Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
171-берене. Кишилерди соода кылуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 27-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Кишилерди соода кылуу, башкача айтканда, аларды эксплуатациялоо же башка пайда алуу максатында же болбосо ансыз, алардын макулдугу менен же макулдугусуз жүзөгө ашырылган коркутуу, күч же мажбурлоонун башка түрлөрүн колдонуу, шантаж, уурдоо, алдамчылык, алдоо жолу менен аларды азгырып жалдоо, ташуу, жаап-жашыруу, кабыл алуу же өткөрүп берүү, -
II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) эки же андан көп адамга карата;
2) жашы жетелекке карата;
3) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
4) өз кызматтык абалынан пайдалануу менен адам тарабынан;
5) жабырлануучуну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөрүү же аны чет жерде мыйзамсыз кармоо менен;
6) күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамга карата, -
III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) адамдан же өлгөн адамдан трансплантация үчүн органдарын же ткандарын алуу максатында;
2) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата;
3) жаш балага карата;
4) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген, -
IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Эксплуатациялоо же башка пайда алуу максатында же болбосо ансыз, алардын макулдугу менен же макулдугусуз жүзөгө ашырылган коркутуу, күч же мажбурлоонун башка түрлөрүн, шантажды, уурдоону, кесепчиликти, алдоону колдонбостон жаш баланы же жашы жетелекти жалдоо, ташуу, жаап-жашыруу, кабыл алуу же өткөрүп берүү, -
II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Азгырып жалдоо деп кандайдыр бир иштерди аткаруу, жалдоочунун же башка адамдардын кызыкчылыктарында кызмат көрсөтүүлөр үчүн материалдык сыйакы үчүн издөө, тандап алуу, кабыл алуу жана жалдоо боюнча жеке же юридикалык жактардын иши түшүндүрүлөт. Эксплуатация деп адамды сойкулукка же сексуалдык иштин башка формаларына, мажбурлап иштетүүгө же кызмат көрсөтүүгө мажбурлоо, кулчулукка, куралдуу жаңжалдарга катышууга, анын ичинде карыздык милдеттенмелерди, материалдык жана башкадан көз карандылыкты, ошондой эле алардын жалданма абалын пайдалануу аркылуу ишке тартуусу түшүнүлөт. Кишилерди соода кылуунун курмандыгы болгон адам, эгерде ал кишилерди соода кылуу процессинин уюштуруучуларын, аткаруучуларын жана кошо аткаруучуларын табууда жана жазык жоопкерчилигине тартууда укук коргоо органдарына көмөк көрсөтсө, кылмыш жоругу же анча оор эмес кылмыш болуп саналуучу жосундарды жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-171" title="171-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>