Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеши жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 13 июня 2011 года № 40 "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-13.
Кыргыз Республикасынын
2011-жылдын 13-июнундагы № 40 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2007-жылдын 20-августу № 155
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги
иштери боюнча Улуттук кењеши
жөнүндө
2007-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз
Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кењешинин стату-
сун, аны түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартибин аныктайт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-статья
1-статья. Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кењештин статусу
жана анын негизги милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук ке-
њеши (мындан ары - Улуттук кењеш) Кыргыз Республикасынын Конституциясы-
на ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиялуу орган болуп эсептелет.
2. Улуттук кењештин негизги милдети Кыргыз Республикасынын жерги-
ликтүү сотторунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын
бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо, аларды дайындоого жана ко-
торууга (ротациялоого), кызматынан четтетүүгө жана бошотууга сунуштоо
болуп эсептелет.".
2-статья. Улуттук кењеш жөнүндө мыйзамдар
Улуттук кењешти уюштуруу, анын ишинин тартиби жана ыйгарым укукта-
ры Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын судья-
ларынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы,
ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары ме-
нен аныкталат.
3-статья. Улуттук кењештин ишинин принциптери
Улуттук кењеш өзүнүн ишин көз карандысыздык, ачык айкындуулук,
коллегиялуулук, мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптеринде жүзөгө
ашырат.
4-статья
4-статья. Улуттук кењештин ыйгарым укуктары
1. Улуттук кењеш:
1) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук
тандоо өткөрөт жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жана
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын бош кызмат ордуна та-
лапкерди сунуш кылуу жөнүндө чечим кабыл алат;";
2) Кыргыз Республикасынын Президентине төмөндөгүлөрдү киргизет:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, Кыргыз Республи-
касынын Жогорку сотунун судьясынын бош кызмат орундарына талапкерди
дайындоо тууралу сунуштама;
- жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен Кыргыз Республикасынын
жергиликтүү сотунун төрагасын, төраганын орун басарын дайындоо жөнүндө
сунуштаманы;
- Судьялар кењешинин тиешелүү корутундусунун негизинде жергиликтүү
соттун судьясын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуш-
ту;
- жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) жөнүндө
тиешелүү сунуштарды;
- судьялардын статусу жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган
учурларда жергиликтүү соттун судьясын кызматынан четтетүү жөнүндө же
аны кайра кызмат ордуна калтыруу жөнүндө сунушту.
3) Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьяларын соттук
тартипте берилүүчү жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга
макулдук берет
2. Улуттук кењеш ошондой эле судьялардын статусу жөнүндө конститу-
циялык мыйзамда жана ушул Мыйзамда белгиленген дагы башка ыйгарым укук-
тарга ээ.
3. Улуттук кењеш өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн бардык
мамлекеттик органдардан жана кызмат адамдарынан зарыл маалыматты сурап
алууга, өзүнүн жыйындарына мамлекеттик кызмат адамдарын жана жарандарды
чакырып алууга укуктуу.
5-статья. Улуттук кењештин ишин уюштуруу жана камсыз кылуу
1. Улуттук кењештин мүчөлөрү өзүнүн ишин коомдук негизде жүзөгө
ашырат. Улуттук кењеш иштеп жаткан мезгилде Улуттук кењештин мүчөлөрү
өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулуп, негизги иштеген
жери боюнча айлык акысы сакталат.
2. Улуттук кењештин ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык
жана методикалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын сот де-
партаменти ишке ашырат.
2-глава. Улуттук кењешти түзүү
6-статья. Улуттук кењештин курамы
1. Улуттук кењеш 16 мүчөдөн турат:
1) Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин төрт өкүлүнөн;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу бийлигинин төрт өкүлүнөн;
3) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин төрт өкүлүнөн;
4) коомдук бирикмелердин төрт өкүлүнөн.
2. Улуттук кењештин толук курамы Кыргыз Республикасынын Президен-
тинин жарлыгы менен бекитилет. Улуттук кењештин жањы курамы бекитилген
күндөн тартып Улуттук кењештин мурдагы курамы ишин токтотот.
3. Улуттук кењештин курамына Кыргыз Республикасынын Конституциялык
сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалары жана алардын
орунбасарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кењешинин
курамына кирген судьялар кире албайт.
7-статья. Улуттук кењешти түзүү
1. Сот бийлигинин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Соттор кењеши
тарабынан шайланат.
2. Мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу-
таттарынын ичинен дайындалат.
3. Аткаруу бийлигинин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-
бынан аныкталат.
4. Коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн талапкерлери коомдук бирикме-
лердин чогулуштарында шайланат.
Коомдук бирикме өз бетинче же башка коомдук бирикмелер менен бир-
дикте Улуттук кењешке төрткө чейинки талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
Уюмдаштыруу документтерине ылайык жол-жоболоштурулган коомдук бирикме-
нин тиешелүү чечими юридикалык жакты каттоо жөнүндө ырастаманын көчүр-
мөсү менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
Улуттук кењештин курамына коомдук бирикмелерден сунушталган талап-
керлердин саны төрттөн ашык болсо, Кыргыз Республикасынын Президенти
Улуттук кењештин курамына төрт талапкерди тандап алат.
5. Улуттук кењештин төрагасы жана анын орун басары жашыруун добуш
берүү менен Улуттук кењештин мүчөлөрүнүн ичинен бир жылдык мөөнөткө
шайланат. Мында Улуттук кењештин төрагасы жана анын орун басары бир эле
бийлик бутагынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү боло алышпайт.
8-статья. Коомдук бирикмелерден Улуттук кењештин мүчөлүгүнө талап-
керлерге коюлуучу талаптар
Улуттук кењештин курамына коомдук бирикмелерден сунушталган адам-
дар юриспруденция жагында терењ кесиптик билимге, юридикалык адистик
боюнча кеминде беш жылдык иш тажрыйбасына, принципиалдуулукка, кынтык-
сыз абройго ээ болууга жана соттуулугу жок болууга тийиш.
9-статья. Улуттук кењештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү
1. Улуттук кењештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - үч
жыл.
2. Улуттук кењештин мүчөсү анын курамынан чыгып калган учурда,
Улуттук кењештин жањы мүчөсү Улуттук кењештин курамынын калган ыйгарым
укуктарынын мөөнөтүнө эки айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен жөнөтүлүүгө
тийиш.
Улуттук кењештин жањы мүчөсүн коомдук бирикмелерден жиберүүнүн
тартиби ушул Мыйзамдын 7-статьясынын 4-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
3. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашуун Улуттук кењешке
мүчө боло албайт.
10-статья. Улуттук кењештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн
мурда токтотуунун негиздери
1. Улуттук кењештин мүчөсү ыйгарым укуктарын төмөндөгүдөй негиздер
боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотот:
1) берген арызына ылайык өз каалоосу боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо
үчүн чыгып кетишине байланыштуу;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушуна байланыштуу;
4) соттун күнөө коюучу өкүмү күчүнө киришине байланыштуу;
5) аны жоопкерчиликке чектелүү кудуреттүү же жоопкерчиликке куду-
реттүү эмес деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киришине байланыш-
туу;
6) анын өлгөндүгүнө же аны өлдү деп таануу жөнүндө соттун чечими
күчүнө киришине байланыштуу;
7) аны дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө кири-
шине байланыштуу;
8) жүйөөлүү себептерсиз Улуттук кењештин жыйналыштарына катары ме-
нен үч жолу келбегендигине байланыштуу.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары, Кыргыз
Республикасынын судьялары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү,
дагы башка мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелген Улуттук кењештин
мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
депутаты, Кыргыз Республикасынын судьясы катары ыйгарым укуктарынын
мөөнөтү аяктаганда же Кыргыз Республикасынын судьясы кызмат ордунан
мөөнөтүнөн мурда бошотулганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү,
мамлекеттик кызматчы кызмат ордунан бошотулган учурларда мөөнөтүнөн
мурда токтотулат.
3-глава. Улуттук кењештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары
11-статья. Улуттук кењештин төрагасынын ыйгарым укуктары
1. Улуттук кењештин төрагасы:
1) Улуттук кењештин ишин уюштурат, жыйналыштарды чакырат, Улуттук
кењештин жыйналыштарында кароо үчүн маселелерди даярдоого жетекчиликти
жүзөгө ашырат;
2) Улуттук кењештин жыйналыштарында төрагалык кылат жана анын че-
чимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
3) Улуттук кењешке берилген документтерди текшерүүнү уюштурат;
4) Улуттук кењеш тарабынан бекитилүүчү тесттик тапшырмаларды жана
милдеттерди жыл сайын жањыртууну камсыз кылат;
5) Улуттук кењештин ишинин натыйжаларын жалпылоону уюштурат жана
анын ишин уюштурууну жакшыртуу боюнча чара көрөт;
6) ушул Мыйзам менен ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө
ашырат.
2. Улуттук кењештин төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин
убактылуу аткаруу анын орунбасарына жүктөлөт. Улуттук кењештин төрага-
сынын орунбасары жок болгон учурда төраганын милдеттерин аткаруу Улут-
тук кењештин чечими менен анын мүчөлөрүнүн бирөөнө жүктөлөт.
12-статья. Улуттук кењештин мүчөлөрүнүн укуктары
Улуттук кењештин мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) Улуттук кењештин кароосуна берилген материалдар менен таанышуу-
га;
2) материалдарды иликтөөгө жана текшерүүгө катышууга;
3) ачык добуш берүү жолу менен чечим кабыл алынышына катышууга;
4) Улуттук кењештин чечимине кол коюуга;
5) өзгөчө пикирде болууга. Өзгөчө пикир ар бир талапкер боюнча ма-
териалдарга кошулат.
4-глава. Улуттук кењештин жыйналыштары
13-статья. Улуттук кењештин жыйналыштары
1. Улуттук кењеш өзүнүн жыйналыштарын зарылдыгына жараша өткөрөт.
2. Улуттук кењештин жыйналышы, эгер ага анын мүчөлөрүнүн жалпы са-
нынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, ачык өткөрүлөт жана укук ченемдүү
болуп саналат.
3. Улуттук кењештин жыйналышын өткөрүү убактысы жөнүндө анын мүчө-
лөрүнө жана чакырылган адамдарга кеминде беш календарлык күндөн кечик-
тирилбестен маалымдалат.
4. Улуттук кењеште маселеси каралган адам чогултулган бардык мате-
риалдар менен өзүнүн каршы пикирлерин жана сын пикирлерин билдирүү мүм-
күнчүлүгүнө ээ болуу үчүн жыйналыштан кеминде беш күн мурда таанышууга
акылуу.
14-статья. Улуттук кењештин жыйналышын өткөрүүнүн тартиби
1. Улуттук кењештин жыйналышына мамлекеттик органдардын, коомдук
бирикмелердин өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
2. Улуттук кењештин жыйналышында чечиле турган маселелерди кароо
төрагалык кылуучунун же Улуттук кењештин кароосуна келип түшкөн сунуш-
таманы жана башка материалдарды алдын ала иликтеген мүчөсүнүн баяндама-
сы менен башталат. Андан кийин Улуттук кењештин жыйналышына чакырылган
адамдар утулат, зарыл болгон материалдар иликтенет.
15-статья. Улуттук кењештин чечимдери
1. Улуттук кењештин чечимдери жыйналышка катышкан анын мүчөлөрүнүн
ачык көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
2. Улуттук кењештин чечимдери корутунду формасында чыгарылат жана
алар чыгарылган датаны жана жерди, маселени караган Улуттук кењештин
курамын, кабыл алынган чечимдин жүйө - себептерин камтууга тийиш. Че-
чимге төрагалык кылуучу жана жыйналышка катышкан Улуттук кењештин мүчө-
лөрү кол коюшат.
3. Улуттук кењештин чечими маселе каралып жаткан адамдардын каты-
шуусунда угузулат. Кызыкдар адамдар чечимдин көчүрмөсүн кабыл алынган-
дан кийин беш күндүн ичинде алууга укуктуу.
4. Добуш берүү ар бир талапкер боюнча өзүнчө жүргүзүлөт. Улуттук
кењештин мүчөлөрү добуш берүүдө калыс калууга акылуу.
5. Добуштар тењ болуп калганда, төрагалык кылуучунун добушу чечүү-
чү добуш болуп саналат.
5-глава. Кортунду жоболор
16-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзамга ылайык үч айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Сот
адилеттиги иштери боюнча Улуттук кењешинин жањы курамы шайланат.
3. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлгөн Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу Сот адилеттиги иштери боюнча
Улуттук кењеш өзүнүн ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Рес-
публикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кењешинин курамы тү-
зүлгөнгө чейин сактайт.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (9)
- КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 25-июндагы № 1932-III "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу…Постановление · 25.06.2007 · № 1932-III
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 533-IV "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 19.06.2008 · № 533-IV
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 84-б (Ташпаева Н.А. боюнча) буйругуРаспоряжение · 03.03.2009 · № 84-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 40 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 6-октябрындагы № 356 "Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кењеши жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 06.10.2008 · № 356 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлундагы № 371-б (Кыргыз Республикасынын Укук сотунун иштери боюнча улуттук кеңештин курамына киргизүү үчүн төмөнкүдөй талапкерлер жактыруу жөнүндө)…Распоряжение · 21.07.2008 · № 371 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуЗакон · 25.01.2008 · № 1 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 23.06.2008 · № 130 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 40 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 23.06.2008 · № 130 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 16-майындагы № 379-IV "2008-жылдын 16-майына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2008 · № 379-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 16-майындагы № 382-IV ""Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр…Постановление · 16.05.2008 · № 382-IV
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон