Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
214-берене. Каржы пирамидаларын уюштуруу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 31-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Эгерде ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолсо, каржы пирамидасынын иштөөсү үчүн шарттарды түзүү, ага катышууга сунуш кылуу же каржы пирамидасынын жардамы менен каржылык активдерди тартуу (алуу), каржы пирамидасынын ишин уюштуруу жана жетектөө, - II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ошол эле жосундар:
1) өзгөчө ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолгон;
2) компьютердик, маалыматтык же телекоммуникациялык тутумдарды же тарамдарды, же электрондук төлөм тутумун колдонуу менен мыйзамсыз операцияларды жүзөгө ашыруу жолу менен жасалган;
3) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган, -
III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Ушул беренеде каржы пирамидасы деп продукцияны сатуунун же керектөөнүн эсебинен эмес, керектөөчү ушундай эле схемага башка керектөөчүлөрдү тартуунун эсебинен артыкчылыктуу түрдө берилүүчү компенсацияны (кирешени) алуу мүмкүндүгү үчүн төлөм жүргүзгөн сатуулардын тутумун түзүү, колдонуу, пайдалануу же аны өнүктүрүүгө көмөктөшүү эсептелет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-214" title="214-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>