5-берене. Кеңешти түзүү
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2017 года № 149
1. Тиешелүүлүгүнө жараша Судьялар кеңеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция Кеңештин курамынын үчтөн бирденин шайлайт.
2. Судьялар Кеңештин курамына бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен, судьялардын курултайы белгилеген тартипте Судьялар кеңеши тарабынан шайланат. Мында Кеңештин курамына шайлануучу судьялар соттордун бардык инстанцияларынан болуулары тийиш.
3. Жарандык коомдун өкүлдөрү Кеңештин курамына бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен, жыйналыштарда парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция тарабынан шайланат. Кеңештин мүчөлөрүнүн кызмат орундарына жарандык коомдон талапкерлер окуу, илимий мекемелерден, коомдук бирикмелерден жана башка уюмдардан көрсөтүлөт.
Жарандык коом (окуу, илимий мекемелер, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар) өз сунуштарын Жогорку Кеңештин парламенттик көпчүлүккө же болбосо парламенттик оппозицияга жазуу жүзүндө киргизет. Парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция Кеңештин мүчөлөрүнө коюлуучу талаптарды эске алуу менен, сунушталган талапкерлердин ичинен 3төн талапкерди тандап алат. Парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын жыйналыштары өз-өзүнчө өткөрүлөт жана аларга алардын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышканда ыйгарым укуктуу болуп эсептелет. Жыйналыштар, Кеңештин курамына талапкерлерди көрсөтүү жана добуш берүү ачык өткөрүлөт. Парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушун алган парламенттик көпчүлүктүн талапкерлери жана парламенттик оппозициянын талапкерлери тиешелүүлүгүнө жараша Кеңештин курамына шайланган болуп эсептелет. Жогорку Кеңеш Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин үч ай мурда талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө кулактандырууну жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
4. Кеңештин курамын бекитүүдө Судьялар кеңеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция тарабынан сунуш кылынган бардык талапкерлер бирдиктүү тизмеге киргизилет.
Жогорку Кеңештин депутаттары жекече курамды талкуулоосуз, ачык добуш берүү менен Кеңештин курамынын бирдиктүү тизмеси үчүн добуш берет. Эгерде Кеңештин мүчөсүнө талапкерлердин бүткүл тизмеси үчүн катышкан депутаттардын санынын көпчүлүгү, бирок депутаттардын 50дөн кем эмеси добуш берсе, Кеңештин курамы бекитилди деп эсептелет. Кеңештин жаңы курамы бекитилген күндөн тартып, Кеңештин мурдагы курамы өз ишин токтотот.
5. Парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын курамы өзгөргөн учурда, алар тарабынан Кеңештин курамына шайланган мүчөлөрү мөөнөт аяктаганга чейин өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну уланта берет.
6. Кеңештин курамы анын курамында бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен түзүлөт.
7. Парламенттик көпчүлүктөн же парламенттик оппозициядан Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө кулактандыруу ыйгарым укуктар токтотулган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Жарандык коом жыйырма күндөн кечиктирбестен өз талапкерлерин киргизүүгө укуктуу. Киргизилген талапкерлер тиешелүү парламенттик көпчүлүк же болбосо парламенттик оппозиция тарабынан каралат жана парламенттик көпчүлүктүн же болбосо парламенттик оппозициянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушун алган талапкер Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилет. (КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2016-жылдын 30-июлундагы № 155, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 28 июля 2017 года № 149 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О Дисциплинарной комиссии при Совете судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2016 года № 155 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 апреля 2012 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…талаптарды эске алуу менен, сунушталган талапкерлердин ичинен алынып салынды: 8ден кошулду: 3төн талапкерди тандап алат.
Парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик … 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2016-жылдын 30-июлундагы № алынып салынды: 155 кошулду: 155, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 4468-V "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө"Постановление · 19.11.2014 · № 4468-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 2098-VI "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.12.2017 · № 2098-VI
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 31 мартындагы № 4481-VI "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.03.2021 · № 4481-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 10-декабрындагы № 4576-V "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.12.2014 · № 4576-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылындагы 8-июлудагы № 940-V "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө"токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 940-V
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 4468-V "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө"Постановление · 19.11.2014 · № 4468-V
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203284/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>