Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-08-11.
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2001-жылдын 14-январы № 9 "Мугалимдин статусу жөнүндө
2000-жылдын 26-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
(КР 2005-жылдын 18-июлундагы № 105, 2005-жылдын 30-июлундагы № 117, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 210, 2009-жылдын 25-июнундагы № 189, 2010-жылдын 26-мартындагы № 56, 2011-жылдын 8-августундагы № 150, 2013-жылдын 15-январындагы № 3, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Ушул Мыйзам мамлекеттик саясаттын принциптерин аныктайт, мугалимдин иши менен байланышкан укуктук, социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салат жана жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин укуктук абалын сапаттык жактан жакшыртууну камсыз кылуучу шарттарды түзүп берүүгө, аларды социалдык жактан коргоо кепилдиктерин ишке ашырууга багытталган. I Глава Жалпы жоболор
1-статья
1-статья. Мугалимдин статусунун мазмуну Мугалим - зарыл кесиптик билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ, жалпы орто мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде иштеп жаткан, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу киши. Педагогдук иштин шарттары жана мүнөзү мугалимдин статусунун мазмунун аныктайт, ал мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, ошондой эле аларды ишке ашыруунун кепилдиктерин камтыйт. Мугалим Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген бардык укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат. (КР 2005-жылдын 18-июлундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья
2-статья. Мугалимдик статуска ээ болгондор Кыргыз Республикасынын жана башка ар кандай өлкөнүн зарыл болгон педагогикалык билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ болгон, ар түрдүү типтеги жана менчиктин түрүндөгү, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында иштеген жарандары мугалимдик статуска ээ. (2-бөлүгү КР 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Квалификациясынын жетишсиздигине жана окуу-тарбия ишинин принциптерине сыйбаган адепсиз аракеттерине байланыштуу мугалимди статусунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. (КР 2005-жылдын 18-июлундагы № 105, 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья
3-статья. Мугалимдин статусу жөнүндө мыйзамдар Мугалимдин статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдан, ушул Мыйзамдан жана мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктаган башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат. (КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья
4-статья. Мугалимдин педагогдук ишинин принциптери Мугалимдин ишинин негизги принциптери:
- окуучуну окутууга, тарбиялоого, өнүктүрүүгө жекече багытталган мамиле;
- окуучунун укуктарын жана эркиндиктерин, улуттук-маданий каада-салттарга урмат көрсөтүүнү камсыз кылган окутуунун жана тарбиялоонун гумандуулук мүнөзү;
- жалпы адамзатка таандык моралдык принциптерди жана адеп-ахлактык дөөлөттөрү жактоо;
- окуучуларды жыныс белгиси, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандуулугу, диний ынанымы, жаш курагы, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча түздөн-түз, тымызын жана (же) кыйыр басмырлоого, укуктарын чектөөгө же артыкчылыктарды берүүгө жол бербөө;
- окуучуларды мекенди сүйүү, жогорку жарандуулук, эл достугунун духунда тарбиялоо;
- билим берүүнүн жолун жолдоочулугу;
- педагогикалык иштин уюштуруу усулдардын жана формаларын эркин тандап алуу;
- окутуу жана тарбия берүү принциптеринин биримдиги;
- илимдин, техниканын жана маданияттын эң соңку жетишкендиктеринин негизинде өз билимин өркүндөтүү;
- окуучулар жана алардын үй-бүлөлөрү менен тыгыз байланыш;
- балдар жана жаштар бирикмелери, эмгек жамааттары, ошондой эле иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бул ишке таламдаш мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен кызматташтык болуп саналат.
(КР 2005-жылдын 30-июлундагы № 117, 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) II Глава Мугалимдин укуктары
5-статья
5-статья. Мугалимдин кесиптик ишиндеги укуктары Зарыл билими жана мыйзамда аныкталган тиешелүү педагогикалык квалификациясы бар адамдар педагогикалык иш жүргүзүүгө укуктуу болот. Мугалим:
- мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келген жана Өкмөт бекиткен окуу программаларын, окутуу формаларын жана усулдарын, окуу китептерин жана окуу куралдарын эркин тандап алууга;
- жаңы автордук программаларды, окуу китептерин жана окуу куралдарын иштеп чыгууга катышууга;
- новатордук усулдарды жана ыкмаларды түзүүгө жана пайдаланууга, илимий-педагогикалык эксперимент жүргүзүүгө, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны ишке ашырууга;
- педагогикалык иште новатордук усулдарды жана ыкмаларды түзгөндүгү жана жайылткандыгы үчүн сыйланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жекече педагогдук иш жүргүзүүгө;
- категорияны жогорулатуу максатында мөөнөтүнөн мурда аттестацияланууга;
- белгиленген тартипте беш жылда бир жолудан кем эмес квалификациясын жогорулатып турууга;
- жашы жетпегендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
Мугалим Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык өз ишин башка иш менен айкалыштырып иштөө укугунан пайдалана алат. Мугалим мектепти башкарууга катышууга укуктуу. Мугалимдин кызмат абалынын туруктуулугу ал мектепте билим берүү тутумун уюштуруу толук же жарым-жартылай өзгөртүлгөн учурда да кепилдикке алынат. (КР 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья
6-статья. Мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо Кыргыз Республикасынын же башка өлкөнүн жараны катары, мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо кепилдикке алынат. Мугалимдин кесиптик ишмердигин инспекциялоо жана контролдоо тутуму анын эркин чыгармачылык демилгесине чектөө киргизбөөгө тийиш. Аттестациянын жүрүшүндө жана башка учурларда мугалимдин ишине баа берүү калыстык менен жүргүзүлүүгө жана мугалимдин өзүнө маалымдалууга тийиш. Мугалимдин ишин аттестациялоо, инспекциялоо жана контролдоо тартиби билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан бекитилет. Мектепке чейинки билим берүүчү, жалпы билим берүүчү, мектептен тышкары билим берүүчү, атайын билим берүүчү уюмдардын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын мугалимдерин, алардын кесиптик ишине байланышпаган айыл чарба жана башка жумуштарга тартууга жол берилбейт. Окуучулардын ата-энелери, өзүнүн мүнөзү боюнча мугалимдин кесиптик милдетине кирген маселелерге жүйөсүз кийлигишүүгө укуксуз. (КР 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья
7-статья. Материалдык жактан камсыз болуу укугу Мугалимдин кызмат акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте белгиленет. Мугалимдин кызмат акысы финансы жылына (12 ай) эсептелет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бир категориянын чегинде мугалимдердин кызмат акысына кошумчаларды белгилеши мүмкүн. Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдары, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдары камкорчулук кеңеши менен макулдашуу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүк, демөөрчүлүк каражаттардан педагог кызматкерлердин кошумча жана кошуп төлөөнү өз алдынча белгилей алат. (Бешинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Мугалимдин стандарттык ченемден (ставкадан) ашкан окуу-тарбия ишине акы төлөнөт. (Жетинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Сегизинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Тогузунчу бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Мамлекет мектептердин мугалимдерине жана жетекчилерине республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден айлык акыны жыл ичинде толук көлөмдө өз убагында төлөп берүүнү камсыз кылат. Мугалимдердин айлык акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда, аны төлөп берүү "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык индексациялоо менен жүргүзүлөт. Бийик тоолуу жана алыскы айылдык райондордо иштеген мугалимдерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жеңилдиктер жана айлык акысына кошумча төлөөлөр каралат. Турак жай аянты менен камсыз кылынбагандарга же турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондорго жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан турак жай куруу үчүн жер участоктору берилет. Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында иштеген илимдин кандидаты же докторунун окумуштуулук даражасы бар мугалимдерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча акы белгиленет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган мугалимдин айлыгынан кармап калууларга тыюу салынат. Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдары, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдары окуучулардын тандоосу боюнча факультативдик сабактарды, курстарды өткөрүүгө, ийримдерди, клубдарды, илимий студияларды, спорттук жана башка бирикмелерди уюштурууга, лекцияларга акы төлөп берүүгө каражат бөлүүгө укуктуу. (КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 210, 2009-жылдын 25-июнундагы № 189, 2010-жылдын 26-мартындагы № 56, 2011-жылдын 8-августундагы № 150, 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Социалдык жактан камсыз болуу укугу Мамлекет мугалимди анын репродуктивдик функциясына байланышкан эмгектик, турмуш-тиричиликтик жана социалдык жеңилдик шарттары менен камсыз кылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жаш адистерге турак жай аянтын күтүү жана коммуналдык тейлөө боюнча эксплуатациялык чыгымдарын төлөөдө жеңилдиктерди же жекече турак жай курулушуна процентсиз ссудаларды бере алат. (КР 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья
9-статья. Эс алуу укугу Мугалимдин эс алуу укугу окуу сааттарын сарамжал пландаштыруу, жумалык эс алуу берүү, ошондой эле мыйзамдарда каралгандай жыл сайын төлөнүүчү өргүүлөргө чыгаруу менен камсыз кылынат. Мугалимдин иш күнүнүн жана иш жумасынын узактыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат. (КР 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Саламаттык сактоо укугу Мугалим саламаттыгын сактоого укуктуу, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы, дарылоо-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү менен ишке ашырылат. Мугалимге жыл сайын мамлекеттик дарылоо-профилактикалык мекемелерде милдеттүү түрдө амбулаториялык жана медициналык текшерүү жүргүзүлөт. Мугалим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген жеңилдик шартта санаторияларда жана эс алуу үйлөрүндө санаториялык-курорттук дарыланууга, пансионаттарда жана туристтик базаларда эс алууга укуктуу.
11-статья. Жер үлүштөрү менен камсыз болуу укугу (КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12-статья
12-статья. Жогорку кесиптик жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын педагогикалык факультеттерин бүтүрүүчүлөрдү чыныгы аскер кызматына чакырууну кийинкиге калтыруу укугу Айыл жерлерине иштөөгө жиберилген жогорку кесиптик жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын педагогикалык факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнө айыл жерлериндеги мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында иштеген эмгектик ишинин бүткүл мезгилинде чыныгы аскер кызматына чакыруу кийинкиге калтырылат. (КР 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья
13-статья. Сыйлануу укугу Өсүп келе жаткан муундарды окутууда жана тарбиялоодо жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн мугалим билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сыйлыктарына жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүшү мүмкүн. (КР 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Мугалимдин ишинин айрым түрлөрүнө чектөөлөр Мугалимге:
- мектепте диний, атеисттик үгүт иштерин жүргүзүүгө;
- мектепте саясий топторду, партияларды уюштурууга;
- шовинисттик, улутчул, милитаристтик идеологияларды жайылтууга;
- окуучуларды иш таштоо кыймылына жана саясий акцияларга тартууга;
- окуучуларга зордук-зомбулук кылууга тыюу салынат.
III Глава Мугалимдин милдеттери жана жоопкерчилиги
15-статья. Мугалимдин милдеттери Мугалим:
- окутууну жогорку кесиптик деңгээлде жүргүзүүгө, окуучулардын окуу программасын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинен кемитпей өздөштүрүүсүн камсыз кылууга;
- окуу-тарбия ишин ата-энеге, улууларга, Кыргызстандын маданий-тарыхый байлыктарына, анын мамлекеттик түзүлүшүнө урмат көрсөтүү духунда жүргүзүүгө, айлана-чөйрөгө сарамжал мамилени тарбиялоого;
- жалпы адамзатка таандык моралдык принциптерге: ак ниеттүүлүккө, эмгекти сүйүүгө, гуманизмге, патриотизмге, чындыкка, адилеттикке жана башка жакшы касиеттерге урмат көрсөтүүнү бекемдөөгө;
- өзүнүн педагогдук билимин жана устаттыгын тынымсыз өркүндөтүүгө;
- окуучулардын ар намысын жана кадыр-баркын урматтоого;
- окуучуларды өз ара түшүнүшүү, тынчтык, элдердин ортосундагы ынтымак рухунда аң-сезимдүү турмушка даярдоого;
- окуучулардын жекече чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
16-статья. Мугалимдин администрациялык, жарандык-укуктук жана жазыктык жоопкерчилиги Мугалим, укук тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. IV Глава Мугалимди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу
17-статья
17-статья. Педагогикалык кадрларды даярдоо Кыргыз Республикасында мугалим кадрларын кесиптик жагынан ар кыл типтеги, ар кандай түрдөгү жана менчиктин ар кандай формасындагы кесиптик педагогикалык орто жана жогорку окуу жайлары даярдайт. Кесиптик педагогикалык окуу жайы инсандын, мамлекеттин жана коомдун алдында өз иши үчүн жоопкерчилик тартат. Кесиптик педагогикалык окуу жайдын ишинин анын уставында каралган максаттарга ылайык келээрине контролдукту өз компетенциясынын чегинде педагогикалык окуу жайдын уюштуруучусу (уюштуруучулары) жана билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия берген билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат. Мамлекеттик кесиптик педагогикалык окуу жайларга педагогикалык адистиктер боюнча студенттерди кабыл алуу республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен мамлекеттик заказдын чегинде адистерди даярдоого кабыл алуу планы боюнча сынактык негизде жүргүзүлөт. (КР 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья
18-статья. Мугалим кадрларынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Мамлекет мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарынын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын бардык типтеги мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө кепилдик берет. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу юридикалык жактар тарабынан жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдары, кошумча кесиптик билим берүү уюмдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Мамлекет мугалимдерге жана илимий-педагогикалык кызматкерлерге илимий-педагогикалык, окуу-усулдук, ойлоп табуучулук, эксперименталдык жана эксперттик иш үчүн чыгармачылык өргүү берүүнүн кепилдигин алат. Мугалимдердин жана илимий-педагогикалык кадрлардын квалификация- сын жогорулатуунун мыйзамдарда жөнгө салынбаган тартиби, түрлөрү жана формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. (КР 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык) V Глава Корутунду жоболор
19-статья. Ушул Мыйзамды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана кызмат адамдарынын милдети жана жоопкерчилиги Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар жана алардын бирикмелери, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары, билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин чегинде ушул Мыйзамды жүзөгө ашырууну камсыз кылат. Мугалимдердин укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча милдеттерин аткарбаган же чала аткарган кызмат адамдары жана башкалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Администрациялык башкаруу жагынан кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөтүлгөн органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери менен мугалимдерге келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук көлөмдө толтурулат.
20-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши Ушул Мыйзам 2001-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. "Эркин Тоо" газетасынын 2001-жылдын 19-январында № 5 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 12 · цитата келтиргендер: 61 · байланышкандар: 37
Цитата келтиргендер (61)
- Доклад по выполнению Конвнции о правах ребенка в Кыргызской Республике (Постановление Правительства КР от 23 апреля 2002 года №244)Доклад · 23.04.2002 · № 244
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Биринчи Май айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-январындагы №64 "2019-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө"токтомуПостановление · 30.01.2019 · № 64
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1594-VI "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.05.2017 · № 1594-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 25-декабрындагы № 3730-V "Баткен облусунун коңшу мамлекеттер менен чектешкен аймактарындагы кооптуу кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу максатында…Постановление · 25.12.2013 · № 3730-V
- Беловодский айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 53 «2017 жылга бюджеттин аткарылышы жана Беловодский а/ө бюджетинин бекитилиши жана 2019-2021 ж.ж. прогноз жөнүндө»…Постановление · 19.03.2018 · № 53
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24 июнундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби…Постановление · 24.06.2022 · № 351
- Беловодск айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-февралындагы № 186 "Беловодский айыл өкмөтүнүн 2015 жылга бюджетинин аткарылышы жана 2016 жылга бюджетти бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.02.2016 · № 186
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 304 "Тарбиячынын жана мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 24.05.2017 · № 304
- Петровка айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-мартындагы № 73-1/1 "Бюджет боюнча акча каражаттын бош калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2015 · № 73-1/1
- Биринчи Май айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 96 "Бекитүү жөнүндө 2016-жылга карата бюджетти" токтомуПостановление · 17.02.2016 · № 96
- Кыргыз Республикасында билим берүүгө чыгымдарды каржылоонун Орточо мөөнөттүү стратегиясы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-декабрындагы № 891 токтому менен…Стратегия · 28.12.2006 · № 891
- Постановление ЗС Жогорку Кенеш КР от 5 июня 1998 года 3 № 1098-1 "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О статусе учителя"Постановление · 05.06.1998 · № 1098-1
- Кара-Суу шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 30-марты №21/1 "Кара-Суу шаарынын 2011-жылга бюджетинин аткарылышын отчетун жана 2012-жылга тузулгон бюджетин бекитуу жонундо" токтомуПостановление · 30.03.2012 · № 21/1
- Биринчи май айыл кенешинин 2018-жылдын 06- февралындагы № 37 “2018-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 06.02.2018 · № 37
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 117 -27 "Төлөм жөнүндө" токтомуПостановление · 18.04.2019 · № 117 -27
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 3 ноября 1997 года 3 N 891-1 "О повестке дня пленарного заседания Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики на…Постановление · 03.11.1997 · № 891-1
- Постановление ЗС Жогорку Кенеш КР от 6 мая 1998 года 3 № 1072-1 "О повестке дня пленарного заседания Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Постановление · 06.05.1998 · № 1072-1
- Постановление ЗС Жогорку Кенеш КР от 29 июня 1999 года З № 1461-1 "О принятии Закона Кыргызской Республики "О статусе учителя"Постановление · 29.06.1999 · № 1461-1
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 26 декабря 2000 года З N 212-II "О принятии Закона Кыргызской Республики "О статусе учителя"Постановление · 26.12.2000 · № 212-II
61 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (12)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2014 · № 144
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 26.06.1996 · № 23 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 08.08.2011 · № 150 · Күчүн жоготкон
- Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 15.01.2013 · № 3 · Күчүн жоготкон
12 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (37)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 2335-V "2012-2013-жылдарга V чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2012 · № 2335-V
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 421-б (2014-2019-жылдарга Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын расмий тилде бешинчи мезгилдүү…Распоряжение · 06.11.2019 · № 421-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 18-майындагы №243 ("Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 18.05.2023 · № 243
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 1138-IV "2009-жылдын 30-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.04.2009 · № 1138-IV
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декбрындагы №741-б (А.Масалиев атындагы "Беш-Буркан шахтасы" шахтасынын курулушун бүткөрүүго мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө)…Распоряжение · 30.12.2006 · № 741
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-сентябрындагы № 400 "Кыргыз Республикасында билим берүүгө чыгымдарды каржылоонун орто мөөнөттүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 07.09.2007 · № 400
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылынын 2-июнундагы №260 " Кыргыз Республикасында билим берүү системасын келечектүү өнүктүрүүнүн айрым маселелери жөнүндө"токтомуПостановление · 02.06.2008 · № 260
- КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 29-декабрындагы № 85-V "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2011 · № 85-V
- Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 36/3 "2016-2017-жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемелеринин даярдыгы боюнча" токтомуПостановление · 19.08.2016 · № 36/3
- КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 29-декабрындагы № 85-V "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2010 · № 85-V
- ПОЛОЖЕНИЕ о Координационном совете по борьбе с преступностью (Утверждено Распоряжением Президента КР от 23 декабря 1998 года РП №391)Положение · 23.12.1998 · № 391
- Көк-Жар айылдык кеңешинин 2017-жылдын 22-апрелиндеги № 33-6 "Көк-жар айыл аймагынын мектептеринде жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.04.2016 · № 33-6
- Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 4-8-3 "Майлуу-Суу шаарынын 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2017 · № 4-8-3
- Постановление Каиндинского городского кенеша от 2017 года 26 декабря № 39/XIV – 1 "О предоставлении льгот за коммунальные услуги учителям общеобразовательных учреждений г. Каинда"Постановление · 26.12.2017 · № 39/XIV – 1
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-июнундагы № 4201-V ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 19.06.2014 · № 4201-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4213-V ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.06.2014 · № 4213-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 4002-V ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз…Постановление · 24.04.2014 · № 4002-V
- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 26-ноябрындагы N 625 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев жана Ж.К.Акаев тарабынан демилгеленген…Распоряжение · 26.11.2021 · № 625
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 877-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мугалимдин статусу жөнүндө", "Кесиптик…Постановление · 30.06.2011 · № 877-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 878-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мугалимдин статусу жөнүндө", "Кесиптик…Постановление · 30.06.2011 · № 878-V
37 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.