6-берене. Кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2016 года № 155
1. Кеңештин курамына сунушталуучу адамдар:
- Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
- чет мамлекеттин жарандыгы болбоого;
- кайсы бир партияда турбоого;
- кынтыксыз абройго, коомдо сый-урматка ээ болууга;
- соттуулугу, анын ичинде, алып салынган же жоюлган соттуулугу жок болууга тийиш.
Кылмыш жасоодо шектелген же айыпталган же болбосо реабилитацияланбоочу негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоо кыскартылган адам Кеңештин мүчөсү боло албайт.
2. Жарандык коомдон 30 жаш курагына жеткен, жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес стажы бар жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта турбаган адам Кеңештин мүчөсү боло алат.
(Экинчи абзац КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 155 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Кеңештин мүчөлөрү сотто тараптардын өкүлдөрү жана адвокат катары катышууга укуксуз.
3. Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлгөн, беш жылдан кем эмес судьялык иш стажы бар судья Кеңештин мүчөсү боло алат.
Жогорку соттун, Конституциялык палатанын жана жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары, ошондой эле Судьялар кеңешинин курамына кирген судьялар Кеңештин мүчөсү боло албайт.
4. Төмөнкү адамдар Кеңештин мүчөлөрү боло албайт:
1) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын судьясынын кызматынан бошотулган;
2) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын жаманатты кылганына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулган же "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын сегизинчи жана тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча адвокаттык иш жүргүзүү укугун берген лицензиядан ажыратылган;
3) аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген;
4) аларга карата жазык ишинин өндүрүшү акталбоочу негиздер боюнча токтотулган же токтотулуп турган;
5) мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үлүшү элүү жана андан ашык пайызды түзгөн уюмдардын башкаруу органдарында иштегендер.
6) укук коргоо органдарында же прокуратура органдарында кызматта тургандар, ошондой эле алардын кадрларынын тескөөсүндө болгондор:
7) (КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 155 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинде тургандар.
(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2014-жылдын 26-июнундагы № 95, 2016-жылдын 30-июлундагы № 155 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июля 2016 года № 155 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июня 2014 года № 95 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 апреля 2012 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Адвокаттык иш жөнүндөЗакон · 21.10.1999 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 30.07.2016 · № 155 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203284/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>