Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев жана Ж.К.Акаев тарабынан демилгеленген «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ 2021-жылдын 26-ноябры № 625 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев жана Ж.К.Акаев тарабынан демилгеленген "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрага
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 26-ноябрындагы № 625 тескемеси менен жактырылган
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев жана Ж.К.Акаев тарабынан демилгеленген "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунда республикалык, эл аралык предметтик олимпиадаларда жеңүүчү болгон жалпы билим берүү уюмунун окуучусун даярдаган мугалимге сыйлык катары үч айлык маянасынын өлчөмүндө төлөмдөр каралган.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 145-беренесине ылайык иш берүүчү ийгиликтүү иши үчүн уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелеринде каралган сыйлоо чараларын колдонот (алкыш жарыялайт, сыйлык берет, баалуу белектер, ардак грамотасы менен сыйлайт, кесип боюнча эң мыкты деген наамга көрсөтөт). Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 151-беренесине ылайык тарифтик ставка (маяна) кызматкердин убакыт бирдигинин ичинде белгилүү бир татаалдыктагы (квалификациядагы) иштин (иш-милдеттеринин) ченемин аткаргандыгы үчүн эмгек акысынын белгиленген өлчөмү. Эмгек акыга чегерилген райондук коэффициентти кошпогондо, үстөк жана кошумча акы түрүндөгү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр абсолюттук чоңдуктарда же кызматтык (тарифтик) маянага карата пайыз менен белгиленет. Ушуга байланыштуу жогоруда баяндалгандарды эске алып, Мыйзамдын долбоорунда сунушталып жаткан сыйлоонун аталышын жана өлчөмүн кайра карап чыгуу керек. Ошону менен бирге республикалык, эл аралык предметтик олимпиадаларда жеңүүчү болгон жалпы билим берүү уюмунун окуучусун даярдаган мугалимге бир жылга эсептегенде сыйлык катары үч айлык маяна өлчөмүндөгү төлөмгө 1646,2 миң сом кошумча керектигин белгилейбиз.
2. Мыйзамдын долбоору менен жалпы билим берүү уюмдарында он жылдан кем эмес иш стажы бар педагогикалык кызматкерлерге 10000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, тагыраак айтканда 1000,0 миң сом өлчөмүндө бир жолку кошумча акыны белгилөө сунушталат.
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында он жылдан ашык педагогикалык иш стажы бар 51550 педагогикалык кызматкер иштейт. Көрсөтүлгөн статистикалык маалыматтардан улам, жалпы билим берүү уюмдарында он жылдан ашык иш стажы бар педагогикалык кызматкерлерге бир жолку кошумча акыга республикалык бюджеттен 51550,0 млн. сом (51 млрд. 550 млн. сом) суммасындагы кошумча ассигнование талап кылынат. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин олуттуу тартыштыгынын шарттарында, пандемиядан улам экономиканын өсүшүнүн басаңдашынын натыйжасында салыктык түшүүлөрдүн түшпөй калуусуна байланыштуу республикалык бюджеттеги кыйынчылыктарды эске алып, 51550,0 млн. сом суммасындагы кошумча каржылоо булагын табууга мүмкүнчүлүк жок.
3. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүндө ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет деп белгилөө сунушталган.
Бирок "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28 жана 30-беренелерине ылайык расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү ченемдик укуктук актынын юридикалык күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарт болуп саналарын белгилөө зарыл. Ошол эле учурда ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартын 7 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилет. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгү "күчүнө кирет" деген сөздөрдөн мурда "расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин" деген сөздөр менен толуктоо зарыл. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылган. Ушуга байланыштуу каралып жаткан мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат менен негиздеме-маалымкатты толуктоо зарыл. Мындан тышкары сунушталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 38, 45-пункттарынын талаптарына ылайык келтирүү зарыл.
4. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкаты ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишүү же чечүү болжолдонгон максаттарды жана милдеттерди, коомдук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле аны каржылоо булактарын камтууга тийиш.
Ушуга байланыштуу негиздеме-маалымкатты милдеттерди, коомдук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды жана мамлекеттик бюджеттен каржылоо булагын көрсөтүү менен толук иштеп чыгуу зарыл. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле бюджеттик ресурстардын чектелгендигине, республикалык бюджеттин олуттуу тартыштыгына жана кирешелердин түшүп калуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети азыркы учурда жогоруда аталган мыйзамдын долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети республикалык, эл аралык предметтик олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн даярдаган педагогикалык кызматкерлерге үч айлык маяна өлчөмүндө төлөө боюнча мыйзамдын долбоорунун концепциясын колдойт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2015 · № 5389-V
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча НУСКАМА (КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилди)Инструкция · 26.06.2015 · № 5389-V
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Мугалимдин статусу жөнүндөЗакон · 14.01.2001 · № 9 · Күчүн жоготкон