Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137 "О Совете по делам правосудия Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-11-15.
КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 137 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 13-июну № 40 Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө (КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2014-жылдын 26-июнундагы № 95, 2016-жылдын 30-июлундагы № 155, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149, 2019-жылдын 27-июнундагы № 77, 31 марта 2020 года № 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңештин статусун, аны түзүүнүн, уюштуруунун жана ишинин тартибин аныктайт.
1-берене. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин статусу жана анын негизги милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция) ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиалдуу орган болуп саналат. Кеңештин статусу Конституцияда жана ушул Мыйзамда аныкталат.
2. Кеңештин негизги милдети Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Конституциялык палата), жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо, жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоого көрсөтүү болуп саналат.
3. Кеңеш өзүнүн ишин көз карандысыздык, айкындуулук, коллегиялуулук, ак ниеттүүлүк, мыйзамдуулук принциптеринде жүзөгө ашырат.
(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Кеңештин ишинин укуктук негизи Конституция, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары Кеңештин ишинин укуктук негизи болуп саналат.
3-берене
3-берене. Кеңештин ыйгарым укуктары
1. Кеңеш:
1) бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен, Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо өткөрөт;
2) сынактык тандоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент):
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) көрсөтүү үчүн Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьясынын бош кызмат ордуна талапкерлерди;
- жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт:
3) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) Кеңештин Регламентин бекитет;
5) (КР 2020-жылдын 31-мартындагы № 32 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
2. Кеңеш өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана алардын кызмат адамдарынан зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды суратууга жана алууга;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын оозеки түшүндүрмөлөрүн угууга жана жазуу жүзүндө суратып алууга;
3) өз жыйналыштарына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, уюмдардын өкүлдөрүн, жарандарды чакырууга.
Кеңеш тарабынан суратып алынышы мүмкүн болгон документтердин жана материалдардын тизмеги Кеңештин Регламентинде бекитилиши керек. (КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149, 31 марта 2020 года № 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-берене
4-берене. Кеңештин курамы жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтү
1. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан шайланган судьялардан, Жогорку Кеңештин парламенттик көпчүлүгү жана парламенттик оппозиция тарабынан шайланган жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт жана 24 мүчөдөн турат.
2. Кеңештин курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген учурдан тартып үч жылды түзөт.
3. Кеңештин мүчөсү ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча анын курамынан чыккан учурда, Кеңештин жаңы мүчөсү Кеңештин курамынын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө бош орун түзүлгөн учурдан тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен, Кеңештин мүчөсүн шайлоо жол-жобосуна ылайык, Жогорку Кеңешке көрсөтүлүүсү тийиш. Кеңештин жаңы мүчөсү ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 6-бөлүгүн эске алуу менен, тиешелүүлүгүнө жараша ошол учурда иштеп жаткан Судьялар кеңешинин, парламенттик көпчүлүктүн, парламенттик оппозициянын курамына ылайык шайланат. Жогорку Кеңеш сунуштама алынган учурдан тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен Кеңештин жаңы мүчөсүн шайлоо тууралуу маселени карайт.
4. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык Кеңешке мүчө боло албайт.
5. Кеңештин жаңы курамын түзүү иштеп жаткан Кеңештин курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин үч ай калганда башталат.
5-берене
5-берене. Кеңешти түзүү
1. Тиешелүүлүгүнө жараша Судьялар кеңеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция Кеңештин курамынын үчтөн бирденин шайлайт.
2. Судьялар Кеңештин курамына бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен, судьялардын курултайы белгилеген тартипте Судьялар кеңеши тарабынан шайланат. Мында Кеңештин курамына шайлануучу судьялар соттордун бардык инстанцияларынан болуулары тийиш.
3. Жарандык коомдун өкүлдөрү Кеңештин курамына бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен, жыйналыштарда парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция тарабынан шайланат. Кеңештин мүчөлөрүнүн кызмат орундарына жарандык коомдон талапкерлер окуу, илимий мекемелерден, коомдук бирикмелерден жана башка уюмдардан көрсөтүлөт.
Жарандык коом (окуу, илимий мекемелер, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар) өз сунуштарын Жогорку Кеңештин парламенттик көпчүлүккө же болбосо парламенттик оппозицияга жазуу жүзүндө киргизет. Парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция Кеңештин мүчөлөрүнө коюлуучу талаптарды эске алуу менен, сунушталган талапкерлердин ичинен 3төн талапкерди тандап алат. Парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын жыйналыштары өз-өзүнчө өткөрүлөт жана аларга алардын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышканда ыйгарым укуктуу болуп эсептелет. Жыйналыштар, Кеңештин курамына талапкерлерди көрсөтүү жана добуш берүү ачык өткөрүлөт. Парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушун алган парламенттик көпчүлүктүн талапкерлери жана парламенттик оппозициянын талапкерлери тиешелүүлүгүнө жараша Кеңештин курамына шайланган болуп эсептелет. Жогорку Кеңеш Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин үч ай мурда талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө кулактандырууну жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
4. Кеңештин курамын бекитүүдө Судьялар кеңеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция тарабынан сунуш кылынган бардык талапкерлер бирдиктүү тизмеге киргизилет.
Жогорку Кеңештин депутаттары жекече курамды талкуулоосуз, ачык добуш берүү менен Кеңештин курамынын бирдиктүү тизмеси үчүн добуш берет. Эгерде Кеңештин мүчөсүнө талапкерлердин бүткүл тизмеси үчүн катышкан депутаттардын санынын көпчүлүгү, бирок депутаттардын 50дөн кем эмеси добуш берсе, Кеңештин курамы бекитилди деп эсептелет. Кеңештин жаңы курамы бекитилген күндөн тартып, Кеңештин мурдагы курамы өз ишин токтотот.
5. Парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын курамы өзгөргөн учурда, алар тарабынан Кеңештин курамына шайланган мүчөлөрү мөөнөт аяктаганга чейин өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну уланта берет.
6. Кеңештин курамы анын курамында бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен түзүлөт.
7. Парламенттик көпчүлүктөн же парламенттик оппозициядан Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө кулактандыруу ыйгарым укуктар токтотулган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Жарандык коом жыйырма күндөн кечиктирбестен өз талапкерлерин киргизүүгө укуктуу. Киргизилген талапкерлер тиешелүү парламенттик көпчүлүк же болбосо парламенттик оппозиция тарабынан каралат жана парламенттик көпчүлүктүн же болбосо парламенттик оппозициянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушун алган талапкер Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилет. (КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2016-жылдын 30-июлундагы № 155, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-берене
6-берене. Кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлуучу талаптар
1. Кеңештин курамына сунушталуучу адамдар:
- Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
- чет мамлекеттин жарандыгы болбоого;
- кайсы бир партияда турбоого;
- кынтыксыз абройго, коомдо сый-урматка ээ болууга;
- соттуулугу, анын ичинде, алып салынган же жоюлган соттуулугу жок болууга тийиш.
Кылмыш жасоодо шектелген же айыпталган же болбосо реабилитацияланбоочу негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоо кыскартылган адам Кеңештин мүчөсү боло албайт.
2. Жарандык коомдон 30 жаш курагына жеткен, жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес стажы бар жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта турбаган адам Кеңештин мүчөсү боло алат.
(Экинчи абзац КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 155 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Кеңештин мүчөлөрү сотто тараптардын өкүлдөрү жана адвокат катары катышууга укуксуз.
3. Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлгөн, беш жылдан кем эмес судьялык иш стажы бар судья Кеңештин мүчөсү боло алат.
Жогорку соттун, Конституциялык палатанын жана жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары, ошондой эле Судьялар кеңешинин курамына кирген судьялар Кеңештин мүчөсү боло албайт.
4. Төмөнкү адамдар Кеңештин мүчөлөрү боло албайт:
1) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын судьясынын кызматынан бошотулган;
2) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын жаманатты кылганына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулган же "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын сегизинчи жана тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча адвокаттык иш жүргүзүү укугун берген лицензиядан ажыратылган;
3) аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген;
4) аларга карата жазык ишинин өндүрүшү акталбоочу негиздер боюнча токтотулган же токтотулуп турган;
5) мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үлүшү элүү жана андан ашык пайызды түзгөн уюмдардын башкаруу органдарында иштегендер.
6) укук коргоо органдарында же прокуратура органдарында кызматта тургандар, ошондой эле алардын кадрларынын тескөөсүндө болгондор:
7) (КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 155 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинде тургандар.
(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2014-жылдын 26-июнундагы № 95, 2016-жылдын 30-июлундагы № 155 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-берене
7-берене. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу, токтото туруу
1. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ал бекитилген мөөнөт аяктаганда;
2) өз каалоосу боюнча ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз бергенде;
3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
4) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганда;
5) акталбаган негиздер боюнча жазык иши токтотулганда;
6) ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде;
7) аны аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү же аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенде;
8) ал өлгөндө же аны өлдү деп табуу тууралуу соттун чечими күчүнө киргенде;
9) аны дайынсыз жоголду деп табуу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенде;
10) жүйөөлүү себептерсиз Кеңештин кезектеги жыйналыштарына катары менен беш жолу келбегенде;
11) ушул Мыйзамда каралган учурларда, өзүнүн катышуусун алып коюу жөнүндө билдирбегенде;
12) Кыргыз Республикасынын судьясынын кызматынан бошотулганда;
13) жарандык коомдун өкүлдөрүнөн болгон Кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик же муниципалдык кызматка киргенде;
14) анда чет мамлекеттин жарандыгы болгону белгиленгенде;
15) "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын 3-бөлүгүнүн төртүнчү жана бешинчи абзацтарында каралган негиздер боюнча адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясынан ажыратылганда;
16) саясий партияга таандыктуулугу белгиленгенде;
17) судьянын кынтыксыз эмес аброю жөнүндө фактылар белгиленгенде;
18) мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үлүшү элүү пайыздан ашкан уюмдардын башкаруу органдарында иштеген фактысы белгиленгенде;
19) Кеңештин курамына талапкерлерге ушул Мыйзам менен коюлуучу талаптарга ылайык келбөө фактысы белгиленгенде;
20) укук коргоо органдарында же прокуратура органдарында кызмат өтөө жана алардын кадрларынын тескөөсүндө болуу фактысы белгиленгенде;
21) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын дискредитациялагандыгына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулгандыгынын фактысы белгиленгенде;
22) сотто тараптардын өкүлдөрү жана адвокат катары катышуу фактысы белгиленгенде.
2. Аны жазык жоопкерчилигине (күнөөкөр катары тартылганда) тарткан учурларда Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Кеңештин чечими менен токтотула турат.
3. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-21-пункттарында каралган негиздер боюнча Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн негиз болуп саналган жагдайларды тастыктоочу ыйгарым укуктуу органдын корутундусун Кеңеш алган учурдан тартып токтотулат.
(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2014-жылдын 26-июнундагы № 95, 2016-жылдын 30-июлундагы № 155 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-берене
8-берене. Кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын шайлоонун тартиби жана анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү
1. Кеңештин төрагасы жана анын орун басары ачык добуш берүү менен бир жылдык мөөнөткө шайланат.
2. Төраганын, төраганын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлер Кеңештин мүчөлөрү тарабынан же өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлөт.
3. Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушун алган талапкер Кеңештин төрагалыгына, төраганын орун басарлыгына шайланган болуп эсептелет.
4. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири да шайлануу үчүн талап кылынган добуштардын санын албай калган учурда, добуштардын көп санын алган бир талапкерлик боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
5. Эгерде экинчи турда талапкер Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көп добуш албаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт.
6. Эгерде биринчи турда талапкерлер добуштардын бирдей санын алган учурда, жаңы шайлоо өткөрүлөт.
7. Кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо Кеңештин кийинки жыйналышына калтырылышы мүмкүн эмес.
8. Кеңештин чечими боюнча биринчи жыйналышта узактыгы 10 сааттан ашпаган тыныгуу жарыяланышы мүмкүн.
9. Кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо Кеңештин чечими менен жол-жоболонот.
10. Кеңештин төрагасынын, төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал шайланган күндөн тартып башталат жана жаңы төрага, төраганын орун басары тиешелүү айдагы жана шайланган күндүн алдындагы күндө токтотулат.
11. Кеңештин жаңы төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо иштеп жаткан төраганын, төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн акыркы айында жүргүзүлөт. Эгерде Кеңештин жаңы төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо ушул беренеде белгиленген мөөнөттө өткөрүлбөй калган учурда, Кеңештин иштеп жаткан төрагасы, төраганын орун басары Кеңештин жаңы төрагасы, төраганын орун басары шайланганга чейин өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну уланта беришет.
12. Кеңештин төрагасы, төраганын орун басары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, бош кызмат ордун ээлөө шайлануу тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене
9-берене. Кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарынын ыйгарым укуктары
1. Кеңештин төрагасы:
1) Кеңештин ишин уюштурат, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде Кеңештин атынан чыгат;
2) жыйналыштарды чакырат, Кеңештин жыйналышына кароо үчүн киргизилүүчү маселелерди аныктайт, баяндамачыларды аныктайт;
3) Кеңештин жыйналыштарына төрагалык кылат;
4) Кеңешке берилген материалдарды текшерүүнү уюштурат;
5) Кеңештин жыйналыштар залында коомдук тартипти бузган адамдарды сыртка чыгарттырат;
6) Кеңештин ишинин жыйынтыктарын жалпылоону уюштурат жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган чараларды көрөт;
7) ушул Мыйзамда белгиленген учурларда Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жана Кеңештин курамына Кеңештин жаңы мүчөсүн шайлоонун зарылдыгы жөнүндө Жогорку Кеңешке, Судьялар кеңешине маалымдайт;
8) ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине Кеңештин ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана усулдук камсыз кылууну камсыздаган бөлүмдүн иши жөнүндө, ал бөлүмдүн кызматкерлерине карата сыйлоо же тартиптик таасир көрсөтүү чараларын колдонуу тууралуу чечим кабыл алуу үчүн маалымдайт.
2. Кеңештин төрагасы болбогон мезгилде анын ыйгарым укуктарын орун басары аткарат.
(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене
10-берене. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары
1. Кеңештин мүчөсү:
1) Кеңештин жыйналыштарына катышат;
2) Кеңештин кароосуна берилген материалдар менен таанышат;
3) материалдарды иликтөөгө жана текшерүүгө катышат;
4) каралып жаткан маселелер боюнча жүйөөлөштүрүлгөн жана негизделген сунуштарды киргизет;
5) чечимдерди кабыл алууда добуш берүү жолу менен катышат;
6) Кеңештин чечимдерине кол коет;
7) өзгөчө пикирин киргизет. Өзгөчө пикир ар бир талапкер боюнча материалдарга тиркелет;
8) Кеңештин төрагасы жана анын орун басары болбогон учурда, Кеңештин төрагасынын чечиминин же Кеңештин чечиминин негизинде Кеңештин жыйналышка төрагалык кылат.
2. Кеңештин мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кеңештин компентенциясына кирген маселелерди кароодо эч кимге тартпоого жана калыс болууга;
2) ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарын аткарууда өзүнө белгилүү болуп калган судьялардын жана судьялыкка талапкерлердин жеке турмушу жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоого;
3) эгерде ал чечим кабыл алынып жаткан адамга карата жубай, жакын тууган болуп саналса, Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизилген маселени кароодо өзүн алып салууну билдирүүгө.
(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Кеңештин катчысы
1. Кеңештин катчысынын ишмилдети ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкерине жүктөлөт.
2. Кеңешти катчысы:
1) Кеңештеги иш кагаздарын алып барууну уюштурат;
2) Кеңештин жыйналышын даярдоону камсыз кылат;
3) Кеңештин жыйналышын өткөрүү күнү, убактысы жана орду жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлайт;
4) Кеңештин кезектеги жыйналышынын күн тартибин Кеңештин мүчөлөрүнө жеткирүүнү камсыз кылат;
5) судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө ниеттенген талапкерлер боюнча добуш берүүнү даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат;
6) Кеңештин жыйналышынын протоколун жүргүзөт;
7) ишке тиешеси бар жактарга чечимдердин көчүрмөлөрүн жөнөтүүнү камсыз кылат;
8) Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттун судьяларынын бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак өткөрүү жөнүндө кулактандырууну мамлекеттик басма сөз органына жана Кеңештин расмий сайтына жайгаштырат;
9) Кеңештин төрагасынын тескемеси боюнча Кеңештин компентенциясына таандык кылынган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12-берене
12-берене. Кеңештин жыйналыштары
1. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
2. Кеңештин жыйналышын өткөрүү күнү, убактысы жана орду Кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет.
3. Кеңештин жыйналышын өткөрүү убактысы жөнүндө анын мүчөлөрү, өзүнө карата маселе каралып жаткан адамдар, жалпыга маалымдоо каражаттары аны өткөрүүгө чейин беш календардык күн калгандан кечиктирилбестен катчы тарабынан кабарландырылат. Бештен кем эмес сандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмеги Кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Кеңештин жыйналышында протокол түзүлөт.
5. Кеңештин жетектөөчү курамын тандоо, Кеңештин ишин регламенттөөчү документтерди бекитүү, финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу, конкурстук тандоо маселелери боюнча Кеңештин жыйналышы Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын төрттөн үчүнөн кем эмеси катышканда ыйгарым укуктуу болуп саналат. Калган учурларда Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда Кеңештин жыйналышы ыйгарым укуктуу болуп саналат. Кеңештин жыйналышы аудиожазууларды жана көрмөтартууларды жүргүзүү менен гана ачык өткөрүлөт.
(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Кеңештин жыйналышын өткөрүүнүн тартиби
1. Кеңештин жыйналышында чечиле турган маселелерди кароо төрагалык кылуучунун же Кеңештин мүчөсүнүн баяндамасы менен башталат.
2. Кеңештин жыйналышында материалдарды кароо тиешелүү кызматтарды ээлөөгө ниеттенген адамдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка ишке тиешеси бар ар кандай адамдардын катышуусу менен ачык өткөрүлөт. Жыйналышты өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарландырылган, тиешелүү кызматты ээлөөгө ниеттенген адамдын катышпагандыгы башка талапкерлерге карата маселени маңызы боюнча кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
3. Кеңештин жыйналыштары милдеттүү түрдө укма жана көрмө тартууга жазылууга тийиш. Укма жазууларды жана көрмө тартууларды сактоону, алардын ачыктыгын камсыз кылуу ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
14-берене
14-берене. Кеңештин биринчи жыйналышы
1. Кеңештин мүчөлөрү биринчи жыйналышка Жогорку Кеңеш аны бекиткен күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен чогулат.
2. Биринчи жыйналышты Кеңештин жашы боюнча улуу мүчөсү алып барат.
3. Ыйгарым укуктуу орган Кеңештин жашы улуу мүчөсүнө Кеңештин биринчи жыйналышын өткөрүү күнүн, ордун жана убактысын аныктоо зарылчылыгы жөнүндө билдирет жана аны уюштуруу үчүн чараларды көрөт.
4. Кеңештин биринчи жыйналышында:
1) төрагалык кылуучу Кеңештин мүчөлөрүн тааныштырат;
2) Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен курамында Кеңештин 6 мүчөсү болгон эсептөө комиссиясы ачык добуш берүү менен шайланат;
3) Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо өткөрүлөт.
(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Алып коюу жана өзүнүн катышуусун алып коюу
1. Эгерде маселени кароого өзүнүн катышуусун болтурбаган жагдайлар болсо же өзүнүн жан тартпастыгына күмөн саноону пайда кылган башка жагдайлар болсо, Кеңештин мүчөсү маселени кароого катышышы мүмкүн эмес жана өзүнүн катышуусун алып коюуга тийиш.
2. Алып коюу ага тиешелүү маселе каралып жаткан адам тарабынан билдирилиши мүмкүн. Алып коюунун негиздери жазуу түрүндө баяндалат.
3. Кеңештин мүчөсүн алып коюу жөнүндө чечим жыйналышка катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
4. Эгерде ал чечим кабыл алынып жаткан адамга карата жубай, жакын тууган болуп саналган учурда, Кеңештин мүчөсү маселени кароого катыша албайт жана өзүнүн катышуусун алып коюуну билдирүүгө милдеттүү.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо, өзүнүн катышуусун алып коюуну билдирбеген учурда Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулат.
16-берене. Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттун судьяларынын бош кызмат ордун ээлөөгө сынак жарыялоо
1. Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо сынактык негизде жүзөгө ашырылат.
2. Кеңеш Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордунун пайда болушу жөнүндө мамлекеттик басма сөз органында, ошондой эле Кеңештин расмий сайтында жарыялайт.
3. Бош кызмат ордунун пайда болгону жөнүндө жарыяда судьялык бош кызмат ордуна талапкерлерден арыздарды кабыл алуучу жер, арызга тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле документтерди берүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт.
4. Судьянын бош кызмат ордуна сынакка Конституциянын жана конституциялык мыйзамдын талаптарына жооп берген адамдар катыша алат.
5. Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкердин Кеңештин дарегине арызы жана документтери талапкердин жеке өзү тарабынан же почта аркылуу ыйгарым укуктуу органга берилет. Судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө ниеттенген иштеп жаткан судьялардын документтери конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте берилет.
6. Толук эмес көлөмдө же конституциялык мыйзамда белгиленген талаптарды сактабастан, белгиленген мөөнөттөн кийин келип түшкөн документтер, кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен, талапкерге Кеңештин чечиминин негизинде кайтарылып берилет.
7. Талапкерлердин биротоло тизмеси мамлекеттик басма сөз органында жана Кеңештин расмий сайтында, ошондой эле ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмегинде жарыяланат.
17-берене
17-берене. Судьянын кызмат ордуна сынак
1. Жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна дайындоо жөнүндө же Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьясынын кызмат ордуна көрсөтүү тууралуу сунуш сынактык тандоонун натыйжалары боюнча берилет, аны өткөрүүнүн тартиби конституциялык мыйзамда аныкталат.
2. (КР 2014-жылдын 26-июнундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР 2014-жылдын 26-июнундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР 2014-жылдын 26-июнундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР 2014-жылдын 26-июнундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР 2014-жылдын 26-июнундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. (КР 2014-жылдын 26-июнундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2014-жылдын 26-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
18-берене
18-берене. Кеңештин чечимдери
1. Кеңештин чечимдери ачык добуш берүү аркылуу Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
2. Кеңештин мүчөлөрү добуш берүүдө калыс калууга укуксуз.
3. Кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда Кеңештин мүчөсү өзгөчө ой-пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал Кеңештин жыйналышынын протоколуна тиркелет.
4. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кеңеш чечим кабыл алат, анда чечим чыгарылган күнү жана орду, маселени караган Кеңештин курамы камтылууга тийиш. Чечимге төрагалык кылуучу жана жыйналышка катышкан Кеңештин мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
5. Кеңештин чечими каралган маселе тиешелүү болгон адамдардын катышуусунда, түздөн-түз кабыл алынгандан кийин жарыяланат. Адамдын катышпай калганы чечимди жарыялоо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. Кеңеш кабыл алынган чечимдин резолюциялык бөлүгүн гана жарыялоого укуктуу. Чечимдин резолюциялык бөлүгү жарыяланган учурда, анын толук тексти төрт күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен даярдалат.
6. Кызыкдар адамдар чечимдин көчүрмөсүн ал кабыл алынгандан кийин беш күндүн ичинде алууга укуктуу.
7. Конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча Кеңештин чечими, ошондой эле талапкерлер боюнча конкурстук тандоонун жыйынтыктары чечим кабыл алынган учурдан тартып үч күндөн кечиктирилбестен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Кеңештин расмий сайтында жарыяланышы керек.
8. Талапкер тарабынан Кеңештин чечимдери, Кеңеш конкурстук тандоонун жол-жоболорун бузган учурда гана биринчи инстанциядагы сотко даттанылышы мүмкүн. Биринчи инстанциядагы соттун чечими Жогорку сотко даттанылышы мүмкүн. Жогорку соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
Даттануулар чечим чыгарылган учурдан тартып үч жумушчу күндөн кечиктирбестен берилет. Сотко келип түшкөн даттануулар келип түшкөн учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө каралууга жатат. Эгерде даттанууларда камтылган далилдер кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Соттун чечими арыз берүүчүгө токтоосуз тапшырылат. Сот даттануунун негиздүүлүгүн белгилөө менен, талаш чечимди мыйзамсыз деп тааныйт жана Кеңештин чечимин жокко чыгарат же болбосо эгерде Кеңештин талаш чечиминин мыйзамдуу экенин белгилесе, даттанууну канааттандыруудан баш тартылат. Даттанууларды берүү мөөнөттөрү кайра калыбына келтирүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин даттануулар кабыл алынбайт. (КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене
19-берене. Судьянын кызмат ордуна көрсөтүү жана дайындоо жөнүндө Кеңештин сунушу
1. Кеңеш конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча Президентке сунуш киргизет:
1) Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьясынын кызмат ордуна шайлоо үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизүү жөнүндө;
2) жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна дайындоо жөнүндө.
2. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлер боюнча Кеңеш тарабынан киргизилген сунуштарды Президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.
3. (КР 2014-жылдын 26-июнундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР 2014-жылдын 26-июнундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР 2014-жылдын 26-июнундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР 2014-жылдын 26-июнундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2014-жылдын 26-июнундагы № 95, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
20-берене. Судьяны которуу (ротациялоо) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
21-берене
21-берене. Кеңештин ишин уюштуруу жана камсыз кылуу
1. Судьянын кызматын ээлеп турган Кеңештин мүчөсү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат жана анын негизги иш орду боюнча эмгек акысы сакталат. Кеңеште иштөө мезгилинде судьянын кызматын ээлеп турган анын мүчөсү өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат.
Судьянын кызматын ээлеп турбаган Кеңештин мүчөсүнө шайланган учурдан тартып ай сайын материалдык сыйакы төлөнөт. Материалдык сыйакы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө, ыйгарым укуктуу орган тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Кеңештин ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана усулдук жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен өзүнчө сап менен каржыланат.
3. Кеңешти материалдык, техникалык жана усулдук жактан камсыз кылууну жакшыртуу максатында, эл аралык уюмдардын гранттык каражаттары тартылышы мүмкүн.
4. Кеңештин региондордон келген мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте транспорттук чыгымдарынын орду толтурулат жана иш сапар чыгымдары төлөнүп берилет.
(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2019-жылдын 27-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-берене
22-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кеңештин курамы ушул Мыйзамга ылайык, ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде шайланат.
Кеңеш өзү түзүлгөн күндөн тартып бир айдын ичинде Кеңештин Регламентин иштеп чыксын жана бекитсин. 2-1. (КР 2019-жылдын 27-июнундагы № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 2-2. Ушул Мыйзамдын судьянын кызмат ордун ээлөөгө конкурстук тандоо өткөрүү үчүн судьянын бош кызмат ордунун милдеттүү түрдө болушу бөлүгүндөгү ченемдери "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүүчү конкурстук тандоо учурларына жайылтылбайт. 2-3. "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруу максатында судьялардын кызмат орундарына конкурстук тандоонун графиги Кеңеш тарабынан бекитилет. Конкурстук тандоонун графиги судьяларынын кызмат орундарына конкурс өткөрүлө турган сотторду камтыйт. 2-4. "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык:
- Жогорку соттун иштеп жаткан судьялары Жогорку соттун жаңы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси шайлангандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан толук курамда кызмат ордунан бошотулат. Мында Жогорку соттун жаңы шайланган судьялары Жогорку соттун бардык курамы бошотулгандан кийин ант беришет;
- жергиликтүү соттун иштеп жаткан судьялары жаңы судьялардын дайындалышы менен толук курамда бошотулат.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7, 724-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 594-ст.).
(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2019-жылдын 27-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 12 · цитата келтиргендер: 54 · байланышкандар: 17
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 28 февраля 2018 года №5 "О некоторых вопросах применения судами норм Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики".Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 28.02.2018 · № 5Пункттар: п. 14
- Постановление Пленума Верховного суда Кыргызской Республики от 28 февраля 2018 года №5 «О некоторых вопросах применения судами норм Административно-процессуального кодекса…Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 51 · № 5 токтомго өзгөртүү киргизетПункттар: п. 6
Цитата келтиргендер (54)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 1089-V "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча…Постановление · 30.09.2011 · № 1089-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-февралындагы № 3575-VI "2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасын бекитүү…Постановление · 26.02.2020 · № 3575
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 369-б " 2012-2016-жылдарда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын…Распоряжение · 19.10.2018 · № 369-б
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 137
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 2098-VI "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.12.2017 · № 2098-VI
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 31 мартындагы № 4481-VI "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.03.2021 · № 4481-VI
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 35-б (2013-2018-жылдар мезгилине аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз…Распоряжение · 01.03.2019 · № 35-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 6-б "2012-2016-жылдарда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын…Распоряжение · 28.01.2019 · № 6-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги "К.З.К. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын…Постановление · 09.04.2021
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 4468-V "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө"Постановление · 19.11.2014 · № 4468-V
- КР Президентинин 2013-жылдын 22-февралындагы ПЖ №32 "Ош облустук сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 22.02.2013 · № 32
- КР Президентинин 2013-жылдын 7-мартындагы ПЖ №48 "Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын кызматтарынан бошотуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 07.03.2013 · № 48
- КР Президентинин 2013-жылдын 20-марты ПЖ №56 "Ысык-Көл облустук сотунун судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.03.2013 · № 56
- КР Президентинин 2013-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №72 "Нарын облустук сотунун судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 03.04.2013 · № 72
- КР Президентинин 2013-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ №80 "Талас облустук сотунун судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 17.04.2013 · № 80
- КР Президентинин 2013-жылдын 28-майындагы ПЖ № 121 "Кыргыз Республикасынын Аскердик сотторунун судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 28.05.2013 · № 121
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 3 марта 2016 года № 342-VI "Об утверждении Г.У.Калиевой членом Совета по отбору судей Кыргызской Республики"Постановление · 03.03.2016 · № 342-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 421-VI "Э.А.Мадмарованы Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.04.2016 · № 421-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-июнундагы № 712-VI "Т.И.Бегалиевди Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин мүчөлүгүнө бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.06.2016 · № 712-VI
- КР Президентинин 2013-жылдын 17-январындагы ПЖ №7 "Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызматынан бошотуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 17.01.2013 · № 7
54 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (12)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 138
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 137
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 4468-V "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө"Постановление · 19.11.2014 · № 4468-V
- Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Закон · 28.07.2017 · № 149
- Адвокаттык иш жөнүндөЗакон · 21.10.1999 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеши жөнүндөЗакон · 20.08.2007 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 26.06.2014 · № 95 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 30.07.2016 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 27.06.2019 · № 77 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 31.03.2020 · № 32 · Күчүн жоготкон
12 ичинен 11 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (17)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 30-майындагы № 3086-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 30-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.05.2019 · № 3086-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 29-январындагы № 3506-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 29-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2020 · № 3506-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 31-майындагы № 1630-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик…Постановление · 31.05.2017 · № 1630-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4215-V ""Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 25.06.2014 · № 4215-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-февралындагы № 3579-VI "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 26.02.2020 · № 3579-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3985-V ""Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 23.04.2014 · № 3985-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 4-июну № 4115-V "Кыргыз Республикасынын Судьяларынын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 04.06.2014 · № 4115-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 794-VI "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 23.06.2016 · № 794-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 811-VI "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 29.06.2016 · № 811-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-февралындагы № 2901-VI "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 13.02.2019 · № 2901-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 3011-VI "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 18.04.2019 · № 3011-VI
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 30 мая 2019 года № 3090-VI "О принятии Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору…Постановление · 30.05.2019 · № 3090-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 29-январындагы № 3511-VI "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 29.01.2020 · № 3511-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-февралындагы № 3578-VI "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 26.02.2020 · № 3578-VI
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөЗакон · 09.07.2008 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2011-жылдын 28-сентябрындагы ПБ № 146 (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жумушчу комиссия жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 28.09.2011 · № 146 · Күчүн жоготкон