1-берене. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин статусу жана анын негизги милдеттери
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137.
1. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция) ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиалдуу орган болуп саналат. Кеңештин статусу Конституцияда жана ушул Мыйзамда аныкталат.
2. Кеңештин негизги милдети Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Конституциялык палата), жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо, жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоого көрсөтүү болуп саналат.
3. Кеңеш өзүнүн ишин көз карандысыздык, айкындуулук, коллегиялуулук, ак ниеттүүлүк, мыйзамдуулук принциптеринде жүзөгө ашырат.
(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги "К.З.К. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын…Постановление · 09.04.2021
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 1089-V "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча…Постановление · 30.09.2011 · № 1089-V
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203284/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>