-чаралар. Инструменталдык контроль - продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин экологиялык коопсуздуктун ушул техникалык регламент менен коюлуучу талаптарын юридикалык же жеке жактардын аткарышын текшерүү боюнча приборлордун же атайын жабдуулардын же болбосо продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү жерлеринде же болбосо продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү жерлеринен тышкары тийиштүү изилдөөлөрдү жана өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү тандоо аркылуу өлчөө бирдиктерин камсыздоо жаатындагы колдонуудагы Мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүүчү иш-чара. Документтердин болушун контролдоо - продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин экологиялык коопсуздуктун ушул техникалык регламент менен коюлуучу талаптарын юридикалык же жеке жактардын аткарышын текшерүү боюнча көрсөтүлгөн процесстердин документтерин көрсөтүү үчүн милдеттүү болгон иш-чара (ушул Мыйзамга карата 3-тиркеме). "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-тиркемеси Коркунучтуулук категориясы 2. Коркунучтуулук категориясын аныктоонун тартиби Чарбалык жана башка иштин объекттери коркунучтуулук категориясын [айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] чарбалык жана башка иштин субъект берүүчү маалыматтын негизинде аныктайт. Чарбалык жана башка иштин субъекти [айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан] суроо келгенден кийин 1 айдын ичинде коркунучтуулук категориясын эсептеп чыгаруу үчүн керектүү маалыматты берүүгө милдеттүү. Суроо белгиленген мөөнөттө аткарылбаган же туура эмес маалыматтар берилген учурда [айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] чарбалык жана башка иштин субъектинин ишине тыюу салуу же токтотуп туруу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу. [Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] бир айдын ичинде эсептөөлөрдү жүргүзүүгө жана аны бекитүү үчүн чарбалык жана башка иштин субъектине берүүгө милдеттүү. Коркунучтуулук категориясын эсептөөнүн жыйынтыктарын берүү мөөнөтү аткарылбаган учурда [айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Чарбалык жана башка иштин субъекти коркунучтуулук категориясын эсептөөнүн жыйынтыгына макул болбогон учурда пикир келишпестиктер колдонуудагы Мыйзамдарга ылайык чечилет. | 19-берене. Мамлекеттик экологиялык контроль "1. ЧАРБАЛЫК ЖАНА БАШКА ИШ ОБЪЕКТТЕРИНИН ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК ТАЛАПТАРЫНА ШАЙКЕШ КЕЛИШИН МАМЛЕКЕТТИК ЭКОЛОГИЯЛЫК КОНТРОЛДОО ЧАРБАЛЫК ЖАНА БАШКА ИШ ПРОЦЕССИНЕ КАРАТА УШУЛ ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТТЕ БЕЛГИЛЕНГЕН ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК ТАЛАПТАРЫН АТКАРЫШЫН ТЕКШЕРҮҮ БОЮНЧА ЧАРБАЛЫК ЖАНА БАШКА ИШ ОБЪЕКТТЕРИ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛҮҮЧҮ ИШ-ЧАРАЛАР ФОРМАСЫНДА ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛАТ.". 2) 3-БӨЛҮКТӨГҮ "АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДАГЫ АТАЙЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН" ДЕГЕН СӨЗДӨР АЛЫП САЛЫНСЫН; 2. Ушул техникалык регламент жана башка техникалык регламенттер тарабынан коюлган экологиялык коопсуздук талаптарын аткарууну мамлекеттик экологиялык контроль жүргүзүүдө изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн эрежелери менен методдору, ошондой эле изилдөөлөр менен өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн Мыйзам тартибинде белгиленген, ушул техникалык регламентти колдонуу үчүн зарыл болгон башка техникалык регламенттердин үлгүлөрүн тандоо эрежеси колдонулат. 3. Чарбалык жана башка иштин объектиси ушул техникалык регламентте коюлган экологиялык коопсуздук талаптарын аткарышын текшерүү боюнча иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча тарабынан төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат: 1) текшерүүнүн жыйынтыктарын жол-жоболоштуруу; 2) текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү. 4. Ушул техникалык регламент менен экологиялык коопсуздук талаптарына объекттердин ылайыктыгын жөнгө салууну контролдоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат: 1) визуалдуу контроль; 2) инструменталдык контроль; 3) документтердин болушуна контроль. Визиалдуу контроль - продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин экологиялык коопсуздуктун ушул техникалык регламент менен коюлуучу талаптарын юридикалык же жеке жактардын аткарышын текшерүү боюнча атайын жабдууларды (приборлорду) колдонбостон көрүү органдарынын жардамы менен жүргүзүлүүчү иш-чаралар. Инструменталдык контроль - продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин экологиялык коопсуздуктун ушул техникалык регламент менен коюлуучу талаптарын юридикалык же жеке жактардын аткарышын текшерүү боюнча приборлордун же атайын жабдуулардын же болбосо продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү жерлеринде же болбосо продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү жерлеринен тышкары тийиштүү изилдөөлөрдү жана өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү тандоо аркылуу өлчөө бирдиктерин камсыздоо жаатындагы колдонуудагы Мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүүчү иш-чара. Документтердин болушун контролдоо - продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин экологиялык коопсуздуктун ушул техникалык регламент менен коюлуучу талаптарын юридикалык же жеке жактардын аткарышын текшерүү боюнча көрсөтүлгөн процесстердин документтерин көрсөтүү үчүн милдеттүү болгон иш-чара (ушул Мыйзамга карата 3-тиркеме). "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-тиркемеси Коркунучтуулук категориясы 2. Коркунучтуулук категориясын аныктоонун тартиби Чарбалык жана башка иштин объекттери коркунучтуулук категориясын ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН чарбалык жана башка иштин субъект берүүчү маалыматтын негизинде аныктайт. Чарбалык жана башка иштин субъекти ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН суроо келгенден кийин 1 айдын ичинде коркунучтуулук категориясын эсептеп чыгаруу үчүн керектүү маалыматы берүүгө милдеттүү. Суроо белгиленген мөөнөттө аткарылбаган же туура эмес маалыматтар берилген учурда ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН чарбалык жана башка иштин субъектинин ишине тыюу салуу же токтотуп туруу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу. ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН бир айдын ичинде эсептөөлөрдү жүргүзүүгө жана аны бекитүү үчүн чарбалык жана башка иштин субъектине берүүгө милдеттүү. Коркунучтуулук категориясын эсептөөнүн жыйынтыктарын берүү мөөнөтү аткарбаган учурда ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК ЖААТЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Чарбалык жана башка иштин субъекти коркунучтуулук категориясын эсептөөнүн жыйынтыгына макул болбогон учурда пикир келишпестиктер колдонуудагы Мыйзамдарга ылайык чечилет. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (10)
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 (Жумушчу топтор түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 10.01.2012 · № 5
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- Озон катмарын коргоо жөнүндөЗакон · 18.12.2006 · № 206
- Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 51
- Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламентЗакон · 08.05.2009 · № 151
- Монреальский Протокол по веществам, разрушающим озоновый слой ( Ратифицирован Законом КР от 15 января 2000 года № 16)Протокол · 16.09.1987
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка…Постановление · 12.01.2012 · № 12 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2011 · № 762 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 448 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 05.08.2014 · № 448 · Күчүн жоготкон