Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун жактыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-04-17.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели №247 "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору ушул мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Шаар куруу ишинин бардык түрлөрү архитектура-курулуш иши тармагында, ошондой эле аталган тармакта контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан башкарылууга жана контролдонууга тийиш.".
2. 14-берененин 2-бөлүгүндөгү "шаардык архитектура органы" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 26-берененин 2-бөлүгүндөгү "шаардык архитектура жана шаар куруу органдардын" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши тармагын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 29-берененин 1-бөлүгүндөгү "архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдар" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 37-берененин 2-бөлүгүндөгү "архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдары" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 38-берененин 3-бөлүгүндөгү "архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдын" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 41-беренеде:
- үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке турак үйлөрүнөн тышкары курулушка уруксат архитектура-курулуш иши тармагында саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.";
- төмөнкүдөй редакциядагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Пайдаланууга берилген курулуп бүткөн объекттердин долбоорлоо документтерине шайкештигин баалоо архитектура-курулуш иши тармагын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.".
8. 45-берененин 1-бөлүгүнүн жыйырма экинчи абзацындагы "архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдардын" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши тармагын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 73-беренедеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуш инспекторлору" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши тармагындагы саясатты иштеп чыгуу ишке ашыруу боюнча, ошондон эле аталган тармакты контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Бийликтин аткаруу бутагынын органдарын административдик реформалоону өткөрүү үчүн Өкмөт тарабынан негиз болуучу эки (2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 жана 2012-жылдын 12-январындагы № 12) документ кабыл алынып, аларда мамлекеттик органдардын функцияларын чектөө каралган, ошондой эле Өкмөткө баш ийген административдик ведомстволордун жаңы түзүмү аныкталган. Ушул реформа Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 23-декабрындагы токтому менен бекитилген Өкмөттүн Программасында баяндалган Премьер-министр тарабынан аныкталган мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына байланыштуу өткөрүлүүдө. Атап айтканда, административдик реформаны өткөрүү үчүн жасалган маанилүү кадамдардын бири болуп мамлекеттик органдардын текшерүү-көзөмөлдөө функцияларын эки мамлекеттик органдын бирине алардын компетенциясына ылайык өткөрүп берүү эсептелет. Өкмөттүн Программасын талаптагыдай жүзөгө ашыруу максатында Премьер-министрдин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 буюрмасы менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жана аларга аткаруу бийлигинин тутумун реформалоодон келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жумушчу тобу түзүлгөн. Ушул жумушчу топтун ишин Юстиция министрлиги координацияламакчы. Аталган топтун ишинин алкагында Юстиция министрлиги тарабынан айрым мамлекеттик органдар менен бирге тиешелүү багыттар боюнча бир мамлекеттик орган саясатты аныктоо жана анын аткарылышы үчүн көзөмөлдөө функцияларын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды кошо аткаруусуна жол бербөө максатында бир катар ченемдик укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе иштелип чыккан. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" Өкмөттүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 токтомуна ылайык Өкмөткө караштуу архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги Өкмөткө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик болуп өзгөртүлүп түзүлгөн. Юстиция министрлиги тарабынан аталган орган менен бирдикте мыйзамдардын тизмеси, анын ичинде, "Кыргыз Республикасынын жекече турак жай курулушу жөнүндө" Мыйзамы аныкталган да, анын жоболорун жогоруда баяндалгаи иштин алкагында кайрадан карап чыгуу зарыл болууда. Тактап айтканда, ушул мыйзам долбоору аркылуу архитектура-курулуш саясатын иштеп чыгууда жана ушул саясаттын жүзөгө ашырылышын көзөмөлдөөдө мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын чектөө каралууда. Мындан тышкары "Кыргыз Республикасында шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Мыйзамга түзөтүү киргизүү каралган мыйзам долбоору аркылуу "архитектура-курулуш иши тармагындагы саясатын иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" жана "архитектура-курулуш иши тармагында көзөмөлдөө жана текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" тутумун, ыйгарым укуктарын жана түшүнүктөрүн аныктоо сунушталууда. Аталган Мыйзам шаар куруу ишинин жалпы башаттарын аныктаган негизги ченемдик укуктук акт болуп саналарын, ошондой эле кайталаган жоболордон арылуу максатында аталган ченемдер сунушталган мыйзам долбоорунда каралбагандыгын белгилейбиз. Жогорудагы жалпыланган атоолор жогоруда аталган органдардын аталышы үчүн колдонулуу менен, мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоодо мамлекеттик органдардын аталыштары кайра өзгөрүшү мүмкүн экендигинен улам мыйзамдарга түзөтүүлөрдү улам-улам киргизүүдөн кутулууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле сунуш кылынган мыйзам долбоорунун иштөө тармагы Өкмөткө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин компетенциясына киргендиктен, ушул долбоор Жогорку Кеңеш тарабынан каралган учурда аталган ведомствонун директорун Өкмөттүн расмий өкүлү катары аныктоону сунуштайбыз. Мындан тышкары улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун натыйжасында ушул мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбейт. Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы каражаттарын талап кылбай тургандыгын кошумча иретинде белгилейбиз.
Министр
А.Шыкмаматов
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонулуп жаткан редакциясы | Мыйзам долбоорунун редакциясы |
|---|---|
| 8-статья. Шаар куруу ишин башкаруунун, координациялоонун, контролдук жүргүзүүнүн мамлекеттик жана мамлекеттен тышкары системалары [1. Шаар куруу ишинин бардык түрлөрү архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик орган тарабынан башкарылууга жана көзөмөлдөнүүгө тийиш. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөлөрүнүн ишин координациялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат жана аларга бекитилген шаар куруу документтерин сактоонун жоопкерчилиги жүктөлөт.] 2. Эгерде карала турган маселе граждандардын, коомдук бирикмелердин, юридикалык жактардын таламдарын жана укуктарын козгой турган болсо, анда алар шаар куруу ишинин кандай гана болбосун стадиясында ага катышууга укуктуу. | 8-статья. Шаар куруу ишин башкаруунун, координациялоонун, контролдук жүргүзүүнүн мамлекеттик жана мамлекеттен тышкары системалары 1. ШААР КУРУУ ИШИНИН БАРДЫК ТҮРЛӨРҮ АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ИШИ ТАРМАГЫНДАГЫ САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА, ОШОНДОЙ ЭЛЕ УШУЛ ТАРМАКТАГЫ ИШТИ ТЕКШЕРҮҮ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ТИЕШЕЛҮҮ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ТАРАБЫНАН БАШКАРЫЛУУГА ЖАНА КОНТРОЛДОНУУГА ТИЙИШ. 2. Эгерде карала турган маселе граждандардын, коомдук бирикмелердин, юридикалык жактардын таламдарын жана укуктарын козгой турган болсо, анда алар шаар куруу ишинин кандай гана болбосун стадиясында ага катышууга укуктуу. |
| 14-статья. Шаар четиндеги зоналар 1. Шаар четиндеги зоналардын аймактары - шаарлардын тышкы чек арасына чектеш жактан, шаар менен туруктуу социалдык, эмгектик, өндүрүштүк, экономикалык, рекреациялык жана инфраструктуралык тыкыс байланышта болгон жерлер шаарды аймактык өнүктүрүүнү резерви болуп саналат. 2. Шаар четиндеги зоналардын чек араларындагы жерлерди пайдалануу жана ал жерде шаар куруу ишин жүргүзүү шаардын калкынын жана шаар четиндеги зонага кирген административдик-аймактык түзүлүштөрдүн таламдарын камсыз кылууну алуу менен, шаар куруу ишин жөнгө салуунун өз ара макулдашылган принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Шаар четиндеги зонада [шаар менен макулдашылбаган курулушка] жол берилбейт. Аймакты пайдалануу жаатында келип чыгуучу талаштар жогору турган уюмдар тарабынан чечилет. 3. Шаар четиндеги зонанын чек арасы шаарларды пландаштыруунун регионалдык долбоорунун, генералдык пландарынын башка шаар куруу документтеринин негизинде аныкталат. | 14-статья. Шаар четиндеги зоналар 1. Шаар четиндеги зоналардын аймактары - шаарлардын тышкы чек арасына чектеш жактан, шаар менен туруктуу социалдык, эмгектик, өндүрүштүк, экономикалык, рекреациялык жана инфраструктуралык тыкыс байланышта болгон жерлер шаарды аймактык өнүктүрүүнү резерви болуп саналат. 2. Шаар четиндеги зоналардын чек араларындагы жерлерди пайдалануу жана ал жерде шаар куруу ишин жүргүзүү шаардын калкынын жана шаар четиндеги зонага кирген административдик-аймактык түзүлүштөрдүн таламдарын камсыз кылууну алуу менен, шаар куруу ишин жөнгө салуунун өз ара макулдашылган принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Шаар четиндеги зонада АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ИШИ ТАРМАГЫНДАГЫ САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН менен макулдашылбаган курулушка жол берилбейт. Аймакты пайдалануу жаатында келип чыгуучу талаштар жогору турган уюмдар тарабынан чечилет. 3. Шаар четиндеги зонанын чек арасы шаарларды пландаштыруунун регионалдык долбоорунун, генералдык пландарынын башка шаар куруу документтеринин негизинде аныкталат. |
| 26-статья. Шаар четиндеги зоналарга коюлуучу талаптар Шаар четиндеги зона шаар менен бирдиктүү шаар куруу комплексин түзүүгө тийиш. Шаардын чегине түздөн-түз чектеш жаткан шаарды өнүктүрүү үчүн резерв болуп кызмат кылган шаар четиндеги зонанын аймагы [шаардык архитектура жана шаар куруу органдарынын] контролдугу астында болууга тийиш. Шаарлардын шаар четиндеги зоналарында экологиялык жактан зыяндуу ишканаларды курууга болбойт. Шаар четиндеги зонанын көлөмү шаардын көлөмүнө жараша, эреже катары административдик райондордун чектеринде белгиленет. Шаар четиндеги зонанын аймагында шаардык бийлик органдары менен макулдашпай туруп шаар куруу-архитектура объектилерин курууга тыюу салынат. Шаар четиндеги зона шаардын калкынын кыска мөөнөттүү эс ала турган орду болууга тийиш. | 26-статья. Шаар четиндеги зоналарга коюлуучу талаптар Шаар четиндеги зона шаар менен бирдиктүү шаар куруу комплексин түзүүгө тийиш. Шаардын чегине түздөн-түз чектеш жаткан шаарды өнүктүрүү үчүн резерв болуп кызмат кылган шаар четиндеги зонанын аймагы АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ИШИ ТАРМАГЫН КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫНЫН контролдугу астында болууга тийиш. Шаарлардын шаар четиндеги зоналарында экологиялык жактан зыяндуу ишканаларды курууга болбойт. Шаар четиндеги зонанын көлөмү шаардын көлөмүнө жараша, эреже катары административдик райондордун чектеринде белгиленет. Шаар четиндеги зонанын аймагында шаардык бийлик органдары менен макулдашпай туруп шаар куруу-архитектура объектилерин курууга тыюу салынат. Шаар четиндеги зона шаардын калкынын кыска мөөнөттүү эс ала турган орду болууга тийиш. |
| 29-статья. Шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү граждандардын жана юридикалык жактардын милдеттери Граждандар, юридикалык жактар: - бекитилген шаар куруу программаларын жана долбоорлорун ишке ашырууга ар тараптан көмөк көрсөтүүгө жана катышууга; - айлана-чөйрөнүн абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон [архитектура жана курулуш иштери мамлекеттик органдардын] тиешелүү уруксатысыз өзү билип жасалган аракеттерге жол бербөөгө жана маданий, тарыхый-архитектуралык жана башка курулуштарга материалдык же архитектуралык-көркөм зыян келтирбөөгө; - республикада колдонулуп жаткан шаар куруу, архитектуралык жана курулуш нормаларын, эрежелерди жана стандарттарды бузбоого милдеттүү. | 29-статья. Шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү граждандардын жана юридикалык жактардын милдеттери Граждандар, юридикалык жактар: - бекитилген шаар куруу программаларын жана долбоорлорун ишке ашырууга ар тараптан көмөк көрсөтүүгө жана катышууга; - айлана-чөйрөнүн абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ИШИ ТАРМАГЫ САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН тиешелүү уруксатысыз өзү билип жасалган аракеттерге жол бербөөгө жана маданий, тарыхый-архитектуралык жана башка курулуштарга материалдык же архитектуралык-көркөм зыян келтирбөөгө; - республикада колдонулуп жаткан шаар куруу, архитектуралык жана курулуш нормаларын, эрежелерди жана стандарттарды бузбоого милдеттүү. |
| 37-статья. Шаар куруу-архитектура документтеринин статусу 1. Шаар куруу жана архитектура объектилерин куруу, реконструкциялоо шаар куруу-архитектура документтерсиз жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Белгиленген тартипте иштелип чыккан, каралган жана бекитилген шаар куруу-архитектура программалары, схемалары пландар жана долбоорлор кайсыл ведомствого баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан имараттарды жана курулуштарды долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жүзөгө ашыруучу бардык юридикалык жактар жана адамдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. 2. Калктуу жерлердин башкы пландарынын архитектуралык-пландоо чечимдерин, долбоордук-пландоо документацияларын жана алардын бөлүктөрүн өзгөртүү [архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдары] жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт жана белгиленген тартипте бекитилет. | 37-статья. Шаар куруу-архитектура документтеринин статусу 1. Шаар куруу жана архитектура объектилерин куруу, реконструкциялоо шаар куруу-архитектура документтерсиз жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Белгиленген тартипте иштелип чыккан, каралган жана бекитилген шаар куруу-архитектура программалары, схемалары пландар жана долбоорлор кайсыл ведомствого баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан имараттарды жана курулуштарды долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жүзөгө ашыруучу бардык юридикалык жактар жана адамдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. 2. Калктуу жерлердин башкы пландарынын архитектуралык-пландоо чечимдерин, долбоордук-пландоо документацияларын жана алардын бөлүктөрүн өзгөртүү АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ИШИ ТАРМАГЫНДАГЫ САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт жана белгиленген тартипте бекитилет. |
| 38-статья. Шаар куруудагы, архитектурадагы жана курулуштагы нормалар жана эрежелер 1. Шаар куруудагы, архитектурадагы, курулуштагы нормалар жана эрежелер пландаштыруу, архитектуралык, курулуш, экологиялык, санитардык-саламаттыкты чыңдоочу жана башка талаптарды белгилейт жана регламенттештирет. 2. Шаар куруу, архитектура жана курулуш жагындагы колдонуудагы ченемдер менен эрежелердин талаптарын бузууга жол берилбейт. Өзгөчө учурларда [архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдын] уруксаты менен долбоорлоо ченемдеринен негизделген четтөөгө жол берилет. Өзгөчө учурларга имараттын, курулуштун жер титирөөгө бекемдүүлүгүн азайтууга, курулуш конструкцияларына жарака кетирүүгө жана санитардык ченемдерди бузууга жөндөмдүү болгон долбоорлоо ченемдеринен четтөө кирет. 3. Нормаларды жана эрежелерди сактоо шаар куруу жана архитектура процессинин жана ишинин бардык субъектилери үчүн милдеттүү болуп саналат. 4. Нормалар жана эрежелер бузулганда штраф төлөтүү же жоопкерчиликтин башка түрү колдонулат. | 38-статья. Шаар куруудагы, архитектурадагы жана курулуштагы нормалар жана эрежелер 1. Шаар куруудагы, архитектурадагы, курулуштагы нормалар жана эрежелер пландаштыруу, архитектуралык, курулуш, экологиялык, санитардык-саламаттыкты чыңдоочу жана башка талаптарды белгилейт жана регламенттештирет. 2. Шаар куруу, архитектура жана курулуш жагындагы колдонуудагы ченемдер менен эрежелердин талаптарын бузууга жол берилбейт. Өзгөчө учурларда АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ИШИ ТАРМАГЫНДАГЫ САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН уруксаты менен долбоорлоо ченемдеринен негизделген четтөөгө жол берилет. Өзгөчө учурларга имараттын, курулуштун жер титирөөгө бекемдүүлүгүн азайтууга, курулуш конструкцияларына жарака кетирүүгө жана санитардык ченемдерди бузууга жөндөмдүү болгон долбоорлоо ченемдеринен четтөө кирет. 3. Нормаларды жана эрежелерди сактоо шаар куруу жана архитектура процессинин жана ишинин бардык субъектилери үчүн милдеттүү болуп саналат. 4. Нормалар жана эрежелер бузулганда штраф төлөтүү же жоопкерчиликтин башка түрү колдонулат. |
| 41-статья. Курулуп бүткөн объекттерди пайдаланууга киргизүүнүн ылайыктуулугун баалоо Курулган объект, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, техникалык регламенттердин талаптарына, ал эми алар күчүнө киргенге чейин башка нормативдик укуктук актыларга жана долбоордук документтерге ылайыктуулугу баалануусу тийиш. Баалоону жүргүзүүнүн тартиби, ылайыктуулугу бааланууга жаткан объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. [Курууга уруксат берүү жана курулуп бүткөн объекттерди пайдаланууга киргизүүнүн ылайыктуулугун баалоо, жекече турак үйлөрдөн башка, ыйгарым укуктуу орган - мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү тарабынан жүзөгө ашырылат]. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган айрым объекттерди пайдаланууга берүү менчик ээси тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат, мында объекттин коопсуздук талаптарына ылайыктуулугу үчүн жоопкерчиликти менчик ээси тартат. Бул учурда объекттин менчик ээси объекттин техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө курууга уруксат берген ыйгарым укуктуу органга кабарландыруу жөнөтүүгө милдеттүү. Эгерде курулуш иштери келишимдин негизинде жүзөгө ашырылса, кабарландырууга объекттин менчик ээси менен подряддык курулуш уюмунун ортосундагы объектти кабыл алуу - өткөрүп берүү актысынын көчүрмөсү тиркелет. Белгиленген тартипти бузуу менен курулган объекттерди пайдаланууга берүүгө жол берилбейт. | 41-статья. Курулуп бүткөн объекттерди пайдаланууга киргизүүнүн ылайыктуулугун баалоо Курулган объект, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, техникалык регламенттердин талаптарына, ал эми алар күчүнө киргенге чейин башка нормативдик укуктук актыларга жана долбоордук документтерге ылайыктуулугу баалануусу тийиш. Баалоону жүргүзүүнүн тартиби, ылайыктуулугу бааланууга жаткан объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. ЖЕКЕ ТУРАК ҮЙЛӨРҮНӨН ТЫШКАРЫ КУРУЛУШКА УРУКСАТ АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ИШИ ТАРМАГЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ТАРАБЫНАН БЕРИЛЕТ. ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛГЕН КУРУЛУП БҮТКӨН ОБЪЕКТТЕРДИН ДОЛБООРЛОО ДОКУМЕНТТЕРИНЕ ШАЙКЕШТИГИН БААЛОО АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ИШИ ТАРМАГЫН КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ТАРАБЫНАН БЕРИЛЕТ. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган айрым объекттерди пайдаланууга берүү менчик ээси тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат, мында объекттин коопсуздук талаптарына ылайыктуулугу үчүн жоопкерчиликти менчик ээси тартат. Бул учурда объекттин менчик ээси объекттин техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө курууга уруксат берген ыйгарым укуктуу органга кабарландыруу жөнөтүүгө милдеттүү. Эгерде курулуш иштери келишимдин негизинде жүзөгө ашырылса, кабарландырууга объекттин менчик ээси менен подряддык курулуш уюмунун ортосундагы объектти кабыл алуу - өткөрүп берүү актысынын көчүрмөсү тиркелет. Белгиленген тартипти бузуу менен курулган объекттерди пайдаланууга берүүгө жол берилбейт. |
| 45-статья. Шаар куруу-архитектура ишиндеги субъектилердин укук бузууларынын түрлөрү Төмөндөгүлөр: - калк жашаган пункттардын жашоо-турмуш чөйрөсүнүн абалы жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү; - маалымат берүүдөн баш тартуу; - аймактарды, жерлерди, жер казынасын, өсүмдүктөрдү, аба бассейнин, суу мейкиндигин пайдалануу маселелери боюнча Жер кодексинин, ушул Мыйзамдын жана башка мыйзам актыларынын талаптарын сактабоо; - тарых, маданият, шаар куруу жана архитектуралык комплекстердин, имараттардын жана курулуштардын долбоорлорун бузуу; - имараттардын жана курулуштардын бекемдигин, сейсмикалык туруктуулугунун белгиленген деңгээлин жана эксплуатациялык көрсөткүчтөрдү бузуу; - автордун уруксатысыз архитектуралык долбоорду жайыл кайталап пайдалануу, долбоорду өзгөртүү, ошондой эле курулган имараттар менен курулуштардын архитектуралык-пландоо чечимдерин өзгөртүү; - имараттарды жана курулуштарды "өзүм билем деп" куруу, реконструкциялоо, реставрациялоо, бузуу курулуштардын архитектуралык чечилишин, деталдарын жана элементтерин өзгөртүү; - курулуш үчүн жер участокторун бөлүп берүүнүн тартибин бузуу; - долбоорлорду макулдашуу эрежелерин бузуу; - курулушка уруксат берүүнүн эрежелерин бузуу; - этабы менен бөлүп-бөлүп кабыл алуунун эрежелерин бузуу; - экспертизанын жактырылсын деген тыянак корутундусу болбогон учурда курулушту же реконструкциялоону жүзөгө ашыруу; - ар кандай объектилердин багытын "өзүм билем деп" өзгөртүп куруу; - долбоорлоонун норма эрежелерин бузуу; - курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө мамлекеттик стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарын бузуу; - курулуш-монтаж иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу; - объектилерди пайдаланууга кабыл алуунун эрежелерин бузуу; - сапаты начар долбоорлоо-курулуш продукциясы үчүн акы төлөө; - шаар куруу-архитектура ишин лицензиясыз жана сертификатсыз жүзөгө ашыруу; - аймактардын, имараттардын жана курулуштардын функционалдык багытын өзгөртүү: [- архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдардын] буйруктарын аткаруудан баш тартуу шаар куруу-архитектура ишиндеги укук бузуулар болуп таанылат. | 45-статья. Шаар куруу-архитектура ишиндеги субъектилердин укук бузууларынын түрлөрү Төмөндөгүлөр: - калк жашаган пункттардын жашоо-турмуш чөйрөсүнүн абалы жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү; - маалымат берүүдөн баш тартуу; - аймактарды, жерлерди, жер казынасын, өсүмдүктөрдү, аба бассейнин, суу мейкиндигин пайдалануу маселелери боюнча Жер кодексинин, ушул Мыйзамдын жана башка мыйзам актыларынын талаптарын сактабоо; - тарых, маданият, шаар куруу жана архитектуралык комплекстердин, имараттардын жана курулуштардын долбоорлорун бузуу; - имараттардын жана курулуштардын бекемдигин, сейсмикалык туруктуулугунун белгиленген деңгээлин жана эксплуатациялык көрсөткүчтөрдү бузуу; - автордун уруксатысыз архитектуралык долбоорду жайыл кайталап пайдалануу, долбоорду өзгөртүү, ошондой эле курулган имараттар менен курулуштардын архитектуралык-пландоо чечимдерин өзгөртүү; - имараттарды жана курулуштарды "өзүм билем деп" куруу, реконструкциялоо, реставрациялоо, бузуу курулуштардын архитектуралык чечилишин, деталдарын жана элементтерин өзгөртүү; - курулуш үчүн жер участокторун бөлүп берүүнүн тартибин бузуу; - долбоорлорду макулдашуу эрежелерин бузуу; - курулушка уруксат берүүнүн эрежелерин бузуу; - этабы менен бөлүп-бөлүп кабыл алуунун эрежелерин бузуу; - экспертизанын жактырылсын деген тыянак корутундусу болбогон учурда курулушту же реконструкциялоону жүзөгө ашыруу; - ар кандай объектилердин багытын "өзүм билем деп" өзгөртүп куруу; - долбоорлоонун норма эрежелерин бузуу; - курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө мамлекеттик стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарын бузуу; - курулуш-монтаж иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу; - объектилерди пайдаланууга кабыл алуунун эрежелерин бузуу; - сапаты начар долбоорлоо-курулуш продукциясы үчүн акы төлөө; - шаар куруу-архитектура ишин лицензиясыз жана сертификатсыз жүзөгө ашыруу; - аймактардын, имараттардын жана курулуштардын функционалдык багытын өзгөртүү: - АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ИШИ ТАРМАГЫН КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН буйруктарын аткаруудан баш тартуу шаар куруу-архитектура ишиндеги укук бузуулар болуп таанылат. |
| 73-статья. Архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуш инспекторлору] тарабынан ушул Мыйзам туура эмес колдонулган учурда жана шаар куруу - архитектура ишинин субъектисине зыян келтирилгенде, ал тиешелүү органга карата келтирилген зыяндын ордун толтуртуп берүү жөнүндө сотко доо менен кайрылууга укуктуу. | 73-статья. Архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ИШИ ТАРМАГЫНДАГЫ САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА, ОШОНДОЙ ЭЛЕ АТАЛГАН ТАРМАКТЫ КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА ТИЕШЕЛҮҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫ ТАРАБЫНАН ушул Мыйзам туура эмес колдонулган учурда жана шаар куруу - архитектура ишинин субъектисине зыян келтирилгенде, ал тиешелүү органга карата келтирилген зыяндын ордун толтуртуп берүү жөнүндө сотко доо менен кайрылууга укуктуу. |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1991-ж., № 22. 700-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 12-беренеде "Кыргыз Республикасынын архитектура жана шаар курулуш органдары жүргүзөт" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши тармагында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жүргүзөт" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 16-берененин 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Курулуш жана архитектура иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тийиштүү органдарын" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши тармагында саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 17-берененин 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Курулуш иштери жана архитектура боюнча мамлекеттик комитетинин компетенттүү органдарына" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши тармагында саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Бийликтин аткаруу бутагынын органдарын административдик реформалоону өткөрүү үчүн Өкмөт тарабынан негиз болуучу эки (2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 жана 2012-жылдын 12-январындагы № 12) документ кабыл алынып, аларда мамлекеттик органдардын функцияларын чектөө каралган, ошондой эле Өкмөткө баш ийген административдик ведомстволордун жаңы түзүмү аныкталган. Ушул реформа Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 23-декабрындагы токтому менен бекитилген Өкмөттүн Программасында баяндалган Премьер-министр тарабынан аныкталган мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына байланыштуу өткөрүлүүдө. Атап айтканда, административдик реформа өткөрүү үчүн жасалган маанилүү кадамдардын бири болуп мамлекеттик органдардын текшерүү-көзөмөлдөө функцияларын эки мамлекеттик органдын бирине алардын компетенциясына ылайык өткөрүп берүү эсептелет. Өкмөттүн Программасын талаптагыдай жүзөгө ашыруу максатында Премьер-министрдин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 буюрмасы менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жана аларга аткаруу бийлигинин тутумун реформалоодон келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жумушчу тобу түзүлгөн. Ушул жумушчу топтун ишин Юстиция министрлиги координацияламакчы. Аталган топтун ишинин алкагында Юстиция министрлиги тарабынан айрым мамлекеттик органдар менен бирге тиешелүү багыттар боюнча бир мамлекеттик орган саясатты аныктоо жана анын аткарылышы үчүн көзөмөлдөө функцияларын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды кошо аткаруусуна жол бербөө максатында бир катар ченемдик укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе иштелип чыккан. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" Өкмөттүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 токтомуна ылайык Өкмөткө караштуу архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги Өкмөткө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик болуп өзгөртүлүп түзүлгөн. Юстиция министрлиги тарабынан аталган орган менен бирдикте мыйзамдардын тизмеси, анын ичинде, "Кыргыз Республикасынын жекече турак жай курулушу жөнүндө" Мыйзамы аныкталган да, анын жоболорун жогорудагы топтун ишинин алкагында кайрадан карап чыгуу зарылдыгы келип чыгууда. Тактап айтканда, ушул мыйзам долбоору аркылуу архитектура-курулуш саясатын иштеп чыгууда жана ушул саясаттын жүзөгө ашырылышын көзөмөлдөөдө мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын чектөө каралууда. Мындан тышкары мыйзам долбоору аркылуу "архитектура-курулуш ишинин тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" жана "архитектура-курулуш иши тармагында көзөмөлдөө жана текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" тутумун, ыйгарым укуктарын жана түшүндүрмө аппаратын аныктоо сунушталып жаткандыгын белгилейбиз. Аталган Мыйзам шаар куруу ишинин жалпы башаттарын аныктаган негизги ченемдик укуктук акт болуп санааларын, ошондой эле кайталанган жоболордон арылуу максатында аталган ченемдер сунушталган мыйзам долбоорунда каралбагандыгын белгилейбиз. Жогорудагы жалпыланган атоолор жогоруда аталган органдардын аталышы үчүн колдонулуу менен, мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоодо мамлекеттик органдардын аталыштары кайрадан өзгөрүшү мүмкүн экендигинен улам мыйзамдарга түзөтүүлөрдү улам-улам киргизүүдөн кутулууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле сунуш кылынган мыйзам долбоорунун иштөө тармагы Өкмөткө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин компетенциясына киргендиктен, ушул долбоор Жогорку Кеңеш тарабынан каралган учурда аталган ведомствонун директорун Өкмөттүн расмий өкүлү катары аныктоону сунуштайбыз. Мындан тышкары улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун натыйжасында ушул мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбейт. Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы каражаттарын талап кылбай тургандыгын кошумча иретинде белгилейбиз.
Министр
А.Шыкмаматов
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонулуп жаткан редакциясы | Мыйзам долбоорунун редакциясы |
|---|---|
| 12-статья. Жер участкаларынын бөлүнүшүнө, жекече турак үйлөрдүн долбоорлонушуна жана курулушуна көзөмөл [Кыргыз Республикасынын архитектура жана шааркурулуш органдары] жекече турак үйлөрдү курууга жер участкаларынын бөлүнүшүнө, долбоорлонушуна жана куруу иштерин жүргүзүүгө контролдук жүргүзөт. | 12-статья. Жер участкаларынын бөлүнүшүнө, жекече турак үйлөрдүн долбоорлонушуна жана курулушуна көзөмөл АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ИШИ ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА ТЕКШЕРҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН жекече турак үйлөрдү курууга жер участкаларынын бөлүнүшүнө, долбоорлонушуна жана куруу иштерин жүргүзүүгө контролдук жүргүзөт. |
| 16-статья. Жекече үй куруучулар сатып алган курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатына контроль Сатып алынган курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатына доону [Кыргыз Республикасынын курулуш иштери жана архитектура боюнча мамлекеттик комитетинин тийиштүү органдарын] тартуу менен тиешелүү тараптар 15 күндүн ичинде карап чыгат. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкциялардын сапатына баа берүү маселелери боюнча компетенттүү органдардын бүтүмү сотко даттандырылышы мүмкүн. Буюмдардын жана конструкциялардын сапатын текшерүү боюнча иштерди жүргүзүүгө кеткен чыгымдарды даярдоочу ишкана тартат. | 16-статья. Жекече үй куруучулар сатып алган курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатына контроль Сатып алынган курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатына доону АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ИШИ ТАРМАГЫНДАГЫ САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН тартуу менен тиешелүү тараптар 15 күндүн ичинде карап чыгат. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкциялардын сапатына баа берүү маселелери боюнча компетенттүү органдардын бүтүмү сотко даттандырылышы мүмкүн. Буюмдардын жана конструкциялардын сапатын текшерүү боюнча иштерди жүргүзүүгө кеткен чыгымдарды даярдоочу ишкана тартат. |
| 17-статья. Жаңыдан курулган жекече турак үйлөрдү пайдалануунун гарантиялык мөөнөттөрү Өз ишин менчиктин ар кандай формасында же жеке адамдар тарабынан жүргүзүүчү курулуш уюмдары салган жекече турак үйлөргө - 24 айлык гарантиялык мөөнөт белгиленет, ал эми рулон материалдардан салынган үйлөр үчүн пайдаланууга тапшырылган күндөн тартып 18 айдан ашпаган гарантиялык мөөнөт белгиленет. Гарантиялык мөөнөттүн ичинде турак үйдүн менчиктөөчүсү кандайдыр бир кемтигин тапса, [Кыргыз Республикасынын Курулуш иштери жана архитектура боюнча мамлекеттик комитетинин компетенттүү органдарына] адистерди чакырат, алар бул маселе боюнча негиздүү корутунду беришет. Корутундуну алган учурдан тартып 5 күндүн ичинде үйдү курган курулуш уюму же жеке адам тийиштүү кемтиктерин өз каражаттарынын эсебинен четтетүүгө милдеттүү. Кемтикти четтетүүдөн же сапатсыз материалдарды алмаштыруудан баш тартуу сотто же мамлекеттик арбитражда даттанылышы мүмкүн. | 17-статья. Жаңыдан курулган жекече турак үйлөрдү пайдалануунун гарантиялык мөөнөттөрү Өз ишин менчиктин ар кандай формасында же жеке адамдар тарабынан жүргүзүүчү курулуш уюмдары салган жекече турак үйлөргө - 24 айлык гарантиялык мөөнөт белгиленет, ал эми рулон материалдардан салынган үйлөр үчүн пайдаланууга тапшырылган күндөн тартып 18 айдан ашпаган гарантиялык мөөнөт белгиленет. Гарантиялык мөөнөттүн ичинде турак үйдүн менчиктөөчүсү кандайдыр бир кемтигин тапса, АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ИШИ ТАРМАГЫНДАГЫ САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН адистерди чакырат, алар бул маселе боюнча негиздүү корутунду беришет. Корутундуну алган учурдан тартып 5 күндүн ичинде үйдү курган курулуш уюму же жеке адам тийиштүү кемтиктерин өз каражаттарынын эсебинен четтетүүгө милдеттүү. Кемтикти четтетүүдөн же сапатсыз материалдарды алмаштыруудан баш тартуу сотто же мамлекеттик арбитражда даттанылышы мүмкүн. |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 15-июлу. № 57) төмөнкү толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Төмөнкү мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-берене. Архитектура-курулуш иши тармагында аткаруу бийлиги органдарынын системасы
Архитектура-курулуш иши тармагын мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылат. Архитектура-курулуш иши тармагында саясатты иштеп чыгуу, ошондой эле аталган тармакта контролдоо жана көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат. Архитектура-курулуш иши тармагында саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы архитектура-курулуш жаатындагы мамилелерди жөнгө салууну ишке ашырат. Архитектура-курулуш иши тармагында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы архитектуралык-курулуш тармагын көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын ишке ашырат.".
2. 2-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"2-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы
Архитектура-курулуш иши тармагында саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) архитектура-курулуш иши тармагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну;
2) өндүрүштүк күчтөрдү жайгаштырууну, инженердик, транспорттук, социалдык инфраструктураларды курчап турган чөйрөнүн экологиялык абалын эске алуу менен түзүүнү аныктоочу жайгаштырууну аймактык уюштурууну болжолдоону, долбоорлоону жана жөнгө салууну;
3) жаратылыш чөйрөсү менен карым-катышта администрациялык-аймактык бирдиктердин иштөө концепцияларын иштеп чыгууну жана негизги шарттарын аныктоону;
4) администрациялык-аймактык бирдиктерди пландоо, куруу, реконструкциялоо жана көрктөндүрүү боюнча шаар куруу чечимдерин иштеп чыгууну;
5) тарыхый-маданий мурасты, шаар куруу, архитектура жана монументалдык искусство эстеликтерин, ландшафттарды жана башка корголуучу аймактарды сактоону жана калыбына келтирүүнү;
6) шаар куруу жаатында кесипкөй кадрларды комплекстүү даярдоо тутумун түзүүнү;
7) инженердик-транспорттук инфраструктура озуу менен өнүккөн учурда турак-жай, коомдук жана өндүрүштүк фондду өз ара байланышта өнүктүрүүнү;
8) Кыргыз Республикасындагы шаар куруунун бардык багыттарын өнүктүрүүнүн фундаменталдуу илимий-изилдөө жана колдонмо базасын түзүүнү;
9) кыймылсыз мүлк объекттерин курууга жана башка курулуш өзгөртүүлөрүнө уруксаттарды берүүнү;
10) шаар куруу-архитектура процессинин бардык түрлөрүн башкарууну.
Архитектура-курулуш иши тармагын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) архитектура-курулуш процесстеринин сапатын контролдоону;
2) архитектура-курулуш иши тармагында белгиленген нормаларды, эрежелерди, программаларды, схемаларды, пландарды жана долбоорлорду сактоону контролдоону;
3) коркунучтуу (зыяндуу) жаратылыштык жана техногендик, антропогендик кубулуштардын жана процесстердин таасиринен калктын, аймактардын жана калктуу конуштардын коопсуздугу боюнча талаптарды архитектура-курулуш иши субъекттеринин сакташын контролдоону;
4) пайдаланууга берилген курулуп бүткөн объекттердин долбоордук документтерге шайкештигин баалоону.".
3. 15-берененин 2-бөлүгүндөгү "архитектура жана курулуш иштери боюнча" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши тармагын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Бийликтин аткаруу бутагынын органдарын административдик реформалоону өткөрүү үчүн Өкмөт тарабынан негиз болуучу эки (2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 жана 2012-жылдын 12-январындагы № 12) документ кабыл алынып, аларда мамлекеттик органдардын функцияларын чектөө каралган, ошондой эле Өкмөткө баш ийген административдик ведомстволордун жаңы түзүмү аныкталган. Ушул реформа Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 23-декабрындагы токтому менен бекитилген Өкмөттүн Программасында баяндалган Премьер-министр тарабынан аныкталган мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына байланыштуу өткөрүлүүдө. Атап айтканда, административдик реформага жасалган маанилүү кадамдардын бири болуп мамлекеттик органдардын текшерүү-көзөмөлдөө функцияларын эки мамлекеттик органдын бирине алардын компетенциясына ылайык өткөрүп берүү эсептелет. Өкмөттүн Программасын талаптагыдай жүзөгө ашыруу максатында Премьер-министрдин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 буюрмасы менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жана аларга аткаруу бийлигинин тутумун реформалоодон келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жумушчу тобу түзүлгөн. Ушул жумушчу топтун ишин Юстиция министрлиги координацияламакчы. Аталган топтун ишинин алкагында Юстиция министрлиги тарабынан айрым мамлекеттик органдар менен бирге тиешелүү багыттар боюнча бир мамлекеттик орган саясатты аныктоо жана анын аткарылышы үчүн көзөмөлдөө функцияларын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды кошо аткаруусуна жол бербөө максатында бир катар ченемдик укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе иштелип чыккан. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" Өкмөттүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 токтомуна ылайык Өкмөткө караштуу архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги Өкмөткө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик болуп өзгөртүлүп түзүлгөн. Юстиция министрлиги тарабынан аталган орган менен бирдикте мыйзамдардын тизмеси, анын ичинде, "Кыргыз Республикасынын жекече турак жай курулушу жөнүндө" Мыйзамы аныкталган да, анын жоболорун жогоруда баяндалган иштин алкагында кайрадан карап чыгуу зарыл болууда. Тактап айтканда, ушул мыйзам долбоору аркылуу аталган Мыйзамдын 2-беренесине архитектура-курулуш саясатын иштеп чыгууда жана ушул саясаттын жүзөгө ашырылышын көзөмөлдөөдө мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын чектөө киргизүү каралууда. Мындан тышкары аталган Мыйзам шаар куруу ишинин жалпы башаттарын аныктаган негизги ченемдик укуктук акт болуп санааларын эске алуу менен, аны мыйзам долбоору аркылуу "архитектура-курулуш иши тармагындагы саясатын иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" жана "архитектура-курулуш иши тармагында көзөмөлдөө жана текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" тутуму жана түшүнүгү ачылган берене менен толуктоо сунушталып жаткандыгын белгилейбиз. Жогорудагы жалпыланган атоолор жогоруда аталган органдардын аталышы үчүн колдонуу менен, мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоодо мамлекеттик органдардын аталыштары кайра өзгөрүшү мүмкүн экендигинен улам мыйзамдарга түзөтүүлөрдү улам-улам киргизүүдөн кутулууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле сунуш кылынган мыйзам долбоорунун иштөө тармагы Өкмөткө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин компетенциясына киргендиктен, ушул долбоор Жогорку Кеңеш тарабынан каралган учурда аталган ведомствонун директорун Өкмөттүн расмий өкүлү катары аныктоону сунуштайбыз. Мындан тышкары улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун натыйжасында ушул мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбейт. Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы каражаттарын талап кылбай тургандыгын кошумча иретинде белгилейбиз.
Министр
А.Шыкмаматов
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Кыргыз Республикасынын шааркуруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонулуп жаткан редакциясы | Мыйзам долбоорунун редакциясы |
|---|---|
| "1-1-берене. Архитектура-курулуш иши тармагында аткаруу бийлиги органдарынын системасы Архитектура-курулуш иши тармагын мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылат. Архитектура-курулуш иши тармагында саясатты иштеп чыгуу, ошондой эле аталган тармакта контролдоо жана көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат. Архитектура-курулуш иши тармагында саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы архитектура-курулуш жаатындагы мамилелерди жөнгө салууну ишке ашырат. Архитектура-курулуш иши тармагында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы архитектуралык-курулуш тармагын көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын ишке ашырат.". 3. 15-берененин 2-бөлүгүндөгү "архитектура жана курулуш иштери боюнча" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши тармагын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын. | |
| 2-берене. Шааркуру ишинин негизги багыттары Шааркуру ишинин негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат: 1) өндүргүч күчтөрдү жайгаштырууну, инженердик, транспорттук, социалдык инфраструктураларды курчап турган чөйрөнүн экологиялык абалын эске алуу менен аныктоочу отурукташтырууну аймактык уюштурууну болжолдоо, долбоорлоо жана жөнгө салуу; 2) администрациялык-аймактык бирдиктердин жаратылыш чөйрөсү менен өз ара иштөөсүнүн негизги шарттарынын концепциялары иштеп чыгуу жана аныктоо; 3) администрациялык-аймактык бирдиктерди пландоо, куруу, реконструкциялоо жана көрктөндүрүү боюнча шаар куруу чечимдерин иштеп чыгуу 4) жерди сарамжалдуу пайдалануу, жаратылыш чөйрөсүн коргоо, ресурстарды үнөмдөө, инженердик даярдык жана аймактарды коркунучтуу табигый жана техногендик жүрүмдөрдөн коргоо; 5) тарыхый-маданий мурасты, шааркуруу, архитектура жана монументалдык искусство эстеликтерин, ландшафттарды жана башка корголуучу аймактарды сактоо жана калыбына келтирүү; 6) шааркуруу жаатында кесипкөй кадрларды комплекстүү даярдоо тутумун түзүү; 7) инженердик-транспорттук инфраструктура озуу менен өнүккөн учурда турак-жай, коомдук жана өндүрүштүк фонду өз ара байланышта өнүктүрүү; 8) Кыргыз Республикасындагы шааркуруунун бардык багыттарында өнүгүүнүн фундаменталдуу илимий-изилдөө жана колдонмо базасын түзүү. | 2. 2-берене төмөнкү редакцияда берилсин: "2-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы Архитектура-курулуш иши тармагында саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү ишке ашырат: 1) архитектура-курулуш иши тармагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну; 2) өндүрүштүк күчтөрдү жайгаштырууну, инженердик, транспорттук, социалдык инфраструктураларды курчап турган чөйрөнүн экологиялык абалын эске алуу менен түзүүнү аныктоочу жайгаштырууну аймактык уюштурууну болжолдоону, долбоорлоону жана жөнгө салууну; 3) жаратылыш чөйрөсү менен карым-катышта администрациялык-аймактык бирдиктердин иштөө концепцияларын иштеп чыгууну жана негизги шарттарын аныктоону; 4) администрациялык-аймактык бирдиктерди пландоо, куруу, реконструкциялоо жана көрктөндүрүү боюнча шаар куруу чечимдерин иштеп чыгууну; 5) тарыхый-маданий мурасты, шаар куруу, архитектура жана монументалдык искусство эстеликтерин, ландшафттарды жана башка корголуучу аймактарды сактоону жана калыбына келтирүүнү; 6) шаар куруу жаатында кесипкөй кадрларды комплекстүү даярдоо тутумун түзүүнү; 7) инженердик-транспорттук инфраструктура озуу менен өнүккөн учурда турак-жай, коомдук жана өндүрүштүк фондду өз ара байланышта өнүктүрүүнү; 8) Кыргыз Республикасындагы шаар куруунун бардык багыттарын өнүктүрүүнүн фундаменталдуу илимий-изилдөө жана колдонмо базасын түзүүнү; 9) кыймылсыз мүлк объекттерин курууга жана башка курулуш өзгөртүүлөрүнө уруксаттарды берүүнү; 10) шаар куруу-архитектура процессинин бардык түрлөрүн башкарууну. Архитектура-курулуш иши тармагын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү ишке ашырат: 1) архитектура-курулуш процесстеринин сапатын контролдоону; 2) архитектура-курулуш иши тармагында белгиленген нормаларды, эрежелерди, программаларды, схемаларды, пландарды жана долбоорлорду сактоону контролдоону; 3) коркунучтуу (зыяндуу) жаратылыштык жана техногендик, антропогендик кубулуштардын жана процесстердин таасиринен калктын, аймактардын жана калктуу конуштардын коопсуздугу боюнча талаптарды архитектура-курулуш иши субъекттеринин сакташын контролдоону; 4) пайдаланууга берилген курулуп бүткөн объекттердин долбоордук документтерге шайкештигин баалоону.". |
| 15-берене. Шаар куру ишиндеги мамлекеттик контроль 1. Шаар куруу жаатындагы мамлекеттик контролдун милдеттери бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыз кылууда турат. 2. Мамлекеттик контроль [архитектура жана курулуш иштери боюнча] ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. | 15-берене. Шаар куру ишиндеги мамлекеттик контроль 1. Шаар куруу жаатындагы мамлекеттик контролдун милдеттери бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыз кылууда турат. 2. Мамлекеттик контроль АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ИШИ ТАРМАГЫН КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА КОНТРОЛДОО БОЮНЧА" ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 20-декабрындагы № 2626-V "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 20.12.2012 · № 2626-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 20-декабрындагы № 2627-V "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 20.12.2012 · № 2627-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-мартындагы №2897-V "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо…Постановление · 14.03.2013 · № 2897-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-мартындагы №2898-V "Кыргыз Республикасынын жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 14.03.2013 · № 2898-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-мартындагы №2899-V "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана…Постановление · 14.03.2013 · № 2899-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги №2983-V "Кыргыз Республикасында шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо…Постановление · 18.04.2013 · № 2983-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги №2984-V "Кыргыз Республикасынын жекече турак жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 18.04.2013 · № 2984-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги №2985-V "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана…Постановление · 18.04.2013 · № 2985-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 20-декабрындагы № 2628-V "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 20.12.2012 · № 2628-V
Шилтеме берет (9)
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндөЗакон · 21.12.1991 · № 689-XII
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 (Жумушчу топтор түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 10.01.2012 · № 5
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги №2985-V "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана…Постановление · 18.04.2013 · № 2985-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка…Постановление · 12.01.2012 · № 12 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2011 · № 762 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон