282-берене. Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 39-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же ден-соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген товарларды өндүрүү же сатуу, жумуштарды аткаруу же кызмат көрсөтүүлөр, ошого тете аталган товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастоочу расмий документти мыйзамсыз берүү же пайдалануу, -
III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.
2. Ошол эле жосундар:
1) жаш балдарга багышталганын билип туруп товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө карата жасалган;
2) этиятсыздыктан оор зыян келтирилген, -
VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
282-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-282" title="282-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>