Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 12 января 2012 года № 12 "Об органах государственного управления при Правительстве Кыргызской Республики и других организациях в ведении Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-01-12.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №12 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-майы №242 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө" Жарлыгына) ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын карамагында төмөнкүлөр иштей тургандыгы аныкталсын:
а) мамлекеттик агенттиктер:
-(Экинчи абзац КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кинематография боюнча мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик;
-Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Жер казынасы жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;
б) мамлекеттик кызматтар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат;
в) Фонддор:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду;
-Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Мамлекттик мүлк фонду;
г) комиссиялар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия.
(КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында болору жана анын контролунда иштей тургандыгы белгиленсин:
а) мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту;
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча дирекция;
б) жалпыга маалымдоо каражаттары:
- "Кыргыз Туусу" басма үйү;
- "Слово Кыргызстана" басма үйү;
- "Эркин-Тоо" гезити;
- "Жеткинчек" гезити;
- "Кырчын" журналынын редакциясы;
- "Байчечекей" журналынын редакциясы;
- Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиокомпаниясы.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 15-июнундагы № 313 ( Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 15.06.2011 · № 313
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка…Постановление · 12.01.2012 · № 12 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө" жарлыгыУказ · 21.01.2011 · № 15 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка…Постановление · 12.01.2012 · № 12 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2011 · № 762 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 17-декабры № 27-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2010 · № 27-V · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.