Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 18-июлу № 144 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75, 2014-жылдын 18-июлу № 144, 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100, 2023-жылдын 9-мартындагы № 54, 2023-жылдын 11-августундагы № 179, 2024-жылдын 19 февралындагы № 52 , 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене. "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмө формалардагы "шаар тибиндеги поселок" деген сөздөр алып салынсын.
2. 5-статьянын 1-бөлүгүндө ", калктуу пункттарга-шаарларга, шаар тибиндеги поселкаларга, айылдарга" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене
3-берене. (КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене. "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 5, 311-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбуласында "шаарчаларда," деген сөз алып салынсын.
2. 1-статьянын аталышында "Негизги түшүнүктөр" деген сөздөр "Түшүнүктөр'' деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 1-статьянын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жамааттын уставы - жамааттын ишин жөнгө салуучу, анын мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жамааттын негизги укуктук документи;".
4. 2-статьянын аталышында жана биринчи абзацында ар түрдүү жөндөмө формалардагы "негизги максаттары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "максаттары" деген сөзгө алмаштырылсын.
5. 4-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, дагы" деген сөздөр алып салынсын.
6. 5-статьяда:
1-бөлүгүндө "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "жергиликтүү коомдоштуктун жана" деген сөздөр алып салынсын; 3-бөлүгүндө "айылдык, шаарчалык, шаардык кеңеште" деген сөздөр "юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 11-статьянын төртүнчү абзацында жана 12-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "алардын аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр "алардын аткаруучу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 15-статьянын 2-бөлүгүндө "жана аларды айылдык, шаарчалык, шаардык кеңеште каттатат" деген сөздөр ", алар жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене
5-берене.
(КР 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-берене. "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 13-статьяда: биринчи абзацында ", шаар тибиндеги поселоктор" деген сөздөр алып салынсын; 1-пунктунда: төртүнчү абзацында "административдик" деген сөз алып салынсын; жетинчи абзацында "айылдык округдун" деген сөздөр "айылдык аймактын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7-берене. "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 685-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Преамбуланын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын:
"1-1-статья. Салттуу билимдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Салттуу билимдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.".
3. 2-статьяда:
биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын; үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жергиликтүү шериктештик - административдик-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдары аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктары менен бириккен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жыйындысы;".
4. 4-статьянын экинчи сүйлөмүндө ", ушул Мыйзамды колдонуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана басып чыгарат" деген сөздөр алып салынсын.
5. 7-статьянын 3-бөлүгүндө "же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен күчүнө киришинин" деген сөздөр "же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө киришинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 9-статьянын 5-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 11-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 19-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
8-берене. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьяда "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзам" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 3-статьянын 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамда'" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Расмий тилдеги текстин 5-статьясынын 4-бөлүгүндө "аильном" деген сөз "айылном" деген сөзгө алмаштырылсын.
9-берене
9-берене. (КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10-берене. (КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
11-берене. "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 394-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 7-статьяда:
3-бөлүгүндө "айылдык округ" деген сөздөр "айылдык аймак" деген сөздөргө алмаштырылсын; 13-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Компенсациянын өлчөмү суу менен жабдуу булактарынын булганган сууларын кошумча тазалоо жана зыянсыздандыруу боюнча чыгымдардын ордун толук толтурууну эске алуу менен суу менен жабдуучу ишкананын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.".
2. 13-статьянын 3 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 14-статьяда:
6-бөлүгүндө "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органынын жетекчилиги" деген сөздөр "жергиликтүү кеңеш" деген сөздөргө алмаштырылсын; 7-бөлүгүндө "аткаруу-тескөө" деген сөздөр "аткаруу" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 21-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Суу менен жабдуу жана суу агызып чыгаруу тармактары менен курулмаларын эксплуатациялоону жана күтүүнү жүзөгө ашыруучу ишканалардын сунушу боюнча аймактык монополияга каршы органдар менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан киргизилүүчү чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жана коммуналдык-тиричиликтик муктаждыктар үчүн берилүүчү ичүүчү суу менен калкты камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.".
12-берене
12-берене. (КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13-берене
13-берене. (КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы N 100 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14-берене. "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 14-берененин 1 жана 2-пункттарында "айыл округдарында" деген сөздөр "айылдык аймактарда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 24-беренеде "аткаруу-тескөө" деген сөздөр "аткаруу" деген сөзгө алмаштырылсын.
15-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
16-берене. "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 22-статьяда ", областтык, райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялар жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармасы" деген сөздөр "жана шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17-берене. "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 500-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 6-статьяда: 1-бөлүгүндө "областтык жана Бишкек менен Ош шаарларынын кеңештери" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү кеңештери" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүгүндө "областтык мамлекеттик администрациялар," деген сөздөр алып салынсын; 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Бирдиктүү төлөөчүнүн ишин контролдоо максатында төмөнкүлөргө укуктуу:"; 5-бөлүгүндө "областтык мамлекеттик администрацияларга," деген сөздөр алып салынсын.
18-берене. "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 570-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 12-берененин 1-бөлүгүндө "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөзгө алмаштырылсын.
19-берене. ''Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 497-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 7-статьяда: 1-бөлүгүндө "региондук жана тармактык программаларын ишке ашырууну камсыз кылышат" деген сөздөр "тармактык программаларын бекитишет" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндө "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөзгө алмаштырылсын.
20-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү үчүн зарыл чараларды көрсүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тиешелүү сунуштарды киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 20 · цитата келтиргендер: 40 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (40)
- Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндөЗакон · 21.02.2005 · № 36
- Ичүүчү суу жөнүндөЗакон · 25.03.1999 · № 33
- Салттуу билимдерди коргоо жөнүндөЗакон · 31.07.2007 · № 116
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54
- Аксакалдар соттору жөнүндөЗакон · 19.02.2024 · № 52
- Энергияны үнөмдөө жөнүндөЗакон · 07.07.1998 · № 88
- Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндөЗакон · 30.07.2003 · № 159
- Казыбек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 9 "“Казыбек - Табияты” жамаатынын уставын бекитип, каттоодон өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.04.2017 · № 9
- Жылалды айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июлундагы № 16 "2017-жылга карата айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери…Постановление · 21.07.2017 · № 16
- Жылалды айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июлундагы № 19 "Калктын таза суу менен камсыз болушу боюнча Прогресс айылына суу колонкаларынын ремонтуна акча каражатын бөлүп берүү…Постановление · 21.07.2017 · № 19
- Жылалды айылдык кеңешинин 2018-жылдын 09-октябрындагы № 47 "2018-жылдын 9-ай ичинде айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери…Постановление · 09.10.2018 · № 47
- Жылалды айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-августундагы № 8 "2019-жылдын 8-ай ичинде айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери…Постановление · 24.08.2019 · № 8
- Төлөк айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 39 “Маловодное” айылдын атын “Назар-Ата” ысымына өзгөртүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2025 · № 39
40 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (20)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- Салттуу билимдерди коргоо жөнүндөЗакон · 31.07.2007 · № 116
- Аксакалдар соттору жөнүндөЗакон · 19.02.2024 · № 52
- Энергияны үнөмдөө жөнүндөЗакон · 07.07.1998 · № 88
- Ичүүчү суу жөнүндөЗакон · 25.03.1999 · № 33
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67
- Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндөЗакон · 30.07.2003 · № 159
- Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндөЗакон · 21.02.2005 · № 36
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралууЗакон · 10.08.2018 · № 89
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөЗакон · 01.11.2022 · № 100
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 30-январындагы №11-8 "Кызыл-Сеңир айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.01.2019 · № 11-8
- Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 30-январындагы №11-9 "Таштак айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.01.2019 · № 11-9
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-октябрындагы № 15-4 "Талаа-Булак айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.10.2019 · № 15-4
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон