Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 23 июня 2026 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда, социального обеспечения и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-23.
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 1996-жылдын 26-июну № 23 Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө (КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 113, 2015-жылдын 18-декабрындагы № 227, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул Мыйзам белгиленген социалдык төлөөлөрдү толук көлөмдө алууга болгон граждандардын укуктарын камсыз кылуунун механизмин жана менчигинин жана чарба жүргүзүшүнүн түрүнө карабастан, бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдары тарабынан эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү төлөп берүүнүн мөөнөттөрүн бузууда күнөөкөрлөрдүн жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Эмгекти Эл аралык уюштуруу Конвенциясына ылайык аныктайт. (КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья
1-статья. Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү төлөп берүүнү кечиктирүүгө жол берилбейт. Каражаттардын жоктугу эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөп берүү үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт. (КР 2023-жылдын 9-мартындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья
2-статья. Эмгек акы, пенсиялар, пособиелер, стипендиялар жана башка социалдык төлөөлөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен гана төлөнөт. (КР 2023-жылдын 9-мартындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья
3-статья. Ишканалар тарабынан эмгек келишимине ылайык эмгек акыны жана башка социалдык төлөөлөрдү, ошондой эле компенсацияларды, пособиелерди жана стипендияларды төлөп берүүнүн мөөнөттөрү жамааттык келишимдерде, макулдашууларда жана контракттарда айына кеминде бир жолу белгиленет. (КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья
4-статья. Пенсияларды жана пособиелерди төлөө мөөнөттөрү төлөп берүүнү жүзөгө ашырган ишканалар менен социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын же мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун (мындан ары - фонддор) ортосундагы келишимдерде белгиленет (айына кеминде бир жолу). (КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья
5-статья. Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү берүүнү беш күндөн ашык кечиктирүүдө күнөөлүү болгон мамлекеттик башкаруу органдары, ишканалар жана жумуш берүүчүлөр аларды алуучуларга инфляциянын официалдуу белгиленген деңгээлин эске алуу менен төлөп беришет, ошондой эле ар-бир кечиктирилген күч үчүн төлөнө элек сумманын 0,15 проценти өлчөмүндө үстөк төлөшөт. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн үстөктүн жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 процентинен ашуусу мүмкүн эмес. Үстөктүн эң жогорку суммасынын ушул чектөөсү мамлекеттик башкаруу органдары, ишканалар жана жумуш берүүчүлөр тарабынан эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөп берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен учурдан тарта мезгилге карата жана кызматкер тарабынан жумуш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу жазуу жүзүндө талап койгонго чейин гана колдонулат. Кызматкер мамлекеттик башкаруу органдарына, ишканаларга жана жумуш берүүчүлөргө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу талап койгондон кийин үстөктүн эң жогорку суммасынын чектөөсү колдонулбайт жана ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн үстөк иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет. (КР 2015-жылдын 18-декабрындагы № 227, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья
6-статья. Банк мекемелеринде эсептик жана агымдагы эсептерди ачууда банк мекемелери менен ишканалардын ортосунда эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү төлөп берүү үчүн накталай акча берүүнүн мөөнөттөрүн жана алардын аткарылышы үчүн тараптардын жоопкерчилигин көрсөтүү менен кассалык-эсептешүү боюнча тейлөөгө келишим түзүлүүгө тийиш. Банктын эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү накталай акчалар менен ишкана тарабынан белгиленген мөөнөттө төлөп берүү милдеттенмелери боюнча тейлөөнү келишимге киргизүүдөн баш тартуусу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке, анын ичинде банк операцияларын жүзөгө ашырууга болгон лицензиясынан ажыратууга кириптер кылат. Эгерде келишимде башкача каралбаса, кардарлардын эсептеринде каражаттар болгон учурда эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү төлөп берүүгө накталай акчаларды келишимде белгиленген тейлөө күнүндө берүүдөн банк баш тартканда жана кардар фонддор менен толук эсептешүү жүргүзгөндөн банк ишкананын тарткан зыяндарын банктык эки күндөн кийин, Мыйзамдын 5-статьясында каралгандай компенсациялайт. (КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья
7-статья. Пенсияларды жана пособиелерди, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү төлөп берүүнү кечиктирүүдө күнөөлүү болгон фонддор, социалдык камсыздоо органдары жана байланыш мекемелери, банктар банктык эки күндөн кийин социалдык камсыздандыруу боюнча чыгымдарды жана ишканалар тарткан зыяндарды алар төлөгөн суммалардын өлчөмүндө компенсациялайт. (КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Өз убагында финансылоону ачпаган финансы органдары, мамлекеттик бюджеттен финансылануучу ишканаларга, мекемелерге каражаттарды өз убагында которууну кечиктирген жогору турган уюмдар алардын тарткан зыяндарын алар төлөгөн сумманын өлчөмүндө компенсациялайт.
9-статья. Ишканалар фондуларга каражат которууну жамааттык келишимдерде, макулдашууларда, контракттарда белгиленген эмгек акы бериле турган күнү жүргүзүүгө милдеттүү. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр бузулган учурда ишканалар фондулардын ушул Мыйзамдын 5-статьясында каралган зыяндарын төлөп берет. Зыяндарды эсептөө жана төлөп берүү талашсыз тартипте тиешелүү бухгалтериялар аркылуу жүргүзүлөт.
10-статья
10-статья. Социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү төлөөгө каражаттардын жетишсиздиги республикалык бюджеттин каражаттарынан толтурулат. (КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 113, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-статья
11-статья. Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка төлөөлөрдү өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн күнөөлүү болгон жана аларды инфляциянын официалдуу белгиленген деңгээлин эсепке албастан төлөп берген, ошондой эле үстөктөрдүн ордун толтурбаган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат. (КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Бул Мыйзам жарыялангандан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 24 · байланышкандар: 9
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 30 ноября 2006 года №14 "О некоторых вопросах судебной практики применения законодательства о возмещении вреда, причиненного жизни и…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 30.11.2006 · № 14Пункттар: п. 28
Цитата келтиргендер (24)
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 3 апреля 1997 года З №663-1 "Об отчете Премьер-министра Кыргызской Республики Джумагулова А.Дж."Постановление · 03.04.1997 · № 663
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 16 июня 1997 года 3 №746-1 "Об отчете Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 16.06.1997 · № 746
- ПЕРВОНАЧАЛЬНЫЙ ДОКЛАД Кыргызской Республики об осуществлении положений Международного пакта об экономических, социальных и культурных правах (Одобрен постановление Правительства…Доклад · 13.04.1998
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 28-VI "2015-2016-жылдарга VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 18.11.2015 · № 28-VI
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 30 ноября 2006 года №14 "О некоторых вопросах судебной практики применения законодательства о возмещении вреда, причиненного жизни и…Постановление Пленума Верховного суда · 30.11.2006 · № 14
- Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту…Закон · 23.06.2026 · № 93
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-мартындагы № 4884-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине…Постановление · 12.03.2015 · № 4884-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 25-июнундагы № 5320-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине…Постановление · 25.06.2015 · № 5320-V
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 749 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 24.10.2012 · № 749
- О толковании термина "иные социальные выплаты" в статье 1 Закона Кыргызской Республики "Об обеспечении своевременности выдачи заработной платы, пенсий, пособий и иных социальных…Закон · 19.04.2003 · № 83 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-мартындагы № 165 "Кыргыз Республикасынын Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаргандык…Постановление · 15.03.2006 · № 165 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-марты № 109-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" тескемесиРаспоряжение · 11.03.2022 · № 109-р · Күчүн жоготкон
- Мугалимдин статусу жөнүндөЗакон · 14.01.2001 · № 9 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 26 февраля 1997 года №111 "О состоянии выплаты пенсий, пособий, заработной платы работникам бюджетных учреждений и организаций республики"Постановление · 26.02.1997 · № 111 · Күчүн жоготкон
- Генеральное соглашение между Правительством Кыргызской Республики, Федерацией профсоюзов Кыргызстана и республиканскими объединениями работодателей на 1997 год (Заключено…Соглашение · 20.06.1997 · № 360 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 15 июля 1996 года N 326 "О дополнительных мерах по своевременной выдаче заработной платы, пенсий, пособий и иных социальных выплат"Постановление · 15.07.1996 · № 326 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 23 декабря 1996 года N 622 "О положении дел с выплатой заработной платы в бюджетных учреждениях и организациях республики"Постановление · 23.12.1996 · № 622 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 24 июня 1998 года №383 "О Генеральном соглашении между Правительством Кыргызской Республики, Федерацией профсоюзов Кыргызстана и…Постановление · 24.06.1998 · № 383 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз…Закон · 18.12.2015 · № 227 · Күчүн жоготкон
24 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту…Закон · 23.06.2026 · № 93
5 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (9)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 266-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдорун күчүн жоготту ден табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2011 · № 266-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 47-VI "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз…Постановление · 19.11.2015 · № 47-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 47-VI "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз…Постановление · 19.11.2015 · № 47-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 20-майындагы № 484-V "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 20.05.2011 · № 484-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы №670-V "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 17.06.2011 · № 670-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы ;№ 671-V "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 17.06.2011 · № 671-V
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 19-мартындагы № 1742-IV "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз…Постановление · 19.03.2010 · № 1742-IV · Күчүн жоготкон