12-берене. Кеңештин жыйналыштары
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 апреля 2012 года № 27
1. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
2. Кеңештин жыйналышын өткөрүү күнү, убактысы жана орду Кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет.
3. Кеңештин жыйналышын өткөрүү убактысы жөнүндө анын мүчөлөрү, өзүнө карата маселе каралып жаткан адамдар, жалпыга маалымдоо каражаттары аны өткөрүүгө чейин беш календардык күн калгандан кечиктирилбестен катчы тарабынан кабарландырылат. Бештен кем эмес сандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмеги Кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Кеңештин жыйналышында протокол түзүлөт.
5. Кеңештин жетектөөчү курамын тандоо, Кеңештин ишин регламенттөөчү документтерди бекитүү, финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу, конкурстук тандоо маселелери боюнча Кеңештин жыйналышы Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын төрттөн үчүнөн кем эмеси катышканда ыйгарым укуктуу болуп саналат. Калган учурларда Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда Кеңештин жыйналышы ыйгарым укуктуу болуп саналат. Кеңештин жыйналышы аудиожазууларды жана көрмөтартууларды жүргүзүү менен гана ачык өткөрүлөт.
(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203284/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>