Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 121 «Кыргыз Республикасынын Аскердик сотторунун судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 28-майы ПЖ № 121 Кыргыз Республикасынын Аскердик сотторунун судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 24-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2013-жылдын 28-майынан баштап Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары кызматтарынан бошотулсун:
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунан:
- Алиев Узбек Адамович;
- Ашымбеков Нурланбек Ашымбекович;
- Аземкулов Барктабас Шаршеналиевич;
- Калилов Аязбек Эсентаевич;
- Карабеков Алмаз Маматбекович;
- Кожомбердиев Бакыт Кожомбердиевич;
- Мамытов Закирбай Торулуевич;
Бишкек гарнизонун Аскердик сотунан:
- Апышев Алмазбек Апышевич;
- Бектемиров Жакыпбек Барыктабасович;
- Тентимишов Марлэн Бактыгулович;
Ош гарнизонунун Аскердик сотунан:
- Арабаев Бакыт Исаевич;
- Суеркулов Эрлан Оморалиевич;
Баткен гарнизонунун Аскердик сотунан - Адыл уулу Улан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 40 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон