Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-08-11.
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 8-августу № 150 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 683-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 7-статьяда: 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы редакцияда баяндалсын: "Мугалимдин кызмат акысынын өлчөмү "Билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте белгиленет"; 5, 7-9-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-жыл, № 4, 169-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 21-статьянын 2-бөлүгүндө: экинчи сүйлөмдөгү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясына ылайык" жана ", ошондой эле "жаш окутуучуларга берилүүчү жеңилдиктерге" деген сөздөр алып салынсын: үчүнчү сүйлөм алып салынсын.
3-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 32-статьяда: 2-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: "Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат."; 5-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: "Айыл жерлеринде жайгашкан билим берүү уюмдарында иштегендиги үчүн педагогикалык кызматкерлерге кошумча акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте белгиленет"; 9-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
4-берене.
"Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 6, 572-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 20-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
5-берене.
Ушул Мыйзам 2011-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Жылалды айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17 - майындагы № 12 "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-2022-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө" токтомуПостановление · 17.05.2022 · № 12
- Жылалды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-августундагы № 11 "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-жылдын 8-айына карата аткарылган иштери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2021 · № 11
- Мугалимдин статусу жөнүндөЗакон · 14.01.2001 · № 9 · Күчүн жоготкон
- Мектепке чейинки билим беруу жонундоЗакон · 29.06.2009 · № 198 · Күчүн жоготкон
- Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндөЗакон · 26.11.1999 · № 129 · Күчүн жоготкон
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Мугалимдин статусу жөнүндөЗакон · 14.01.2001 · № 9 · Күчүн жоготкон
- Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндөЗакон · 26.11.1999 · № 129 · Күчүн жоготкон
- Мектепке чейинки билим беруу жонундоЗакон · 29.06.2009 · № 198 · Күчүн жоготкон