15-берене. Алып коюу жана өзүнүн катышуусун алып коюу
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137.
1. Эгерде маселени кароого өзүнүн катышуусун болтурбаган жагдайлар болсо же өзүнүн жан тартпастыгына күмөн саноону пайда кылган башка жагдайлар болсо, Кеңештин мүчөсү маселени кароого катышышы мүмкүн эмес жана өзүнүн катышуусун алып коюуга тийиш.
2. Алып коюу ага тиешелүү маселе каралып жаткан адам тарабынан билдирилиши мүмкүн. Алып коюунун негиздери жазуу түрүндө баяндалат.
3. Кеңештин мүчөсүн алып коюу жөнүндө чечим жыйналышка катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
4. Эгерде ал чечим кабыл алынып жаткан адамга карата жубай, жакын тууган болуп саналган учурда, Кеңештин мүчөсү маселени кароого катыша албайт жана өзүнүн катышуусун алып коюуну билдирүүгө милдеттүү.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо, өзүнүн катышуусун алып коюуну билдирбеген учурда Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203284/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>