Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
123-берене. Юридикалык жакка жазык-укуктук таасир этүүнүн чараларын колдонууга негиздер
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Юридикалык жак - бул Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн уюм, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жак. Мамлекет, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, муниципалдык кызмат органдары, мыйзамда жүктөлгөн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар, ошондой эле чет өлкөлүк мамлекеттер, чет өлкөлүк мамлекеттин мамлекеттик бийлик органдары жана айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк мамлекеттик органдар жана юридикалык жактар, эл аралык уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү юридикалык жактар болуп саналбайт.
2. Эгерде жосун юридикалык жактын атынан же ал аркылуу жеке жак тарабынан ушул юридикалык жактын кызыкчылыктарында жасалса, жеке жак жазык жоопкерчилигине тартылгандыгына карабастан, ушул Кодекске ылайык юридикалык жакка жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулат.
3. Юридикалык жакка карата жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын колдонуу ошол эле жосун үчүн жеке жактын жазык жоопкерчилигин жокко чыгарбайт.
4. Юридикалык жакка карата жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын колдонуу келтирилген залалдын ордун толтуруу боюнча милдеттенмелерден, жоопкерчиликтин мазмуну ушул Кодекстин 124-беренесинде каралган жазык-укуктук таасир этүүнүн чараларынын мазмуну менен дал келген учурларда, мыйзамда белгиленген анын кандай гана башка формасы болбосун жоопкерчиликтен бошотпойт. Юридикалык жакка карата жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын колдонуу адилеттүүлүк принцибин сактоо менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
5. Ушул Кодекстин 171, 213-215, 219, 233-235, 237-242, 282, 288-292, 294, 324, 327 жана 328-беренелеринде каралган жосундар жасалган учурда, юридикалык жакка карата жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-123" title="123-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>