Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПБ № 146 (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жумушчу комиссия жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 17 января 2012 года № 6 "Об образовании Комиссии по выработке согласованных предложений по дальнейшему реформированию судебной системы Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-01-17.
КР Президентинин 2012-жылдын 17-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2011-жылдын 28-сентябры ПБ № 146 Бийликтин сот бутагын реформалоо боюнча макулдашылган мамилени иштеп чыгуу, сот системасынын ишин жөнгө салган мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча аракеттерди координациялоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жумушчу комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Текебаев Өмүрбек Чиркешович - "Ата-Мекен" фракциясынын лидери, комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
- Исаев Канатбек Кедейканович - "Республика" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);
- "Республика" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
- Жапаров Садыр Нургожоевич - "Ата-Журт" фракциясынын лидери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сот-укуктук маселелер боюнча Комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- "Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
- Турсунбеков Чыныбай Акунович - КСДП фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);
- КСДП фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
- Талиева Камила Абдыразаковна - "Ар-Намыс" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);
- "Ар-Намыс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
- Скрипкина Галина Анатольевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Мамбетжанов Мелис Тулиндыевич - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кабак Дмитрий Иванович - "Открытая позиция" коомдук фондунун президенти (макулдашуу боюнча);
- Карасартова Рита Рахмановна - коомдук саясат Институтунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- Токтакунов Нурбек Акбарович - "Прецендент" коомдук фондунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- Осмонкулов Маратбек Аскарович - Жогорку соттун судьясы, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Майчиев Шамарал Юсупович - Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Нарымбаев Данияр - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Мамыров Эркинбек Тобокелович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;
- Дүйшеев Карыбек Арстанбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын сот органдары бөлүмүнүн башчысы.
2. Жумушчу топ "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши жөнүндө" жана "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле соттук реформалоонун башка көйгөйлүү маселелери боюнча түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөЗакон · 09.07.2008 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 153 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 40 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
- Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.03.2008 · № 35 · Күчүн жоготкон