Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-статья. Материалдык жактан камсыз болуу укугу
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 января 2013 года № 3
Мугалимдин кызмат акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте белгиленет. Мугалимдин кызмат акысы финансы жылына (12 ай) эсептелет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бир категориянын чегинде мугалимдердин кызмат акысына кошумчаларды белгилеши мүмкүн. Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдары, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдары камкорчулук кеңеши менен макулдашуу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүк, демөөрчүлүк каражаттардан педагог кызматкерлердин кошумча жана кошуп төлөөнү өз алдынча белгилей алат. (Бешинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Мугалимдин стандарттык ченемден (ставкадан) ашкан окуу-тарбия ишине акы төлөнөт. (Жетинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Сегизинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Тогузунчу бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Мамлекет мектептердин мугалимдерине жана жетекчилерине республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден айлык акыны жыл ичинде толук көлөмдө өз убагында төлөп берүүнү камсыз кылат. Мугалимдердин айлык акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда, аны төлөп берүү "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык индексациялоо менен жүргүзүлөт. Бийик тоолуу жана алыскы айылдык райондордо иштеген мугалимдерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жеңилдиктер жана айлык акысына кошумча төлөөлөр каралат. Турак жай аянты менен камсыз кылынбагандарга же турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондорго жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан турак жай куруу үчүн жер участоктору берилет. Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында иштеген илимдин кандидаты же докторунун окумуштуулук даражасы бар мугалимдерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча акы белгиленет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган мугалимдин айлыгынан кармап калууларга тыюу салынат. Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдары, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдары окуучулардын тандоосу боюнча факультативдик сабактарды, курстарды өткөрүүгө, ийримдерди, клубдарды, илимий студияларды, спорттук жана башка бирикмелерди уюштурууга, лекцияларга акы төлөп берүүгө каражат бөлүүгө укуктуу. (КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 210, 2009-жылдын 25-июнундагы № 189, 2010-жылдын 26-мартындагы № 56, 2011-жылдын 8-августундагы № 150, 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 января 2013 года № 3 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе учителя"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2011 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 марта 2010 года № 56 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О статусе учителя"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2009 года № 189 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе учителя"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 декабря 2006 года № 210 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О статусе учителя"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20 августундагы № 428 ""Кыргыз Республикасынын билим берүү жана социалдык коргоо жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 20.08.2020 · № 428
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 331 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин даярдыктын багыттары жана адистиктер боюнча окутууну…Постановление · 28.05.2012 · № 331 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-июлундагы №545 "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 31.07.2006 · № 545 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-августундагы № 574 "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 21.08.2012 · № 574 · Күчүн жоготкон
- Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуЗакон · 05.04.2008 · № 53 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 26.06.1996 · № 23 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 08.08.2011 · № 150 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/391/st-7" title="7-статья - Мугалимдин статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>