Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасында билим берүүгө чыгымдарды каржылоонун Орточо мөөнөттүү стратегиясы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 28-декабрындагы
№ 891 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасында билим
берүүгө чыгымдарды каржылоонун
ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ
I. Киришүү
Билим берүүгө чыгымдарды каржылоонун орто мөөнөттүү стратегиясы
төмөнкүдөй каржылоо механизмдери аркылуу камсыз кылуу максатында иште-
лип чыккан:
- республиканын калкы үчүн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө бир-
дей жеткиликтүүлүк;
- мамлекеттик финансы ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу;
- билим берүүнүн натыйжалуу системасын түзүү.
Билим берүүнү каржылоонун ушул Стратегиянын негизинде турган "жет-
киликтүүлүк", "сарамжалдуулук" жана "натыйжалуулук" деген үч негизги
сөз билим берүү процессинин үч катышуучусунун - калкты, мамлекетти жана
билим берүү мекемесин билдирет.
Коюлган максатка жетүү үчүн бир окуучуга эсептегенде каржылоонун
бирдиктүү стандартташтырылган нормативдеринин негизинде билим берүү ме-
кемелерин бюджеттик каржылоонун өлчөмдөрүн адилет аныктоого, Кыргыз
Республикасынын, колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык мамлекеттик билим
берүү системасында акы төлөөнү жана акысыз окутууну системалаштырууга,
билим берүү мекемелеринин финансылык өзүнчөлүгүн камсыз кылууга негиз-
делген чаралар комплексин камсыз кылуу зарыл.
II. Билим берүү сектору боюнча мамлекеттик
бюджетти түзүүнү жана аткарууну талдоо
2.1. Билим берүүнү каржылоо
2006-жылга мамлекеттик консолидацияланган бюджетте билим берүүнү
күтүүгө 5533,6 млн. сом же ИДПнын 5,0%и жана жалпы мамлекеттик чыгым-
дардын 23,8%и каралган, анын ичинде билим берүүнүн учурдагы муктаждык-
тарына 5016,6 млн. сом суммасында пландалган, ал ИДПнын 4,5%ин жана
21,6%ин түзөт. Учурдагы чыгымдар төмөнкүдөй каражаттардан камсыздалат:
- республикалык бюджеттен - 1678,9 млн.сом (33,3%);
анын ичинде:
- атайын каражаттар - 864,4 млн.сом;
- жергиликтүү бюджеттен - 1137,0 млн.сом (23,0%);
анын ичинде:
- атайын каражаттар - 229,2 млн.сом;
- категориялык гранттардан - 2154,6 млн.сом (42,7%);
- тењдөөчү гранттардан - 51,1 млн.сом (1,0%).
Консолидацияланган бюджеттин чыгымдарынын жалпы суммасында билим
берүүгө 282,0 млн. сом суммасында инвестициялык каржылоо жана кедейлик-
ке каршы күрөшүүнүн борбордоштурулган фондунан (ККБФ) 235 млн. сом кар-
жылоо, анын ичинен окуу китептерин сатып алууга 100 млн. сом жака мек-
теп имараттарын оњдоого 135 млн. сом каралган.
Андан сырткары, үй чарбаларынын чыгымдарын бюджеттик текшерүүнүн
маалыматтары боюнча орто билим берүүнү кошумча формалдуу эмес каржылоо-
ну эске алуу менен 639 млн. сом суммасында (үй чарбаларын текшерүү бо-
юнча 770,3 млн. сом - 131,2 млн. сом атайын каражаттан), билим берүүгө
жалпы консолидацияланган чыгымдар 6172,6 млн. сомду же ИДПпын 5,6%ин
жака жалпы мамлекеттик чыгымдардын 26,6%ин түзөт.
1-диаграмма. 2006-жылы билим берүүгө консолидацияланган
чыгымдардын структурасы
"Токтом" МБ эскертүүсү: 1-диаграмма "Токтом" МБ кагаз түрүндө бар.
Билим берүүгө учурдагы мамлекеттик чыгымдардын жалпы көлөмүнөн
тармактык программалар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
| Аталышы | Бардыгы, | анын ичинде: | |||
| млн.сом | ---------------------------------------- | ||||
| Бюджет, | Жыйынты- | Атайын | Жыйынтыгы- | ||
| млн.сом | гына | каражат | на карата | ||
| карата % | -тар, | % менен | |||
| менен | млн. сом | ||||
| Мектепке чейинки | 369,3 | 288,5 | 7,5 | 80,8 | 7,4 |
| билим берүү | |||||
| Башталгыч жалпы | 2617,7 | 2486,5 | 64,2 | 131,2 | 12,0 |
| жана жалпы орто | |||||
| билим берүү | |||||
| Баштапкы кесиптик | 333,0 | 294,4 | 7,6 | 38,6 | 3,5 |
| билим берүү | |||||
| Орто кесиптик | 189,5 | 133,4 | 3,4 | 56,1 | 5,1 |
| билим берүү | |||||
| Жогорку кесиптик | 960,5 | 227,3 | 5,9 | 733,2 | 67,0 |
| билим берүү | |||||
| Башка | 495,5 | 441,8 | 11,4 | 53,7 | 5,0 |
| Бардыгы: | 4965,5 | 3871,9 | 100 | 1093,6 | 100 |
1 окуучуга эсептегенде орточо бюджеттик чыгымдар билим берүүнүн
мектепке чейинки мекемелеринде 6010 сомду, орто мектептерде 2229 сомду,
баштапкы кесиптик билим берүүдө 11980 сомду, орто кесиптик билим
берүүдө 10234 сомду жана жогорку окуу жайларында 8530 сомду түзөт.
2.1.1. Башталгыч жана жалпы орто билим берүү
2005-2006-окуу жылында жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучула-
рынын орточо жылдык саны 1094 мињ адамды түздү. Мында 1 окуучуга (тар-
биялануучуга) эсептегенде орточо бюджеттик чыгымдар 2229 сомдон ашпайт.
Коммуналдык чыгымдарды эске албаганда окуу муктаждыктарына жана педа-
гогдордун эмгек акысына 1 окуучуга эсептегенде 2000ден ашык эмес сом же
күнүнө 10 сомдон азыраак бөлүнөт.
Жалпы билим берүүчү мекемелердин бюджети класс комплектке, адми-
нистрациялык-башкаруучу жана тейлөөчү кызматкерлердин санына, имарат-
тарды кармоого чыгымдарга жана башкаларга эсептегенде тармактык
көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт. Бюджеттин жер-жерлердеги алсыз ий-
кемдүүлүк шарттарында мектептерге аларды күтүү боюнча сарптоолордун
структурасын түзүүгө иш жүзүндө мүмкүндүк бербейт. Аталган себептер бо-
юнча каржылоо механизми ресурстарды ийкемдүү жана натыйжалуу пайдала-
нуу, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн экономикалык өбөлгөлөрдү
түзбөйт.
1-таблица. 2006-жылы жалпы орто билим берүүгө мамлекеттик
бюджеттин чыгымдарынын структурасы (млн.сом)
| Региондор | Бардыгы | анын ичинде: | |||||
| Эмгек | Жыйын- | Комкызмат | Жыйын- | башка | Жыйын- | ||
| акы | тыгына | көрсөтүүлөр | тыгына | тыгына | |||
| жана | карата | карата | карата | ||||
| чеге- | % менен | % менен | % менен | ||||
| рүүлөр | |||||||
| Чүй обл. | 432,0 | 296,0 | 68,5 | 92,3 | 21,4 | 43,7 | 10,1 |
| Талас | 111,1 | 104,6 | 94,2 | 3,5 | 3,1 | 3,0 | 2,7 |
| обл. | |||||||
| Нарын | 188,3 | 184,3 | 97,9 | 0,4 | 0,2 | 3,6 | 1,9 |
| обл. | |||||||
| Ысыккөл | 229,8 | 176,1 | 76,6 | 51,0 | 22,2 | 2,7 | 1,2 |
| обл. | |||||||
| Жалалабат | 423,8 | 400,6 | 94,5 | 10,2 | 2,4 | 13,0 | 3,1 |
| обл. | |||||||
| Баткен | 178,6 | 178,3 | 99,8 | 0,1 | 0,1 | 0,2 | 0,1 |
| обл. | |||||||
| Ош обл. | 488,3 | 455,6 | 93,3 | 15,5 | 3,2 | 17,2 | 3,5 |
| Ош ш. | 107,4 | 75,4 | 70,2 | 26,1 | 24,3 | 5,9 | 5,5 |
| Бишкек ш. | 278,9 | 203,6 | 73,0 | 49,9 | 17,9 | 25,4 | 9,1 |
| Бардыгы | 2438,3 | 2074,6 | 85,1 | 248,9 | 10,2 | 114,7 | 4,7 |
Андан сырткары тармактык көрсөткүчтөрдүн негизинде бюджетти түзүү
гимназияларда бешинчи класстан, лицейлерде сегизинчи класстан тартып
айрым сабактарды терењдетип окутууга байланышкан кошумча чыгымдарды
бюджеттик каржылоо дагы каралат. Гимназияларды кармоого бюджеттен 15%
жана лицейлерге эмгек акынын жалпы фондунан 20%и өлчөмүндө каржылоо
бөлүнөт.
Ошентип, республиканын региондору боюнча базалык окуу планын кар-
жылоонун бирдей эместигинин шарттарында мектеп-гимназиялар, мектеп-ли-
цейлер артыкчылыкка ээ болот жана базалык окуу планына карата кошумча
бюджеттик каржылоо алат. Бул учурда жалпы билим берүүчү мектептерде ба-
залык окуу планынан (мындан ары - БОП) тышкары кошумча акы төлөмө кыз-
маттар (КАТК) түрүндө көрсөтүлүүчү айрым сабактар кыйла терењдетилип
окутууга ата-энелер акы төлөшөт.
Түзүлгөн кырдаал бир мекемени башкалардын эсебинен бюджеттик кар-
жылоодо өзүн-өзү актабаган артыкчылыкты түзөт жана республиканын алыскы
жана кыйла кедей региондорунда кыйла корголбогон жарандар үчүн билим
берүү кызматтарына бирдей эмес жетүүгө алып келет.
2-таблица. Облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча 1 окуучуга
эсептегенде 2006-жылы жалпы билим берүүчү мектептерди
каржылоого мамлекеттик бюджеттин чыгымдары
| Региондор | Бекитилген | Окуучу- | 1 окуучу- | Бийик | Бийик | Республика |
| бюджет | лардын | га | тоолуу- | тоолуу- | боюнча | |
| (млн. сом) | саны | бюджеттин | лук | лукка | орточо | |
| (мињ | чыгымдары | коэффи- | таасир- | алынган % | ||
| адам) | (сом) | циенти | сиз 1 | |||
| окуучуга | ||||||
| бюджет- | ||||||
| тин | ||||||
| чыгым- | ||||||
| дары | ||||||
| (сом) | ||||||
| Чүй обл. | 432,0 | 148,9 | 2900 | 1,0033 | 2891 | 134 |
| Ысыккөл | 229,8 | 95,7 | 2400 | 1,0055 | 2387 | 110 |
| обл. | ||||||
| Нарын обл. | 188,3 | 65,1 | 2893 | 1,2610 | 2294 | 106 |
| Баткен | 178,6 | 100,0 | 1789 | 1,0384 | 1722 | 80 |
| обл. | ||||||
| Ош обл. | 488,3 | 248,5 | 1965 | 1,0255 | 1916 | 89 |
| Жалалабат | 423,8 | 233,6 | 1814 | 1,0203 | 1778 | 82 |
| обл. | ||||||
| Талас обл. | 111,1 | 48,5 | 2293 | 1,0038 | 2285 | 106 |
| Ош ш. | 107,4 | 54,7 | 1963 | 1,0000 | 1963 | 91 |
| Бишкек ш. | 278,9 | 99,0 | 2818 | 1,0000 | 2818 | 130 |
| Бардыгы | 2438,3 | 1094,0 | 2229 | 1,0306 | 2164 | 100 |
Келтирилген маалыматтардан көрүнгөндөй 1 окуучуга эсептегенде мек-
тептерди каржылоо өлчөмүндө объективдүү өзгөчөлүктөр менен шартталбаган
олуттуу дал келбестик орун алган. Башкача айтканда, республикада иш
жүзүндө билим берүүчү мекемелердин типтери жана дењгээлдери боюнча оку-
учуларды финансылык каржылоонун бирдиктүү шарттары жок.
Мурунку жылдарга салыштырганда ажырымдалуу терењдеп бараткандыгы
байкалат. Республика боюнча орточо көрсөткүчтөн 1 окуучуга эсептегенде
Ош, Жалалабат жана Баткен облустарынын орто билим берүүсүн каржылоо
үлүшү 2005-жыл үчүн 92%тен 89%ке; 82%тен жана 80%ке чейин кыскарган.
Окуу пландары
Азыркы учурда окуу пландары (билим берүү стандарттары) биздин
өлкөдө аларды финансылык камсыздоо мүмкүнчүлүгүнөн иш жүзүндө ажыраты-
лып иштелип чыгат.
Андан дагы 2005-2006-окуу жылына бекитилген окуу пландарында окуу
жылы башталганга чейин 1-класстын окуучулары үчүн милдеттүү даярдоо
программасынын 100 сааты каралган.
Окуу пландарынын жана программаларынын логикалык ырааттуулугунун
жоктугу жана материалдын өтө көптүгү окуучулардын билим дењгээлине таа-
сир берет.
Салыштырма эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча Кыргызстан
мектептик окуу жүгү өтө жогорку дењгээлдеги өлкө болуп эсептелет, ал
төмөнкү таблицадан көрүнүп турат.
3-таблица. Жылына 10-14 жашар окуучулар үчүн жыйынды сааттык окуу
жүгү
| Өлкөлөр | 10 жаш | 11 жаш | 12 жаш | 13 жаш | 14 жаш |
| Германия | 774 | 862 | 874 | 915 | 918 |
| Япония | 761 | 761 | 875 | 875 | 875 |
| Финляндия | 684 | 713 | 713 | 855 | 855 |
| Швеция | 741 | 741 | 741 | 741 | 741 |
| Испания | 795 | 795 | 795 | 870 | 870 |
| Чехия | 738 | 803 | 828 | 886 | 886 |
| Венгрия | 867 | 902 | 971 | 902 | 902 |
| Россия | 893 | 919 | 971 | 998 | 998 |
| Кыргызстан | 1088 | 1156 | 1156 | 1122 | 1190 |
Аталган шарттарда базистик окуу планы боюнча гана жылына 33-34
окуу жумасы болгондо (Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана
жаштар саясаты министрлигинин 2005-жылдын 26-декабрындагы N 803/1 буй-
ругу) 1 окуучуга бир күндүк жүк күнүнө 6 сааттан кем эмести түзөт.
Андан сырткары жалпы билим берүүчү мектептерде, ал эми гимназия-
ларда, лицейлерде белгиленген план боюнча базистик окуу планынан ашыкча
кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн практикасы (мектеп компоненти) жалпы
жүктү күнүнө 1-2 сабакка көбөйтөт.
Мектеп компоненти окуучулардын жана ата-энелердин кызыкчылыктарын
жана суроо-талаптарын эске алуучу, конкреттүү жалпы билим берүүчү уюм-
дун өзгөчөлүгүн чагылдыруучу кошумча билим берүү кызматтары, сабактар,
тандоо боюнча курстар түрүндө болот.
4-таблица. Жалпы билим берүүчү мектептерде, мектеп-гимназияларда,
мектеп-лицейлерде окутуунун баскычы боюнча
2005-2006-окуу жылына окуу пландары (жумасына 1
окуучуга сааттык жүк)
| Класстар | ЖБМ | Гимназиялар | Лицейлер | |||
| РК | МК | РК | МК | РК | МК | |
| 1 | 20/22 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 2 | 25 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 3 | 26 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 4 | 27 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 5 | 32 | 0 | 32 | 4 | 0 | 0 |
| 6 | 34 | 0 | 34 | 2 | 0 | 0 |
| 7 | 34 | 0 | 34 | 2 | 0 | 0 |
| 8 | 33 | 0 | 33 | 3 | 33 | 3 |
| 9 | 35 | 0 | 35 | 1 | 35 | 1 |
| 10 | 31 | 0 | 31 | 5 | 31 | 4 |
| 11 | 31 | 0 | 31 | 5 | 31 | 5 |
*) РК - окуу планынын республикалык компоненти
МК - окуу планынын мектептик компоненти
Мектептик компонент милдеттүү болуп эсептелбейт. Ошондуктан, ал
адегенде ата-энелердин каалоосу боюнча көрсөтүлүүгө жана төлөнүүгө ти-
йиш экендиги пландалган. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана
жаштар саясаты министрлиги ийрим иштерин жүргүзүүгө, лекцияларды окууга
бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен мектеп-гимназиялар жана ли-
цейлер тарабынан каржыланаары жөнүндө чечим кабыл алынган.
Мектептин педагогикалык кызматкерлеринин саны Кыргыз Республикасы-
нын Экономика жана финансы министрлигинин маалыматтары боюнча республи-
када жалпы билим берүүчү мектептерде 1 педагогго орточо 13 окуучу туура
келет. Региондордун көпчүлүгүндө жагдай кыйла начар.
5-таблица. 2006-жылы республиканын региондору боюнча
мугалим/окуучу катышы
| Региондор | Саны | Мугалим окуучу | |
| -------------------------- | катышы | ||
| Педагогикалык | Окуучулар | ||
| персонал | (саны) | ||
| (ставкалар | |||
| саат менен) | |||
| Республика боюнча | 83146 | 1093892 | 13,1 |
| бардыгы | |||
| анын ичинде: | |||
| Чүй обл. | 12228 | 148945 | 12,2 |
| Ысыккөл обл. | 7609 | 95737 | 12,6 |
| Нарын обл. | 5128 | 65094 | 12,7 |
| Баткен обл. | 8079 | 99852 | 13,2 |
| Ош обл. | 19216 | 248465 | 12,9 |
| Жалалабат обл. | 18047 | 233612 | 12,9 |
| Талас обл. | 4444 | 48453 | 10,9 |
| Ош ш. | 3591 | 54741 | 15,2 |
| Бишкек ш. | 6556 | 98993 | 15,1 |
Жүктү этабы менен 1990-жылдагы жумасына 24 сааттан, 1995-жылы 20
сааттан башталгыч мектепте 16 саатка чейин жана окутуунун экинчи жана
үчүнчү баскычтарында 18 саатка чейин азайтуу аркылуу эмгек акыны жашы-
руун жогорулатуунун жүргүзүлгөн саясаты натыйжасыз болуп калды. Муга-
лимдердин эмгек акысы алардын айрымдарын 1,5 - 2,0 ставкага чейин айка-
лыштырып иштөөгө мүмкүндүк берүү менен окутуунун сапатына зыян келтирүү
аркылуу жогорулатылат (жумасына 27 жана атүгүл 36 сааттан ашык).
6-таблица. Республиканын региондору боюнча 1 мугалимге иш
жүзүндөгү жүк
| Региондор | Педперсоналдын саны | Айкалыштыруу | |
| ------------------------------ | коэффициенти | ||
| ставкалар | жеке адамдар | ||
| Чүй обл. | 12228 | 8670 | 1,4 |
| Ысыккөл обл. | 7609 | 7114 | 1,1 |
| Нарын обл. | 5128 | 5682 | 0,9 |
| Баткен обл. | 8079 | 6951 | 1,2 |
| Ош обл. | 19216 | 17628 | 1,1 |
| Жалалабат обл. | 18047 | 14980 | 1,2 |
| Талас обл. | 4444 | 3615 | 1,2 |
| Ош ш. | 3591 | 2975 | 1,2 |
| Бишкек ш. | 6556 | 5124 | 1,3 |
Жумасына 18 сааттык окутуучулук жүк болгондо жылдык жүк 612 (18
саат - 34 жумушчу жума) академиялык саатты түзөт жана ОЭСР
өлкөлөрүндөгү мугалимдердин жүктөрүнө салыштырганда төмөн болуп эсепте-
лет. Мисалы, Нидерланддарда ал жылына 1000 саатты, Францияда - 923 са-
атты түзөт.
Бул Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелери жөнүндө
типтүү жободо (Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар са-
ясаты министрлигинин 1997-жылдын 24-октябрындагы N 376/1 буйругу) окуу
жүгүнүн көлөмү боюнча чектөөлөр каралбаганына байланыштуу мүмкүн болду,
башкача айтканда окуу жүгүнүн жогорку чеги белгиленген эмес. Ал окуу
планы жана окуу программалары боюнча сааттардын санына, кадрлар менен
камсыздалганына, ушул жалпы билим берүүчү мекемеде иштин башка конк-
реттүү шарттары болгонуна жараша аныкталат.
Сабактар боюнча, өзгөчө окутуунун биринчи баскычында мугалимдерди
кыйла адистештирүү дагы алардын санынын өзүн-өзү актабай көбөйүп кети-
шине жана мектептердин иштөө натыйжалуулугунун начарлашына көмөк түзөт.
Мугалимге төмөнкү сабак жүгүнүн шарттарында өтө ашыкча болгон окуу
пландары мугалимдердин штаттык санынын өзүн-өзү актабай көбөйүшүнө жана
эмгек акынын төмөнкү өлчөмүнүн сакталышына түрткү берет.
Окуу китептери менен камсыздалуу
Орто мектептердин кызматкерлерин жана инфраструктурасын кармоого
кыйла ресурстарды бөлүү окуучуларды окуу китептери жана окуу-усулдук
материалдар менен камсыздоого мүмкүндүк бербейт.
Бул учурда 2006-жылга бюджетте ушул муктаждыктарга 100 млн. сом
каралган, бул эскирүүнү, ошондой эле окуу программаларынын өзгөрүшүн
эске алуу менен окуу китептерине орто билим берүүнүн муктаждыгынын
50%ин гана жабат. 2006-жылдын майына чейин ("2006-жылга Кыргыз Респуб-
ликасынын республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-
нын 7-статьясы) мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу системасы
1 окуу китеби үчүн орточо 10-15 сомдон ижара акысын ата-энелерден алуу-
га эсептелген. Жылына үй-бүлөнүн окуу китептерге болгон чыгымдары бол-
жол менен 150 млн. сомду түзгөн. Ижара акысынын суммасынан мектептердин
дењгээлинде китепканалык фонддор түзүлгөн, алар жыл сайын жањыланып жа-
на толукталып турган. Китепканалык фонддор аркылуу окуучулар окуу ки-
тептери менен камсыздалган.
Ижара акысынын бөлүгүн мектептер Кыргыз Республикасынын Билим
берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Борбордошту-
рулган китепканалык фондду түзүүгө жиберишкен. 2005-окуу жылында анын
түшүшү 26 млн. сомду түзгөн. Борбордоштурулган фонддун каражаттарынын
эсебинен министрлик окуу китептерин чыгарууну жана улуттук тилде оку-
тулган мектептерге, алыскы айыл жана бийик тоолуу райондордогу аз комп-
лектилүү мектептерге, республиканын кедей региондоруна жеткирип берүүнү
камсыз кылган. Окутуу орус тилиндеги көптөгөн мектептер (өзгөчө Бишкек
шаарында) өз алдыларынча ижаралык акынын эсебинен жыл сайын китеп фон-
дун жањыртып турушкан жана окуучуларды окуу китептери менен камсыз кы-
лышкан.
Орто мектептерде окуу китептери үчүн ижара акысын алып салуу алар-
дын наркы чекене соодада кымбаттыгына байланыштуу, бюджеттик чектелген
шарттарда окуу жылы башталганга чейин кечиктирилгис чараларды көрүүнү
талап кылынат.
Орто мектептердеги артыкчылыктар
Мектеп-гимназиялар жана мектеп-лицейлер төмөнкүдөй артыкчылыктарга
ээ жалпы билим берүүчү мектептердеги 30 жана андан ашык адамдын ордуна
класстардын кыйла төмөн нормативдик толук болушуна (биринчи баскычта 25
адам, экинчи жана үчүнчү баскычта 15-20 адам, чет тил сабагында класс-
тар 20 адамдан ашык болсо үчкө бөлүнөт, ал 7-10 адамды түзөт).
2005-2006-окуу жылында республикада 69 гимназия, 34 лицей жана 7
комплекс иштеген. Андагы окуучулардын саны 85769 адамды же мектептик
билим берүү системасындагы окуучулардын жалпы санынын 7,8%ин түзөт.
Мында алар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан финансылык ресурстардын
11,6%ин пайдаланышкан.
Андан сырткары жалпы билим берүүчү мектептерде коммерциялык класс-
тар активдүү түзүлүүдө, аларда окутууга ата-энелер акы төлөшөт. Коммер-
циялык класстардын окуучуларынын артыкчылыктары (класстардагы балдардын
кыйла аз санда болушу, окутуунун биринчи сменасы, кыйла квалификациялуу
мугалимдер) көп учурда мектептин калган окуучулары үчүн билим берүүгө
жетүү укуктарын басмырлоонун эсебинен камсыз кылынат, бир окуу жайынын
алкагында окуучуларды материалдык абалы жана социалдык статусу боюнча
айырмалоого шарттар түзүлөт.
Бул көрүнүштүн масштабы жөнүндө Бишкек шаарынын маалыматтары боюн-
ча айтууга болот. 85 муниципалдык мектептин 21инде окуучулардын саны
3737 адам болгон контракттык негиздеги 233 класс ачылган.
2003-2004-окуу жылында контракттык окутууга ата-энелердин акы төлөө
суммасы 16,4 млн. сомду же орточо алганда 1 окуучуга жылына 4400 сомдон
ашыкты түзгөн.
Коммерциялык класстарды ачуу өтө эле жөнөкөйлөтүлгөн. Бекитилген
тартипке ылайык ал мектеп тарабынан демилге кылынат жана билим берүүнүн
региондук борборунун буйругу менен ачылат. Коммерциялык класстардагы
педагогдордун кызмат көрсөтүүлөрү Кыргыз Республикасынын Монополияга
каршы саясат жана атаандаштыкты боюнча улуттук агенттиги менен макулда-
шылган баалардын прейскуранты боюнча төлөнөт. Республикада коммерциялык
класстардын кызмат көрсөтүүсүнө баалардын калькуляциясынын бекитилген
бирдиктүү методикасы жок, ошондуктан билим берүүгө кызмат көрсөтүүнүн
бааларынын прейскуранты ар бир мектепте өз алдынча чечилет.
Республиканын бардык мектептеринде бюджеттен тышкаркы керектөө
взностору шаарда 160 сом жана айыл жеринде 100 сом өлчөмүндө чогулту-
лат, алар мектептин материалдык-техникалык базасын чыњдоого, инфраст-
руктурасынын учурдагы ремонтуна жиберилет. 2005-2006-окуу жылы ал 38,7
млн. сомду түзгөн.
Олуттуу сумма жалпы билим берүүчү мектептерди финансылык колдоого
ата-энелерден ыктыярдуу-мажбурлаган демөөрчүлүк взносторду түзөт.
Мектептик билим берүү жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү коммерция-
лаштыруунун өсүшү республиканын калкы үчүн орто билим берүүгө бирдей
жетүүнү камсыз кылуу проблемаларын татаалдаштырат.
Кедейликтин жогорку дењгээлинин шарттарында түзүлгөн мындай кырда-
ал кедей үй-бүлөлөрдүн балдарынын мектепке келишине, ошондой эле алар
үчүн артыкчылыктуу мектептердин жеткиликсиздигине тоскоолдук болуп ка-
лат.
2.1.2. Башталгыч кесиптик билим берүү
Башталгыч кесиптик билим берүү бюджеттик каржылоонун мамлекеттик
артыкчылыктарынын бири болуп эсептелет. Республикада азыркы учурда рес-
публикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу 113 кесиптик окуу
жайы жана лицейлер (мындан ары - КОЖ) иштейт.
7-таблица. 2006-жылы башталгыч кесиптик билим берүү системасынын
тармагы жана каржылоо
| Бюджет | КТОЖдордун | Бюджет, | Окуучулардын | 1 |
| саны | млн. сом | саны, адам | окуучуга | |
| чыгымдар, | ||||
| сом | ||||
| Бардыгы | 113 | 294,4 | 24573 | 11980 |
| анын ичинде: | ||||
| Республикалык бюджет | 74 | 214,4 | 18345 | 11687 |
| Жергиликтүү бюджет | 39 | 80,0 | 6228 | 12845 |
Башталгыч кесиптик билим берүү системасында 27 мињге жетпеген оку-
учу окуганына карабастан анын өндүрүштүк потенциалы болжол менен 80 мињ
окуучуга эсептелген. Бул масштабды үнөмдөөнүн чакан натыйжасында инф-
раструктураны (өндүрүштүк жана окуу корпустарын, жатакананы) кармоо бо-
юнча чоњ чыгымдарга алып келет.
Инфраструктураны жана кызматкерлерди кармоо түрүндөгү абдан чоњ
туруктуу чыгымдарга ээ болуу менен 500-800 окуучуга базасы бар окуу
жайлары болгону 50дөн 200 адамга чейин гана кабыл алышат. Мындай окуу
жайлар республикада 30%ке чейин. Калгандары жылына 200дөн 450ге чейинки
окуучуну кабыл алат. Эл аралык стандарттар боюнча натыйжалуу деп 500
адамдан кем эмес окуучуларды кабыл алган окуу жайлары эсептелет.
Экономикалык реформалардын башталышы менен алар үчүн кадрлар даяр-
далуучу базалык ишканалардын каражаты катары башталгыч кесиптик билим
берүүчү мекемелерин ушундай каржылоонун булагы иш жүзүндө кыскарган.
Иш берүүчүлөр эмгек рыногунан даяр кадрларды алууну жана жумушчу
кадрларын даярдоого каражат коротпоону артык көрүшөт.
Бир тараптан экономика маалыматтык технологияларды пайдалана
билүүнүн, коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуунун, иштерди өз алдынча
пландоого тандоого, чечимдерди кабыл алууга, өзгөчө керектөөчүгө багыт-
талган экономиканын жањы секторлорунда чечимдерди кабыл алууга
жөндөмдүү болгон жогорулатылган талаптарга ылайык келген квалификация-
луу жумушчу кадрлардын тартыштыгын сезе баштаган. Экинчи жактан өнөр
жайда жана айыл чарбасында структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу дарек-
телбеген айрым адистиктер боюнча кадрларын даярдоо жана олуттуу ресурс-
тарды бөлүү сакталып калган.
Башталгыч кесиптик билим берүү системасынын ички ресурстары иш
жүзүндө түгөнүп бүттү. Өндүрүштүк базасынын моралдык жана табигый эски-
риши 80%тен 100%ке чейин өзгөрүп турат, ошол эле учурда жабдууларды
оњдоого бюджеттик чыгымдар каралбайт. Жабдуулардын жана инвентарлардын
жоктугунан окуучулар кесиби боюнча практикалык көндүмдөрдү алууга
мүмкүнчүлүктөрү жок.
Башталгыч кесиптик билим берүү системасына жеке менчик каражаттар-
ды тартуу мүмкүнчүлүгү кыйла чектелген, анткени КОЖго негизинен аз кам-
сыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары тапшырат.
2.1.3. Орто кесиптик билим берүү
Республиканын орто кесиптик билим берүү мекемелеринде (мындан ары
- ОКБУ) 13035 студент бюджеттик окутуу формасында окуйт. 1 бюджеттик
формада окуган студентке орточо чыгымдар 2005-жылы 10234 сомду түзгөн,
бул ЖОЖдун студентине караганда 1,2 эсе көп жана орто мектептин окуучу-
суна караганда дээрлик 5 эсе көп.
Республиканын ОКБУларында бюджеттик каржылоонун көлөмүн аныктоодо,
административдик-тейлөөчү жана педагогикалык кызматкерлер боюнча эмгек
акы төлөө фондунда жана окуучулардын санында системалуулук жок.
2005-жылы ОКБУлар боюнча орточо административдик тейлөөчү кызмат-
керлердин үлүшү 49%ти түзгөн. Алардын айрымдары боюнча ал 60%-75%ке
жеткен.
ОКБУларды кармоо боюнча чыгымдардын натыйжасыздыгы жөнүндө окуучу-
лар менен педагогикалык кызматкерлердин санынын катышы дагы айтып ту-
рат.
Бюджеттик топтордун орточо толукталышы 22 адам, бул түзүлгөн абал-
дын себеби бюджеттик студенттердин санын кыскартууда ОКБУларды бюджет-
тик каржылоого жасалма колдоо көрсөтүү болушу мүмкүн.
8-таблица: 1999-2005-жылдар мезгили үчүн Кыргыз Республикасынын
Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин
ОКБУларынын педагогикалык курамынын жана бюджеттик
формада окуган студенттеринин санынын динамикасы
| Жылдар | Педагоги- | Админист- | Администра- | Бюджеттик | Педагогикалык |
| калык | ративдик- | тивдик-баш- | студенттер- | курам жана | |
| курамдын | башкаруу | каруу | дин | студенттердин | |
| саны, | курамдын | курамдын | жылдык | катышы | |
| бюджеттик | жана | жана | орточо | ||
| ставка, | админист- | администра- | саны, адам | ||
| бирдик | ративдик- | тивдик- | |||
| менен | чарбалык | чарбалык | |||
| бөлүктүн | бөлүктүн | ||||
| саны | педагогика- | ||||
| лык курамга | |||||
| карата | |||||
| катышы | |||||
| 1999 | 813 | 1093 | 1,34 | 5167 | 6,4 |
| 2000 | 825 | 1220 | 1,48 | 4307 | 5,2 |
| 2001 | 885 | 1079 | 1,22 | 4661 | 5,3 |
| 2002 | 703 | 1089 | 1,55 | 4169 | 5,9 |
| 2003 | 671 | 886 | 1,32 | 3806 | 5,7 |
| 2004 | 953 | 1125 | 1,18 | 4917 | 4,4 |
| 2005 | 718 | 1267 | 1,76 | 4590 | 6,5 |
| 2005-ж. | 88 | 116 | 89 | ||
| 1999-ж. | |||||
| карата | |||||
| менен |
2.1.4. Жогорку окуу жайлары
2005-жылы республиканын жогорку окуу жайларында 27130 окуучу оку-
ган. ЖОЖдордун орточо бюджеттик чыгымдары 2006-жылга бекитилген бюджет
боюнча 1 бюджеттик студентке эсептегенде 8530 мињ сомду 20 мињден 3,6
мињ сомго чейинки өзгөрүштөр менен түзгөн.
Бул жогорку билим берүү системасында бюджеттик каржылоонун көлөмүн
аныктоодо жана бюджеттик билим берүүчү гранттарды бөлүүдө бирдиктүү
тартиптин жок экендиги жөнүндө жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берет.
Системанын чыгымдары натыйжалуу эмес жана сарптоолор көп жумшалат.
Окуучулардын саны боюнча ЖОЖдордун өлчөмүнө көз карандысыз эле адми-
нистративдик башкаруу жана тейлөөчү персоналдын үлүшү жалпы сандын
40%-45% жогорку орточо маанисине ээ. Өзгөрүү 19%тен 55%ке чейинкини
түзөт.
1 педагогикалык ставкага студенттердин санынын эњ аз нормативдик
катышы 11:1 болгондо, республикада ал орточо 7,5:1ди түзөт, ал эми ай-
рым ЖОЖдор боюнча андан да төмөн. Салыштыруу үчүн АКШда жана ОЭСР
өлкөлөрүндө 1 педагогикалык ставкага 14 студенттен ашык туура келээрин
белгилөөгө болот.
Мындай өтө эле төмөнкү катыштын себеби бюджеттик студенттердин са-
нын кыскартууда бюджеттик педагогикалык ставкалардын санын сактоо, бюд-
жеттик каржылоонун эсебинен коммерциялык топтордун окутуучуларын кар-
моо, топтордун санынын аз болушу, базалык билим берүү программаларынын
сааттарынын өтө көптүгү болушу мүмкүн.
9-таблица: 1997-2005-жылдар мезгили үчүн Кыргыз Республикасынын
Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин
мамлекеттик ЖОЖдорунун окутуучу персоналы менен
студенттеринин санынын динамикасы
| Жылдар | Педагоги- | Админист- | Администра- | Бюджеттик | Педагогикалык |
| калык | ративдик- | тивдик-баш- | студенттер- | курам жана | |
| курамдын | башкаруу | каруу | дин | студенттердин | |
| саны, | курамдын | курамдын | жылдык | катышы | |
| бюджеттик | жана | жана | орточо | ||
| ставка, | админист- | администра- | саны, адам | ||
| бирдик | ративдик- | тивдик- | |||
| менен | чарбалык | чарбалык | |||
| бөлүктүн | бөлүктүн | ||||
| саны | педагогика- | ||||
| лык курамга | |||||
| карата | |||||
| катышы | |||||
| 1997 | 3817 | 5400 | 1,42 | 24719 | 6,5 |
| 2000 | 2973 | 5193 | 1,75 | 24270 | 8,2 |
| 2002 | 3 012 | 4482 | 1,49 | 22926 | 7,6 |
| 2003 | 3049 | 4897 | 1,61 | 21 544 | 7,1 |
| 2004 | 2425 | 4177 | 1,72 | 21582 | 8,9 |
| 2005 | 2759 | 4413 | 1,60 | 20809 | 7,5 |
| 2005-ж. | 73 | 82 | 84 | ||
| 1997-ж. | |||||
| карата | |||||
| % менен |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты ми-
нистрлиги алардын санын жылына 1 бюджеттик формада окуган студентти
кармоонун өздүк наркы боюнча ар бир грантты төлөөнүн бюджеттик
мүмкүнчүлүгүнө карата объективдүү эсептөөлөрдүн негизинде эмес, саясий
даректүүлүккө ылайык аныктайт. 2006-2008-жылдарга чыгымдардын орто
мөөнөттүү матрицасы тарабынан каралган бюджеттик билим берүүчү грант-
тардын санын көбөйтүүнүн мамлекеттик саясаты бюджетти каржылоону адек-
ваттуу көбөйтпөй туруп, натыйжасыз болот жана жарандардын билим берүү
кызматтарына бирдей жетүү укугун бузат.
Бюджеттик окуу формасындагы студенттер үчүн стипендиялык фондду
аныктоонун ачык-айкындыгы жана системасы жок. Кыргыз Республикасынын
Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматы боюнча
бюджеттин эсептөөлөрү бюджеттик студенттердин жалпы санынын жана аларды
стипендия менен камсыз кылуу процентинин негизинде түзүлөт.
Стипендия менен бюджеттик окуу формасындагы студенттерди камсыз
кылуу проценти 40тан 90 процентке чейин өзгөрөт.
Андан сырткары ЖОЖдордо контракттык окуу формасындагы студенттерге
билим берүү үчүн төлөмдөрдү аныктоодо нормативдүү түрдө бекемделген
тартип жок.
2.2. Бюджеттик ыйгарым укуктар
Республиканын региондору боюнча билим берүүнү каржылоо
өлчөмдөрүндөгү олуттуу айырмачылыктар көп дењгээлдүү бюджеттик система,
ошондой эле жергиликтүү дењгээлде социалдык программаларды колдоого
республикалык бюджеттен категориялык гранттарды бөлүштүрүүдө ади-
леттүүлүктүн жана ачык-айкындуулуктун жоктугу менен шартталган. Анын
натыйжасында билим берүү системасында бирдиктүү жалпы мамлекеттик сек-
тордук стратегияны жүргүзүү, каржылоонун артыкчылыктарын ишке ашыруу
жана бюджеттик каражаттарды программалык бөлүштүрүү, бир тарабынан би-
лим берүүнүн дењгээли жана экинчи тарабынан облустар ортосундагы аларды
бөлүштүрүүнү баланстоонун ортосунда ресурстардын агымын жөнгө салуу та-
таалдашат.
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн жана аткаруу-
нун негиздери "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги прин-
циптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталган.
Азыркы учурда Кыргызстанда билим берүү секторун, көбүнчө орто би-
лим берүүнү каржылоодо бюджеттик ыйгарым укуктарды децентралдаштыруу
саясаты жүргүзүлүүдө. Иш жүзүндө мындай көз караш төмөнкүдөй эки
түшүнүктүн: финансылык ресурстарды түзүү жана аларды пайдалануу айка-
лышкандыгынын натыйжасында келип чыгат. Кыргызстандын орто билим
берүүсүнүн финансылык ресурстарын түзүү борбордоштурулган, анткени аны
кармоого каражаттардын 65%и борбордук дењгээлде жалпы улуттук бюджеттин
киреше бөлүгүнөн түзүлөт. Жалпы орто билим берүү системасын каржылоого
мамлекеттик чыгымдардын жалпы суммасынын 35%и гана жергиликтүү бюджет-
тин кирешелерин түзөт. Айрым облустар боюнча алар билим берүүнү каржы-
лоонун 4%-7%инен бир аз гана ашыкты түзөт.
Борбордук дењгээлде түзүлгөн бюджеттик каражаттар социалдык прог-
раммаларды, анын ичинде билим берүүдөгү программаларды колдоого мамле-
кеттик бийликтин жергиликтүү органдары тарабынан берилүүчү трансферттер
формасындагы (категориялык жана тењдөөчү гранттар) бюджеттик финансы
дисбаланс проблемаларын чечүү үчүн мамлекеттик бийликтин жергиликтүү
органдарына жиберилет.
10-таблица: 2006-жылга бекитилген бюджет боюнча каржылоо
булактарына карата билим берүүгө жергиликтүү бюджеттин
чыгымдарынын структурасы (млн. сом)
| Облустар | Бардыгы | анын ичинде: | |||
| Категориялык | ЖБнын | атайын | ЖБ | ||
| грант | өздүк | кара- | жалпы | ||
| каражаты | жаттар | көлөмдүн | |||
| %инен | |||||
| Чүй обл. | 535,4 | 332,2 | 203,2 | 28,1 | 38,0 |
| Ысыккөл обл. | 278,6 | 205,9 | 72,7 | 6,5 | 26,1 |
| Нарын обл. | 220,7 | 211,1 | 9,6 | 2,9 | 4,3 |
| Талас обл. | 146,2 | 122,4 | 23,8 | 6,9 | 16,3 |
| Ош обл. | 610,8 | 509,8 | 101,0 | 4,9 | 16,5 |
| Жалалабат обл. | 546,7 | 462,0 | 84,7 | 38,7 | 15,5 |
| Баткен обл. | 236,4 | 219,8 | 16,6 | 11,1 | 7,0 |
| Ош ш. | 166,5 | 91,3 | 75,2 | 8,5 | 45,0 |
| Бишкек ш. | 574,1 | 0 | 574,1 | 121,6 | 100,0 |
| БАРДЫГЫ | 3315,5 | 2154,6 | 1160,9 | 229,2 | 35,0 |
Жергиликтүү бюджеттин категориялык грантын жана өздүк каражаттарын
камтуучу бюджеттик каражаттардын жалпы суммасын билим берүү мекемелери
боюнча бөлүштүрүү укугу мамлекеттик башкаруунун төрт дењгээлине (рес-
публикалык, облустук, райондук (шаардык) жана айылдык (айыл өкмөтү)
бюджеттер) жүктөлгөн.
Мисалы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар сая-
саты министрлиги жогорку, атайын орто, мектептен тышкаркы билим берүүгө
жана майып балдар, музыка, живопись, хореография, спорт ж.б. жаатындагы
өзгөчө шыктуу балдар үчүн республикалык баш ийүүдөгү адистештирилген
мектеп-интернаттарга бөлүнүүчү бюджеттик билим берүүнүн анча чоњ эмес
үлүшүнө карата финансылык контроль жүргүзөт.
Категориялык грантты кошкондо жергиликтүү бюджеттин каражаттары
боюнча тармакты каржылоо көлөмдөрү жана аларды билим берүү мекемелери
боюнча бөлүштүрүү жергиликтүү органдардын прерогативасы болуп эсепте-
лет.
Билим берүүнү каржылоонун бюджеттик ыйгарым төмөнкүдөй укуктарын
чектөө:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен көбүнчө жогорку
окуу жайлары кармалат;
- облустук бюджеттин каражаттарынын эсебинен облустук билим берүү
мекемелери кармалат, көбүнчө баштапкы кесиптик жана атайын орто окуу
жайлары, мектеп-интернаттар;
- жергиликтүү бюджеттин эсебинен (райондун, шаардын) жалпы билим
берүүчү мектептер, гимназиялар, лицейлер, комплекстер кармалат;
- айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен азыркы учурда анча чоњ эмес
башталгыч жана толук эмес орто мектептер кармалат.
Бюджеттик ыйгарым укуктардын түзүлгөн чектөөлөрүнүн натыйжасында
билим берүү системасында каржылоонун бирдиктүү жалпы мамлекеттик сек-
тордук стратегиясын жүргүзүү жана бюджеттик каражаттарды программалык
бөлүштүрүү татаалдашат.
Аталган шарттарда бюджеттик саясат иш жүзүндө кызматкерлерди кар-
моого туруктуу чыгымдарды каржылоону камсыз кылууга гана кетет.
2006-жылга бекитилген бюджеттин шарттары боюнча билим берүүнүн
жалпы чыгымдарында кызматкерлерди кармоого бюджеттин 85%тен ашыгы
бөлүнөт, окуу процесси иш жүзүндө бюджеттик каражаттар менен камсыз
болгон эмес. Салыштыруу үчүн 1995-жылы бюджеттик каражаттардын жалпы
көлөмүнүн 54 проценти бөлүнгөнүн айтсак болот.
Бул учурда 2005-жылы билим берүүдөгү эмгек акынын орточо өлчөмү
1621 сомду же 1990-жылдагы 75%тин ордуна республика боюнча орточо
көрсөткүчтүн 62%ин түзгөн.
Мындай түзүлгөн абалдын себеби бюджеттик каржылоонун жетишсиз
көлөмү дагы, ошондой эле билим берүү мекемелеринин натыйжалуу эмес
штаттык структурасы, педагогикалык персоналга жеткиликсиз жүктөм дагы
болушу мүмкүн.
Республикалык бюджеттен категориялык грант аркылуу билим берүүгө
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
мектеп кызматкерлерин кармоого чыгымдарга болгон муктаждык толук каржы-
ланат. Коммуналдык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн бир аз бөлүгү гана
региондордун жергиликтүү бюджеттеринин өздүк каражаттары менен камсыз
кылынат.
2.3. Билим берүүгө чыгымдар боюнча бюджетти түзүүнүн көрсөткүчтөрү
Чыгымдар боюнча бюджетти түзүү бекитилген тармактык көрсөткүчтөргө
негизделет. Көрсөткүчтөр ар бир класс үчүн окуу планына ылайык зарыл
болгон мугалимдердин санын, административдик-башкаруу, көмөкчү жана
тейлөөчү персоналдардын санын, инфраструктураны кармоого чыгымдарды
белгилейт.
Класстарды бириктирүүгө же айрым мугалимдер үчүн жүктөмдү
көбөйтүүгө байланыштуу мектептердин уюштуруу структурасын оптималдашты-
руу шарттарында билим берүүгө бюджетти түзүү, коммуналдык чыгымдарды
кыскартуу үчүн көрсөткүчтөрдүн колдонулуудагы тартиби жана системасы
кийинки жылга бюджеттик каржылоонун көлөмүн сактоого мүмкүндүк бербейт.
Бюджеттик каражаттарды реинвестициялоонун мүмкүн болгон механизми
учурдагы жылга гана чыгымдарды оптималдаштырууга үнөмдөлгөн суммалар
боюнча колдонулат. Бюджетти түзүүчү системаны өзгөртпөстөн кийинки жыл-
га бюджетти түзүүдө кайрадан эле персоналдардын штаттык санынын, класс
комплекттеринин санынын жана башкалардын тармактык көрсөткүчтөрү пайда-
ланылат.
Билим берүүнү каржылоонун салттуу системасы "билим берүүнүн натый-
жасын эмес, анын процессин колдойт", мында айрым мектептерди каржылоо-
нун дењгээли көбүнчө экономикалык анализге негизделген рационалдуу тан-
доону эмес, мурда кабыл алынган сарптоолордун категориясын жана чыгым-
дардын дењгээлин чагылдырат.
Ресурстарды статьялар боюнча бөлүштүрүү бөлүнгөн каражаттарды са-
рамжалдуу пайдаланууда билим берүү мекемелеринин жетекчилерин кызыктыр-
байт. Айтылган себептер боюнча эмгек акынын өтө эле төмөнкү өлчөмү жана
коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгымдардын өсүп бара жаткан өлчөмү
сакталат. Азыркы учурда каражаттардын 95,3%и персоналдарды жана тармак-
ты кармоого, ал эми 4,7%и гана окуу процессине жумшалат.
Жалпы сарптоолорду азайтуу үчүн стимулдардын жоктугу экономикалык
натыйжалуулукка аларды системалуу талдоого мүмкүнчүлүк бербестен, оту-
зунчу жылдары эле кабыл алынган өлчөмдөрдө билим берүүнүн түрдүү дењгэ-
элдери үчүн бюджеттик пландоонун нормативдерин сактайт.
Окуу жайларынын аянттарынын колдонулуудагы нормативдери көптөгөн
жайлардын толук кубаттуулукта пайдаланылбай турушуна алып келди, мисалы
мектептин чоњ вестибюлдары же өтө эле адистешкен лабораториялары жана
өндүрүштүк устаканалар.
Айрым региондордо базалык жана орто билим берүү мекемелеринде 1
окуучуга эњ эле аз дегенде чет өлкөдөгүгө караганда эки эсе көп ресурс-
тар чыгымдалат. Энергияны үнөмдөөчү талаптарды эске албастан курулган
мектептер Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (ЭКӨУ)
өлкөлөрүндөгү заманбап мектептерге караганда энергияны эки-үч эсе
көбүрөөк чыгымдайт. Кыргызстанда 1 окуучуга эсептелген жайдын аянты
3төн 84 квадрат метрге чейин өзгөрөт, бул чет өлкөдөгү ушуга окшош
көрсөткүчтөр көп эсе ашык (ОЭСР өлкөлөрүндө ал бир окуучуга орточо 6
квадрат метрди түзөт).
Эгерде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрдү кыйла так
чагылдыруучу катары 1 окуучуга эсептегенде имараттардын кубатурасынын
көрсөткүчтөрүнө таянсак, ал республика боюнча орточо 17,6 м. куб түзөт,
анын ичинде региондор боюнча:
Сүрөт.
Анын үстүнө айыл мектептеринде окуучулардын мектептен кетип жаткан
жана чоњ аянттуу имараттардын сакталып турган шарттарында 1 окуучуга
шаардагы мектептерге караганда 30%ке көбүрөөк аянттуура келет.
Мектептердин коммуналдык чыгымдарына эњ чоњ салыштырма салмак
электр энергиясына төлөөгө чыгымдар (46,0%) жана жылуулук энергиясына
төлөөгө чыгымдар (46%) ээлейт.
Региондор боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдар жылытуу
системасына, жылуулук энергиясы менен көмүргө тарифтерге, ошондой эле
мектеп имаратынын долбоордук кубаттуулугуна шартталган.
11-таблица: 2005-жылы 1 окуучуга эсептегенде коммуналдык кызмат
көрсөтүүлөрдү төлөөгө иш жүзүндөгү чыгымдар (сом)
| Региондор | Комкызмат | Окуучулардын | Имараттардын | Орточо | |
| көрсөтүүлөргө | саны, адам | кубатурасы, | чыгымы, сом | ||
| чыгымдар, | мињ м. куб | ---------------- | |||
| млн.сом | 1 | 1 м | |||
| окуучуга | кубга | ||||
| Чүй обл. | 86,8 | 148,9 | 3916,4 | 582,9 | 22,2 |
| Ысыккөл | 131,8 | 95,7 | 1948,2 | 332,3 | 16,3 |
| обл. | |||||
| Нарын | 18,4 | 65,1 | 1180,6 | 282,6 | 15,5 |
| обл. | |||||
| Талас обл. | 23,4 | 48,5 | 807,2 | 482,5 | 29,0 |
| Ош обл. | 41,5 | 248,5 | 3212,4 | 167,0 | 12,9 |
| Жалалабат | 43,3 | 233,6 | 4701,1 | 185,4 | 9,2 |
| обл. | |||||
| Баткен | 22,4 | 99,8 | 1539,2 | 224,4 | 14,5 |
| обл. | |||||
| Ош ш. | 16,4 | 54,7 | 607,3 | 299,8 | 27,1 |
| Бишкек ш. | 50,3 | 99,0 | 1340,4 | 508,1 | 37,6 |
| БАРДЫГЫ | 334,3 | 1094,0 | 19252,7 | 305,6 | 17,4 |
Талдоо жүргүзүү көрсөткөндөй билим берүү системасында персоналдар-
ды жана инфраструктураны кармоого олуттуу ресурстарды бөлүү каржыланба-
ган операциялык чыгымдарды, ошондой эле педагогдорду финансылык колдоо
зарылдыгын үй-бүлөлөрдүн бюджетине жүктөөгө алып келет.
Каржылоонун жеткиликсиз көлөмүнүн жана эмгек акынын аз өлчөмүнүн
фонунда билим берүү секторунда калкка кызмат көрсөтүүлөргө карата мам-
лекеттик милдеттенмелердин дењгээлин так аныктоонун жоктугу калктын
формалдуу эмес төлөмдөрүнүн контролдонбоочу өлчөмдөрүнө алып келди.
2004-жыл үчүн үй чарбаларынын чыгымдарын бюджеттик текшерүүнүн ма-
алыматтары боюнча билим берүү системасында үй-бүлөлөрдүн жалпы чыгымда-
ры 1571,4 млн. сомду, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү система-
сында 109,4 млн. сомду, орто билим берүүдө 770,3 млн. сомду, орто ке-
сиптик жана жогорку билим берүүдө 691,3 млн. сомду түздү.
Орто билим берүү системасында үй чарбаларынын чыгымдарынын жалпы
суммасынан жалпы орто билим берүү үчүн акы төлөө 117,5 млн. сомду
(15%), окуу китептерин ижаралоо жана сатып алуу 148,7 млн. сомду (19%),
репетиторлорго төлөөгө 35,6 млн. сомду (5%), мектептерди ремонттоого
255,5 млн. сомду (33%), расмий эмес жана башка чыгымдар 213,0 млн. сом-
ду (28%) түздү.
1 окуучуга эсептегенде жылына орточо чыгымдар 610 сомду түзөт,
анын ичинде шаарда 1282 сомду, айыл жеринде 445 сомду же шаарга кара-
ганда дээрлик үч эсе аз.
12-таблица: 1 окуучуга эсептегенде жалпы орто билим берүү
системасында калктын орточо чыгымдарынын структурасы
(сом)
| Бардыгы | шаар | айыл | |
| Окутуу үчүн төлөө | 107 | 260 | 41 |
| Окуу китептери | 136 | 451 | 126 |
| Репетиторлор | 33 | 98 | 4 |
| Ремонт | 234 | 296 | 207 |
| Расмий эмес жана башка чыгымдар | 100 | 177 | 67 |
| Бардыгы | 610 | 1282 | 445 |
Шаар жеринде үй-бүлөнүн чыгымдары көбүнчө окутуу, репетиторчулук
жана окуу китептерин сатып алуу үчүн төлөөгө (63%) жумшалат, айыл же-
ринде болсо окуу чыгымдары 38%ти гана, ал эми капиталдык ремонт шаарда-
гы 23%ке караганда 47%ти түзөт.
13-таблица: Республиканын региондору боюнча 1 окуучуга эсептегенде
орто билим берүү кызматтарына төлөөгө үй чарбаларынын
чыгымдары (сом)
| Региондор | 1 окуучуга чыгымдар, сом | ||
| Бардыгы | Шаар | Айыл | |
| Ысыккөл обл. | 313 | 670 | 248 |
| Жалалабат обл. | 475 | 646 | 378 |
| Нарын обл. | 546 | 1444 | 513 |
| Баткен обл. | 449 | 890 | 397 |
| Ош обл. | 519 | 1138 | 467 |
| Талас обл. | 369 | 570 | 269 |
| Чүй обл. | 716 | 1590 | 685 |
| Бишкек ш. | 1942 | 1942 | 0 |
| Бардыгы | 610 | 1282 | 445 |
Мында Казыначылык системасы боюнча расмий 1093,6 млн. сом атайын
каражаттар (70%) гана, анын ичинде орто билим берүүгө 131,2 млн. сом
(17%) жүргүзүлгөн. Дээрлик 639 млн. сом (770.3-131,2) ата-энелик взнос-
тор расмий түрдө эсепке алынбайт жана Казыначылык системасы аркылуу
өтпөйт.
Жогоруда айтылгандарга таянып, билим берүү проблемалары каржылоо
көлөмдөрүн кыскартуудан гана эмес, финансылык ресурстарды, билим берүү
кызматтарын көрсөтүү процесстерин жана алардын төлөөлөрүн натыйжасыз
башкаруудан дагы турат деп жыйынтык чыгарууга болот.
Аталган себептер боюнча Билим берүүнү каржылоо системасын реформа-
лоо стратегиясы уюштуруу структурасы, башкаруу механизми, эмгек иш-
мердүүлүгүн мотивациялоо системасы, анын натыйжалуулугун баалоонун нор-
мативдери жана көрсөткүчтөрү менен байланышкан проблемалардын бүтүндөй
комплексин бир мезгилде чечүүнү карайт.
III. Билим берүүнү каржылоо
стратегиясы
Билим берүүнү каржылоо стратегиясы анын аналитикалык бөлүгүндө
белгиленген проблемаларды системалуу чечүүгө таянат.
Билим берүүдө агымдардын негизги бөлүгү 1 окуучуга эсептегенде
бюджеттик каржылоону персоналдаштырууга жана ата-энелердин кошо катышу-
усуна негизделет.
Билим берүүдөгү рынок суроо-талап жагынан эле эмес, сунуш кылуу
жагынан да калыптанууга тийиш.
3.1. Республиканын региондору боюнча калктын билим алууга
жеткиликтүгү тењ эместигин жоюу
Республиканын калкы үчүн билим алууга бирдей жеткиликтүүлүгүн кам-
сыздоонун негизги шарттарынын бири тармакты 1 окуучуга карата акыйкат
жана бирдей бюджеттик каржылоо болуп эсептелет.
Бюджетти түзүүдө тармактык нормативдерден баш тартылган шартта би-
лим берүүдө 1 окуучуга (тарбиялануучуга), студентке карата сарптоолор-
дун гарантияланган минимумун аныктоочу жана бардык жарандар үчүн билим
берүү кызматтарынын тийиштүү базалык негизин алууда бирдей укуктарды
камсыздоочу нормативдер фондду түзүүчү көрсөткүчтөр болуп калат.
Мындай нормативдердин мааниси ар кайсы региондордун тургундары
үчүн бирдей. Объективдүү факторлор менен шартталган айырмалар гана бо-
лушу мүмкүн, андай шарттарга төмөнкүлөр кирет:
- окутуу шарттары, бул окутуунун күндүзгү, кечки же сырткы форма-
ларына байланыштуу;
- иштөө шарттары, бул айыл, тоолуу жана алыскы жерлердеги, ошондой
эле чакан шаарлардагы ыњгайсыз климаттык-жаратылыштык жана инфраструк-
туралык шарттарга байланыштуу. Алар жылытуу сезонунун узактыгына, то-
варларды жеткирүүдөгү кыйынчылыктарга, ошондой эле мектептердин толук
комплектиленбегенине байланыштуу кошумча чыгымдардан улам кымбатыраак
болот, мындай учурдагы кошумча сарптоолор окуткандардын аз санына
бөлүштүрүлөт.
Орто билим берүүдөгү мамлекеттик гарантиялар тармагында каржылоону
тењдештирүү саясатын ишке ашыруу орто билим берүүнү бюджеттик каржылоо-
нун минимум стандарттарын пайдаланууга негизделет.
Билим берүү секторунда минималдуу стандарт деп негизги билим
берүүчү программалардын мазмунунун минимумун, окугандарга күч келүүнүн
эњ жогорку чегин, администрациялык-башкаруучу персоналдын нормативдик
үлүшүн, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга, минималдуу окутуу
чыгымдарын, аз камсыз окуучулар үчүн мектептик окуу китептердин комп-
лектисин жањыртууга чыгымдарды аныктоочу нормалардын жана эрежелердин
жыйындысы катары билим берүү стандартын каржылоо түшүнүлөт.
Жалпы билим берүүчү мекемелерди бюджеттик каржылоонун минимум
стандарттары коммуналдык кызматтарга чыгымдарды эсепке албастан 1 окуу-
чуга карата эсепте аныкталды.
Жалпы билим берүүчү мекемелерди бюджеттик каржылоонун минимум
стандарттары шаардык жана айылдык шартта иштөөнүн шартында окутуу теп-
кичтери боюнча дифференцияланат. Айыл жери үчүн алар класстардын шаар-
дагыдай 30 эмес, азыраак - 25 окуучу менен нормативдик толтурулушун,
ошондой эле эмгек акыны шаардагыдай мугалимдердин 12 эмес, 11-тарифтик
разряды боюнча төлөөнү караштырат (былтыр иш жүзүндө ушундай болду).
Жалпы орто билим берүүнү 2006-жылдын шартында бюджеттик каржылоо-
нун минимум стандарттарынын структурасы төмөнкүдөй чыгымдардан турат:
| Бардыгы, сом: | 2436 |
| Персоналга эмгек акы төлөө | 1583 |
| Окутуунун 1-тепкичиндеги балдарды тамактандыруу | 469 |
| Интернаттарда балдарды тамактандыруу | 24 |
| Башка окутуу чыгымдары | 74 |
| Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу | 73 |
| Окуу китептерди сатып алуу | 126 |
| Имараттарды учурдагы оњдоо | 88 |
Коммуналдык кызматтарды төлөөгө 1 окуучуга карата эсепте иш
жүзүндөгү чыгымдарды (305 сом) эсепке алганда орто билим берүүнү бюд-
жеттик каржылоонун толук минимум стандарты 2742 сомду түзөт.
Жалпы орто билим берүүнү каржылоону республиканын региондору боюн-
ча тењдештирүү саясатын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим
берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Эко-
номика жана каржы министрлиги менен бирдикте жыл сайын бюджеттик каржы-
лоонун минимум стандарттарынын шкаласы иштелип чыгат жана анын негизин-
де облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча орто билим берүүнү каржыло-
онун керектөөлөрүн эсептеп чыгышат.
Билим берүүнү бюджеттик каржылоонун жана региондорду минимум стан-
дарт боюнча керектөөнүн 64%инен 85%ине чейин камсыздоонун базалык шар-
тында тењештирүү аны жабуунун бирдиктүү региондук нормативи аркылуу иш-
ке ашырылат. Бюджеттин чектелүүлүгүнөн улам тењештирүүнү адегенде об-
лустун, анан республиканын масштабында жүргүзсө болот.
Билим берүүнү жергиликтүү бюджеттин каражатынан каржылоо боюнча
бюджеттик ыйгарым укуктар чектелген шартта республикалык бюджеттен ка-
тегориялык жана тењештирүүчү гранттар системасы тењештирүүнүн аспабы
болуп калат. Категориялык гранттарды эсептөө формуласы билим берүүнүн
минимум стандарт боюнча керектөөлөрүн жергиликтүү бюджеттин өздүк кара-
жаттарынын жана категориялык гранттын эсебинен жабууга тийиш.
Айылдык мектепти артыкчылыктуу колдоо саясатын жүргүзүү үчүн мини-
мум стандартка карата керектөөнүн жогорулатуучу айылдык коэффициентинин
механизмин пайдалануу сунушталат. Коэффициент республиканын региондору
боюнча билим берүү мекемесинин райондук жана облустук борбордон алысты-
гына жараша дифференцияланган.
3.2. Акысыз жана жењилдиктүү билим берүүнүн бюджеттик каржылоо
менен камсыздалган мамлекеттик гарантиялары
Республиканын региондору боюнча орто билим берүүнү бюджеттик кар-
жылоонун көлөмдөрүн аныктагандан кийин акысыз жана жењилдиктүү билим
берүүнүн мамлекеттик гарантияларын, алуучулар чөйрөсүн, көлөмдөрүн жана
аларды берүүнүн шарттарын мыйзам менен бекемдөө, республикада билим
берүү кызматтарынын акылуулугун жана акысыздыгын чектеп бөлүштүрүп, би-
лим берүүгө каражаттардын тартууну тартипке салуу керек.
Бардык тепкичтердеги билим берүү кызматтарына акы төлөөдө тактык
жана айкындык үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасында
калкка билим берүүнүн мамлекеттик гарантиялар программасын (мындан ары
- Мамлекеттик гарантиялар программасы) жыл сайын бекитет.
Мамлекеттик гарантиялар программасынын структурасы билимдин дењгэ-
элдери боюнча жалпы ортодон баштап андан ары башталгыч кесиптик, орто
кесиптик жана жогорку билим болуп түзүлөт.
3.2.1. Жалпы орто билим
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мам-
лекеттик каржылоо биринчи кезекте андан ары окуу үчүн базаны негиздөөчү
милдеттүү базалык билимди камсыздоого берилүүгө тийиш.
Мамлекеттик гарантиялар программасында базалык билим берүүгө кара-
та жыл сайын республикалык компонент боюнча варианттуу бирдиктүү окуу
пландары бекитилет.
Окуу пландардын айрым предметтерди жана дисциплиналарды ыктыярдуу
негизде терењдеп окутуучу кошумча (мектептик) компоненти боюнча акы
төлөө механизми киргизилет. Ата-энелердин взносунун өлчөмдөрү Кыргыз
Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги жыл
сайын Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштык-
ты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине макулдашуу менен бекитүүчү баа-
лардын бирдиктүү прейскурантынын негизинде аныкталат.
Мында аз камсыз үй-бүлөлөрдөгү, жетим жана ата-энелеринин камкор-
дугусуз калган идиректүү балдар үчүн билим алуунун жеткиликтүүлүгүн
камсыздоо максатында жогорулатылган дењгээлде окутуучу билим берүү ме-
кемелеринде (гимназияларда, лицейлерде, комплекстерде) 10%-15% бюджет-
тик каржылоонун эсебинен окуучуларга финансылык колдоо киргизилет.
Мамлекеттик гарантиялардын бирдиктүү программасын аткарууда
1-класстын окуучулары үчүн 100 сааттык даярдоо программасын окуу план-
дарынан жана бюджеттик каржылоодон чыгаруу каралган. Балдардын мектепке
даярдык дењгээли ар түрдүү болгондуктан мындай кызмат көрсөтүүнү
ата-энелер взносунун эсебине которуу сунушталат.
Ошондой эле мамлекеттик жалпы билим берүүчү мектептердеги коммер-
циялык класстар бир билим берүүчү мекеменин ичинде билим алууга бирдей
укукту бузуучу нерсе катары жоюлууга тийиш.
Кыргызстанда мамлекеттик эмес 31 мектеп бар, аларда үч мињден ашык
бала окуйт. Алар мамлекеттик каржылоодо эмес жана толугу менен ата-эне-
лик акылардын эсебинен окушат. Мында ата-энелер мамлекеттик билим берүү
системасын каржылоого кетүүчү жеке киреше салыгы түрүндө эки эсе чыгым
тартышат жана баланын мамлекеттик эмес мектептеги окуусуна толук
төлөшөт.
Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес орто билим берүүнүн иштешине
бирдей шартты камсыздоо, ошондой эле окуучулардын мектепти эркин танда-
шын камсыздоо үчүн ата-энелердин билим берүүгө инвестициялары боюнча
салыктык жењилдиктер системасын киргизүү каралып жатат. Атап айтканда:
- жеке киреше салыгы боюнча - билим берүү мекемелеринде окутуу
кызматтарына акы төлөөгө байланышкан чыгымдарды салык салынуучу базадан
чыгаруу;
- билим берүүнү өнүктүрүүгө ыктыярдуу кошумчаларды (демөөрчүлүк
каражаттарды) салык салуудан бошотуу;
- ишканаларга жана уюмдарга пайдага салыкты эсептөөдө кадрларды
(кесиптик билим берүүчү окуу жайлар менен келишимдик негизде) даярдоого
жана кайра даярдоого кеткен чыгымдарды өндүрүшкө жана кызмат
көрсөтүүлөрдү сатууга кетүүчү чыгымдардын эсебине киргизүүгө укук
берүү.
Окуу пландары жана программалар
Орто билимдин минимум стандарттарынын структура түзүүчү башкы эле-
менти окуу планы болот. Анын мазмуну жана каржыланышы бюджеттик кара-
жаттарды сарамжалдуу пайдалануунун жана мугалимдердин эмгек акысын
көбөйтүүнүн стратегиялык багыттарынын бири болот.
Окуу пландарды оптималдаштыруу саясатынын негизги багыттары
төмөнкүдөй:
- окуу пландардын жањы билимдерге фундамент эмес предметтер жана
маалыматтар менен мүнөздүү ашыкча жүктөлүшүн болтурбоо;
- билимдин жогорку тепкичтерине жылган сайын окуу планында мил-
деттүү сааттардын үлүшүн азайтуу, өз алдынча иштөөгө сааттарды көбөйтүү
(реферат жасоо, долбоорлоо, изилдөө жана тажрыйба жүргүзүү иштери);
- маалыматты талдоонун, өз алдынча окуунун практикалык ыкмаларын
жаратуучу жана билим алуунун кийинки стадияларында кереги тийиши мүмкүн
болгон предметтердин салмагын көбөйтүү менен окутуунун методун
өзгөртүү.
Азыркы учурда ар бир класс үчүн окуу планында бар предметтердин
санын азайтуу фундаменталдык предметтер боюнча билимдерди терењдетүүгө
жана бош калган предметчи мугалимдердин жана керектүү окуу китептердин
санынын эсебинен каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, билимдин ортоњку звеносунун дењгээлинде адистеш-
тирүү кыскартылат, бул окугандарга рыноктук экономика шартында кесиптик
сапаттарга суроо-талаптын өзгөрүшүнө тез ыњгайлашуу үчүн керектүү база-
лык билимдерди жана көндүмдөрдү үйрөнүүгө күчтү топтоого мүмкүндүк бе-
рет.
Мектептердин педагогикалык курамынын эмгекке умтулуусун арттыруу
Мектептерди 1 окуучуга карата каржылоо шартында мугалимдердин эм-
гегине саат менен акы төлөө системасынын ушул шартка ыњгайлашуу зарыл-
дыгы келип чыгат.
Эмгек акы төлөөнүн сааттык системасынын өзү чыгымдуу экенинен тыш-
кары, анда мугалимдин эмгегине ал класста болгон учуруна гана төлөө ка-
ралат. Мугалимдин жумуштан тышкаркы, класстан тышкаркы, тарбиялык жана
методикалык иштери (сабакка даярдануу, көргөзмө куралдарды даярдоо,
окуучуларга кошумча сабак өтүү, экскурсиялар, олимпиадалар, ата-энелер
менен иштөө ж.б.) акы төлөнбөйт. Мугалимде өзүн окутуу-тарбиялоо ишине
толук арноого, окуу процессине инновацияларды киргизүүгө, педагогикалык
чеберчилигин жогорулатууга жана ушуну менен иштин сапатын жогорулатуу-
га, түпкүлүгүндө окуучуларды мектепке тартууга эч кандай материалдык
түрткү жок.
Мындай терс процессти токтотуу үчүн саат боюнча акы төлөө система-
сын мугалимге аптасына 18-24 сааттан ашпаган саат сабак өтүп нормалдуу
күч келип эмгектенүүдө гарантиялуу жакшы маяна берүүчү, жана мектептин
жумуш учурунан тышкаркы иштерине катышууга жана иштин сапатын жогорула-
тууга шыктандыруучу системасына алмаштыруу сунушталат.
Азыркы учурда мугалимдердин эмгек акысын жогорулатууга бюджеттик
каражаттар жетпестиги белгилүү. Ошондуктан билим берүү системасынын
ичиндеги ресурстарды адам санына карата каржылоону киргизүү шарты менен
структуралык жактан кайрадан бөлүштүрүү жана окуу пландарды оптималдаш-
тыруу жагын карай кайрадан карап чыгуу сунушталып жатат.
Мындан тышкары, билим берүү мекемелеринин реалдуу чарбалык өз ал-
дынчалыгы, 1 окуучуга карата алганда нормативдик каржылоого өтүү, айыл-
дык (аз комплектилүү) мектептер тармагын реструктуралоо ички үнөмдөөнү
бере алат.
Мугалимдерге эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында пе-
дагогдордун эмгек акысын эки бөлүккө бөлүү сунушталат:
1) сабак өткөнү үчүн эмгек акынын гарантиялуу бөлүгү (маяна)
түрүндө төлөө;
2) мугалимдин сабактан тышкаркы, иш жүзүндө аткарган жумуштары
үчүн эмгек акынын шыктандыруучу бөлүгү түрүндө төлөө.
Биринчи этапта сабактан тышкаркы жумуш боюнча иштин кыйла маанилүү
жана милдеттүү түрлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот жана бара-бара аларды
каржылоо көбөйүшүнө жараша жумуштардын тизмесин кењейтүүгө жана аларга
төлөнчү акыны көбөйтүүгө болот.
Окуу китептер менен камсыздоо
Мамлекеттин функциясы жањы окуу китептерди иштеп чыгууда, россия-
нын окуу китептерин Кыргызстандын окуу программаларына ыњгайлаштырууда
жана аларды тираждоо жана чыгарууну камсыздоодо турат.
Каржылоо механизмин өзгөртүү орто билим берүүнү адам санына карата
мамлекеттик каржылоону жана мамлекет менен үй-бүлөнүн милдеттенмелерин
бөлүштүрүү аркылуу альтернативдүү булактарды өнүктүрүүнү көздөйт.
Айылдык мектептерди каржылоо стратегиясы
Кошумча каржылоодон тышкары, аз комплектиленген айылдык мектепте
чыгымдар көп болгон шартта окутуунун тийиштүү сапатын камсыздоодогу
объективдүү кыйынчылыктар айылдык мектепти структуралык жактан олуттуу
өзгөртүүнү, аны негизги жана толук жалпы билим берүүчү орто мектептин
дењгээлинде ирилештирүүнү талап кылат. Айылдык мектепти реструктуралоо-
нун механизмдери жана варианттары төмөнкүлөрдү караштырат:
- айыл жеринде билим берүүчү жана өндүрүштүк ресурстардын болушуна
жана мүнөзүнө жараша ар кыл варианттагы билим берүүчү борборлорду түзүү
процессине түрткү берүү;
- интернаттарды түзүү.
Аталган варианттарды же алардын түрдүү айкалыштарын тандоо ар бир
айылдык региондо конкреттүү шарттарга жараша жүргүзүлүүгө тийиш.
Мындан тышкары, айылдык мектептерди экономикалык стимулдар аркылуу
колдоо системасы натыйжалуу болот, аларга төмөнкүлөр кирет: айылдык му-
галимдердин эмгек акыларына алыстыгына жараша дифференцияланган коэффи-
циентти колдонуу, жаш мугалимге грант берүү, аны жергиликтүү жамааттар-
дын каражатынын эсебинен турак жай менен камсыздоо же ижарага алган ту-
рак жайы үчүн коммуналдык чыгымдарын төлөп берүү, бюджеттик студент
болгон жаш адистердин айылда тийиштүү мөөнөттү иштеп бериши.
Мындан тышкары, билим берүүнү администрациялоо системасын
өзгөртүү, б.а. облустук жана райондук билим берүү борборлорун жоюп,
Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрли-
гине баш ийген билим берүү округдарын түзүү каралууда.
Аз сандагы улуттардын тилдеринде окутуу
Кыргыз Республикасынын стратегиялык саясаты балдарды аз сандуу
улуттардын тилдеринде окутууну колдойт. Азыр Кыргызстанда мектептик
окутуу орус жана кыргыз тилдеринен тышкары өзбек жана тажик тилдери бо-
луп төрт тилде жүргүзүлөт.
Бекитилген окуу пландарында караштырылган дагы беш - курд, корей,
уйгур, түрк, дунган тилдеринде окутуу бюджеттен тышкаркы каржылоо режи-
минде ишке ашырылат.
Баланы адегенде эне тилинде окутуу анын андан аркы окушуна жакшы
таасир этиши мүмкүн.
Эне тилде окутуу саясаты жана аларды бюджеттик каржылоо жөнүндө
чечим кабыл алуу дайыма аз натыйжалуу толук комплектиленбеген мектеп-
тердин саны көбөйүшү жана ар бир улуттук тилдеги окутуунун бардык теп-
кичтери боюнча бардык предметтерде окуу китептерди чыгаруу менен кошто-
лот.
Тираждын аздыгы продукциянын бирдигине болгон чоњ чыгымдарды жара-
тат. Мугалимдерди тандоодо да кыйынчылыктар болот, анткени мугалимдер
өз предметинен тышкары сабак берилчү тилди да жакшы билиши керек.
Ушул айтылгандардан улам, улуттук азчылыктардын тилдеринде окутуу-
га карата стратегия аны жүргүзүүнүн натыйжалуураак формасын караштырат.
Атап айтканда, жалпы окуу программасындагы дисциплиналар мамлекеттик же
расмий тилдерде жүргүзүлөт, ал эми улуттук тилде эне тили менен катар
айрым предметтер гана өтүлөт. Бул улуттук мектептерде эки тилде сабак
бере алуучу мугалимдерди даярдоону жана алар үчүн материалдык шыктанды-
руу системасын киргизүүнү талап кылат.
Коомдун билим берүү мекемелерин башкарууга катышуусун кењейтүүгө
төмөнкүлөрдү түзүү жолу менен жетишилет:
- айылда коомдук билим берүү комитеттерин түзүү, ага айыл өкмөтү,
ата-энелер, бизнестин, ӨЭУнун өкүлдөрү кирет. Алар билим берүүдөгү со-
циалдык өнөктүктүн принциптерин ишке ашыруу менен мектепти эле эмес,
жер-жерлердеги билим берүүчү иштин бардык түрлөрүн колдоп жана өнүктүрө
алышат;
- камкордук кењештеринин (билим берүүчү мекемелердин, муниципали-
теттердин ж.у.с.) системасын түзүү, бул баарыдан мурда билим берүүнү
өнүктүрүүгө жана анын муктаждыктарына жергиликтүү жамааттын көњүл буру-
усун күчөтүүгө, билим берүүчү уюмдарга кошумча ресурстардын - финансы-
лык, материалдык, кадрлык ресурстардын келишин, алардын майнаптуу пай-
даланылышын жана администрациялардын иштерине коомдук контролду камсыз-
доого арналат;
- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын каражаттарын топтоочу
жана бул чөйрөдөгү (билим берүүчү уюмдардагы) конкреттүү проблемаларды
чечүүгө жумшачу билим берүүнү колдоо фонддорун түзүү;
- билим берүү чөйрөсүндө кесиптик шериктештиктерди колдоо система-
сын түзүү, аларды региондук дењгээлде билим берүүдөгү тактиканын жана
стратегиянын маселелерин чечүүгө тартуу.
3.2.2. Башталгыч кесиптик билим берүү
Финансылык ресурстарды табуу жана материалдык-техникалык базасы
жакшы жабдылган окуу жайларда республиканын эмгек рыногуна керектүү жо-
горку квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо үчүн төмөнкүлөр керек:
- КОЖдордун өндүрүштүк базасын жана активдерин, кесиптик иш ыкма-
ларына үйрөтүү мүмкүкчүлүктөрүн талдап, азыркы учурга жана болжолдонгон
келечекке карата белгиленген талаптарга жооп бербеген КОЖдорду бирик-
тирүү же жабуу;
- параллелизмди жана кайталоону жоюу үчүн айрым окуу жайларды
өзгөртүп уюштуруп жана бириктирүү менен бир эле учурда материалдык-тех-
никалык базаларын жањыртуу жана бошогон бюджеттик каражаттардын эсеби-
нен эмгек ыкмаларын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ресурстук борбор-
лорду түзүү;
- бошогон имараттарды жана жабдууларды сатуудан түшкөн каражаттар-
ды кесиптик билим берүү системасына реинвестициялоого жана ал каражат-
тарды иштеп жаткан КОЖдордун материалдык-техникалык базасын модерниза-
циялоого жана жањылоого, ошондой эле жалпы пайдалануудагы көчмө мас-
терскойлорду түзүүгө жумшоо укугун берүү;
- ар бир облустун, шаардын, райондун, айылдын эмгек рыногунун мук-
таждыктарына жараша адистерди даярдоону ишке ашыруу. Алчу адистик ке-
сиптик ыкмаларды үйрөнүү үчүн тар, болушунча конкреттүү болууга тийиш;
- кесиптик билим берүү системасын 1 окуучуга карата эсепте норма-
тивдик каржылоого өтүү;
- кесиптик билим берүү системасынын ички жана тышкы натыйжалуулу-
гун жогорулатуу менен анын потенциалдуу инвесторлорго кызыктуулугун
арттыруу, эмгек рыногу жана социалдык өнөктөр менен байланышын чыњдоо;
- кесиптик билим берүүнүн окуу пландарынын жањы мазмунун иштеп чы-
гып, ага практикалык окутууну милдеттүү киргизүү;
- конкреттүү жумуштун ыкмаларын үйрөтүү боюнча модулдук даярдоо
системасын киргизүү;
- окутууга кетчү сарптоолорго артыкчылыктуу колдоо көрсөтүүнү кам-
сыздоо максатында бюджеттик каржылоодон "тамактануу" статьясын бюджет-
тен каржылоону жоюу мүмкүндүгүн кароо;
- КОЖдордун окуучуларына каражат инвестициялачу же практикадан
өтүшү үчүн иш орундарды берүүчү ишкерлерге салыктык жењилдиктерди кир-
гизүү;
- башталгыч кесиптик билим берүүнү кармоону актуалдаштыруу, баш-
талгыч кесиптик билим берүүнүн бүтүрүүчү стандарттарын жогорулатууну,
аларды сапаттык талаптардын эл аралык дењгээлине багыттоону камсыздоо;
- жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку тепкичинин окутуу ре-
сурстарын интеграциялоонун жана жогорку мектептин, "мектеп - КОЖ",
"мектеп - атайын орто окуу жай" комллекстеринин дењгээлинде мектептер
аралык комплекстерди түзүү жолу менен башталгыч жана орто кесиптик би-
лим берүү мекемелери менен байланышта иштешүүнүн эсебинен профилдик
окутуу мүмкүндүгүн кењейтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу.
Муну менен жалпы орто билим берүү тепкичинин базасында көп дењгэ-
элдүү варианттуу билим берүү системасын түзүү мүмкүндүгү ишке ашырылат.
3.2.3. Орто жана жогорку кесиптик билим берүү
Орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн дењгээли боюнча мамле-
кеттик гарантиялар программасы адистиктер боюнча акысыз окутуунун мам-
лекеттик гранттарынын жалпы санын, аларды берүүнүн шарттарын жана 1
бюджеттик студентке карата эсептегендеги каржылоо нормативдерин чагыл-
дырат.
Каржылоонун негизги шарттарынын бири жалпы улуттук тестирлөө бо-
лот, ал абитуриенттерди рейтингдер шкаласынын негизинде сапаттуу тандо-
ого мүмкүндүк берет. Эњ көп балл алган абитуриенттер тандаган ЖОЖдо
акысыз окууга грант алышат, рейтинги боюнча андан кийинки анча көп эмес
топтор окуганы үчүн айрым бөлүгүн (25 тен 75 процентке чейин) төлөө ме-
нен билим берүү кредитин алышат. Кредит жолдомо боюнча 2-3 жыл иштеп
берүү менен, же иштеп берүүдөн баш тарткан учурда - акчалай түрдө
төлөнүүгө тийиш. Контракттык негизде окугандык үчүн акы Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү аныктаган наркында толук төлөнөт.
Орто кесиптик окуу жайларды (мындан ары - ОКОЖ) жана жогорку окуу
жайларды (мындан ары - ЖОЖ) 1 бюджеттик студентке карата эсептегенде
нормативдик каржылоо үчүн алар көрсөтүүчү кызматтарынын дењгээлине жа-
раша классификацияланат жана аккредитацияланат. Классификацияда техни-
калык, гуманитардык, медициналык жана чыгармачылык адистиктер каралат.
Билим берүү мекемелеринин ар бир тобу үчүн бюджеттик кызмат
көрсөтүүнүн өлкө боюнча орточо көрсөткүчүнүн кымбаттоо же арзандоо ко-
эффициенти аныкталат. Анда төмөнкүлөр эске алынат:
- бир коэффициентке бириктирилген адистешүү, ал адистешүүнүн тары-
хый каржыланышы менен көбүрөөк даражада байланышта болот;
- эмгек акыдагы, керектөө бааларындагы, отун-энергетика ресурста-
рындагы жана коммуналдык кызматтардагы баалардын дењгээлиндеги, ошондой
эле транспорттун барышындагы айырмалар.
ОКОЖдун жана ЖОЖдордун консолидацияланган бюджети студенттердин
структурасынын негизинде окутууга алган гранттардын жана 1 студентке
карата эсептегенде бекитилген, толугу менен же айрым бөлүгү мамлекеттик
бюджеттин каражатынын эсебинен, же окугандардын өздүк каражаттарынын
эсебинен орду толтурулуучу сарптоолордун өлчөмдөрү боюнча аныкталат.
Каржылоонун өлчөмдөрүнө ошондой эле студенттердин окуу формалары боюнча
структурасы (күндүзгү, кечки, сырттан окуу) да таасир этет. Нормативдик
документтерге ылайык, күндүзгү окутуудагы бир студентти каржылоо эки
кечки окуган жа төрт сырттан окуган студентти каржылаганга барабар.
Сунушталган формуланы пайдаланган шартта субъективдүү факторлор
мекеменчи ал ошонуку сыяктуу шарттагы башка ЖОЖдордун эсебинен негизсиз
көбөйткөн тарыхый бюджетине таасир этишине байланыштуу конфликт болбой
койбойт. Статусу салыштырмалуу жогору ЖОЖдор көбүрөөк каржыланат, оку-
туучу кадрлар, аянттар, окутуунун техникалык каражаттары, китепканалык
фонд ж.у.с. менен камсыз болот. Ушундай болсо да материалдык-техникалык
жактан жана кадрлар менен жакшы камсыздык кызмат көрсөтүүлөрдүн дењгээ-
ли да дайым эле ошондой бийик болот дегендикке жатпайт.
3.2.4. Билим берүү мекемелеринин финансылык автономиясы
Билим берүүнү каржылоону өзгөртүп уюштуруунан жана натыйжалуулугун
жогорулатуунун зарыл шарты болуп жалпы билим берүүчү мекемелердин фи-
нансылык-чарбалык өз алдынчалыкка реалдуу өтүшүн мыйзамдык жана уюшту-
руучулук-экономикалык жактардан камсыздоо эсептелет. Анда: мектептердин
юридикалык жактын статусун сөзсүз түрдө алышы; аларга бюджеттик каражат
бөлүүнүн тартиби өзгөртүлүшү (каражатты сарптоонун статьялары боюнча
эмес, жалпы сумманы каржылоого бөлүүгө өтүү); финансылык эсептин жана
отчеттун бирдей формаларын түзүү; мектептердин башкаруу персоналын да-
ярдоо жана кайра даярдоо керек болот.
Билим берүү мекемеси юридикалык жактын укугун толук ишке ашырышы
үчүн алыш-бериш эсеп керек. Мындай эсептин болушу финансылык-чарбалык
иш жүргүзүү, келишимдерди түзүү үчүн жана башка учурларга керек. Билим
берүү мекемеси финансылык эсептешүүнүн ар кандай түрлөрүн ишке ашыруу
үчүн анын штатында бухгалтердин болушу милдеттүү эмес. Эгер юридикалык
жак болсо борбордоштурулган бухгалтерия менен же ал бухгалтерия струк-
туралык түзүмүнө кирсе билим берүүнү башкаруучу орган менен келишим
түзүп алса жетиштүү болот.
Билим берүү системасында бардык билим берүүчү уюмдар үчүн жањы
экономикалык жана укуктук моделди иштеп чыгуу зарыл. Анын принциптери:
- мамлекеттик жана мамлекеттик аккредитациясы бар мамлекеттик эмес
билим берүү мекемелерин укуктук жактан бара бара жакындаштыруу;
- финансылык-чарбалык жактан ачык-айкындык. Окуу жайлардын иште-
риндеги бухгалтердик эсептин жана экономикалык талдоонун заманбап сис-
темасын өнүктүрүү;
- мамлекет менен жеке заказчылардын, анын ичинде билим берүү кыз-
маттарын түздөн түз алуучулардын мамилесинин контракттык формалары;
- билим берүүнү мамлекеттик аккредитациялоо жана билим берүүнүн
сапатын контролдоо системасы.
Ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн окуу
жайга бюджеттик каражат бөлүүнүн мүнөзүн (тартибин) өзгөртүү зарыл, ал
үчүн төмөнкүлөр камсызданууга тийиш:
- каражатты статьялар боюнча пландаштыруудан бюджетти 1 окуучуга
карата эсептеги минимум стандарт боюнча түзүүгө өтүү;
- окуу жайлардын финансылык ресурстарды тескөө укуктарын кењейтүү
(орто жалпы билим берүүдө - камкордук кењештердин катышуусу менен);
- билим берүүчү уюмдарга сарптоолордун сметасын өз алдынча бе-
китүүгө, демек аны өзгөртүүгө укук берүү;
- билим берүүчү уюмдун бүткүл финансылык иши коомдук-мамлекеттик
контроль үчүн ачык жана жеткиликтүү болушу, анын ичинде отчеттун бирдей
формасын иштеп чыгуу жана финансылык отчетторду жыл сайын жарыялоо.
Окугандардан, ата-энелерден, ижарачылардан иш жүзүндө алынчу кире-
шелерди формалдаштыруу окуу жайлардын билим берүүчү негизги ишмердигин
кошумча каржылоого шарт түзүү менен аларды мекеменин жетекчилери ыйга-
рып алуу мүмкүндүгүн чектейт.
IV. Корутунду
Кыргыз Республикасында билим берүүнү каржылоону реформалоонун бул
стратегиясы Мамлекеттик гарантиялар программасынын негизинде мамлекет-
тин жана үй-бүлөнүн милдеттенмелерин бөлүштүрүү менен кызмат
көрсөтүүнүн бардык дењгээлдеринде калк үчүн билим алуунун бирдей жетки-
ликтүүлүгүн камсыздоого мүмкүндүк берет.
Бир окуучуга (тарбиялануучуга), студентке карата эсептеген каржы-
лоого өтүү төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:
- республиканын калкы үчүн сапаттуу билим алуунун географиялык
жеткиликтүүлүгүн камсыздайт;
- мамлекеттик финансылык ресурстарды билим берүүнүн дењгээлдери
жана билим берүүчү мекемелер боюнча бөлүштүрүүдө адилеттикти жана
ачык-айкындыкты камсыздайт;
- билим берүүчү мекемелер тармагын оптималдаштырууга экономикалык
стимулдарды жаратат;
- сабактарды терењдетип окутуучу гимназияларда, лицейлерде жана
мектептерде ата-энелердин кошо төлөөсүнүн эсебинен толуктоо менен бюд-
жеттик каражаттарды аз камсыз үй-бүлөлөрдөгү зирек балдарды колдоого
бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет;
- финансылык агымдардын ачык-айкындыгын жакшыртуунун жана аларды
мектептердин дењгээлинде рационалдаштыруунун эсебинен бюджеттик кара-
жаттарды үнөмдөөнү камсыздайт;
- мугалимдердин ишке шыктануусун арттырат, анткени мектеп окуучу-
ларды тартуу үчүн өзүнүн билим берүүчү ресурсун өстүрөт;
- билим берүү мекемелери чарбалык жактан реалдуу өз алдынчалык
алышат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-декабрындагы №891 "Кыргыз Республикасында билим берүүнү каржылоонун орто мөөнөттүү стратегиясы жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2006 · № 891
- Приказ Министерства образования, науки и молодежной политики КР от 26 декабря 2005 года № 803/1 " О переутверждении Макета государственного образовательного стандарта школьного…Приказ · 26.12.2005 · № 803/1 · Күчүн жоготкон
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Мугалимдин статусу жөнүндөЗакон · 14.01.2001 · № 9 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.