11-берене. Кеңештин катчысы
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137.
1. Кеңештин катчысынын ишмилдети ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкерине жүктөлөт.
2. Кеңешти катчысы:
1) Кеңештеги иш кагаздарын алып барууну уюштурат;
2) Кеңештин жыйналышын даярдоону камсыз кылат;
3) Кеңештин жыйналышын өткөрүү күнү, убактысы жана орду жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлайт;
4) Кеңештин кезектеги жыйналышынын күн тартибин Кеңештин мүчөлөрүнө жеткирүүнү камсыз кылат;
5) судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө ниеттенген талапкерлер боюнча добуш берүүнү даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат;
6) Кеңештин жыйналышынын протоколун жүргүзөт;
7) ишке тиешеси бар жактарга чечимдердин көчүрмөлөрүн жөнөтүүнү камсыз кылат;
8) Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттун судьяларынын бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак өткөрүү жөнүндө кулактандырууну мамлекеттик басма сөз органына жана Кеңештин расмий сайтына жайгаштырат;
9) Кеңештин төрагасынын тескемеси боюнча Кеңештин компентенциясына таандык кылынган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203284/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>