3-берене. Кеңештин ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 марта 2020 года № 32
1. Кеңеш:
1) бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен, Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо өткөрөт;
2) сынактык тандоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент):
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) көрсөтүү үчүн Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьясынын бош кызмат ордуна талапкерлерди;
- жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт:
3) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) Кеңештин Регламентин бекитет;
5) (КР 2020-жылдын 31-мартындагы № 32 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
2. Кеңеш өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана алардын кызмат адамдарынан зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды суратууга жана алууга;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын оозеки түшүндүрмөлөрүн угууга жана жазуу жүзүндө суратып алууга;
3) өз жыйналыштарына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, уюмдардын өкүлдөрүн, жарандарды чакырууга.
Кеңеш тарабынан суратып алынышы мүмкүн болгон документтердин жана материалдардын тизмеги Кеңештин Регламентинде бекитилиши керек. (КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149, 31 марта 2020 года № 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 марта 2020 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2017 года № 149 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О Дисциплинарной комиссии при Совете судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 апреля 2012 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
31.03.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…№ 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) Кеңештин Регламентин алынып салынды: жана конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө Жобону бекитет;
5) алынып салынды: конкурстук тандоо үчүн укуктук темаларды жана суроолорду бекитет;
кошулду: (КР 2020-жылдын 31-мартындагы № 32 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу, токтотуу … 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2017-жылдын 28-июлундагы № алынып салынды: 149 кошулду: 149, 31 марта 2020 года № 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Закон · 28.07.2017 · № 149
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 31.03.2020 · № 32 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203284/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>